Симфония коштогондой сезилет
Тартуулайын табигаттан бир узум,
ыр саптарын сууруп чыгып
журоктон
суроттойун
кыш мезгилин шокоттоп,
кыялымда багып жургон суроттон.
ж к
уро то н
с т йу
Жердин бетин ак мамыка орогон,
кыш мезгили бир озунчо
керемет
мелтиресе
копкок асман кебелбей,
табигат да бешигинде термелет.
к р м т
е е е
м лтир с
Аска-тоолор кокко созуп чокусун,
коз тайгылткан парча чапан
жонунда
койнуна
айтпас сырын батырышып,
озондор да сыйкыр туштун торунда.
ж д
о нун а
к й
Ак жоолукчан улпулдогон кайындар,
сенселишип жакуттарын
кийишкен
кейишбеген
кончу карга толсо да,
таазим кылып бутактарын ийишкен.
и к
к йиш ен
е бег
Баса кийип тумактарын дарактар,
тирелишет ак кемселчен
ыргала
ызылдаган
бурганактуу бороондо,
чыдап турат кебелбестен ызгаарга.
рг л
ы а а
зылд г н
Талаа, токой ак шайыны тошонуп,
кошулушот тынч уйкуга
берилип
бейпилдикти
кээде бузса куш уну,
жан-жаныбар уктап жатат керилип.
р п
бе ил и
йп д кти
Чокморошкон туп-туп болгон бадалдар,
жамынышкан чон тондорун
алар да
арасына
жашырышып коёнду,
жолоочуга караан болот сапарда.
л рд
а а а
р сын
Баскан сайын кычыраган добуштан,
Симфония коштогондой сезилет,
аппак карлар тазартышса
коонумду
конулумду
таза аба сергитет.
он
ко у мду
н лу
Айнура Бекболотова
Ысык-Кол обл.
Кызыл-Суу айылы
05.01.2023-ж.
Свидетельство о публикации №123033100273