Президентке кол салуу
Бериде турганы, башчысы окшойт, кара плащчан, бою узун, толо келген адам эки жакты аяр карап коюп:
- Болду жетишет, машинеге алып баргыла, эртерээк бутуруп кетели, бироо жарым коруп калбасын- деп жерде жаткан адамды аягандай карап койду.
Тортоолоп которуп машинага алып барышып рулга олтургузушуп, эшигин жабышты.
-Алдынкы эки терезесин жарымына чейин тушуруп койгула, машиненин ичине тезирээк суу толсун, бул акмактын чогуп кетишин дагы кутуп турушубуз керекпи.
Баары даяр болгондо кара плащчан терезеге келип рулдагы адамга, жанындагы адамдар укпай тургандай кылып:
- Озунон кор, канча жакшылык кылып, кандай даражага жеткирсе, кайдагы акмактардын созуно кирип кылган жообун бул болду. Акча учун оз мамлекетине каршы иш кылып, эээ сени. Озуно озун ушуну тилеп алдын, кош бол- деп, эшикти алаканы менен чаап койду да артка жылды.
Машинеге отургузулган адам тушунуксуз булдурап, эшикти ачайын деп аракет кылып, эмне болуп жатканын тушунбой тигил адамды узата карап отуруп калды.
Плащчан адам бийигирээк жерге чыгып, эки колун плащынын чонтогуно салып адамдарды бир сыйра сыдырып карап койду да, ушкурунуп алып:
- Куноолору толук далилденди, тогуз адам кубо болуп, корсотмолорду беришти. Мага берилген укуктун негизинде окум чыгарам. Кыргыз Республикасына чыккынчылык кылганы учун олум жазасына тартылсын-деп жанындагыларга кол шилтеп коюп, корбойун дедиби, бактын тубундогу машинелерди коздой басып кетти. Коптоп машинени сууга туртушуп жиберишти, чоккон жер терен эле окшойт, машине сууга тушуп бир аз, ичиндеги аба чыгып кеткенче калкып турду да, тез эле чогуп корунбой калды. Эки-уч мунот суунун бети машинеден чыккан абага буркулдап туруп, кайра мелмилдеп эч нерсе билинбей калды.
Ушул окуя болоордон эки жума мурун. Кечки саат беш жарым.
Ак уйдун алдында президентти кутуп уч окшош ок отпос болуп брондолгон мерседес 600, эки Тойота Лендкрузер, бир Лексус 470 улгусундогу, баары кара тустогу машиналар даяр турат. Президенттин шофёру Адыл деген, 35 жаштагы адам эле, уч жыл мурун, президент Таласка барганда, анда Адыл Таластын губернаторунун машинесин айдачу, президент озуно чакырып алган. Адыл тамеки чекпеген, ичимдик ичпеген, спорт менен машыккан адам, уч жылда озун жакшы айдоочу катары корсоткон.
Бирок бугун кичине тумоолоп калып, эртен менен жумушка келгенде анча билинбеген, кечке чейин кучоп, кадимкидей бырылдап калды. Кетейин десе башчысы кетирбей койгон, "иш убакты деле бутуп калды, коп болсо жарым саатта бошойсун" деп.
Тартип боюнча эн алдыда бир джипте куралданган жан сакчылар, алардан кийин уч мерседес, артта дагы жан сакчылар отурган джип кетет. Мерседестердин бироосундо мамлекеттик коргоо болумунун уч адамы жана СНБдан бир козго атар бир адам, бир мерседесте президентти коргоо болумунун куралданган уч адамы журушот. Учунчу мерседесте шофёрдун жанында президентти коргоо болумунун башчысы, арткы орунда президент журот. Мерседестер баары бирдей, окшош болгондуктан сыртынан айырмалап болбойт. Ичи деле окшош, номерлеринен гана айырмалабаса.
Президентти кундо ар кайсы мерседеске алмаштырып олтургузушчу, кайсы куну кайсы машинада кетээр тартиби ар жуманын башында такталып бир жумага тузулуп, саналуу гана адам билет. Машиналар "x", "y", "z" деп белгиленчу.
Бугун президент "y" машинада кете турган. Адылды президентке тумоонду жуктуруп журбо деп "x" машинага болуп, президенттин машинасын Володя деген жигит айдамакчы болду.
Президент чыгып келе жатканда рациядан кабар келет, айдоочулар рулга отуруп, машиналарды от алдырып турушат, калгандары президент келип машинага отурмайынча машинелеринин жанында турушат.
Бул жолу президент чыгып келе жатканда телефону шынгырап калып, суйлошуп аткан адамына ачууланып катуу суйлоп машинага карай басты. Президенттин машинесин кобунчосу Адыл айдап жургондуктон, президент эч кимге карабай, кыйкырынып суйлоп келип Адыл отурган машинага келип отуруп алды. Ким эмне дей алмак эле. Президентти ошол жоругу бугун сактап калды.
"Х" машина экинчи кетмек эле тартип боюнча, ошол боюнча кетишти.
Ак уйдун дарбазасы ачылып, президентти алып жургон алты машина чубап чыгышты да, Чуй проспектиси менен жоношту.
Манас проспектисине бурулгандан кийин, жолду ГАИ кызматкерлери бошотуп тургандыктан саатына жетимиш-сексен чакырым ылдамдык менен айдашып тез эле шаардан чыгып кетишти.
Кортеж ак уйдун дарбазасынан чыгаары менен артынан тушкон, эскирээк ак "жигули" маркасындагы машинедеги адам Горький кочосуно келгенде калып калды да, бироого чалып:
- Резиденцияга, силерге он беш мунотто барып калат-деп телефонун очуруп койду.
Шаардан чыкканда ээн талаа эле, уч чакырым жургондо алдыда кетаткан Лексус 470 туз жолдо баратып кокусунан эле бир кызыктай онго бурулуп жолдун жээгиндеги даракты сузуп эки-уч оодарылып, жугору эгилген талаага кирип кетти. Артынан эле бара жаткан, бугун план боюнча президент кете турган "y" мерседести гранатамёт менен аткан экен, бараткан жеринен алдыга оодарылып он жакка он метрдей сурулуп барып даракка урулуп оонап жатып калды да, дагы атылган гранатамёттун огунан жарылып кетти. Атып жаткандар башка машиналарга карап да коюшкан жок.
Адыл ак уйдон чыккандан баштап тумоому жуктуруп албайын деп, азырак дем алышка аракет кылып, дем алса да демин койногунун ичине чыгарып, кыжаалат болуп келе жаткан.
Алдынкы машина оодарылганда эле артты корсоткон кузгудон президентти бир карап коюп:
-Башынарды ылдый кылгыла, бекем кармангыла-деп кыйкырды да, газды тубуно чейин басып машинаны каттуу айдап тез эле ал жерден алыс кетти. Президент арткы орунга узунунан башын кучактап жатып алды. Адылдын жанында отурган президентти коргоо болумунун башчысы коркуп кеткенби, эмне болгонун тушунбой да калды окшойт, озун жоготуп, эшиктин туткасын эки колу менен бекем кармап алыптыр, эки козу Адылда. Мындай маалда баарын ошол башкарышы керек эле. Адыл ага карап:
-Арттагыларга айтыныз, атышып журушпосун, тез кетишибиз керек-десе, ал коркконунан алдында илинип турган рацияны алам деп жатып колдору титиреп, жерге тушуруп жиберди. Адыл тигинин бутунун тубун кармалап атып рацияны эптеп таап:
- Токтобой айдагыла, эч нерсеге карабагыла-деп рацияны жерге таштады да, машинаны катуу айдап кетти.
Тез убакытта машиналар аман-эсен резиденцияга жетип алышты. Президент жолдо келатып эле ИИМдин министрине чалып, акыбалды тушундуруп:
- Кол салуу болгон жерди тез курчоого алып, кубо болгон адамдардын баарынан коргонун эч жерде айтпоого кол койдургула, кол салуу болгону жонундо эч ким билбесин, дагы тополон чыкпасын- деп буйрук берди.
Кол салуу болгон жерге тез эле жакын арадагы ГАИ кызматкерлери келишип, жолду толугу менен жабышып, эч кимди эч жакка откорбой машиналары менен тосуп салышты. Ангыча шаардан милиция кызматкерлери, жакын жердеги аскердик болуктон солдаттар да келишип, ото аз убакыттын ичинде кол салуу болгон жерде эч нерсе болбогондой кылып тазалашып, оодарылып куйуп кеткен машиналарды жуктоп алып кетишти. Жолду орт очуруучу машиналар келип мизилдетип жууп, тазалап салышты. Кубо болгондор элуудой адам экен, баарына кол койдуруп каттуу эскертишти.
Президент бул окуянын мумкун болушунча жашыруун калышын талап кылды. Олкодогу болгон газета-журналдардын баарынын башчыларына адамдар барышып, ото катуу эскертуу берилди.
Ошентип бул окуя саналуу адамдар эле билбесе, дээрлик эч ким деле билбей калды.
Кол салууну уюштургандар ото таза иштешкен экен, атайын кызмат, милиция, айтор Кыргызстандын болгон куч органдары биргелешип издешип да эч нерсе таба алышкан жок.
Эгер "улуу урматтуу кокустук" болбосо, эч ким билбей, ошол бойдон ким уюштурганы билинбей кетет беле, айтор кокусунан эле табылды баары.
Тоо Ашууга чыга берээрдеги "Сосновка" айылынын кире беришинде айдоочулар адатта постко чейин али коп бар дешеби, катуу айдашат. Акча иштеп алайын деп чыккан МАИлерге озунчо эле "Клондайк".
Кыскасы торт МАИ кызматкери ошол куну Сосновка айылынын ортосунда бекинип туруп алышып катуу айдаган айдоочуларды кармап акча "сындырып" жатышкан.
Тушко жакын эскирээк ак жигули корунду. Ылдамдыкты ашырбай, оз тарабы менен тартипти сактап, ото эле жай келе жатты. Мындай жерде машинени жай айдоо жат корунуш.
МАИчилер зеригип турганбы, бироосу карап турду да шеригине:
- Мобул акмак же ичип алган, же машинесине коп адам салып алган. Карасан жай айдап, тартиптуу болуп келе жатканын. Бир нерсеси бар, карап турсан азыр "класс" корсотом-деп, Жигули жакындаганда ала таягын которуп токтоого буйрук кылып белги берди.
Жигулинин айдоочусу жашы кырк, кырк бештердеги арык, мурду чуштуйгон адам экен, МАИчи жакындап келгенде коздорунон корккону билинип, бирок билдирбейин дедиби анткор шайыр корунуп, машинеден тушуп МАИчини коздой алыстан эле эки колун сунуп учурашмакчы болуп:
- Ассалом алейкум - деп утурлай басты.
МАИчи артка бурулуп шеригине карап койду да, айдоочуга бурулуп басып:
- Акыры кармалдын ээ, эмне, жаман оюнда билинбей калат, качып кетем дедин беле- деп утуройуп автоматын желкесинен ала баштады. Артынан экинчи МАИчи да зеригип турганда эрмектейли дедиби, автоматын желкесинен алып жакындап келгенде айдоочу кутпогон жерден эле жерге чоголоп отура калып:
- Айланайын байкелер менде куноо жок. Арга жоктон бардым бул ишке, балдарым бар, балдарымы ойлогула.- деп эле жалына баштаса болобу. Эки МАИчи мындайды кутпогонго бир аз дендароо болуп туруп калышты. Арттан келген МАИчи дароо эле тушунду, минтип куноосу бар адам, куноо иш кылып качып жургон адам гана коркот, минтип жалынат. Шеригине коз ымдап коюп, автоматын айдоочуга такап:
- Эки мунот убакыт берем, баарын озун айтып бересин, же ушул жерде атып салам-деп автоматынын затворун тартып койду.
Айдоочу эки козу алайып эле, оозунан тукуругу чачырап шашып суйлой баштады.
- Менде куноо жок, мен болгону кортеж кай жакка кеткенин эле айтып койдум. Мындай болуп кетээрин кайдан билдим. Мени алдашкан экен да, мага коп акча беришкенде эле шекшидим эле. Бирок мага журналистпиз дешкен да, президенттин жашоосу жонундо корсотуу даярдап жатабыз дешкен. Мага жон эле кортеждин кайсыл жакка бурулганын айтып койгонум учун коп акча берип жатышса айла жок макул болдум. Менде эч куноо жок. Азыр озум качып, бекинип журом. Менин артыман курсуйгон торт бала эки машинада издеп журушуптур. Бугун эптеп качып чыгып Алайга, айылыма кетип жаткам- деп барып эле уну чыкпай бойрогун эки колдоп басып, оорусу барбы, айтор озун жоготуп эле жатып калды.
Баары тушунуктуу да. Айдоочу тез эле атайын кызматтын колуна тушту. Ал эми атайын кызматтын адамдары куноокорду суйлотконду билишет.
Он кунго жетпей бул ишти уюштургандардын, аткаруучулардын баары табылып, сот болуп, суракка алынды. Куноолоруно жараша ар кандай моонотко камалышты. Бул ишти уюштурган башчысы гана Бейшенов деген, Кыргызстандын бийлик бутактарында иштеп жургон, абройлуу адам экен. Казакстандын жарандыгын алып алыптыр. Кол салуу болгон куну эле Казакстанга учуп кетиптир, ошону кантип, кайда журсо да, Кыргызстанга алып келип соттоого буйрук чыкты.
Буйрук чыккандын эртеси эле, эртен менен атайын кызматтын баш кенсесинде бул операцияны даярдап, ишке ашыруу 13-болумго жуктолду.
13- болумду атайын кызматтын шефинен башка жан адам билбеген ото жашыруун болум эле. Бул болумдо иштегендер чет олколордо атайын даярдыктан откон, мамлекетке коркунуч туулганда гана чогулушуп, ар кандай тапшырмаларды аткарып, иш бутоору менен таркап кетишет да жай турмушта жашай беришет. Тапшырманы да жонокой тил менен айтканда кочодон эле алышат. Бул болумдун башчысы аты жону эч жерде жазылбаган, эч бир чет мамлекеттин атайын кызматтары билбеген, Макс деген ат менен эле белгилуу адам эле.
Макс алты адамы менен Бейшеновдун уй булосунун, туугандарынын телефондорун жашыруун угууга алышып, интернет аркылуу байланыштын баардык турлорун окуп, текшерип жатышты. Кээ бирлеринин артынан тушушту. Бейшенов ото эле катуу жашырыныптыр. Тууган, дос дегендеринин эч кимисине чалуу, же кабар кылган жок. Казакстандагы катталган уйдон да табышпады.
Баары бир ар бир адам уй булосунон, аялынан, балдарынан созсуз, кабар алат. Бир жума дегенде аялдын уну менен Казакстандан Бейшеновдун аялына чалуу болду. Унду текшерип коруп эле атайын программа менен озгортулгон ун экенин билинип, Бейшеновдун уну экени дароо эле такталды. Аялынын телефонунда да жок эле мындай номер. Телефондун номерин билишкенден кийин оной эле дарегин таап алышты, чалуу Казакстандын Экибастуз шаарынан келген экен. Макс жети адамга, Бейшеновго Казакстандын Кордай тарабынын ар райондорунун дарегине жасалма паспорт жасатып, эки кундо Казакстанга жети адам ар кандай жолдор менен кирип кетишип, Экибастуз шаарында чогулушту.
Бейшенов шаардын чекесинде, беш кабаттуу уйдун, тортунчу кабатынан батир алып озу жалгыз жашап жатыптыр.
Тез арада жакын арадан эки батир алышып, шаардын башка чекесинен да эки батир алып даярдап, Бейшеновду кундоп-тундоп акмалай башташты.
Бейшенов, сакал-мурут остуруп, чачын узун кое бериптир, кесиби юрист болгондуктан, аты жонун дагы озгортуп, аз убакытта эле шаардын ортосунда чон имараттан болмо алып, укуктук консультация берген ишкана ачып алыптыр.
Макстын адамдары бир жума акмалашып,
Бейшеновдун келип кеткен жолун, убактын, айтор баарын билишип, Казакстандан жашыруун алып чыгып кетуунун планын тузуп чыгышты.
Казакстандын атайын кызматтары баары бир Бейшеновду бермек эмес. Биринчиден Казакстандын жараны, соттоп, куноосун тактап, антип-минткиче ото эле коп убакыт отмок. Ал убакта Бейшенов чет олкого качып кетиши толук мумкун. Эгер соттобой-этпей эле берип койсо Казакстандын атайын кызматтарынын аброюна шек кетмек. Чон чуу чыкмак. Кыскасы Казакстандан онойлук менен алып чыгып кетуу мумкун эмес.
Эн ынгайлуу, тез бутоор жолу уурдап кетуу.
Макс Кыргызстан менен жашыруун байланышып, эмне кылуу керек экенин кенешип, чечишип, айтор уч кундон кийин Казакстандан уурдап чыгуу жумушу ишке ашырылмак болду.
Эртеси Бейшеновду кармап, жашыруу иштери башталды.
Бейшенов кундо жумушунан алтыда чыгып, уйуно машинада айдоочусу алып келет. Бейшенов уйуно келгенде айдоочусун жонотуп жиберип уйунон ары, жуз метрдей жердеги дукондон гезиттердин жаны сандарын, тамеки алып анан уйуно кирет.
Ошол куну да Бейшенов саат алтыдан жыйырма беш мунот откондо уйуно келип, машинеден тушуп, айдоочусуна кол шилтеп коюп адатынча дуконго кирди. Беш муноттой жок болду окшойт, колуна беш -алты гезит кармап чыкканда дукондун жанына тарпы чыккан боз тустогу эски советтик "волга" токтоп, ичинен жергиликтуу адамдардай кийинген уч шыпылдаган балдар тушуп. Бироосу Бейшеновду карап эски таанышындай алыстан эле кучак жайып:
- Ээ ага, канча жаз, канча куз болду го, кандайсыз - деп, кучактайм деген тур корсотуп келип, Бейшеновду катуу кучактап, кулагына:
- Тируу калам десен унун чыгарба, машинага отур. Соз бар, суйлошобуз, кайтасын- деп шыбырап, далысынан таптап, машинага отургузду. Берки эки бала да, кулгон адам болушуп машинеге олтуруп, дароо шаарды аралап кирип кетишти. Алардын алдында бир машинеде Макс бир адамы менен, артта эки адамы башка машинеде алысыраакта ээрчишип кетишти. Сырттан караган адам эч нерсени деле тушунбой калат эле.
Тез эле ГАИлер журбогон чакан кочолорду аралап Бейшеновду мурунтан даярдап койгон, ижарага алынган уйго алып келишип, бир адам дарбазаны ачып турган экен, кирип кетишти да, дарбаза дароо жабылды. Артта коштоп келген машинадагы эки адам уйдун жанынан отушуп баратып дарбазаны жаап жаткан адамга баш ийкеп коюп шаарга кетип калышты.
Бейшенов дукондо эле дароо баарын тушунгон. Бирок эмне кыла алмак эле, бойрогуно тапанча такалып, ун чыгарса эле атып салыша турган.
Ошол эле куну, тунку саат учторго чамалап калганда дарбаза ачылып "хонда" улгусундогу минивен чыкты. Ичинде Бейшенов, дагы Макстын уч адамы. Бейшеновго илгертен бери эле советтик атайын кызматтын адамдары колдонуп жургон "бейиш" деп аталган дары сайылган. Бул дары сайылганда адам эч нерсени тушунбой, жылмайып гана отура берет. Минивендин артынан эле эски "БМВ" улгусундогу женил машине чыкты, ал машинада Макс бир адамы менен минивенден беш жуз метрдей артта келатышты. Экибастуз шаарынан чыкканда алдыга дагы бир машинада Макстын эки адамы кошулду. Алар бир чакырымдай алдыда. Эгер МАИ кызматкерлери тоссо алдыдагы машинедегилер алаксытып турушат. Же Бейшенов отурган машинени тосушса арттагы машинадагылар жетип келип шартка жараша куткарып кетиши керек. Жакын, МАИ турбай турган чет жолдорго салып айдашып, уч саатта Астанага барышып алдыртан даярдалган уйго кирип кетишти.
Эми эртеси Бейшеновду Казакстандан алып чыгып кетуу керек.
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Бишкек-Астана-Бишкек" каттамындагы самолету кундузгу саат он бирде Астана аэропортуна келип конду. Бишкекке беш сааттан кийин кайтышат. Учкучтар адатынча Астананын борборундагы авиакомпания сатып алган батирге барып эс алышып, учаар маал болгондо аэропортко келишет.
Учкучтар батирге кирип жайланышаары менен, артынан эле Макс эки адамы менен Бейшеновду алып киришти. Экинчи учкуч дароо учкучтук кийимин чечип эч нерсени тушунбой отурган Бейшеновго кийгизип, диванга жаткызып коюшту да, биринчи учкуч дароо оорукананын, "тез жардамына" телефон чалды:
- Тезирээк келе аласынарбы, бир адам ооруп жатат, эмне болгону белгисиз-деп, даректи айтып коюп койду.
- Он мунотто келип калышат-деп Макска карады.
Макс чонтогунон ийне алып чыгып Бейшеновдун колуна сайып коюп, кол саатын карап:
- Жетишебиз, эки мунотто таасир берет-деп кутуп турушту эле, айткандай эле эки муноттон кийин мандайынан тер агып, Бейшенов ушугон адамдай устуно жабылган жуурканды кымтынып, буктолуп жатып калды.
Коп отпой эле "тез жардам" келип, отуздардагы жигит экен, Бейшеновдун тамырын кармап, денесинин табын текшерип коруп:
- Коркунучтуу эч нерсе жок. Аябай суук жеген бул адамынар.- деп бир дарыларды жазып, эмне кылуу керек экенин тушундуруп, каттоо журналына жазып, кетип калды.
Эми Казакстандын атайын кызматтары текшерген кундо да кынтык таба алмак эмес.
Биринчи учкуч дароо алгач Кыргызстанга, авиакомпанияга чалып:
- Экинчи учкуч ооруп калды, самолет башкара албайт. Тез арада экинчи учкуч жоноткуло-деп, андан кийин Астана аэропортуна чалып шартты тушундуруп, экинчи учкуч ооруп калды, жаны учкуч келээрин, ооруп калган учкучту да ошол рейс менен Кыргызстанга алып кетуу керектигин тушундуруп, керектуу документтерди даярдап коюсун отунду.
Эми баары даяр эле.
Бул рейс убактынан алты саат кечигип учту. Кыргызстандан экинчи учкуч келээри менен учкучтар, Макс бир адамы менен экинчи учкучтун формасын кийген, башы-козуно чейин тушкон бинт менен оролгон Бейшеновду жетелешип аэропортко келишип, текшеруудон Бейшеновду экинчи учкучтун документтери менен алып отушту.
Кимдин оюна келмек эле мындай жай заманда адам уурдалып жатат деп, аэропорттун текшеруу кызматы Бейшеновду карап да коюшкан жок, документи так, экинчи учкучтун формасын кийген, башы козуно чейин танылып, аран баскан адамды аягансып карап гана коюшту. Бейшеновду самолетко отургузуп Кыргызстанга учуп кетти.
"Манас" аэропортунда Бейшеновду коштоп учуп келген Максты эки джип машинада адамдары кутуп турган. Самолеттун тубуно чейин кирип келген джиптерге олтурушуп, аэропорттон чыгышып Бишкекти коздой кетишти. Бишкекке жакындап калганда Макстын телефону шынгырап калды. Макс алып бир аз суйлошту да рулдагы балага:
- ГЕС-5ке айда, пландар озгорду - деп дагы бироого чалды:
- Машинесин алып келип тургула, бир саатта барып калабыз-деп ичинен согунуп алды.
Бейшенов колу байланып, оозуна скотч жармаштырылган эле бир нерселерди булдуруктады, бирок эч ким конул бурган жок.
ГЭС-5 суу сактагычына тунку саат бирлерде келишти, баары машинелерден тушушуп Макс :
- Балдар планыбызда кичине озгоруу болду, биз алып келген адам Казакстандын жарандыгын алып алган учун азыр биздин артыбыздан Казакстандын куч органдары издеп журушуптур. Кантип билинип калганын азырынча билбейм, бирок биздин машиналарыбыз, ону тусубуз белгилуу экен. Эгер бизди кармашса, чон чуу чыгышы мумкун, кармалбай калсак эч ким эч нерсе далилдей албайт. Биздин бийлик да каалайбы, каалабайбы аларга жардам бериши керек, озунор жакшы тушуносунор. Бизди азыр Казакстандын атайын кызматынын адамдары биздин балдар менен кошулуп издеп журушот. Ошондуктан бул адамды азыр машинесин алып келишет, биз аны мас болуп чогуп кетти кылышыбыз керек. Эгер антпесек Казакстанга чыгып кетсе кутулуп кетиши толук мумкун, а жоопкерчиликти мен оз мойнума алам, силер менин гана буйругумду аткарган болосунар.
Бир аздан кийин Бейшеновдун Лексус 470 улгусундогу машинасын айдап эки адам келип калышты.
Бироосу президентти коргоо болумунун башчысынын орун басары эле. Кара плаш кийген, бою узун, толо адам экен.
Ошентип кол салууну уюштургандардын баары жазаланды.
Эки жумадан кийин.
Европанын Вена шаарынын эн кымбат деген ресторанынын бир болмосундо эки адам олтурушту. Бироосу "Индус" деген каймана аттуу толо келген, кара костюмчан, кара шляпачан, колундагы алтын жалатылган саатын улам-улам карап койгон адаты бар адам эле. Кыргызстанда аткарыла турган иш ушул Индуска тапшырылган. Экинчиси "Либер" деген, бою узун ал да кара костюмчан, колунда "гавана" маркасындагы сигарасы бар. Булар дуйнодогу эн кучтуу делген жашыруун кызматтын адамдары эле. Индус нааразы болгондой суйлоп жатты:
-"Фирмага" тушунуксуз болуп жатат сенин ишин. Баары жакшы болот дебедин беле.
-Докладда баары майда-чуйдосуно чейин жазылган. Инструкция боюнча иш алып бардым.
-"Фирма" учун сенин докладынын кымындай да кызыгы жок, иштин ийгиликтуу бутушу гана керек. Инструкция эле деп туруп албай озун да башыны иштет. Шартка карап аракет кылышын керек да. Сенин мындай денгээлдеги биринчи жумушун болгондуктан гана "фирма" сага дагы бир шанс берели деп чечти.
Бул жолу ото этият болосунар, Кыргызстандын атайын кызматтары азыр аябай жинденишип калган. Кымындай нерсе билинсе, сени тытып жеп коюшат. Озун билесин, булардын адамдары илгерки КГБнын системасы боюнча даярдалышат. Ошого план кичине озгорду, эми президент кокустук болуп олуш керек, сенин колунан келбейт, бир адам келет, ошол менен иштейсин. Сенин милдетин ошол адамдын тап деген нерсесин таап, кыскасы болгон жардамды кыласын. Бизден мумкун болгон жардамдын баары болот. Кыргызстандын президенттик аппаратында бизге иштеген адамдар бар. Каалаган маалыматты ала алабыз. Эмне керек болсо бизге байланышка чык. Бир ай, ашып кетсе бир жарым ай гана убакыт бар сага. Эгер бул жолу да аткара албасан, офисте документтерди тактап гана отуруп каласын же бир чакан шаарга жонотушот да, ошол жерде карыйсын. Башка шанс берилбейт, озун жакшы билесин. Мен ортого тушуп жатып сага дагы бир мумкунчулук берилди.
-Рахмат ишеничинизге, бул жолу олсом да аткарам, ишти аягына чыгарам. Жанагы айткан адам ким, мага кандай жардам бере алат.
-Сенин башка жолун да жок. Макул менин убактым аз. Почтана жонотом суротун, легенданарды, болгон маалыматты. Ушул маалга чейин бир да жолу "прокол" болбогон. Ал бизде иштебейт, керек болгондо гана чакырып турабыз. Анын кызматына коп толойбуз, ошого ойлон. Эгер акча талаага кетсе, карьеран бутту деп эсептей бер. Сенин корко турган эч нерсен жок, сен жонундо эч кимде, эч бир мамлекеттин атайын кызматтарында маалымат жок. Ошон учун да сага тапшырылды бул Иш.
- Тушундум.
- Бир жумадан кийин Ыссык колдон жолугасынар, экоон эки жактан келсенер силерге эч ким деле конул бурбайт. Сен жазуучусун, ал журналист. Август айында эки жактан келген эл коп болот. Калган ишти экоон бутуросунор. Болду соз бутту.
Индус коштошкон да жок, чекесин тырыштырып, саатынын сабын кармалаган боюнча кетти.
Бир жумадан кийин.
Быйыл Ысык колдо кун жылдагыга караганда бир башкача ыссык, часырайт тимеле. Кун чыгып чыкпай атып эле жерди куйкалап аткандай сезилет. Деги суудан чыккын келбейт, жата эле берсен сууда эле.
Саат он бирлерден баштап кунго деги эле чыккын келбейт. Быйылкы эс алганы келгендерге аябай эле жакшы эс алуу болот окшойт.
Чолпон Ата шаарынын жанындагы "Когултур Ысык Кол" пансионатынын люкс номеринде эки адам олтурушту. Бироосу "Либер" эле, шортачан, жука "гавайи" койнокчон, кундон тоскон коз айнегин тошуно илип алган.
Экинчиси арык, бою узун, букуройгон, мурду шиштийген, чон коз айнек таккан, чачы тушуп калган кыскасы "ботаник" адам эле, майкачан, чон шорты кийип алган. Бул адамды "Либер" биринчи коргондо кулкусу келген, озуно чон келген бырышкан костюм кийип, колуна чон эскилиги жеткен кара булгаары сумка которуп алган эле, уну ничке аялдардыкындай экен.
Бул адамды баары "Гомер" деп аташчу, озун грекмин дечу, туулган жери белгисиз, деги эле эч ким толук билчу эмес чынында ким, кандай адам экенин. Эч жерде ал жонундо толук маалымат жок эле. Анын кызматынан Европанын атактуу саясатчылары, дуйнодогу коп мамлекеттердин жашыруун кызматтары, жада калса мафиялар пайдаланышчу. Аналитикалык ой жугуртуусу ото оорчугон адам эле. Кызматы ото кымбат толончу.
Созду Гомер баштады:
-Биринчиден, мен Никола Пельскимин Польшадан, бир гезитте журналистмин. Кыргызстандын тарыхый, ыйык жерлерин изилдегени келгем. Сен жазуучусун, жаш балдардын журналына ангеме жазасын, атын Михаил, Литвалык. Эс алганы келгенсин. Болду бири бирибиз тууралуу башка эч нерсе билбейбиз. Экинчиден мага кылар ишибизди толук, эч нерсесин калтырбай айтып бересин. Биринчи кылган ишинерди уктум. Ага токтолбой азыркы кылар ишибизди гана суйло.
Сыртынан жоош, момойгон адам корунгон Гомердин коздору жыландын коздорундой суук болуп кетек экен, бул аялга окшогон неменин колунан эмне келет деп тенсинбей отурган Либер шашып калды.
- Кылар ишибиздин тупку максаты Орто Азияда кузго чейин тополон чыгаруу. Ал учун Кыргызстандын президентин кокусунан олду кылыш керек, ушуну менен менин ишим бутот бул жерде.
-Кокусунан олсо кандай тополон чыгышы мумкун?
- Башка эч нерсе айталбайм. Калганы мен учун карангы тун.
Гомер ручканын сабын тиштегилеп, башын бир капталына кыйшайтып бир азга ойлонуп калды. Маал маал шиштийген мурдунун учун чымчып коймой адаты бар экен.
- Тушунуктуу, анда мага Президенттин омур баянын, ийне -жибине чейин таап келесин. Бир жарым ай ичиндеги Кыргызстандын каерине барат, Бишкектин каерине барат. Президент жонундо Кыргызстанда болгон видеолорду таап келесин. Канча убакыт керек.
-Ээ билбейм, беш-алты кун керек болот ко.
-Жок мындай мамиле болбойт бул иште, так айт качан таап келесин. Торт кун жетет, мен кыргыздар жонундо коп окудум, момойгон жоош, алдаса боло турган эл окшойт, оной эле табасын. Болгон маалыматты телефондун флешкасына кочуруп даярдап кой. Мен азыр кеттим, торт кундон кийин саат учто пляждагы чечинип-кийинуучу кабиналардын биринчисине отургучтун тубуно жармаштырып бекитип кой. Эгер жетишпей калсан отургучка маркер менен уч бурчтук тартып кой, мен издеп убара болбоюн. Учтон он беш мунот откондо алып кетем. Айткандарым толук келет деп умуттоном, эгер бир аз кынтык болсо, ушул болбогон ишти аткара албасан экообузго коштошушка туура келет. Тушундунбу?
- Тушундум, тушундум. Башын жерге салып алган Либер атайын кызматтын адамы эмес, мугалиминен уруш уккан окуучуга окшоп кетти.
-Мындан ары экообуз жолукпайбыз. Эгер зарыл созун болуп калса ресторандын туалетинин туткасына маркер менен кичине точка коюп кой. Озум чалам, зарыл болбосо мени издебе, чалба. Керек болуп калсан мен чалып уч жолу гудок берем. Бир сааттан кийин ошол туалеттин унитазынын бачогунун капкагына флешка жармаштырып коем, ошол флешкада баары жазылган болот. Макул мен кеттим.
Либер узатып коёюн деп ордунан турайын деди эле, Гомер колун жансап "узатпа, отура бер" дегенсип чыгып кетти. Сыртка чыгып колдун жээги менен копко чейин басып журду да, адам жок жерге барганда бироого чалып:
- Мага бир жумага бир адам керек. Либердин артынан андыган адам барбы, жокпу билип бериши керек, мен бир жумадан кийин чалам-деп коюп номерине кирип кетти.
Либер оор ушкурунуп алып, туруп кийинди да, портьеге номердин ключун тапшырып коюп Бишкекке жоноду.
Торт кундон кийин саат учто Гомер флешканы айткан жеринен таап, номерине кирип кетти да, эки сутка эч жакка чыкпай, жада калса тамакты да номерге алдырып президент жонундогу келген маалыматты изилдеп, бир чон альбомго бир нерселерди жазып, тушунуксуз бир схемаларды чийип жатты. Интернеттен Кыргызстандын, Бишкектин спутниктен тартылган картасын изилдеп, айтор эки кун тынбады.
Учунчу куну Либерге "бир жумадан кийин келем" деп айтылган жерге кабар таштап коюп Бишкекке кетти. Кетээрде номеринин эшигине, терезесине, шкафка жана башка ачыла турган эшиги бар эмеректерге билинбей турган кылып кыл жармаштырып койду. Эгер бироо кире турган болсо кыл узулуп калышы керек. Буюмдардын кандай турганын бут суротко тартып алды, бироо жарым ордунан жылдырса билинип калат.
Бишкектен котормочу жалдап, бир машина алып, Кантты, Токмокту кыдырды, Таласта "Манас ордону" кыдырып, суротко тартып, Жалал абад областына барып, Ала-Бука районун кыдырып ыйык жерлерди коруп, суротко тартып, эртеси Ала Буканын борбордук кочолорун кыдырып коруп келди. Аксыга барып Сары-Челекти коруп, Аксынын ыйык делген жерлерин, Кербен шаарын кыдырды. Кербенде мейманканага жатпастан, шаардын чет жагындагы мейманкана кылып жасалган уйго жатып, эртен менен эрте туруп, жаткан уй Кербен аэропортуна жакын экен, кундузу эч кимге байкатпай уйдун устуно чыгып алып, кучтуу дурбу менен аэропорттун ар бир жерин изилдеп чыкты. Кербенден кийин Жалал абад шаарына барып кыдырды, Ошко барып Сулайман тоону коруп, шаарды кыдырып бир кун журду да котормочуга акчасын ашыгы менен толоп берип, самолет менен Ысык колго учуп кетти.
@ @ @
Эсен Кемелов шаардын ысыгынан качып Чон токой жайлоосундагы дачасына аялы экоосу келгенине бир жума болуп калган. 42 жашында отставкага чыккандан кийин аялы болду эми жетишет, озун учун да жаша, сага эмне жетпейт деп, Кыргызстанда жумушка кирейин десе болбой койгон. Ошондон бери кун жылып калаары менен ушул жакка качышат. Отуз сотых жери бар жайы менен ошол жерди эрмектейт, кышка бут нерсесин ушул жерден эле даярдап алат. Базардан дээрлик эч нерсе сатып албайт. Башында иштеп конуп калган адам мындай бекерчиликке коно албай журуп аран конду. Беш жылдай болуп калыптыр келгенине, азыр жер иштетуу боюнча коптогон китептерди окуп, кичине эле жеринен аябай эле коп тушум алганды уйронуп алган. Балдарына да базардан албагыла деп озу остургон момо-чомолорун келишкенде салып берет.
Телефону шынгыраганда бугун да кун ыссык болгондуктан саат ондордо эле аялы кулпунайлардын тубун чаап жумшартып коелу дегенине болбой, "кааласан озун жумшарта бер, ушундай ыссыкта да адам иштейби" деп, аялы суйлонгонуно карабастан ишин токтотуп усту жузум менен жабылган, салкын болуп турган сорусундо телевизор коруп жаткан. Караса Аман деген баласынын номери:
- Да балам,
-Кэмэл мырза бархандардан адашпай журосунбу, сууну коп эле алдынбы?- деп кулот, унунон эле тааныды, Илхом Хасанов деген татар улутундагы адам эле.
Эсен Кемеловду фамилиясына карап бирге иштегендер "Кэмэл" деп атап алышкан. Илхом Хасанов экоосу 1982-жылы Туштук Кореяда таанышышкан. Анда Эсен Кемелов КГБда жетинчи отделде, "к" деп аталган сырткы чалгындоо болумундо иштечу. Ону корейлерге окшош болгондуктан жашыруун тапшырма менен барган эле. Ошол кундор, Япон денизинде тундо муздак сууда Илхом экоосунун уурдап чыккан адамды алып он метр теренде водолаздар менен сузуп журушкону коз алдына тартылды. Азыр ойлоп коркуп да кетет кантип коркпой ошол тапшырманы аткарганы. Бир адамдын коркоктугунан тапшырма аткарылбай узгултукко учурай турган болгондо ушул Илхом экоосу суйлошуп, Лубянканын "токтоткула" дегенине карабай (КГБнын штаб квартирасы жайланышкан жер), жоопкерчиликти оз мойнуларына алышып, тобокелге салышып жатып тапшырманы ийгиликтуу аткарышкан эле. Бир адамды ошол мамлекеттен уурдап чыгып, Туштук Кореянын территориялык сууларынан сырткары алып чыгышса, Таиланддын желеги илинген соода кемесинде КГБнын адамдары кутуп турмак. Ошол кемеге салып бериш керек эле, аман эсен алып чыгышкан. Жыйынтыгында КГБнын Туштук Кореядагы агенттери да билинип калбай аман калган, тапшырма да аткарылган. Илхом экоосу аз жерден Япон денизинин дене какшаткан муздак сууларында чогуп кете жаздашкан. Бул маалда ото сейрек кездешчу балта баш акулага аз жерден жем болоюн деп, бир олумдон да калышкан. ЦРУнун, Туштук Кореянын атайын кызматынын адамдары да тушунушпой калган эле, кантип алып чыгып кетишкенине.
Кийин ЦРУдан КГБга "кыйын экенсинер, тан калдык" деген мааниде кат келген. Ошондон кийин Илхом экоосу жакын дос болуп кетишкен. Андан башка деле канча тапшырмаларды аткарып дуйнонун коп мамлекеттеринде болду, бирок эн эсте калганы ушул тапшырма эле.
Илхом Москвада калган, Эсен Кемелов союз бузулганда, КГБ деген уюм жоюлгандан кийин келе берген. Кыргызстанга келгенде жашыруун кызматка жумушка чакырганда эки жылдай иштеп отставкага чыккан.
Илхом Эсен Кемеловдун телефонуна ким коп чалса ошол номер менен чыга берчу. Бул жолкусунда чон баласы Амандын номерин пайдаланып чыгыптыр. Москвада туруп кантип бироодун номерин жамынып чыгат Эсен Кемеловдун деги эле акылы жетпеди. Илхомдон сураса "сен али жашсын, акылын жетпейт" деп айтпай койгон.
Ошол досу экен.
-Аа Илхом, жакшысынбы?
-Жакшы, сага белек бар,
-Жон чалбайсын да, эмне белек.
-Гомер журуптур сенде,
-Журсо жургондур да, бизде эмне бар эле жашыргыдай, биле турган нерсесин гезиттерден эле билип алат да. Каякта журуптур?
-Ысык колго келиптир, азыр Кыргызстандын туштугундо экен, ыйык жерлерди суротко тартып журуптур.
-Молдо болоюн деп жатса керек да, анын эмнеси жаман.
-Билбедим, бирок сага тапшырма бар.
-Оой токто-токто, мен отставкага чыкканымы билесин да. Каяктагы тапшырма.
-Биздин жумушта отставка деген болчу беле, азыр сени шефке улайм, ошого тушундур отставканы-деп ой-буйга келбей эле улап койду, он секунд музыка чыгып турду да:
-Алло- деген эски тааныш ун угулду. Бул Дмитрий Александров эле, КГБнын "к" болугунун директору, жонокой тил менен айтканда сырткы чалгындоо болумунун шефи. Бою орто келген, коп машыкканга толо, чымыр денелуу адам эле. Чачын эмнегедир кирпинин ийнесине окшото берчу негедир. Адамга суйлогондо козго тике карап, адамды изилдеп суйлочу. Анча мынча адам козуно тике карай алчу эмес, козун ала качып дароо жерди тиктечу. Бироодун ою менен эч качан эсептешпечу, бироодон жардам да, колдоо да кутпочу, озунуку туура экенине бекем ишенген адам эле. Колунда иштеген адамдардын ал менен тартышуу же бир нерсе сунуштоо оюна да келчу эмес, ал айтат, угуп жаткан адам айтканын аткарат, болду. Эч качан айтканы ката болгон да эмес, бир нерсе айтардан мурун жуз ойлонуп анан айтат окшойт да. Эсенди канча жолу ар кандай тапшырмаларга, дуйнонун канча мамлекетине жоноткон. Эсен коркпой кетчу, себеби шефи эч качан кыйын абалда таштап кетчу эмес. Москвада отуруп Африканын же Латын Американын бир бурчунда журсон да, кыйынчылык болсо жардам берээрине ишенчу. Азыр телефондон унун укканда эле, ото зарыл иш экенин тушунду, жон жай эч качан чалбайт эле.
-034 сага 039 барат, баарын тушундуруп берет. Макул болосун деген ойдомун. Жообуну 029га айтасын-деп коштошуп коюп койду.
Эсендин жашыруун номери 034 эле. Кененирээк тушундурсо, 7 4 0 3 4. 7 дегени КГБнын 7 болугу, 4 тышкы чалгын дегени, 03 болуктун жашыруундук денгээли, 4 Эсендин жеке номери.
Эсен Кыргызстанга кетип жатканда Дмитрий Александрович чакырып, "КГБ жоюлбайт эч качан, али мекен учун коп иштерди кылабыз" деген эле. Эсен да кантип эле жоюлсун мындай уюм деген озунчо.
Эсен озун женил сезип, бир куч келгенин сезди, унутулуп кеткен сезимдери кайра пайда болду. Жаны тапшырма алганда ушундай сезимдер пайда болчу, аябай ачка болгондо даамдуу тамактын жыты келсе тамшангандай сезимдер пайда болуп, озун женил сезип, бир куч пайда болчу. Ойлонуп калгангабы аялы жанына келип отурганын да сезбей калыптыр.
-Ой сага эмне болду, пультту эми кордунбу, -дегенде гана озуно келди. Чалуу келгенде телевизордун унун азайтып, пультту караган бойдон ойлонуп отуруп калган экен.
-Бар колуну жууп кел, чай ичебиз- деп аялы дасторкон жая баштады. Эсен колун жууп келип дасторконго олтурганда аялы бир нерселерди суйлоп жатты, тушунгон деле жок. Анда санда коштогонсуп башын ийкеп коет. Эсен озун коомго керектуу адам сезип конулу которулуп калды. Беш жылдан бери озун эч кимге кереги жок калгандай сезип озун таштап жиберген экен азыр байкаса. Конулу которулгонгобу, анекдоттор, кулкулуу окуялар эсине келип биринин артынан бирин жаадырып, аялын кулдуруп, аялы куло берип тамакты да жакшы жей алган жок. Эсен бир маалда аялынын бир башкача коз карашын байкап калды. Аялы бир кызыктай, суроолуу коз караш менен карап жатты да, Эсендин телефонун алып бир нерселерди текшере баштады. Эсен аялы билип койгонун сезди, эми башталат деп койду ичинен. Байкатпайын деп эле жатып байкатып коюптур да. Аялы телефондон бироого чалды, корсо чон баласы Аманга чалган экен:
-Кандай балам-деп аны муну сурагандан кийин- бугун атана чалдын беле-деп сурады. Баласы жок деди окшойт, дагы бир аз суйлошуп телефонду коюп, куйоосун карап турду да :
-Эч жакка барбайсын-деп козу жашылдана тушту. Эсен эмне жумуш кылганын эч качан айткан эмес эле аялына, СССРдин "Внешторг" деген ишканасында иштейм деп эле койгон. Мамлекеттин сырткы соода иштери боюнча дуйнонун ар мамлекеттерине барып келдим деп келчу. Бирок аялы сезчу, себеби ар дайым эле тапшырма ийгиликтуу буто бербегендиктен, денесинде ар кандай жаракаттарды алып келчу, уч жеринен операция да болгон эле. Эсен эмне деп жооп беришин билбей калды, озун таштап койгону ушул да, аялына жооп таба албай калуу деген эмне деген шерменде. Мурундары бир заматта аялын алдап, ишендирип койчу. Бир эки жолу эле мурун эмне деп шылтоо айтканы эсинен чыгып кетип, кийин башкача айтып жиберип билинип калбаса, ушул маалга чейин бир да жолу "прокол" болгон эмес эле. Жооп бербестен тамагын жей берди эле, куйоосу баары бир бараарын билген аялы оор ушкурунуп алып, нары бир жагынан куйоосунун коптон бери коздору мынчалык куйуп, конулу которулгонун коро элек эле ичинен "макул, барсан бар" деп эле калды. Эсен ичинен "уфф" деп алды, аялына ыраазы болду тушунгонуно. Ушул маалга келип бир да жолу аялына кол котормок тургай катуу суйлогон эмес. Аялы куйоосун козунон эле тушунчу.
Ошол куну эле кечки рейс менен Бишкекке Илхом досу учуп келди. Экоосу Эсендин машинасында эки сааттай суйлошуп олтурушту да Илхом кайра эле аэропорттон Москвага учуп кетти. Жашыруун угуулардан сакталган телефон ала келиптир, танкы саат сегиздерде "шефи" чалды:
-034 тушунгонуно рахмат, сага бир ай убакыт. Сага банкта эсеп ачылды, акчаны канча керек болсо ал, эмне жардам керек болсо туура эле мага чала бер. Макул ийгилик ишине-деп коюп койду.
Илхомдун айтуусуна караганда чет мамлекеттин атайын кызматы Кыргызстанда бир шойком баштаганы жатыптыр. Эсендин милдети Гомер аркылуу эмне экенин билип, кандай жол менен болсо да токтотуу экен. Кыргызстандын атайын кызматтарына, куч кызматтарына, кыскасы эч кимге билдирбей токтотуу керек экен.
Эсен эртеси эле Ысык колго барып, Гомер жашаган мейманканадан Гомердин болмосу экинчи кабатта эле, учунчу кабаттан дал устундогу болмону ар шылтоону айтып, коп акча берип жатып алды. Тунку саат экилерде балконго чыгып копко эки жакты карап отурду, тундо колго тушкондор, беш-алты адам беш муноттой турушуп, кирип кетишти. Башка эч ким деле корунбойт, коопсуздук кызматынын адамы да корунбой калды. Гомердин балконуна балкон менен тушуп терезени кичине ачып, колун салып кармалап жатып эшикке жармаштырылган кылды таап алды, атайын ушундай нерсеге жасалган суюктук ала келген, ошол суюктуктан бармагына кичине тамызып кыл жармашкан жерге с;йк;с; кыл ажырап тушуп калды. Болмого кирип кичине фонарик менен буюмдардын кандай жатканын эстеп калат да, издеп буткондон кийин дал озундой жыйнап коюп жатты. Гомер эч кандай илинчек калтырбаптыр, эки сааттай издеп эч нерсе тапкан жок. Тан жара баштаганда кайра кылды озундой кылып жармаштырып коюп кетти.
Москвадан келгенде Кыргызстандын бир жашыруун кызматында эки жылдай иштеген, коптогон жаны келген балдарды коп нерсеге уйроткон эле.
Тан атаары менен ошол балдардан ишеничтуу деген беш баланын дарегин таап баарын Бишкекке жолугууга чакырды.
Москвага чалып Гомердин кайсыл жактарды кыдырганын, ар бир кадамын билип турду.
Ойлонуп деги эле башы жетпеди Гомердин эмне кылып жургонуно. Ыйык жерлердин адамдары менен жолугуп бир нерселерди суйлошту дейин десе, Кантка , Токмокко эмнеге барды, кыскасы эч эле окшошподу. Эч ким менен суйлошпосо, эмне ойлошту да билбей калды.
Эсен Москвадан суйлошуулорду эч ким тыншай албай турган дагы беш телефон алдырып, эртеси чакырган балдары менен Бишкектин Мадина базарындагы лагманканадан жолугушту. Бир болмосун айткан эле, баары ошол жерге чогулуп кутуп отурушуптур. Эч ким тааныбасын силерди, тааныбагыдай болуп келгиле дегендиктен, балдарды биринчи коргондо озу да тааныбай калды. Ичинен ыраазы болуп койду, бул балдарга ишенчу, бул балдар акылы тетик, жашоого обьективдуу коз караш менен караган, Кыргызстандын патриот балдары эле. Жакшы эле тарбиялаган экен бул балдарды. Баарына тамак заказ кылып, ар нерсени суйлошушуп, откон кундорду, Кыргызстандагы акыбалды талкуулап бир сааттай олтурушту. Эсен ар нерсени суйлоп отуруп эле жок жерден эле, балдардын бироосуно козуно тике карап, суйлошулуп жаткан темадан таптакыр башка сурооду кокусунан берип калат. Жообун кунт коюп угат да, кайра башкы темага кайтып созду улантып, кетет. Ар бирине бирден ар кандай суроолорду берип чыкты. Балдар учоосу кыргыз, Нурбек, Кайрат, Кылыч деген, бироосу, Дима деген карис, бироосу Олег деген орус бала эле. Эки сааттай отургандан кийин ар бирине бирден конверт, телефон берди. Ичинде ар бирине тапшырма жазылган флешка, жуз мин сомдон акча бар эле. Коштошуп тарап кетишти.
Эртеси Нурбек Кантка, Дима Токмокко, Кылыч Таласка, Кайрат Ала Букага кетишти. Олег Ысык колдо калды, ар ким озунун тапшырмасын аткара баштады. Эсен Ысык колдо болмосундо жатты эч жакка чыкпай. Балдардан ар кандай кабарлар келе баштады. Эсен чон альбом алып бир нерселерди жазып, бир стрелкаларды чийип жатты. Жарытарлык эч кандай илинчек жок. Ар варианттарды коюп жатты, бирок чу эле деген жерде ал варианты туура эмес болуп чыгат. Айтор эч эле жарык корунбойт. Бир куну тушто телевизор коруп жатып, жакшы корсотуулор жок экен, пульт менен ар каналдарга алып жаткан. КТРге алса Таластын бир айылында жол ондолуп, айылдагылардан журналисттер интервью алып жатышыптыр. Бир аял суйлоп жатыптыр:
-Президент келээрде эле ондоп калбай, башка маалдарда деле ондоп турса жакшы болмок, шаарга барып келиш биз учун озунчо эле бир тозок.
Эсен ордунан ыргып турду да дароо Таласка кеткен Кылычка чалды:
-Кылыч тез билчи президент барбайт бекен жакын арада Таласка. Эмне билсен да мага толук айт.
Калган балдарга да чалып баарына ошол созду айтты.
Он муноттон кийин Кылыч чалды:
-Эсен Кемелович, бир жумадан кийин президент, Таласка келип андан ары "Манас ордого" барат экен.
Башка балдар да ошол жоопту айтышты.
-Жакшы, бир сааттан кийин чалам,-деп коюп, ойлонуп калды. Кантип эле ушундай болсун, президентке кол салуу болоор бекен деп ишене албады. Президентке кол салып эмне тапмак эле ким болсо да. Деги Гомерди ким жалдады экен. Москвага чалайын деп кайра айныды ал оюнан, мумкун андай эместир. Биринчи аныгын билип анан чалмак болду. Президенттин жакын арада каяктарга барарын билиш керек эле.
Ошол куну эле Бишкекке жоноду, эртеси мамлекеттик коргоо башкармалыгында иштеген таанышы менен жолугушуп, ар шылтооду бир айтып маалыматты оной эле алды.
КГБда "к" болумунун адамдарын ото кучтуу даярдашкан. Эсендин корсоткучтору аябай жакшы эле, канча жолу ардак грамоталарды алган, азыр баары КГБнын архивинде сакталып турат. Адамдын ички ою , кандай адам экенин беш мунот суйлошкондон кийин эле билчу. Кайсыл жагынан алсыз, кантип коркутса болот, же кантип алдаса болот, айтор адамды толук эле билип калган. Дуйнонун коп мамлекеттеринде КГБга керектуу маалымат бере ала турган адамдарын, кээсин алдап, кээсин коркутуп КГБга иштегенге кондуруп, канча маалыматтарды алган. Айла кеткенде женил гипнозду колдонгон убактары канча болду.
Тундоп Ысык колго жетип, президенттин эки ай ичиндеги бара турган жерлерин окуп коруп эле тушунду президентке кол салуу даярдалып жатканына. Москвага "конторага" баарын тушундуруп жазып кат жонотту. Бир сааттан кийин Илхом чалыптыр:
-Кэмел шефтин созу, шартка карап аракет кыл, сенин милдетин кол салууну болтурбоо, "Гомерге" тие албайсын баары бир. Ал озу аткарбайт бул ишти, башка адамдар аткарат, ошол аткаруучуларды кармап бизге тапшырасын. Мумкун болушунча жашыруун калыш керек баары. Эгер билинип калса план "с". Макул ийгилик деп- коюп койду.
План "с" ото эле сейрек болчу, эгер агенттер бир мамлекетте тапшырманы аткарып журуп кармалып калса озу гана кутулушу керек, КГБга иштегени, аты жонун да эч кимге айтпашы керек. Кыскасы озун каласын, сага эч ким жардамга келбейт. Эми Кыргызстанда ким эмне кыла алмак эле деп койду Эсен. План "с" болсо план "с" да.
Гомер Ысык колго учуп кетээри менен Эсенге кабар келип, дароо балдардын баарын Ысык колго чакырды.
Гомер Кыргызстанды кыдырып бутуп, Ысык Колго келип, болмосуно кирип эле тушунду бироо киргенин, полго тошолгон килемдин тусундой болгон жиптен крест кылып ар жерге таштап койгон эле, чачылып калыптыр. Артынан оз ишин жакшы билген профессионал тушконун билди. Издегенде артынан из калтырбаптыр, тундо кирген окшойт, эгер кундуз кирсе жердеги жипти даана кормок. ФСБнын адамдары тушкон окшойт деп ойлоп калды. Саат учтон отуп калыптыр, флешкага Либерге "Токмоктун, Аксы, Ала Бука райондорунун канча милициясы бар, канча жана кандай аскердик болук, канча аскер кызмат кылат билип бер" деп кат жазды да, уч жолу гудок таштап коюп женил кийинип алып колго жоноду. Колдун жээгиндеги кийинип чечинчу кабинага кирип отургучтун тубуно чайнап жаткан сагызын жармаштырып, ага флешканы жармаштырып койду. Элден алысыраак барып телефондон бироого чалды:
-Бул мен, Либер боюнча эмне жанылык?
-Жок, эч ким жок артынан тушкон. Бир жума карадык, билмекпиз эгер бироо андып жургон болсо.
-Макул жакшы.
Кун ото эле ыссып жаткандыктан пляжда адам аз эле, копчулугу номеринде эле кондиционерин жагып алып уктап атышкан. Гомер сууга бир эки тушуп алып озунун шезлонгуна жатып алды. Коз айнегин ондогон болуп айланасын карап деги эле эч кимди байкаган жок. Бирок бироо карап турганын даана сезип жатты. Мейманканадан чыкканда эле сезген. Терезелерди карайын дейт, бирок байкатып коймок. Эми Либер акмак бир нерсе кылып билдирип койбосо эле экоосунун байланышы бар экенин. Либерди биринчи коргондо эле билген бул ишти эптей албашын. Суйлошкондон кийин такыр эле умутун узгон. Бир сааттай болгондо Либер корунду, туура эле кете бербей козу менен элдин арасынан Гомерди издеп келатат. Гомер ичинен согунуп алып уктаган адам болуп жатып калды,. Эгер Либердин артынан бироо андып жургон болсо дароо эле билмек бирооду издеп атканын. Либер издеген адамын корсо кыймылынан эле билдирип коймок. "Кете бер акмак оз жолун менен" деп ичинен суйлонуп койду. Либер Гомерди адамдардын арасынан тааныбады окшойт, кийинчу кабинага кирип уч муноттон кийин кайра чыгып кетти, кийимин да алмаштырбаптыр. Гомер озунчо ушкурунуп койду.
Гомер бир сааттай жатып, сууга бир эки тушту да мейманканага кетти.
Эсен Гомерди номеринин терезесинен дурбу менен ар бир кадамын карап турду, бирок эч нерсе байкабады. Кечке чейин карады, дагы чыгабы деп, бирок Гомер эч жакка чыккан жок, кечки тамагын да номерине алдырып тамактанды.
Эртеси саат ондордо Гомер номерин тапшырып такси менен Бишкекке кетти. Эсен Олегди алып машинасы менен Бишкекке чейин артынан келди, Гомер эч жерге токтогон жок, туура эле Манас аэропортуна барып, Туркияга, Стамбулга учуп кетти.
Эсен аэропорттон эле Москвага кат жонотту да, кайра Ыссык Колго жоноду. Келээри менен Гомердин номерине кирип Олег экоолоп ийне жибине чейин тытып эч нерсе табышкан жок. Пляжда жаткан жерлерин карады, чечинип кийинуучу жерди карап жатып отургучтун тубундогу сагызды таап алып акырын бычак менен чыгарып алып карап эле тушунду. Уюлдук телефондун флешкасынын изи тушуп калган эле. Озунун флешкасын коюп салыштырып корду эле туура келди. Демек бул жерде дагы адамдары бар, ошолорду табыш керек. Кечинде балдар баары Ысык колго келгенде шаардын сыртында коздон далдаа, чекерээк жерден жолугушту.
-Балдар биз карап жургон обьект бугун Туркияга учуп кетти, бирок биз максаты кандай экенин билдик, бул озунчо чон жениш. Булар ишти бир жарым ай, коп болсо эки айда бутурушко аракет кылат. Гомер келип кантип аткарыштын жолун караштырып кетти. Бул аябай акылдуу, куу адам, ойдо жок нерсени таап чыгат. Ошон учун бизди чон иш кутуп турат, аябай этият болушубуз керек. Биз элибиздин коопсуздугун коргогон, эл учун иштеген адамдарбыз. Эми аткаруучулар келет, биз кандай болбосун аларды табышыбыз керек. Анда мындай, мен силерди Гомердин артынан тушуп, ким менен байланышат, жардамчылары ким экенин билуу учун чакырдым эле. Гомер кутуусуздон кетип калды, бул жерде дагы адамдары бар экен бирок эми таба албайбыз аларды. Бул жерде жургондун бизге пайдасы жок, эми аткаруучулар бул жакка келбейт. Жигиттер, эми ар киминер озунорго болунгон жеринерге барып тынбай иштешинер керек. Аткаруучулар жергиликтуу эле адамдар болушу мумкун, сырттан да келиши мумкун айтып болбойт. Эми мен силерге уйротпойун, озунор жакшы билесинер да эмне кылышты. Кымындай эле кумондуу нерсе болсо мага кенен тушундуруп жазып тургула. Мен Бишкекте болом, эки кун дем алгыла да, учунчу куну ордунарда болгула. Макул анда тарадык, ишибизди ийгилик колдосун-деп тарап кетишти.
Гомер Стамбулдун эн кымбат делген ресторанында Индус менен жолукту, баягы шумуройгон Гомер жок эле, бою узун, капкара костюм кийген, бутунда крокодилдин терисинен тигилген туфли. Колунда Гавана сигарасын кармаган, коз айнеги жок адам отурду. Индус да биринчи жолу корушу эле бул адамды. Сыртынан жоош корунгонуно алданган жок, суйлой баштаганда коздору жыландыкындай суук болуп кеткенде Индус тушунду, бул адам жеткен мыкаачы, аео дегенди билбеген, акча учун баарына барган адам эле. Мындай адамдарды омурундо далай эле жолуктурган.
-Эмне дейсин, жолу барбы?-деп созду Индус баштады.
-Бар, коруп келдим, эмне баштаганы жатканынарды тушундум, аткарса болот. Обьекттин эки ай ичинде каяктарга бара турган жактарын билип, ошол жактарды барып коруп келдим. Обьектти Бишкекте силер каалагандай кокустук болду кылып жок кылуу кыйыныраак болот. Эки жерди коруп келдим, ошол жерлер боюнча мага Либер маалымат жонотуш керек бугун кечке чейин, кутуп жатам. Эгер бугун мага маалымат келсе, эртен кечинде эки райондо кандай кылып аткарса болот майда чуйдосуно чейин жазып жонотом. Калганын озунор чечесинер кайсыл жерде миссиянарды аткарышты. Ошону менен менин ишим бутот.
-Макул анда эртен кечке жолугабыз,
-Жок эртен жолукпайбыз, мен флешкага жазып ишеничтуу курьер менен жонотом, алып барып берет. Менин силерден башка да ишим коп, эртен тундо учуп кетем. Либерди алмаштыргыла, жарабайт андай ишке. Макул мен кеттим, он муноттон кийин чыга берсен болот-деп коюп кетип калды.
Эртеси кечинде Гомерден Индуска флешка келди. Индус эки сааттай окуп, изилдеп олтурду да, "бекеринен сага коп акча толонбойт экен да" деп озунчо суйлонуп койду.
Либерди кантип алмаштырат эми. Индус Либердин атасы менен жаш кезинде полицияда бирге иштешкен эле. Экоосу бирге журчу ар дайым, бир куну тундо студенттер тополон кылып жатат деген кабар келип барышса эки студент апийим чегип алып бир кафеде мушташ чыгарышып жатышкан экен. Кармап, колуна кишен салып жатканда дагы бироосу Индустун артынан келип бычак саймакчы болгон экен, ушул Либердин атасы байкап калып, тосо коем дегенде бычак менен журогуно сайып, ошол жерде жан берген. Олоорундо "уй буломо коз сала жур" дегенде соз берген эле. Либердин ушул жумушка орношушуна да Индус жардам кылган. Досунун урматы деп Либерди аябай колдочу, "фирмага" Либер аткарды кылып коп жашыруун жумуштарды Индус оз адамдарын жонотуп аткартчу.
Кыргызстан жонундо соз чыкканда, шефи Индусту чакырткан. Себеби Индус, Орто Азия, Кавказ боюнча болуктун башчысынын орун басары эле.
Индус ишти тушунгондо дароо эле Либерди ойлоду. Бир жагынан шефи Кыргызстанга кимди жонотобуз, бизге эч бир мамлекеттин атайын кызматтары тааныбаган адам керек дегенде, Индус элеттен чакыралы, жакшы балдар бар деп Либерди сунуштап, айтор Либер мындай жоопкерчиликтуу операцияга кокусунан эле илинип калган.
Либерди кантип алмаштырмак эле, Либерге экинчи шансты эч ким бермек эмес. Эгер Либер бул ишти ийгиликтуу бутурсо бир тынч, достук мамиледеги мамлекеттердин бироосундогу болугуно орноштуруп коюп конулу тынчымак. Эптеп бул ишти Либер аткарды кылып корсотуш керек эле "фирмага".
Индус ошол эле куну ар кандай шылтоолор менен Кыргызстанда жургон "фирманын" адамдарынын досьесин окуп чыгып, бешоосун тандады да ар бирине озу коз коруноо эле барып, тапшырмаларды берип келди. Алар ар кими ар шаарга, Кантка, Токмокко, Таласка, Ош, Ала букага барып маалымат жоноткон тур корсотуп турушат. Индустун максаты Кыргызстандын атайын кызматтарынын адамдарын адаштыруу, ишти аткаруучу негизги адамдан конулун буруу эле. Либерди жакыныраак деп Алматыга чакырды да озу ошол куну Алматыга учуп кетти.
Эртеси "HYATT REGENCY ALMATY" мейманканасында Индус Либерге бир саат бою аткараар ишин тушундурду.
-Либер сенин ишин женилдейт, ишти башка адам аткарат. Сенин милдетин сага болунгон адамдардан келген маалыматтарды эле мага жонотуп туруу. Эгер ушул ишти ийгиликтуу аткарсан Португалиядагы болугубузго башчы болосун, ал жерде эч кыйынчылык жок, тынч жашай бересин.
-Проблема болбойт, кам санабан, баары жакшы болот.
-Жакшы болот деп умуттоном, сен жонундо эч ким билбейт ошого кенен журо бересин Кыргызстанда. Макул мен кеттим, ийгилик ишине-деп коштошушту.
Индус мейманканадан туура эле аэропортко барып Франкфурт на Майнеге билет алды да учуп кетти. Самолетко отурганда бироого чалып:
-Берлинге жонотчу адамынды, зарыл соз бар-деп коюп койду.
Либердин кол жеткис тилеги эле бир тынч мамлекетте башчы болуп иштоо. Канча адамдарды билет, болунгон мамлекетте омур бою жыргап жашап журушконун, суктанчу. Аларга эмне озуно болунгон адамдар ар кандай маалыматтарды жыйнап келет, ошолорду гана изилдеп корот да, керектуусун "фирмага" жонотуп коет болду, калган убакта каалаганын кылып журо берет. Минтип душман тарапка келип татаал иштерди аткаруу ал учун эмес эле. Татаал, опурталдуу иштерге жулунган бирге иштеген кесиптеш балдарын тушунбочу.
Индустун конулу анча эле тынчый тушту. Либерге жардам берчу ар бир агентке озу кылар ишин тушундуруп кат жоноткон, бул адамдар озунун ишин жакшы билчу, ал жагынан кам санабаса болот. Либер ошолордун гана иштерин козомолдоп, эмне керек болсо таап берип, керектуу нерсе менен камсыз кылып туруу эле. Кыргызстандын атайын кызматтары Либерди акмалашат, Либердин артынан тушушот.
Либер Ысык колдо жатып эле Канттагы, Токмоктогу, Таластагы, Ош, Ала букага болунгон адамдар менен телефондо байланышып эле турду. Алардын келип жайланыштык, баары жакшы жана башка ушул сыяктуу айткандарын Индуска жонотуп коюп эле жата беруу экен жумушу, аябай эле суйунду. Башында тан калды, кантип эле ушундай болсун деп. Кайра ойлонуп мага эмне айткандарын так аткарсам болду да, бул иштин эмне кыйынчылыгы бар эле деп, конулу которулуп калды. Алар барган жеринде эмне жумуш кылып жатышат, кантип кол салуу болот кызыккан да жок. Сураганда деле кимиси айтмак эле, бир улуту ким экенин деле сураган жок, англисче жакшы суйлогон кыз менен таанышып алды. Телефон чалуу болсо жооп берип коет да , ошол кыз менен жыргап журо берди.
Индус Франкфурт на Майненин аэропортунан чыгып жатканда, ФСБнын адамы кокусунан таанып калды да, дароо каяктан, саат канчада учуп келгенин толук билип, Москвага кабар жонотту. Мындай кабарлар дароо 'к" болумуно келчу, Орто Азия, Казакстан боюнча куратор болуп иштеген адам "шефке" киргизди. "Шеф" Илхомго тапшырды бул ишти билууго, Илхом Алматыдагы болук менен байланышып Индустун каякка барганын билууну тапшырды. Аэропорттун видеокамераларынан кайсы таксиге олтурганын билип, таксисттен дароо эле билинди каякка барганын. Мейманкананын видеокамераларын текшерип коруп Либердин суротун, каякка кеткенин оной эле табышып Москвага жонотушту. Москвадан Эсенге келди Либердин суроту. Ошентип Либердин артынан Олег тушту.
Индустун кайсыл жактарга барганын изилдеп корушуп, тез эле Канттагы, Токмоктогу, Таластагы, Ала Букадагы, Оштогу агенттердин баарынын дарегин билишти. Бироосу волонтер, экинчиси соода фирмасынын окулу, дагы бироосу Ала Букада кен казган фирманын окулу, айтор ар кими ар кандай шылтоо менен барышып орношуп алышыптыр.
Эсен балдарына ар бирине тапшырма берип ар бир агенттин артынан бирден адам койду.
Президент биринчи Таласка бармак эле, Таластагы агент эч кандай аракет кылган жок, президент келгенде ал тоого чыгып кетти анчылыкка.
Президент он кундон кийин Кантка келди, анда деле агент эч кандай аракет кылган жок, бир соода сатык менен алектенген Болгариялык фирмада иштеп аткан, офисинен чыккан жок.
Токмокко келгенде деле баары тынч отту.
Либердин жашаган болмосуно угуучу аппарат орнотуп койгон эле, ал маал маал келген чалууларга жооп берет. Кол салууга байланыштуу эч нерсе айтылган жок, ар ким озу жургон жерлердеги акыбалды эле айтышып турат. Либер аны Интернет аркылуу жонотуп жатса керек, кыскасы Эсендин аябай эле башы катты. Эми Ала Бука менен эле Ош шаары калды. Эсен Токмоктогу, Канттагы, Таластагы балдарды чакырып алып экоосун Ала Букага, экоосун Ошко жонотту, озу да орто жер деп Шамалды Сай шаарчасына келип жашап калды. Ал жердеги агенттердин ар бир кадамын карашып , ар бир суйлошуулорун тыншашып жатты. Жашаган, иштеген жерлерине угуучу аппараттарды коюп салышты. Эч кандай жанылык же бир нерсе билинбейт. Эсен башында эле Индус ото эле ачык келип кеткенде тан калып койду эле. Озун эле билдирбестен, Либерди, анын беш адамын да ачык эле айтып койду да бул биздин агент деп. Гомердин Кыргызстанды кыдырган маршрутун кундо карайт, айрыкча Ош шаары менен Ала Буканы озу барып президенттин бара турган жерлерин кыдырып, видеого тартып келди. Жашаган жерине келип кундо кайра кайра корот. Бир ой кетти, Кыргызстандын эмес, коншу мамлекеттердин бироосунун президентине кол салуу болуп жаткан жокпу деп.
Акыры Илхомго чыкты:
-Шеф менен суйлошподунбу, Гомер бизди аябай эле ойлонтуп койду го. Мумкун бизде эмес, коншу мамлекетте даярдалып журбосун кол салуу. Бизди бул жакка чуркатып коюп.
-Жок, кечээ эле Шеф экообуз талкуулаганбыз, силерде эле болот. Коншу мамлекеттерде ар бир агентинин артынан адамдарыбыз журот, тынч эле. Эч кандай аракет байкалбайт.
-Анда эмне кылдык, башым катып калды. -Фокусник да бул Гомер деген нерсе. Бир жыл мурун Австрияда бизди анча кыйнаган. Торт агентибизден айрылганбыз. Экоосу Россияга келгенден коркуп Бразилияга кетип калышты. Экоосу Австрия менен Венгриянын чек арасындагы токойдо курман болушту. Дагы учоосун чакыртып алганбыз. Биздин Австриядагы агенттерди билуу учун жок нерсени уюштурушкан экен. Бизди алдап сызга отургузуп кеткен. Союздан кийинки ФСБнын эн чон женилиши болгон. Ойлон, аракет кыл мен да картанарды ачып алып кундо эле карайм, бирок тушунбодум эмнени ойлогонун.
-Илхом Индус бизге атайын эле адамдарын корсоткон окшойт. Президентке Бишкекте эле кол салуу болот деп калдым. Биздин СНБга айтпасам болбойт, мен беш адамым менен эмнеге жетишем.
-Шеф менен суйлошуп коройунчу, бирок макул болбойт ко деп ойлойм. Андан коро ойлон, Ошунарда эле болот ко дейм, чон шаар эмне болсо да. Авария кылар бекен, мен башка жолун корбой жатам. Ошто суйлой турган жери каерде экен, устуно бир нерсе таштап жиберебиз деп жаткан жокпу.
-Ал жерлерди бут коруп келдим, танка менен атсан деле тушо турган туру жок.
-Анда билбей калдым эмне дешти да. Макул ойлоно берчи, мен эртен СНБ жонундо суйлошуп коруп бир жообун айтам.
Эсен дагы картага унулду. Балдарына чалып, президенттин маршрутун, барган жерлеринде кандай кокустук болушу мумкун барып коруп келгиле деп жонотту.
Либерди кармап, бир жерге алып барып сурак кылгысы да келди, бирок анын журуш турушуна карап, мындай адамга андай жоопкерчиликтуу иш тапшырылбайт деп, кайра айныды ал оюнан.
Балдары барып, алгылыктуу эч нерсе байкаша албады. Кербен-Ала Бука жолу тоонун боору менен кетет экен, айла кеткенде ошол жерден таш томолотуп жибереби деп, ал жерлерди да бирме бир чыгышып карап келишти. Андай мумкунчулук жок эле.
Президенттин Ошко келерине бир кун калганда айласы кеткен Эсен Оштун милициясына, бироонун телефонун уурдап алып "президентке жолдо кетатканда кол салуу даярдалып жатат Ошто" деп смс жонотуп жиберди. Оштун милициясы, СНБнын адамдары, айтор коопсуздукка байланыштуу кызматтын бардыгынын адамдары Ошко келип алышты. Аэропорттон баштап бара турган жерине чейинки жерлерди бирме бир карап, тимеле тытып жиберишти. Мумкун болгон коркунуч туудура турган жерлерди алып салдырып, же ошол жерлерге куралчан адамдарды толтуруп салышты. Эч кандай коркунуч жок эле.
Президент аман эсен келип кетти. Либердин Оштогу адамы эч кандай аракет кылган жок, уйунон чыкпай жатып алды.
Эми эки жумадан кийин Ала букага келмек президент.
Эсен Олегди Колго Либерди карайсын деп калтырып бут кучун Ала Букага чогултту.
Ала Букадагы болгон чет олколуктордун баарынын аты жонун, байкатпай суротко алып суротун Москвага жонотуп, ал жактан келген жоопторду изилдеп корду. Райондогу кылмышкерлерди, оппозициядагы партиялардын адамдарынын телефондорун жашыруун угуп, айтор болгон мумкунчулукту пайдаланып жатты. Торт баласы куну туну кезектешип телефондордогу суйлошуулорду тыншашат. Деги эле эч нерсенин шеги билинбейт. Москва да эч нерсе айталбады.
@ @ @
Индус ишти аткара турган адам менен Берлиндин чекесиндеги паркта, Баварлардын пивоканасынан жолугушушту.
Бул адам, ата-энеси элуунчу жылдары Туркиядан Германияга куруучу болуп келип калып калган турктордон. Кичинесинде ата энеси жумушка кетип, уйдо ар дайым жалгыз калып, кочодо чонойгон. Он беш жашында уурулук кылып полицияга тушуп, камалып да кетейин деген. Жокчулукту коп коргондуктон, тез баюунун жолун издеп, он жети жашында эки шериги менен бир жергиликтуу байдын уйуно уурулукка киришкен. Кокустан уй ээси келип калып, коруп калганда олтуруп салышкан. Баары бир полицияга кармаларын тушунуп эртеси эле француз легионуна кирип кеткен. Себеби ал жерде озун айтпасан, аты жонуну эч ким сурабайт. Айткан жагына барып согушуп берсен болду. Дуйнонун канча жеринде согушка катышып, жеткен мыкаачылыгы, тулкудой куулугу менен атагы чыккан. Кийин башына минанын сыныгы тийип оор жаракат алып, согушка жарабай калган.
Ошондон кийин Германияга таптакыр башка адам болуп кайтып келип, чогулткан акчасына Рейн дарыясынын жээгиндеги атактуу жайыктардын эн кооз жеринен жер алып, ошол жерде жашап калган. Акча керек болгондо ар кандай жашыруун тапшырмаларды аткарып акча табат.
Индус коруп эле тан калып, эч болбосо тузугуроок кийинип да албаптыр деп ойлоп койду. Бул адам жашы кырктарда, бою орто, толмоч келген, бир козу кылый, сакалы бир жумадан бери алынбаган, бир коргон адам келесоо деп ойлой турган адам экен.
Устундо бырышкан хиппилердин футболкасы, эски джинсы, башында эски кепка, оозунда сагыз. Басканда так баспастан, бутун суйрогонсуп басат экен. Суйлошуп жатканда адамды кыйшайып бир капталы менен карап суйлоп, бирок жакшылап конул коюп караган адам акылдуу козду корчу. Индус бул адамды бир жакшы таанышы аркылуу тапты, ар кандай ыплас, копчулук адамдар канча акча берем десен да аткарбай турган тапшырмаларды "фирма" учун ушул адам аткарчу.
Биринчи таанышканда атын сураса, "атымын зарылчылыгы жок, жон эле агент деп кой жетишет" деп койгон, мындай созуно Индус жини келип, озунчо аны козунун дефектине карап атактуу бир козу сокур Джек каракчыга окшотуп "Джек" деп алды.
Джек пиво коп ичет экен, пивонун акчасын Индуска толотуп атты. Индус тан калчды мунун пиво ичкенине, аз эле убакытта аябай эле коп пиво ичип жиберди, столдун усту бошогон бокалдарга толуп калды. Индус Джектин пиво ичкенин карап отуруп, кантип батат ичине мынча пиво деп тан калды. Же туалетке да барбаса.
Индус берер тапшырмасын атайын кагазга кенен тушундуруп жазып келген эле, Джек жарым сааттан бери окуп олтурат. Жарым саатта жети бокал пивосун ичип бутуп, сегизинчиси жарымдап калыптыр. Беш мунотто окуп буто турган нерсени жарым сааттан бери окуп, шашпай олтурган Джекке жини келсе да сыр бербей алдындагы пивосун карап коюп унчукпай олтура берди.
Джек тээ анчадан кийин:
-Тушунуктуу, деги элди тынч жашаттырбайт экенсинер да,-дегенде жини келип аран отурган Индустун жаны чыгып кетти:
-Ал жагына сенин ишин болбосун, сага акчасын жакшы толоп берсек болду да. Аткарсан аткарам де, аткарбасан убактым аз, сенден башка да ишим коп.
Джек Индусту козунун усту менен карап, кулагынын артына жармаштырып койгон сагызын алып оозуна салды да:
-Пивонун акчасы канча болду, сеникин да мен толоп коеюн, рахмат ушунча келгенине-деп чонтогун чукулай баштады.
Индус ичинен согунуп алды, эми жалынабы бул акмак айнып кетсе, дагы кимге барат, мындан башка адамы да жок ылайыктуу.
Кейпи келишип турган менен бул адам аябай айлакер, чыныгы карышкыр эле. Бир окуясын уккан эле. Турциядан Австрия аркылуу Германияга озу жалгыз жыйырма килограмм наркотик алып келатканда, Германиянын ээн талаасында кокусунан полицияга кабылып, кандай болгонун эч ким билбейт озунон башка, кыскасы торт полиция кызматкерин тен олтуруп, машинасын орттоп качып кутулуп кеткен. Кылмышкер табылбай, эч ким билбей калган эле.
Индустун ишин ушул эптемек:
-Макул, макул токто, суйлошолу-деп, тубундо калган бокалындагы пивосун ичип бутту да, барменге "дагы эки пиво" дегенсип белги кылды. Бармен эки бокал пиво апкелип алдыларына коюп кеткиче экоосу тен унчукпай олтурушту да, бармен кеткенден кийин Джек:
-Мага баары тушунуктуу, бир ай убакыт бар экен али, мен уч жумадан кийин Кыргызстанга барам. Аксыдагы америкалыгынарды мага иштеп бере турган адам таап алмаштырасынар. Бир жумада менин Аксыда болушу керек, америкалыгынарды кетиргиле ал жактан, Кыргызстандан кетиргиле. Кантип алмаштырасынар, ал силердин ишинер. Дагы бир нерсе, эртен америкалыктар артыман куубай турган болсун. Эгер америкалыктар мага бир нерсе кыла турган болсо сени таап алам жердин тубунон болсо да.
- Америкалыкты озубуздун адамга алмаштырабыз, документтери таза болот, бир жумага жетпей америкалыктын ордуна иштеп калат. Эртен артынан эч ким куубайт, издебейт, ал жагынан кам санаба.
- Макул, анда мындай, иш бутмойунчо экообуз байланышпайбыз, суроолор болсо менин адамым аркылуу гана болот. Анан дагы мага отуз процент акча кошосун, жарымын алдынан бересин.
Индус кеминде дагы элуу процент кош деп айтат деп ойлогон эле, бир аз тартышып макул болду.
Июндун аягы болуп калган, кун ыссык аябай эле. Кыргызстандын Аксы районунун борбору Кербен шаарында уч жумадан бери волонтермун деп келип, мурунку волонтердун ордуна иштеп жургон Девид Халлад, уйундо уктап жаткан. Джектин буйругу боюнча Кербен аэропортуна жакыныраак бир чон уйду озу батирге алган эле. Дарбазасы такылдап калды, чыкса коншу бала:
-Давид аке сиздин аттарыныз жугоруго кирип кетти, атчыныз уктап калыптыр-дейт- айдап чыгып койдум. Ээси корсо урушат.
-Рахмат чон Акил, атчым каякта?
-Уктап калган окшойт бир жерге, таппай койдум айтып коеюн деп. Кыйкырган менен укпайт ко.
-Ок Акил рахмат, макул мен озум азыр барып таап келем, ме балмуздак алып же-деп элуу сом берип жонотуп жиберди.
Атчысы Джек эле, келгенине эки жумадан ашып калган, озун Френк деп тааныштырган. Девидтин милдети Френктин айтканын кылып, колунан келген жардамды беруу. Френк тундо эч кимге корунбой келип, туну менен Девидке кылар ишин тушундургон. Френк акылы кемирээк, кулагы жакшы укпаган, дудук адам болуп, Давид ат сатып алып ошол аттарды баккыч болуп иштеген озбек боло турган болду. Эки уч кун Френк уйдон эч жакка чыкпай жатты. Давид Френкке эскирээк кийимдерди таап келди. Коншусу бар Акмат деген, аябай коп суйлогон, ошого барды, чакырса уйундо экен чыкты.
- Оо кел -деп Акмат коншусу адатынча отуз эки тишин корсотту.
- Кандайс Акмат аке сизге ишим тушуп калды?
- Айта бер Давид, колдон келсе эле аткарабыз, меймандын ажатын ачсан чон сооп болот.
- Рахмат чон, базарды билесиз, ат алыш керек болтат.
- Кандай ат, атты мне кыласын?
- Аттарды сагындым, Америкада уйумдо атым бар эле да. Кеткенче багып, минип турсамбы дедим эле.
- Ээ мне силер да ат минесинерби?
- Бизде деле ушундай эле айылдар бар да, биз деле силердей эле кылып ат багабыз.
- Аа макул го, алышып коем дечи, кантип багасын анан, кол керек да.
- Ал жагын ойлондум, Намангандан бир адам келди, дудук, уйу жок экен. Ошого бактырам, уйдо жашап бага берет да.
- Ээ жакшы иш кыласын анда, сооп болот. Майли анда бурсугуну Кош Тободо базар болот. Анча эле арзан болот, барып ат алып келебиз сага. Коншу менин эки атымы да суйлошпойлубу, кошо бага берсе, акчасын толоп берет элем.
Эртеси кечке ишинен келатса бардык коншулары билип калыптыр Девиддин ат аларын, баарынын эле суйлогону Девид болуп калыптыр. Жолдо токтотушуп андайын алсан, мындайын алсан дешип.
Базардан бир тай, бир бээ кулуну менен алып келип Френкке тапшырды. Френк накта эле айылдык озбекке окшоп калыптыр. Башында эски кепка, устундо эски футболка, анын устунон бир эки жери тигилген кара эски костюм, тубуно тизелери чыккан спортивный шым, бутунда резинка слансы. Уч торт кундо насвай чеккенди уйронду. Ар дайым жанында насвай салган кичинекей шампундун идиши журот. Эч ким деле Френкке конул бурган жок, бир эки мал кайтарган балдар суйлошуп королу дешкенде, Френк озун келесоо корсотуп койду эле алар да калып калышты. Насвай чеккендер гана келип жансагылап насвай сурашат, башка эч ким деле суйлобойт. Френк аттарын аэропорттун айлан тегерегине багат ар дайым, антип мал баккандар коп эле журчу. Аэропорттун айыл тарабы ээн, элге огородко деп болунуп берилген, жапайы чоптор коп оскон жерлер эле. Тамдар тушпогондуктон эч ким деле карабачу, жаш балдар, козу улактарын, торпокторун ошол жерге багышат. Аэропорттун самолет учуп конуучу тилкеси короолонбогон, жергиликтуу дыйкандар улуш жерлерине аэропорттун тилкеси менен эле отушуп кете беришет. Балдар кун ыссыкта сууга тушушуп, ыссык болгондуктан тилкенин асфальтына жатышат. Кээде Френк атайын эле уктап калган болуп аттарын тилкенин ары жагына откоруп жиберет. Аттар элдин улуш жерлерге эгилген эгинине тушуп жеп жатканда ээси келип калып, Френкке кыйкырып, бакырып калат. Андайда Френк анкоо кулуп карап тура берет. Акыры эл деле конду Френкке, бир анкоо чалыш адам экен дешип калышты. Френк аттарга кундо ар маалда жем берет да, жемге аралаштырып бир дары кошуп берип коет. Дары кошуп берээрде каалаган маалда костюмун чечип бийик которуп булгаласа аттары кайдан болсо да чуркап жетип келишет. Аттарын кундо ар кайсы маалда, ар кандай жерде туруп алып чакырат. Чакыраарда эч кимге байкатпай лазердик аралыкты ченегич менен, аттар менен озу турган жердин аралыгын ченеп, телефонундагы секундомерин белгилеп коет да, аттары канча убакытта келгенин жазып коет. Дары кошулган жем бергендиктен, аттар да конуп бутушкон. Каякта журушсо да Френкти карап, билип турушат коз жаздымынан чыгарбай, качан жемге чакырат дегендей. Элдер тан калып эле журушту кантип уйротуп алды мындайга дешип. Френктен сурай алышпайт, сураганда да кантип тушундурот эле. Давидден сураса ал да билбейм деп койду.
Кээде аттар бироонун улуш жерине тушуп кетсе балдар айдап чыгып коюшат. Ошентип Френк билинбей эле элге аралашып кетти. Кээде тундо да багат аттарды. Бир куну тундо Френк Девид экоосу тилкеге жакын, жугору эгилген талаага элуу метр киришип, жооктун ичин бир адам бата турган кылып казышып, топурагын алыс алып барып тогушту. Чункурдун устун атайын топурак жармаштырылган темир менен жаап коюшту. Кичине илмек жасалган, илмекке жип байлап тартса ачылат да, чукурга тушуп кайра жаап алсан эч нерсе билинбей калат.
Эсен Кемелов эмне кылышын билбей калды, деги эле эч нерсенин шеги билинбейт, ичинен кээде Гомерди ашатып согуп алат. Бир ордунда отура албай калды. Дагы картага унулуп алып ойлонот. Эгер президент самолетто келсе, самолеттон тушкондо эл коп болот. Коопсуздук кызматынын адамдары коп журот, коп деле аэропортто кол сала албайт. Ал жерден машина менен Ала Букага чейин эч жерге токтобой барса. Коркунуч Ала Букада эле, президент жоо жургон жерлерде болушу мумкун эле. Ала Букага чейин бир гана аэропортто коркунуч болуш мумкунчулугу аз да болсо бар, дагы бир текшерип коелу деп президент келээрине беш кун калганда Нурбек менен Кайратты эки кунго Кербенге жонотту. Алардын милдети президент журуучу жерлерди, жолдорду дагы карап, жергиликтуу адамдарды таанып, жаны адам пайда болдубу, же адаттан сырт эмне жумуштар болуп жатат билуу.
Нурбек менен Кайрат Кербенге келишип президент журо турган жолдорду экиге болушуп алышты да, кундо болунгон жерди майда чуйдосуно чейин бирме бир изилдеп чыгышмак болушту. Биринчи аэропорттон башташты. Эртен менен саат тогуздарда эскирээк кийимдерди кийишип алышып, тушко чейин аэропорттун тилкесин айланып чыгышты. Дыйкандар журот кунумдук тирилиги менен, жаш балдар кой кайтарган. Бир эки жерде там салган усталар иштеп жатышат. Эч кандай адаттан сырт корунуш жок. Кербен шаарынын дал ортосунда Оштун Сулайман тоосуна окшогон Таш тобо деген чакан добо бар экен, Кайрат тобого карап туруп:
- Нурбек мындай кылсак, сен бул жерди кара, мен тиги добого чыгып карап коройун, мумкун ошол жерден туруп атабыз же бир нерсе кыларбыз деп жаткандыр.
- Ой ал жерден эч ким тийгизе ата албайт да.
- Эми атпаса деле керек, бирок эмнеси болсо да чыгып коройунчу. Балким бир нерсе ойго келээр.
- Макул телефонунун унун катуураак чыгарып кой, качан болсо чалып алдыра албайсын.
Кайрат Таш тобонун чокусуна чыгып дурбу менен аэропортту карап жатты. Алаканга салгандай эле корунот экен. Бирок мындай алыс жерден эмне кыла алмак эле ким болсо да.
Френк эки чоочун баланы эртен менен эле байкаган, аттарын айдаган адам болуп алардын артынан каякка барганын байкап турду да тушунду артынан тушкон балдар экенин. Дароо Девидке чалды:
- Девид биздин артыбыздан тушкон адамдар бар экен. Азыр аэропортту айланып карап журушот, бир нерсе кылышыбыз керек.
- Эмнеге антип ойлойсун, мумкун ушул жерлик, жон эле жургон адамдар болсочу.
-Жок, эки сааттан бери артынан карап журом, бул жерлик эмес, эч ким менен учурашышып, суйлошушкон жок. Же бир дайындуу бутургон жумушу жок. Буларды жок кылышыбыз керек.
- Эмнеге, мумкун эч нерсе билишпей калышар,
- Жок, мен акчамы алышым керек, мага эч ким тоскоол боло албайт. Эгер булар аттардын сеники экенин билишсе дароо эле тушунушот. Бул жакка бугун эле келишти окшойт. Али бери кетишпесе керек, макул бугунчо байкайлы эмне кылышар экен, эгер биздин артыбыздан тушкон адамдар болсо жок кылыш керек болот.
- Макул, мен да там башына чыгып бекинип карап турам.
Кайрат тилкени кесип отуп, жолдо турган машинесин минип бир жакка кеткенде Френк дароо Девидке чалды:
-Девид бироосу машине менен бир жакка кетти, тез артынан барып бил каякка барганын-деп машиненин маркасын, номерин айтты.
Девид шашып бушуп тушуп машинесин минип чыккыча Кайрат шаарды аралап кирип кетти. Девид канчалык катуу айдаса да таппай калды. Кербендин кочолорун кыдырып издеп таппай койду да Френкке чалып айтып коюп кайра уйуно барып, там башысына чыгып алып бекинип Нурбекти дурбу менен андып отурду.
Френк аттарын атайын аэропорт жакка буруп коюп бир талдын колокосуно жатып алды, аттары аэропорттун тилкесине жакындаганда барып айдаган адам болуп, Нурбек каякка барса ошол жер коруно турган жерге колоколоп жатып алат.
Кайрат тоонун башында отуруп баарын коруп турду, бирок конул бурган жок Френкке. Андан башка да беш алты адам кой-козуларын кайтарып жургон.
Бир маалда Френк туруп эле Нурбекти таппай калды, Жарым сааттай эч кимге байкатпай карап деги эле коро алган жок. Девидке чалды эле ал да таппай койду издеп. Дагы жарым сааттай карап турду да, оюна ар нерсе келип, аттарын Нурбек жургон жакка айдап жоноду. Аз аздан аттарын оттотуп журуп бир саат дегенде Нурбекти корду да, аттарынын башын артка буруп коюп колоколоп жатып алды.
Френк Нурбекти карайм деп журуп короолонгон жерлерге келип калыптыр. Аттары бироонун короосуна кирип кеткен экен, ээси чыгып аттарды кууп калды. Френк бокчондоп чуркап аттарын айдап кетти. Кайрат баарын коруп турган, биринчи тан калды бул атчыга, бул жакта канча кенен жер турса уйлорду аралаганына. Ал жактарда жарытылуу чоп деле жок болсо эмнеге айдайт. "Кой оюму ар нерсеге бурбайын" деп, кайра аэропортту, президент журуучу жолдорду карап, озунчо ойлоно баштады ар кандай кол салууларды. Жарым сааттай отуруп козу дагы аттарга тушкондо оюна бир нерсе кылт деди. Дароо Нурбекти карады эле, ал кайдан тапкан, бир кетмен которуп алыптыр, арык бойлоп кой баккан балдар жакта журуптур. Чамасы балдар менен суйлошойун деп жатканбы, телефон чалды:
- Нурбек мага бир ой келди, азыр тилкенин чекеси менен шашпай барып, чон тал турат ко, ошого жеткенде чуркап жугорунун арасына кирип кетчи. Бир нерсени текшерип коройун.
- Макул.
Нурбек Кайрат айткандай кылды баарын, жугору адам бою болуп калган экен, арасына кирип бекинип олтуруп калды. Френк уктаган болуп баарын коруп турган, Нурбек чуркаганда ордунан ыргып турду да, оюна бир нерсе келип кайра дароо жата калды да озунчо согунуп алды. Уктаган адам болуп копко жатты.
Кайрат дурбу менен Френкти карап турган, Френк ордунан ыргып турганда, Кайраттын козуно шамал болгонго жаш келип кетип, жашын аарчып кайра караганда, Френк ордуна кайра жата баштаган болчу. Кайрат жакшы тушунбой калды, уктап жаткан адам ордунан оодарылгандай корунуп кетти. Озуно озу жини келди, ушундай моментти колдон чыгарганына. Нурбек чалды:
- Эмне болду, бир нерсени байкадынбы, мени эмнеге чуркаттын.?
Кайрат эмне дээрин билбей, "макул эртен бир нерсе кылаарбыз" деп:
- Жок эч нерсе эмес, бир нерсени текшердим да, кечке айтам деп- койду. Эсенге чалайын деп, эмне деп айтат эле, биринчи аныгын билейин, кийин айтам деп кайра ал оюнан айныды.
Френктен козун албай карап отурду, Френк жатат кыймылдабай, маал маал туруп аттарын айдап коет да кайра жатат. Бир маалда Френк ордунан туруп жанындагы жугору эгилген талаага кирип, эч кимге корунбосуно козу жеткенде Девидке чалды:
- Девид аэропорт коруно турган бийик жерлерди дурбу менен карап чыкчы, мени бироо карап турат окшойт. Бийик имараттар, дарактардын башын кара. Бир нерсе байкаарын менен мага жообун жазып жибер. Мен азыр коруно турган болуп аяк биякка басып турам.
Девид там башысынын ичинен туруп алып дурбу менен карай баштады. Оюна дароо Таш тобо келди, бир чекесинен карап дурбу салып отурган Кайратты дароо эле корду. Копко чейин карап туруп Кайрат Френкти карап турганын тушунду. Френкке смс жонотуп жиберди. Френк бир талдын тубуно отуруп насвай чеккен болуп телефондогу смсти окуду да, аттарын айдап коюп кайра жатып алды. Ошол бойдон эч кандай аракет кылган жок. Девидке чалып:
- Тоодогусунан козуну алба ар бир кадамын мага айтып тур, эки кун калды. Бизге кымындай да нерсе тоскоол болбошу керек, буларды бугун тундо жок кылабыз- деп катуу дайындады.
Девид Кайраттан козун албай карап отурду. Кайрат бир сааттай карап отурду да, тоодон тушуп аэропортко жоноду. Девид дароо Френкке чалды:
- Тоодогусу тушуп келатат, аэропортко барат болуш керек. Эмне кылайын?
- Тез артынан туш, кетишет болуш керек, каерде жашаганын бил.
Девид машинасы менен аэропортко кеткен жолдун жээгинде кутуп, Кайрат аэропорт тарапка отуп, он беш муноттон кийин Нурбек экоосу кайра шаарга отуп кетишти. Девид алысыраактан артынан тушту. Кайраттар Кербенден бир уйду алышкан эле, уйго кирип кетишкенде даректи, жолду жакшылап жаттап калды да артка кайтты.
Кайрат уйго келээри менен Нурбекке баарын айтып берди. Экоосу копко чейин Эсенге чалып айталы айтпайлы болуп атышып акыры эртен аныгын билип анан айтышмак болду. Мумкун жок эле нерсеге чуу чыгарып журбойлу, президенттин келээрине аз калганда Эсенди ал жактан чакырып алып конулун бурбайлы деп чечишти. Кундо кечинде кылган иштерин, байкоолорун кенен тушундуруп отчет жазышы керек эле, Френкти кошпостон, калганын толук жазып отчет жонотуп жиберишти.
Девид уйуно келсе Френк келип калыптыр.
- Эмне кылабыз, соссуз эле жок кылышыбыз керекпи?
- Башка жолубуз жок, бугундон калтырбаш керек. Уйуно барабыз кечинде.
Девид да тушунуп турду башка жол жок экенин. Экоосу копко чейин эмне кылышты суйлошуп олтурушту.
Тунку саат бирлерде кийимдерин озгортушуп, Девид менен Френк эч кимге корунбой уйдон чыгышып Кербен шаарынын борборун коздой жоношту. Жолдо адамдар корунуп калса бекинип калышып, айтор бир саат дегенде уйго келишти. Уй кичине тар кочодо экен, капкарангы, эч кандай жарык жок эле, анда санда машина отпосо башка эч ким жок. Френк акырын дарбазаны туртуп корду, ити жок окшойт тынч. Чакан эле уй экен, кочого караган терезеси ачык турат. Френк терезенин тубуно туруп колунда муштумдай нерсеси бар экен терезеге туштап, экинчи колу менен кулагына наушникти тосуп бир азга тыншап турду да Френкке карап кирдик, эч ким жок дегендей колун жансап, озу биринчи кирип кетти. Бутун судуроп, шалпыйып баскан Френк жок эле, мышыктай чапчан, кыймылдары тез, терезеден ушунчалык тез кирди. Артынан Девид кирди, торт болмолуу уй экен баарын карап чыгышты, эч ким жок. Девид Френкти колунан тартып:
- Бул жерликтер жайында эшикте сорудо жатышат экен, булар да сыртта болушу керек-деп акырын шыбырады.
Короого чыккан терезесинин тушунда сору бар экен, чымын чиркей кирбесин дегенби, айлантып жука ак материал менен тосулуптур, ичи корунбойт. Френк Девидке, ушул жерде эки жакты карап тур деп коюп озу дабыш чыгарбай, мышыктай басып терезеден тушту. Акырын басып сорунун арт жагына отуп кетти да Девидке корунбой калды. Девид ун чыкпас пистолетин даярдап, карап даяр турат. Френк уч муноттой жок болду да, кайра чуркап келип, терезеден кирип, кеттик дегендей белги кылды да, экоосу кочого чыккан терезеден чыгышып, терезени жаап коюшуп кетишип калды. Балдардын эле телефондору да, Френк эки уюлдук телефон алып чыккан экен, Кербендин ортосунда уч-торт кабаттуу уйлорду аралап откондо суу откон чон арык бар экен, арыкка тушуп, чекесиндеги ылайды оюп, телефондорду тубуно таштап, устун ылай менен шилеп коомп, устун чоптор менен жаап койду. Уйго жеткенче суйлошушкон жок, уйго киргенде гана:
- Мага дагы жок дегенде он процент акча кошушат, кой мен жаттым, эртен эрте турушум керек, чарчадым -деп, он колун кармап- аз жерден колуму сындырып кое таштады, карабайсынбы кызарып кеткенин, дагы деле ооруп атат, тытып алыптыр- деп колун укалап, оз болмосуно кирип кетти.
Френк эртен менен саат алтыларда Девидти ойготуп:
- Азыр кечээги телефондорду комгон жерге барып карап тур, ким келсе да суротко тартып мага корсотосун, этият бол сени эч ким корбошу керек - деп коюп, адатынча шалпыйып аттарын айдап талаага кетти.
Эсен Кемеловдун сыртынан билинбеген менен ичи орттонуп жатты, эртеси куну президент учуп келмек. Либер озу Ысык Колдо калганы менен беш адамын Ала Букага жонотуп, азыр алар ар кими ар шылтоо менен ушул жерде журушот. Суйлошкондорун уккан менен эч кандай нерсе билинбейт. Москвадан да Илхом тез тез чала баштады, эки жолу "шеф" менен да суйлошту. Жаны эле Илхом чалып, суйлошуп жаткан, Дима кирип келип туруп калды, козунон бир тынчсыздангандык байкалып турду. Илхом менен суйлошуп бутуп эле Диманы карады:
-Эсен Кемелович Нурбектер жооп бербей жатат, он муноттон бери чалып ала албай жатам, телефондорунан эч кандай сигнал жок.
- Эмне такыр эле очукпу?
- Ооба, акыркы жолу жашаган жеринен бир жарым чакырымдай алыстыкта бир жерде сигнал жоголгон, ошол бойдон куйбоду.
- Сен ушул жерде кал, мен Кылыч менен Кербенге кеттим, ар жарым саат сайын Кылычка чалып тур. Башталды окшойт, этият бол. Олегке да айт этият болсун, сага ар саат сайын чалып турсун.
Кылыч машинени мумкун болушунча катуу айдап Аксыга жоношту, Эсендин тизесинде ноутбук. Атайын программа орнотулган, кандай уюлдук телефон болсо да, кайсыл жерге, саат канчада кайда болгонун картадан корсотуп турат. Нурбектин, Кайраттын телефонунун сигналдарын кууп, акыркы эки кундо каерге барганын, убактын билди да, картага чийип алды. Жолмо жол тунку саат экиде эмнеге ал жакка барышканын тушуно албай келатты. Кербенге келгенде дароо эле коп кабаттуу уйлордун жанынан откон сууга барды. Кылыч экоосу каналга тушуп чопторду тытмалап атып телефондорду таап алышты. Каналдан элуу метр алысыраак жерде Девид коншусунун машинасын сурап минип келген эле, баарын коруп турду, экоосун кучтуу фото аппарат менен суротко тартып алды. Ал жерде коп кабаттуу уйлордо жашаган адамдардын машиналары турчу, эч ким деле байкаган жок Девидти.
Кайраттардын уйуно жакындаганда машинаны чон жолдун жээгине токтотушуп, Эсен Кылычты:
- Эч кимге корунбой кирип чыкчы, тапанчаны даярдап ал. Бир нерсе болсо чуу чыгарбай бутурушко аракет кыл-деп жонотту. Кылыч кичине кочого кирип караса эч ким корунбойт, короого ашып кирип кетти. Айлантып дарак эгип салган экен, кочодон эч нерсе корунбойт. Кирип барып сорудон беш метрдей алыста комкоросунон узун болуп жаткан Кайратты корду, дарбазаны коздоп сойлогон окшойт, сорудон баштап жаткан жерине чейин жер кан болуп калыптыр. Чуркап барып оодарып башын которуп караса, журогунон кичине ылдыйрак бир ок, ичине эки ок тийиптир, кан аябай эле кеткен окшойт. Мойнундагы тамырын кармаса аран эле согуп жатыптыр. Бир маалда аран козун ачып Кылычты карады да:
-Ат -деп, дагы тушунуксуз бир нерселерди аран суйлоду да бул дуйно менен кош айтышты.
Акырын жерге жаткызып соруго барса, журогуно эки жолу атыптыр, мурт эле кеткен окшойт, Нурбек жууркан жамынып чалкасынан жаткан боюнча кетиптир.
Уйго кирип эч кимди тапкан жок, Балдардын документтерин, пистолеттерин, дагы бир эки нерсесин алып рюкзакка салды да, Нурбекке, Кайратка келип:
-Кош болгула досторум, жаткан жеринер жайлуу болсун -деп, эч кимге корунбой машинага барып отурду. Эсен дароо эле тушунду, Эртен менен Дима айтканда эле журогу бир нерсени сезген эле, Кылыч коргонун эч нерсесин калтырбай айтып берди. Эсен Кемелович унчукпай, созун болбой угуп отурду да, Кылыч айтып буткондо:
-Кеттик, аэропортко айда -деди. Кербендин ортосунан отуп баратканда токтотуп, машинадан тушту да, телефон саткандардан колдонулган уюлдук телефон, симка алып чыкты да, машинаны шаардан четирээк жерге айдатып чыгып ооруканага, милицияга чалып, Кайрат менен Нурбек жаткан уйдун дарегин айтып, симканы чыгарып сындырып ыргытып, телефонду суу аккан арыкка таштап койду да машинага келип ой басып отуруп калды. Кылыч да Эсендин оюн бузбай унчукпай отуруп калды, анчадан кийин:
- Ат деп эмнени айткысы келди экен -деп, озуно айтканы же Кылычка айтканы белгисиз суйлонуп койду. Кылыч да эртеден бери ошону ойлоп башы катып жаткан:
- Аткан адамды айтайын деди бекен- деп кубуронуп койду.
- Аткан адамдар биздин келишибизди кутушот эми, биз мумкун болушунча эч кимге билинбешибиз керек. Ото этият болуп табышыбыз керек. Кайрат президентти атышат деп айткысы келди бекен. Менимче бизге ошону айтайын деген го.
Кылыч да ошондой эле го деп калды.
- Азыр айда, Ала Букага кеттик, баары бир бугун бизге корунушпойт. Эртен президент келгенде гана озун корсотушпосо. Барып бир эки иштер бар бутуруп, эртен келебиз - деп Ала Букага кетишти. Келээри менен Москва менен суйлошуп, баарын айтып берди. Илхом президентти атаарына ишенбеди, эгер ата турган болсо биринчиден Гомерди чакырбайт эле коп акча толоп, экинчиден атса мындай операциянын мааниси жок эле.
- Аэропортто болор бекен же Гомердин дагы бир фокусубу. Макул, эмнеси болсо да "шеф" сага жардамга он адам жонотту. Арасында уч снайпер бар. Эртен саат жетиде Кербенде болушат, номерин жазып жиберем суйлошуп аласынар. Алар оз ишинин профессионалдары. Президент сага саат ондо учуп келсе, ага чейин снайперлер менен кенешип, алар озулору билет кандай жерлерден атуу болушу мумкун жана башка кооптуу кол салууга мумкун болгон жерлерди, аракеттерди коросунор. Президентин келип кеткенче сени менен журушот. Ала букага чейин узатып барып, суйлогон жерлеринде да коргоп турушат. Ошондуктан коркпо Кэмэл мырза, президентини сактап калабыз. Аэропортто эч нерсе кыла алышпайт. Азыр андан коро жакшы уктап, эс алып ал да, эртен адамдарды тосуп ал.
Эсен анча женилдеп калды, балдарды уктап эс алгыла деп коюп, озу да жатып уктаганга аракет кылды..
Тунку саат тортто туруп Кербенге жоношту, келе жаткан адамдар менен байланышып, Кербендин аэропортко кеткен жолунда, ээнирээк жерде алты жарымда башчысы менен жолугушушту. Торт машинада келишкен экен, Кербендин ар башка жеринде турушуптур. Бул топтун башчысы Артем деген башкыр улутундагы адам экен. Кемел экоосу Кербендин картасын ачып, кооптуу, кол сала турган ар кандай жерлерди тактап чыгышты да, Артем адамдары менен рация аркылуу байланышып корсотмолорду берди. Келген адамдар ону кыргызга окшогон, кээ бирлери жергиликтуу дыйкандарга окшоп кийинишип алышыптыр. Алар керектуу аппараттары менен аэропорттун тилкесине жакын жерлерде журушо турган болду. Бул адамдарды жергиликтуу адамдар корсо да, президент келээрин билишет, коопсуздук кызматынын адамдары экен деп ойлоп калышат. Мындай куну аэропортто адам коп болот, ар кандай кызматтын адамдары, Жалал абаддан, Бишкектен, Аксынын озунон канча адам келет. Ким текшермек эле мындайда. Снайперлер да аэропортту айланып откон жол менен машинада бир жолу айланып чыгышты да, учоосу бирден жардамчысы менен уч жерге орношушту, Эсен Артем, Кылыч менен Диманы алып, саат сегизде аэропортко барышты. Кербен аэропортуна адамдар толуп калыптыр, аралашып кетишти.
Кемел Кыргызстандын атайын кызматынын адамдарынын кобун таанычу, журушот. Учурашып, кээ бирлери менен аны-муну суйлошуп калат, Артемду досум деп койду. Бир окуучусу келип учурашып калды, Ала бука районунда атайын кызматта иштеп жатыптыр. Атайын кызматтын адамдарынын президенттин коопсуздугу боюнча коргон аракеттерин коруп ичинен "азаматтар" деп ыраазы болуп койду. Кол салууга эч кандай мумкунчулук жок эле.
Бирок журогу бир нерсени сезгендей дупойул боло берди. Гомер кантип уюштурат кол салууну деги эле башы жетпеди. Деги эле эмнеге кол салууну ушул жакка уюштуруп жатат тушуно албай жатты.
Артемго адамдарынан тынбай аэропорттун айлана тегерегиндеги акыбал жонундо кабарлар келип турду. Канча адам журот, канча аралыкта, эмне кылып журушот. Маал маал Эсен экоосу зериккен адам болушуп машинага келип отурушат да, арткы айнеги карангылатылгандыктан сыртка корунбойт эле, ноутбук менен аэропорттун адамдар жургон жерлерин спутник аркылуу коруп турушат. Кандай адамдар журот, эмне кылып журушот. Эч кандай шектуу нерсе билинбейт. Аэропорттун жетекчиси бир автобуста тилкени айлантып коргоо учун милиция кызматкерлерин коюп журуптур. Карап турушса тилкенин башына эки чекесине бирден, ортосуна эки жерге бирден, аягына эки, жалпы алты эле адам коюлду. Эсен дароо Ала букада иштеп жаткан окуучусун таап:
-РОВДнын жетекчисинен сурачы эмнеге тилкени айлантып аз адам коюлду- деп сурады. Окуучусу сурап келди, корсо адамдар жетишпей жатыптыр, Кербен аэропортунан Ала букага чейинки жолду, кыскасы коп жерге адамдар коюлушу керек экен. Эки райондун милиция кызматкерлери, аскердик болуктун аскерлери да жетишпей жатыптыр. Ошондо Кемел тушунду Гомердин эмнеге бул жакты тандаганын. Гомер билген экен да бул эки райондо канча милиция кызматкери, канча аскер бар экенин. Эми кантип кол салуу болот? Кол салуу болоорун ойлогондо бир орунда отура албай калды. Артем экоосу ар кандай варианттарды кайра кайра талкуулап корушот, баарына эле кам корушуптур. Кайраттын узулоор алдында "ат" дегенин да кайра кайра талкуулашат, айтор бир ишенимдуу, озулору конулу тынчый турган вариант табышпады. Артем тилкенин жан жакаларында жургон адамдарын милиция кызматкерлеринин араларына жакыныраак жерлерге жонотту. Алар самолет коноор маалда тилкеге мумкун болушунча жакын турушуп, эгер бир нерсе боло турган болсо шартка карап аракет кылышмак. Тишине чейин куралданышкан, коопсуздукка байланыштуу дуйнодогу эн алдынкы аспаптар менен жабдылган адамдар эле.
Артем Эсендин тынчсызданганын коруп:
- Баары жакшы болот Кэмэл мырза, Путинди да минтип коргогон эмеспиз, эки мамлекеттин атайын кызматтары журушот - деп конулун которушко аракет кылды.
Президент Ан-24 деген самолетто учуп келмек.
Френк адатынча аттарын танкы саат алтыда айдап чыкты да, аэропорттун жанына кое берип, озу бир талдын тубуно жатып алды. Ага эч ким конул бурган жок, аттар аэропорттун тилкесине жакындаганда букчундоп чуркап барып айдап келип коет да кайра жатып алат. Андан башка да кундо кой кайтарган балдар журушот.
Френк аэропортто болуп жаткан иштердин баарын байкап жатты.
Девид кечээ эле тундоп Ошко кеткен, Оштон Туркияга учуп, андан ары Америкага кетмек.
Френк аэропорттун имараты айланып бак болгондуктан, аэропорттун ичи корунбойт эле, канча караса да Эсенди же балдарын коро албады. Акыры самолет келээр маал болуп калды. Саат онго он мунот калганда Френк жаткан жеринен туруп, бокчондоп кетмен которуп алып тилкени айланып откон жол менен ары жагына, элдердин улуш жерлери жакка жоноду. Аттары калды ордунда оттоп. Бир бээ гана Френкти "каякка кетип атасын" дегенсип окуранып койду. Френк тилкенин аркы бетине отуп, коюу, бийик болуп оскон жугору талаага он метрдей кирип жерди кетмен менен чаап суу отпос материалга оролгон узун нерсени алып чыгып чечти эле, жапжаны, жылтыраган снайпердик мылтык экен. Мылтыкты сылап, дурбусун бир сыйра аарчып койду да, жугору башталган жерге алып келип коюп, озу аттарына коруно турган жерге бийик болуп оскон жугорулордун жанына отуруп алды. Аттары да корду Френкти. Онго эки мунот калганда асмандан самолет корунду. Френк отурган ордунан кыймылдаган жок.
Самолет корунгондо Эсен чыдабады, коркунучту сезгенде далысы муздай берчу, бул жолу да негедир далысы муздап чыкты. Аэропортто самолетторго керосин куюп сактаганга уч бийик орнотулган цистерна бар экен, ошол цистернанын бироосуно Артем экоосу чыгып айлана тегеректи карай башташты. Эч кандай деле коркунучтун белгиси корунбойт. Куралданган милиция кызматкерлери турат ордуларында, алардын артында эч кимге корунбой, даяр болуп Артемдун профессионал адамдары турат, снайперлер карап турушат ар бир кыймылды, баары тынчтай эле сезилет. Тээ тилкенин ортосунан бир аз арыраакта койлор, аттар журот оттоп. Эсен Кемелов аттарды коргондо селт этти, оюна тарс келди, "ат!". Кайрат "ат" деп минилчу аттарды, жылкыларды айтпады бекен. Ичи муздай тушту, дароо аттардын айлана тегерегин карады, эч ким деле жок, кой кайтарган жаш балдар тээ анча эле алыста журушот, тушунбоду эмне коркунуч болушун. Бирок негедир коркунучтун булагы ошол жактан чыгып жатты. Аттардын тушунда, тилкенин аркы жагында коюу, бийик оскон жугорулордун жанында букчуйуп бир адам олтурат. Негедир ошол адамды карап туруп калды, ал адам да Эсенди карап экоосунун козу чагылыша тушту. Бир азга карашып калышты да, тиги жерди карап, бир нерсе чукулап калды. Эсен негедир ушул адамдан бир коркунучту сезди. Эмне кылышы мумкун эле бул адам?
Френк Эсенди тааныды, суроттогу адам эле.
Акыры самолет да корунду, тилкеге тушуп чуркап баратканда, букчуйуп отурган адам кокусунан эле ордунан ыргып туруп, жугорунун арасына кирип, аттарга коруно тургандай кылып колундагы костюмун булгалай баштады. Эсен дароо эле корду да дароо аттарды караса аттар да элендеп бир карап алып тилкени коздой чуркап жоношту. Тушалган беш ат биринин артынан бири чубап полосаны коздой чуркашты, тимеле бир нерседен куру калгансып жанталашып чуркап келатышты. Эсен дароо тушунуп, Гомердин акылына тан калды. Кантип башы жетти мындайга, кимдин оюна келиптир мындай нерсе. Катуу келаткан самолет жолун кесип откон аттарды сузсо, самолеттон эч нерсе калмак эмес. Эч кимдин оюна келмек эмес мындайды бироо атайын уюштурганы, кокустук деп ойлошмок, Милиция кызматкерлери алыс тургандыктан эч нерсеге жетишпейт эле. Кемел Артемго аттарды колу менен корсотуп бир нерселерди кыйкырды, бирок Артемго самолеттун унунон эч нерсе угулган жок. Дагы бир аздан кийин самолет аттарды сузмок, катуу келаткан самолет кум жам болот эле.
Френк булгалап жаткан костюмун таштап, алдынкы эки ат тилкенин дал ортосуна келгенде жанына коюп койгон снайпердик мылтыгын алып чыгып, отура калып мээлеп алдыда келе жаткан чон бээни дал башка атты да, дароо дагы октоп дагы бир атты дал мандайга атты. Аттар мудурулуп жыгылып тыпырчылап турбай тилкенин дал ортосуна жатып калышты, калган аттар токтобой чуркап отуп кетишти.
Кемел Эсенов баарын коруп турду, бирок эмне кыла алмак эле, рациядан суйлойун десе самолеттун катуу унунон эч нерсе угулбай турган.
Френк дароо жугоруну аралап кирип корунбой калды, ылдый болуп чуркап кетаткан окшойт, жугорулордун баштары кыймылдап жатты.
Френк жыйырма метрдей чуркап барды да, жоокко жатып жугорулорго тийбей дагы отуз метр жормолоп барып, чункурду ачып кирип бекинип алды.
Президент учуп келе турган Ан-24 деген, 48 орундуу чон самолет эле. Френк ошол самолеттун ылдамдыгын эсептеп чыгып, ошого карап даярданган болчу. Ал самолет салмагы оор болгондуктан, тилкенин аягына чейин барып, аран токтомок. Бул жолу ал самолет бузулуп калып, президент чакан алты орундуу чет элдин самолетунда келген эле. Бул самолет женил болгондуктан, жерге тушоору менен бир аз эле чуркап барып токтоп калат. Ушул окуя президентти сактап калды.
Самолетту башкарган учкучтар да корду аттарды. Командир дароо самолетту токтотуучу рычагды озуно тартып, бул рычагды тартканда самолеттун винттери абаны озуно тартып алга суйрогон абалын озгортуп, тескерисинче абага каршы айланып, самолетту артка туртот да, тез токтойт. Самолет аттар ото турган жерге жете бербей эки жуз метр аралыктан токтоп, артка бурулуп кетти. Калган уч ат тилкени кесип отуп, Френк таштаган жемди талашып жеп калышты.
Милиция кызматкерлери кабар бергенби, самолет бурулуп кетээри менен аэропорттун адамдары келишип тиокенин ортосунда олуп жаткан аттарды машинеге жуктоп, алып кетишти.
Кемел Артемго Френкти корсотуп бир нерселерди айтайын деген менен самолеттун унунон эч нерсе угулбайт эле. Артемду "жур" дегенсип жансап машинеге барып олтурушту да, Кемел Артемго Френк тууралуу айтып, тез кармаш керек деди. Артем дароо снайперлерге, адамдарына буйрук берип, алар барып ошол жерди курчап, снайперлер жугорунун айлан тегерегин карап жатышты. Эгер Френк коруно турган болсо колуна же бутуна атып, тируу кармоого буйрук алышты. Бирок Френк жугорудон чыккан жок, Артемдун он адамы, милициянын тилкенин чекесине коюлган алты адамы, баары жугорунун ичин тытып жиберишти, Френкти жер жутуп кеткенсип эч жерде жок.
Аэропорттун имараты айланып бак болгондуктан, президентти куткон адамдардын эч кимиси аттарды коргон жок. Учкучтар да Орусиялыктар эле, бул адаттагы корунуш окшойт дедиби, эч кимге айтышкан жок. Оздорунчо согунушуп коюшту. Президентти коргоо болумунун адамдары учкучтардан эч кандай соз болбогондон кийин алар деле Президент менен убара болушуп аэропортто калган бир адамына гана териштирип кой деп коюшуп президентти коштоп Ала Букага кетишти.
Аэропортто калган президентти коргоо болумунун адамы аэропорттун жетекчисин чакыртып териштирейин десе, президент келген кундору коопсуздукка милиция жооп берет деп кутулду. Милициянын жетекчиси адам аздыгын, Ала Букага чейинки жолдун жарымына чейин анын мойнунда экенин, кантип жеткирет элем адамдарды деп, айтор баары эле бири бирине шылтап кутулуп кетишти. Андан башка эч ким деле конул буруп териштирген жок.
Артем Эсенди калтырып, озу адамдарын алып Ала Букага кетти, Эсен аларга Кылычты кошуп берип, Дима экоосу кезектешип Френк кирип кеткен жугору талааны карап олтурушту. Эсен Френктин ушул жугорунун эле арасында бекинип жатканынан кумону жок эле.
Баары бир чыгат деп козун албай олтурду. Кечки саат алтыларда Президент Ала букадан аман эсен келип Бишкекке учуп кетти, аэропортто эч ким калган жок. Артем да адамдарын алып Бишкекке кетти.
Куугум кире баштаганда Эсен Дима менен Кылычты алып жугору талаага келип, учоосу уч тарабынан, эч кимге корунбой келишип, беде эгилген экен, беденин арасына бекинип жатышты. Эсен Москвага Илхомго чалып, акыбалды тушундуруп, азыр бекинип жатышканын айтты.
- Илхом ал ушул эле жерде, эми тун киришин кутуп жатат, карангыда чыкса биз корбой калышыбыз мумкун. Жардам бере аласынбы, эгер азыр колдон чыгарсак, дайынын таптырбай кетет.
- Азыр беш муноттон кийин чалам, шеф менен суйлошойунчу.
Он муноттон кийин Илхом чалды:
- Кэмэл, бир жолу бар, телефондорунарды очурбой тургула. Силерди кордук, бирок уч эле телефондон сигнал чыгып турат. Жакын арада башка телефон корунбойт, балдарга айтчы, кезек менен телефондорун очуруп кайра жагышсын.
Кылыч менен Дима телефондорун кезек менен очуруп, жагышты.
- Болду кордук, эми кутолу, телефону соссуз бар, очуруп койгон болушу мумкун. Корунсо эле бир кабарын айтам.
Тун кирип, саат он экиден отуп калды, ай толуп, айлана жапжарык болуп даана корунуп турду. Бир маалда Эсендин телефону шынгырап калды, Илхом экен:
- Кэмэл сенден жуз метрдей жерде телефондун сигналы пайда болду, азыр каякка басканын айтам. Этият болгула.
- Азыр балдарга чалып айтып коеюн -деп, Илхомду узуп, балдарга чалды:
- Обьект пайда болду, азыр чыгат, мумкун болушунча тируу кармаганга аракет кылалы. Бул бутуп калган жанкечти болуш керек, аябай этият болгула. Эми эч жакка качып кеталбайт. Шашпагыла, качан озунорго ишенгенде гана аткыла-деп телефондун сигналы пайда болгон тарапты, аралыкты айтып коюп кайра Илхомго чалды:
- Илхом биз даярбыз.
- Азыр бир ордунан жылбай эле турат, эки жакты карап, тыншап жатат окшойт.
- Тушундум.
- Кэмэл обьект айыл жакты коздой жоноду, ото жай баратат. Биринчи телефонун очургон балана он метрдей эле калды.
Кылыч айыл жак тарапта жаткан, жугорунун арасынан шыбырт угулду. Эсен менен Дима алысыраак эле, дароо Эсенге чалды. Эсен телефонду алам деп жатып кокусунан очуруп алды да, согунуп алып кайра чала баштады.
Кылыч Эсен телефонун коюп койгондо, шыбырт жакын жерден чыгып калгандыктан, телефонун жанына коюп тапанчасын предохранителден чыгарып жатканда Эсен кайра чалып калды. Кылыч шашканынан телефонунун экранын ойдо каратып койгон экен, жарыгы даана эле корунуп калды. Френк озунон он беш метрдей жерден жарыкты, адамдын башын коруп дароо эле тушунду да ун чыкпас тапанча менен атып жиберди. Ок Кылычтын он козуно тийип тешип отуп кетти, Кылыч кыйкырганга да жарабады. Кылычтын телефону жогору карап калды. Френк аткан адамы олгонун тушунду да мыйыгынан кулуп "балакайлар" деп шыбыранып койду. Эсен да Кылыч жаткан жерден чыгып жаткан жарыкты коруп тушунду Кылычтын бир нерсе болгонун.
Жугору эгилген жер туурасы он метрдей, узуну уч жуз метрдей узунунан болуп эгилген эле. Кылычты жугорунун башталышына айыл тарапка, Диманы жугорунун аркы тарабына, озу берки жагына бекинген эле. Эсен Димага чалды:
- Дима, Кылычты бир нерсе кылды окшойт. Обьект Кылычтан он метрдей эле жерде. Айылга отом деп жатат окшойт, дабыш чыгарбай алдынан тосушка аракет кыл, мен бул жактан барам. Азыр ал дагы беш он муноттой кыймылдабай турат ордунда. Эми экообуз байланыша албайбыз, мен Илхом менен суйлошуп турушум керек. Сенден сураныч ото этият бол - деп Илхомго чалды:
- Илхом эми мага ар бир кадамын айтып тур, бир баламы жарадар кылды окшойт.
- Макул, азыр бир орунда олтурат.
Эсен бедени аралап ото акырындык менен Кылыч жаткан жакты коздой сойлоп жоноду. Илхом ар эки уч мунотто айтып турду.
Дима да бедени аралап жугорудон элуу метрдей алысыраак барып бир таман жол кеткен экен, жол менен тез тез жормолоп Кылыч жаткан жакты коздой жоноду. Жугору буткон жерде, аэропортту айланып откон чон машине жургон жолго биринчи болуп Дима жетти. Жолдун жээги чоп коюу оскон жер экен, чоптун арасына жолду карап жатып алды. Ай жарык болуп жол кундузгудой эле корунуп турган, эми Френк Димага корунбой ото албайт эле.
Френк эки жакты тыншап копко чейин отурду да акырын, дабыш чыгарбай жолго жакын келди. Эн коркунучтуусу жол менен аэропорттун тилкеси эле. Френк тигилерди озунун ордуна коюп корду, кутсо ушул жерден кутушмок. Шашпайын деп чечти, коп болсо эки саат кутоор. Эч дабыш чыгарбай отура берсе андып жаткандар баары бир озулорун билдирет эле. Белгисиздик адамдын тынчын алып келген ар дайым, созсуз билишке аракет кылат. А Френк ынгайлуу убакытты кутконду билет эле. Саат эми бир болоюн дептир, убакыт бар эле. Жолдон отуп, аэропорттун тилкесинен эле отуп алса кутулуп кетет.
Дима жолду копко чейин карап жатып ар ойго келди, эгер обьект жолдон отуп кеткен болсо, бекер эле убакытты откоруп жаткан болсочу. Мумкун Эсенди да аткан болсочу. Эсенге чалайын дейт, чала албайт. Акыра чыдабады, жолго чыгып чекеси менен боортоктоп жоноду. Френк корбосо да сезди, ага да жол жакшы эле корунуп турган. Акырын жолду карап, аран угулган дабышты сезди, ун чыкпас тапанчасын ошол жакка туштап турду. Акыры Диманы корду да озунчо, "балакай таптакыр туура эмес боортоктоп келатат, озун даана эле билдирип жатат" деп ойлоп койду. Дима чоптордун жанына келип акырын башын которуп караганда, Френк дал эки коздун ортосуна атты. Дима мурт эле кетти, эч нерсени тушунбой эле кете берди.
Эсен тапанчанын аран чыккан унун даана эле укту, ал да жолго келип калган эле. Тушунду Диманы да бир нерсе кылганын. Дымын чыгарбай жатып калды. Френк жакты карабашка аракет кылып, ойлобошко да аракет кылды. Эгер бирооду андып, ал жонундо ойлой берсен ал адам созсуз сезет, созсуз бурулуп карайт, издейт. Башын жерге салып ичинен санай баштады. Бир нерсе болуп билдирип койбосун деп, телефонунун батарейкасын чыгарып салды. Кыймылдабай жата берди, Френк да копко жатты кыймылдабай, тушунбой жатты, бироо бардай эле сезилет бирок коркунучтун булагы кай тараптан чыгып жатканын деги эле сезе албай койду. Ар ой келет, эмне кылышын билбей калды, Эсен жата берди кыймылдабай, ичинен он минге чейин санайт, он минге жеткенде кайра башынан баштайт. Санай берип чарчаганда откон кундорун, уйун, аялын ойлошко аракет кылат. Эки сааттан ашык убакыт отту окшойт, Френктин ою ар нерсеге кетти, мумкун башка эч ким жоктур, аткан адамдарынын бироосу олбой калган болсо, ошол эле сезилип жатабы. Убакыт да отуп жатат, бир аздан кийин тан атат, анда эле олгону ошол эле. Акыры тобокел деп, жолдон отмок болду, жоок менен боортоктоп жолдон отуп ал да арыкка тушуп жатып калды, Эсенден он метрдей эле алыста эле. Эсен баарын угуп, билип жатты. Френк эки муноттой жатты да, тобокел дедиби жормолоп арыктан чыгып аэропорттун тилкесин коздой сойлоп жоноду. Чоптору орулган, тегиз жер эле, Эсен ордунан акырын турду да сойлоп кетаткан Френкти карады, айдын жарыгында дапдаана корунуп турган. Френк да дароо сезди, тапанчасы колунда эле, боортоктоп бараткан жеринен кутуусуздон оодарылып, чалкасынан тушуп Эсен Кемеловду карап атып жиберди, ок Эсен Кемеловдун кулагынын тубунон отуп кетти, октун "шуу" деп аба жырап откону даана угулду. Эсен кыймылдап койгон жок, Френктин тапанчасы менен мээлеп, дал эки козунун ортосуна атты, ок дал эки коздун ортосуна тийди, кийинки жети ок да дал ошол жерге, бир жерге тийди. Эсен Френкке жакын келди да, тапанчасын дагы октоп, Френкке такап турду да, эми пайдасы жок аткандын дедиби, оор ушкурунуп алып, тапанчасын кабына салып, Дима менен Кылыч жаткан жакка жоноду. Экоосу тен мурт эле кетишкен экен, Кылычтын козу ачык калган экен, жаап койду да жерде жаткан телефонун алып милицияга чалды.
Аябай чарчаган экен, ойлосо акыркы айда жакшы уктаган да эмес экен. Озуно озу "Болду эми, жетишет, карыпмын, дем алайын" деп кубуронуп койду.
Свидетельство о публикации №123030506943