Женуучуну эч ким соттобойт
- Самат отурган жерге барамынбы?
- Ооба, ошол жер офис.
Кампадан чыгып, бир сыйра кийимдерими кубунуп алып офисине кирсем Самат жок экен, бир периште озу жалгыз компьютер тиктеп отуруптур. Мени башыман ылдый бир карап коюп:
- Отур-деп козу менен тушундагы отургучту корсотуп коюп кайра компьютерге унулду.
Жашы коп болсо жыйырма бештерде го дейм. Ото эле сулуу экен, мындай аялдарды ар бир эркек коргондо журогу бир зырп этет, соссуз бурулуп артынан карайт, кийин да копко чейин эсинде калат.
Ак жуумал келген, кашы козу капкара, бетинде калы бар экен, эми ушунчалык жарашат озуно. Бою да узун эле окшойт. Кийингенди да билет экен, устундо кыргыздын оймо чиймеси тигилген чепкен сыяктуу кыска курмо, тизесине чейин кара юбка, бутуна кымбат баалуу булгаарыдан тигилген, кончтуу кара бут кийим. Карап калсам мени бир карап коюп, бироолордун караганына конуп бутконбу, конул бурбай компьютерден бир нерселерди эле текшерип жатты. Улам-улам козуно тушуп кеткен чачын кулагынын артына откоруп коюп алдындагы кагазына карандаш менен бир нерселерди эле белгилеп атат. Коздору бир башкача куйуп турат экен.
Кудай да бул кызды жаратып жатканда маанайы жакшы болгонбу, эринбей отуруп жасаган окшойт, эч бир кынтык таппайсын.
"Оз аты Асел, бирок биз Кобра дейбиз" деп Кайрат аябай эле жамандаган эле. Кайрат озу жаман корот окшойт да, мындай чурок кантип эле жаман болсун.
Аты да бир ширин, Асель экен, "атына заты жарашкан" деп ушундайларды айтса керек.
Бир маалда Асель ордунан туруп артындагы шкафтан бир папканы алып кайра отурду, бою да узун экен.
Эээххх. Кыскасы чурок жон эле. Периште.
Он муноттой компьютерин чукулап, акыры бутту окшойт. Папканы ордуна коюп мага бурулду. Мени адам катары деле санабады, кумурсканы же чымынды карагандай эле карады. Озуно ишенген коз караш. Негедир арданып кеттим, жашы мени менен эле тен болсо керек. Бирок кайда барат элем дагы иш издеп, азырынча чыдап турайын, анан дагы коро жатарбыз.
- Регистрациян тазабы? - Тимеле чекчендеп суйлойт экен.
- Таза.
-Жакшы, менттер менен проблема болбосо болду. Самат тушундурдум деди, мен да айтып коеюн. Жашаган жерин, тамагын бизден болот, айлыгын азырынча ошо, отуз беш мин. Эгер жакшы иштесен айлыгына дагы беш мин кошом. Жакшы иштесен иштей бересин, эгер бир аз эле кыйшандасан кетесин.
- Ооба Самат тушундурду. Макул.
- Каерденсин?
- Аксыдан, Жалал Абад.
- Аа макул бара бер.
Эшикти ачып жатып бурулдум:
- Айылда электрик болуп иштегем, жакшы билем, эгер электрика иштери болсо айта бергиле.
Асель негедир мени башкача, бир нерсени ойлонгондой, эстегендей, ошол эле маалда мени сынагандай карап калды да, козуно карап калсам дароо козун ала качып:
- Макул азыр иштеп тура бер, керек болсон айтам- деп бурулуп, мониторун эми коргонсуп берилип тиктеп калды.
Офистен сыртка чыгып, имаратты айланып, Аселдин терезесинин тубунон отуп баратып терезени карасам телефонун кулагына такап мени карап турган экен, менин караганымы коруп дароо арыга басып кетти. Менде бир жагымдуу сезим пайда болду, мени жактырып калды бекен, антпесе эмнеге карайт эле, эмнеге мен карасам кача калат эле?
Кампага кирсем Кайрат дем алып отуруптур:
- Анан Кобраны суйуп калдын- деп кулуп коет.
Асель жонундо сурагым келди.
- Эмне эле аны жаман коросун, жакшы эле окшойт ко мамилесине караганда.
- Ээ сен али билбейсин да бул шуркуяны. Шеф ооруп ишке чыкпай калгандан бери бир жыл отсо, ошо бир жылда он жылдап иштеген балдардын баары кетти, мен, Самат дагы эки эле бала эскилербиз, калгандарын кууруп жеп жок кылды, кетип калышкан. Жаны балдар деле келип коп болсо бир ай иштешет да акчасын алар менен кетип калышат. Ээ макул озун корорсун, сен деле бир айдан кийин кетесин коросун го. Кой ишти кылайлы, минтип турганыбызды корсо сени азыр эле кууп чыгат.
Тытынып иштеп калдык.
Окурман тушунбой жаткандыр эмне болуп жатат деп. Кыскасы Кыргызстанда, Таш Комурдо электриктин окуусун бутуп, айылда эки жылдай иштеп, айлык эч нерсеге жетпегендиктен Россияга келгениме он кундой болуп калган. Кесибим боюнча дегеле иш таппай койдум. Акыры бир убактарда Аксыда уч жылдай биздин мектепте окуп, кийин кетип калган, кийин интернет чыкканда табышып алган элек, эски досум, Кайрат деген бала жакшы иш тапканча иштеп тур деп, Москванын чекесиндеги "Мытищинская ярмарка" деген курулуш материалдарын саткан базарга келип, эки кундон бери жуктогуч болуп иштеп жатам. Кылар ишим кампага чон машиналарда цемент алып келип тогушот экен, Кайрат экообуз ошо цементти элуу килограммдан кылып каптайбыз. Айлыгым отуз беш мин, жатар жерим, тамагым ушул жерден. Башчыбыз Самат деген бала, ишке ошол алган.
Кечке чейин тынбай цемент каптамай.
Асель менен суйлошкондон уч кундон кийин эртен менен жумушка жаны эле келип иштеп жатсак Кайраттын телефону шынгырап калды, Кайрат суйлошуп:
- Сени Кобра офисте кутуп жатыптыр, тез келсин дейт. Этият бол, каяша айтпа, макул деп койсон кутуласын. Эптеп бир ай, акчаны алгынча чыдап тур, анан кетсен болот, азыр урушсан акчаны бербей кууп чыгат. Биердеги менттер бут колунда, эч нерсе кыла албайсын-деп жонотту.
Офиске кирсем Самат озу эле экен.
- Шеф дачасын ремонт кылып жатыптыр, электрика иштерин кылып берер бекен дейт, барып суйлошуп корбойсунбу. Эгер колунан келсе суйлошуп, акчасын келишсенер кыла бересин да.
- Коруш керек биринчи.
- Ооба барып кор, шеф жакшы киши, озу да биринчи келгенде аябай кыйынчылыктарды коргон. Эптей алсан жакшы толоп берет, жакшы акча иштеп аласын.
- Макул королу.
- Асель азыр келет, сен жуунуп, кийимини алмаштырып тезирек кел, ушул жерде кутуп турат.
Чынын айтсам Аселди кором деп суйундум. Ары-бери жуунуп, кийинип келсем Асель офистин сыртында кутуп туруптур. Чып жармашкан джинсы шым, устундо жука кофта, башында бейсболка, чачын "хвостик" кылып байлап бейсболканын артынан чыгарып коюптур, кундон калкалоочу сыя тустогу чон коз айнек, эми укмуш жарашып калыптыр, озунчо эле чет элдик мода журналдардагы "модель".
- Журу - деп ээрчитип алып офистин артындагы машинелер турчу жакка отуп машинелерди аралап жапжаны, капкара, жылтыраган "Лексус-470" тин эшигин пульт менен ачып:
- Отур-деп коюп озу рулга отурду. Мен да жанына отурдум. Машинаны ишенимдуу, жакшы айдайт экен, тез эле шаардан чыгып, калын токойдун ортосун кесип откон чон жолго чыкканда зуулдап жонодук. Асель музыка коюп алып мага суйлогон жок, мен да унчукпай кете бердим. Бир-эки айылдардан отуп, дагы токой башталды. Токойдун ичи менен бир сааттай жургондо чакан асфальтталган жол токойдун ичине кирип кетет экен, ошол жол менен анча жургондо дачалар, болгондо да байлардын дачалары окшойт, бут эле эки кабат, уч кабат коттедждер, "особняктар" экен, узун бир кочону бойлоп жайланышыптыр. Аселдердин уйу айылдын эн аягында, эн четки уй экен. Андан ары калын токой башталыптыр. Уйго жетейин деп калганда Асель пульт алып дарбазага каратып басты эле дарбаза озу ачылды. Кирерибиз менен дарбаза кайра жабылып калды.
Уйу эми укмуш, кинодогу эле байлардын уйу, аябай кооз салынган уч кабат уй экен. Алдында ийри-буйру болуп жасалган чон бассейн. Бассейндин жанына айылдагыдай кылып, жыгачтан кооз болуп жасалган, айлантып ак гулдуу кебез менен тосулган сору турат, устунон суу агызып коюптур, жамгыр жаагансып агып тушуп турат экен.
Ар кандай кооз дарактар отургузулуп, арасына туркун тустогу гулдор эгилиптир. Уйду айлантып бийиктиги уч метр барго дейм, айтор бийик кылып, бир жылчыксыз болуп коргондолуптур, сырттан эч ким эч нерсе коро да, кире да албайт.
Уйдун жанында эки гараж турат. Килейген бир чон алабай дарактардын тубундо колоколоп жатканбы, машинаны коруп тосуп чыкты.
- Тушпой тур, биринчи мен тушойун, итти сени менен тааныштырайын- деп тушуп кетти. Кулкум келип кетти, ит менен да таанышчу беле, нарака алып барып байлап койбойбу андан коро, итке да ишенип болобу. Ит чон, тимеле килейет, эшектей эле бар экен. Тиштесе адам тируу калбайт мындай иттен. Карап турсам Асель итти башынан сылап коюп мойнундагы жибинен кармап жетелеп мен отурган эшикке алып келип:
- Туш- дейт.
Уятыман эле туштум. Асель итти мага жакын алып келип мени жыттатып:
- Он свой, свой, на понюхай - деп коет. Ит да адамдай болуп менин козумо бир аз сынап карап турду да жыттагылай баштады. Башы да калдайып чон, уйдун эле башы менен тен го дейм. Коркконуман эки колуму которуп алдым. Ит мени айланып бир сыйра эринбей жыттап чыкты да Аселге карап адамга окшоп баш ийкеп койду.
Асель мени шылдын коз менен карап:
- Аты Вулкан, болду эми сага тийбейт, тушунду сени озубуздуку экенини, кенен журо бер -деп коет.
Уйдон америка, европанын кинолорундагы уй кызматкери кийинчу кийим кийген, жашы элуулордогу сулууча, толо келген орус аял чыкты. Артынан эле жашы алтымыштарда окшойт, арык келген, тамеки коп чегет окшойт, ону кер сары тарткан, шорты, футболкачан бир орус киши чыкты. Экоосу мени менен алыстан эле баш ийкеп учурашып коюп кайра кирип кетишти.
Асель экообуз ээрчишип соруго бардык. Ак жука шым, ак тустогу кенен койнок, бутунда ак байпак кийген киши ары карап уктап жатыптыр. Асель турткондо гана ойгонду.
Жашы алтымыштан ашкан, сары келген, чачын ак аралаган, тамеки коп чеккенге каштары, кокул чачтары саргыч тартып калыптыр, ону да тамекиники эле деп койдум кызгылт сары, арык киши экен. Ооруйт окшойт, коздору киртийип, айтор ооруган адамдыкындай.
Ушундай картан кишиге тийип алганына Аселди кызганып, аяп, тиги кишини жаман коруп кеттим.
Мени коруп ордунан туруп:
- Кел балам, кел чык биякка- деп учурашып, колуман тартып соруго чыгарып жанына отургузду.
- Таняга айт, чай- пай алып келсин- деп Аселге суйлонуп коюп жаздыгына жамбаштап жатып алды. Асель унчукпай уйго кирип кетти.
- Мени Касыке дей бер, баары эле Касыке дешет. Атын ким?
- Руслан.
- Каерденсин?
- Аксыдан, Жалал абаддан.
-Аа билем, билем, Союз маалында Сары-Челекке барганбыз. Анда Аксы эмес, Жаны-Жол району эле. Кийин эле Аксы деп озгорбодубу- деп ар нерсени суйлоп отурду.
Башы туруп-туруп эле ооруп кетет окшойт, ар ооруганда козун тырыштырып жиберип, козун жумуп башын, кара куш мээсин эки алаканы менен копко чейин укалап алат экен.
Танясы биз келгенде чыккан аял экен, бир заматта дасторкон жайып устун туркун нерсеге толтуруп салды. Касыке ар нерсени суйлоп берип, соз арасында ой-боюма койбой дасторкондогу бут нерседен жегизе баштады.
Россияга биринчи жолу келдим десем:
-Орустар жакшы эл болот балам. Жонокой, куулук-шумдук дегенди билбейт, карапайым, ичинде кири жок булардын. Аларды алдабасан, ар дайым мамилеге так болсон, куулук кылбасан, жалган суйлобосон эле болгону.
Эми коп эле нерсени коруптур бул кундорго жеткенче. Зеригип калганбы бир сааттай суйлошуп отурдук. Акыры дасторконго бата кылгандан кийин:
- Журу балам уйду кор, женен эки кундон бери уйдун электрикасын алмаштыралы деп жанымы койбой койду. Алмаштырса алмаштыралы, айтып болбойт, бир куну бир жери чырт десе орт чыкпасын, аныкы деле туура бир четинен.
Уй уч кабат, тубундо дагы беш болмолуу жер толосу да айтор торт кабат уйдун бардык зымдарын, жарыкты очуруп жаккычтарын, айтор баарын алмаштырышым керек экен. Бир сыйра карап чыктык. Эн негизги щити жер толодо экен, тушуп щитти да кордук. Оной эле экен, кылса болот.
Тан калып койдум, бир жакшына эле турган зымдарды эмне кылат алмаштырып.
"Колуман келет" десем Касыке ыраазы болуп:
- Азамат, азамат, ушундай бол, коркпой башта кандай иш болсо да. Эки ай, уч айда деле бутсон болот. Шашпай жакшылап бутуруп бер. Бутоорун менен эки жуз элуу мин рубль колуна карматам. Ушул жерде жашап иштей бересин. Тамак-ашыны Ваня деген иштейт бакты, короонун ичин карайт, ошол байкен жасап берип турат. Кандай дейсин, болобу?
Ичимен аябай суйунуп кеттим. Эки жуз элуу мин рубль, сомго айлантсан торт жуз минге барып калат. Ушул жерде иштеп эле, акчамы алсам жыйырма беш-отуз минге "жигули 06" сатып алып уйго кетем. Тытынып иштесем бир айда деле бутсо болот.
- Эки айга жетпейт Касыке, кырк-кырк беш кундо бутом го.
- Макул, эн негизгиси жакшылап бутуп бер.
-Жакшы билем бул ишти, бутконумдо жакшы электрик алып келебиз, бир сыйра текшерип чыгат. Бугун эле келейин, эмне керек экенин жазып берсем, эртен келсе жакшы болот эле, эртерээк баштай берейин.
- Аа макул, макул, сен айткандай болсун, анда эртерээк барып кийим-кечени алып кел-деп озу такси чакырып, акчасын толоп мени базарга жонотуп жиберди. Саматка айтышкан экен, беш кундук иштеген акчамы даярдап коюптур. Акчамы алып, буюмдарымы жыйыштырып, шеригим Кайрат менен коштошуп коеюн деп кампага кирсем уккан экен:
- Руслан мени айтты деп эч кимге айта корбо, бирок сен куулук-шумдукту билбеген туз баласын, Кобрадан этият бол. Эми айтып болбойт, ишти бутконундо, баалуу бир нерсесин озу эле бекитип коюп сени куноолуу кылып акчаны бербей койбосун.
-Мен Касыке менен суйлоштум, Асель мага эч нерсе дей албайт.
- Эми мен айтып койдум дос, этият бол.
Саат экилерге дачага барып калдым. Ваня байке биз келгенде сыртка чыгып кайра кирип кеткен адам экен. Баары кетиптир, уйдо озу эле калыптыр. Мага болмому корсотуп коюп озу сыртка чыгып соруго жатып алды. Мага биринчи кабаттан болмо даярдаптыр. Жукторуму жайлаштырып коюп, телефонго эмне керек экенин шашпай жазып Аселдин номерине жонотуп койдум. Ишти эртен баштайм, кун ото эле ыссык эле, ары-бери барып келе берип тердедим, чарчадым. Бугун дем алам.
Душка жуунуп алып, бассейнге тушуп бир аз ары-бери сузуп алып болмомо кирип уктап калдым.
Кечки тамакты Ваня байке соруго даярдаптыр, суйлошкон деле жокпуз. Тунт адам окшойт, унчукпай отуруп ары-бери тамактанып алып болмомо кирип жатып алдым. Ишими Кудай ондоду, бир айда бутуп койсом акчамы кемитип салышпасын, шашпай кырк беш кунго чоюп иштейм, акчамы алам да уйго, Кыргызстанга кетем. Машина алам, калган акчама келишинче кой алып жайлоого берип жиберсем, бир жылда койлорум эки эсе кобойсо. Бул атын очкур Россиясына, экинчи келбейм, кайра жумушума орношуп, ошол жакта эле журом.
Ээ кыскасы ойлонуп, кыялданып жатып уктап кеттим.
Эртеси саат он бирде Касыке, Асель келишти. Артынан эле бир "Газельде", Самат мен айткан нерселердин баарын алып келиптир, жер толого алып тушуп бир болмосуно жыйып салдым.
Таня эжени да чакырышкан экен,
Асель, Таня эже, Ваня байке учоосу болмолордогу буюм тайымдарды мага тоскоол кылбай турган кылып ортого жыйышып, устулорун кленкалар менен жаап, айтор куйполоктоп журушот. Жардам берейин десем Касыке жанына чакырып алды.
- Сенин ишин башка, башка нерсеге алаксыбай оз ишини кылышын керек. Таня менен Ваняга акча толоп берем, ишти эртен баштаарсын, бугун дем ал-деп ар нерселерди суйлошуп отурдук.
Тушку тамак маалында Таня эже Касыке экообузго соруго дасторкон жайып, озулору ашканада тамактанышты. Тамактанып бутуп отурсак Асель эки чон чыныга сок алып келип бироосун менин алдыма, бироосун Касыкенин алдына коюп, сорунун чекесине ары карап отуруп телефонун чукулап калды. Касыке жамбаштап жаткандыктан мен да жатып алган элем, ары-бери кыймылдаганда тогуп албайын деп алдымдагы сок куюлган чыныны дасторкондун ортосуна жылдырып койдум. Касыке тамеки чегип аткан, ал да кулу тушпосун дедиби озунун сок куюлган чынысын ортого жылдырып койду. Касыке башынан откон окуяларын айтып берип аткан, мен созго алаксып сок куюлган чыныны алып бир аз ооз тийип корсом аябай даамдуу экен, баарын бир эле которуп ичип алдым.
Касыке бир аз мени карап турду да:
- Даамдуу бекен, дагы куюп келсинби?
- Ооба ширин экен, жок болор ушул жагы рахмат.
- Ээ сурап бергенче уруп бер, Асель дагы куюп келчи.
Асель телефонун караган бойдон ордунан туруп менин бошогон чынымы алып жатып негедир чочуп, чыныны бир карап, мени бир карап, ону бир башкача купкуу болуп кетти. Кантип суроттошту билбейм, ондору бузулуп, коздору акырайып, мени ушунчалык жек коруп карады. Козунун карасы кара эмес, курон экен, негедир мага олгон койдун жансыз козун элестетип жиберди. Онун кара чаар жыланга окшотуп жибердим, коздору заар чачып, бетин майда-майда тырыш басып кетти. Ушундай сулуулуктун артында ушундай коркунучтуу он бар экенине тан калып, чочуп кеттим. Ону чындап коркунучтуу болуп кетти. Бир мультфильмдеги канышага айланып алган жезкемпирге окшотуп жибердим.
Эмне болуп кетти деп карасам Касыкенин чынысы кызыл гулдуу чыны эле, мен созго алаксып Касыкенин согун ичип алыпмын. Болбогон эле нерсеге ушунчалык да жини келеби.
Касыке эч нерсени байкабады.
- Ээ Касыке кечиресиз сиздин согунузду ичип алыпмын байкабай.
Касыке карап тушунду, кулуп:
- Айырмасы кайсы. Ич ичегой, аш болсун. Мен сенин согуну иче берем да, даамдуу бекен? Асель атайын мага деп жаны узулгон шабдалы таап келип сок кылып берип турат. Башым ооруйт, байкагандырсын, бир жылдан бери ушул оору жармашкан. Корунбогон жерим калбады, же эч ким билбейт эмне оору экенин, ар кимиси ар нерсени айтат, ээ кыскасы билбей калдым эмне кылышты. Ушу жашка келип ооруган эмес элем, карыдым окшойт. Кара эми минтип арыктап да кеттим. Шабдалынын ширеси пайда экен, ичип жатам- деп айласы кеткен адамдай кулуп коет.
Асель унчукпай туруп уйго кирип кетти. Бир чыны сок куюп Таня эжеден берип жибериптир.
Кечке чейин учоосу бардык болмолорду даярдап бутушту.
Кечинде саат тогуздарда Касыке, Асель, Таня эже учоосу кетишти. Эми Таня эже келбейт экен, уйдун ремонту бутмойунчо дем алат имиш.
Кечки тамакты ичип алып кирип жатып уктап калыпмын, тунку саат бирлерде башым чыдатпай сайгылашып ооруганынан ойгонуп кеттим. Тимеле чыдатпай ооруп жатат. Айрыкча кара куш мээмин бир тамыры тартылышып-тартылышып кетип жатты. Ар тартылганда ооруганына чыдабай коздоруму жумуп-жумуп жиберем. Башыма массаж жасай баштадым, эч эле басылган жок. Бир аз басандайт дагы кайра эле тартылышып ооруп кетет, чыдабай ордуман туруп кетем. Акыры болбоду, уктамак тургай жон эле чыдап жата албай да турганмын.
Душка кирип муздак сууга жуунуп чыктым, болбоду. Арак ичип коруш керек, мумкун эптеп уктап калсам эртен мененге чейин басылып калар.
Ваня байкенин эшигин тыкылдатсам уктабай жаткан окшойт, дароо эле эшигин ачты:
- Арагыныз барбы, негедир башым чыдатпай ооруп жатат.
Бир шише ачылбаган арак алып чыкты:
- Жетеби?
- Жетет, жетет. Бир эки кундо алып келип берем.
- Акчасын эле бер, мындай арак бир эле жерде сатылат, баары бир таппайсын. Эртен берерсин-деп эшигин жаап алды.
Болмомо келип жарымын ичип жибердим. Башымын ооруганы тып эле басылды. Жаным жыргап эле жатып калдым. Эмне болду экен мынчалык ооругудай, деги башым ооруган эмес эле. Арак ичкенге уйкум келе баштады, ар нерсени ойлонуп, уктайын деп жатып бир маалда оюма бир нерсе тык келип, ордуман ыргып турдум.
Кантип эле ушундай болсун?
Эшикти акырын ачып коридорго чыгып, бутумун учу менен басып ашканага барып, светти жакпай, телефондун фонаригинин жарыгы менен ашканадагы ар бир тартманы, айтор бут жерин тытып чыктым. Дары атпайдын, айтор шектуу эч нерсе билинбейт. Бир пакет таап, жерге жайып, устуно таштанды ташталган чаканын ичиндегилерди оодарып алып бирме-бир тыта баштадым. Бир дарынын кабыгынын жыртылган чекесин таап алдым, тазалап чонтогумо салып, дагы тытсам башка корунбоду. Таштандыны кайра чакага салып коюп болмомо кирип кеттим. Дарынын аты англисче окшойт, акыркы беш тамгасы бар экен. Дароо телефондон издей баштадым. Андай акыркы беш тамгасы окшош алты дары бар экен. Баарын интернеттен таап суротторун корсом бироосу даана окшошту. Бул дары аты башка тилде жазылган бир оорунун дарысы экен, ичкен адамдын тамырларын ичкертип жиберип, айтор ошол оору менен ооруган адамдарга дары экен. Бул дарыны ичкендердин, колдонгондордун "отзывтарын", бири-биринен сурашкан бир сайт таап окуп чыктым. Баары эле "алма, жузум, шабдалы, орук ичпеши керек бул дарыны ичип жатканда, терс таасирин берет, ооруну кучотот" деп жазыптыр.
Ой боой бул Асель эмне Касыкени олтургону журобу. Ошо эмне эле Касыкенин согун ичкениме жини келип кетти десе. Касыкенин чынысындагы сокко журок оорунун дарысы кошулуп, мен ошол дарыны ичип алыпмын да.
Касыкеге тез айтыш керек. Номерин да жазып албаган экенмин. Кайраттын "Бул жердин менттери Аселдин колунда" дегенин эстедим. Же эртен эле Ваня байкеден Касыкенин номерин алып, эч кимге айтпай Москвага кетем да, ошол жактан туруп Касыкеге чалып баарын айтам. Касыке мага ишенбесе ооруканага барып текшерилсе эле билинет.
Кантип эле адамдардын акча учун адам олтургонго дити барат?
Кантип эле ушундай Кобраны жакшы кордум, чынын айтайын суйуп да калган элем. Кантип суйдум экем мындай мыкаачыны. Ону да бир суук корунуп калды козумо.
Саат тунку экиден отуп калыптыр. Арактан бир аз ичип жатып алдым. Ошол менен уктап калыпмын, эртен менен саат тогуздарда ойгондум. Кечээ арак ичкенге башым ооруп калыптыр. Арактын калганын алып "закускага" бир нерсе карайын деп ашканага кирсем Ваня байке таштанды ташталган чаканы алдына коюп алып чукулап отуруптур. Журогум "шуу" деди, кечээги мен таап алган дарынын кагазын издеп атты бекен, андан башка эмне издемек эле. Мен киргенде чочуп кетип бурулуп мени бир карады да, дароо ары карап алды. Козунон чочуганын байкатпайын деди да.
- Кечээ кечинде колуму жууп жатып шакегими чечип койгон элем жок да, чакага тушуп калды бекен деп издеп атам, байкаган жоксунбу?
- Жок, корбодум- деп кайдыгер, башы ооруган адам болуп, унуму каргылдантып чыгарып жооп берип коюп муздаткычты ачып "закускага" бир нерсе издей баштадым.
- Баш ооруп жатабы-деп койду.
Мен да сыр бербедим, бир жагынан башым сынып кетейин деп ооруп, бир алсыроо пайда болуп, коздорум да аран ачылып тургандыктан эч нерсе байкабады окшойт.
- Тундо башым чыдатпай ооруду, арагынызга рахмат, тып эле басты. Эми башымы жазышым керек- деп туздалган помидор алып, калган аракты ботолкосу менен эле которуп ичип жибердим.
- Бугун иштей албайт окшойм, дем алсамбы бугунчо, Касыкелер келбейби?
- Ким билет, бир нерсе деш кыйын. Ээ эс ала бер, эмне демек эле, келип калышса башым ооруду дейсин да. Мен да айтып коем.
- Макул мен жаттым анда- деп чыгып кеттим.
Болмомо кирип тыншап турсам беш муноттон кийин Ваня байке да чыгып кетти. Терезеден карап турсам гараждар жакка отуп корунбой калды.
Асель Ваня байке экоосу бирге экен да, антпесе эртен менентен эмнеге таштанды ташталган чаканы тытмак эле.
Чуркап ашканага кирип, таштанды ташталган чаканын ичинен пияздын чон кабыгын таап, дарынын кагазынын жыртылган болугун сууга бир аз нымдап, пияздын кабыгына жармаштырып, артынан картошканын кабыгын бир кочуш кылып алып, баарын мыжыгып-мыжыгып кайра салып, чаканы кайра ордуна коюп болмомо кирип кеттим. Терезеден карап турсам Ваня байке тээ анчадан кийин чыгып бактагы гулдордун тубун жумшартып отуруп калды.
Мен да башымы сулгу менен ороп, сыртка чыгып соруго чыгып жатып алдым.
Бир аздан кийин дарбазанын ачыла баштаганы угулду. Уктаган адам болуп ары карап жатып алдым. Тыншап жатсам Асель, машинесин да очургон жок, шашып эле уйго кирип кетти, артынан эле Ваня байке да кирип кетти. Экоосу беш муноттон кийин чыгышты. Тыншап жатсам Аселдин маанайы которулуп калгандай, Ваня байке менен бир нерселерди суйлошуп бир аз турду да машинесин минип кетип калды.
Ваня байке жаныма келип:
- Руслан уктап атасынбы?-деп турткулоп- Эс ала бер, мен Аселге айтып койдум. Макул дейт, бир- эки кун эс алып ала берсин деди.
Мен уйкусураган адам болуп кункулдоп койдум.
Саат он бирде Ваня байке гаражда "ауди" бар экен, минип чыгып дуконго кетти. Кетээри менен ашканага кирип таштанды салынган чаканы тытып дарынын кагазын таппай койдум...
Чын экен да...
Саматка чалып Касыкенин номерин сурасам "жок дейт", ооруп калгандан бери номерин алмаштырып, жаны номерин Асель эч кимге бербейт экен. Ваня байкеден сурадым дегенче иштин буткону.
Анда келишин кутом, бир эбин таап чекеге алып чыгып баарын айтып берип кетип калам.
Эртеси эрте туруп ишти баштадым. Ваня байкени корбойм деле, тамак маалында гана соруго чакырат, бирге отуруп, анча-мынча эле суйлошпосок, унчукпай эле отуруп тамактанабыз. Ал болмосуно кирип кетет, мен бассейнге тушуп, бир аз ары-бери сузуп алып соруго жатып уктап алам да кайра ишими кыла берем.
Шартымы ойлондум, азыр акчам жок каякка барат элем, тез-тез иштеп, бир кабатын толук бутсом акчасын алам да кетем бул жерден. Алысыраак барып алсам, анан деле чалып айтам да Касыкеге. Куру кол кайда бармак элем.
Эртен менен саат беште туруп, тамактанып алып саат алтыда ишти баштап, кечки саат онго чейин иштеп жаттым. Бир жума дегенде, учунчу кабатты буттум. Эч кимиси келген жок, айла жок экинчи кабатты баштай бердим. Асель келди, эч нерсе билдирбейт, кылган иштерими текшерип, учунчу кабатты да бир сааттай текшерип, телефонго ар бир жерин суротко, видеого тартып кетти.
Кетээрде мага жолугар, ошондо акча сурайм деп экинчи кабатта иштеп жатсам Асель бироо менен телефондо орусча суйлошуп, тез- тез басып тушуп, машинесин минип кетип калды.
Чынын айтсам бара-бара акчаны, айылдагы тирилигими ойлоп, азырынча айтпай турсамбы, уйду бутуп, акчасын алсам анан деле айтаармын деп ойлоно баштадым. Бир айда коп деле Касыке бир нерсе болуп кетпесе керек. Эки жуз элуу мин рубль оной акча эмес да таштап кетип калгыдай.
Тез-тез иштеп уч жумада устунку уч кабатын толук бутуп жер толого тушуп, бир болмосун баштап калгам.
Тушто тамактанып алып сорудо уктап жатсам телефон шынгырап калды, бейтааныш номер. Алсам Касыке, унунон дароо эле тааныдым.
- Кандай балам, иштеп атасынбы, кыйынчылыктар жокпу?
- Жакшы баары, жер толого тушуп калдым, он кундо бутуп калам.
-Балам эртен Ваня байкене "Москвага барып келем" деп шылтоо айтып такси чакырып Дачалардан чыгып турбайсынбы, дачалардан чыгып бир чакырымдай жургондо чон рекламалык щит бар, байкадын беле?
- Ооба билем, балыктардын суроттору тартылган чон баннерби?
- Ооба, ошонун жанында кутуп тур, мен саат тогузга барам, иш бар, барганда айтам, кандай дейсин?
- Макул, тушундум, эртен Ваня байке билбей турган кылып ошол жерге барып турам.
- Токойго кирип тур, бироо жарым отсо коруп калбасын- деп коштошпой эле коюп койду.
Эмне кылышты, эмне ойлошту да билбей калдым. Касыке бир нерсени сезип калган болсо мени билип бер дээр бекен.
Ар нерсе оюма келет.
Кечке тамактанып отуруп Ваня байкеге, Москвага барарымы айтып койдум.
Эртеси сегизге такси келди, токойдун ортосундагы жол менен бир чакырымдай журуп рекламалык баннерге жеткенде ар шылтоону бир айтып тушуп калдым. Токойго кирип бекинип отурсам Касыке жашы алтымыштардагы ак чачтуу бир орус досу менен ошонун машинесинде келишиптир.
- Таанышып алгыла, менин досум, Виталич дей бер, Калининграддык, мейман болуп келип калыптыр, меймандап коелу.
Машинене отурарым менен бурулуп айдап жоноду, жакын эле экен, чон, кооз колдун жээгине келдик. Касыке токой аралап кирип кетип, бир аздан кийин чон катер минип келди. Катер дейби же яхта дейби, айтор тубундо озунчо болмосу бар экен, ортого стол, тор жагына терезенин тубуно диван коюлуптур. Биз отурарыбыз менен Касыке катер айдаганды жакшы коробу, колдун ортосуна чыгып алып ары- бери аябай эле чапкылады. Мен жанында карап туруп тушундум, катер башкарыштын эч кандай кыйынчылыгы жок экен. Виталич экоосу алмак -салмак айдашып анча эле чапкылашты. Тээ анчадан кийин колдун кенен жеринин так ортосуна токтоп арак иче башташты. Рюкзагы толо ар кандай нерселерди алып алышыптыр. Коптон бери эле бирге жургон достордон окшойт, башынан откон ар нерселерди суйлошуп, каткырып кулуп отурушат. Мурун байкабаган экенмин, Касыкенин мандайкы тиштери бут алтын экен, каткырып кулгонундо гана байкадым. Деги эле кулгонун эми байкадым. Башынын ооруганы да басылып калганбы, башын укалаганын байкабадым. Арак дарыны жууп кетет окшойт.
Бир сааттай отурушуп, Касыке:
- Кеттик- деп катерди айдап колдун аркы жээгин бойлоп бир аз жургондо козго анча байкалбаган, оозун дарактардын шактары коюу болуп тосулган жакка айдап кирди. Эни беш метрдей болгон, токойду аралап кирип кеткен откоол сыяктуу канал экен, бир чакырымдай жургондо канал бутуп, чекесинде, жээктен он метр арыда уч болмолуу жыгачтан жасалган чакан уй туруптур. Эшигинде шашлык бышырчу мангал, чон стол, жанында уч отургуч турат. Касыке керилип-чоюлуп алып:
- Бул уйго жан адам басып келбейт, адам кирсе эле милицияга, уйго "сигнал" барат-деп эшиктин туткасынын ичине бекитилген кичинекей кнопканы бир муноттой басып турду да- очуруп койдум, женен билип коет уйго сигнал барса, кетээрде жагып коебуз.- деп кулуп койду.
Баарыбыз тушуп майда-чуйдобузду которунуп уйго кирдик. Биринчи болмосундо шашлыкка керектуу отундар, торт капта комур турат. Аркы эки болмосундо дивандар, стол, отургучтар коюлуптур, айтор керектуу бут эле нерсе бар экен.
Ары-бери шашлыктарды даярдап, от жагып, шашлык бышыра баштадым. Экоосу тошончулорду алып чыгышып дарактардын колокосуно, калын чопко жай даярдашып, ичимдиктерин жайнатып алышып карта ойной башташты. Акчага ойноп жатышат, ортого акчалар уйулуп калды. Шашлыктын бышкандарын алып барып берсем экоосу тамшанып жеп алышат да, арак ичип коюп жыргап отурушат. Маал маал бири-бирине кыйкырышып да алышат экен.
Касыкени карасам коздорунун бырышкандары жазылып, козу бакырайып чон эле экен, коздору куйуп, бактылуу, бейкапар каткырып отурат.
Асель жонундо айтып жиберейин деп айныдым, кантип айтам, кантип ушундай жакшы маанайын чоктуром? Кетээрде айтам.
Тушто экоосу отурган жеринде уктап калышты, али-бери турушпайт бул кейпинде.
Мен катерди айдап коройун дедим.
Жоготуп албайын дедиби келгенде эле Касыке ачкычын мага берип койгон.
- Кааласан айдап кор, оной эле, бирок яхт-клуб жакка барба, мени бул жакта экеними эч кимдин билбегени жакшы-деген.
Катерди айдап канал менен сузуп колго чыгып алып аябай эле ары-бери айдадым, эми укмуш. Эээх кыскасы жашоо байлардыкы экен.
Келсем дагы деле уктап атышат, мен да арыракка жай салып жатып алдым. Кечки саат тогуздарда кайттык. Катерди яхт-клубга айдап барып, ордуна койдук. Яхт-клуб дегени колдун жээгине кеменин формасында курулган ото чон имарат бар экен, бир болугу ресторан, калган болуктору мейманкана, офис, кампа сыяктуу нерселер. Жанында колго элуу метрдей узундукта копуро сыяктуу жыгачтан салынган жол бар экен. Пристань деди кыскасы, ошол копуролордун эки жагына катерлер байланып, адамдар ошол копуро менен барып катерине отуруп, кетишип, айтор катерлердин "стоянкасы" экен.
Биз катерди эн четки, ресторандан жуз метрдей алыстагы учунчу пристанга байладык. Чону-кичинеси болуп отуздай катер байланып турат, Ресторандын жарыгы дээрлик тийбейт деле экен бул жакка, бизди эч ким деле байкаган жок. Жаныбыздагы бир катерде гана ичиндеги болмосунон жарык чыгып, музыканын унун чыгып атат. Виталич мага корсотуп ачкычты, катердин устундо май куючу лючоктун оозунда кичине тешиги бар экен, ошол жерге бекитип койду.
- Катерлерге эч ким тийбейт бул жерде, ачкычы деле ушул жерде тура берет, эч ким деле таппайт.
Асель жонундо айталбадым негедир, билбейм эмнеге.
- Руслан балам сен токой менен эле кетип калбайсынбы. Бир чакырымга жетпеген эле жерде, дачалар жакка барсак бизди кузотчулор корсо кандай болот.
- Аа макул, макул, жакын элеби?
- Жакын эле, жол бар, журу корсотойун- деп ресторандын арт жагына токойдун ичи менен келдик. Адамдар коп эле басат окшойт бул жол менен, токойдун ичин аралап кирип кетиптир.
- Мына ушул жол, дачадагылар бут эле ушул жол менен келишет. Туура уйго алып барат, эмне дейсин, же такси менен эле кетесинби?
- Жок мындай эле барам, жакын эле экенго.
- Макул анда, эч кимге айтпа бул жерге келгенибизди, женен укса мээни жейт. Бул сага, бизге жакшы жардам бердин-деп мурунтан даярдап койгон экен, чонтогунон акча алып чыгып берди.
- Ээ тимеле коюн, кереги жок- десем болбой тош чонтогумо салып коюп кетип калды.
Дачалар жакын эле экен, токойдун ичи менен жыйырма беш мунотто уйго жеттим. Касыке берген акчаны карасам уч мин рубль бериптир.
Чарчаган экенмин, душка жуунуп алып уктап калдым.
Эртеси эрте туруп ишими баштадым. Эми биротоло ишти бутуп, акчамы алып кетип, алысырак барып чалам Касыкеге, коп болсо бир жумалык иш калды.
Кечки саат бештерде жер толодо бир болмосун бутуп экинчи болмосуно жаны эле кирип эски зымдарды чыгарып аткам. Иш менен болуп байкабай калыпмын.
- Иш илгери баатыр- дегенде карасам эшикте Касыке турат.
Тушуп учураштым.
Аппак жука костюм-шым, башында ак торлуу шляпа, бутунда жайкы калын булгаарыдан тигилген, таманы калын жайкы торлуу, кымбат бут кийим.
Колунда "мерседес-бенц-600" деген кызыл тустогу машиненин суроту тушурулгон пакет. Оор эле окшойт, пакеттин кармагычы бир аз созулуп турат.
Аны-муну сурашып бир аз турду да, чонтогун чукулап:
-Машинеде, бардачокто болуш керек телефонум калып кетиптир алып келе койчу-деп машинесинин ачкычын берди.
Негедир жасалма суйлоп жатканын, мени жон эле шылтоо кылып жонотконун даана сездим.
"Макул" деп сыртка чыксам машинесин дарбазадан сыртта калтырыптыр, сыртка чыгып машиненин бардачогун карасам телефон жок, аржак-бержагын издеп таппай койдум.
Кайра кирсем Касыке жер толодон чыгып келатыптыр:
- Бар бекен?
- Жок, таппай койдум.
Дубалга суйонгонбу же чоголоп отурганбы ак шымынын эки тизеси чан болуп калыптыр. Колундагы пакеттеги сурот да башка болуп калыптыр, кызыл тустогу "BMW"нын суроту. Ичиндегиси женил эле нерсе окшойт, пакеттин сабы чозулбай турат. Тан калып койдум.
- Аа атаны, анда уйго унутуп кеткен окшойм. Ээ макул балам, Ваня байкене келдим эле бир иштер менен. Ишини коруп чыктым, бир жумада бутуп калат окшойсун го, ошондо келем- деп созго келбей эле шашып кетип калды.
Алып келген пакетин бир жерге бекитип, мени байкабасын деп ордуна ошол пакетке окшош башка пакет алып кетти да. Эмне бекитти экен мага кызык болду. Билиш керек...
Жер толого тушуп болмолорду бир сыйра карап чыктым, баары эле ордунда. Мен машинага барып келгенче Касыке коп деле биринчи кабатка чыгып кайра тушо калбайт. Жетишпейт, жер толого эле бекитти. Шымы бир болмодо эле чан болушу мумкун. Базардан мен заказ кылган керектуу нерселерди алып келишкенде бир болмого жыйнагам. Ошол болмодо эле чан бар. Эн торку болмо эле, жерге синтетикадан жасалган кооз килем салынган. Килемге жатып алып килемдин устун карасам Касыкенин изи даана эле корунду. Мандайкы дубалга барып орто ченинде чоголоп отурган окшойт, эки тизеси килемди билинер-билинбес ныктап коюптур, эки тизенин ордунда чан жок. Тан калдым. Туптуз эле дубал, эч кандай жылчык же дубалдын бириккен жери, айтор эч нерсе жок. Килемди которуп карадым, цементтелген эле пол. Дубалды бирме-бир карап, бармактарым менен кармалап чыктым эч нерсе билинбейт, кадимки эле цементтелген дубал. Башка дубалдарды да бирме-бир изилдеп чыктым, эч нерсе билинбейт.
Бирок Касыке пакетин ушул жакка бекитти да. Аябай эле издедим, эч нерсенин шеги билинбейт.
Дагы келет, видеокамераларды иштетип коюш керек, ошондо гана билбесем.
Камераларды биринчи куну эле бут узуп салгам, монитор биринчи кабатта бир чакан болмодо устулору жабылып турат.
Эртен тушто, Ваня байке уктаганда улайм камераларды.
Эртеси саат он экиде тамактанып, бассейнге тушуп алып болмомо кирип кеттим. Терезеден Ваня байкени карап турсам соруго жатып уктап калды, эми уч саат уктайт. Он муноттой карап турдум, турбады, уктады окшойт. Дароо камералардын тарткандарын корсотуучу компьютер турган болмого кирип камераларды бут улап чыктым. Ар бир болмого, коридорго, сырткы эшиктин устуно, короону айлантып торт бурчуна камера коюлган эле, баары иштеди.
Бир болмого кирип камераны карасам кызыл жарыгы куйуп, иштегенин билдирип турат экен. Кара, ак тустогу эки изолента алып, бардык камералардын жарык чыккан жерине биринчи кара изолента, артынан ак изолента жармаштырып койдум. Жарыгы козго байкалбай калды.
Ваня байкенин болмосу култанбачу, кирип анын да болмосундогу камеранын жарыгын жаап салдым.
Компьютердин да устун калын кара материал менен жаап, устунон ар нерселерди таштап салдым, ким корсо да компьютер иштебейт деп ойлойт.
Эми кутуш керек.
Касыке эртеси биз эми тамактанганы отурганда келди, колунда кара булгаары барсетка, ичи толтура, акча эле деп койдум.
Биз менен учурашып коюп уйго кирип кетти да, он муноттой жок болуп кайра эле чыкты. Барсеткасы анча эле боксоруп калыптыр.
Жаныбызга отуруп чай ичип бир аз суйлоп отуруп кетип калды.
Ваня байке уктаары менен компьютердин устундогулорду алып салып жер толодогу болмонун камерасын таап жазылып калган видеону кордум. Касыке тез-тез басып жер толого тушуп, ошол болмого кирип, эшикти бир аз тыншап турду да ичинен култады. Бутундагы калын тамандуу ботинкасын чечип батегин алып ичинен кичинекей башкаруучу пульт алып чыгып эшиктин устуно каратып басты эле, торку, Касыкенин изи тушкон дубал, калындыгы кырк сантиметрлик цементтен куюлган дубал бир чекеге сурулуп кирип кетти. Артында дагы цемент дубал бар экен, ортосунда, полдон бир карыш бийиктикте узуну, туурасы бир метрдей болгон сейфтин эшиги корунду. Касыке ордунан туруп, эки кадам артка басып ошол эле пультту сейфке каратып дагы басты эле сейфтин эшиги озу ачылды. Сейфтин ичи адам баткыдай эле чон экен, ичинде ар кандай коробкалар, пакеттер, кагаздар турат. Касыке килемге чоголоп отуруп тез-тез барсеткадан пачкалаган акчаларды алып чыгып сейфке салып, эшигин жаап, сырттан кирген эшикке каратып пультту басты эле дубал капталдан сурулуп чыгып жабылып калды. Касыке бир аз эшикти тыншап турду да, ботинкасын чечип, пультту таманында атайын жери бар экен, ошол жерге салып, сыртынан батегин салып кийип, шымдарын кагынып, чыгып кетти.
Дароо монитордун устун кара материал менен жаап, жанына оор нерселерди жылдырып, тосуп салдым.
Тан калдым. Мен уйго кирген токтун баарын очуруп салсам бул кантип иштеп атат. Дубал оор болсо, аны жылдырыш учун кучтуу мотор керек, кеминде 380вольт ток керек. Менимче сырттан озунчо ток келген бул сейфке, туура эле да, сейф озу жашыруун нерсе болсо, токту да жашыруун алып келет да. Антпесе ар бир эле электрик билип коет.
Касыке эч кимге билдирбей акчасын ушул жакка бекитет экен да бечара.
Сейфте тузук эле акча болсо керек. Ой жаман да, эми ар нерсе келди оюма.
Саат алтыда Ваня байке экообуз тамактанып алып, сорудо тамеки чегип отурганбызда Асель келди. Ваня байке экоосу бир нерселерди акырын суйлошуп, ээрчишип уйго кирип кетишти. Мен отура бердим эми эмне болор экен деп.
Экоосу бир сааттай жок болушту. Тээ анчадан кийин Асель чыгып менин жаныма келип отуруп, созду эмнеден башташты билбей жаттыбы, кайсалактап бир аз отурду да:
-Канча кундо бутосун-деп мени карабай сурап коюп телефонун чукулап калды. Менден бир нерсени сурай албай атты окшойт.
- Беш кундо бутом го.
- Аа жакшы. Куйоом суйунуп атат, "ишин жакшы билет экен" деди. Акчасын жакшы толоп бериш керек деп жатат- деп, эч мага кулбочу эле, кулуп коет, сезилип эле жатты жасалма экени.
- Окуусун бутком да, беш жыл окугам.
Акыры чыдабады, козумо карап:
- Куйоом карточкасын жоготуп алыптыр, уйго эле тушкон болушу керек деп жатат, корбодунбу?- дейт.
- Жок, мен жер толодон чыкпайм да. Аяктан корунбоду.
-Жана келгенде кайсы болмолорго кирди?
-Келгенин корбодум, мен иштеп жаткан болмого киргенде гана кордум. Мени менен беш муноттой суйлошуп эле кетип калды. Ага чейин каякка киргенин билбейм.
- Жер толодо башка болмолорго кирбедиби?
- Кирбеди деле го дейм, угат элем да.
Асель башын жерге салып ойлонуп калды. Кантип эле ушул жезкемпирди жакшы кордум тушунбойм, коздору да таргыл мышыктыкындай экен. Козумо бир суук корунуп калыптыр.
- Макул мен кеттим, эгер таап калсан мага чалып кой- деп машинасын минип кетип калды. Дарбазаны да жапкан жок.
Ваня байке барып жаап келди.
Булардын ортосунда бир нерсе башталган окшойт.
Эртерээк бутуп, акчамы алып кетишим керек, дагы бир нерсе болуп кетсе акчаман куру калбайын.
Тунку саат он экиге чейин иштедим, Ваня байке эки жолу келип эмнеге минтип иштеп атканымы сурап кетти.
-Эртерээк бутуп уйго, Кыргызстанга кетем- деп койдум.
Эртеси чарчагангабы, уктап калыпмын, Ваня байке ойготту:
-Асель чалды, экообуз бир кун базарга барып цемент капташып коет экенбиз, балдар жетишпей жатыптыр.
Барабыз да эми шеф айткандан кийин. Ваня байкенин "аудисинде" барсак Кайрат озу эле экен, башка балдар бошобой жатыптыр.
Мен Кайратка жардам берип калдым, Ваня байке шаардын башка жериндеги базарда Касыкенин дагы бир "точкасы" бар экен, ошол жакка жардамга кетти.
Кайрат адатынча Кобраны жамандай баштады. Касыке аялы менен ажырашып, Аселге уйлонгондон кийин эле жарым жыл отпой ооруп калыптыр. Аселге Бишкектен эки квартира, Бишкектин чекесиндеги жаны конуштардан чон "особняк", Мытищиден "элитный райондон" беш болмолуу квартира алып бериптир. Минтип базардагы точкаларын да бут Асель башкарып калыптыр.
-Касыкенин чон баласы да иштечу биз менен, аны да ушу Кобра атасы менен уруштуруп, кууп жиберди. Эми балдары деле баары жетиштуу жашашат дечи, бирок Касыке да карыганда минтип бала-чакасынан айрылганы жаман эле болду. Асель эртен Касыке жатып калса карабайт да, кетип калат бут байлыгын алып. Бир жолу ушу Кобранын айынан тунку клубда мушташ чыгып, Касыке ичине бычак жеген, аран айыкты. Кобра ортого тушуп алып жамбаштарын кыйшандатып бийлесе "любой" эле эркек тийишет да. Элестет, кийин бизде иштеген бир бала ошол Касыкеге бычак сайган баланы Кобра менен мейманканадан чыгып келатышканын коруптур, Касыкеге кантип айтмак эле. Мага эле айткан. Кээде Кобра эле Касыкени олтуройун деп атайын мушташ чыгартты бекен деп да ойлоп кетем-деп согунуп алды.
- Эми мага го баары бир дечи, Касыкени аяп кетем да туруп-туруп. Ушунчалык эле козу кор болуп калганбы эмне балээ, ойлонсо болот да озу деле. Уйлонбой жатып бычак жесе, коп отпой минтип оорукчан болуп калса, бала-чакасынан айрылса. Чон, кучтуу киши эле, эки кап цементти оной эле которуп бийик машинеге жуктоп койчу. Эми кара оорунун айынан чыпалактай эле болуп калды. Кобра эле бир нерсе кылып оорутуп койду окшойт Касыкени.
Эми соз ортодо калсын Руслан, мен корком Кобрадан, коздорун карасан жыландыкындай болуп турат. Колунан бут нерсе келет мунун, менттер менен да ойнош болуп журот. Бизди оной эле жок кылып салат кааласа, сен уйундо иштеп атасын этият бол.
Кызып цемент каптап жатканбыз, саат он бир жарымда Асель чалды:
- Руслан сен уйго келе бер, уй ээн калды. Камералар да иштебейт, ууру кирбесин. Ваня байке кеч барат.
Уйго келсем эч ким жок, Вулкан да корунбойт. Кийимими алмаштырып чыгып сууга тушом, бугун дем алам. Уйго кирип чочуп кеттим, холлдо Касыке чалкасынан жатат. Жанында бир метрдей жип, кара булгаары барсетканын оозу ачылып, жанында пачкалаган беш мин рубльдык акчалар чачылып жатат. Чуркап барып турткулосом кыймылдабайт, коздору ачык калыптыр. Жип менен муунтуп олтурушуптур, мойнунда кызыл, кок болуп изи турат. Дем алганын тыншасам билинбейт, уйку тамырын бармагым менен басып корсом эч нерсе жок. Ордуман ыргып туруп, артка кетенчиктеп кеттим. Олгон адамды омурумдо биринчи корушум эле, коркконго денем титиреп, бир муздак нерсе башыман бутума чейин "дурр" деп отуп кетти. Кечээ эле тируу жургон адам минтип жатса.
Дароо Аселге чалсам бош эмеспи же укпай жатабы, телефонду албады. Милицияга соткадан кантип чалат билбейм, уйдо жонокой телефон жок эле. Коншуларды чакырыш керек, сыртка чуркап чыгып коншу уйдун дарбазасын катуу эле такылдаттым, эч ким чыкпады, дарбазанын тешигинен карасам короодо эч кандай машине корунбойт. Уйдо эч ким жок экен. Экинчи уйго барып короосун карасам ал жакта да машина корунбойт, бир аз такылдатып турдум, эч ким чыкпады. Азыр эч ким деле болбойт дачаларда, июндун ортосунан баштап келе башташат экен.
Аселге дагы чалдым, гудок кетип эле жатты, албай койду. Бир маалда тээ алыстан полициянын машинасынын "сиренасы" угулду. Токойдун арасында окшойт, тез эле келип калышат.
Орто жолдо жогору жакты карап туруп башыма жетти кандай балээге кабылганым.
Ойбооой бул Кобра, акча дегенде эч кимдин убалынан коркпойт экен да, мен эмне жамандык кылдым эле.
Тагдырым озумун колумда, озуму озум сактабасам мени бироо келип сактамак беле. Уйго чуркадым, дарбазадан чуркап кирип, ичинен култап, чуркап уйго кирдим. Дароо Касыкенин бутундагы ботинкасын чечип батегин алсам пульт бар экен. Тез акчаларды жыйнап, жерде жаткан жипти алып, Касыкени которуп жер толого туштум. Пультту эшиктин устуно каратып бассам дубал ачылды, пульттун экинчи баскычын бассам сейфтин эшиги ачылды. Ичиндеги коробкаларды бир чекеге суруп салып Касыкени сейфтин ичине киргизип отургузуп, акчаларды, жипти да ичине таштап, сейфти жаап, пультту бассам дубал ордуна келип калды. Пультту шыпка бекитип, эки жакты карасам шектуу эч нерсе корунбойт, чуркап холлго чыгып Касыке жаткан жердин килемдерин тустоп коюп чуркап бассейнге барып, тез чечинип сууга тушуп кеттим. Суу бир аз озумо келтирди. Эми ото этият болуш керек, менттер адамды козунон эле билип коет.
Бир жерими оорутушум керек. Бассейнге тушуп, чыкчу темир шатыга сузуп барып козуму жумуп, катуу эле тизем менен шатынын темирин бир тептим. Бутум ооруганга козумон от чагылышып кетти. Ангыча эле менттердин машинасы сиренасын бакыртып келип дарбазага токтоп, дубалдан уч жеринен уч автоматчан мент коргонду ашып секирип тушушту. Мен тан калган адам болуп карап калдым. Бироосу чуркап барып дарбазаны ичинен ачып жиберди. Экоосу чуркап келишип:
-Чык биякка-деп автоматтарын такап калышты.
Темирди жакшы эле тепкен окшойм, бутум чыдатпай ооруп атты.
Эми менттер козумон коркконуму эмес, бутумун ооруганын корушот.
Эки машинада келишиптир, эки машина тен короого кирип келди, тогуз мент келиптир. Экоосу мени карап турат, калгандары чуркап уйго кирип кетишти.
Вулкан корунбойт негедир.
Аябай эле тытышты уйдун ичин, мени кайнаган ыссыкта бассейндин чекесине, жерге колуму которуп отургузуп коюшту.
Эч нерсе таппай баары чыгып учоосу соруго, калгандары дарактардын тубуно колоколоп отуруп калышты.
Ангыча Асель келип калды, машинеден тушуп менттердин башчысы менен суйлошушуп, ээрчишип уйго кирип кетишип копко жоголушту.
Акыры чыгышты. Аселди карасам мени тан калып карап отуп кетип машинесине отуруп эшигин жаап алды.
Асел озу олтурбосо керек, бироону жалдаган. Эми ошол адамга чалып атат. Менттер да жини келип атса керек жону жок эле убара болушканына.
Создоруно караганда "уйго ууру кирди деп" бироо чалган экен.
Башчысы "ким чалганын аныктагыла, тапкыла" деп ишине чалып согунуп-сагынып алды да, баары машинелерине отуруп кетип калышты.
Асель уйго кирип кетип жок болду, мен дарбазаны жаап коюп кийимдерими алмаштырып алып ишиме кириштим. Жогорку болмолордо эшиктер ачылып-жабылып, бир нерселер калдыратып эле жатты.
Касыкени ойлогон сайын журогум "шуу" дей тушот. Эртерээк эле айтсам азыр тируу жургон болот беле, ушул балээ да жок, ээ кыскасы иш чатак.
Озуму озум сакташым керек, эмне кылсам деп ар жолдорун ойлоно баштадым.
Камераларга соссуз тушкон ким олтургону, видеону полицияга алып барып берем.
Бир маалда Асель кирип келди. Уйдун ичинде деле коз айнегин чечпептир. Бир аз кылып жаткан ишими карап турду да:
- Сени коруп коншулар ууру кирди деп ойлоп полицияга чалышкан окшойт- деп кулуп коет.
- Ошондой го.
-Сага тоскоол болбой турган камераларды иштетип койбойсунбу.
Журогум бир "болк" деп алды. Сынап жатат да Кобра, Кобра эмес бул, бул Жезкемпир, же бизче айтканда "ажина".
- Ээ аларды кантип улашты билбейм. Касыке узуп сала бер, кийин уста келип озу улайт дегенинен карабай эле узуп салгам.
- Аа макул, анда биротоло бутконундо чакырарбыз. Сен келгенде уйдо эч ким жок беле?
- Жок, ким болмок эле. Ваня байке шаарда. Келерим менен он мунотко жетпей менттер келди, башка эч ким жок эле.
- Аа макул анда мен кеттим. Эгер бир нерсе болсо чаласын да-деп кетип калды.
Асель кетээри менен компьютердин устун жапкан нерселерди алып, сакталып калган видеолорду, акыркы беш сааттагысын озунчо файл кылып сактап, бир папкага кочуруп, телефонума, почтама жонотуп коюп компьютерден бут баарын очуруп салдым. Мониторду жаап, устун, жанын оор буюмдар менен тосуп салдым.
Иштеп аткан болмомо келип, ичинен култап телефонуман видеолорду коро баштадым. Биринчи дарбазадагы камеранын тарткан видеосун ачып кордум. Саат он бирден жети мунот откондо Аселдин "Лексусу" келип, дарбаза ачылып кирип кетти. Айнектери карангылатылгандыктан ичинде ким бар экени корунбойт. Асель негедир машинени уйдун эшигинин оозуна, уйго кирген тепкичке артын такап токтотту. Машинеден Асель менен Касыке тушуп уйго кирип кетишти. Касыке ашканага кирип муздаткычтан сок алып ичип отуруп алды. Асель экинчи кабатка чыгып сумкасынан пульт алып чыгып терезени ачып ылдыйды каратып басып, машинени карап турду. Машиненин арты ачылып, артында бекинип жатып келген окшойт, локуйгон, булчундары чытыраган, аябай эле машыкканы корунуп турат, чон адам акырын тушуп, чон болсо да мышыктай чапчан экен, эки аттап уйго кирип кетти. Бейсболка кийип алган экен бети корунбойт.
Холлго кирип, ашканага кире турган эшиктин артына бекинип чонтогунон бир метрдей жип алып чыгып даярданып, холлду айлантып карап жатты. Бир маалда камераны коруп калып копко чейин кунт коюп карап калды.
Ону, айрыкча кичинекей, жакын жайланышкан коздору эмнегедир тааныштай учурады. Каерден кордум эле деп эч эле эстей албай койдум. Видеону токтотуп, скриншот кылып чонойтуп алып карадым, бир жерден коргом, Аксыда корбогом, Таш Комурдон кордум бекен?
Чон, кучтуу адам экен. Булчундары чытырап, кара футболка кийип алган экен, футболканын сыртынан да булчундары билинип турат. Башында бейсболка, ак кымбат баалуу джинсы шым, бутунда кроссовки.
Бечара Касыке эч нерсени сезбей ашканада сок ичип отурат. Асель жогорудан Касыкени чакырып, кыйкырды окшойт, Касыке ордунан туруп, соктон дагы бир жутуп алып сыртка жоноду.
Асель да экинчи кабаттан акырын, дабыш чыгарбай тушуп келип тепкичке туруп Касыкеге корунбой кутуп турду.
Касыке чыгары менен эшиктин артында бекинип турган адам Касыкенин мойнуна жипти илип эки колу менен катуу тартып, далысын салып Касыкени жерден оной эле которуп алды. Бечара Касыке камера жакты карап тургандыктан жузу даана корунуп турду. Коздорунон тан калган, эч нерсени тушунбогон, ошол эле маалда аябай корккон коз карашты кордум.
Касыке буттарын тыбыратып, эки колу менен биринчи жипти кармайын деп корду, анан артындагы адамдын башын кармашка аракет кылды. Тиги адам башын алып качып катуу силкти эле бечара Касыкенин моюнунун бир нерсеси сынып кеттиби, "шылк" деп эле асылып калды.
Аселди карасам тирмийип Касыкени тиктеп турат, коздору дал эле кара чаар жыландын козу.
Тигил адам Касыкени бир аз кармап турду да, акыры олгонуно козу жеттиби, которуп келип эшикке жакынырак жаткызып койду. Аселдин да эч корккон туру корунбойт, Касыкенин жанына барсетканы коюп, оозун ачып пачка акчаларды чачып койду. Шериги Касыкенин мойнундагы жипти жанына таштап, Аселге камераны корсотуп "иштебейби" деп эле сурады окшойт, Асель ээрчитип алып мониторлор турган болмону корсотту. Тиги адам монитор жабылган нерселерди карап турду да, эртерээк кетишти ойлодубу, унчукпай утуройгон боюнча чыгып кетти. Асель тигинин желкесинен келет экен, артынан колунан кармап озуно тартып белинен кучактап, оозун тосту эле тигиси Аселди жаш баладай эле которуп, оозунан ооп койду да ээрчишип чыгып кетишти. Байкасам тиги локуйгон эч нерсеге колун тийгизбептир. Экоосу холлго келип Касыкени, айланасын бир аз карап турушту да, бир нерселерди суйлошуп, ээрчишип чыгышып кетишти. Локуйгон бул жолу машиненин артына бекинбей арткы орундукка эле отуруп алды. Асель машинени айдап чыгып кетти. Саатты карасам он бирден он жети мунот отуптур. Он бирден кырк эки мунот откондо мен келдим. Эшикке чыккандарым, коншулардын эшиктерин такылдаткандарым, айтор дээрлик баары эле тушуп калыптыр камерага. Анан менттер келди, ар бир болмону бирме-бир тытып чыгышты. Анан Асель келди, менттердин башчысы экоосу ар бир болмону карашып чыгышты, сейф турган болмого киришкенде тиги мент эшикти ичинен култап, Асель ары карап турат эле артынан кучактап тошторун кармалап, Аселди озуно каратып алып опкулоп, ар жерлерин кармалап атты. Экоосу коптон бери ойнош окшойт, Асель да ар нерсе кылып атты айтор. Бир аздан кийин кийимдерин туздошуп, чыгып кетишти.
Мен ишенип аткан полиция минтип Аселдин ойношу болсо, видеону алып барып берген кундо деле мени эч ким укпайт. Асель акча менен баарынын оозун жаап коет.
Касыкени олтуруп, мени куноолуу кылып, озулору байлыкты ээлеп калмакчы экен да.
Ошо эмне эле бир жакшына турган электриканы дагы жасатып атышат деп тан калып койдум эле. Кобра мени куноолуу кылып каматып, озу соо калмак экен да.
Касыкени да жек коруп кеттим, карыганда жаш кызга уйлонуп балээ барбы.
Саатты карасам эки жарым болуп калыптыр.
Эми отура берсем мени бироо келип сактабайт, озум аракет кылышым керек.
Жер толого тушуп, ичинен култап сейфти ачсам бечара Касыке буктолуп отурат. Эмне кыла алат элем, озуму кармап коробкалардын капкактарын ачып карасам пачкалаган рублдар, долларлар, евролор экен. Булгаарыдан тигилген папкаларда ар кандай документтер жатат. Бир коробкада жапжаны, майланган ПМ, жанында эки октолгон магазини, торт пачка огу, ун чыкпасы, колтуктун тубуно илип ала турган ремени да бар экен.
Тапанчаны алып карасам магазини толук октолуптур, ременин да алып бир пакетке салып алдым. Тапанча адамга чон куч, чон дем берет.
Бир пачкадан бир топ беш миндиктерди алып чонтогумо салып, сейфти жаап, дубалды жаап койдум.
Соруго чыгып отуруп Вулкан эсиме келди, атынан чакырып кыйкырсам гараждан ургон уну чыкты. Барып ачсам гаражда чон темир тор турчу эле, ошонун ичине камап коюшуптур. Эшикти ачсам сыртка чуркап чыгып кетти. Тамагын берип коюп соруго отуруп, тамеки куйгузуп алып кантип кутулуштун амалын ойлондум.
Эптеп бул балээден башымы куткарып, качышым керек алысыраак. Бир жолун ойлондум, тобокелге салбасам болбойт эле.
Аптечкадан кучтуу уйку дары таап, муздаткычта турган Ваня байкенин уч ботолко газдалган суусу калган экен, баарына кошуп салдым.
Гараждан узундугу он метрдей аркан таап болмомо алып кирип койдум.
Экинчи кабатта бир б;лм;д;н кара тустогу б;з сыяктуу кездеме к;рг;м, беш метрдей кыркып алып болмомо бекиттим. Биринчи кабаттагы, терезеси токой жакка чыккан болмонун бир терезесин ачып, ачканда кыйчылдабай турган кылып май куюп, кайра жаап койдум. Ошол болмого шаты алып кирип терезенин тубуно коюп, болмону сыртынан култап салдым.
Телефонуму токко сайып койдум. Баарын эле даярдадым окшойт. Эми тунду кутуш керек.
Эптеп эле иштеп аттым, кантип иштемек элем мындайда.
Саат алтыда Ваня байке келип, мени менен учурашып коюп тамак даярдаганга кетти.
Жетилерде соруго барсам даярдап коюптур, экообуз отуруп тамактандык. Бугунку окуяны айтып берсем эми уккан адамдай болуп, "ээ, уу" деп отуруп укту.
Тамактанып алып сорудо телефондон кино коруп жаттым. Ваня байке ашканадан арагын, газдалган суусун алып чыгып жаныма отуруп, ар нерсени суйлоп отуруп ичип алды да, болмосуно кирип кетип ошол бойдон корунбоду. Саат онго чейин иштеп, ондо Ваня байкенин эшигине барып тыншасам угулар-угулбас бышылдап уктап атат. Газдалган суусун карасам жарым болуп калыптыр, эми эртен мененге чейин ойгонбой укташы керек. Компьютер турган болмого кирип терезелерин жаап, мониторду ачып камераларды карап отурдум. Эч нерсенин шеги билинбейт, айлана тынч эле. Ваня байке керебетинде чалкасынан жатып алып уктап атат. Мониторду очурбой, жарык чыкпай турган кылып устун жаап, сыртка чыгып айлананы тыншап тамеки чегип отурдум. Вулкан журот килейип ары басып, бери басып. Айылдын башындагы уйлорго бироолор келген окшойт, музыканын уну, адамдардын суйлогону, кулгондору угулуп жатты.
Саат он бир болуп калыптыр, ай чыга баштады. Дагы эки сааттан кийин тобокелге салып чуркаш керек болот.
Бассейндеги сууга бети-колуму жууп алып уйго кирдим. Болмомун жарыгын очуруп коюп терезеден сыртты тыншап отурдум.
Саат он экилерде машинанын уну угулгансыды. Акырын коридорго чыгып Ваня байкенин эшигине келип тыншасам уктап жатат. Монитор турган болмого кирип устуно жапкан материалды ачып, ичине кирип устуму жаап алдым да камераларды карасам эки уй арыда, дарактын колокосу тушуп, жарык тийбеген жерине бир женил машина пайда болуп калыптыр. Он муноттой карап отурдум, ичинде адамдар бар экен, тамекини жарыгы, аран байкалган телефондун жарыгы корунду. Мени эле андыганы келишкендер. Саат он экиден отуз мунот отуп калыптыр. Карап отурсам телефондун чалуу келгенде титирегени билинер билинбес угулду. Устумо жапкан материалды ачып, акырын коридорго чыгып Ваня байкенин болмосуно барсам туура эле угупмун, Ваня байкенин телефону экен. Столдун устуно коюп койгон экен, телефон жыгачка урунуп, тимеле ааламды жарып дангырап жаткандай эле сезилди мага. Ваня байке ойгонбой уктап атат. Акырын кирип телефондун экранын карасам "Эрма.Босс" деген чалып жатыптыр. Телефонду акырын которуп, тубуно столдун устундо жаткан сулгуну коюп, устуно телефонду коюп койдум. Уну анча эле чыкпай калды.
Кайра мониторго келип карасам ошол машинедегилер чалып жаткан окшойт, телефондун жарыгы корунуп атты. Акыры умуту узулдубу, телефондун жарыгы очуп калды. Дагы беш муноттой турушту да, машиненин жарыгын куйгузбой айдап, буруп айылдан чыгып кетишти. Кетишти окшойт. Уйго кирише албайт, Вулкан жон эле жеп коет ким болсо да.
Эми чуркаш керек.
Монитордун устун жаап, оор нерселерди жылдырып койдум.
Болмомо кирип арканды, кара бозду алып, тапанчанын ременин кийип, тапанчаны колтугумун тубуно илип алдым. Жер толого тушуп сейфти ачып, телефондун жарыгын жагып журогум жарылып кетейин деди.
Касыке коздору куйуп мени карап туруптур.
Телефонум колуман ыргып кетти. Эч нерсеге карабай жер толодон атып чыгып, эшикке чыгып кеттим.
Журогум бир башкача болуп дукулдоп калыптыр. Титиреп эле жатам озуму кармай албай. Менин чыкканымы угуп Вулкан дарактын тубундо жаткан экен, жаныма келди. Вулкандын башынан сылап коюп тамеки куйгузуп кере-кере тартып алдым. Колдорум кадимкидей титиреп атат.
Арак ичип алыш керек...
Тамекими очуруп, ашканага кирип, муздаткычтан Ваня байкенин арагын ботолкосу менен эле которуп ичип алдым. Бир аз озумо келип, журогумун дукулдогону басылгансыды. Эшикке чыгып, жерге отуруп, тамеки чегип копко чейин отурдум. Вулкан бир нерсени сездиби, жаныма келип тумшугун колумун тубуно киргизип, алаканымы жалап-жалап коюп жаныма жатып алды.
Саат бирден сегиз мунот отуп калыптыр. Арактын кучу акыры женди, озуму анча токтоттум.
Эгер бугун чечкиндуу болбосом эртен кандай кунго тушооруму, Асель таш боор мени жок кыларын ойлодум. Эч нерседен коркпошум керек.
Айтор ар нерсени ойлоп, озуму-озум сооротуп кайра жер толого туштум.
Телефонуму тушкон жеринен сыйпалап таап алып, алысырак туруп жарыгын куйгузуп сейфке каратсам Касыке отурат. Козу ачык калган экен, фонариктин жарыгында чагылышып жатыптыр. Ичимен билген сур;л;рду окуп, бата кылып, кара бозду жерге жайып салып, Касыкени тартып чыгарып боздун устуно жаткызып, ороп салдым. Сейфти, дубалды жаап, Касыкени желкеме которуп, арканды алып акырын жер толодон чыгып тез-тез басып даярдап койгон болмону ачып кирип, ичинен култап алдым. Терезени ачып сыртты бир аз тыншасам тынч, Касыкени текчеге отургузуп, шатыны терезеден алып чыгып коргонго суйоп, Касыкени коргондун тубуно которуп келип жаткызып, аркан менен белинен байлап, аркандын бир учун кармап озум шаты менен жогору чыгып, башымы чыгарып сыртты карадым. Токой жак капкара болуп, бироолор мени андып, эмне кылып атканымы коруп тургандай сезилип кетти. Ээ тобокел, эмне болсо ошол болсун дедим. Тапанчамы кармалап койдум. Бир аз тыншап турсам тынч эле. Коргондун устуно чыгып отуруп, аркан менен Касыкени тартып жатсам оролгон б;з бир нерсеге илинип калган окшойт, тартылбайт. Жаным чыгып кетти, кучумун барынча тартсам боз чечилип кетип ак костюм шым карангыда даана корунуп калды. Тез-тез тартып коргондун устуно жаткызып, чубалып жургон бозду да тартып алып, Касыкени коргондун сырт жагына тушуруп, шатыны да тартып чыгарып, коргондун сырт тарабына суйоп, озум тушуп, Касыкени, арканды, шатыны которуп чуркап, токойго кирип кеттим. Шатыны ошол жерге, чон дарактын тубуно, оной таба турган кылып суйоп коюп, Касыкени эптеп-септеп бозго ороп, которуп алып яхт-клубка алып барчу жолго жетип чуркап жонодум. Карангыга козум тез эле конуп калды. Корккондо адамда куч пайда болот экен. Жыйырма мунотто яхт-клубдан чыккан жарыктар корунду, музыканын ундору, элдердин кыйкырып суйлошкондору угулду.
Жолдон чыгып токойдун ичи менен эн четки пристанга, Касыкенин катери турган жерге туштап чыгып, колго жакындап барып эки жакты карап, тыншап турдум. Бул жакка жарык тийбей, анча эле карангы. Катерлерде бироо болуп калбасын деп аябай эле карадым, тынч, эч ким деле жок окшойт. Касыкенин катери он тарапта, Виталич экообуз байлап кеткен жерде эле туруптур. Жанында ондон ашык катер турат. Саатты карасам бирден кырк мунот отуп калыптыр, эми тез тез кыймылдаш керек. Дагы токой менен жуз метрдей басып яхт-клубдан алысырак барып, чон дарактын тубуно Касыкени жаткызып, телефонуму, тапанчаны дарактын тубуно, чоптун арасына бекитип, шорты, футболкамы чечип, кроссовкамы чечейин деп кайра айныдым. Карангыда, ушундай маалда бутума бир нерсе кирип кетип дагы балээ арттырбайын. Касыкени желкеме которуп, токойдон чуркап чыгып, сууга кирип кеттим. Колго он беш метрдей сузуп кирип, эки жакты тыншап турдум да катерлерди коздой сузуп жонодум. Сууда Касыке анча эле женил болуп калды. Катерге жетип, Касыкени которуп чыга албай турганмын, аркандын бир учун кармап Касыкени сууга кое берип, озум катерге жармашып чыгып арканды бир колум менен кармап, бир колум менен катердин ачкычын бекиткен жерден алайын деп жатсам арт жактан:
- Ширенке барбы?- дейт бироо. Денем дуркуроп, муздап, чачым тике турганы озумо даана сезилди, чочуганга аркан колуман ыргып кетти. Озуму аран токтотуп, артыма бурулуп карасам жакын турган катерде жаткан окшойт, семиз, коз айнекчен, плавкичен бироо карап турат. Колунда тамекинин пачкасы. Мас окшойт. Суйлогонго алым келбей карап калсам:
- Эмне орусча тушунбойсунбу- деп колу менен ширенке куйгузгонсуп жансады. Эки колуму эки жакка жайып, ширенкенин кутусундагы жазуу эсиме тушуптур, негедир:
- Ноу, сафети матчес ноу- депмин. Тигил согунуп:
- Эмне бут эле туристтер ээлеп алганбы бул жерди. Озубуздукулор жокпу- деп суйлонуп, наркоман окшойт, жыгылып кетейин деп аран басып катерден пристанга чыгып, жарык чыккан яхт-клуб жакка басып кетти.
Журогуму кармап бир аз отуруп калдым.
Энендурайын "наркош".
Согунуп алдым да катердин бооруна асылып, сууну сыйпалап арканды таппай койдум. Журогум "шуу" деди, аркан, Касыке корунбойт. Дароо сууга тушуп катерлерди айланып издеп жатсам бутума аркан илинди. Аркандын бир учун кармап катерге сузуп келип жармашып чыгып арканды тез-тез тарта баштадым. Бир маалда аркан тартылбай калды, катуу тартсам арт жактагы катер билинер-билинбес кыймылдап кетти. Жаным чыгып согунуп алып аркандын учун катерге байлап, кайра сууга тушуп, арканды кууп барсам Касыке арт жактагы катердин тубуно кирип кетип, оролгон кездеме чечилип, костюмунун чонтогу катердин бир болтуна илинип калыптыр. Эптеп чыгарып, арканды тартып, сузуп катерге келип, биринчи озум чыгып, Касыкени тартып алып, тепкич менен ылдый тартып тушуп кеттим. Акырын чыгып эки жакты карасам эч ким корунбойт, ачкычты бекиткен жерден алып, эшикти ачып, Касыкени суйроп кирип, чубалып жургон кара кездемени да тартып алып, эшикти ичинен култап алдым. Ушунчалык чарчапмын, эч нерсеге алым келбей сулк эле жатып калдым. Денем озунон озу майда калтырак басып титирейт. Жата берсем болбойт, эптеп ордуман туруп, арканды чечип, Касыкени диванга, бир жагына суйоп жаткызып, туалетке кирип унитазга кездемени сыгып, бир метрдей жыртып алып, акырын эшикти ачып тепкич менен жогору чыгып эки жакты карасам эч ким корунбойт. Катердин устун, колум тийген жерлерди, полду, тепкичтерди таптаза кылып эки-уч сыйра суртуп чыктым. Диванда чон, кургак сулгу жаткан экен, аны менен да бир сыйра кургатып аарчып чыктым. Менин изим калбаса болгону, калганын убагы келгенде коро жатарбыз. Кайра тушуп эшикти ичинен култап алып ичин да бирме-бир тазалап, кайра-кайра суртуп чыктым. Эми тез бул жерден кетип, уйго жетишим керек. Касыкени карап оюма келди, полго отуруп алып куран окуп, бата кылып, эми турайын деп жатсам бироо катердин устуно секирип тушту. Артынан дагы бироо секирип тушту. Катер билинер билинбес кыймылдап кетти. Коркконуман полго жата калдым. Денем дуркуроп чыкты.
Артыман андып келишиптир да. Эми даана кармалдым, терезе кичине, батпайм, качып кете албайсын катердин ичинен. Айласыздан кулуп да алдым. Сонун жерден кармашты, эми кутулуп кете албайм. Гезиттерден, телевизорлордон мени катерден кармалганымы корсотуп жатышканын элестетип жибердим.
Омурумдо биринчи жолу чын дилимден Кудайга жалына баштадым.
Бироосу фонарик жагып тушуп келди, жарыктын нуру эшиктин жылчыгынан корунду, тутканы бурап коруп:
- Бензин куя турган лючокту карачы, ачкычын ошол жерде турат деди эле- деп кыйкырды.
Экинчисинин фонариги терезеден чагылышып, лючокту ачып, издегени угулду.
- Жок, корунбойт.
- Жакшылап карасан, ошол эле жерде турат деген.
- Ээ жок, болсо корот элем да.
- Бир иш айтса эптеп бутуро албайсын-деп суйлонуп тепкич менен чыгып озу издей баштады.
Дагы бироо катерге секирип тушту.
- Кимдин катери?- дегени угулду.
-Ээ бир миллионер бар, базарлары бар Мытищиде, ошонуку. Аялы жаш кыз, биздин шефтин ойношу, ошол кыз шефке чалыптыр, куйоосу жок имиш. Катерди карап койгула дептир. Шеф да кызык, ойлонбойбу озу деле, ошондой миллионер катерде бекинип отурмак беле, бир чурокту алып мейманканада чардап жатат да.
-Шефинер кыйын го миллионерлердин аялдары менен журсо. Коркпойбу, билинип калса олду да.
- Ал кызды корсон сен деле акылынан кетесин. Жуз жылда бир жарала турган кыздардан. Ачкыч жок, эмне кылабыз?
- Шефине чалып айт да.
- Саат канча болду билесинби? Уйкусун бузсан кууруп жейт эртен.
- Эшиктин замогун бузуп кир анда.
-Аха бузуп кир, эртен сотко берип, бриллиантарым бар эле, силер эле алгансынар деп мойнубузга илип койсо сен толойсунбу?
- Эмне кыласын анда?
- Ээ эч ким жок экен, карадык деп коебуз да. Кой кеттик. Тиякты да караш керек, наркоштор тополон чыгарып, бир балээ башташпасын. Эрте менен жарыкта келип карайбыз- деп баары ээрчишип кетишти.
Эмне кутулдумбу?
Ишенбей он муноттой кыймылдабай жата бердим. Акыры озуму колго алып терезеге барып эч нерсе корунбосо да бир аз карап турдум. Эптеп чыгып кетиш керек бул жерден. Сулгу менен колум тийген жерлерди дагы аарчып, арканды, кездемени, сулгуну алып, акырын ачкычты бурап ачып жогору чыгып эки жакты карап уч муноттой отурдум. Тынч. Эшикти култап, ачкычты ордуна бекитип, сууга акырын тушуп суунун тубу менен жээкке сузуп чыгып, чуркап токойго кирип кеттим. Бекиткен жерден кийимдерими кийип, тапанчаны илип, телефонуму алып токойдун ичине беш жуз метрдей кирип, сулгуну, кездемени дарактын тубуно, коюу чоптун арасына бекитип, устуно отундарды коп кылып таштап салдым.
Саат экиден жыйырма мунот отуптур.
Эми чуркаш керек. Токойдо тундо эч ким болбойт экен, айылга тез эле жеттим. Токойдун четине жетип жерге жатып алып сойлоп, ачык жерге жакынырак барып айлананы тыншап беш муноттой жаттым. Жакшы эле окшойт баары, кайра артка сойлоп келип, шатыны алып чуркап коргонго барып, ашып тушуп, шатыны терезени ачып киргизип, озум кайра барып коргондун тубундогу баскан жерлерими, шатынын изи турган жерлерди тегиздеп, эч нерсе билинбей турган кылып салдым. Кроссовкими чечип, колума кармап терезеден ашып тушуп, футболкамы чечип текчелерди, колум тийген жерлерди тазалап аарчып, шатынын да топурак тийген жерлерин тазалап аарчып, терезени ичинен култап алдым. Эшикти акырын ачып Ваня байкенин эшигине келип тыншасам бир калыпта дем алып уктап жатат. Ото акырын басып шатыны которуп жер толого алып тушуп иштеп жаткан болмого коюп койдум. Арканды алып сыртка чыгып, гаражга алып кирип ордуна коюп, устуно майда-чуйдолорду таштап салдым. Короодо Вулкан журот бейкапар. Мага келип бир сыйра жыттап коюп ары басып кетти. Озумун болмомо кирип кроссовкими терезеге жайып койдум да, уйдо кийчу тапичкени илип алып ашканага кирип Ваня байкенин арагын ботолкосу менен эле которуп ичип алып соруго чыгып жатып алдым.
Ар бир кадамымы бирме-бир эстеп чыктым. Менимче артымда из калтырбадым.
Кутулдум окшойт.
Кантип уктап кеткем билбейм, туну менен жаман туштор кирип, кыйналып чыктым. Эртен менен Ваня байке ойготту. Башым ооруп калыптыр. Уйкусурап жактырбагандай, ары караган бойдон;
- Эмне? - десем,
- Мени Асель чакырып жатат, Касыке каза болуптур дейт, барып келейинчи- деп коюп басып кетти. Чочуган адам болуп ордуман ыргып турдум.
- Качан?
Ваня байке бурулган да жок:
- Билбейм, Асель эч нерсе айткан жок, барайынчы билем да- деп машинасын чыгарып дарбазанын алдына алып барып койгон экен, минип чыгып кетти.
Дароо туруп барып карап турсам машине тез эле айылдан чыгып, токойго кирип корунбой калды.
Камераларды караш керек. Чуркап кирип мониторду ачып кечээ тундон баштап ар бир камеранын тартканын бирме бир карап чыктым, мен эле Касыкени которуп жургондорум тушпосо тундо эч ким корунбоптур.
Эртен менен Ваня байке эле тушуптур, бироо менен телефондо суйлошуп жатты.
Акыркы уч-торт кундогу тартылган видеолордун баарын очуруп, камераларды баарын узуп, камералардын жарыгын жапкан изоленталарды сыйрып салдым. Монитордун устун жаап койдум.
Касыкени олтурушкон видеону "облакого" жонотуп, приложенияны очуруп салгам, ал жерден эч ким таппайт. Качан мага керек болсо приложенияны орнотуп, таап алсам болот.
Саат торттордо жер толодо иштеп жатсам Ваня байке кирип келди. Колунда арак, эки стакан, закуска. Учурашып коюп болмонун бир бурчуна, жерге алып келгендерин жайып:
-Кел Касыкени эскерип коелу- деп арак куйду. Тушуп келип жерге отурдум.
Бир стаканды мага сунуп:
- Жакшы киши эле, жаткан жери жумшак болсун, ал- деп ичип жиберди. Мен да ичип жиберип, эт алып келген экен, чайнап отуруп:
- Эмне болуптур- деп сурап койдум.
-Кечээ яхт-клубга барган экен, наркомандар менен мушташып кеткенби, ошолор муунтуп олтурушуптур.
- Ээ жаман болуптур. Этият болбойбу, аякка эмнеге барды экен?
- Ким билет, менттерге эс алып жургондор чалыптыр. Колдун аркы жээгинен табышыптыр-деп дароо башын которуп мени карады эле мен чочуп кетип какап кеттим да дароо Ваня байкени карап калсам унчукпай башын жерге салып калды.
Аатаны, мени текшерген экен да, олтурдум бут ишти, же мага ошондой сезилдиби? "Коркконго кош корунот" болбодубу?
Унчукпай отура бердим. Момоюп журуп алып кыйын окшойт Ваня байке, козунон эч нерсе байкабадым.
Дагы куйду, экообуз ичип, жибердик.
-Бугун эртен менен адамдар коруп калышып менттерге чалып, алар Аселге чалышкан экен, азыр моргго алып кетишти, текшеребиз дейт.
Дагы бир аз отурду да чыгып кетти.
Сыртка чыгып Ваня байкени карасам корунбойт, болмосуно барсам жок. Терезеден сыртты карап турсам гараждан чыкты, ой басып калыптыр. Бир маалда бир нерсени эстедиби, тез-тез басып уйдун арт жагына отуп кетти. Чуркап экинчи кабатка чыгып, арт жак корунгон терезеден ылдыйды карасам Ваня байке коргондун тубун карап, бир нерсе издеп журот. Тушунуктуу да эмне издегени. Мен ашкан жерге келип бир аз карап турду да, тушунду окшойт, дароо биринчи кабаттын терезелерин карады, мен секирип артка жылып кеттим, байкабай калды. Акырын карасам коргондун тубуно келип жерди, коргонду карады да, тез артка бурулуп басып корунбой калды. Мен чуркап жер толого тушуп кеттим.
Бир маалда машинесин минип бир жакка кетти. Сыртка чыгып карап турсам айылдан чыгып корунбой калды, ойлонуп, гаражга кирип аркан таштаган жерди карасам аркандын устуно ташталган буюмдар алынып, аркандын мен байлаган учу чечилип калыптыр. Кармалап корсом суу бойдон, али кургабаптыр. Эми эмнени ойлоду, каякка кетти экен. Ваня байке жашыруун созу болсо болмосундо суйлошпойт, же жолдо келатып суйлошот, же гаражга кирип алып суйлошот. Эч болбосо гаражды тыншап корушум керек. Иштеп аткан болмого келип телефонумдагы ырларды жагып, унун орто чыгарып, болмого коюп, сыртка чыгып Ваня байкени кутуп отурдум. Бир сааттан кийин кочонун башынан машинасы корунду. Чуркап барып гараждын устуно чыгып узунуман жатып алдым.
Ваня байке машинасын туура эле гаражга айдап кирип токтотуп, соруго барып ичин карап, менин жоктугуму коруп, тез-тез басып гаражга кирип калдыратып бир нерсени алып дарбазага жакын келип дымы чыкпай калды да, эки муноттон кийин уну угулду:
- Эрма, ушунун эле кылганы. Сен туура айтыпсын, бут окшошуп жатат. Колго барып баарын салыштырып келдим. Аркандагы балырлар ошол колдун балырлары, мына колумда кургаганы турат, лупа менен кургаганын алып келип салыштырып атам. Бул жактарда андай тустогу балыр болбойт. Кроссовкисин да терезеге жайып коюптур, анда да дал ошондой балырлар жармашып журот. Кроссовкисинин таманында колдун жээгиндегидей кызыл кум жармашып журот. Бул жактарда андай кум жок, деги эле бул жакта кум жок. Кумду да салыштырып кордум, тусу окшош. Катердин бооруна тушкон издер да ушунуку, кроссовкисинин таманын суротко тартып алып барып салыштырып кордум, дал ошол. Касыкенин костюм, шымындагы чан да коргондун чаны. Атайын бир эски костюмуму коргондун чанына суртуп, сууга салып кургатып кордум, дал ошондой кир болуп калды. Коргондон Касыкени арканга байлап тартып чыккан экен, Касыкенин кийимине чан сурулуп, жугуп калыптыр. Русландын футболкасы менен шортысын да кордум, ошол коргондун чаны жугуп калыптыр. Футболкасы менен колу тийген жерлерди аарчыптыр, бут чан. Коргондон ашкан жерин да кордум, кийимдер тийген жерлер аарчылып калыптыр, жердеги тушкон издерин колу менен тегиздептир. Мен тырмоок менен туздойм да, башкача болуп калыптыр. Туура айтыпсын, сейфти да билет, Касыкени сейфке бекиткен. Акчалар да баары бир пачкадан алынган, акча банктан алынган, себеби акчалар жапжаны, номерлери удаалаш.
Нарактагысы бир иштерди тапшырды окшойт, "макул, макул" деп эле жатты.
- Тушундум Эрма, тушундум. Бирок бугундон калтырбайлы. Эгер Асель экоонун видеонорду бироолорго жонотуп жиберсе эч нерсе кыла албай калабыз. Баарыбыздын башыбыз кетет. Озун кордунбу видеону?
- Коруп кой, Бахага жонотком. Сенин онун дапдаана тушуптур, камераны копко чейин карап турган экенсин-деп уну чыкпай калды да:
- Макул тушундум. Эми уктабайм, айттым го сага, уйку дары кошуп койгон экен деп. Кимдин оюна келет дейсин. Сууларды тогуп салгам.
- Макул, макул, мен баарын даярдап коем - деп телефонду очурду окшойт. Бир аздан кийин гараждан чыгып уйго кирип кетти. Мен дароо гараждын устунон секирип тушуп, терезелерден ылдый болуп отуп холлго акырын кирип тыншасам ашканада бир нерселерди калдыратып атат, байкалбай жер толого тушуп кеттим.
Бут эле билип коюшуптур да. Эрма дегени башчысы окшойт, ким болсо да кыйын адам экен. Асель деле ошонун акылы менен журсо керек.
Кимдин оюна келет дейсин минтип балырлардан, тамандагы изден, чандан билип коет деп. Сейфтеги пачкадан алган беш миндиктерди болмомдогу дивандын тигилишин жыртып, бекитип, сыртынан тигип койгон элем, ошону да таап алышыптыр.
А видеону кайдан коро койду эч эле акылым жетпеди. Телефонуман корушкон окшойт, эгер компьютерден корушсо сейфти да билишет эле каерде экенин. Телефонумда Касыкени олтурушкон кундогу окуялар эле тартылган.
Булар ушунчалыкка барып калышты, сейфти корсоткон куну деле мени тируу коюшпайт. Коркушат да бир куну сатып коет деп.
Болмомо кирип акчам бекитилген жерди сыйпаласам ордунда экен. Тигилишин телефондун жарыгы менен жакшылап карасам жиби согулуп кайра башынан тигилгени билинип турат. Акчаны коруп кайра ордундай кылып тигип коюптур.
"Бугун тундо" деп мени кармайбыз деп суйлошту да. Карангы кирери менен Ваня байкеге корунбой кетем, эмне болсо ошол болсун, бир аз акча алам да тундоп Москвага жетип, туура эле аэропортко барып самолет менен Кыргызстанга учуп кетем.
Бекиткен акчаларды санасам жуз элуу беш мин экен. Жетет. Кеч киришин чыдамсыздык менен куто баштадым.
Токойдун ичи менен яхт-клуб жакка барсам эс алуучулар коп, машина коп, демек такси да болот. Эптеп Мытищиге жетип алсам андан ары Москвага электричка каттайт. Автобус, бусиктер деле толтура болсо керек.
Саат аран эле алты болуптур. Жер толого, иштеп аткан болмомо кирип алып ой басып отуруп калган экем, Ваня байкенин киргенин укпай калыпмын. Эшикти да жаап албаган экенмин. Ваня байке баш багып:
- Журу тамак даяр болду-деп коюп чыгып кетти.
Тамакка эч эле табитим жок эле, Ваня байкенин козуно эптеп эле жеп, кайра жер толого тушуп кеттим.
Тапанчаны алып алам, бир нерсе деш кыйын, яхт-клубга жеткенде сууга ыргытып жиберем.
Озуму алаксытайын деп телефонумдагы суротторду карап отурсам Касыкени олтургон адамдын суротун скриншот кылып алган элем, ошол чыгып калды. Ошондо эстедим каерден коргонуму. Адашпасам эки жылдай мурун Бишкекте индиялыкпы же пакистандыкпы бир бизнесменди тундо уйуно кирип олтуруп, аябай коп акчасын алып кетишти деп эки эркек, бир кыздын суроту чыккан. Элде аябай талкуу болгон. Ошол суроттогу адам эле.
Интернеттен издеп тез эле таптым. "Тунку каракчылар" деген макала экен. Суротту чонойтуп карасам дал ошол, Касыкени олтургон адам эле. Суроттун тубуно аты, фамилиясы да жазылыптыр, Бекбоев Эрмек деген адам экен. Ваня байкенин телефондогу "Эрма.Боссу" да. Тундо машинада келишкендер да ушулар эле болушу керек. Коздору каристердикине окшоп кичинекей, жакын жайланышкан, бир башкача суук болчу, мен ошо суук коздорун эстеп калган экенмин. Берки эки суротту да чонойтуп эркегин тааныбадым, сакалчан, кейпи суук, дунуройгон капкара адам экен. Аты Бактияр Жанабаев экен.
А кызды дароо эле тааныдым... Асель эле!!!
Гезиттеги суротундо хиджаб кийип, оронуп чулганып алган экен, ошого окшоштура албаган окшойм.
Аселдин оз аты Караева Гулумкан экен.
Макаланы окуп чыктым. Кыскача мындай экен. Асель ошол бизнесменге турмушка чыгыптыр. Бир жылдай жашагандан кийин, олтурор куну эшикти Асель ачып берип, шериктери кирип бизнесменди колу-бутун байлап, кыйнап, аябай коп акчасын алып, озун жип менен муунтуп олтуруп из жашырып кетишиптир. Ошол бойдон кармалбай, дайынсыз кетишкен экен.
Бир ордумда тынч тура албай калдым. Чынын айтайын корко баштадым. Саат эми жети жарым болду. Же кете берсемби азыр эле. Ваня байке кеткеними билип калса Аселге айтса, Асель менттерге айтса, Россиядан да чыга албай калам.
Ваня байкеге эптеп бир жолун таап дагы уйку дары беришим керек, ойгонгуча учуп кетем да Кыргызстанга. Же кармап, колу-бутун байлап, камап салыш керек.
Сыртка чыгып тамеки чегип отурдум. Негедир бир нерсе жетишпей жаткансып журогум тупойул боло берди, эки жакты карап, эмне жетишпей жатат деп анан оюма келди, Вулкан корунбойт. Эшикке чыкканымы билсе соссуз келчу эле, катуу жотолуп да кордум, жок. Ваня байке гаражга камаптыр да.
Ичим "дурр" деп муздап чыкты. Демек азыр келишет экен да, же келип карап турушабы? Тамекими чегип отуруп акырын эки жакты карасам эч нерсенин шеги билинбейт.
Тапанчаны жер толого, иштеп жаткан болмомо бекиткен элем, тамекими очуруп, шашканымы билдирбей акырын басып уйго кирип жер толого тушуп, эшикти ачып журогум 'шуу" деди, тапанча такап суроттогу экоосу турат. Касыкени олтургону, Эрмек бою узун, чон адам экен. Берки шериги Бактияр, сакалчан, бою менден бир аз кичирээк, бирок аябай машыгыптыр, булчундары чыккан кучтуу бала экен. Экоосунун тен колунда тапанча, мага такап турушат. Эмне кылышты билбей дабдырап туруп калсам Ваня байке артымда бекинип келген окшойт, тепкичтен тушуп келип тапанчасы менен нукуп:
- Кир Руслан, кир- деп туртуп киргизди да озу да кирип эшикти жаап алды.
Экоосу мени сынап карап турушат. Мен башымы жерге салып эле туруп бердим.
Эрмек Ваня байкеге:
- Сыртты карап тур- деп жонотуп жиберип тапанчасын артына, шымына кыстарып мага жакын келди да ушунчалык тездик менен ичиме муштумдап бир койду эле, козумон от чагылышып эле, дем жетпей, озоруп жатып калдым. Анча жаттым озумо келе албай. Бокс менен машыккан окшойт, барскан менен эле ургандай болду. Бул ударды бокста "апперкот" деп коет, ылдыйдан жогору каратып урганда эгер ээкке тийсе, мындай куч менен урса анча мынча адам тиги дуйного сапар тартат ошондон ары.
- Ээ тур эй, эркексинби? Ушул ударга да ушунча жатасынбы? Мунун жаны жок турбайбы- деп Бактияр, кодосу суйлоду.
- Тим кой бир аз озуно келсин- сен барып алконавтты карап кой. Ичпесин, эки жакты жакшылап карасын. Итти да чыгарып койсун айтып кой, бироо келсе уруп билдирип турат. Анан компьютерден "жесткий дискти" чыгарып кел- деп жонотуп жиберип озу калды.
Эптеп дубалга суйонуп туруп Эрмекти карасам мени кантип урсам деп муштумун даярдап турган экен. Бир аз туздолсом дагы ичиме катуу уруп, ичими басып буктолуп калсам далыма бир койду эле жыгылып калдым. Дем жетпей, аран кыска-кыска, тез-тез дем алып жатып аран озумо келдим. Эптеп дубалга суйонуп отуруп калдым. Эрмек чачыман кармап тартып башымы которуп козумо карап турду да, жетишет деди окшойт, чонтогунон тамеки алып чыгып куйгузуп, жер толонун кичинекей терезесинен сыртты карап, тамекинин тутунун сыртка уйлоп ары карап туруп алды.
Дем алуум аран озуно келди. Акырын эки жакты карасам Эрмектин бутунун жанында перфоратор жатыптыр. Жарайт. Дагы бир аз отуруп, эптеп турдум да, Эрмек мени бурулуп карады эле чонтогумон тамекими алып чыгып, бир даанасын оозума тиштеп, чонтогуму кармалап зажигалкамы таппаган адам болуп Эрмекти карасам чонтогунон зажигалкасын алып мага сунду. Мен зажигалканы албастан бир колум менен тамекини кармап, бир колум менен ичими кармап аран жылып жанына барсам бир колу менен зажигалканы куйгузуп, экинчи колу менен шамалдан тосконсуп калкалап мага бир аз энкейди. Тамекими оозума тиштеп ылдый болуп жакындасам, башын бир аз арырак кылды эле ээги ачылып калды. Кучумун барынча ээгине муштумдап урсам, бир саамга озун жоготуп койду, тез жерде жаткан перфораторду алып дал мандайына кучумун барынча берип калдым. Шылк эле тушуп калды. Эшикти ичинен култап, мен иштеткен скотч бар эле, скотч менен колун артына кайрып бириктирип, кабат, кабат кылып ороп салдым. Бутун да ородум скотчту аябай. Оозун да скотчтоп таштадым. Эрмек баары бир кучтуу адам экен, бир заматта озуно келип, мени ичиме сузушко аракет кылды. Эки кулагынан кармап кучумун барынча полго суздуруп, суздуруп койсом унчукпай калды. Дароо тапанчасын алып, эшикти тыншасам эч дабыш билинбейт, акырын ачып тепкич менен которулуп холлдун ичин карасам Ваня байке корунбойт. Бутумдагы сланцыны чечип,, акырын компьютер турган болмого барсам Бактияр отуруп алып процессордун ичин чукулап жатыптыр, артынан барсам байкабады. Башына тапанчаны такап, шымына кыстарылган тапанчасын алып далысына, журок тушуна такадым:
-Кыймылдаба, унуну чыгарба. Колуну котор, мен коро турган болоюн, кымындай эле кыйшандасан атам тушундунбу?
- Тушундум, тушундум.
- Бас-деп тапанчаны башына такаган бойдон жер толого алып тушуп кеттим. Ваня байке корунбойт канча карасам да. Эрмек озуно келип, дубалга суйонуп эмне кылышын билбей жаны чыгып отурган экен. Эшикти ичинен илип Бактиярды тапанчанын арты менен желкесине катуу бир койсом жыгылып калды. Анын да колу бутун, оозун скотч менен чытыратып ороп, суйроп Эрмектин жанына алып барып, дубалга суйоп отургузуп койдум.
Терезе кичинекей эле, сырттан эч нерсе корунбой турган кылып жаап, оор темирлер менен тосуп салдым.
Ангыча Бактияр да озуно келди. Эки жакты карап, мени карап, колу-бутун булкулдатып корду да, чече албасына козу жеттиби айласы жок отуруп калды. Булар олумдон да коркпогон жанкечтилер экен.
Экоосун телефонго видеого тартып, Касыкени олтургон видеону кошуп Кайратка жоноттум да тубуно:
"Кайрат ушул видеолорду бир флешкага кочуруп бекитип кой, анан видеолорду телефонунан очуруп сал, эч ким корбосун. Керек болгондо сурайм" деп жазып жонотуп жибердим. Кайрат дароо эле окуду жоноткондоруму.
"Азырынча мага чалбай тур, эч нерсе сураба" деп жазып койдум.
Чалган жок. "Тушундум" деген гана жооп жазып койду.
Кайратка жонотконуму эч ким билбеси учун озумдогу жоноткондорду, жазгандарымын баарын очуруп салдым.
Эми полицияга чалса болот.
Дароо эле алышты.
- Алло полиция, тез келип калгыла, уйго ууру кирди- деп даректи айтсам дежурный ордунан секирип эле кетти окшойт:
- Он беш мунотто барып калышат. Эмне болуп жатат, омурунорго коркунуч жокпу, камералар иштеп жатабы?- деп ар нерсени сурай баштады эле:
- Тез келип калгыла, болду очурдум, дарбаза жабык болсо ашып тушуп кире бергиле- деп очуруп койдум.
Ваня байке кыжалат кылып жатты. Ушунча убакыт отту, али-бери келиши керек эле. Эшикти тыншасам тынч, эч нерсенин шеги билинбейт. Чыгып коройун деп чечтим, мен биринчи барып кармабасам келип калса, тынч турсак шекшип бир нерсени баштабасын. Эшикти дагы тыншадым, тыптынч. Акырын тутканы кармасам Ваня байке тутканы токко улап койгон экен, ток тартып, ордуман секирип кеттим. Ваня байке эшикти сыртынан катуу тепкенде башыма тийип, учуп туштум. Ваня байке чуркап кирип башыма тээп-тээп алды, калганы эсимде жок.
Озумо келсем болмомдо диванда жатыпмын, Ваня байке отургуч коюп алып жанымда мени карап отурат. Оозума арак куюшкан окшойт, бут эле арак даамданып, ичиришкен да окшойт. Жакшы эле тепкилешип алышкан окшойт, бут эле жерим ооруп жатат. Бирок сынган жери билинбейт. Колу-бутуму диванга байлап салышыптыр, тура албайм. Али керекмин да буларга.
Козуму ачканымы коруп:
- Аа моджахед озуно келдинби. Тынч жат, эми дагы бир нерсени баштасан тируу калбайсын.
Кулушко аракет кылдым:
-Сейфти тапмайынча мени эч нерсе кылбайсынар. Эмнени ойлоп таптынар дагы, "боевиктерин" кана?
- Азырынча эч нерсе айталбайм. Телефонуну Эрма алып кетти, эртен менен саат сегизде чалышат, ошондо билинет. Сен коп эле секире бербе, жетишет. Тынч жат. Менттер келди, сени ичип алган эле деп аран кутулдум. Эгер дагы бир онор корсотсон олосун. Уй биздики баары бир, ар бир кирпичин чыгарсак да сейфти табабыз. Жакшылыкча озун корсотуп берсен миллион рубль беребиз кете бересин. Эртен мененге чейин убактын бар, ойлон. Эми сага тушундуруп отургудай жаш бала эмессин. Тушуносун эмне болоорунду, олугунду токойго алып барып комуп салсак эч ким таппайт. Мен кеттим, эртен менен суйлошобуз-деп жарыкты очуруп чыгып кетти.
Колу-бутуму аябай эле ороп салышыптыр, чечишке эч эле арга жок. Жата бердим.
Олгонум ушулбу? Ар нерсе оюма келет, эми жазган менен эмне пайда.
Уйду сагындым, Кыргызстанды, ушунчалык куса болуп кеттим. Ыйлагым келип кетти. Тамеки чегип алсам бир аз болсо да тынчтанат белем?
Туну менен ойлонуп чыктым. Маал-маал уктап да алдым окшойт, айтор эптеп тан атты.
Саат жети болуп калды окшойт, Ваня байке кирип келди, бир колунда торт пачка беш миндик рубльдар, бир колунда тапанча, мага корсотуп октоп койду да:
- Соз мындай, Эрма телефонунан видеолоруну тааптыр, "облако" дейби, ошол жакка бекиткен экенсин. Сейфти корсотсун дейт, эгер корсотпосон Касыкени сенин мойнуна илиш оной эле, омур боюга камаласын. Бизди саткан кунундо деле куру созуно эч ким ишенбейт, бекер эле омурун турмодо отот. Эрма эки миллион берем дейт.
- Эми озун ойлосон, кантип эле мени тируу кетирип жибересинер? Ким ишенет?
- Руслан эмне адам олтуруш эле оной дейсинби? Эрма деле бул иштин тынч бутушун каалайт. Сен жонундо видео бизде сакталат, озуну сакташ учун сен деле эч кимге эч нерсе айтпайсын да. Сен айтпасан бизге эмне кереги бар ашыкча баш оорунун. Кой созду кобойтпойлу, бул жерде эки миллион рубль, кааласан эсептеп текшерип ал. Анан сен бизге ишенишин учун мен сени менен Мытищиге, "Красный Кит" деген соода туйунун билесин да, эл коп болот, ошол жерге чейин бирге барам. Эрмалар уйго келип турушат, сейфтин каерде экенин, кодду айтасын, табышаары менен мага чалышат, мен сага акчаны берем, андан ары сен оз жолун менен кетесин, биз оз жолубуз менен кетебиз.
Ойлонуп корсом чын эле айтып жаткандай. Ээ эртерээк эле бул балээ бутсо экен, аябай чарчапмын, эмне болсо ошол болсун, акчаларды алып ары жок болушсун бул акмактар. Мен да тынч эле уйумо кетип калайынчы бул балекеттен. А калганы эмне болсо ошол болсун. Ар ким оз... Ээ кыскасы кетем.
Эки миллион рубль бул менин ушунча кыйналганым учун толонгон акы, иштеп таптым мен бул акчаны. Кетем.
Ваня байке козумо карап туруп тушунду окшойт эмнени ойлогонуму, жымыйып койду.
-Эртен мага тийбейсинерби, Кыргызстанда тынч жашаймынбы?
- Сенин кимге керегин бар? Биз кантип Кыргызстанга барабыз, озун ойлосон. Биздин бир эле жолубуз калган, бул жактардан алысыраак кетуу. Эмне дейсин, суйлоштукпу?
- Суйлоштук.
- Азамат, азамат, башында эле ушинтсен болмок, болдубу, эч нерсе баштабайсынбы, соз буттубу?-
- Болду бутту, эмнени баштамак элем, силердин колунардамын да?
Козумо копко чейин карап турду да, колунан эмне келмек эле дедиби:
- Макул- деп колу-бутуму чечип койду- тезирээк даярданып чык, машинаны алып чыгып турам.
Кийинип чыксам дарбазанын алдында туруптур, дароо эле Мытищиге жонодук.
"Красный Кит" Мытищинин ортосунда жайланышкан чон имарат. Саат тогузда ачылат экен, эшигинде бир топ адам ачылышын кутуп туруптур. Бул жерде мага эч нерсе кыла алышпайт, акчаны аларым менен "Красный Китке" кирип кетсем, башка дагы эшиги бар да, ошол жагынан чыгып такси кармап туура эле Москвага, аэропортко барып, билеттин баасына карабай алып учуп кетем.
Ваня байке саатын карап койду:
- Он беш муноттон кийин ачылат эмне кылабыз?
- Ачылышын кутобуз.
Жолдо келатып уйго кетээрими элестетип ичим жылып суйунуп келдим. Ээ эртерээк эле кетип, баарын унутуп тынч жашайынчы. Эми эч нерсеге аралашпайм, тынч жашаган жакшы турбайбы.
Акыры дукон ачылып, элдер кирип кетишкенде:
- Журу элге жакынырак баралы.
Экообуз дуконго, элге жакынырак барып тамеки чеккен жерде бирден тамеки куйгуздук.
- Эрмана чал.
Ваня байке дароо Эрмасына чалды:
- Русланга берем.
Телефонду алсам ошол Эрмасынын уну:
- Угуп жатам Руслан.
- Алло соз мындай, мен баары бир видеону кайра "восстановить" этип алам, менин дарегимде калган. Менде этияттан сакталып турат. Ошого мага тийишпегиле, мен тынч кетейин, сен да тынч жаша. Суйлоштукпу?
- Сен тараптан эле бир нерсе болбосо биз тараптан эч нерсе болбойт. Сейф каерде?
Баарын тушундурдум, уйго келип калышкан экен, пультту издегени, дубалдын ачылганы, сейфтин ачылганы телефондон угулуп турду. Акчаны корушкондо шеригинин суйунуп суйлонгону угулду.
- Болду Руслан, телефонду Ваня байкеге бер.
Телефонду берсем Ваня байке угуп турду да:
- Макул- деп коюп мага акчаны карматты. Козуно карасам тынч эле, жаман ою жоктой.
Унчукпай акчаны алып, дароо элге аралашып дуконго кирип кеттим. Ичине кирип терезеден карасам Ваня байке тамекисин очуруп тез-тез басып машинасын минип кетип калды. Булар деле менден кутула албай эле турушкан окшойт.
Кутулдумбу, буттубу баары. Акчаны шымымын чонтогуно салып, башка эшиктен чыгып кеттим.
Сырттан биринчи эле таксиге отуруп:
- Туз айдай бер-деп, такси беш кочодон откондо акчасын толоп тушуп калып, чакан кочо бар экен кирип кеттим, кочонун аягына чейин барып артымы карасам эч ким корунбойт. Дагы узун, эки кочодон оттум, артымы карасам тынч.
Артыман андыган эч ким байкалбайт. Мени эмне кылышмак эле артыман андып. Акчаны алышты, эми алыс кетиштин камында болушат да.
Эми туура Москвага кетишим керек. Тушко калбай учуп кетсем керек.
Барып эле Бишкектен машина алам.
Таксилерди карап бир озбек эле деп койдум бала турган экен, ошого барып отурдум.
- Москвага- десем мени тан калып усту-башымы бир карап койду- Москвага кымбат болуп калат, электричкада эле кеткенин жакшы го.
- Шашылыш, самолетко кечигип атам. Билет куйуп кетет.
- Аа анда макул- мин сом, аэропортко десен эки мин сом болот.
- Айда кеттик, тез жеткизсен беш жуз дагы кошом.
- Болот, кеттик.
Жакшы эле ушул озбекке отурган экенмин, жолдо "пробка" дедиби, майда-чуйдо кочолор менен айдап жоноду.
Радиодон орусча 80-жылкы атактуу ырлар болуп жатыптыр, козуму жумуп алып угуп кете бердим.
Он мунот болуп калган, токойду бойлоп кеткен жол менен баратканбыз, радиодон Алена Апина "Узелки" деген ырын ырдап аткан, мага жакчу, мен да ичимен кошо ырдап аткам, кокусунан эле ыр толук бутпой, ортосунан эле очуп:
-Шашылыш кабар, адам олтурууго шектелген адам качты. Азыр Мытищинин ичинде эле болсо керек-деп мени суроттоп, аты-жонуму толук айтып, азыркы кийинген кийимими толук айтып-кимде-ким коруп калса полицияга чалгыла- деп кайра-кайра айта баштады. Журогум "шуу" деп, ичим муздап чыкты. Таксист мени артты корсоткон кузгудон карап, козумон эле тушунду, машинаны дароо жолдун чекесине токтотту:
- Сени эле айтып жатышат, билбейм эмне болгонун, мумкун чындап эле олтургондурсун, ал менин ишим эмес. Сага кылган жардамым болсун, ушул жерге тушуп кал да токойду аралап кирип кет. Сен жонундо эч кимге эч нерсе айтпайм, эгер мага отурганыны билип калышса шаардын башка жагын айтып, ошол жакта тушуп калган деп коем.
Суйунуп кеттим, акча сунсам албай койду:
- Озун минтип журсон акчаны кантип алам. Кереги жок, эптеп кутулуп кетсен болду. Бул жерлерде адам коп деле боло бербейт, аркы башында суу сактагыч бар, бою бут эле яхт-клубдар, пляждар, ошол жакка барбасан эле болгону.
Бардачогунан эки навай нан, жарымы тиштелип жейилген чон колбаса, бир аз сыр бар экен, баарын бир пакетке салып колума карматты.
Дароо чуркап токойго кирип кеттим. Таксист машинасын буруп шаарга кетти.
Токойго, бул жагына адам коп деле келе бербейт окшойт, таштанды, адам отурганда калчу издер корунбойт.
Оюма эч нерсе келбей, токойду аралап копко чейин кете бердим. Энендурайындар сатыптыр да мени, Мытищинин полициясына кармап беришсе менин кутулуп кете албашымы жакшы тушунушот да. Аселдин, энендурайын Кобра, тааныштары кармаса камап жок кылышат. Эми каякка барам, эмне кылам. Адамдар баары эле угат, суротуму корушот, айтор айлам кетти.
Калын, бийик оскон чоптордун арасына кирип жатып алдым.
Эми эмне кылам?
Мындайда эн негизгиси озуну жоготпошун керек, алактап шашып ката кетирбешин керек. Эч нерсени ойлонбоюн деп ичимен санай баштадым, он минге чейин санап жата бердим.
Эми ушул токойдон чыкпай кеминде бир жума бекинип, жан адамга корунбой жатышым керек. Бир жумада менттер деле, адамдар деле мени Мытищиден чыгып кетти деп ойлошуп калат. Калганын коро жатарбыз дагы. Бирок ачка кантип жата берем. Касыкенин токойдогу шашлык бышырып жеген уйуно барам. Уйдо тошончу, бир аз кийимдер бар, алып токойдун адам барбаган жагына кирип кетсем болот. Ал жакта эс алгандар коп, шашлыктары, нан, момо-жемиштери калат, эптеп жашап турам.
Тун кирээри менен жонойм. Конулум бир аз жайланышып, чопко жатып алдым.
Милицияга колго тушкондон коро керек болсо бир ай болсо да токойдон чыкпай жата берем.
Эптеп женип чыгышым керек, а женуучуну эч ким соттобойт.
Тун кирди, саат канча болгонун билбейм, бирок бир топ эле болуп калды. Ай чыккан жакты карап, яхт-клубдар каякта экенин боолголоп тушундум да этият басып жонодум. Бул жактан менттер мени коп деле издебесе керек мындай жети тундо. Акыры колго чыктым. Ай жарык болгондуктан тушундум, колдун аркы бетинен чыгыпмын. Эми колду бойлоп бара берсем биз Касыкелер болуп катер менен откон каналга соссуз туш болом. Бир сааттай бастым окшойт, каналга чыктым да каналды бойлоп барып уйду таап алдым. Бир аз уйду карап жаттым, тынч эле, эч нерсенин шеги билинбейт. Ким болмок эле уйдо, тан атып кет электе эртерээк кирип тошончулорду алып, суу болсо керек, суу алам, жегенге бир нерсе таап алсам, кеминде эки кун эч жакка чыкпай бир жерге бекинип алып жата берем. Бул жакка келатып бир жерди коргом, ошол жерге бекинем.
Колумдагы таксист озбек бала берген пакетке акчалардын баарын, документтерими салып, чон дарактын тубуно, чириген чоптордун тубуно бекитип, акырын жормолоп уйдун арт жагынан барып терезесинен ичин карайын десем, биринчи тушунбодум, анан жетти, терезени ичинен кара кездеме менен аябай жабышкан экен, бирок чекесинде бир жери кичине ачылып калыптыр. Светтин жарыгы чыгып турат. Дароо жерге жата калдым, демек менттер мени кутуп отурушкан экен да баары бир келет деп. Бирок ким билмек эле менин бул уйго келгеними. Виталич, Касыкенин досу ошондо эле кеткен Калининградына. Же свет очурулбой калды бекен. Ээ кыскасы турсам эле мени коруп коюшуп кармап алчудай болуп, ордумда он муноттой кыймылдабай жата бердим. Терезелер бут пластиктен болгондуктан ичинде мылтык атылса да сыртка угулбаса керек. Он муноттой жаттым, мумкун уйдо эч ким жоктур, свет очурулбой калгандыр. Мындай ыссыкта уйдун ичи дем болуп кетет, эгер уйдо адам болсо соссуз терезени ачат. Карап корушум керек, жата берсем болбойт, ордуман акырын туруп терезенин жарык чыккан жеринен ичин карасам ортодогу столдо отурган Касыкени олтургон Эрмек менен Ваня байке корунду, экоосунун тен колтугунда тапанча. Карта ойноп жатышкан окшойт, столдо акчалар жатат уйулуп. Кеминде дагы эки адам бар экен булардан башка, колдору корунуп жатты. Арыда Асель диванда жатат, шорты кийип, устундо кыска футболка. Уйдун ичи ото эле ысып кеткен окшойт, маал-маал желпинип коюп телефон чукулап жатат. Эрмек менен Ваня байке экоосу тен тамеки чегип жатышат, уйдун ичи тутун. Берки шериктери да чегип жатышат окшойт, тамекинин калдыгын таштаган идиш толуп калыптыр. Эки жакты карасам тынч эле, уйдун ичин карап турсам Асель тутунго чыдабады окшойт Эрмекке карап чекесин тырыштырып бир нерселерди суйлоду эле Эрмек тушундагы шеригине бир нерсе деп суйлоду. Бир маалда свет очту да бироо кылдыратып терезени ача баштады. Мен дароо жерге жатып, тез-тез сойлоп уйду айланып кеттим. Уйдун бурчунан бурулсам бироо чалкасынан жатып алып, музыка угуп атканбы, кулагында наушник, асманды карап жаткан экен, менин келгеними угуп чочуп артты карады эле, дароо оозун басып, моюнун билегим менен муунтуп, устунон басып, эки бутум менен эки бутун кысып жатып калдым. Тааныдым. Эрмек менен барып мени кармайбыз деген Бактияр эле. Ныгырып, салмагым менен басып жата бердим. Кучтуу экен, анча эле булкунду, бирок моюнун алдырып койгон, кантип чыкмак эле, анчадан кийин озун жоготуп жатып калды. Дагы бир аз муунтуп жаттым да, кое берсем шылк деп эле жатып калды. Дароо футболкасын чечип эки бутун байлап, бутундагы кроссовкисинин боосун чечип эки колун артына байлап, оозуна бейсболкасын тыгып салдым да чуркап токойго кирип кеттим. Бул жактардан алыс кетиш керек. Токойго жетип бир дарактан отсом бироонун оор муштуму дал кокурогумо тийди. Эки буктолуп эле дем жетпей жатып калдым. Экоо экен, карангыда корунбойт кимдер экени, бироосу дароо оозуму жаап, экинчиси колуму артыма кайрып, колума кишен салып, комкоромон жаткызып, бироосу автоматын такап:
- Унуну чыгарсан атам, жашагын келсе унуну чыгарба-деп автоматтын учу менен башымы жерге ныгырып койду.
- Макул, макул.
Желкемен кармап суйроп мени токойго алып кирип кетишти. Коп эле окшойт булар, арыда полициянын кийимин кийген беш адам турушат. Бироосу фонарик жагып мени карап турду да жанындагысына:
- Бул мен айткан электрик, "козел отпушения". Издоого ушуну беришкен.
- Макул анда жатып турсун, кийин чечебиз эмне кылышты. Жетинчи, сен карап кал. Калганыбыз кеттик- деп рациясы бар экен:
- Даярдангыла- деп коюп баары ээрчишип уйду коздой кетишти. Акырын башымы которуп карасам козу эле корунгон, капкара кийинген "СОБР"дын адамы экен. Автоматы менен башымы жерге басып койду. Тошундо рация илинип турат.
Рациясынан башчысынын буйрук бергени, суйлошкондору угулуп жатты. Бир маалда "Кеттик" деген ун угулуп, бир аздан кийин тапанчалардын, автоматтардын атылганы, адамдардын кыйкыргандары, айтор тополон болуп кетти да кайра тез эле басылып калды.
Он муноттой отту окшойт, машиналардын келгени угулду да, бир аздан кийин машиналар кайра кете башташты. Мени карап турган адам рациясын басып:
- Биринчи, биринчи мен жетинчи, мен кармап турган адамды эмне кылайын?-деп сурады.
- Жетинчи келе бер биякка, ал жон эле козу карын терип жургон адам экен, кое бер, кете берсин.
Ортодон бироо созго аралашты.
- Биринчи, биринчи мен экинчи, эмнеге кое берет, ал да куноолуу да.
- Жетинчи, ошол жерде туруп тур, экинчи жетинчинин жанына бар.
Бир маалда илмийген арык мент токойдон чыгып жаныбызга келип, мени бутунун учу менен бутума бир тээп рациясынан суйлойун деп жатканда телефону шынгырап калды. Дароо телефонун алып:
-Да угуп жатам биринчи-деп бир аз угуп турду да, телефонун "громкий связга" коюп бизге да угула турган кылып тосуп турду. Телефондогу ун:
- Жетинчи мени кандай угуп жатасын?
- Мен жетинчи, жакшы угуп жатам.
- Тигил кармап турган баланар козу карын терип эле жургон адам экен кандай тушундун.
- Биринчи, мен жетинчи, тушундум, козу карын терип эле жургон адам экен.
- Анда эмне куноосу жок адамды кармап турасын, кое бер да экинчиге айт, экоон тез барып уйду карагыла, куралдар болушу мумкун. Кыскасы бир саатта криминалисттер келет, ага чейин уйго жан адам жолобосун. Жетинчи, уйго сен керт башын менен жооп бересин, экинчи сенин айтканыны аткарсын айтып кой. Экинчиге дагы айтып кой, эгер жумушуна дагы мындай жоопкерчиликсиз мамиле кылса иштен айдалат. Кандай тушундун жетинчи?
- Тушундум биринчи, бул адамды кое берип, экинчи экообуз барып уйду карайбыз.
- Макул ийгилик-деп телефон очуп калды.
Илмийген мент ордунан секирип кетти, согунуп-согунуп алды:
-Кантип кое беребиз, бул деген кылмышкер да- деп эле ордунда туйлай баштады.
Жетинчи маскасын чечип, менин колумдагы кишенди чечти да тургузуп, далыман таптап:
- Биз сени адашып кармаппыз, бара бер, козу карыны тере бер- деп автоматын далысына илип, кийимдерин кагына баштады.
Бир маалда илмийгендин телефону дагы шынгырады:
- Да?
- Аа макул тушундум. Ооба кое бердик, уйго баратабыз. Тушундум, азыр алып келем- деп телефонун очурду да согунуп-согунуп алды.
- Биринчиби? Эмне дейт?
- Эмне дейт, эмне дейт? Мобул акмактын дагы бир шериги бар экен, экоосу бирге козу карын терип журушкон экен, ошол шериги уйдун жанында туруптур, экоосу бири-биринен адашып кетишкен экен, корсотуп кой дейт-деп аябай эле согунуп алды.
Жетинчи каткырып кулуп жиберди:
-Анда эмне турасын, эмне жумуштан айдалгын келип турабы, барып шеригин алып кел биякка.
Илмийген оозун ачып жетинчини карап калды да, башына жеттиби, суйлонгон бойдон уй жакка чуркап кетти.
Мен эч нерсени тушунбой эле карап тургандан башка айлам калбады.
-Конул бурба, бул ушундай, озунчо эле куйуп-быша берет. Суйлонгондон башка колунан эч нерсе келбейт. Сен жонундо туура эмес маалымат келген экен. Азыр эле ал маалыматты тогунго чыгарган буйрук барат. Эч ким тийбейт сага. Кантип коркпой бул иштерди кылдын тушунбойм. Озун орточо эле, жонокой эле бала экенсин, журок тоо экен сенде. Мен унчукпай эле отуруп берсем керек эле сенин ордунда болгондо. Азамат, азамат-деп коет.
Ангыча шыбырт угулуп, биринчи илмийген корунду алдыда, артынан досум Кайрат корунду.
Келип эле учурашып:
- Мен сени олду го деген элем- деп кулуп коет.
Жетинчи бизди карап кулуп койду да:
- Макул биз кеттик-деп эми суйлонойун деп шымалана баштаган илмийгенге карап:
- Кеттик, тезирээк барып уйду карайлы-деп ээрчитип басып кетти.
- Эмнеге эле сени дагы деле майор болуп журот десе озун ошонун тени турбайсынбы-деп каткырып кулуп, далысынан таптап- Сен бул кейпинде омуру чонойбойсун, ойлосон озун деле, бул бала биякка акча иштейин, уй булому багайын деп келсе, бир акмактар жок жерден куноолуу кылса, бул бала озун сактайын дегени учун куноолуубу. Экинчи эч жерде айта корбо бул окуяны, жумушсуз калба-деп суйлоп уй жакка басып кетишти.
Кутулупмун да. Мени жон эле кое беришиптир, баары бутуптур, мени эми менттер издебейт, коркпой-уркпой жашайм. Алсырап эле отуруп калдым, козумо жаш тегеренип кетти. Кайрат акыбалымы тушунду окшойт унчукпай тура берди.
Акыры:
- Кеттик бул жерден, яхт-клуб жакка барсак такси чакырабыз, алысыраак кетип калалы.
- Азыр, докуметтерими алып алайын-деп чуркап барып бекиткен жеримен пакеттеги акчаларды, документтерими алып келдим.
Акчалар жонундо Кайратка айтпадым негедир.
Кайрат экообуз токой менен колдун жээгин бойлоп бир топ басып барсак бир киши озу жалгыз чакан кайыкта балык кармап отурган экен. Суйлошуп аркы жээкке отуп алдык да яхт-клубга келчу чон жолго чыгып Кайрат телефонунан такси заказ кылды эле беш мунотко жетпей эле келди.
- Мытищиге- деп койду.
Жолдо кетатып айтып берди.
Менден видеону алгандын эртеси Саматка базарга коп товар алыш учун Асель акча которушу керек экен, которбоптур. Самат телефон чалса "недоступен" боло бериптир, уйуно барса ал жакта да жок, айтор таппай коюптур. Кайрат бир нерсе болгонун сезип Москвага, Москванын прокуратурасына барып видеону корсотуп, баарын айтып бериптир.
Прокурор полициянын башчысын чакырып, Кайратты кошуп берип, Аселди тымызын аябай издешиптир. Акыры Аселдин номери тундо жагылып, бир жак менен суйлошуп кайра очуп калыптыр. Ошол номер аркылуу уйду табышып, антип-минтип келишкенче саат тунку экиден отуп кетиптир. Уйду эми курчап, кармайбыз деп турганда мен келипмин. Менин эмне кылгандарымы бут коруп жатышыптыр.
- Даана жырткычтар экен булар, кантип коркподун. Мен берирээкте дарактардын артына бекинип карап жаттым. Эч нерседен коркушпайт экен, менттер атып жатышса да качып кеткендин ордуна, атышып, терезеден экоосу секирип чыгып, жерге жатып алышып атышып, ары-бери томолонушуп, кудум кинодогудай эле болду. Менттер бронежилети бар учун эле тируу калышты окшойт. Тиги бандиттер экоосу, терезеден секирип чыккандар олду окшойт, карасам кыймылдабай жатышкан экен уну чыкпай. Кобра, дагы эки баланы уйдон кармап чыгышты.
Кадимкидей согуш болду-деп унчукпай калды да, анчадан кийин:
-Эми эмне кыласын?
-Ээ уйго кетем. Барып РЭСке ишке кирип, тынч эле ошякта журом.
- Касыкенин чон баласы келген. Кобра жок, эми ошол карайт "точкаларды", кала бербейсинби, иштеп кетесин да, куру кол бармак белен. Айткандай кылган ишинин акчасын алдынбы?
- Жок албадым.
- Анда эртен алабыз, мен айтам, алып берем.
- Жок Кайрат, мени издоого беришкен, тынчыраак эле кетип калайын бул жактан. Эртен бир нерсе озгоруп кетип мени дагы илештиришпесин. Сен озун акчаны алып артыман салып жиберерсин.
- Макул анда озун бил, бир жагынан айтканын деле туура. Мен бир жумада артынан жонотом. Телефон номерими жазып ал-деп бечара таксисттен ручка, кагаз сурап алып номерин жазып мага карматты.
- Анда таксини аэропортко айдатайлы, мен толойм жол кирени. Менин айыман ушундай нерселерге аралашып калдын- деп коет.
- Макул эгер оор келбесе-деп койдум.
- Эмнеге оор келет, досум учун биртке акча аямак белем, билетке акчан барбы?
-Бар, базарда иштеген акчаларым кыймылдабай турат, жетет.
-Макул анда, бир жумада артынан жонотом, канчага баалаштынар эле?
- Эки жуз элуу минге.
- Макул, барарын менен мага чалып койсон, номерини билип алайын. Акчаны аларым менен чалам.
- Макул.
Саат жетиге аэропортко жетип бардык. Саат сегизге Бишкекке самолет бар экен, билет алып дароо эле учуп кеттим.
Бишкектен маркасын айтпай эле коеюн, жакшы, кыялымдагы машина сатып алып уйго кеттим.
Акча берсен бутпогон иш жок, Таш Комурго ГЭСке, айлыгы жакшы жумушка орноштум.
Келгенде эле телефон алып Кайратка чалгам. Уч кундон кийин акчамы толук салып жибериптир.
Кайрат жоноткон акчаны толук алып Кайраттын ата-энесине алып барып "Кайрат берип жиберди" деп берип келдим. Кайратка кенен тушундуруп кат жазып койдум да номерими ыргытып, башка номер алып алдым.
Автор Субан Жуманалиев.
suban78@mail.ru
Свидетельство о публикации №123030504958