Перевод с казахского языка на киргизский язык

Кубанткым келди

(автор казак акыны Жибек Искакова)

Кубанткым келди, кундой болуп нур чачып,
Кубанткым келди, журоктон ун катып,
Мээримдуу соз менен дем болуп баарына,
Кубанткым келди, олон менен ыр жазып.

Кубанткым келди, апаппак кардай болуп,
Кубанткым келди, аткан тандай болуп,
Эн жакшы соз менен баарына ун катып,
Кубанткым келди, тап-таттуу балдай болуп.

Кубанткым келди, коктомдун кунундой,
Кубанткым келди булактын унундой,
Булуттай жай гана жаанды себелеп,
Кубанткым келди, коктомдун гулундой.

Кубанткым келди, жайдары жаз болуп,
Кубанткым келди, балача наз болуп,
Кубансын ар адам шаттыкка болонуп,
Бакытка болонсун, кайгы-мун аз болуп.

Кубангым келет да он болуп ар бир иш,
Кубангым келет, сыйлашып сиз менен биз,
Жакыным, тууганым, досторум баарынды,
Кубанткым келет да, чындыгы, жузмо-жуз...


Рецензии