Незаконное потребление наркотических средств, психотропных веществ и их аналогов причиняет вред здоровью, их незаконный оборот запрещен и влечет установленную законодательством ответственность.

Ункурго катылган алтын

Женуучуну эч ким соттобойт.

Кун часырайт тимеле, эмне балее, кун уясынан чыгып чыкпай атып эле, шашып бушуп колун созуп чычаласы менен жерди эртерак куйкалайын деп шашабы, кайнайт кыскасы. Саат он бир боло элек кундун ыссыгын кара. Кун ыссыкка колдорум тердеп, буюмдарым колдоруман тайып, эптеп эле иштеп аткам.
Москвада уч жылдай коп кабаттуу имараттардын терезелерин жууп иштеп, Кыргызстанга келгениме эки ай болуп калган. Бул жакта деле иш чыгат экен, Аман деген бала менен Москвада бир батирде туруп таанышып калган элем, ошол Бишкектен бир имараттын терезесин жууш керек экен деп мага чалыптыр. Ал жерди жууганыбызды коргондор чакырып, кыскасы ошол экообуз бир айдан бери Бишкекте терезе жууп иштейбиз.
Телефонум шынгыраганда "Берен Голддун" бешинчи кабатынын терезелерин жууп бутойун деп калгам. Карасам Аман, анын милдети жерде туруп, жиптерге суу, керектуу нерселерди илип берип, оозун анырайтып ачып имараттын тубуно келип бизди карайм деген адамдарды жакындатпай кууп туруу. Жерди карасам телефонуну ал дегенсип белги кылды, жанында бир адам турат. Согунуп алдым, "канча айтам иш маалында чалба" деп, оной корот окшойт мындай бийикте иштегенди.
- Эмне?!
- Дастан тушо бербейсинби, туштон кийин деле бутурорбуз, кун ысып кетти. Байкенин да зарыл иши бар экен- деп башын ийкеп жанындагыны корсотот.
Озум деле ичимен ушуну эле кутуп турганмынбы, бир аз суйлонуп алып макул болдум.
Тушуп келсем Амандын жанындагы адам эски тааныштай кулуп учурашып, ал акыбалды сураштырып калды. Мени тааныйбы деп да ойлоп кеттим.
Жашы элуулордо го, кийингенине, ишенимдуу турганына караганда бай адам экени сезилип турат. Башында баса кийилген ак тустогу бейсболка, устундо боз жени кыска койнок, шорты, бутунда калын булгаарыдан тигилген, кымбат сланцы. Чон киши экен, убагында тузук эле машыккан окшойт, коп машыккан адам кийин таштап койсо ушинтип семирип кетет.
Кичинекей, жакын жайланышкан, ойноктоп, адамды сынап караган суук коздору негедир мага дароо эле жакпады.
Учурашканда да колду сыгып кармайт экен, мен колун катуураак сыгып койсом, бир аз чыдап турду да, кучу жетишине ишенбей калды окшойт, калп эле каткырып кулуп колуму кое берип:
-Азамат, азамат - деп далыман таптап-эмне менен машыккасын?- дейт.
- Бокс менен - деп жактырбай жооп бердим.
- Коп болдубу машыкканына?
- Алтынчы класстан бери.
- Ээ жаштык кезде биз да машыктыкко, Колду алып, анда Фрунзе дечу элек, Фрунзеге келип озумун салмагымда экинчи орунду алып кеткем. Сен да бекер кор кылбай катышсан бир нерселерге, бир нерсе чыгат сенден.
- Дастан Москвада коп жолу "бой без правилдерге" катышып, канча бойлорду женип чыккан, айтып койсон Дастан- деп Аман мактап кетти.
- Азамат, азамат - деп суйлонуп колун сунуп:
- Акимыч дей бер, мени баары Акимыч дейт, силерге деле Акимычмын. Кун да кайнап кетти, эми кун кичине кайтканча иштей албасанар деле керек, жургуло бугунку обединер менден, кененирек отуруп суйлошолу, бир сунушум бар, силерге жагат - деп ой боюбузга койбой, акыры кондурду. Минтип жакшы сунушу бар гана адам суйлой алат. Буюмдарыбызды машинабызга салып култап коюп артынан ээрчидик. ЦУМдун артында экен машинеси, аппак "Лексус-470". "Мен силерди зор жерге алып барам деп", Мадинадагы лагманканага алып барды. Кондиционер коюлган, салкын болмосу бар экен, ошол жакка кирип отурдук.
- Биринчи тамактанып алалык, созду анан суйлошобуз - деп, ар бирибизге лагман, экиден шашлык, экиден манты, экиден тандыр самсы заказ кылды.
- Эркек адам коп жеши керек, эч нерсесин калтырбай алгыла - деп, столдогунун баарын жеп буткончо унчукпай олтурдук.
Кыскасы сунушу мындай экен, Чолпон Атага,  Колго жакын жерде, тоодо озунун менчик мейманканасы, мал, жандык баккан фермасы бар экен. Сезон башталганда жылда уч торт айга чет олколуктор келип эс алып кетишет экен. Биздин кылар ишибиз, ошолор келгенде тоого чыгабыз дешсе, алар менен кошо журуп, анча мынча "эштенбайлары"аскага чыгабыз деп калса, аскага чыкканды уйротуп, ар нерсе болушу мумкун дейт, асканын бооруна чыгып алып тушо албай калгандары болот, адашып кетишет, айтор ошолорду сактап журот экенбиз.
- Эми алар деле кундо эле чыга беришпейт, уч айда коп болсо он жолу чыгасынар. Калган убакта пансионаттын жанында эми барганда коросунор озунор, чакан базабыз бар, ошол жерде жаш балдарына, аялдарына аркандар менен дарактардын устундо жургонду уйротуш керек болот. Кыйраткан деле иш жок, калган убакта бош эле болосунар. Кааласанар колго тушосунор, кааласанар уктайсынар.
- Макул боло бергиле, он беш жылдан бери келишет, али бир да жолу кырсык боло элек, келишимде гана бир альпинист кошо журушу керек деген жери бар. Ошон учун гана силерге келип отурам. Айлыгынар жыйырма мин болот, тамак ашынар, жаткан жеринер менден. Быйыл кун да ыссык болот окшойт. Салкында журуп келесинер.
Аманды карасам коздору жайнап калыптыр, дароо эле макул болду. Менин журогум эмнеге экенин билбейм тупойул болуп, барба дегендей кылып жатты. Ушу суйлогондо калп эле кулуп суйлогондордон коркчу элем. Адам алдап жатканда, же оз кызыкчылыгы учун бир нерсени бироодон ала албай жатканда кулуп суйлойт да. Ойлонуп отуруп калсам Акимыч:
- Сезон дагы эки жумадан кийин башталат, мага бир жуманын ичинде жообунарды берсенер болот. Эгер макул болбосонор башка адам издеп таап коюшум керек. Макул болсонор, биерде ишинер болбосо эртен деле бара берсенер болот. Пансионатта, фермада жардамчы керек, майда чуйдо иштерди кылып, сезонго чейин жашап турсанар болот. Тамак аш, жашаган жеринер бекер болот, эс алып колго тушосунор. Бирок айлыгынарды сезон башталгандан баштап жаза баштайм.
Кетип жатып качан болсо чала бергиле деп телефонунун номерин берип кетти.
Аман шашма эле:
- Дастан мен эртен эле барам, биякта ашып кетсе эки кундук иш калды, аны озун деле бутуро бересин да. Омурумдо колду корбогом. Зор шанс болуп жатат, элестет, кичине ишин кылып коюп, бекер тамактанып, бекер жашап, дагы айлык толоп берсе. Жыргал го. Сага бир бала таап берем, кичине эле иш калды го- деп тимеле оолугуп алыптыр. Мен деле баргым келип жатты, мындай ыссыкта колдун жээгинде жатканга эмне жетсин. Ашказаным ооручу, мумкун дарыланып да аламбы.
- Аман ойлосон, тааныбаган эле адам, иштебесек деле жыйырма мин толойм деп жатса. Бизден бул адамга башка нерсе керек болуп жатат окшойт - деп ичимдегини айтайын десем деги угар туру жок.
Кыскасы эртеси эле Колго кетип калды.
Майда чуйдо иштер менен журуп бир жума отуп кетти, Аман "Тез келип кал, биякта жыргал экен. Кундо колго тушуп жатам, иш дээрлик жок, эртеден кечке жатмай. Пансионатта зор кыздар бар, ээ короче тез кел, бейиш экен бияк" деп кулакты жеп кундо чалат. Акыры бармакчы болдум. Уч жылдан бери Москвада жургонго, салкын абасына анча эле коно тушкон экенмин, мындай мээ кайнаткан ысыкта кыйратып иштей албай турганмын. Эмне болмок эле деп бармак болдум акыры.
Альпинисттик шаймандарымы алып алайын кереги тийеби деп Акимычка чалсам, "бизде баары бар", дегенинен машинама салып, култап, жашаган батиримин ээси менен суйлошуп, машинамы да ошол уйго таштап жай эле чыктым. Колумда бир сыйра кийим салган рюкзак эле.
Дагы торт кундой Бишкекте журуп, сезонго уч кун калганда жонодум.
Акимыч тосуп алмак болду.
Чолпон Атада деле кун салкыныраак болсо керек десем кыйратпаптыр. Кайнайт тимеле. Акимыч вокзалда кутуп туруптур, " жур тамактанып алалы" деп кафеге кирип тамактанып отурсак, жаныбыздагы столго уч торт адам келип отуруп, бироосу "Акимычко" деп биздин столдун жанына келип туруп калды. Башында самбреро, кундон калкалоочу коз айнек тагынган, кыска жендуу койнок, агыш тустогу джинсы, бутунда ак тустогу жайкы туфли. Экообуз менен учурашып, коз айнегин чечип мени баштан аяк изилдеп карап калды. Жашы отуз бештерде, бою узун, толо келген, чачы, ону сары, коздору кок адам экен.
Дароо эле тушундум, минтип менттер гана карайт. Козуму алып качпай, саал жактырбагансып тура бердим.
- Ким бул Акимыч? - деп анын жообун кутпостон - биякка эмнеге келдин?!- дейт коз айнегин менин тошумо такап, жиним келип кетти:
- А эмне келсе болбойбу, менин ким экенимин сизге кандай кызыгы бар.
Тош чонтогунон "корочкасын" алып чыгып мурдума такап "оку" дейт. Фамилия атын гана окуганга улгуруп калдым, Жаанбаев Райым экен, айтор адашпапмын милициянын адамы.
Акимыч жанымда унчукпай отурат.
Унчукпай паспортуму бердим, суротумо мени салыштырып карап, башка барактарын карап коруп:
- Таак, Россиянын гражданини турбайсынбы. Жакында эле келипсин, тузук, тузук. Эмне иш кылдын.
- Промышленный альпинизм.
Мени тан калып карап калды:
- Ал кандай, эмне тоолорго чыктынбы?
- Жок бийик имараттардын терезелерин жууп иштедим.
Негедир коз карашы башкача боло тушту, бир мени, бир Акимычты карап турду да, козумон бир нерсени байкашып калбасын дедиби, жерди карап ойлонуп калды да, бир аздан кийин башын которду эле, коз карашы кайдыгер адамдай болуп калыптыр.
- Акимыч сен чакырдынбы?
- Ооба, мен чакырдым, меникине келди, туристтерди коштоп жургонго бир адам керек да. Бир сезон иштейт менде. Билесинго туристтер тоого чыгам деп калышы мумкун, ошолорду карап журбосо болбойт. Бироо жарымы аскада калып кетсе алып тушуш керек да.
Тиги мени шылдындагансып карап:
- Алып тушо аласынбы анан, озун да аскада ага кошулуп калып кетпейсинби?
- Аскага чыгып тушо албай калсан мени чакырсан, ошондо коросун- деп сенсиреп жооп бердим эле мени карап жини келип кетти, бирок билдирбеди, кок козу гана карая тушту:
- Макул бара бер азырынча - деп паспортуму берип,- козуну чон ачып жур. Дагы жолугабыз али- деп суйлонуп басып кетти.
Ары бери тамактанып алып Акимыч мени "кеттик" дегендей кылып, бир аз алыстаганыбызда:
- Ээ буга конул бурба, озун Колдун кожоюну сезет. Райым таз дейбиз, эми булардын кылар иши ушу, кой биз озубуздун ишибизди кылайлы - деп бир нерсени эстеди окшойт, жини келип тукурунуп алды. Кафеден чыгып жатып артымы карасам Райым таз телефонуна эки колдоп бир нерселерди жазып жатыптыр, мени карап коет. Жазмактан жазбайсынбы дедим ичимден, мыйзамды бузбаганымдан кийин мага эмне кыла алмак эле.
- Менин азыр биерде иштерим бар, сени таксиге салып коеюн, алып барып коет. Балдарга айтып коем тосуп алышат, барып жайланыша бер - деп таксиге салып жиберди.
Таксист да альпинист экеними уккандан кийин негедир озгоруп, ар нерсени сурап келди. "Акимыч жакшы таанышынбы?" дейт.
Колду бойлоп кеткен чон жолдон бурулуп, тоону аралап бир жол кирип кетет экен, тептегиз, асфальт, зымылдайт тимеле. Акимыч озу салдырыптыр, менчик жолу экен.
Тоону аралап бир сааттай жургондо жолду тосуп дарбаза орнотулуптур, айланасы бут эле калын токой. Таксист дарбазанын алдына токтоп "Дарбазадан кирип, асфальт жол менен кете бер, коросун" деп коюп кетип калды.
Мейманкана чон капчыгайдын ортосуна жайланышыптыр, эки тарабы бийик тоолор менен курчалган. Токойдун ичиндеги жол менен бир аз басканымда алдыман устуно "Бейиш" деген жазуусу бар, уч кабаттуу имарат чыкты, алдында карагай, арчалар жыш кылып отургузулуптур. Тээ артында кол корунуп турат,  алысыракта го, жатат чалкып.
Колго келбегениме да он жылдан ашып кетиптир ойлосом.
Мейманкананын алдында эки кыз шланга менен суу чачып, брусчаткаларды жууп, шыпырып, тазалап журот. Чон бассейн бар экен, али суу толтурушпаптыр, эки бала ичине тушуп алып тазалап, бир нерселерди чачып, дубалдарын жууп атышат.
Мага конул деле бурушкан жок эч кимиси.
Мейманкананын алдына барып, эшигиндеги жазууларды окуп атып байкабай калыпмын:
- Турчу мындай, анкайбай - дейт бироо, бурулуп артымы карасам эки кыз турат. Мага суйлогону алдыдагысы аксаргыл, козу кореянкалардыкына окшогон, бою узун, арыгырак сулуу кыз экен, турат чекчейип. Джинсы шым, жени турулгон кок кофта, белинде фартук. Столдорго салына турган дасторкон, сулгулор окшойт коп кылып которуп алышыптыр. Сулуулугуна анкайып карап туруп калган окшойм:
- Ой жолдон кач дейм, эшикти ачып кой - деп, эшикти ачсам - жаны короого келген койдой болуп, кулактарын делдейтип жолду тосуп туруп алыптыр -деп орусча суйлонуп, жанындагы кыз каткырып кулуп кирип кетишти. Ичимен тиги кызды жаман коруп турсам, терезеден коргон окшойт, мейманкананын ичинен бир бала башын чыгарып:
- Оой бала, Дастансынбы, келе бер, кире бер - деп, озу эшикти ачык калтырып кирип кетти.
Эшиктери чон, айнектен экен, сырттагыларга ичиндегилер корунбойт.
Биринчи кабаты ресторан окшойт, бир бурчун бар кылып коюптур. Мындай жасалгаланган ресторан Бишкекте деле саналуу эле болсо керек. Мени чакырган бала, мен курактуу эле го, бармен окшойт, алдына стакан, фужер, ар кандай ичимдиктерди уйуп алыптыр, аарчып, тазалап тизип жатат. Эки кыз столдорду тазалап, полдорду жууп, айтор туристтердин келишине даярдык катуу.
- Сени келет деген эле Акимыч, кел минерге отуруп тур, менин атым Керим, барды мен карайм, азыр он мунотто бошойм. Жашай турган жерини корсотом, буларды ичип отуруп тур - деп алдыма бир стакан менен спрайт, газдалган суу коюп койду.
- Тиги кызга конул бурба, озу характери ошондой, баарыбызды эле ошентип кууруп турат. А так ак конул, жакшы кыз, аты Гули - деп кулуп коет. "Ээ аны ким эстеди дейсин" деп жаман коруп суйлонуп койдум.
Залдын эки капталында эки чоон монитор илинип турат. Айтылуу Стив Уандердин клиби болуп жатыптыр.
Бир маалда Керим:
- Жур жашай турган жерини корсотойун - деп ээрчитип алып сыртка чыктык.
- Быйыл кун аябай эле ыссык болот окшойт, кара азыр эле ушундай ыссыганын. Бизге жакшы да, туристтер коп болот, акча иштеп алабыз.
Имараттын артында токойду аралап цементтелген кичине жол кирип кетиптир.
Бактын ортосунда эки адамга эсептелип, жыгачтан жасалган, усту тунуке менен жабылган ондон ашык чакан уйлор турат. Жанынан арыктан суу агып отот экен. Четкисине барып, эшиктин устун кармалап атып ачкычын таап чыгып эшигин ачты.
- Мына ушул жерде жашайсын, былтыртан бери ачыла элек, озун жууп тазалап аласын. Туштон кийин Мария апа келсе тошок жамынчы, сулгу, керектуу нерселерди берет. Кой майли сен жайланыша бер, мен барайын, кечке чейин кичине болсо да ишими арбытайын. Бирлерде келем, тамактана турган жерди корсотом-деп кетип калды.

Эки керебет коюлуптур, ортодо чакан стол, кичинекей шкаф, бурчта дубалда телевизор илинип турат, болгону ушул. Артында чакан терезеси бар экен.
Керебеттин тубундо пол жууганга деп щетка, тряпка жатыптыр. Эми уч ай ушул жерде жашай турган болгондон кийин деп, арыктан суу алып келип тазалай баштадым, менден мурунку жашаган адам тамеки чеккен экен, жыты синип калыптыр. Бурчтарда тамекинин калдыктары жатат, желе басыптыр. Эшик терезелерин ачып салып таптаза кылып, кырып тазалап чыктым.
Тазалап бутуп, желденсин деп, озум сыртка чыгып карагайдын тубундо, чобу калын, салкын жерге рюкзагымы жазданып жатып уктап калыпмын.
Телефонум шынгырап, ойгонуп кеттим, карасам Аман:
- Кандай Дастан келип алдынбы, кечке барам суйлошобуз, мен тоодо, фермадамын кечке барам суйлошобуз - деп шашып очуруп койду. Саатты карасам бирге он мунот калыптыр.
Тамактана турган жери кафенин кухнясы экен, он адамдык стол коюлуптур. Керим экообуз кирсек баары тамактанышып отурушкан экен, бизге конул деле бурушкан жок эч кимиси. Мени гана бир сыйра карап коюшту. Бироосу кулкулуу окуя айтып жаткан окшойт, кулуп отурушат. Тамакты кичине бир тешиктен бир аял берет экен, жашы элуулордогу орто бойлуу, сулууча келген орус аял экен. Мария апасы ушул окшойт.
Керим экообуз бурчтагы чакан столго отуруп тамактандык. Ондон ашык адам иштейт экен, коптон бери эле бирге иштешип бири бирине конуп калышкан окшойт, кенен отурушат.
Керим "бугун жайланыша бер" эртенден баштасан керек ишти дегенинен, Мария ападан тошончу тошок жууркандарымы, сулгу ж.б. майда чуйдону алып, озумун канама барып жаттым. Кун канча ыссыса да ичи салкын экен, жыргап уктасан болот.
Кечинде Аман келди, аны мен келээрден эки кун мурун балдар жетишпей жатат деп Акимыч ошол жакка жонотуп жибериптир.Айлыгым суйлошкондой эле жыйырма мин бойдон калды, эн коп айлык алган менмин дейт. Акимычтын мал баккан фермасы да бар экен, уй, бука, койлорду, тоокторду багып, Чолпон Атадагы кафе, ресторандарды эт, жумуртка сыяктуу нерселер менен камсыз кылат экен. Ошол жакта эле калам дейт, ал жакта жыргал имиш, кундо кымыз ичип атыптыр, кыздар коп дейт. Биякка келе турган туру жок, озун бил дедим ичимден.
Эртеси саат тогуздарда Керим чалды, барсам эми тамактанганы отурушкан экен, тамактанып алалы анан сага Акимыч бир иш айтты, озу туштон кийин келет экен, келгенде суйлошобуз дейт.
Акимыч базаны тазаласын дептир. Колума эки чон мешок, тырмоок карматышты.
Чакан бир адамдык жол алып барат экен, Керим "ушул жол менен бара берсен алып барат" деп жолго салды. Бир чакырымдай жургондо токойдун ортосунда, бир гектардай тегиз жерде экен. Чон кылып "Тарзан" деп жазып, Тарзандын, маймылдардын дарактардын башында отурган суротун тартып коюптур. Бийик оскон карагайларга биринен бирине аркандан жасалган копуролор байланып, бир карагайдан экинчи карагайга ошол аркан копуро аркылуу отуп, айтор альпинист болом дегендерге кызыктуу жер экен.
Мешокторду которунуп алып келдим, кооз жер экен, базаны эки тарабынан токойлуу тоо курчап мейманкана аркылуу эле келбесе, башка келе турган жол жок. Жоо эле аскага тырмышып ашып тушпосон. Жанынан чон суу агып отот экен, бир жерин тосуп, терен кылып казып, колго айлантып коюптур. Сууга тушсон болчудай, айтор эс алганы келгендерге жыргал эле жашоо.
Базаны тазалап бутуп, саат бештерде колго тушуп алып мейманканага барсам, Керим мени коруп калып, "жанымда отуруп тур, азыр Акимыч келет, акчаны, иштерини суйлошуп аласын" деп, суйлошуп отуруп калдым. Керим Бишкектенмин дейт, жети жылдан бери келип, сезондо беш алты ай иштеп кетет экен. Керим гана Бишкектен экен, калган иштеген адамдардын баары Чон Тал деген айылдан экен, башка жактыктарды албайт дейт.
Аны муну суйлошуп отурсак, эки джип келип токтоп, бироосу Акимычтыкы эле, Акимыч, берки машинеден дагы бир адам тушуп, экоосу мейманкананын артында, озунчо торт болмолуу уй бар эле. Офис экен, ошол жакка кирип кетишти. Бир аздан кийин Акимыч мага чалып, "кирсен" дейт.
Ашыкча эч нерсе жок, "Т" формасында стол коюлуптур, уч отургуч, чон, торт кишилик диван, кулер, Ысык колдун суроту илиниптир дубалга. Столдо компьютер.
Тордо Акимыч олтурат, диванда бою узун, чачы желкесине тушкон, кара тору, олбурлуу, жашы отуздардагы, ак футболкачан, кок джинсы, бутунда кроссовки кийген адам олтурат. Кыргыз эмес, туркпу, же курд окшойт, кыскасы ошол тарап. Кирип барсам Акимыч ордунан туруп:
- Кел Дастан, жайланышып алдынбы? - деп, берки шеригине карап - мен айткан бала ушул. Спортсмен, боксер. Таанышып алгыла- деп - аты Муслим менин дос иним.
Ордунан туруп келип:
- Муслим- деп мени баштан аяк сынап карап колун сунду, озуно ишенген коз караш.
- Дастан.
- Отур, отургула. Дастан, баягында суйлошкондой эле, айлыгын уч кундон кийин жазыла баштайт. Тартынбай тамактанып, эмне керек болсо айтып ачык эле, кенен журо бер. Меймандар уч кундон кийин келишет. Керимге айтсан, тоого чыга турган аркандарыны корсотсун. Озун карап кемчилиги болсо айт, даярдап коелу. Ага чейин эс ала бер, база кандай таза эле бекен?
- Таза эле, анча мынчаларын терип койдум.
- Жакшы кылыпсын, эми тушуносун да, бияка келгендер эс алалы деп келишет да. Макул эми бара бер анда, кемчиликтер болсо тизмесин тузуп кой, эртен Чолпон Атага барып алып келебиз. Же праван барбы?
- Бар.
- Анда озун эле барып, телефонун берем, керектуу нерселерди алып келе бер. Эмне керек болсо ала бер. Мен акчасын кийин берип коем. Керимге айтсан, машинаны корсотот.
Эртеси "Хонда Фит" деген чакан машинаны минип алып, керектуу нерселерди жазып алып Чолпон Атага барып, бир чон склад бар экен, керектуу нерселерими алып келдим.
Уч кундон кийин кечке маал отуздан ашык чет олколуктор келишти, немистер, чехиялыктар, англичандар экен. Жарымы эртеси келишти. Кээлери он кун, кээлери он беш кун, айтор ар кимиси ар канча кун эс алышып, кетишип ордуларына башкалары келет экен.
Бир жактан аттарды таап келишти, кундо колго тушушот, аттарды минип алып сейилдешет, кундо кечинде дискотека. Мейманканада иштегендерде тыным жок.
Мен да кундо эртен менен, кечинде чыккан таштандыларды чогултуп, бир жерге чогултам. Ар торт кундо чон машине келет, салып берем.
Кээде кобунчо аялдарды, жаш балдарды ээрчитип алып базага барып кантип чыкканды, жиптер менен бир дарактан экинчи даракка отконду уйротом, кечинде бир сыйра аркандарын текшерип, тазалайм. Башка убакта бошмун, сууга тушом, уктайм. Жага баштады.
Чеке жер дейт окшойт коп айтор.
Кээде жакынкы айылда жашаган бир атчан адам келип туристтерди ээрчитип алып, тоого чыгып келебиз. Мен да аскага чыга турган шаймандарымы атка артып алып кошулуп журом. Азырынча аскага чыгам дегени деле болгон жок.
Ар эки уч кундо автобус менен туристтерди колго алып барып, беш - алты саат сууга тушушот, мен да алар менен кошо тушуп журуп келем.
Кечинде ресторанга туристтерден башка, шаардан да адамдар толуп калышат.
Гули негедир мага очошту калды, ар жолукканда, жаман карап отот, бир нерсени туура эмес кылып койсом соссуз "тырыштырат". Бара бара конул деле бурбай калдым, бирок дагы эмне кынтык табар экен деп жалкып калат экенсин. Бир жолу мейманкананын бурчунан бурула берсем, эшиктин алдында турган экен, дагы бир нерсе дебесин деп артка бурула берсем артыман бизде иштеген эки кыз келаткан экен, менин дароо бурулганымы корушуп тан калып карап коюшту да, кийин Гулини коруп тушунушту окшойт, каткырып кулушкон ундору угулду. Ичимен согунуп алдым, тенелбейин деп жатсам туура эмес тушунушот окшойт, эми эмне кыздар менен акыйнек айтышышым керекпи.
Бир куну уктап атсам Акимыч чалыптыр.
- Эртен " Арал" деген жерге барабыз, бир аскага чыгып тушуп корушун керек, экзамен деп эсептеп кое бер. Шаймандарыны алып ал.
Эртеси Муслим да келиптир, жакын эле жердеги аскага чыгам го дегем. Уч ат даярдалып коюлуптур, учообуз аттарды минип алып тоо аралап, эки тарабы бийик жалама асканын ортосу менен суу откон капчыгай бар экен.  Бир сааттан ашык жол журуп, аябай кооз жерге келдик. Бет алдыбыздан шаркыратма корунду, бийиктиги кырк метрден кобуроок го дейм, жалама тоодон тушуп, суу тушкон жери чон кол болуп калыптыр.
Шаркыратманын жанында асканын боору аппак экен, бир нерсе урулган окшойт. Мындай из бир нерсенин урулганынан эле калат. Аска ийилгенсип турат экен. Конбогон адам тушо албайт мындай жерден, аскага жармашып тушушун керек. Же билген адам тушуп жиптерди аскага катыргандан кийин гана тушсо болсо керек.
Колдун айланасы коюу токой экен, бир чекесинде эл сыйынган мазар окшойт, очок, казандар турат, жакын арадагы дарактарга ар кандай чупуроктор илинген. Акимыч тоону корсотуп:
- Чыга аласынбы - дейт, тамашалап атабы деп козуно карасам чын эле суйлоп аткандай.
- Чыга албайм, бирок менин милдетим аскада адам калып кетсе алып тушуш да, ал учун соссуз эле ылдыйдан жогору чыгыш зарыл эмес, жогорудан тушуп да куткарса болот- десем, экоосу бири бирин карап калышты да, Акимыч:
- Жогорудан тушо аласынбы?- дейт.
- Тушсо болот.
- Тушуп корбойсунбу.
- Макул королу.
Тоонун башына, суу тушкон жерге чыктык.
Бул жер "Арал" дегендей эле жер экен, айлана тегереги бут бийик, токойлуу тоолор менен тосулуп, бир тарабынан гана капчыгай аркылуу эле жол болбосо. Шаркыратманын суусу, жана башка толтура ар кандай чон кичине булактардан чогулуп отуруп чон эле суу болуп, ошол капчыгай аркылуу агып чыгып кетет экен. Капчыгайдын ичинин узундугу эки чакырымдай бар го, келгинче, суунун агымына карап, ошол эле жерде оскон арча, карагайлардан жасалган ондон ашык копуролордон отот экенсин.
Пансионаттан бир тоо эле болуп турат экен, эгер айланып журбой тоону ашып отсон тез эле келсе болчудай.
Бул жакка адамдар коп деле келе бербесе керек, мал айдап келейин десе опурталдуу, малдары копуродон сууга тушуп кетиши мумкун. Чоп чаап алып кетиштин зарылчылыгы жок, тиякта токойдогу чопторду деле кыйратып орушпайт окшойт.
Акимыч атынын бели бошоп кетти окшойт, "тартып алайын, силер барып тургула" деп артта калып калды. Чокуга чыгып, аттарды тушап кое берип, мен шаймандарымы алып, чон даракка байлап тушойун деп турсам Муслим мени токтотуп:
- Тушо аласынбы, козун жетеби - дейт.
- Коп болсо отуз-отуз беш метр да, оной эле. Мындан эки уч эсе бийиктерде деле иштегем.
- Анда кое тур, мен ылдыйга тушуп карап турайын-дейт.
Тан калып калдым, бул эмне мени куласам кармап калам деп атабы.
- Ой кулабайм коркпо, куласам деле сууга тушом да.
Муслимдин негедир жини келип кетти:
- Сен айтканды кыл уктунбу, акчаны толоп жаткандан кийин биздин айтканды кыласын. Кут дегенден кийин кут- деп согунуп жиберди.
Жаным чыгып кетти, ушундайлар эч жакпайт да, "акчаны толоп деп", аскага тушойун деп кырында отурган элем, ордуман ыргып туруп эки колум менен, негедир кун ыссык болсо да футболканын устунон жука куртка кийип алган эле, курткасынын жакасынан муунта кармадым:
- Биринчиден мен бияка ачка калганыман суранып келген жокмун, экинчиден сен толоп жаткан жоксун мага, учунчудон эгер дагы бир жолу мага ушундай тон менен суйлосон, согунсон озундон кор- деп туртуп жибердим. Муслим мени бир азга карап туруп, кийин суйлошом деди окшойт, унчукпай жакаларын кагынып, сигаретин куйгузуп, атына минип кетип калды. Макул эми кутсо куто турайын деп жиптерими текшерип отурдум.
Тан калыштуу да, эмнеге эле болбогон нерсеге ушунча соз кылып, айтор ойлонуп калдым.
Акимыч келип ылдыйды карап:
- Тушо аласынбы? Этият бол - деп жаныма отуруп калды.
Акыры ылдыйдан Муслим корунду, колун булгайт "тушо бер" дегенсип. Акырын аркан менен тушо баштадым. Уйлордон коро аскадан тушкон анча эле оной да, орчук борчугу коп, арканын узулсо, же чечилип кетсе да кармана турган жер бар дегендей. Акимыч да негедир белинен жип байлап, экинчи учун даракка байлап, асканын кырына жатып алып мени карап турат. Булар эмне эле мынча карашат тушунбодум. Куласам деле булар кантип сактап калмак эле.
Арканымда ар уч метр сайын жазуусу бар канча метр экени, ошодон билем канча тушконуму, карасам он эки метр тушупмун. Ылдыйда Муслим дурбу менен карап турат ар бир кыймылымы. Дагы эки метр тушконумдо бутум боштукту сезди. Оюлгандай болгон жерине жетипмин. Тубундо эни бир метрдей, узуну асканын боору менен жарымына чейин кеткен, экинчи жагы шаркыратманын ичине кирип кеткен, жол сыяктуу тектирче бар экен. Тектирдин чекесин жамгыр тийгенгеби коюу бийик болуп узунунан чоп осуп кетиптир. Конбогон адам тушо албайт мындай жерге. Асканын орчук борчуктарына жармашып атып, эптеп тектирчеге тушуп, дем алып алайын деп отурдум бир аз. Чоптор осуп, бийиктиги бир метрдей барго, башым эле корунбосо Муслимге корунбой деле калдым окшойт. Жогоруну карасам Акимычка корунбой калыпмын, ылдыйда Муслим турат дурбусу менен мени карап. Шаркыратма менден торт беш метр арыракта куулдоп агып жатат. Тектирченин шаркыратма жакка кеткен жеринин бутушу, шаркыратма башталган жер караган, чоп коюу болуп осуп кетиптир. Эки жакты карап ойлонуп жатып козумо бир нерсе урунду, коргон козумо ишенбедим. Колум жете турган эле жерде, чоптуу жер бутуп, шагыл башталган жеринде алтын тыйындар жатат. Бироо чачып койгондой болуп, ар ар жерде жатат. Биринчи эле оюм, дароо алып коруш болду. Колуму сунуп баратып оюма бир нерсе кылт этти. Алтынга сунулуп бараткан колуму дароо токтотуп, чопту жулуп жыттаган адам болуп, эки жакка суктанган адам болуп отуруп калдым. Муслим дурбусу менен менин ар бир кыймылымы даана коруп турат да. Ал жакка караган да жокмун, карасам эле тушунмок. Журогум дукулдойт тимеле кабынан чыгып кетчуудой болуп. Байкасам чоп кармап турган колдорум калтырап калыптыр кадимкидей. Алтындын бир кучу бар деген чын окшойт. Ичимен англисче санай, баштадым. Ар дайым ушинтем, англисче санасам коз алдыма тамга менен жазганда кандай жазыларын элестетип, оюм дароо калыбына келет. Ордуман туруп, аркан менен тушо баштадым, уч-торт метр тушуп, жогоруну карасам, жана эле мен турган жерде чондугу мышыктай болгон кор келемиштер пайда болуп калышыптыр. Ары бери чуркап, мурдун которушуп абаны жыттап, мени эле издеп жатышты окшойт. Суунун шарынан угулбады, бирок чыйылдап эле жатышты, итиркейини келтирген ооздорун ачып алышып, тиштери корунуп жатты. Эн жаман коргонум ушу чычкан, келемиш атпайлар эле. Коп тимеле, отуз- кырктай барго, баары тектирдин кырына тизилип турушуп алышыптыр. Чоптун арасында тургандыктан Муслимге корунбосо деле керек.
Жерге тушкончо озуму толук колго алып, журогумун согушу да озуно келип калды. Асканын тубу, мен тушкон жер кол эле.
Жибимин бироон катыргычынан бошотуп катуу тартсам, чокудагы даракка байланган жери чыгып кетет, тартып чечип тушуруп алып, бир учун кармап, сузуп жээкке чыктым, терен эле экен. Устумдо шорты, футболка, кун ыссык, тез эле кургап калат.
Муслим кундон калкалоочу коз айнек тагып алгандыктан козу корунбойт, эч нерсе байкай албадым. Бирок ал менден козун албайт, козумон билейин деп атат да.
- Ушуга эле ушунча жанжалбы, кордунбу, тушо алат бекем?-деп суйлонуп, футболкамы, шортымы чечип сыгынып, кроссковкамы чечип суусун тогуп кунго жайып коюп жибими орой баштадым. Унчукпай жанымда турат, бир жогоруну карап, бир мени карап. Бир нерселерди сурайын дейт, сурай албады. Эмне кылышты билбей калды да. Кайра кайра тамеки чегет. Озумчо ойлондум, демек булар менин тушунушумчо асканын боорунда алтын бар экенин шекшишет, бирок точно каеринде экенин билишпейт окшойт. Бир нерсенин чекесин угушкан учун мени ар шылтоону айтып алып келишти да. Эгер даана алтын бар экенин билишсе мени мылтык такап болсо да тушурушуп алдырышмак. Ошондо оюма келди, эмне эле булар жайында, ушундай мээ кайнаткан ысыкта куртка кийишип алышты экен. Куртканын ичинде бычагы же тапанчасы бар болду бекен. Мен футболкада ысып атам, булар бышып эле калат да, ошентсе да чечпей журушот. Кантип билсе болот?
Кой дедим озумо озум, азыр ой басып отурганымы байкаса бир нерседен шекшиши мумкун, азырынча ойлонбош керек. Тээ сай жакты, келген жагыбызды карап чопко жатып алып, эс алып жаткан адам болуп, ичимен англисче санай баштадым.
Акыры болбоду минтип жата берсем, озумо озум жардам бербесем, мага ким жардам бермек эле, текшерип коруш керек.
Муслимди текшерсем, жана эле урушуп кеткенбиз, болбойт. Муслим акыйлашып кеткенибизди айтпаган болуш керек, Акимычты текшерип короюн дедим. Куто берип жадаган адам болуп, Муслимге "жолунан тосуп чыгайын" деп коюп тоого чыгып кеттим. Тээ кырда журот дагы деле, эки ат менен тушуш деле мындай токойлуу жерде оной эмес да. Тез тез басып жолунан тосуп чыктым, жоо жетелеп тушуп келаткан экен. Жанына жетип аттын чылбырын алып жатып, ташка тайган адам болуп кулап кетейин деп Акимычка суйонуп калдым. Колума пистолетти колтуктун тубуно илип алганда тагынуучу ремен сезилди. Демек тапанчасы бар экен да.
Акимыч тушунгон деле жок, "этият бол" деп коюп, ээрчишип тушуп келип, аттанып алып кайтып келдик.
Келип эле алар офиске кирип кетишти мен, тамактанып алып озумун канама кирип кеттим.
Тапанчаларын мага деп алышты да. Эгер алтын таап алганымы буларга айтсам, ээ кыскасы бугун мени алтындарды алдыртып, анан коз жаздым кылышмак экен да. Ушу кичине алтын учун мени олтуробуз дешсе...
Тез бир нерсе кылып бул жерден качыш керек.
Туну менен эмне кылсам деп ойлондум.
Кайра ойлоном, отуз- кырк даана алтын тыйын учун коп деле анчалыкка барышпаса керек, коркконго кош корунду болду окшойт бул жагы деп да ойлондум. Булар деле болбогон акча учун адам олтурмок беле, жооп бериши да бар да. Жок эле нерсеге коркуп жатат окшойм.
Азырынча журуп тура берейинчи, бир нерсенин шегин билсем качып кетиш оной эле да.
Муслим ошол бойдон корунгон жок, мен да журо бердим, кундогу жумуш. Сыр бербей журом.
Акимыч да кундогудой эле, сыр алдырбайт, мени эч нерсени тушунбоду деп калган окшойт. Ар кимден ар нерселерди сурагым келет. Керимден бир эки жолу сурап жиберейин деп аран токтоп калдым. Кундо кечинде телефондон интернетке кирип алтын тыйындар, келемиштер жонундо ар кандай маалыматтарды окуй баштадым.
Окугандарыма караганда кор келемиштер жыландар сыяктуу эле алтынга оч болушат экен. Алтын учун адамдарды жеп салган окуялар болуптур чынбы - жалганбы. Эми ар кандай адамдын оюна келбеген окуялар бар экен. Армениялык бироо жазыптыр, болгон окуя имиш. Бир киши тоолуу айылда жашайт окшойт, кундо бир чакан тоштун устундо бир нерсе жылтырайт экен, эмне жылтырай болду экен деп атайын чыгып издеп эч нерсе таппаптыр. Эртеси дагы деле жылтырайт. Бир куну кучтуу дурбу таап келип карап отурса, бир кор келемиш ийининен чыгып копко чейин эки жакты тыншап туруптур да, акыры эч ким жоктугуна козу жеткенде ийининен беш алты метр алысырак, кун жакшы тийген, таштын устуно ондон ашык алтын тенгелерди алып чыгып кунго тизип жайып коюп ийинине кирип кетиптир. Баягы киши шашып-бушуп тошко чыгып барса баягы алтын тенгелер жок, кор келемиш адамдын дабышынан эле келе жатканын сезип, алтындарды ийинине ташып кирип кеткен окшойт. Ошол бойдон уч-торт кун алтынын алып чыкпаптыр келемиш. Баягы киши кундо дурбу менен карап коет. Дагы бир куну караса алтындар кунго жайылып калыптыр. Ал куну барбаптыр да, эртеси эрте чыгып, алтын жайган жерге жакын, келемиш жытыман билип койбосун деп, шамал тескери айдаган жакка отуруп алып кутуптур. Кундогу маалда кор келемиш алтындарын алып чыгып жайып коюп кирип кеткенде акырын туруп, алтындарды алып кетип калыптыр. Тээ алысыраак барып, эми келемиш эмне кылар экен деп дурбу салып отурса бир маалда келемиш чыгып алтындарын ордунан таппай калып, чыйылдап ар жакты издеп, ары чуркап, бери чуркап акыры алтындарын жоготконуна козу жеткенде журогу жарылып олуп калыптыр.
Эми чынбы- жалганбы ким билет, жанында турбагандан кийин. Кийин баягы киши айылдагы адамдарды топтоп барып ийинин казып бир кумура алтын тенгелерди таап алышыптыр.
Эгер бул окуяга ишенсем, алтын коп экен да, келемиштер кандайдыр бир болугун эле жайган деп ойлоп калдым.
Ээ ар кандай окуяларды окудум кыскасы.
Бир куну дагы туристтер тоого чыкмакчы болуп, баштоочу адам менен тоого жонодук, туристтерди бир кооз жерге алып барып жайып жиберип, алар суротко, видеого тушушуп, ар оюндарды ойношуп, айтор анкайышып журушкончо биз колокодо эле отурабыз.
Кырктардагы, коздору чон, бою орто, курсак салган, бажактап суйлогон, ичинде кири жок Абыш деген адам эле. Бекерчиликте деп ар нерсени суйлоп берет. Ошол билиши керек деп созду мазарлардан баштадым, ар мазарлар жонундо айтып отуруп акыры шаркыратмадагы мазарга келди.
Ал жер "жылан мазар" деген жер экен.
Улуу ата мекендик согуш башталардан торт беш жыл мурун, ушул тоого, дал шаркыратмага согуштук учак урулуп кум жам болгон экен. Ошондон кийин ошол мазардын айлан тегерегине ото коп жыландар пайда болуп, адамдар, малдар бара албай калган экен. Кийин жыландар менен кор келемиштер ошол жерди талашышканбы, айтор ото коп жыландардын, келемиштердин олуктору сууга толуп агып, акыры жыландар женилген окшойт, тобу менен башка жакка кочуп кетишиптир. Ошондон кийин кор келемиштер ээлеп жашап калышыптыр. Адамдарга тийишпегенден кийин ал жерди ыйык дешип, ар жылы эрте жазда адамдар барып сыйынышып, мазарга айланып кеткен экен. Ошол урулган учактын ичинде алтын болгон. Бирок кийин канча аскерлер келип колдун тубун канча издешип эч нерсе таба алышпаган. Согуштук чакан самолётто каяктан алтын болмок эле, бекерчилердин созу да дейт.
- Былтыр ошол шаркыратма тушкон тоого чыгам деп Германиядан келген эки бир туугандар олушкон. Бироосу жиби узулуп, тоодон тушуп кетип больницага жетпей жолдо олгон, экинчиси ошол куну тундо дайынсыз жоголгон. Бир кундо эле экоо тынчыган да. Дайынсыз жоголгону алиге чейин табылбады. Милиция бир ай издеген. Германиядан туугандары келип, тапкан адамга он мин доллар деп, уч айылдын адамдары чыгып издегенбиз. Табылбай кетти ошол бойдон. Акимычты милиция сурака ала берип, акча берип атып аран кутулду окшойт - дейт. Ичим кым дей тушту, учугу чыга баштады.
- Акимычты эмнеге сурака алат, ошондон коруштубу.
- Жок эй, алар Акимычтыкына келгендер да, Акимыч келген туристтерди карап, коопсуздугуна жооп берем дейт экен да. А тигилер кундо эле тоого чыгып кетише беришсе, кундо эле карап журо бере албайт да. Алар озулору да эч кимге айтпай эле эрте туруп кетишчу экен.
Ойлонуп отуруп калдым. Кой эми ушунчасы болор азырынча, ушул жагын деле "аш кылып" алайын деп созду башкага бурдум. Айтып болбойт эле, Акимыч мындан мени менен эмне жонундо суйлошконубузду сурап калса, кыскасы этият боло берейин. Бул адамды деле тааныбагандан кийин, ичинде эмнеси бар ким билет.
Кечке уйго барып жатып алып ойлондум, демек кыркынчы жылдарга чейин ал жер мазар болбогон болсо. Анан кокусунан эле жыландар пайда болсо, артынан кор келемиштер келсе. Бири бири менен кырылышса. Алтынды талашып кырылышканы тушунуктуу эле да. Жанагы олгон эки туристтин ошол жерде олгону да тан калыштуу. Айтор дагы сураштырыш керек, ал жерде коп алтын бар демек. Мен коргон алтындарды кор келемиштер кунго жайганы алып чыгышкан болугу да.
Анан дагы ал жерде алтын бар деген имишти баары билет экен.
Керим менен эле суйлошпосом, дээрлик эч ким менен деле мамиле кылбайм. Озумун ишими кылып коюп, колго тушом же уктайм же телефондо, интернетте ар нерсени коруп жата берем. Мени менен суйлошконго деле эч кимдин убактысы жок, жумуш танкы саат алтыда башталып, кечки он бир, он экиде бутот. Дем алыш кун жок. Акимыч акчасын жакшы тологондуктон, сезондо иштеп алалы дешеби баары эле тынышпайт. Мейман тынбайт, туристтерден башка озубуздукулор да келишет экен.
Акимычка болсо кобунчо кеч киргенде, ар кандай адамдар келип кетишет, кобунчосу спортсмен, кайпи суук, менин оюмча ууру-кескилер эле деп койдум, айтор кобунчо ошолор келет. Офисине киришип алышып эмнени суйлошушот тушунбойсун, копко чейин отуруп кетишет. Муслим да кээде пайда болуп калат.
Аманды ошо келгенде коргон бойдон коро элекмин, анда санда гана телефондон суйлошпосок, байланыш деле жок.
Кээде ойлоном озум эч ким жокто тоого чыгып корсомбу деп, ал жакка эч ким деле барбайт окшойт. Ар ой келет, эгер Акимыч артыман андып жургон болсочу, бир нерсесин билген учун мени чакырган да. Дароо эле оюнан кайтпайт эле мындай адамдар. Акимычка окшогон адамдар кутконду билет, керек убакка чейин кынк этпей куто алышат мындай адамдар. Мен да ынгайлуу учурду кутойун деп чечтим.
Гули дагы деле "душманым", бирок негедир мага бара бара жага баштады. Кээде сагынганда ал байкабай тургандай кылып атайын жинине тийип коюп, кыйкырганын угуп алам. Озу да менин козумон байкадыбы билбейм мамилеси озгоро баштады. Бир куну кухнядагы таштанды салган темир чака оор эле, жарымына чейин толгон экен. Арабага салып алып чыкчумун, аз эле экен которуп чыгып тогуп келейин деп жатып кухнянын полу кафель эле тайып кетип тогуп алгам. Ошондо ушул Гули келип жардамдашып, полдорду жууп жардам берип калыптыр, тан калып койгом. Андан кийин да кулуп учурашып, жакшы мамиле кылып калды негедир. Жакшы эле кыз окшойт.
Чынында сулуу деп айта турган кыз эле, апасы уйгур, атасы кыргыз экен. Ошогобу сулуу, бою узун, ак саргыл, коздору кореянкалардыкына окшогон, ар дайым озуно жарашыктуу, тыкан, таза кийинип журчу. Чачын ар дайым "хвостик" кылып байлап алат.
Мага жакканы, эч жасалмасы, жагалданмайы жок, оюндагысын эркектердей тарс тарс айтып, жургону эле.
Гулини болосу бар Роза деген, экоосу тен кур, бир жаш эле айырма. Роза экообуз дос болуп калганбыз, аябай кулкучу, шайыр кыз. Гули экоосу менден уч уй арыдагы уйдо жашашат.
Бир жолу тундо уйдун ичи ысып кеткендиктен, матрацымы которуп сыртка чыгып бактын тубундо жатып уктап кетипмин. Бироодун суйлогонунон ойгонуп кеттим, карасам Гули, озу жалгыз Роза корунбойт, колунда телефон, телефонун карап алып ыйлап отурат.
Бир аз жаттым эмне кылышты билбей. Оюма ар нерсе келип кетти, акыры билейин деп чыдабай жанына бардым. Конулун которуп койгум келди. Гули мени коруп эле шашып бушуп телефонун очуруп, наушнигин алып калды. Эч нерсени сезбеген адам болуп жанына отурдум:
- Кандай Гули, эмне, уйкун келбейтабы, уктабайсынбы?
- Хюремдин бугунку сериясын коро албай калдым эле, кызык жерине келген эле. Коруп алып уктайын деп отургам. Озун эмне уктабай?
- Билбейм уйкум келбейтат.
Корбогон экенмин ал кинону, деги эле кино корбойм. Сыр бербей "аа" деп койдум.
Гули ичиндегисин бироо менее болушо албай эле отурганбы:
- Ибрагим олду - дейт. Тан калып калдым, Ибрагими ким эле. Билдирбейин деп:
- Ээ жаман болуптур - деп койсом, мени уккан да жок:
- Сулайман алдап хансарайда алып калып, тундо торт дулой жасоол келип, аябай кыйнап, бакыртып олтурушту - деп, элестетип жибердиби, нары карап жашын эле аарчыды окшойт, мени байкабасын деди окшойт башын жерге салып отуруп калды. Коккууй дедим, кинодогу бироо олгон болсо ошого ыйлап аткан окшойт бул. Бир аздан кийин озун кармай албай калдыбы, унун акырын чыгарып ыйлап кирди. Эмне кылышты билбей эле жанында отура бердим. Эми эмне дейм "Ибрагимдин жаткан жери жайлуу болсун, кайрат кыл" дейминби. Унчукпай отура бердим, мейли эми ыйлап ала берсин, женилдеп калса керек. Аябай кулкум келип Гули байкап калбасын деп башымы жерге салып ичимен кулуп жаттым, маал-маал карап коем байкап калбадыбы деп. Бир маалда башымы которуп карасам Гули мени карап турган экен тушунду окшойт кулуп жатканымы, жини келип, унчукпай туруп кетип калды.
Мен да уйго кирип интернеттен кмнону таап Ибрагимин корсом сакалдары сапсайып жудомуш, коздору тостойгон кызга окшогон бироо экен, тан калып койдум бунун эмнесине ыйлайт деп.
Эртеси мага капа болуп калдыбы десем андай деле корунбойт. Мени коруп жарк деп кулуп, учурашып отуп кетти. Ошондон кийин мен да Гули менен жакшы суйлошуп калдым. Азыр кээ кээде учообуз кечинде, алар иштен эртерээк бошогондо суйлошуп отуруп калабыз. Мен пиво ичем, алар жанымда отурушат ар нерсени суйлоп. Тамактанганы барганда Гули мага жанынан орун алып коет эч кимди отургузбай. Мария апага дайындап койгонбу, менин тамагыма элден кобуроок кылып эттерди салып берет, уялып да кетем кээде. Баары эле мени карап шыбырашып калышат, тушунуктуу да эмне деп суйлошкону.
Бирок Гулинин жигити бар эле, чын атын билбейт экем, Макс деп коюшат. Колдогу мен деген бизнесмен бала экен. Угушума караганда наркотик менен да иш кылат дейт, эми ким билет. Бизде байыган адамды эле же ууру, же наркобарон кылып коюшат ко. Жумасына эки уч жолу келип турат. Коруп калам кээде, бою узун, москоол, спортсмен экени корунуп эле турат. Машинасы коп окшойт, ар келгенде ар башка кымбат машинеде келет. Мейманкананын артында сору бар, ошол жерде суйлошуп олтурушат копко чейин.
Бир куну Роза менен суйлошуп отуруп калсам айтат:
- Гулини байкадынбы, мурункудай болбой жоошуп калды, сен жонундо эле суйлой берет. Ар кимди кагып силкип, урушуп эле журчу, азыр антпей калды. Качан карасан эле ой басып журот.
-Анын жигити бар го. Болгондо да Колдун мен дегендеринин бири го.
- Эми жон эле айттым да, Макс уйлоном деп журот, уч жылдан бери суйлошот экоосу. Бирок Гули Максты суйбосо керек, кайдыгер да.
Кантип эле сезбейин, билем мага кайдыгер эмес экенине. Ойлосом мурункудай болбой калыптыр, козумо карай албайт, ар дайым козун алып кача берет.
Ошондон коп отпой бир куну кечинде адатыбызча учообуз сорудо, мен пиво ичип, алар ар нерсени суйлоп отурганбыз, Гулинин телефону шынгырап калды. Гули телефонун карап, бизге "азыр келем" деп коюп кетип калды эле Роза мени туртуп:
- Азыр "развод по французски" болот журсон - дейт, экообуз мейманкананын бурчунан, карангы жерден карасак Макс келген экен, экоосу бир нерселерди суйлошуп жатышат. Прожектордун жарыгы тийип тургандыктан бизге даана корунуп турган, Макс Гулиге бир нерселерди айтып сурангансып, Гули башын жерге салып, же башка жакты карап "жок" дегенсип турат. Айтор экоосу копко чейин суйлошушту да, акыры Гули "кеч болду эс алышым керек" деди окшойт коштошуп бери басты. Макс Гулинин артынан бир нерселерди суйлоп жатты, бирок Гули артын карабай "жок" дегенсип башын чайкап келе берди. Макс бир аз Гулинин артынан карап турду да, умуту узулдубу ал да башын жерге салган бойдон солдуроп машинасына барып, айдап кетип калды.
Гули биз менен коштошуп, эч нерсе суйлобой кирип кетти. Роза да артынан кетти.
Ошондон кийин Макс келбей калды.
Кундо эртерек кеч кирсе экен, Гули келсе, суйлошуп отурсак деп кеч киришин куто турган болуп калдым. Базада журсом да Гули коруно тургансып мейманкана жакты карай берем.
Кундор ото берди, ар кимден ар нерсе угуп журуп Акимыч жонундо коп эле нерсе билдим. Акимыч студент кезинде Бишкекте окуп жургондо эки уч шериги менен таксисттерди тоноп, бироосун олтуруп коюшуп сегиз жыл турмого отуруп чыккан экен. Кийин чыкканда дагы бангизат менен кармалып аран кутулуптур. Азыр деле милиция бир нерсе болсо эле Акимычты келип текшеришип, суракка алып турушат экен.
Этият боло бериш керек окшойт бул адамдан, азыр деле жон журбосо керек.
Бир ай дегенде айлыгым тийди, жыйырма мин, Керимге айтып коюп Чолпон Атага бардым, акчаларымы банкка счет ачып коюп, ошол жакка сактачумун. Айлыгымы да ошол счетко салып, конулун которуп коеюн деп базардан Гулиге жумшак оюнчук "кучук" сатып алдым. Бош элем, эрте барганда эмне деп, шаарды кыдырып жургом. Милициянын машинеси жаныман отуп кетип, токтоп кайра артка айдап келип жаныма токтоп, ичинен мен биринчи келгенде таанышкан Райым тушту. Дагы деле гражданский формада.
- Ээ кандайсын альпинист?
- Жакшы.
Козумон бир нерселерди билгиси келди окшойт, кылмыш иш кылып жатса коркуп билдирип коет озу эле дедиби, козумон козун албайт. Мен да менттерди жаман коргон адамдай болуп тура бердим соз чыгабы деп. Бир аз карап турду да:
- Акимыч кандай, журобу шуудундап- дейт.
- Журсо жургондур, мен корбойм деле аны. Менин озумун ишим бар, акчасын толосо болду да.
- Туура, туура айтасын акчасын толосо болду да, макул нарушение кылбай жур- деп, дагы бир нерселерди суйлойун деп, кайра айныдыбы ал оюнан, кол шилтеп коюп машинесин айдап кетип калды.
Ошол куну эле кечке тамактанып отурсак Акимыч кирип калды, баарыбызды бир сыйра карап алып, мага:
- Дастан тамактанып буткондон кийин мага кирчи - деп чыгып кетти.
Гули негедир акырын эч кимге байкатпай:
- Коп эле Акимычка сырыны ача бербе - деп койду.
Кирсем озу эле экен, бир кагаздарын карап отурган экен:
- Кел олтур- деп диванды корсотуп, айлыгыны алдынбы?- дейт.
- Ооба алдым рахмат.
- Кыйынчылык жокпу иште?
-Жок, жакшы баары. Курортко эс алганы келгендей эле журом. Акимыч менин керегим деле жок окшойт ко бул жерде. Туристтердин деле тоого чыгам дегендери жок, бекер эле айлык алып журо бериш мага да туура келбейтат.
Акимыч мени тан калып карап калды да, кулуп жиберип:
- Ээ кыжаалат болбой журо бер. Сага тологон айлыкты мага бир туристтин уч кун жургону эле жаап коет, антип ойлобо. Буларды айтып болбойт, бир куну бироосу тоого чыгам деп калса сени каяктан издейм. Ал жонундо экинчи ойлонбо- деп кагаздарын карап калды. Менден бир нерсени сурай албай атты, убакытты созуп, кантип сурасам деп атты окшойт. Оюма бир нерсе кылт этти, кантип эле ушундай болсун деп текшерип коройун дедим. Азыр билип албасам кийин ойлоно берип озумо эле жаман болот:
- Акимыч бугун Чолпон Атаны кыдырып журсом, Райым таз жолугуп ар нерсени сурады. Сиз жонундо да сурады, "кандай журот" дейт. Жакшы эле журот деп эптеп кутулдум. Мага очошуп калган окшойт.
Акимыч чычкан андыган мышыктай болуп мени карап калды да, дароо козун ала качып чычканды ошол жактан чыгып калат дедиби, кагаздарына унулуп калды.
Конул бурбаган адамдай болуп:
- Эмне дейт?- деп койду. Ортодогу болгон создорду токпой чачпай айтып бердим.
Акыры мени карап:
- Ээ ага конул бурба, ал бир эле сага эмес баарына ошондой мамиле кылат, баары жаман корушот. Макул эми бара бер, унут Райым тазды.
Ушуну эле сурай албай аткан окшойт, конулу жайланып калгандай сезилди. Эмне, бугун шаарда менин артыман бироо андып журду бекен. Дагы бир текшерип коройун деп чечтим.
Бугун Чолпон Атага барып келдим, эгер артыман андып журушсо, баары бир буюмдарымы тинтип текшерип корушсо керек.
Эртен чыгып жатып, аттын кылын эшикке жармаштырып койдум, мен жокто бироо кирсе кыл узулуп калмак. Тамактанып алып базанын жанындагы колго чомулуп келгени кеттим. Эки сааттай колдо журуп келсем, кыл узулуп калыптыр. Ким кирсе да профи экен, буюмдарым кандай турса ошондой кылып кайра коюптур, баары ордунда, билинбейт эч нерсе. Акимыч эле кирген болуш керек, же Муслим, башка ким кирет эле.
Эртеси дагы туристтерди ээрчитип тоого чыга турганбыз. Тоого чыкканда кийген кроссовкими тазалап коеюн деп кир болгон жерлерин спиртке малынган пахта менен тазалап коеюн деп чечтим. Бул адатка Москвада конгом, альпинист досум бар эле, Саша деген, улуту цыган. Ошону ээрчип журуп уйронгом бул ишти.
Ишине ото так бала эле, ар ишке чыгарда альпинисттик шаймандарын бирме бир ар бир жибинин тигилишине чейин текшерип, буюмдары таптаза журчу. Бутуна жайы кышы кроссовка кийип, анысы да таптаза, жадакалса таманын да бирме бир тазалап турат, кичине эле жери жыртылса ыргытып жанысын, кымбатын сатып алчу. Уч жылда мен да конуп бутком тазалыкка. Менин да бутумда ар дайым кроссовка. Кышкысын жылууланганын, жайында тешиктери бар жукасын, айтор кроссовкадан башка бут кийим кийбейм. Таманы калынын алам ар дайым, бутуну кырлуу жерге койсон отпойт, жумшак болуп анча мынча жерде тайбайт.
Кроссовкамын капталдарын тазалап бутун таманын тазалап жатсам, уч жагында бир жери тилинип калыптыр. Шиштуу нерсе басып алган окшойм деп карасам клей менен клейленип калыптыр. Тан калып калдым, Бишкектен чыгарда алгам, жаны эле, бутун болчу. Шиштуу отвертка менен тазалачу элем, кесилген жеринин клейин ажыратайын деп аран ажыраттым, клейдин да жакшысын алышкан экен. Ачып корсом ичинен кичине топчудай болгон эки нерсе тушту. Бироосун тушундум, кадимки эле кол саатын батарейкасы, экинчиси... Дароо интернетке кирип издесем туура эле, ойлогонумдай эле экен.
Оой булар катуу кеткенго, бул деген датчик да, менин каякта жургонуму ушул аркылуу билип турушат да.
Кийимдерими, айтор эч нерсе калтырбай бирме бир карап чыктым, башка датчик таппадым.
Камера коюшпады бекен деп уйдун бир да жерин калтырбай тытып чыктым жок, коюшпаптыр. Телефонуму тыншашы да мумкун, бирок аны кантип текшерет элем. Мейли ким менен суйлошмок элем.
Датчикти кундо жумушка чыкканда кийген жилетиме тигип алдым.
Тушунуктуу, демек менин артыман андып журушот экен, мага ишенишпептир да.
Мени андып журушсо, бир нерсени кутуп журушот, бир куну мени мажбурлап аткартышат баары бир. Андан кийин тируу калышым кумон.
Кетиш керек тынчырак бул жерден. Россияда деле кун жылып калды, иш башталат жакында.
Туну менен эмне кылсам деп ойлондум, ар нерсе оюма келет. Биринчи кетейин деген менен алтындарды ойлоп, кыскасы танга чейин ойлонуп, алтындарды алып качмакчы болдум.
Мындай шанс ар кимге эле келе бербейт. Качанга чейин Россияга барып кыйналып журом, биякта мындай байлыкты кол созсон эле жете турган жерде турганда.
Булар эле кудай эмес да, мендей эле адамдар.
Бир жактама чечим кабыл алганым учунбу женилдеп калдым.
Макул дедим, негизгиси озумо "кантип аткарам" деген суроону бердим. Калганын башым озу айтат. Кобунчо ушундай, бир ишти кантип аткарам деп озумо суроо берем да, кунумдук ишими кылып журо берем, оюма озу эле келчу ар кандай жолдору.
Акыры план туздум
Эки кундон кийин Гулиге жолуктум:
- Гули мен Чолпон Атага барып келишим керек болтат. Бироого акча которуп келбесем болбойт, Акимыч билбегидей кылып барышым керек. Билесин го айлыгыман кыркып салат билсе, жардамын керек.
- Кантейин дейсин?
- Бою мендей бир бала тапсак, менин кийимими кийип пляжда журуп турса эки саатка. Мен барып келе коет элем. Мин сом берет элем.
Гули ойлонуп калды да:
- Качанга- дейт,
- Эртен болбойт эми, наркы кунго жакшы болот эле.
- Макул иним бар айтам, келип ордуна иштеп турат. Дастан эки саатта Чолпон Атага барып келишин кыйын, бироолор корсо да айтып коюшу мумкун, биздин айылда эки уч адамдын катери бар. Беш жуз сомго Чолпон Атага алып барып келет эле. Коп болсо бир саат кетет - дейт, суйунуп кеттим, дароо макул болдум. Кантип озумун башыма келбеди экен. Туристтер колго тушкону барышканда мен да кошо журом, пляжга ар кандай катерлер келип колго айлантып келишет.
Кантип келет, эмне кылат, айтор майда чуйдосун суйлошуп алдык, иниси бироонун катерин жалдап келип, ошол катер менен Чолпон Атага барып келмей болдум.
Пляжга туристтер менен мен эле келем, мейманканадан мени тааныгандардын эч кимиси келбейт. Акимыч болсо деги бут баспайт ал жакка. Мени андыган адамы болсо деле алыстан дурбу менен караса керек, Гулинин иниси менин кийимими кийип журсо болду да, алыстан таанылбайт. Пляжга ким келсе да даана корунуп турат. Ушул убакка чейин эч ким келбеген мен тааныгандардан.
Кечинде интернетте отуруп Бишкектен бир интернет дукон таптым, келемиш атпайларды кууй турган "ультазвуковой отпугиватель" деген аппарат саткан. Айткан жерине алып келишип берет экен.
Эртеси Бишкекке жакын досума чалдым. Бокска бирге барып, айтор жакын дос элек. Ошого чалдым, альпинисттик шаймандарымы, дукондон заказ кылган аппаратымы, калын берца, калын кышкы джинсы, булгаары куртка, калын булгаары кол кап алып Чолпон Атага келип турмак болду.
Гулинин иниси аты Азат экен, арыгырак болбосо, бою мендей эле. Мейманкананын футболкасын, датчик тигилген жилетти алып келип ага кийгизип, ишти тушундуруп коюп, озум катер менен Чолпон Атага барып шаймандарымы, аппаратты алып келип, пляжга жакын жерге бекитип койдум.
Эми жума кунду кутуш керек, жума куну Акимыч мейманканага кечинде, саат алтыларга гана келет. Мейманканадагы адамдардын дээрлик жарымын ээрчитип алып Чолпон Атага барышып керектуу азык тулукторду, керектуу ичимдиктерди, кыскасы базарлык кылганы кетишет. Ал куну Акимычты Муслим сыяктуулар издеп келбейт. Мейманканада калгандарынын тамактанганга да чолосу болбойт. Мени эч ким издебейт эле.
Жума кунго, ар нерсени шылтоо кылып эч кимге айтпайсын, Гулиге да айтпа деп суйлошуп, Азатты чакырып койдум. Акчасын жакшы толоп берем десем макул болду.
Мени эки саатка эч ким издебей турса жетет. Андан кийин алтындарды алып кетип калсам, эмне болсо ошо болсун, мага айырмасы жок болуп калат. Азатка гана чалып кете бер десем болду, аны туристтер тааныбагандан кийин.
Жума кун да келди акыры. Азатка чалып койдум да, керектуу гана документ сыяктуу нерселерими алып пляжга келдим. Азат да айткан убакка келди, жолугуп, кийимдерими, жилетими берип, акчасын да толоп койдум.
Эми чуркаш керек.
Бекиткен жерден шаймандарымы, кийимдерими, аппаратты алып рюкзакка салып, тоону ашып шаркыратмага жонодум. Шаркыратмага жетип, тоонун башында жатып алып бир аз эки жакты карап жаттым. Тынч эле, эч ким деле корунбойт. Мени андыган адам болсо соссуз кормокмун, келер келгиче ар жерге бекинип карап келаттым.
Берцаны, джинсыны кийип, футболкам, шортым менен башымы, мойнуму козум эле ачык кала турган кылып ороп, сыртынан курткамы кийдим. Келемиштер кол салса аз да болсо сактайт, кобунчо моюнга, тамакка асылышат имиш. Бычакты бутума байлап алдым.
Ичимен бир аятты окуп, бата кылдым да аппаратты, фонарикти алып жип менен тушо баштадым. Алтын тенгелер жайылып жатат, элуу-алтымыш даана бар го. Тектирге уч метр калганда бутум менен бош таштарды тушуруп, кутуп турдум. Каягынан чыгышар экен деп карап турсам шаркыратманын ичинен чыгышты. Коп куттурушкон жок, тектирченин шаркыратмага кирип кеткен жагынан, чоп, карагандардын арасынан жолу бар экен, ошол жактан чыгышты. Биринчи бироосу чуркап чыгып, дароо эле алтындарды жыттагылады. Анан тектирченин бутушуно чейин чуркап барып келди да, эки арткы бутуна туруп алып абаны жыттагылай баштады. Бир аздан кийин келемиштер жайнап чыгып келишти. Эми корсон итиркейин келет, жундору жылтырап, тектирченин бети капкара болуп калды. Тумшугун созуп, эки арткы буттарына турушуп абаны жытташып, эки жакты издей башташты. Мурдулары кызыл, шиш, муруттарычы, колдору адамдыкындай болуп бармактарга болунуп турат экен, чыйылдашкандарычы, ээ эн жаман коргонум ушул эле. Эмнегедир ушу чычкан, келемиш атпайлардан корко берем, озум да тушунбойм. Ортосундагылары жайып койгон алтындарын ичкери ташып киришип ызы чуу эле тушуп калышты. Дагы бир метр тушуп келемиштерди кууй турган аппаратты алып жактым, лампочкалары куйуп, иштей баштады, ичимен санап кутуп турдум. Эки- уч муноттон кийин таасир бере башташ керек.
Окуганыма караганда бул аппараттан адамга угулбаган ультра ун чыгып, келемиштердин нервдик системасына таасир берип, аларды алыс качырышы керек. Таасири элуу метр экен.
Бир аздан кийин келемиштер ызы-чуу тушушуп эле чыйылдашып ары бери чуркай башташты. Бири бирин туртушуп, тиштешип, бир тобу аскадан чыйылдаган боюнча тушуп кетишти. Акыры баары чыйылдашкан боюнча бир нерседен куру калгансып чуркап шаркыратманын ичине кирип кетишти. Тектирчеге тушуп, жипти чечип, аппаратты алдыма кармап алып, бир колума бычакты кармап акырын басып бара бердим. Шаркыратманын жанындагы чопторду акырын ачып карасам адам сойлоп кирсе кенен эле баткыдай тешик бар экен. Аппаратты алдыма алып сойлоп кирип ичине баш багып корсом ичи карангырак экен. Келемиштер корунбойт. "Бисмилла" деп ичине кирдим, суу тийбесе да, суунун майда учкундары чачырап, дем алыш да кыйын болуп кетти. Шаркыратма тосуп корунбойт экен да, артында ункур бар экен. Ичи кенен, чон ункур экен. Бутума жумшак бир нерсе урунду, фонарикти жагып карасам кроссовка корунду козумо. Фонарикти жогору которуп эле чочуп артка кетенчиктеп кеттим, адамдын скелети жатат. Конулум айнып, аскага таянып туруп калдым, окшуп жибердим. Келемиштер жеп салган окшойт, шортысы, жука курткасы, кроссовкасы скелетке кийилген бойдон сооктор эле жатат. Чачтары сары экен. Ээ эми суроттоп айткын да келбейт. Беш муноттой тура бердим эмне кылышты билбей. Акыры озуму колго алдым. Шашыш керек , Акимыч келип калса мен да ушунун жанында калып кетишим мумкун эле. Фонарик менен ункурдун ичин карай баштадым. Ичи чон экен анча эле, тобосу уч торт метрдей. Кээ бир жерлери бийиктиги канча экени билинбейт. Ортосунда диаметри беш метрдей болгон кол бар экен. Ункурдун ичинен, тобосунон коп суу агып тушуп ункурдун ортосундагы колго тушуп, андан агып чыгып, сыртка шаркыратмага кошулуп агып кетет экен. Бирок негедир ункурдун устунон тушкон суу коп да, агып чыкканы ото эле аз. Демек колдун тубу тешик, суунун копчулугу асканын ичиндеги тешик аркылуу агып кетип, азырагы, ашып калганы бул жактан агат окшойт. Скелеттен акырын аттап отойун деп фонарик менен бутуму коерго жер карап жатсам, козумо тартылган жип урунду. Акырын кармалап корсом катуу тартылган ничке тросс экен. Аябай майлаган окшойт, колум май болуп калды. Фонарикти жарык кылып троссту кууп барсам, дубалга, байкалбай турган кылып автомат катырылыптыр. Дароо скелетти карадым, баш соогундо уч жеринде тешик бар экен. Автоматты акырын чыгарып алдым. Немистердин европага, жер жузунун жарымына тополон салган, кадимки атактуу "шмайссери", кленкага аябай кабаттап оролгон экен, ок чыга турган учу эле ачык. Кленканы чечсем, аябай былчылдатып майлаган экен, майы кургап калбасын, сыз жерде чирибесин деген окшойт. Алтынды бекиткен адам аскер адамы болгон окшойт. Ботон адам кирсе атылсын деп койгон да автоматты. Башка дагы автомат же граната жокпу деп аябай эле тыттым ункурдун ичин, башка жок окшойт. Болсо да жыландар, келемиштер урунуп атылып жок болгон окшойт. Жерде тросстун узундулору, жарылган жердин ордулары турат чукур болуп.
Ункурдун торундо эни бир метрдей болгон тешик бар экен, ошол жерде бийиктиги элуу сантиметр, узундугун колуму салып кордум бир метрдей темир ящик турат. Тешиктен шамал келип жатты, тешиктин учу сыртка чыгат окшойт. Шамал отуп чирибей турсун деп ушул жерге койгон да. Ящиктин жанында калын темирден жасалган куту жатыптыр, ачып карасам ичинде бир журнал жатат, сыртында орусча "борт журнал самолета бомбардировщика Ил-4" деп, дагы бир цифралар турат, учкучтардын борт журналы экен. Журналды буктоп курткамын ички чонтогуно салып алдым.
Келемиштерди кууй турган аппаратты ящикке жакынырак алып келип койдум. Ящикке дагы атыла турган, жарыла турган бир нерсе койбосун деп, кармагычына жип байлап, алысырак туруп тартсам, чирип калган окшойт, кармагычы узулуп тушту. Кармагычтын орду тешилип, алтын тенгелер шагырап тушо баштады.
Фонарикти жарык кылып оозум ачылып эле туруп калдым. Озуму ар кандай абалда кармай алам деп ойлочумун, алтындан бир адамды арбап, акылын иштетпей кое турган энергия чыгып турабы билбейм, арбалып калдым окшойт, дем жетпей, шилекейлерим агып, тамшанып алдым, кантип жанына басып барганым эсимде жок. Эки колума алтындарды ченгелдеп алып карап отурам, салааларыман агып тушуп жатат. Дагы кочуштап алам, салааларыман шынгырап агып тушот...
Эч ким менен болушпойм, баары меники, бироо талашып корсун деп ойлондум. Адам кокусунан коп байлыкка жетсе козуно эч нерсе корунбой, озун башкара албай калат окшойт. Эгер азыр бироо келип болушосун десе, болушпош учун эч нерседен кайтпасам керек эле.
Далым тыз дей тушту, артынан эле удаа уч торт жерим тызылдады. Ордуман ыргып турдум, фонарик да наракта калган экен. Дароо аппаратты карадым, лампочкалары очуп калыптыр, батарейкалары начар болсо тугонуп калган окшойт. Келемиштер каптап калыптыр айланамы, коздору фонариктин жарыгына чагылышып, тимеле быкпырдай кайнашат, бир конул айланткан ысык жыты бар экен, эми чыдап болбойт. Канчоосу секирди билбедим, бардык жагыман эле каптап калышты. Ункурдун ортосундагы кол оюма келиптир, келемиштер жыш болуп калышыптыр суруп, тебелеп барып эптеп колго секирдим. Калын кийинбесем жеп коюшмак экен оной эле. Суу дароо эле тартып кетти, эч нерсе корунбойт. Козуму жумуп алдым, таштарга урунуп беринип атып колго туштум окшойт. Козуму ачсам колго тушупмун, асканын ичиндеги ункур сыяктуу карангыраак жер экен. Бирок даана эле корунот ичи, сырттан кун сууга чагылышып жарык болуп турат экен. Узундугу уч, туурасы беш метрдей болгон ункур сыяктуу жер экен. Тобосу эки метрдей бийик, ортосунан эни адам оной эле баткыдай болгон тешиктен суу куулдоп тушуп турат. Колума кочуштап кармаган алтын тенгелер менен ыргыган экенмин, колум карышып калыптыр, кочушум толо алтын тенгелер. Айланамда менин артыман кошо секиришкен, аябай коп келемиштер агып журот. Озулору оло албай жатып, мага кол салганы жатышат. Баары жанталашып мага карай сузушуп айлантып курчап алышты. Бир экоосу колумдагы кол капты тиштеп да алышты. Суунун тубуно кирип алтындарды чонтогумо болуп салып, суунун тубу менен сузуп ункурдун тор жагынан чыктым. Асканын орчуктарына карманып карап турсам, копчулугун жарык кирип турган тарапта суу тартып кетип ошол бойдон жок, кайра чыгышпай жатат. Бир топ келемиш аскаларга тырмышып, мага секиришет, кол кабым калын булгаарыдан болгондуктан гана тируу калдым. Тимеле жанкечтиленип кол салып жатышты. Секиргенин бычак менен сайып, бир колум менен ункурдун ары жагына ыргытып жаттым. Суу кыпкызыл кан болуп калды. Жакындагандарын бутум менен суруп, айтор жанталашып коргонуп жаттым. Копчулугун суу тартып кетип жатып эле аман калдым окшойт. Алтынга ото эле оч болушат экен, суунун агымына каршы, мени коздой чыйылдашып, жанталашып сузушуп, кээ бирлери аскага жармашып мага жетейин деп аракет кылып жатышты. Бирок чекелери тайгак болуп, айтор баары агып, суу тартып кетти.
Тура берсем болбойт, мен да суунун тубуно чумкуп жарыкка карай суздум, агым катуу экен, суу агып чыккан жер уч метрдей терендикте экен, суу озу эле тартып кетти. Эни бир метрдей туннел сыяктуу жер менен адашпасам беш алты метр барго дейм, суу коз ачып жумганча колго алып чыгып койду. Туннелдин чыга бериш жеринде дарактардын тамырлары, балыр сыяктуу чоптор тосуп турат экен, аран чыктым. Асканын тубунон чыккан экенмин, жогоруну карасам асканын башында бироо мен асылып тушкон жипке карманып алып ылдыйды карап жатыптыр, колунда мылтык. Коруп калбасын деп дароо суунун тубуно чумкуп кирип кеттим. Асканын тубун кармап кетатып колум боштукка урунду, оюк экен. Оозу суу менен жабылып, ичи эки адам баткыдай ункур сыяктуу жер экен. Ичине кирип бир аз дем алып жаттым. Алтындарды санасам отуз жети даана экен, чонтокторумо болуп салып алдым.
Жогорудагы мени андып жаткан адамды тааныдым, пансионаттын кароолчусу эле. Ал жашы кырктарда го дейм, арык, бою кичине, тырышкан чап жаак адам эле, аты Камчыке. Биринчи коргондо кытайдын кинолорундагы ачарбактай болгон адамдарга окшотком негедир. Коздору кичинекей болуп, кыскасы мага бир коргондо эле негедир жакпаган. Ал ар дайым кечинде келип, эртен менен саат тогуздарда кеткендиктен коп деле мамилем жок болчу.
Мени кантип коруп калды экен, Акимыч артыман андып жур деп койгон окшойт. Датчик менен таап алды дейин десен датчик жилетке тигилген, жилет Гулинин инисинде калса. Эми менин бул жакка келгеним, аскага тушконум Акимычка жетип калса ал мени тируу койбойт болушу керек.
Эми бир нерсе кылып бул адамды кондуруш керек. Алтын берем десем макул болот баары бир. Буга деле акча керек да. Азыр Акимычка кабар бере албайт, телефон тартпайт бул жерде. Эптеп Акимычка жеткизбей кармаш керек. Асканын тубу менен элуу метрдей агып барганда, суу чукул бурулат, жогорудагы адамга корунбойт.
Абадан оозума толтуруп алып ункурдон сузуп чыгып, суунун тубу менен бурулушка чейин агып кете бердим.
Жээкке, токойлуу жеринен чыктым. Эми кантип кармайм, артынан корунбой чыгыш кыйын. Менин чыгып баратканымы корсо качып кетиши мумкун.
Саатты карасам пляждан чыкканыман бери бир сааттай убакыт болуп калыптыр. Камчыке эми качанга чейин отурат ал жерде.
Жогоруну карап бекинип отургандан башка айлам калбады. Коп отпой эле Камчыке негедир шашып эле атына минип ылдыйга тушо баштады, Акимычка барып айтайын деди окшойт. Отор жолуна жакын даракка чыгып бекинип отуруп калдым. Мылтыгы бар экен, алдына ээрге илип алып келатат. Тез эле тушуп келди, жаныма келгенде устуно секирип аттан оодарып тушуп, алдыма басып алдым. Аты качып кетти, мылтыгы да ат менен кетти. Коздору алайып калыптыр:
- Жан соога баатыр, олтурбо, бала чакамы ойло - деп жалына баштады. Мени олтурот деп ойлогон окшойт.
- Токто Камчыке мен сага жамандык кылбайм, кое бербегенде эмне кылмак элем, суйлошуп алалы.
Козумо карап турду да, колунан жамандык келбейт дедиби:
- Макул, макул баатыр, суйлошолу, суйлошолу, айтканыны кылам - деп, ордунан туруп кагына баштады. Жоо качып кете албайт эле, мен да кийимдерими кагынып калдым.
-Кана баатыр эми суйлочу - дейт, карасам колуна тапанча кармап алыптыр, "Макаров" экен, учуна атылганда ун чыкпас уланган. Жанагы жалынып аткан адам жок, тимеле козу жайнап алган.
Унчукпай эле туруп бердим, тапанчанын суру жаман экен. Кинодогу тапанчаны ыргыта тепкендер жалган эле окшойт. Бутумун астына эки жолу атып жиберди, эки колуму которуп эле турам. шылдындап ар нерсени суйлой баштады, жерге дагы бир жолу атты. Колуму ого бетер болушунча созуп, бийик которуп алдым. Эмне адамды шылдындап суйлогондон ырахат алабы ар нерсени суйлоду. Суйлойун десем, суйлотпой койдуй, айлам куруду, эми эмне кылам. "Азыр Акимычка барабыз, ошого суйлойсун" дейт.
Асканын тубу болгондуктан турган жерибиз шагыл эле, Камчыке менден алысырак турайын дедиби, артка жылам деп жатып, чонурак ташты тебелеп алып кулап кетатып мени атып жиберди, ок кулагымын жанынан отуп кетти, абаны жырап учкан уну кадимкидей угулду. Эч нерсеге карабай, секирип басып калдым. Тапанчасы колунан чыгып кетип алысырак тушуп калды. Тан калдым жанагы Камчыке жок, дароо озгорду, коздору алайып эле ыйлап жиберсе болобу. Алаканым менен жаактан ары бир салдым. Кызарып кетти, ого бетер кучоп ыйлап жалына баштады.
- Токтот, болду токтот, мен сага эч нерсе кылбайм. Эмне олтурмок белем- десем деле болбой ыйлап, бир маалда коздору антарылып эле титиреп жатып калса болобу, коркуп кеттим. Оюмда тарамыштары тартылып калды дедимби, шашканыман колдоруна, буттарына массаж жасай баштапмын. Эки муноттой титиреп, оозунан кобук чыгып барып тынчып жатып калды. Маал маал бир дирт деп титиреп коет. Жанында отурам эмне кылышты билбей. Анан оюма келди, анткорлонуп жатпады бекен деп, бир колум менен буттарына массаж жасап, бир колум менен акырын ага байкатпай тапанчанын магазинин чыгарып беш огу калган экен, баарын чыгарып чонтогумо салдым да магазинди кайра тапанчага салып ордуна таштап койдум. Анан суу жакка чуркап кеттим. Сууга барсам аты турат, чылбыры карагандарга илинип орулуп калыптыр. Колума суу кочуштап алып артымы карасам Камчыке тапанчасын кармап мени карап кулуп турат.
- Ээй акмак бери кел, даана кок мээ турбайсынбы- деп жыргап кулот. Унчукпай жанына бардым, торт беш кадам калганда:
- Токто, отур, отур ошол жерге - деп колу менен жерди корсотту. Жерге отурдум.
- Камчыке токто, суйлошолу. Мен алтындарды таптым, экообузго тен жетет. Шашпасан суйлошолу- десем,
- Жок ал алтындар Акимычтыкы- дейт, оозум ачылып калды, мен ойлогон элем озуно алам деп атат ко деп.
- Ой Камчыке Акимычты эмне кыласын, аныкы ансыз деле жетиштуу, ашыгы менен керек болсо. Эмне сага акча керек эмеспи, бала чакан барго.
- Жок, Акимыч алса алтындарды мага да берет.
Оозум ачылып калды, эмне ушунчалык эле Акимычты кудайындай коруп калганбы. Озу деле алып кетсе болот ко алтындарды, Акимычка бербей. Тан калдым
- Ой, акыры экообуз болуп алсак сага коп тийет ко, омурунун акырына чейин жетип, бала чакан эмес, небере чоборолоруно да жетет ко. Акимыч сага канча бермек эле.
- Жок сен мени башымы айлантпа, Акимыч алыш керек -дейт кайра эле.
Кок мээлигине жиним келип кетти, "Акимыч эле Акимыч" деп, биротоло кул болуп калган окшойт ко Акимычына, же коркокпу ушунчалык. Ордуман шашпай туруп, жанына басып баратсам тан калып карап калды да, тапанчаны мага такап курокту баскылайт кайра кайра. Акыры тушунду окшойт коздору коркконунан чанагынан чыгып кете жаздады, катып калыптыр ордунда, каршылык да кылганга жарабады. Кок мээлигине жиним келип эки желкесинен кармап булкуп:
- Эй акмак, озунун башын жокпу, эркек дейт ко сени. Кичине эркектей болчу - деп козуно карасам, негедир коздорунун нуру очуп, бир кызыктай болуп денеси бошоп эле жерге жыгылып калды. Дагы анткорлонуп жатабы деп журогун тыншасам сокпой калыптыр. Уйку артериясына соомойуму коюп корсом эч нерсе жок. Арык, кичинекей адам эле, эки желкесинен кармап булкканымда катуураак булкуп койгон окшойм. Жулуну узулуп кеткен окшойт. Дал болуп эле отуруп калдым.
Эми эмне кылдым. Ээ кыскасы канча отурганымы билбейм, ар нерсени ойлоно берген менен эч нерсе чечилбейт. Болору болду, чонтокторун карап бир пачка тапанчанын огун таап алдым. Сегиз огу алынып, дагы кырк эки огу калган экен. Тапанчаны колтугунун тубуно илип ала турган ремени да бар экен, чечип алдым. Атын жетелеп келип, Камчыкени алдыма оноруп минип алып шаркыратманын мандайында бийик аска бар эле, ошол жакка алып чыктым, усту тегиз чоп коп оскон жер экен, ат келе ала турган, шагылдуу жерин тандап, ошол жерден ылдыйга таштап жибердим. Коюу караган экен, арасына кирип корунбой калды. Табылышы да кыйын эле, табылган кундо да озу шагылдан тайып тушуп кетти деп ойлошот эле коргондор. Аттын да изи таштарга тушуп калды. Атты кое бердим.
Колго тушуп байланып турган жиптерими чечип, берцамы, джинсымын чонтогундогу алтын тенгелерди алып шортымын чонтогуно салып, джинсыны, Камчыкенин тапанчасын алып октоп, калган окторду суу отпой турган кылып куртканын ичине ороп, курткамы, баарын рюкзакка салып, шаркыратмадан беш жуз метрдей алысыраак барып, чагылган тушуп куйгон арча бар экен, ичи кенен экен, ичине бекитип, устунон жалбырак бутактарды таштап салдым.
Кучумун барынча чуркап пляжга жеттим. Тоону ашып тушуп, бир аз эки жакты карап бекинип жаттым, тынч эледей, ботон адам корунбойт. Азат туристтерди санаган адам болуп, пляжда жаткан жаш келин кыздарды карап, суктанып коюп журот. Телефон чалдым, дароо алды да "мен келдим" десем "аа азыр барып калам" деп адамдар кийинип чечинчу кабинанын мага жакынырагына кирип кетти да, бир аздан кийин плавкичен болуп колуна пакет кармап чыгып кетти. Артынан эле мен кирип, тиги таштап кеткен формамы кийип, автобустун колокосуно жатып алдым. Азатты карасам бир катердин ээси менен суйлошуп турат, ошо менен кетет эми.
Эми эмне кылам, кайтып келгеним туура болдубу, же ошондон ары качып кетиш керек беле. Качып кетсем Камчыке дайынсыз жоголсо, ошол эле куну мен дайынсыз жоголсом милиция деле, Акимыч деле менден эле кормок да артыман милиция тушмок. Милиция жердин жети катар тубуно кирип кетсен да таап чыгат, качып кете албайсын. Эми болору болду, же камалам же алтынды алып качып кетип бир жакка барып бай болуп жашайм. Кечке чейин ар нерсени ойлонуп акыры озуму озум актадым. Камчыке озу куноолуу да, атайын кылбадым. Мандайына жазылганын корду да. Ээ кечке чейин ойлоно берип башым каттуу ооруп чыкты.
Эми эн негизгиси кандай жол менен болсо да женип чыгыш керек, а женуучуну эч ким соттобойт.
Тамактанып жатканда катуу ойлонуп калганмынбы, мага бироосу суроо берген экен, укпай калыпмын, баары мени карашып калышыптыр. Гули турткондо гана айланамы карап калсам баары кулуп жиберишти. Гули "эмне эле болуп жатасын" дейт.
Кой озуму колго алайын дедим, минтип журсом булар го мейли эч нерсени билишпейт, Акимыч жакында угат Камчыкенин жоголгонун, мени андыганы жоноткон, биринчи эле менден шекшийт да. Тоодон озу тушуп кетти дегенге ишенбесе керек.
Уйго келип светти очуруп, жуурканымы чумконуп алып телефондун жарыгында борт журналды окуп жаттым. Каякка учканы, самолетто кандай кемчиликтер болгону, айтор кызыктуу эч нерсе жок экен. Эн акыркы барагында гана самолет Кара Колдогу аэродромдон 1935-жылы, 14- апрелде танкы саат жети отузда учуп чыкканы, барар жери Тибет, Лхаса шаары деп, рейстин номери жазылыптыр. Самолетто эки советтик учкучтан башка дагы Германиянын "СС" тин сегиз офицери деп, фамилия, аттары, аскердик чиндери жазылыптыр. Ошону менен жазуу токтоптур.
Демек кандайдыр бир тапшырма менен немистер биз аркылуу Тибетке алтын тенгелерди алып кетип жатышып, ошондо оюма келди, шаркыратманын жанында агарып калган жерге самолет урунган да. Бироосу куу менен барып ункурдун ичине кирип кеткен окшойт да. Тируу калган болсо алтынды биздин бийликке ишенбей, же озуно алам дегенби ункурго бекитип кеткен. Автоматты да ошол эле койгон да.
Гитлер бизге кол салганга чейин Германияга дуйно жузу каршы болуп, бир гана СССР менен мамилеси тузук болгон да, Гитлер менен Сталин дос катары болушуп, немистердин учкучтарын, танкисттерин, айтор согуштук кадрларын СССРдин аймагында, Ростовдо жана башка шаарларда биздин аскердик мугалимдер окутушуп, машыктырышып, даярдап берип турушкан. Гитлер дээрлик европанын жарымы менен кырылышып жатканда Германиянын заводдоруна курал чыгарганга темир атпайларды, аскерлерге тамак аш ж.б. нерселерди жонотуп турушкан. Ушундай мамиледе болушкандан кийин биз аркылуу отпогондо кайсыл жак менен барат эле. Тибетке Индия аркылуу ото албайт эле, ал убакта Индия Англиянын колониясы болгондуктан англичандар жол бербейт эле. Кытай АКШнын айтканын кылып турган, америкалыктар деги эле жол бербейт эле.
Бир гана жол уйгурлардын Синьцзяны аркылуу болгон. Синьцзян ал убакта озунчо мамлекет болгон. Ошол маалда Ош менен Нарында "кыргыз бригадасы" деген жашыруун ат менен тузулгон советтик Армиянын жети мин аскери Синьцзяндын жетекчилигинин суранычы боюнча жашыруун Синьцзянга кирип, жергиликтуу адамдардай кийинишип, которулушчулорду басып, дээрлик ошол жерди башкарып турган да. Тибетке эн ынгайлуу, коопсуз жол болгон.
Бир жыл мурун олгон эки немис ошол тируу калган офицердин неберелери окшойт да. Офицер озу жалгыз эле тируу калса, эрте жаз болсо, бул жерге адам коп деле келе бербеген болсо. Алтынды бекиткенге убактысы кенен эле болгон да. Кийин чондоруна куйуп кетти, чогуп кетти деп, озуно алгысы келген да, мен деле ошентмекмин. Алтынды бекитип, картасын чийип алган, кийин согуш башталып кетсе келе албаган, андан кийин СССР жабык мамлекет болгон, анда деги эле келе албаган. СССР урагандан кийин гана, эми келген окшойт да неберелери. Ункурдогу скелет да дайынсыз жоголгон немис эле да, башка ким болмок эле. Байкеси кундуз жип менен тушкон болсо, келемиштер жайып койгон алтынды коруп тере баштаганда келемиштер коп болуп келип кол салса коркконунан аскадан боюн таштап жиберген, ташка урунган болсо больницага жетпей олду да. Иниси жогоруда жипти кармап турган болсо, келемиштерди корбогон, байкесин кокусунан тайып кетип олду деп ойлоп калган. Байкесинин колунан же чонтогунон алтын тенгелерди коргон болушу керек. Алтын ушул жерде экенине толук козу жеткен. Эл шекшип калды, эртерээк алып кетейин деп, ошол эле куну тундоп келип, келемиштер бир нерсе болуп тигинин тушконун билишпей калган. Немис шаркыратманын ичиндеги ункурго киргенде келемиштер кол салса, коркконунан тросс зымга урунуп автомат атылып олгон.
Чонтогумдогу алтын тенгелерди карап суктанып жата бердим. 1933-жылы чыккан окшойт. Арт жагында Германиянын герби окшойт, буркутко окшогон бир сурот. Алды жагында 5, 20 деген цифра, бир тушунуксуз жазма тамгалар. Бироосу канча турар экен, кеминде он мин сомдон болсо да.
Бекитиш керек эми эч ким таппагыдай кылып, бул жерге бекитсем соссуз таап алышат. Ойлонуп отуруп акыры озум менен эле алып журмок болдум, ремендин тигилишин согуп, тенгелерди ичине тизип салып кайра тигип, шортыма тагып, футболка кийсем эч нерсе билинбей калат.
Эми озумун колумда эле тагдырым, же бар болом же жок болом. Алтындарды алып кете алсам, акча менен кимиси болбосун оозун жаба алам, алып чыгып кете албасам Акимыч эле жок кылат. Азырынча тийбейт мага, мен керекмин, алтындарды алгандан кийин мен буларга коркунучтуу болуп калам.
Тез арада келемиштерди кууган аппарат табышым керек.
Эми эмне кылам, шаарга чыктым дегиче Акимыч менден шекшийт.
Гулинин инисин суранайын десем, ал деле макоо эмес да, кундо эле ар шылтоону айтып кете берсем шекшип калат.
Дагы досума чалсам жок дебейт ко бирок кайра кайра сурана берсем ал деле кандай ойлоп калат.
Гулинин озун суранып коройун деп чечтим, аппараттын сырты бут эле кытайча жазылган, тушунбосо деле керек эмне экенин.
Тундоп интернет магазиндин сайтына кирип аппараттын кымбатын, бир комплект кымбат, кучтуу батарейка заказ кылып койдум.
Эртеси тамактанып буткондо Гулини сыртка чакырдым:
- Гули эртен Бишкекке барып келе албайсынбы, мен Акимычтын тоого чыкканда керек боло турган аппаратын сындырып алдым. Эми эч кимге билдирбей ордуна коюшум керек. Бишкекте бир фирмада бар экен, келип алып кет дейт. Анан бир телефон, бекер симка да ала келчи.
Гули ойлонуп турду да:
- Эки уч кундон кийин барса болбойбу? Азыр коруп атасын го адамдар жетишпей жатат.
- Анда кеч болот да, туристтер эртен чыгабыз деп калышса, мен аппаратым жок деп турсам. Тушуносун да Акимыч мени " жеп" коет - деп ар нерсени айтып жатып аран кондурдум. Жол кире деп коп эле акча бердим.
Эртеси эрте кеткен окшойт, тушку тамакка келип калды. Эч кимге айтпа, корсотпо деген элем, эч кимге корсотпой алып келип жашаган болмосуно бекитип коюптур. Тундо алып чыгып берди.
Гули кеткенден кийин, тунку саат экилерде баары уктаганда мейманканадан уч чакырымдай алыс барып жаны телефонго жаны симканы салып милицияга "Камчыкени Акимыч менен тоого чыгып кеткенин коргом, сурак кылып коргуло. Ошол эле билет" деп СМС жазып, жонотуп жибердим да телефонду, симканы майда кылып талкалап, асканын боорунда жарака бар экен ошол жараканын ичине таштап салдым.
Эртеси эле, эртен менен мейманканага милиция келип Акимычты алып кетишти. Мен дароо базага кетип калдым, чынында корктум. Кетип калып туура эмес кылдым окшойт, бирок мейманканада журсом бир нерсе кылып билдирип коюшум мумкун эле. Кечке тамактанып отурганда бут кабарды уктум.
Акимыч ошол кеткен бойдон али келбептир мейманканага. Милиция келип мейманканада иштегендердин баарынан Камчыкенин суротун корсотуп, "акыркы жолу качан каерде коргонун сураптыр". Мени баарынан сураган экен, баары эле эч жакка барбаган, ушул эле жерде жургон дешиптир. Ишенишкен окшойт чакырышпаптыр. Райым таз келбептир, келсе биринчи эле мени баса калмак. Камчыкени табышпаган окшойт да али, онойлук менен табыша да албайт эле, карагандардын арасынан корунбойт онойлук менен.
Эми эртен бутуруш керек, журо бергенге болбойт эле. Гулинин инисине, Азатка дагы чалдым, келмек болду.
Кечинде эртерээк уктайын деп канама кирип жатсам саат ондордо Гули чалып калды, беш муноттон кийин барам соз бар" дейт. Тан калып койдум, кирмек тугул жакын жолобочу эле го.
Кирип келип унчукпай эле отургучка отуруп мени карап калды. Мен тан калып эле керебетиме отуруп, эмне дээр экен деп карап калсам:
- Дастан эмне кылганы жатасын? - дейт.
Оозум ачылып калды. Сезип калган окшойт бир нерсени. Бир нерседен корккон коз караш.
- Жок, эмне кылмак элем, эмнеге?
- Кечеги алып келген нерсе чычкан-келемиштерди кууй турган нерсе экен. Эмне кыласын аны. Азатты ордуна коюп коюп каякка эле барып келатасын.
Мындайды кутпогондуктон соз таппай эле отуруп калдым.
- Аралдагы мазарга барып атасынбы. Ал жерде алтын бар деген бекер соз, ишенбе, этият бол, ал жердин ээси бар- деп мени бир жалооруган "этият болчу" дегендей коз караш менен карап калды.
Аябай жакшы коруп кеттим, кучактап ооп ооп алгым келди. Эмне кылсам, айта берсемби ачыгын деген да ой келип кетти.
Акыркы убактарда кечинде жатканда коз алдыма, алтындарды алып кетип сатып, коп акча кылып, жакшы там сатып алып, кымбат машина алып, минип келип Гулини алып кеткеними элестетип, кыялдана берчумун.
Унчукпай эле отуруп калсам Гули тушунду окшойт:
- Дастан этият бол, Акимыч коркунучтуу адам, алыс эле журчу андан. Эч нерсесине аралашпа- дейт.
Эмне деп жооп беришти чынында билбей калдым, эптеп ар нерсени окшоштуруп айтып конулун жайгарып койдум.
Гули баары бир ишенбеди, кетерде гана:
- Байлыкты эмне кыласын Дастан, тынч эле бактылуу болуп жашаган жакшы эмеспи- деп дагы бир нерселерди айтайын деп мени карап турду да, козумон баары бир оюман кайтпашымы окудубу билбейм, айласы калбагандай карап коюп чыгып кетти.
Бай болсон, каалаган нерсени сатып ала алсан, каалаган убакта ысык жактардагы аралдарга барып эс алып келе алсан, ошондо гана бактылуу болосун да. Минтип Россияда кыйналып иштеп качанга чейин журом. Бир жакшы фирма ачып койсом, анан Гулин алып ар жактарга барып эс алып журсом ошо бакыт да.
Эртеси саат тогуздарда керектуу гана документтерими алып, пляжга жонодум. Эми кайтпайт элем бул жакка, алтындарды которушумчо алып, калганын бир жерге бекитсем кийин бир жылбы, эки жылбы убакыттан кийин, баары басты басты болгондо келип алып кете берем. Саат ондордо Азатка пляжды тапшырып коюп, аппаратты, кучтуу фонарик алып тоонун арасы менен куйгон арчага барып, айлананы карап он муноттой бекинип жаттым эч ким корунбойт. Арчанын ичинен рюкзакты алып чыгып кийинип, тапанчаны толук октоп, суу кирбегидей кылып кленкага салып, ременди тагып тапанчаны салдым. Дурбуну мойнума илип алдым. Узундугу он метр жип кыркып ичиме ороп сыртынан куртканы кийип алдым, жип суунун тубундогу туннелден каптарды алып чыкканга керек болот. Аппаратты, жиптерими которунуп алып шаркыратмага келип, эки жакты карасам эч ким корунбойт. Жиптерими даракка байлап, тушойун деп асканын кырына эми отурсам артыман шыбырт угулуп калды. Дароо пистолетими кармадым, бирок кленкага ороп алгам, алып чыгып кленкасын чечкиче мени эки жуз жыйырма жолу атып салышат эле. Бурулуп карасам токойдо бекинип жатышкан окшойт Муслим менен Акимыч чыгып келишти, экоосунун тен колдорунда ун чыкпас тапанча, мага такап калышты. Жиптерими кармаган бойдон туруп калдым. Эми булардан каякка качам. Ушул жерде каламбы эми, немистин жанында скелетим жатканын элестетип жибердим.
Муслим жакынырак келип:
- Колуну- деп тапанчасы менен жансап "котор" дегендей белги кылды.
Колуму котордум, Муслим ичтерими текшерип тапанчаны таап, Акимычка берди, Акимыч тапанчаны номерин карап эле тушунду окшойт, согунуп келип ичиме кучунун барынча бир тепти эле талып эле жатып калдым.
Башыма, мойнума козуму эле ачык калтырып мейманканадан алган узун чачыкты ороп алган элем, чачтарымы чачыкка кошо тартып козумо карап:
- Сенин эле кылган ишин деп ойлодум эле, Камчыкени менден коруп жатышат. Эми соз мындай, айтканыбызды аткарып, фокус корсотпосон тируу калышына кепилдик берем. Алтын да аласын, эгер кичине эле кыйшандасан атып салам, уктунбу- дейт.
- Озунуз ишенет белениз менин ордумда болгонунузда, кантип эле мени тируу калтырасынар- деп дагы суйлойун деп жатсам Муслим бет талаштыра бир тепти эле, мурдуман кан атып кетти. Мурдуму кармап отуруп калсам, Акимыч кучунун барынча эле тээп, тээп алды. Аба жетишпей дем ала албай, оозуму чон ачып дем алышка аракет кылып жатып калдым.  Билишет экен каерге тебишти. Курткам калын болуп, аз да болсо сактады окшойт. Эки жагымда тапанчаларын такап турушат экоосу. Башымдагы чачыкты чечип бети башымы тазаладым, кан толуп калыптыр. Муслим дагы тебейин деп шымаланып калды эле, бир колуму которуп, "болду, болду тушундум" дегендей кылдым. Антпесем уруп- тепкилей берише турган. Ичтерими кармалап корсом сынган жерим жок, балекеттер жакшы эле билишет окшойт каерге тебиш керек экенин. Эч жерим сынбаптыр, али керекмин да буларга, менсиз алып чыгыша албайт да алтындарды.
- Макул, макул жендинер, эмне кылабыз?- дедим айлам кетип.
- Созду башында эле ушундан башташ керек эле- деп Акимыч алдыма отуруп, чачыман тартып кармап башымы которуп:
- Биз билебиз ушул жерде алтын бар экенин, сага да беребиз коркпо. Азыр Муслим экоон тушуп алтындарды салып чыгып жипке байлап мага бересинер, мен тартып алгандан кийин сен бизге ишенишин учун экинчи сен чыгасын, сенден кийин гана Муслим чыгат. Сен озунун улушуну алып каалаган жагына кете бересин.
'Хе" дедим ичимен, жаш баланы алдагандай алдашат да:
- Баары бир кепилдик жок экен да менин тируу калышыма. Ким кепил боло алат артыман атпашынарга?
- Созубузго ишенбегенден башка жолун да жок сенин. Эгер макул болбосон ушул жерде атып салабыз. Сенден башка альпинист жок деп ойлойсунбу.
Туура айтат да, менден башка адам таппай калышмак беле, бир ой келди, макул болдум. Менин дароо макул болгонума Акимыч тан калып, бир нерседен шекшип козумо карап турду да:
- Эй бала, козунду чон ач, бир нерсе кылсан дароо атып салам уктунбу- деп, ишенсин дедиби, дагы ичиме бир тээп алды. Дагы талып жатып калдым.
Бир аздан кийин озумо келип:
- Эмнеге салып чыгабыз? - десем, Акимыч:
- Рюкзагына саласынар- дейт.
-Ал жерде алтын коп, чон ящикте толтура алтын бар, рюкзакка батпайт, уч мешок керек.
- Ошондой коппу? - деп экоосунун коздору жайнап кетти.
- Анчалык коп эмес, бирок уч мешокко, рюкзакка болуп салыш керек, алтын оор болот. Коп салсак алып чыга албайбыз, которуш кыйын болуп калат.
Акимыч Муслимди карап:
- Мен айттым эле го сага- деп, анан мени карап "макул мешок бар" - деп Муслимге "журсон" дегенсип ээрчишип менден алысыраак барышып кенешишти окшойт, Муслим тээ ылдыйга тушуп барып эки жаны мешок алып келди. Аттары бар болсо керек да, кантип байкабадым экен, токой коюу болсо бекитишкен окшойт.
Акимыч "учообуз тушобуз" дейт. Алтын коп болсо Муслим мени менен озу жалгыз тушкондон коркту окшойт, бир нерсени баштабасын деп.
Учообуз тушмокчу болдук.
"Тушундур" дешет кайсы жипти кармап, кантип тушорубузду.
Биринчи болуп мен туштум, артыман эле Муслим тушту. Тапанчасын мени ата койгонго ынгайлуу кылып колуна байлап алган. Эки козу менде, мен тектирге эки уч метр жетпей таштарды кулатып, аппаратты жактым. Келемиштер бир заматта пайда болушту да уч-торт муноттон кийин бирден экиден болуп жатышып баары кайра шаркыратманын ичине кирип жоголушту. Акырын тектирчеге туштум, артыман эле Муслим анан Акимыч тушту, экоосунун колунда пистолет, мага такап алышкан. Аппаратты алдыма алып акырын басып шаркыратманын ичине кирдим, артыман экоосу да киришти. Экоосу да фонарик алып алышкан экен, жагып ункурдун ичине кирдик. Экоосуно жерде жаткан скелетти корсоттум, "этият болгула" дегенсип. Суйлогон менен суунун шарынан эч нерсе угулбайт эле. Скелетти корушуп экоо тен коркуп кетишип дубалга суйонуп калышты. Менин коркпогонум  дем болду окшойт, бир аз турушту да, дубалга жармашып айланып отушуп ункурдун ичин кызыгып карай башташты. Мен "болгула" дегенсип экоон ээрчитип алтын тогулгон жерге алып бардым, алтындарды жарык кылсам ооздору ачылып, озулорун жоготуп туруп калышты. Биринчи болуп Муслим озуно келди да дароо мага тапанчасын такады. Коркуп кетти окшойт да мени бир нерсе кылып жиберет деп. Мен дароо колдоруму эки жакка жайып эч нерсе кылбайм дегендей башымы чайкадым. Куралы жок колунан эмне келет дедиби, кайра алтындарды карап, экоосу суйунгонунон бир нерселерди суйлоп жиберишти, тушунгон жокмун суунун шарында. Отуруп алып колдоруна кочуштап алышып, Акимыч алтындарды бетине сыйпап, жыттап жыттап алды. Мен "болгула" дегенсип колумдагы саатты корсоткондой белги кылып мешоктун бироосун алып оозун ача баштадым. Мешоктору да берзенттен тигилген, аябай бышык экен. Алар да экоолоп бир мешокко сала башташты. Жерге тогулгон алтындар тугонгондо Муслим ящиктин ичиндегилерди колу менен шилеп тушуруп эки мешокту жарымдан азырак кылып салдык. Которуп корсок аябай эле оор болуп калыптыр, мен рюкзагымы артыма илип алган элем чечип, эки мешоктон алып учооно тендеп салып, ооздорун байладык. Которсо боло турган эле болуптур, кичине эле алтын ушундай оор болобу. Мен рюкзакты ункурдун ортосундагы колдун чекесине, тешиктин кырына тушор тушпос кылып коюп, дагы бир мешокту которуп келип жанына койдум. Акимыч да бир мешокту которуп келаткан экен, жардам берген адам болуп колунан алсам, ал да бутун суу кылгысы келбеди окшойт, мага берди, рюкзактын экинчи жагына койдум. Ойлору алтында болуп эч нерсени сезишкен жок.
Ящиктеги алтындардын жарымын салган окшойбуз. Мен тешикке келип ящиктин кармагычын тартсам, ичиндеги алтындар чачылып, ар жактарга тоголонуп кетти эле отура калып фонариктин жарыгында чогулта баштасам тиги экоосу да эки жакка кетишти фонаригин кармап алтын терип. Алтындарды издеген адам болуп тигилерге байкатпай келемиштерди кууган аппаратты очуруп салдым. Экоосу алтындарга алаксып эч нерсени байкашкан жок. Эми даяр туруш керек. Сууга жакынырак жерлерден алтын издеп аткан адам болуп турсам, келемиштер коп куттургон жок. Эки мунот да отподу окшойт. Биринчи болуп ункурдун чекесинде турган Акимыч бакырды, ага удаа эле Муслимдин бакырган уну угулду. Бакырбагандан башка эмне кылышат эле, мышыктай болгон келемиштер кеминде он беши бир жармашса. Кийимдери да жука эле. Фонаригими дароо очурдум, ункурдун ичин карангы болуп калды. Экоосу тен тапанчалары менен туш келди аткылап, баеырып жатышты.
Мен дароо турган жеримен секирип эки капты, рюкзакты денем менен, салмагым менен сузуп, суруп сууга тушуп кеттим. Суу дароо эле тартып кетти. Таштарга урунсам аз болсо да сактайт деп каптын бироосун алдыма алып бекем кучактап алдым.
Урунуп беринип атып колго туштум, мурункуда байкабаган экем, ункурдун тешигинен тушкон суунун орду уч торт метрдей оюк болуп калыптыр. Каптар ошол чункурга тушуп кетиптир, аран алып чыктым. Суунун тубундо анча эле женил болуп калат экен. Эми сыртка алып чыгыш керек.
Ичиме байлаган он метр жипти ункурдун ичине, орчук болуп чыгып калган ташка бекем байлап, экинчи учун белиме байлап каптын бироосун алып туннель менен агып сыртка, колго алып чыктым. Суунун агымы туннелдин ичинде аябай эле кучтуу болот экен, жип байлабасам кайра кире албай калмакмын. Дагы эки жолу кирип алтындарды алып чыгып суунун тубу менен сузуп, асканын тубу менен, шаркыратманын артынан, суу тийбеген жагы менен, суйроп келип ункурго учоон тен ташып келдим. Бир каптын оозун ачып рюкзактагы алтындардын жарымын салып оозун бууп, эки капты ошол жерге суунун тубуно бекитип, чон чон таштар менен устун бастырып салдым. Эки дуйнодо да эч ким таба албайт эми. Рюкзакты алганга оной кылып, ункурдон алып чыгып, асканын тубуно сууго чоктуруп, агып кетпесин деп жиптеринен тамырларга байлап салдым.
Суу тоонун суусу да, ото эле муздак эле, коп журуп койдум, ашказаным ооручу эле мындай суукта коп журуп калсам. Бир жагынан ункурдун ичи ото эле сыз экен. Эми оорубай турса экен ушундай маалда.
Пляждан кеткениме бир жарым сааттан ашып калыптыр. Сырткы кийимдерими чечип, шорты, футболкачан болуп сыртка сузуп чыгып асканын тубуно бекинип он муноттой эки жакты карап жаттым, тынч, эч кимдин шеги билинбейт. Ким келмек эле, Акимыч эле болсо эч кимге айтпайт да.
Эми планым озгорду, кайра пляжга барып бир жумадай журуп турат окшойм, Акимыч, Муслим жоголсо, ошол эле куну мен дайынсыз жоголсом милиция дароо эле тушунот, издей башташат. А милиция издегенди билет, оной эле таап алат.
Тез пляжга жетиш керек.
Баары басты басты болгондо, бир жумадан кийин кете берсем, артыман эч ким издебесе, эртен качан милиция келип кармап кетет деп коркпой уркпой жашасам.
Мени ким корду, ким эмне деп куноо кое алат эле.
Рюкзактагы алтынды алып Бишкекке жетип алсам, калганын коро жатарбыз.
Ошко кетем, ал жакта жакшы, Бишкектегидей, жанталашмай, бири бирин тоноп кетмей жок, эли бейгам жашайт. Оштой берекелуу жер жок болуш керек. Бир жерди билем, беш гектардай бар, тоонун арасында. Сатып алып короолоп, бак тигем, суу алып келип балык остуром.
Гулини алып кетем.
Кой кыялданып отура берсем бироо мага даярдап бермек беле. "Кудай деле аракет кылсан берем" дейт экенгу.
Рюкзакты алып тоого чыктым, биринчи женил эле сезилген рюкзак чокуга чыкканча аябай эле оор болуп кетти. Кырк килодон ашат ко дейм. Кырк кило салмакты аябай жакшы билем. Бир убактарда Екатеринбургга барып жумуш таппай айла жок картошка сорттоп кышында уч ай иштегем. Ачык талаада кытайлар картошка эгишет экен. Картошкасын аябай чон жер толодо сакташып, кардар келгенде биз сорттоп, кырк килолук сетка мушокторго салып, фураларга жуктоп берчубуз. Кырк кило канча болорун ошондо которо берип жакшы билип калгам.
Эптеп чокуга чыгып, усту тегиз, жайык жер эле, коюу карагандын арасына бекинип жатып калдым эч нерсеге алым келбей.
Эми кичине бассам дурбудон пляж даана эле корунот, тоодон жарымына чейин тушсом телефон да тартып калат, Азатка чалып жонотуп жиберишим керек, менин айыман ал да бир нерсеге илешип калбасын.
Жарым сааттай жаттым дем алып, эми жонош керек, Азатты эртерек жонотуп жибербесем болбойт. Анан калганын ойлоном эмне кылышты.
Ордуман туруп эле кайра бироо которуп чапкандай болуп жерге кулап туштум, ашказанымын оорусу дагы кармаптыр да. Ашказаным муздап, туйулуп калат, эч нерсе кыла албай уч буктолуп жатып калам мындайда ичими басып, отура да  албай калам мындайда. Тике тура албайсын, ичегилерин байланып калгансыйт, дароо же арак же коньяк ичиш керек же ыссык нерсе бассам да басылып калат.
Ээ бул ооруну да Россиядан арттырып келгем. Екатеринбургда, ошол кытайлардын картошкасын сорттоп иштеген жердин ичи суук эле. Картошканын чиригендери болот, алып чекеге ыргытышын керек, ошолорду кармай берип колдорун суу, чыла болуп, тонуп калат таш болуп. Картошка алып кеткени жыйырма беш тонналык фуралар келгенде мешокторду жуктоп беребиз. Акчасы кобуроок толонот жуктогонго, машинаны коп кармабай тезирээк жуктоп бериш керек. Ошого дем алганга убакыт болбойт, коп болсо алты бала жуктойбуз, жыйырма беш тонна картошка ото эле коп болот экен. Жуктоп жатканда тердеп кийимин кол шал суу болот, ошол бойдон дагы отуруп алып суук жерде картошка сорттойсун. Терден суу болгон кийимдерин отурганында муздап, кечке чейин ушуп, тонуп, кыймылдай албай каласын. Кечинде денене арак сыйпап, кичине ичип жатып алсан анча эле сезилбей калат. Ар куну шаарга барып келе берсен жол кире кетет деп ошол жерде бир канасына эле жатып алчумун, душ жок, ызылдаган суук болсо да арга жок, муздак сууга эле, далда жерге жуунуп аласын. Ошол жерде уч ай жатып иштеп ашказаным ооруп калган. Азыр да суукта кобуроок журуп койсом ооруп калат. Убагында акча болбой дарылана да албай калган элем. Кечинде жатаарда жарым саат машыгып жургонум учун гана анча сактап калдым окшойт ден соолугуму.
Ошол ооруум кармаптыр да дагы. Бир жылдан бери оорубай, эстен чыгып кеткен экен. Ичими кармап эле жатып калдым, чыдатпай ооруп жатты. Кобуроок журуп койдум окшойт да тоонун муздак суусунда.
Ээх атаны, кичине арак болгондо, дароо басмак. Жата берсем бироо жарым коруп калса эмне болот. Туйулуп ооруганына чыдап, ичиме массаж жасай баштадым, акырындан катуулай бердим, анчадан кийин бир аз кое бергендей болду. Эптеп комкоромо оодарылып эки колум менен белимин терисин бекем чымчып кучумун барынча тарттым. Белге жел туруп калат окшойт да, ичим анча эле кое берди, туйулгону анча эле басылып калды. Рюкзакты которо албай турганмын, ошол жерге бекитип коюп пляж коруно турган жерге чейин акырын жормолоп бардым.
Пляжда туристтер эле журот, Азат корунбойт, бир дарактын тубундо жатса керек да колоколоп. Азатка чалыш учун  кеминде жыйырма метр ылдыйга тушуш керек. Пансионат корунбойт бул жактан, пляжга келген жол эле жарымына чейин корунбосо.
Алтындарды алып келип, коруно турган жерге бекитип коюп ылдыйрак тушуп Азатка чалып коюп кайра чыгып кечке чейин бекинип жатам эми. Андан кийин эмне кылам бир Кудай билет.
Бир ой кетет алтынды ушул жерге бекитип озум эптеп Колдон чыгып кетсем. Ремендеги алтындарды сатып корсом, рюкзакты анан деле алып кетем да.
Бирок ушунча алтынды кантип таштайм, бироолор кокусунан келип коруп калса, ээ кыскасы кай жерге бекитсем да бироолор таап ала тургансый берди.
Ушундай маалда оорумун да кармап калганын, Бишкекке жетип алганда кармаса да мейли эле. Эми копко чейин оорута берет, маал маал кучоп ооруп, кайра кое берип.
Кайра жормолоп жогору чыгайын деп жатып пляжга келген жолду карасам милициянын машинеси келатат. Беш мунотто жетишет пляжга. Журогум болк деди, демек Акимычты издеп журушот, мени издеп келатышат да. Эмесе пляжга эмнеге келишмек эле. Жанталашып жормолоп ылдыйга жонодум, Азатты тез жонотушум керек пляждан. Бир эки жерден томолоп, шагылдуу жерлеринен агып эле кеттим. Телефон колумда, маал маал карап коем антенна пайда болбодубу деп. Акыры антеннанын эки сызыгы пайда болгон жерде Азатка чалдым, колоколоп жатып алып телефон чукулап жаткан окшойт, дароо эле алды:
- Алло- уну бейкапар.
- Азат Акимыч келатат, тез эч кимге байкатпай кетип кал, сени менин формамы кийип жургонуну корсо мага соз тийет.
- Аа ок, тушундум. Корбойт коркпо, кийимдерини баягы жерге коюп коем - деп коюп койду.
Дурбу менен карап жатсам кийин - чечинчу кабинадан  плавкичен чыгып, катерлердин жанында турган туристтерге аралашып кетти.
Эки милиция келген экен, мени аябай эле издешти, Азаттан да сурашты окшойт, бир нерселерди суйлошуп жатышты. Азат эртерек кетип калганда жакшы болмок эле. Ал деле ойлонуп калса керек, мен Акимыч баратат десем, анан милиция келип мени сураса. Эмне деп жооп берди экен. Ээ эмне болсо ошо болсун, баары бир эми булар менен экинчи жолукпагандан кийин. Телефонум шынгырап калдым, карасам Гули, эми Гулиге эмне дейм:
- Да Гули.
- Дастан милиция келип баарыбызды залга камап отурушат. Сага кетишти, Акимыч качып кетиптир, ошону издеп журушуптур.
- Ооба кордум машинасы келатат.
- Дастан этият болчу, Райым таз келип эле сени сурады, кармап, колун байлап алып келгиле деп жонотту адамдарын.
- Жаны келгенде урушуп кеткен элем, ошого очошуп жатса керек. Гули менин номерими очуруп салчы телефонунан, сага да асылбасын.
- Эмнеге очуром, мага эмне дейт эле?
-Очуруп сала берчи, сураса урушуп кеткенбиз деп кой. Мен корунбой эле коеюн Райым тазга. Мен озум сага чалам кийин.
- Тушунбодум, сен эмне качып кеткени жатасынбы?
- Ооба, тынчырак кетип калайын бул жерден.
Гули копко чейин суйлобой калды, дем алганы угулуп турду да, милиция келип калды окшойт, шашып:
- Макул очуруп салам номерини, урушуп кеткенбиз деп коем, ушул номерде болом чала бер - деп коюп койду.
Пляждагы эки милициянын бироосу бир жакка чалып суйлошуп, кайра кетишти машинесин минип.
Телефонуму очуруп салдым, мени издеп чалышат да эми.
Ээх атаны, жетишпей калдым, милиция келгинче пляжда болуп калганымда аябай жакшы болмок. Канча проблема жок болот эле. Рюкзакты колго эле бекитип турсам болмок экен, мумкун оорум кармабай турат беле, кийин деле алып кете берет элем. Макул эми болушунча болду, эми биягын ойлонуш керек.
Азыр бир аздан кийин дагы ичим туйулот, дагы ооруйт чыдатпай. Акчаны аябай дарыланып кое бербеген экенмин. Текшерилген да эмесмин, эмне оору экенин да билбейм. Арак же коньяк ичсем же набат кант кошулган ыссык чай ичсем басылып калчу.
Турсам ичим дароо кармайт, дагы кармай электе деп жормолоп тоого чыгып, рюкзак жаткан карагандардын арасына кирип жатып калдым.
Саат деле бир болуп калган окшойт, кун ыссык ото эле, ичими кунго кактап жаттым жардам болобу деп. Болбоду дагы кармады, дагы чыдатпай ооруп туйулуп, тээ анчадан кийин кое берди. Минтип жата берсем олуп калыш деле кеп эмес, арак же коньяк табыш керек. Ойлонуп жатып акыры Азатка чалмак болдум, акчам бар тузук эле, акча берем десем алып келип берсе керек. Бир нерсени шылтоо кылам да, оорум басылып калса бул жерден алыс кетсем таба алышпас дароо эле. Андан ары шартка карап коро жатарбыз. Россияга кетип калсам ким табат эле.
Кайра телефон тарткан жерге тушуп телефонду жактым. Ондон ашык белгисиз номерден, эки жолу Гулиден, бир жолу Розадан чалуу болуптур. Эки смс келиптир. Ачып окусам экоосу тен Розадан экен. "Дастан телефонуну очуруп койгонун жакшы болуптур, сени аябай издеп жатышат, кайра кайра ар телефондон чалып, этият бол. Райым таз баарыбызды кууруп тапкыла деп жатат", "Дастан сенин болмонон бир журнал табышыптыр, бот журнал дейби тушунбодум, самолеттун журналы экен. Райым таз сени кармагыла деп Боомдогу постко чалды. Милициялар пансионатты тытып жатышат, дагы бир жактардан милицияларды, солдаттарды чакырды. Колдон чыгарбай кармайлы деп жатышат, этият болчу". Гули эле жазган окшойт Розанын телефонунан.
Борт журнал такыр эсимден чыгып кетиптир. Потолок пластиктен эле, бироосун чыгарып устуно коюп жаап койгон элем. Райым таз окуп эле тушунду да, ким болсо деле тушунмок да, баары эле уккан да алтын бар экенин.
Кайтып барбаганым жакшы болгон экен, Райым таз мени жеп коймок.
Азатка чалсам дароо алды:
- Да?
- Азат каердесин?
- Уйдо.
- Жанында эч ким жокпу?
- Жок суйлой бер.
- Беш мин берет элем мага жардамын керек болуп жатат.
- Эмне болтат Дастан, жана Акимыч баратат дедин эле милиция келип сени издеп, аябай согунушуп кетишти?
- Келгенинде айтып берем, жардам бере аласынбы?
- Эмне кылыш керек?
- Мага бир бутылка коньяк керек болтат.
- Коньяк?!
- Ооба, Кыргызстандын коньягынан алып келип берсен жакшы болот эле. Беш мин толоп берет элем.
Азат унчукпай калды, тан калып жатат да. Милиция издеп журсо коньяк апкелип бер деп жатсам.
- Качан алып барыш керек?
- Канчалык тез болсо ошончолук жакшы.
- Макул алып барып берем, каердесин?
-Пляждын устундогу тоонун башындамын. Азыр эч нерсе сураба, келгенинде тушундуром. Анан эч ким корбосун келгенинди.
- Ээ макул ойлонбо, мен да бир убакта уч кун "побег кармап" ар досумдун уйундо бекинип жургом. Макул тушундум кыскасы, бир саатта, ашып кетсе бир жарым саатта ошол тоонун чокусунда болом, чон жалгыз таш бар ортодо, ошол жерден жолугушабыз- деп коюп койду.
Андай таш бар, тоонун устундо, так ортосунда жатат.
Телефонду дароо очурдум, телефон аркылуу да каерде жургонуну билип алса болот дейт, тынчырак турайын.
Эми кутуш керек. Тоонун башына чыгып ордума барып жаттым. Бул жер коюу караган, беш метр арыдан откон адам байкабайт эле. Эми ооруум кармабай турсун да. Эгер Азат келгенде кармап калса, ага белги бералбай жатсам, кутуп кутуп кетип калса. Же милицияга чалып айтып койсо, айтор ар нерсени ойлоно берип башым ооруп чыкты.
Кой озуму алаксытайын деп рюкзакты ачып алтын тыйындарды суктанып карап отурдум. Колуму рюкзактын тубуно чейин салып, алтындарды кармалап, шилеп алып чыгып, кайра колуму салып. Гули экообуздун ысык жактардагы аралдарда яхтада жургондорубузду, пальманын тубундо жаткандарымы, акваланг кийип алып суунун тубундогу ар туркун балыктарды карап жургонубузду элестетип жибердим.
Ээх атанын кулагы...
Азат келгенче ичим эки жолу кармап кое берди.
Алтындарды которуп алып баскан сайын шыгырап даана эле угулуп аткан. Баарын тогуп, ото эле коп экен, ар бирин жалбыракка ороп, рюкзактын тубуно терип чыктым. Эми анчалык катуу шагырабаса керек.
Бир сааттан кийин рюкзакты бекитип, уступ чоптор менен жаап, Азат келе турган жак коруно турган жерге барып карап жаттым.
Алар арт жактан келишкен окшойт, ойго батып ылдыйды карап отуруп укпай калыпмын. Бироо ышкырганда гана карасам, Азат эки бала менен мени карап турушат. Спортсмен балдар экени корунуп турат, бироосунун колунда рация.
Аатаны...
Булар бандиттер эле окшойт корунушуно караганда. Экоосунун тен белинде тапанча, бекитпей- этпей эле турушат.
Кармалыпмын да.
Булардан коро милиция кармаса жакшы беле. Эмне болсо да мыйзам менен иш кылышат да. Азатка эмнеге ишендим эле, бир коргон адам болсо озу, тапкан экем мен да ишенер адамды.
Учоосу мени жон эле "ким корду" кылат да. Айлам жок жата бердим ичими кармап, тигилер жаныма келип эле учурашышып, Азат:
- Эмне бир жерин ооруп атабы?- дейт.
- Аа конул бурба эски оору кармап кичине кыйнады, коньяк апкелдинби?
Рация кармаган бала арырак барып, рация менен биоого:
- Макс таптык Дастанды- дейт. Дароо оюма Гули келди. Менин эмне кылып жургонуму билди бекен. Макска ошол эле айтат да. Демек мени алдап эле жургон экен да, Макс экоосу суйлошуп алышып, айтор мени эн ынгайлуу жерден, алтынды алып чыкканымда  кармашыптыр да.
Ичимен согунуп, айлам кетип кулуп да алдым.
Рациядан Макстын суйлогону угулуп турду мага, эми эмне кылышар экен деп тыншап турсам, ошо, Гулинин эле Максы да:
- Тез алып тушкуло, Санчолор катер даярдап коюшту, силерди кутуп жатышат, алып отуп озун Жалал абадка жеткизип кел. Мен кеттим, бир нерсе болсо Санчого айта бер, Гулини алып кетейин менттер кармай электе - деп коюп койду.
Дароо Азатты карадым, бейкапар турат, берки балдар деле озулорунун ойлору менен. Булар мага жардам бергени келген окшойт.
Атаны... ой жаман да.
Гули мени менттер издеп жургонун угары менен Азат менен суйлошуп эле тушунгон болсо, мага жардам берсин деп Макска чалган окшойт, антпесе бул атам тааныбаган Макс мага эмнеге жардам бермек эле.
Ууфф дедим ичимден, алтындан умутуму уздум эле, бул жашоо менен да кош айтышып койгон болчум, булар жаман ой менен келбеген окшойт.
Гули жонундо жаман ойлогонума озумо озум жиним келип кетти.
Азат мени тойлоп жатат дегенби бир коньяк, беш сникерс, колбаса, нан алып келиптир.
Конулум ушунчалык ачылды, оорум да басылгансып калды. Гулини жакшы коруп кеттим.
- Балдар азыр беш мунот, ашказаным ооруйт, коньяк ичсем басылып калат- деп коньякты бутылкасы менен эле которуп ичип жибердим. Тигилер оозу ачылып калыптыр, баары мени карашып турушат. Ичим ооруганы тып басылды.
Бироосу карап:
- Ой козун бакырайып чон эле турбайбы- деп кулот, ооруганга тырышып, коздорум да кичирейип калган окшойт да.
Ушунчалык женилдедим, Азат шашып:
- Дастан баса аласынбы, тезирээк кетиш керек, Райым таз жакын арадагы бут менттерди чакырыптыр. Бир жерде катер кутуп турат, менттер келгиче катер менен кетип калыш керек.
- Ооба кеттик, кеттик, эми оорубайт - деп туруп рюкзакты асынайын деп жатсам бироосу "мага эле бер" деп колун сунат.
- Женил эле, озум эле котором- деп болбой койдум. Алтын экенин билишпейт окшойт. Мага эч кимиси суйлошкон жок, рюкзактагы эмне деп да сураган жок.
Бир тоолорду айланып, айтор бир сааттай журдук окшойт, мал сарай бар экен тоонун арасында, жанында, колокодо ак "Ниссан-Паджеро" турат, баарыбыз отуруп он беш мунотко жетпей Колго жеттик. Катер туруптур, эки бала отурат. Бизди короору менен бироосу ыргып тушуп бизге келип:
- Эмне мынча кечиктинер, менттер жакындап калышыптыр, он мунотто бияка да жетишет болгула келгиче корунбой кетели- деп шаштырып, Азат менен коштошконго аран жетиштим.
Балдардын айтканына караганда Райым таз колду айлантып солдаттарды, милицияларды коюп келатыптыр. Ысык Кол областын чычкан ото алгыс кылып тосот имиш.
Колду кесип оттук, аркы жээгинде машине кутуп турган экен тоонун арасындагы бир жолдор менен аябай эле коп журдук. Жол да тамтыгы чыгыптыр аябай эле. Ар кандай айылдар. Тундоп Жалал Абадка жетип бир мейманканадан озулорунун паспорту менен номер алып, акчасын толошуп, болмомо киргизип коюп кетишти.
Кетээрде Баха деген бала эле мени менен келгени, Макска чалып, баарын айтып, бир аз суйлошуп телефонун мага берди.
- Ме Макс суйлошом деп жатат сени менен.
Алсам ошо рациядагы ун:
- Алло Дастан.
- Да угуп жатам.
- Созуму болбой угуп тур, Гули суранган учун озуму тобокелге салып, сени чон балээден сактап калдым эгер тушунсон, омуруну сактап калдым. Эми Гулиге чалба, унут аны. Эгер дагы Гулиге чалганыны уксам мага капа болбо, дайынсыз жок болосун. Билем алтындарды таап алыпсын. Райым таз чачын бирден жулуп жиндеп жатат. Эгер кармалсан аябайт сени, Акимычтар да дайынсыз, сени эле бир нерсе кылган деп жатышат. Макул эми тушуном, шарт ошого алып баргандыр.
Сенин кеминде бир кун убактын бар дагы. Анан баары бир Колдон чыгып кеткенин билинип калат. Мен жардам бергеним баары бир билинет, мага да проблема болот. Ошого карабай Гули учун сени куткардым. Алтыныны да алып чыгып бердим, ошого ыраазы болуп кет эми. Экинчи сен жонундо Гули да, мен да укпайын. Гулини, аял кишини эмнеге аралаштырдын тушунбодум. Эми аны да милиция "таап бересин" деп кыйнашса керек. Бироосунун да колун тийгизбейм Гулиге, жанымы берип болсо да коргоп алам.
Мени туура тушундун деп ойлойм. Азыр койбой тур Гули менен суйлошуп конулун тынчтандырып кой да ошол менен экинчи сен жонундо укпайын - деп, суйлойун десем созуму укпай, сыртта жургонбу, эшиктин ачылып жабылганы угулуп, Макстын, телефонду Гулиге берип жатат окшойт, "Дастан" деп суйлогону угулду.
- Алло Дастан.
- Да Гули угуп жатам.
- Кандайсын Дастан, Макс сени Жалал Абадка жетип алды, тынч-аман дейт чынбы?
- Ооба азыр Жалал Абаддамын, баары жакшы Гули, Макстын балдары мени сактап калышты. Чон рахмат деп койчу Макска.
- Ишеничтуу жерге барып алдынбы, сага эч ким эч нерсе кыла албайбы?- деп тимеле уну буулугуп чыгат. Мени ойлоп жатканына аябай жакшы коруп, сагынып кеттим. Унумон байкап калбасын деп:
- Ойлонбо Гули бул жак менин жерим да, ким эмне кыла алмак эле, болду эч коркунуч жок.
Гулинин дагы деле конулу тынчыбай жатты окшойт, анчага чейин суйлобой калды. Же Макстын козунчо суйлой албадыбы, Макс да тушунду окшойт, "азыр келем" деген уну угулуп, эшикке чыгып кетти.
- Дастан эми ушул бойдон корушпойбуз, бирок сага жолукканыма - деп уну буулугуп токтоп калды.
- Гули мен жакында барып алып кетем сени - деп дагы суйлойун деп жатсам Гули созуму болуп:
- Токтосон Дастан, созуму уксан, эми жолукпайбыз эч качан. Келбе бул жакка, мен да номерими алмаштырам - деп унчукпай калды да тээ анчадан кийин:
- Макул Дастан мен да кетишим керек, каерде журсон да Кудайым колдоп журсун, макул коштошконду жаман кором - деп коюп койду.
Ошондо башыма жетти, ошондо тушундум, эми эч качан Гулиге жолуга албашымы, экинчи эч качан корбошуму, экинчи эч качан суйлошуп отурбашымы. Гулимен ажыраганымы, менин Гулимен.  Ошондо тушундум Гулини жакшы корорумду, эми сагынарымы, омур бою ойлоп, арманда журуп оторумду.
Мен коркунучка кабылганда Гули мени кутулуп кетсин деп, суйбосо да Макска турмушка чыгууга макулдугун берди да. Макс болсо Гули учун эч нерседен коркподу, жанын да бергенге даяр турду.
Мен болсо алтын деп, байлык деп Гулини да кыйнап коюшуму ойлобой, жанталашып журдум.
А Макс болсо Гули учун баарына кайыл болуп, башын тобокелге салып журот. Ким билет Райым таз алтын учун эми аларды эмне кунго салат.
Куса болуп, тамагыма бир нерсе туруп калгансып жаман болдум. Озуму бир акча учун жанын берген ачкоз, ото эле пас, бир намысы жок, айтор озуму озум жек коруп, жаман сезип кеттим. Башым ооруп чыкты.
Рюкзакта Азат алып келген коньяк бар экен, эмне болсо ошол болсун деп баарын ичип алдым. Мас болуп калдым окшойт, ичим эзилип, бугума чыдай албай козумон жаш чыгып кетти, Гулини сагынып, козумон жаш тынбай агып жатты.
Гули экообуз мейманкананын жанындагы сорудо олтурганыбызда кобунчо атактуу Тина Тернер менен Эрос Рамазоттинин дуэт болуп аткарышкан ырын уга берчубуз. Мага да Гулиге да жакчу. Ошол ыр телефонумда бар эле, унун акырын чыгарып кайра кайра кайталап угуп жатып уктап калыпмын.
Эртеси банк ачылары менен акчамын баарын алып Ошко кетип калдым.
Азатка берем деген беш мин сом да журот чонтогумдо, шашылышта бериш эсимен чыгып кетиптир.
Интернеттен издеп журуп Бишкектик Александр Кармышев деген нумизмат, археолог адам тапкам. Археология жонундо уч-торт китеби чыгыптыр. Европада, Америкада, Россияда ар кандай археологиялык уюмдарга мучо экен. Тааныштары бар, ошол сатып ала алат эле.
Телефонун таап суйлошуп биринчи беш даана алтын тыйын алып бардым. Бишкекте, Жаш Гвардия бульварында, биринчи кабатта, эски кымбат баалуу тыйын, айтор ушундай сыяктууларды саткан чакан дукону бар экен. Суйлошуп корсом ишеничтуу адам экен, ошого рюкзактагы алтындардын баарын саттым. Ал деле эч ким билбешине кызыктар да. Аябай коп, тушумо да кирбеген акча болду.
Мени эч ким таппайт, себеби Россияда иштеп журуп бир жолу депортация болгом. Келип Кыргызстандан башка ат, фамилия менен паспорт алып кайра баргам.  Кийин акча кобойгондо шеригим Сашанын жардамы менен Россиянын паспортун алгам. Мени эки дуйнодо да таппайт эч ким. Акимыч, Муслим жок, Райым таз мени бир аз убакыт издесе керек, анан ал деле мени Россияга кетип калды деп ойлоп калат. Коргон кундо деле тааныбайт, чет олкого чыгып пластикалык операция жасатып, озгоруп кеткем, ошол суротум менен Кыргызстандын паспортун алгам. Кыскасы ушундай.
Азырынча калган алтындарга барбайм, кийин деле барбасам керек деп ойлойм. Ушул жагы жетет мага, ушул жагын деле "аш кылып алайын".
Эгер Гулиге жолукпаганда, минтип кайра ажырабаганымда мумкун ачкоздонуп, алтындын баарын алып келип бир балээге жолугат белем, бир нерсе деп айтыш кыйын.
Азыр, айтпай эле коёюн так дарегими, тоонун арасынан, аябай кооз жерден беш гектар жер алып, ферма кургам. Ортосуна чон, уч кабат кылып там салгам. Короолоп бак тигип, уч бассейн куруп форель деген балык остуром. Торт миндей тоок, беш жуздон ашык ундук, жыйырмадан ашык бука семиртип багам.
Уч адам бала чакасы менен ошол фермада жашайт, жакшы адамдар.
Байысам дуйном тугол болот деп ойлочумун, "бири кем дуйно" деген ушулбу, озуму бактылуу сезбейм.
Гули жанымда болгондо баары башкача болмок.
Гулини сагынам.
Гулинин коздорун сагынам, суйлогонун, унун, кулгонун, кээде алдап, оюман токуп жалган нерсе айтсам, алдаганымы билип калса унчукпай башын жерге салып калганын сагынам.
Бир башкача коз карашы бар, соз менен жеткизип, тушундуруп айта албайм, кээде ошентип карап калчу негедир. Эмнени ойлонот билбейм. Ошол коз карашын сагынам.
Хвостик кылып байлап алган чачын сагынам, чачынан да сылап албаган экенмин.
Кээде эч нерсеге карабай барып алып келе бергим келет, бирок Гули макул болбойт, Максты алдай албайт. Ал андай кыз эмес.
Андай кыз жолуктурбайм эми бул жашоодо.
Канча кыз менен суйлоштум, бироосу да Гулиге караандабайт.
Бир жолу Москвада бирге иштеген Эрнис деген бала менен суйлошуп отурганымда, кыздар жонундо суйлошуп калып:
- Деги бир жакшы кыз таба албадым десем,
- Сен кызыксын, кыздарга корс суйлосон жагасын. Сага окшоп аяп, назик мамиле кылсан болбойт. Биринчи куну обушун керек, экинчи куну соссуз жатышын керек, кыздарга ошондо жагасын, кыздар ошону каалайт деген эле.
Сыртыман макул дегеним менен ичимен "жок, ыймандуу кыздар бар, дароо эле жатууну ойлобогон кыздар бар али" деп ойлонгом.
Гулини опмок тургай колунан кармаганга даай албачумун. Бир жолу кечинде суйлошуп отуруп акырын кучактасам мени бир башкача, "сен андай бала эмессин го" дегендей тан калып караганда экинчи антпес болгом. Бар али Гулидей кыздар, мумкун бир куну жолугуп калармын, ким билет.
Гули башка кыздардай эмес, ал башкача. Гулинин жанында отурсан, билбейм кандай тушундурушту, таза болгун келет, куу эмес, эч кимге жамандык каалабаган, жаман иш кылбаган, жада калса жаман ойлобогон адам болгун келет.
Эгер Гулиге жолукпаганымда мындай тунук, таза сезим болор экенин билбей, бироону сагынып куса болбой бул жашоодон отуп кете берет белем.
Эрнистей балдарды ойлоном кээде, алар эмне, ар кыз менен журот, биринчи куну обот, экинчи куну жатат, ошентип журуп озуно окшогон, ар ким менен жатып жургон кыздардын бироосуно уйлонот да омуру эч нерсени билбей, тунук сезим бар экенин сезбей, бир аз корбой калса сагынып куса болуп оорубай бул жашоодон отуп кете берет.
Макс Гулини ошон учун жакшы корот да, андай кыз таба албашын билген учун баарына кайыл болуп, Гулиден айрылып калбайын деп мага жардам берди да.
Билем Гули менен Макс бактылуу уй було болушат, Макс да Гули мени эстебеши учун баарын кылат.
Канча жыл отту арадан, деги эле унута албайм. Кээде машина айдап кетатып, жанымда эч ким жок болсо Тина Тернер менен Эрос Рамазоттинин ырын катуу чыгарып коюп, озум да унуму катуу чыгарып кошулуп ырдап алам. Анча женилдеп калам. Коздорум азыр деле жашылданып, буулугуп кетем.
Кайда журсон да бактылуу бол Гули, менин " хвостик" чач Гулим.
Аягы.


Рецензии