Алаамат

2025-жылан жылы.
-Ушундай мырзалар, жакында Кыргызстан дуйнолук картадан жок болот.
"Ак кеме" мейманканасынын жыйын отуучу болмосундо жашыруун жыйын болуп жатты. Жыйынга акыркы убактардагы Кыргызстандын тагдырын чечип турган отуз эки жетекчиси чакырылган.
"Чет олкого качыш керек", Кубановдун биринчи эле оюна келгени ушул болду. "Канадага кетем, эки уйум, эки-уч банкта акчам жатат, озумо, уй буломо жетип ашат. Кечээ жакында келген гранттан да кырылышып жатып тузук эле кемирип алганым жакшы болгон экен, акылдуулук кылыпмын ошондо" деп ойлонуп койду. Жыйын бутоору менен мейманканадан шашып чыгып, айдоочусуна:
- Уйго-деп коюп ойлоно баштады. Эл биле электе шаардагы уйлорун, соода борборун, малдарын, малканасын кошо сатып жибериш  керек. Фирмасын кантип сатат, андай чон ишкананы дароо ким ала алат эле. Ойлонуп отуруп башы ооруп чыкты. Башын чулгуп алды, жок, мындай болбойт, шашпай, акыл токтотуп бир чекеден так план тузуш керек, убакыт бар. Азыр барып эле биринчи кезекте уй булосун жашыруун Казакстанга чыгарып жиберсе, андан ары озулору Канадага кетип калышат. Озу калган ишканаларын, мумкун болушунча болгон мулкун сатып, акчаны тушконун тушкондой аялына которуп турса, мумкун баарын сатып жибере алар.
Оюна бир нерсе кылт этти, дароо телефонун алып бир номерди издей баштады:
- Алло Касен Адылович, салам алейкум.
- Алейкум салам.
Ал-жайды сурашкандан кийин:
- Биртке тыйын керек болуп жатат эле, фирмамы сатайын дегем. Баягында сурагандай болдунуз эле, эгер алам десениз бир жерден жолукпайлыбы?
- Аа сен да угупсун да. Дагы канча адам билет?
Бул да угуптур да, чекесин тырыштырып койду, тушунбогон адам болуп:
- Эмнени дейсиз?
-Аскар Кубанович жаш бала эмеспиз да, мен да уктум. Жашырганда эмне, жакында  билинет баары бир.
-Эмнени айтып жатасыз тушунбойтам.
-Ээ макулчу -деп очуп калды.
Дагы канча адам билди экен, эч кимге айтпайлы деп суйлошподук беле. Демек бир эки кундо акчалуулар баары билип калышат, тез бир нерсе кылыш керек, шашып телефонун чукулап, болгон тааныштарына чала баштады. Отуздан ашык адамга чалып корду, создоруно караганда баары эле билип калышыптыр. Акыркы чалган адамы кайра озуно "арзанга эле берет элем, базарымы алып койбойсунбу" дегенде умуту узулду.
-Демек Кыргызстанда эч ким сатып ала албайт-деп унун чыгарып суйлонуп жиберип чочуп кетип айдоочусун караса, жанатан бери угуп келаткан, арткы кузгудон башчысын тан калып карап койду, Кубанов дароо сыртты караган адам болуп:
- Бир завод алып келсемби деп жатам, биртке акча керек болуп калды-деп суйлонуп койду.
Алты жылдан бери башчысын ташып журуп мунозун жакшы билип калган айдоочу бир нерсе болгонун сезди, бирок сыр берген жок.
Кубанов ичинен "Озуму токтотоюн, мени жакшы билип калган, бир нерсени шекшип калбасын бул шумшук, элге жайылып кетпесин" деп ойлонуп, ошол бойдон эч кимге чалган жок.
Уйуно келээри менен айдоочусун уйуно кетирип жиберип аялына чалды:
- Тез уйго келип кал, зарыл соз бар. Эч нерсени билбейм, жарым саатта келип кал, бол тез-деп аялынын суйлоп жатканына карабай очуруп койду да уйуно кирип уй кызматчысын да кетирип жиберип, документтери сакталган сейфти ачып алып бир чекеден кагаздарды барактай баштады.
Жакын эле жерде окшойт, машинанын келип токтогон уну угулуп, аялы кирип келди:
- Тынччылыкпы, эмне мынча шашылып, тиякта-деп суйлой баштаганда Кубанов эшикти жаап, ичинен култап:
-Созуму болбой, кунт коюп ук, жан адамга соз чыкпасын, баарын мен айткандай аткарасын. Эгер уккандарыны бир адамга айтсан олосун, уктунбу. Жан адамга соз чыгарба. Эгер эл билип калса бизди тытып жеп коюшат, уктунбу. Тушундунбу айтканымы?
Аялы тан калып калды, куйоосу мынчалык коркпочу эле, ото олуттуу нерсе болгон окшойт. Куйоосу козуно кичирейип кеткенсип корунуп кетти.
- Макул уктум, тушундум, эч кимге айтпайм.
-Кыскасы мындай, жакында Кыргызстанды карызы учун  басып алышат, убактыбыз ото  аз. Ошого силер эртен кечинде Казакстанга кетесинер, андан ары Канадага барып уйдо жашап турасынар. Мен бир жумада барып калам, анан калганын коро жатарбыз. Бир эле кун убактын бар, зарыл иштерин болсо гана кочого чык, эгер зарыл болбосо чыкпа эч жакка, кеткенге даярдан. Документтерди гана ал, акчаларынын баарын баягы счётко котор, жолго эле кичине акча алып ал болот. Калганын мен бир нерсе кылышка аракет кылам.
Эртеси куну тундоп бала-чакасын Казакстанга откоруп жиберип уйуно келип уктап жаткан, телефон шынгырап ойгонуп кетти, жардамчысы экен:
- Аскар Кубанович мен бир кабар уктум, сиз менен суйлошойун дедим эле.
Кубанов дароо тушунду, же акча талап кылат же чет олкого ала кет дейт. Ушул жардамчысынын акылы менен мамлекеттен канчалаган акчаларды уурдап жеген. Бирок муну кантип алып кетмек эле, эми кереги жок эле бул адамдын.
- Мен зарыл иштер менен журом, бир завод алып келип жатам, эртен кечке суйлошолу.
- Эй акмак сен менин жардамым менен которулгонсун, эсинен чыгып кеттиби. Эмне башымы айлантып атасын, мен сага канча жардам кылдым, миллиондогон долларларды менин жардамым менен алгансын. Чет олкого мен алып чыгып бергем. Же азыр барам суйлошобуз же камаласын. Мени билесин, заматта адамдарды топтоп барып ташыны талкан кылып салам уктунбу? Президентти кууган сени жон эле чайнабай жутуп коем.
- Макул, макул Асаке коп эле катуу кетпе, эртен кечке суйлошолу. Азыр чынында убактым жок.
- Эмне качканга даярданып атасынбы? Балдарына да, аялына да чалып кордум. Баарыныкы "недоступен" болуп жатат. Чет олкого чыгарып жибердинби. Кыскасы эртен кечинде уйуно барам суйлошобуз. Эгер жашагын келсе мага эки миллион доллар даярдап кой. Качам деп ойлобо, чек ара, самолеттор менин колумда билесин.
Кубанов телефонду очуруп дароо бироого чалды:
- Мага баягы адамынын жардамы керек.
- Качанга, канча, кимди?
-"Айколдон" жолукпайлыбы бир сааттан кийин.
- Макул.
Эртеси Кубановдун жардамчысын шаардын четиндеги Беш-Кунгой айылынын кире беришинде суу толо аккан арыкта жаткан жеринен табышты.  Бычактап кетишиптир.
Ошол кундору Кыргызстан боюнча авариялар коп болуп, уйлор, офистер ишканалар орттонуп, айтор ар кандай себептер менен коп адамдар набыт болду.
Туркияга, Россияга, Казакстанга кошумча рейстер ачылып, адамдар ото коп уча башташты.

Александра учун бул кун деле эч кандай жамандыктын белгиси жок, кунунку эле бейгам кундордой башталган. Эртен менен жумушуна шашып келип, кофе даярдай коюп, тунку сменде иштеген Аселден керектуу документтерге кол коюп, сменди откоруп алып эми эле ордуна отурган. Монитордо Ошко жетейин деп калган эки самолет, коншу мамлекеттердин устунон отуп бараткан эле самолеттор болбосо, "Манас" аэропортунун, усту таза эле. Саат сегизден жети мунот отуптур, дагы жыйырма эки муноттон кийин Москвадан биринчи рейс болот анан калгандары ар кандай аралыкта болуп келип-кете башташат. Кофе ичип алганга убакыт кенен.
Александра кофесин алып келип столдун устуно коюп, эми эле отурган, кокусунан эле монитордун чекесиндеги, Чыгыш Азиядан Россияга Казакстан аркылуу учуп бараткан эки самолет кызыл болуп куйуп калды. Бул деген авариялык акыбалга учураган самолеттордун белгиси эле. Динамиктен:
- "Манас", "Манас" биз борт номерлерибиз 34865, 40765 Куала-Лумпур-Санкт-Петербург багыты, конууга руксат сурайбыз, он эки мунот, учунчу категория, кандай тушундунуз?- деген ун чыкты.
Бул дегени самолетко сапаты начар керосин куюлуптур деген белги эле.
Александра дароо микрофонду алып:
- Борт 34865, 40765 учунчу категория тушундум, кабыл алууга даярбыз, кандай тушундунуз?
- Тушундук "Манас" он эки мунот, рахмат.
Александра дароо бул суйлошуулорду аэропорттун керектуу кызматтарына жонотту. Тез эле аэропорттун ар кандай кызматтары учуп-конуу тилкесин бошотуп, "тез жардам", орт очуруучу, аэропорттун медицина, чек ара жана башка кызматтары даяр болушту.
Туура он эки мунотто самолеттор аман-эсен конуп алышты. Жургунчулорду аэровокзалга алып кетуу учун беш автобус барып, жургунчулор баары самолеттон тушуп, автобуска отура баштады.
Учунчу автобустун айдоочусу, жыйырма жылдан бери аэропортто айдоочу болуп иштеген Эркин автобустун ичин корсотуп турган кузгудон жургунчулорду карап отурган, тан калып койду. Бул жургунчулор башкача эле, баары жонокой эле кийинип, аял-эркектер болгону менен бири-бири менен суйлошпой, автобуска да бири-бирин туртушпой, аскерлерче тартип менен катар турушуп киришип, орундуктарды да талашпай, бир чекеден тизилип тура башташты. Ондору да ар турдуу экен, сакалчандар да журот, африкалыктар да журот, айтор дуйнонун ар элинен чогулгандар окшойт. Ар биринин колунда окшош рюкзак. Эркин озунчо спортсмендерби деп ойлоп койду. Акыры баары отуруп, Эркиндин алдындагы автобустар журуп аэровокзалды коздой жоношкондо Эркин да автобусун жургузуп айдап жоноду. Кузгудон жургунчулорду карап-карап коюп бараткан, салондун ортосунда турган бироосу койнунан планшет алып чыгып жанындагы торт адамга бир нерселерди тушундуруп, колу менен аэропорттун тили менен айтканда АТБ же самолетторду ондоп-тузоочу жердин имараттары жакты корсотуп, адамдарын болуп эле жатты окшойт. Эркин кузгуну карап баратып байкабай калыптыр, алдында бараткан автобус кокусунан эле токтоп, аз жерден сузуп алайын деп, аран тормозду басканга улгуруп калды. Унун акырын чыгарып согунуп алды, бул жерде токтогонго такыр мумкун эмес да, ылдамдык да саатына он километрден азайбашы керек. Рациясын алып эмне болгонун сурайын деп жатканда башына бир нерсе такалып:
- Кыймылдаба!-деп, бир кучтуу кол желкесинен тартып ордунан сууруп чыгып, экинчиси Эркиндин колун адамдар кармануучу темирге байлап салды. Рулга башка адам отуруп автобусту дароо АТБ жакка буруп катуу айдап жоноду. Баарынын рюкзактарында куралдар бар экен, дароо алып чыгышып, октоп,  даярданып калышты. Эркин калган автобустарды караса ар кими ар жакка баратышыптыр.
АТБнын алдындагы текшерип откоруучу шлагбаумду сузуп эле кирип кетишти. Бироосу журуп бараткан автобустан секирип тушуп калып шлагбаумдун жанында турган коопсуздук кызматынын эки адамына автомат такап жерге жаткызып, калгандары АТБнын ичине кирип кетишти.
Он мунотко жетпей "Манас" аэропорту толук басылып алынды.
Аэропорттун директорунун болмосуно тортоосу кирип келишти. Бироосу аэропорттун директорунун башына пистолет такап:
- Тез Кыргызстандагы бардык аэропорттордун башчылары менен байланышып буйрук бер. Азыр самолеттор келет, баарын кабыл алышсын, иштебей турган аэропортторго да кабар бер, тез даярдашсын. Бир саатта даяр болушсун. Бул кагазда ар биринин телефону жазылган озун да ар бирине чаласын-деп алдына бир кагаз коюп пистолети менен нукуп койду.
Директор коркок адам экен, шашып-бушуп:
- Макул, макул азыр баарына кабар барат, баары сиз айткандай болот - деп столдо турган телефондон:
-ПДСА тез бардык аэропортторго радиограмма бер, азыр чет мамлекеттерден самолеттор келе башташат баарын эч нерсе сурабай кабыл алышсын, жардам керек болсо жардам беришсин, консервациядагы аэропортторго да чал, тез аэропортторду даярдашсын, болду соз бутту-деп телефонду коюп, чонток телефонун алып кагаздагы жазылган номерлерге чекесинен чалып буйрук бере баштады.
Аксы аэропортунун жетекчиси Акыл деген адам эле, аэропортко самолет учпай жаткандан кийин бул куну жумушка барбай уйундо бейгам жургон.  Телефону шынгырап калды, диспетчер Рахат экен:
- Да Рахат?
-Акыл тез аэропортко келип кал, радиограмма келди, азыр бизге чет мамлекеттен самолеттор келе башташат экен. Бир саатта аэропорт даяр болушу керек.
- Эмне, кандай самолет, чет жерден кандай самолет келмек эле бизге?
- Билбейм, туристтерби же "учение" болобу тушунбодум, бол тез келип кал. Мен жообун беришим керек.
Акыл дагы бир нерселерди сурайын деп жатканда дагы чалуу болуп калды, караса бейтааныш номер. Журогу сезди жон чалуу эмес эле:
- Рахат мага бироо чалып атат, озум чалам -деп очуруп, келген чалууду алды:
- Да угуп атам.
- Акыл Эсенович, бул "Манас" аэропортунун директору Аманбеков. Радиограмма бардыбы, тез аэропортту даярдагыла, мени кызыктырбайт кантип даярдайсынар. Бир саатта даяр болушу керек. Кандай самолет келсе да кабыл алгыла, жардам керек болсо бергиле. Болду соз бутту-деп очуп калды.
Акыл тан калып койду. Аксы аэропорту "Ош" аэропортунун филиалы болгондуктан бут тирилик Ош аэропорту менен болчу. "Манастын" директорун сыртынан эле корбосо  суйлошкон эмес. Ото зарыл окшойт минтип Бишкектен чалып жатышса. Дароо аэропортко жоноду, жолдо баратып, сменди тапшырып уйундо эс алып жаткан  жумушчулардын баарына чалып он мунотто "иште болгула" деп кыскача акыбалды тушундурду.
Бир сааттан кийин Аксы аэропортуна токсон орундуу самолеттор учоосу удаасынан келип конуп, тишине чейин куралданышкан аскерлер чуркап тушушуп дароо эле аэропортту басып, аскерлердин бироосу Кербен аэропортунун диспетчерин колу-бутун байлап жаткызып коюп, ордуна отуруп оз самолеттору менен байланыш тузо баштады.
Он муноттон кийин дагы он сегиз самолет келип конду.
Самолетто келген аскерлер тез эле Кербен шаарынын борборунда жайланышкан телеком, акимчилик, айыл окмотторду, больница, РЭС, аскер болукторун басып алышты, мобилдик байланыш, телевидение, радио атпайлар толук очурулду.
Бул корунуш Кыргызстандын ар бир аэропортунда бир убакытта болуп отту.
Ошол эле маалда башына тапанча такалган генералдык штабдын башчысы да Кыргызстандагы бардык аскердик болукторго эч кандай каршылык корсотпоого, барган адамдардын айтканын аткарууга буйрук берди.
Он муноттон кийин Кыргызстандын асманы гуулдоп эле калды. Дуйнонун ар бурчунан, туш тараптан самолет, вертолеттор учуп келишип, баскынчылар Кыргызстандын ГЭСтерин, суу сактагычтарын, телевидение, радиолор, айтор эки саатка жетпей Кыргызстанды толук ээлеп алышты.
Ондогон чакан вертолеттордо учуп барышып тоолордун арасында жайланышкан аскер болукторун басып алышты.
Жай турмушта жашап жаткан адамдар эч нерсени тушунбой, эч кандай кабар болбогондон кийин копчулугу жаман ой жок машыгуулар журуп жатса керек деп эле калышты.
Тушку саат бирде телевидение, радиолор кайрадан иштеп, Кыргызстандын президенти элге кайрылуу жасады:
- Урматтуу Кыргызстандыктар, акыбал бир жактама чечилмейинче эч кимин каршылык корсотпогуло. Азырынча шартка байланыштуу эч нерсе айта албайм. Калганын дагы кошумча айтабыз, дагы кайталайм азырынча эч кандай каршылык корсотпогуло-деп кайрадан бардык байланыш каражаттары очту. Эл эч нерсени тушунбой эле туруп беришти. Ал эми асмандан самолеттордо аскердик техникалар баш-аягы корунбой, тынбай эле кирип жатышты, кирип жатышты. Эл эч нерсеге тушунбой эле кочого чыгып карап отургандан башка айласы калбады.
Эки кун бою баскынчылар эч кимге эч нерсе тушундурбой, эч ким менен суйлошпой оз иштерин аткарып жатышты. Кыргызстандын ар бир шаарынын, ар бир айылынын ар бир кочосуно экиден, учтон аябай куралданышкан аскерлерин коюшуп, коюлган аскерлер тундосу да бир ордунан жылбай, кочодо турушуп, кочодо тамактанышып, эч кимге суйлобой, суйлогон адамга жооп бербей, бир ордунда тура беришти. Тирилик кунункудой эле отуп жатты, ар ким оз жумушуна барат, оз жумушун аткарат кайра уйуно келет, эч ким эч нерсе билбейт. Областтын башчылары, райондун акимдери, шаарлардын мэрлери да эч нерсе болбогондой жумушунда кунумдук жумушун аткарып, кечинде уйуно кетип дегендей айтор акыбал тушунуксуз эле болуп калды.
Учунчу кун дегенде эртен мененки саат он бирде телевидение иштеп, жашы кырктардагы, коз айнек тагынган, кара чачтуу, ак жуумал келген адам тушунуксуз тилде суйлоп, жанында, корунбогон бир ун кыргызчага которуп берип турду:
- Урматтуу Кыргызстандыктар бугундон баштап Кыргызстан-деп ар нерсени тушундуруп, айтор эки саат суйлоду.
Кыскача айтканда Кыргызстан дуйно мамлекеттеринин жеке менчик банктарынан аябай коп акча карыз болуп калган экен. Карызын толой албай, улам-улам артка жылдырып, пайызы осуп кетиптир. Кээ бир банктар доолап туруп алганда ар кандай козго корунуктуу ишканаларын, стратегиялык маанилуу трассаларын сатып отуруп, акыры берээрге эч нерсеси калбаптыр. Карызы ото эле коп болуп кеткенде карыз берген банктар акчасын ондуро албашына коздору жетип, баары чогулушуп суйлошуп, кайсы мамлекетке  катталганы белгисиз, бир чон банк Кыргызстандын карызын калган банктарга толоп бериптир да, Кыргызстанды басып алыптыр. Эми он жыл, акчасын чыгарып алгынча Кыргызстан ошолордун колунда болот экен.
Ошентип "ЧЭБ" банкынын жалданма аскерлери иштеп чыккан, адамзатынын тарыхында болбогон эн чон, эн тан калыштуу басып алуу, "Домоклдун кылычы" операциясы бир да ок атылбай, ызы-чуусу жок, ото ийгиликтуу аяктады.

Бул окуялардан бир ай мурун.

Москва, Кремль.

Россия Федерациясынын президентинин чогулуш отуучу залы.
Аябай чон залдын ортосунда эки тарабына отуздан адам баткыдай болгон узун столдо алтымыштан ашык адам, торундо президент отурат.
- Ушундай мырзалар Кыргызстан жок болот жакында. Биз да эч нерсе кыла албайбыз. "ЧЭБ" банкы мыйзам боюнча туура,  алар оз акчасын алышы керек. Биз коргойбуз десек дуйно эли бизге каршы чыгат. Силерди чакырган себебим Кыргызстанды сактап калуу жолу барбы суйлошолу, талкуулайлы дегеним. Азыр бир видеороликти корсонор, калганын шашпай суйлошолу, баары тушунуктуу болот.
Мандайда илинип турган чон монитор жагылып бир чон залдын ичинде узун столдо бир тарабында Кыргызстандын президенти, ири партиялардын лидерлери, торт министр отурат. Экинчи тарабында Россиянын президенти, жанында торт министр, дагы торт адам отурат.
Россиянын президенти суйлоп жатыптыр:
-Биздин жашыруун кызматтардын айткандарына караганда "ЧЕБ" деген банк силердин карыздарды сатып алып жатыптыр. Бул дегени жакында кен байлыктарынарды, ГЭС сыяктуу ишканаларынарды, стратегиялык маанидеги жолдорунарды, заводдорунарды алып коёт деген кеп. Дагы эмненерди алабыз деп жатышат бизге белгисиз. Бир нерсе кыласынарбы же отура бересинерби унчукпай.
Кыргызстандын президенти мугалиминен уруш угуп жаткан окуучудай болуп эле отурду.
-Дуйнолук коомчулук да эч нерсе дей албайт. Карызынар ото эле коп болуп кетиптир. Ошондой чон пайызда да карыз аласынарбы, бир куну кайтаруу керек экенин ойлободунарбы?
- Мага чейинкилердин кылганы да, ал карызды мен алган эмесмин, азыр эми эч нерсе кыла албайбыз, ото эле кеч болду, болгон нерсебизди бердик, берээрге эч нерсебиз калбады.
- Ошол карыздарды алган адамдарды тапса болот да, кармап, камап толотпойсунорбу.
- Алар кучтуу, бироосун эле кармасан калганы баары мага каршы чыгат, баары ошолордун колунда. Туугандарын, айылын, районун которуп чыкса эмне кыла алам. Аялдарды, аксакалдарды, жаш балдарды алдап алдына коюп алып келишсе эмне аларды атмак белем. Аларды атканда тигилер дагы адамдарды чогултуп келишет, эмне бут элими атайынбы. Кучум да, айлам да калбады курошконго. Министр, депутаттардын бироосуно да катуу суйлой албайм, мени олтуруп кетишет оной эле.
- Эмне ошол балдарга, аялдарга, аксакалдарынарга, жегич чондорунарга мамлекет, эли-жери керек эмеспи. Ошол балдар, аялдар оз алдынча анализ кылып ойлонушту билишпейби, бир шумпай ар нерсени бир айтып койсо ишенип чыга беришеби, башы иштебейби алардын. Мен силер жонундо окудум, тогузунчу-онунчу кылымдарда Манас деген баатырынар силерди курап эл кылган экен. Эмне ошондой Манастар чыкпайбы.
- Мен да президент болоордо "манастар" келет деп ишенгем. Азыр мен жаныма, мага караан болот деп алып келген адамдарым баары мага душман болуп калышкан. Баарын ошол ууру-кескилер сатып алышкан. Мен озум жалгызмын. Эч нерсе колуман келбей калды.
-Алыс барбай эле жакынкы озбектер, оз жерин кандай гана коргошот, патриоттор, СССРден болунгондон бери жери дагы алты пайызга кобойуптур. Тажиктердин жери уч пайызга кобойуптур. Каяктан кобойот ойлонбойсунарбы, асмандан алып тушушмок беле, силердин жеринер тогуз пайызга азайыптыр. Биздин жерди билесинер дуйнодогу эн чон мамлекетпиз, кымындай жерибизди бироого бергенибизди уктунарбы. Эмнеге силерден чыкпайт патриоттор. Кыргыз элине жери, мекени керек эмеспи. Же ошол жегичтеринер озу эле жакшы жашаса болдубу. Тушунбодум силерге.
Африка, макул башкасын айтпайын, эч нерсеси жок африканын мамлекеттеринде мындай окуя боло элек. Анан кантип сабаттуу эли бар силер ушундай болосунар.
Кыргызстандын президенти унчукпай отуруп калды. Жанындагылар да унчукпай отурушат. Столдун чекесинде отурган бир олигарх министр гана жанындагы шеригине бир нерселерди шыбырап койду.
Ушул жерден монитор очуп, Россиянын президенти ордунан туруп терезеден Кызыл аянтты карап копко турду да:
- Бизде эч качан мындай болбойт, орус эли андайга жол бербейт, ачкадан олсо да оз жерин сатпайт. Ушундай да эл болот экен мырзалар. Эми силерге бир нерсени угузайын, байкадынарбы видеодо мен кыргыздар менен суйлошуп отурганда бир олигарх министр жанындагы министрге шыбыраганын. Ошону уксанар тан каласынар -деп колундагы пультту басып, депутаттын шыбырап жатканы корунуп, созу угулду:
- Убакыт келди, мен эчак эле акчаларымы чыгарып кеткем. Эртен эле кетиш керек, сен да камыны кор, майда чуйдоно караба, тутулуп калышын мумкун . Экинчиси:
- Акырын, чыкканда суйлошобуз-деп койду.
Орустар баары тан калышып, дуулдашып, бир-экоосу согунуп жиберишти.
-Уктунарбы, мен бул адамды, адам деп айтууга да тилим барбайт, айбанды, итти, саткынды акыбалдан чыгуунун жолун айтабы деп ойлодум эле. Буларга оз жаны жакшы жашаса болду окшойт, эли-жери керек эмес экен.
- Урматтуу президент, булар озу ошону каалаган эл экен, биз эмне кылабыз киришип. Чондору, олигархтары минтип отурса бизге эмне, тим коёлу. Кандай банк болсо да бизге зыяны тийбейт, ортобузда буфер болчу Казакстан бар, ал банк ээлесе ээлей берсин. Казактарды кордукко элим-жерим дегенде жанын берген эл экен, аларды эч ким баса албайт. Казакстанды бекем кармайлы болот ошо бизге. Дуйно менен мамилени бузуп эмне кылабыз.
- Кыргыз эли биздин бир тууганыбыздай эле болуп калган да, буфер болбогон кундо да адамкерчилик да болушу керек го дейм. Павел Иваныч сиз кыргыздарды изилдеген адамсыз, оюнузду угалы.
Орто бойлуу, коз айнек таккан, чакан мурут койгон арык адам ордунан туруп оор ушкурунуп алып:
- Ооба менин кабыргам кайышып турат, бул кабарды уккандан бери уктай албай жатам. Кыргызстанда туулуп-оском, кырк жыл  жашагам, аябай жакшы билем бул элди. Бирок чындыкка туура коз караш менен караш керек, колубуздан эч нерсе келбейт, дуйнолук коомчулук баары бизге каршы болуп калат. Кыргыздарды канчалык жакшы корбойун бирок болгонун болгондой айтыш керек, бул эл озунчо мамлекет болуп жашай алышпайт. Бир убактарда Манас деген баатыры кыргыз элин которуп чыккан. Бирок ошол Манасты озулору эле, ошол кыргыздар эле жок кылышкан. Жакынкы тарыхын айтсам бир эле мисал, Ормон дегени кыргыздарды бир муштум кылып чыгайын деген жакшы оюу менен хан болгондо озулорунун эле бир баатыр чыкмасы найза менен сайып олтуруп койгон. Бул эл СССР убагында гана бир адамдын айланасына чогулушуп эл болушту. Озунор билесинер СССР тарагандан кийин отуз жыл отту, бир президентке баш ийип тынч жашаганын кордунорбу.  Булар уруучулук, тууганчылык дегенден чыга алышпай калышкан эл. Бироо баш которуп чыкса эле басып, коро албастык кылып бут тосуп, айтор ар уруу, ар область оз кулунун чыгарып, оз кулуну чон болуш керек. Кийерге баласынын шымы жок болсо да куру намыс ото куч буларда.
Анан дагы буларда мамлекеттен уурдап жемей озунчо эле жарыш сыяктуу болуп калган. Ким коп уурдап байыса ошол абройлуу, ошону сыйлашат, ошонун созу соз бул элде. Ошон учун баары уурдашат, бир нерсе десен тиги уурдап байып кетти, андан эмнем кем деген созду угасын. Айтор айта берсен арман коп, эми эмне болот, туулуп оскон жерим эле, эми бара албай каламынбы, баары бир боор тартып калат экенсин, менин мекеним эле го-деп бир аз эки жагындагы адамдардан жардам куткондой карап турду да унчукпай ордуна отуруп калды.
Уч кундон кийин Казакстандын, Озбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын окулдору келишип, Кыргызстандын тагдырын талкуулашты.
Мыйзам "ЧЭБ" банкы тарапта экен, чектеш мамлекеттер баары бир эч нерсе кыла алышпай турган. Ошондуктан ар кандай кынтык таап, банкка талап коюшуп, мумкун болушунча Кыргызстандын жерлеринен оз мамлекетине алышып, кыргыздардын бир аз болугун болсо да сактап калууга аракет кылышты.
Дагы уч кундон кийин "ЧЭБ" банкынын жыйырма адамдан турган тобу Москвага келип, баары чогулуп суйлошуп, айтор кыргыздардын тагдыры чечилди.
Кыргызстандын Чуй областынын жыйырма пайызы, Бишкек шаары, Ыссык-Кол областы толугу менен  Россиянын карамагына,  Казакстанга чектеш уч пайыз жер казактарга, эки пайыз жер озбектерге, уч пайыз жер тажиктерге берилип, калган 77 пайыз жер он жылга "ЧЭБ" банкынын карамагына отту.
Дуйнолук коомчулук бир сыйра дуулдап чыкканы менен эч нерсе кыла албай тынчып калышты. Мыйзам боюнча "ЧЭБ" банкы туура эле. 
"ЧЭБ" банкы тез арада ото чон согуштук план иштеп чыгышып, операциянын атын "Домоклдун кылычы" деп аташып, дуйнодон жалданма аскерлерди алып келип Кыргызстандын озуно тийген  жерлерин басып алышты.

Дароо эле чек ара толук жабылды. Сырт менен байланыш такыр очурулду.
"ЧЭБ" банкы акчасын чыгарып алуу учун жандалбастап ишке киришишти.

Алаамат башталды...

Тез эле миндеген завод-фабрикалар курулуп, куну-туну тынбай иштеп, кара жумушту бут кыргыздарга кылдыра башташты. Башында кыргыздарга жакшы эле мамиле кылып жатышса, бара-бара уруп-сабаганга отушту. Заводдор арзан жолу деп химиялык каражаттар менен иштейт экен, зыяндуу жерлерине кыргыздар гана иштешет. Каршылык кылгандарды камап, ошондон ары дайынсыз жок болушуп жатты. Кыргыздарды такыр эле баш которгус кылып салышты.
Имиш-имиштерге караганда камаган адамдарды дароо эле олтуруп, заводдордун мештеринде жагып салышат имиш.
Жардам бере турган эч ким жок эле.
Кыйын иш билги экен булар, эки жылда илгери мергенчилер аран барчу улуу тоолорго мизилдеген асфальт жолдорду салып, тоолордун арасына заводдорду куруп салышты.
Тоолор, миндеген жылдар сакталып турган кооз тоолор казылып, чан баскан жерге айланып, ар кандай таштандылар, химиялык заттар агып чыгып, агын сууларга кошулуп агып колдорго куюлуп, жакын арадагы кооз колдор чыла баскан, сассыган балчык, уулуу сазга айланып калды.
Миндеген заводдордон чыккан уулуу тутундор асманга которулуп чыгып, кайра эле жерге тушуп, жакын арадагы жайлоо атпайлар да жараксыз болду. Жаныбарлар кырылып, эки жылда уй жаныбарлары тургай тээ улуу тоолордо жашаган жапайы жаныбарлар кадимкидей мутант  туула баштады.
Шаар элин кууп келишип завод-фабрикаларга иштетишсе, айыл жерлериндегилерге малдарды бактырышып, жерлерге иштетишип, айтор Кыргызстан бир озунчо эле ишканага окшоп калды.
Абас аба тунку жумуштан келип, тамактанып алып,  малканасын тазалап жургон. Небереси чуркап келди:
- Чон ата сизди Кален аба чакырып атат.
- Озу элеби?
- Жок аскерлер менен келиптир.
- Макул уйго кирип чыкпай отур, энендерге да айт сыртка чыга корушпосун, чурка-деп коюп озу колун жууп, бир сыйра кагынып алып дарбазаны коздой басты.
Кален деген алааматка чейин айылдын бадачысы болуп жургон. Каяктан келгени белгисиз, мындан жыйырма жыл мурун пайда болгон. Башында ар кимдин уйундо устачылык иштерин кылып журуп, кийинчерээк мал бакканга адам табылбай калганда бадачы болуп калган. Эл мусапыр адам экен деп копчулук биригип уйлоп, там салып берип, айтор элге аралашып кеткен.
Жакшы эле жургон, алааматта озгорду, дароо баскынчылардын айылды башкарган адамы же баскынчылар айткандай "хидминге" жагынып журуп ишеничине кирип алган. Аларга айылдагы болгон нерселерди жеткирип, кимдин эмнесин алса  болот, айтор элди талоонго салып берип койгон. Календин жардамы менен "хидмин" айылдын адамдарынын колго илинээр нерсесин бут тартып алган.
Абас аба ичинен согунуп алды. Дагы эмнени баштады экен бул акмак. Сыртта уч машине туруптур, Кален  ондой аскердин алдында туруп алып колдору менен бир нерселерди корсотуп, аскерлер Календи шылдындап кулуп атышкан экен, бироосу Календи кочукко бир тепсе, Кален отура калып тигинин бут кийимин тазалап калды. Абас аба унун акырын чыгарып  "жарыбагыр маскарапоз" деп суйлонуп алды.
Кален Абас абаны корору менен алыстан эле эки колун созуп чуркап келип эки колдоп учурашып калды.
Абас аба жактырбай учурашып:
- Эмнеге келдин, дагы эмнени баштадын? -деп жаман коруп караса Кален жойпондоп кулуп:
- Абас аба эми сени эл угат,  элден жуз кой жыйнаш керек, "хидмин" жонотту. Мен элди эле ойлоп атам, бекер бироо жарым жабыр тартпасын, озунуз жакшылыкча тушундуруп айтын, эртенге чейин чогултуп коюшсун. Эртен тогузда келем, эгер чогулбаса сиз жооп бересиз, тушуносуз да, макул мен шашылышмын-деп башка соз укпай, унчукпай машинеге отуруп кетип калды.
Алааматка чейин айылда жыйырма минден ашык кой, эчки, уч миндей уй, ар бир уйдо кеминде бирден ат бар эле, азыр коп болсо миндей кой, элуудой уй калса керек.
Абас аба малканасына кирип отуруп оор ушкурунуп алды. Эми эмне кылат, эки жылда бул акыбалга алып келишсе, он жылда Кыргызстандын жери эч нерсе оспогон, абасы, суусу, ташы, топурагы уулуу, жараксыз жерге айланат. Элди баарын оорукчан кылып кырып жок кылышат, эээх алаамат алып келишти булар.
Айласыздыгына арданып козуно жаш келип кетти, озунон  мындайды кутпогондуктон эч ким корбоду бекен деп эшик жакты карап дароо коз жашын аарчып, тилденип алып малдын астын тазалаган курогун калдыратып калды.
Бир маалда коншусу Ашырдын уйунон бироолордун кыйкырышып суйлошуп, согушуп, мушташып кеткен ундор угулуп, жаш балдардын, Ашырдын аялынын бакырып ыйлаганы угулду. Абас курогун ыргытып жиберип башын мыкчып отуруп калды.
Аскерлер Ашырдын бойго жеткен кызы Жибекти алып кеткени келишиптир да. Аатаны эмне деген заман болду. Жибекти кичинесинен бери билет, коз алдында чонойду. Ыймандуу, жакшы кыз болгондуктан баласына алып берсем жакшы болмок деп ойлоп койчу. Аскерлер Ашырды сабап салышты окшойт уну чыкпай калды. Аялынын, неберелеринин чырылдап ыйлаганы гана угулуп жатты. Бироонун малкананын жанынан тыпылдап чуркап отуп кеткенин угуп дароо малкананын ичиндеги шаты менен устуно чыгып жыйылган чоптун арасына бекинип калды.
-Абас аба, Абас аба- деп ый аралаш чакырган Ашырдын учунчу класста окуган небереси Каныбектин уну угулду.
Небереси чыкты окшойт, экоосунун кобур-собур болуп суйлошкону угулуп, чуркап малканага келишип:
-Чон ата, чон ата- деп чакырып, издеп, -бакта окшойт, журу, ыйлаба чон атам барганда аскерлер качып кетишет мына коросун-деп ээрчишип чыгып кетишти.
Бир маалда аялы чыгып чуркап бак жакка отуп кетти да, экоосун колунан жетелеп, суйроп:
- Чон атан жумушуна кеткен, баскыла уйго, чыкпай отургула. Мен барам, силер уйдон чыкпагыла. Каныбек сен да биздин уйдо отуруп тур,  унунорду чыгарбай, уйдон чыкпай отуруп тургула-деп Каныбектин ыйлаганына карабай уйго суйрогон бойдон алып кирип кетти да, кайра эле чыгып коншунусунукуна откон эшикке келип, буйдалып туруп калды да, бакка суйонуп алып унун чыгарбай ыйлап отуруп калды.
Абас абанын кичинекей бала ишенип, жардам берет деп чуркап келсе бекинип калганына жаны ачышып, журогу ооруп чыкты. Барганда эле эмне келмек эле колунан, хидмин да коптон бери Абас абага очошуп, кантип камашын билбей, шылтоо таппай эле жургон.
Жибек акылдуу кыз эле, апаларын кыйнабайын дедиби, унчукпай эле чыгып кетти окшойт. Аскерлер кетери менен коншу аялдар чыгышып бир нерселерди суйлошуп, ыйлашып, акыры уйуно кирип кетишти.  Абас аба айласы жок башын мыкчып отура берди. Эми кичинекей Каныбектин козун кантип карайм деп айласы кетип, ордунда отура албай акырын тамбашынан тушуп, малкананы ичинен илип алып курогун алып жерди тазалайын деп, бирок небереси, Каныбек чыгып калса угуп калышса, келишсе эмне деп жооп берем деп курогун мыжыгып кармаган бойдон отуруп калды.
Тээ анчадан кийин бироо тыкылдатканынан эшикти ачса баласы Марлис туруптур, ону купкуу, угуптур да демек, сыр бербей:
- Аа балам келдинби,  мен да эми келдим, тамактанып алып эс ал эртерээк чарчагандырсын- деп баласына козун корсотпошко аракет кылып ары карап алып ансыз деле таза жерди тегиздеп кыра баштады.
- Ата мен чыдабайм, бугун кетебиз, чечилди. Качанга чейин унчукпай журо беребиз, Жибекти алып кетишиптир, Кален корсотуп бериптир уйун.
Абас аба сыртынан билдирбегени менен ичи эзилип кетти, жалгыз баласы болсо, жакында уйлойм деп турганда бул алаамат келип токтоп калган. Бир жылдан бери алдап-соолап эптеп тынчтандырып жургон эле, эми айласы деле калбады. Баласы уч досу менен коптон бери даярданып журушконун билчу. Куралдарды каерге бекитишкенин да билет эле, эч ким жокто издеп таап алып ачып да коргон. Каяктан уйронгон, жер семирткичтен жарылуучу гранаталарды коп кылып жасап алышыптыр, бир 32 калибрлуу, бир 12 калибрлуу мылтык, эски тапанча, жыйырмадай ок табышыптыр, баарын тазалап, майлап даярдап коюшуптур.
Кантип оз баласын олумго жонотот, булар али жаш, каны кызуу маал, соссуз бир балээге кабылышат эле.
- Балам бир аз чыдай тур, бир куну бироо элди баштап чыгат, эл которулот, ошондо баарыбыз чыгабыз, учоонун колунан эмне келмек эле, боодо набыт болосунар. Манас атабыздын арбагы колдойт бизди, таштап койбойт балам -деп ар дайымкы айткан созун кайталай баштады эле баласы созун болбой угуп турду да атасы суйлоп буткондон кийин:
- Ата биз чыкпасак башка эч ким чыкпайт, кордум тигилерди, Кален жолдон жолугуп айтты, сизге элден мал чогултуп бер деп келишиптир. Дагы бир аз убакыттан кийин элде ачарчылык башталат, коруп атабыз го, буларга адамдын омуру бир тыйынга турбайт экен. Биз кырылып калсак булар башка мамлекеттерден адамдарды жалдап алып келип иштете беришет.
Абас аба акыры баласын кармай албашына козу жетти окшойт, созун болуп:
- Эмне кылайын деп жатасынар, кыскача айтчы угайын- деп бир бурчка отуруп баласын карап калды.
Баласы да озун тартып, бойлуу, толо, кучтуу, сурдуу бала болду. Айылдагы анча-мынча тополон кылган адамдарды озу эле барып тартипке чакырып койчу.
Ээх эми айта берсен соз коп.
- Ата туура тушунунуз айта албайм планыбызды. Сизге да зыяны тийиши мумкун, ошого билбей эле койгонунуз он. Сиз кабатыр болбосонуз эле болду, апамы эле карап турсаныз. Бизде баары жакшы болот мына коросуз. Биз чыксак бизди коруп бут Кыргызстан чыгат. Бироо чыгат дейсиз, ошо биз чыгабыз, биз элди которуп чыгабыз ата. Макул мен кеттим-деп атасын айнып кетпесин дедиби, кучактап коюп малканадан тез-тез басып чыгып кетти.
Абас аба бойрогу ооруп чыкты негедир, бойрогун кармап эле дубалга суйонуп отуруп кала берди.
Марлис апасына да ар шылтоонун башын бир айтып, "башка шаарга алып кетип жатышат, айтышкан жок кайсы шаар экенин, бир айда келем" деп тез-тез коштошуп, уйдо жургон жээндерин беттеринен ооп коюп шашып уйдон чыгып кетти. "Корфу" же бизче айтканда коменданттык саат башталганга чейин досунун уйуно жетип алышы керек. Орто кочо менен тез-тез басып досунукуна жоноду. Негедир озун шамдагай сезип калыптыр.
Эми уч кун уйуно барбай досунукунда жашап турат. Атасы менен суйлошкон, атасы коншуларына баламы урушуп койдум эле таарынып келбей журот деп соз таратат. Кийин кетишкени билингенде да атасын сакчылар алып барып суракка алышса бир аз болсо да шылтоо болот, хидминге урушуп койгон элем ошол бойдон жок деп кутулушу керек. Айла жоктун иши болсо да башка жол табышпаган атасы экоосу.
Уч кун досу Каныбектин уйундо жашап, ошол уйдон жумушуна барып келип атты. Досу экоосу тен тункусун иштегендиктен кундузу укташат, кундуз корунушпосо эч ким шекшибейт. Уч кун жумушка барышып, тортунчу куну досу Каныбек экоосу жумушта бийигирээк жерден кулап тушушуп, буттарын кокустатышкан адам болуп, айтор эртеси жумушка келбей турган болушту.
Куну бою даярданышып, тунку саат бирде айылдын башындагы чон талдын тубуно дагы эки досу келип, тортоосу чогулуп тоого качып кетиши керек. Карагай Тордо курал сакталган чакан база бар. Ондон ашык сакчы кайтарат. Эч ким даап кол сала албайт дешеби тундосу кузотчулор экоосу эле турбаса калганы укташат. Ошол жерге кол салып, куралдарды которушунчо алып, базаны жардырып жиберип тоого чыгып кетишет. Бул тоолорду кичинесинен чыгып журушуп беш колдой билишет. Анан жанылык Кыргызстанга тарайт, мындай кордукка чыдабаган адамдар соссуз келишет. Болгон планы ушул эле. Калганын коро жатарбыз деп чечишкен, эч болбосо баскынчыларга мумкун болушунча зыян келтирип Кытайга кетишет, атасы менен суйлошкондо атасы айтып берген, азыр Кытай да болгон жардамды беребиз деп турушат.
Акыры тунку саат он экиден откондо экоосу жолго чыгышты. Каныбектин уйу айылдын чекесинде болгондуктан эч кимге корунбой чыкса болот. 
Каныбек алдыда, Марлис артынан жормолоп короодон чыгып, айылды айланып откон чон жолго келишти. Эки сакчы ар дайым ушул жерде ары-бери басып журушот, бирок бир айдан бери карашат, алар он бирден кийин укташат. Экоосу ото акырын сойлошуп чон жолдон, сакчылардан отуп алышты. Сакчылар уктап атышкан экен, конуругу угулуп эле турду.
Чон талга жетип, Марлис акырын, угулар-угулбас ышкырып тыншап калышты, шерик балдар талдын ары жагындагы чон арыкта отурушкан окшойт, акырын чыккан ышкырыктын уну угулуп, балдардын чопторду аралап сойлоп келатышканы корунду. Эки досу Максат менен Нурбек келиши керек эле, артта дагы бироонун башы корунду. Алдыда Максат экен:
-Марлис урушпа сага айтканга убакыт болбоду, Эрланды да кошуп алдык. Бугун тушто келип суранганынан коштук. Эжесин, карындашын алып кетишиптир. Бир "Макаров" бир магазин толук огу менен алып келди. Жок дей албадым.
Марлистин журогу "шуу" дей тушту. Тортоонон башка эч ким билбеши керек эле, Эрлан кайдан укту экен. Башка кошулса да Эрлан кошулбашы керек, бул ото куу бала эле. Бир классташы ушул Эрлан менен Москвада курулушта бирге иштеген экен. Ошол айтып берди эле, ушул Эрлан жумушта башчы менен жакшы болуп алып, балдардын айлыгын тарата турган болуп алыптыр.  Ар айлыкта турдуу шылтоо айтып  балдардын айлыгынан кыркып, башчыбызга берем деп озунун чонтогуно салып алчу экен, кийин билинип калганда ишканадан чыгып кетиптир. Оз айылдаштарын куйдургон мындай таш боор адамдан эмне жакшылык кутсо болот.
Эрлан жанына келгенде:
- Азыр чынын айтасын же ушул жерде олосун, кимден уктун биздин тоого кетип атканыбызды-деп жакасынан муунтуп кармады.
Максат шашып:
- Эрлан мага келип арманын айтып-деп суйлой баштаганда Марлис:
- Коё тур Максат озунон угалы, Эрлан суйло, мага тушундур эмнеге Максатка келип айттын, экоонун мамилен деле жок эле го?
- Марлис кечээ тундо эжем менен карындашымы алып кетишти, эч нерсе кыла албай эле туруп бердим, оч алышым керек -деп ар нерсени айта баштады.
Бул жерден эртерээк алыс кетуу керек, Марлис эмне кылышын билбей калды. Эрлан саткын болсо таштап кетишсе сакчыларды ойготушу мумкун. "Макул" деди ичинен азырынча алысырак, тоого чыгып кетишсе, анан суйлошормун деп ойлонуп:
- Макул кеттик анда, эртерээк кетели, Максат куралдарды алдынарбы?
- Оа Марлис алдык, рюкзакта. Ме тапанчаны сен ал. Эрландын кошумчасы- деп тапанча сунду.
- Макул кеттик анда-деп тоону коздой жоношту.
Бир чакырымдан кийин тоо башталат, ортодо чон сай бар, ошол сайдан чон темир тутук откон. Ай жок, айлана капкарангы болуп тургандыктан сайга тушуп кайра чыгып отурбай темир тутук менен эле отуп кетели деп,  баары темир тутуктун усту менен сойлоп, Марлис биринчи отуп чопторго бекинип калды. Артынан экинчи болуп Эрлан отуп Марлистин жанына сойлоп келип жатты да бир маалда ордунан ыргып туруп Марлистин башына тапанча такап:
- Кыймылдасан, унуну чыгарсан олосун-деп тапанчанын арты менен Марлисти башына катуу бир койду.
Марлис канча убакыт отконун билбейт, озуно келсе машинада кетатыптыр. Эки жагында эки баскынчы отурат, алдыда айдоочу, жанында дагы бир аскер. Алдыда уч машина кетатыптыр, артта да машина бар окшойт, бурулуп карай албады. Колу-бутун чытыратып танып салышыптыр. Башына катуу эле урган окшойт, аябай эле ооруп калыптыр.
Куралдары менен кармалышты, эми буларды тируу койбойт эле.
Айтор ойлоно берип башы ооруп чыкты. Эрланга ишенгенине озуно жини келип, эми ата-энесинин акыбалы эмне болот, ойлоп жаны чыгып кетти.
Тээ союз маалында курулган малкананын бир чон болмосунун тубун казып цементтелген жер толо кылышыптыр. Марлис, Нурбек, Каныбек, Максат тортоон таштап коюшту. Эрлан корунбойт.
Эртен менен айыл башчы "хидмин" келди:
- А силерге эмне жакпады, эмне кылайын дединер эле?
- Баары бир бир куну жок болосунар акмактар. Бироо чыгат бир куну элди которуп. Кыргыздар эч качан баскынчыларга кол куушуруп отуруп берген эмес-деп Марлистин жаны чыгып кетти.
- Биринчи ойлонсонор ким баскынчы экенин. Баарын эле бизди жаман коруп баскынчы дейсинер. Биз эмес баскынчы, озунордун чондорунар, президентинерден баштап айыл башчыларга чейин, жадакалса мектептеги мугалимдеринер да баскынчы. Ошолорду жаман коргуло. Биз оз акчабызды чыгарып алышыбыз керек. Же силер кандай деп ойлодунар эле, биз мээнет менен иштеп тапкан акчабызды силерге берип коюп унчукпай отуруп калмак белек. Силерди багалы деп кундоп-тундоп уктабай иштедик беле. Озунор карызга эле жашап калган экенсинер да. Иштегенге, озунор акча тапканга аракет кылып корбодунорбу.  Сен да биздин акчаны ичип-жеп чонойдун. 
- Мен сенден бир тыйын алган эмесмин-Марлистин жини келип кетти.
- Ооба сен албагансын, бирок атан алган, апан алган. Ошолор алган айлык, пенсияларды чондорунар бизден карызга алган акчадан берген. Ошол акчага ата-эненер силерге тамак алып берген, кийим алып берген же жалганбы.
Марлис да, шериктери да жооп таба албай калды.
-Силерге отуз жылда, жонокой айтайынчы, мин сом сырттан акча келиптир. Анын кырк пайызы кайтарымсыз, жон эле, кайтарбай эле койгула, кыйналып турасынар, тирилигинерди ондоп алгыла деп берилген акча экен. Биртке эл экенсинер ал акчага жакшы эле жашасанар болмок. Ошол чондорунарды куноологуло, ошол саткын, ууру-кескилерди колдогон озунорду куноологуло. Озун деле ойлосон, мамлекеттин акчасын уурдагандарды билесинер, сен билбесен жанында жургондор соссуз билет, бир адам озу жалгыз миллиондогон долларларды эч кимге билдирбей уурдай албайт. Ошол уурдаган маалда дароо кармап, текшерип камасанар болот беле, болот эле. А силер эмне кылдынар, кайра ошону мактап, ошону колдодунар туурабы. Баарынар коруп туруп кормоксон болгон  учун уурулук кучоп кетти. Аларга эмне, мамлекетинерге келген карыз акчаны чонтогуно салып алып, мамлекетти ондоюн деген адам келсе, уурулугум билинип калбасын деп, ошол акчадан силерге бир аз, тоокко жем чачкандай чачып, ширин суйлоп  койсо аныгын билип-билбей эле кочого чыгып айкырып-бакырып кууп жиберген озунордо куноо. Мына эми ошол силерди бал тили менен алдап жургондор азыр чет мамлекеттерде чардап журушот, жашоосун корсон тан каласын, анча-мынча хандар деле антип жашабаган болушу керек. Бироосу уурдаган акчасынан берейин дедиби, жок. Силер мына чекенерден кырылып атасынар, кыздарды, келиндерди каякка алып кетип жатабыз билесинерби, биздин акчабызга чоноюшканбы, эми кайтарышсын. Жаны торолгон баланар да карыз бизге, биз багып атабызбы, бир куну алар да иштеп беришет. Баскынчылар озунорсунор, ар бирин баскынчысын. Ушуну кормоксунор, чала болот, ушунун тени экенсинер. Ээх болду чарчадым бул кок мээлерге тушундуро берип, кок мээлик дарыланбай турган ооруу-деп жанындагы аскерлерге башын ийкеп балдарды корсотуп коюп чыгып кетти.
Аскерлер балдардын ар биринин колу бутун чытыратып танып, тамырына   шприц сайышып коюп чыгып кетишти. Он мунот да откон жок, тортоо тен оозунан кобук агып, бир топко тыбырчылап жатышты да бир аздан кийин эч кандай тируулуктун белгиси билинбей жатып калышты. Врач окшойт бироосу кирип келип баарын текшерип коруп "даяр, тынчышыптыр, алып кетсенер болот" деп коюп чыгып кетти. Сакчылар тортоон каптарга салышып, эч кимге корсотпой машинага жуктоп тоонун арасына алып барышып  мурунтан казылган чон ан бар экен ошол жерге таштап, устуно топурак кочуруп салышты.
Сакчылар кеткенден бир сааттан кийин токойдон бир адам уурданып чыгып эки жагын каранып, колундагы рацияга:
-Бешинчи кетиштиби? - деп акырын суйлоду.
- Ооба кетишти, менин жаныман отуп кетишти.
- Алтынчы?
- Кетишти, айылга кирип кетишти баары, эч ким жок, чыга берсенер болот.
Рация кармаган адам токойго карап бироолорго:
- Кеттик- деп озу чуркап анга тушуп кетти, артынан токойдон ондой адам чыгып топуракты шилеп тортоон каптан чыгарышып, каптарга топурак толтурушуп ордундай кылып комушуп, тиги тортоон которушуп тез эле токойго синип кетишти.
Марлис озуно келсе терезеси жок бир таптаза болмодо жатыптыр. Турайын деп кыймылдай албай койду, денесинде такыр куч жок экен, алсырап, оозунан конул айланткан бир ачуу  даам келип  жатат. Жанында достору Каныбек, Максат, Нурбек да жатышат. Баары эле бир калыпта дем алышып, айтор тируу экен.
Эмне болгонун эстей албай койду, аскерлер ийне сайышкандан бир аздан кийин ичи куйкалангансып ысып чыккан, калганын эч эле эстей албай койду.
Бир аздан кийин болмого бир жакшынакай орус аял кирип келип Марлистин козу ачылганын коруп эле дароо чыгып кетти да  орус улутундагы эки аскер адамды ээрчитип келди.
Бироосу Марлистин козунун агын ачып бир азга карап турду да:
- Азамат, азамат, кучтуу бала экенсин- деп коюп Нурбекти, Каныбекти, Максатты да коздорун ачып карап коюп:
- Бугун тундо озулоруно келет, тамагын кучтогуло, бир жумада даяр болушу керек, жонотобуз-деп коюп чыгып кетишти.
Эки кыз келип унчукпастан Марлиске укол сайып кетишип, бир аздан кийин Марлис уктап калды. Тээ анчадан кийин Нурбек биринчи козун ачты, андан кийин Максат, анан Каныбек да озуно келди. Бири-бирине же суйлой алышпайт, кыймылдабай эле жата беришти. Камерадан коруп турушкан окшойт аларга да озуно келгенин корушуп эки кыз укол сайып кетишти. Эртеси гана аз-аздан кыймылдашып, айтор уч кун дегенде баса башташты.
Эки кыз эле кирип-чыгып  жатышты, суроо берсе жооп беришпейт, унчукпай кирип келишет, бир уколдорду сайышат, тамак алып келишет да тамактанып бутушкондо бошогон идиштерди алып чыгып кетишет, болду.
Акыры тортунчу куну орус улутундагы уч аскер адамы кирип келишти.
- Орусча тушуносунорбу?
Марлис баары учун жооп берди:
- Ооба баарыбыз тушунобуз суйлой берсениз болот.
- Жакшы, жакшы. Тан калып жатсанар керек, азыр тушуносунор баарын. Мени Иван Ильич деп койсонор болот. Созуму болбой кунт коюп уккула. Анан чечесинер бизге кошуласынарбы же кетесинерби. Эгер бизге кошулууну каалабасанар оз эркинер, кете бересинер.
- Айтыныз, биз да торт кундон бери эмне ойлошту да билбей калдык. Каяктабыз, бизди ким алып келди бул жакка, силер кимсинер?
Суйлоп атканы сурдуу адам экен, отургуч алып балдардын мандайына отуруп:
- Анда соз мындай. Азыр каерде турганынарды айта албайм. Силерди "Канжар" кыймылы сактап калды. Бул кыймыл Кыргызстандын жерин баскынчылардан бошотуу учун тузулгон кыймыл. Силерге сайылган укол адамды убактынча олтуро турган болуп жасалган. Эми аны ким берди, кантип берди тушундуруп отуруштун зарылчылыгы жок. Силерди алып чыккан себебибиз бизге кошулгула деген максат. Бирок "Канжар" кыймылына кошулсанар артка жол жок болот, чыгып кете албайсынар, турган турпатынар менен кыймылдын менчиги болосунар. Айткан жакка барып, тапшырылган ишти олсон да аткарышынар керек болот. Азырынча ошону эле айта алам. Кошулбайм десенер азыр айткыла, ушул жерден коштошобуз.
Марлис ордунан ыргып турду:
- Мен кошулам. Иван Ильич, эгер максатынар Кыргызстанды баскынчылардан бошотуу болсо мен кошулам. Кантип кошулбайын, кошулам да соссуз. Олсом да жерим учун кырылышып жатып олом. Эгер бир нерсе кылбасак эки жылда жерибизди мындай акыбалга алып келишти, он жылда Кыргызстаныбыз чан баскан, уулуу чолго, олгон жерге айланат. Кыргыздар тукум курут болот.
Иван Ильич мыйыгынан кулуп койду.
- Бизге сендей балдар абадай керек.
- Мен да кошулам-Максат ордунан турду.- Кыргызстанды бул каргашадан бошотуу учун жанымды саям.
- Мен да.
- Мен да кошулам.
- Азаматтар. Тушундунор да, артка жол жок болот. Кошулам десенер бул кагаздарга кол коёсунар, ошондон кийин чыга албайсынар. Бир эле жолу бар, олуп кана чыгасынар, башка жол жок.
-Биз макулбуз Иван Ильич, бериниз кагазынызды, кол коёлу.
Иван Ильич папкасынан торт кагаз алып чыгып тортоосуно таратып берди. Баары бир сыйра окуп корушуп кол коюп кайтарып беришти.
- Анда мындай балдар, баарынарды "Канжар" кыймылына мучо болгонунар менен куттуктайм. Бугундон баштап биздин адамсынар, ийгилик баарынарга. Эртен адамдар келет, ошолор тушундурот калганын, дагы бир жолу ийгилик-деп баш ийкеп коштошуп чыгып кетти.
Эртеси уч аскер врачтары келишип баарынын ден соолугун кылдат текшеришип, ар кандай анализдерди алып кетишти. Дагы эки кундон кийин тунку саат экилерде беш куралданган аскер адамдары келишип тортоон ээрчитип чыгып терезеси жок машинада эки сааттай журушуп бир аэродромго келишти да чон самолетко отургузуп бир жакка учуп кетишти.
Жети саат учушуп, бир жерге конуп башка чакан самолетко отурушуп дагы эки сааттай учуп, тоонун арасындагы чакан аэропортко конушту.
Аэропорт бийик жерге курулуп, томон жак даана корунот экен,  тегиз жерде аскердик база курулуптур. Коптогон десанттардын формасын кийген аскерлер чуркашып, айтор машыгышып журушот. Жыгачтан жасалган толтура уйлор турат, озунчо эле айыл экен.
Самолетко, келген адамдарга эч ким конул бурган жок, ар ким оз иши менен.
Марлистерди алып келген адам тортоон ээрчитип жыгачтан курулган чакан уйго алып келди. Балдарды коридорго калтырып коюп кирип кетип, кайра эле чыгып:
- Киргиле-деп озу коридордо калды.
Болмодо ортого коюлган столдо жашы элуулордогу, ак чач, сурдуу, чон адам отуруптур, аскердик кийимде, ордунан туруп балдарды "отургула" деп отургучтарды корсотуп коюп сейфтен бир кагаздарды алып чыкты да тортооно таратып берди:
- Кунт коюп окуп чыгып макул болсонор кол койгула, тушунбогон жеринер болсо сурагыла.- орусча суйлогону менен улуту немиспи же прибалтпы, айтор бир кызыктай акценти бар экен.
Бул базада коргонун, эмне жумуш кылганын, айтор эч кимге эч качан бул база жонундо эч нерсе айтпайм деген кагаз экен. Баары кол коюшуп беришти, тиги адам кагаздарды бир сыйра карап,  кайра сейфке катып коюп ордуна отуруп:
- Эми соз мындай балдар. Силердин мамлекетинерди сактап калуу оз колунарда. Баскынчыларды озунор кууп чыксанар дуйнолук коомчулук эч нерсе дей албайт, эгер башка мамлекеттер жардам бергени дуйного угулуп калса аябай чон жанжал чыгат, "ЧЭБ" банкы сотко бере берип акмагын чыгарат, аны озунор жакшы тушунушунор керек. Ошондуктан биз силерди жашыруун даярдайбыз, биздин жардамыбыз ушул болот. Башка эч кандай жардам кыла албайбыз, калганы озунордон. Бул аскердик база N-784562 деп айтылат. Эки жыл бул базадан эч жакка чыкпайсынар, биз айтканды аткарасынар. Эки жыл ушул базада силерди ото кыскартылган кучтуу программа менен даярдайбыз.
Машыгасынар, ар кандай тапшырмаларды аткарганды уйроносунор, эми айткан менен азырынча силерге тушунуксуз, кыскасы озунор коросунор. Бул базада мин кыргыз жигити бар, копчулугун силерге окшоп алып чыкканбыз, эми силер да кошулдунар. Дагы келет балдар. Мындай базадан азыр он жерде бар, он миндей баланы даярдап жатабыз. Эки жылдан кийин жеринерден баскынчыларды кууп чыгышынар керек. Ошого озунор да тушунушунор керек, биздин инструкторлордун айтканын так аткарасынар. Силерди дуйнонун эн кучтуу делген Моссад, КГБ, жадакалса Ми-6дан келген атайын кызматтарда иштешкен, тажрыйбалуу, кучтуу, эн алдынкы адамдар машыктырат.  Созду кобойтпойун озунор коросунор, азыр барып жайланышып, даярдангыла, эртенден баштап саат тортто "подъем". Макул барып эс алгыла.

Эки жылдан кийин.
2030-жыл.
Май айлары.

"Канжар" операциясынын башталышы.

Марлис Тайланд мамлекетине караштуу Пхи-Пхи-Лей деген кызыктай аталыштагы аралга атайын тапшырма менен келгенине он кундон ашып калган. Мындан бир ай мурун он сегиз адамдан турган атайын топ тузулуп, тапшырма алышып, дуйнонун ар мамлекеттерине таркап кетишкен. Тайланд мамлекетине ар кими озунчо, ар кандай жолдор менен келишип, ушул жердеги дуйного атагы чыккан "чабалекейдин уясы" деген деликатес тамак даярдап дуйного саткан ишканага алтоосу жумушка орношуп, калгандары бул жерди изилдеп, айтор тапшырманы аткарганга даярданышы керек. Марлис Япония мамлекетинин жараны болуп, Япониядан турист катары келген.
Он кун бою аралды изилдеп, тапшырманы кантип аткарат майда-чуйдосуно чейин тактап, планын иштеп чыккан. Уч кун бою топтун адамдары менен ар жерлерден жашыруун жолугушуп, ар кими эмне жумуш аткарарын талкуулашкан. Баары даяр эле, бугун ишти бутуруп эртен баары мамлекеттен чыгып кетиши керек.
Кхун Тук кундогудой эле саат жетиден он беш мунот откондо машинесин жургузуп жумушуна жоноду. Шаардан жыйырма мунотто чыгып токой менен он беш мунот журсо жумушуна жетет. Азыр токойдогу жолдо машинелер дээрлик болбойт, кундуз иштегендер саат ондо башташат жумушун, ошого жумушка он, он беш, жыйырма мунот калганда келишет. Туну иштегендер ондо жумушун тапшырып, антип-минтип чыкканча он жарым болот. Шаардан чыгып токойго бурулгандан кийин ылдамдыкты катуулатып айдап жоноду, бир эле бурулуш болбосо жол туз эле кетет. Бурулушка жете бербей жолго бироолор ботолколорду сындырып кетишиптир. Сыныктарды тебелебей отуп кете албай турган, машинесинен тушуп согунуп-сагынып жолду бошото баштады. Ботолконун сыныктарын буту менен суруп атып арт жагынан токойдон эки адам акырын чыгып, бироосу асфальтта дабыш чыгарбай чуркап келгенин байкабай калды. Келген адам Кхун Тукту желкесине алаканы менен уруп, эсин оодарып токойго алып кирип кетти. Дал Кхун Туктай кийинген Марлис токойдон чуркап чыгып машинеге отуруп, катуу айдап кетип калды.
Ишканага тез эле жетип келди.  Машинени кундо турчу жерге токтотуп, заводдо тазалыкка аябай конул бурулгандыктан баары атайын формада, оозу, мурунун жапкан маска кийип анан гана киришчу. Марлис машинеде маскасын тагып, шашкан адам болуп, эшиктин оозунда отурган кароолчуга башын ийкеп кирип кетти. Кароолчу тан калып койду, кундо колун берип учурашып отчу эле, бугун телефонун чукулап, шашып, башын жерге салган бойдон отуп кетти, ичинен "шашылыш иши чыккан окшойт" деп ойлонуп койду.
Марлис кирген чон залда комбайнга окшогон бир чон аппарат куулдоп иштеп атат. Комбайндын оозунан чондугу куручтой болгон майда саргыч-курон нерселер тушуп, лента менен келип, лентанын эки чекесинде турган жыйырмадай аял-кыздар шыпылдап чакан кагаз мушокторго салып жатышыптыр.
Марлистин киргенин коруп жук жуктогучтордун формасын кийген эки бала Марлиске башын ийкеп коюп комбайндын арт жагына отушуп корунбой калышты. Алардын артынан эле чон арабаларда торт адам чон мушокторду жуктоп кирип келишип, алар да комбайндын артына отуп корунбой калышты. Булар бир ай мурун келишип ушул кампага жук ташыгыч болуп жумушка киришкен "Канжар" кыймылынын балдары эле. Марлис чонтогуно колун салып тапанчасын октоп атканга даяр кылып коюп, комбайндын жанына келип кагаздарын карап, бир нерселерди жазган адам болуп туруп калды. Эгер бироо жарым комбайндын арт жагына отом десе токтотуп калышы керек. Эгер тополон чыгып кетсе ишканага жакын жерлерде он бир адамы куралчан журот, дароо келишет.
Жети муноттон кийин комбайндын артына отуп кеткен арабалар корунуп, эшикке чыгып кетатып Марлистин жанына келгенде бироосу кагаз берип отуп кетишти. Азаматтар. Марлис ичинен ушкурунуп алды.
Бутту.
Марлис да чыгып машинени минип Кхун Тукту кармаган бурулушка жоноду. Эки адамы кутуп турган экен, Кхун Тукту арткы орундукка отургузуп, экоосу да отуруп, Марлис машинени токойго айдап кирип жолдон корунбогудой жерге коюп, Кхун Тукка ийне сайып бир аз кутуп турушту. Акыры Кхун Тук озун билбей жатып калганда колу-бутун чечип коюп токойго кирип кетишти. Эми Кхун Тук эртеси куну гана озуно келет. Акыркы уч кундо эмне болгонун эстей албайт эле.  Эртеси баары мамлекеттен чыгып кетишти.
Уч кундон кийин Марлис Алматыга келди. Горки менен ушул жерде жолугушу керек. Горки же Горчин деп коюшат. Сербиялык. Албандар менен Косово учун болгон согушта аябай чон иштерди аткарган, ото айлакер, согуш ишинде ото тажрыйбалуу адам эле. Марлис ушул адамдын тобунда. Бир жарым жылда экоосу дос сыяктуу эле болуп калышкан. Экоосу Алматынын  чакан кафесинде жолугушту.
-Азаматсынар. Тапшырма ойдогудай аткарылды.
-Горки мага тушундур, ал эмне эле.
- Макул эми сага айта берейин, ал кампада дуйнодо ото кымбат бааланган "чабалекейдин уясы" деген деликатес тамактын туру идиштерге салынып дуйного сатылат. Торт кундон кийин баскынчылардын чон майрамы болот. Жылда ошол майрамына "чабалекейдин уясын" Тайланддан алдырышат. Силер барган куну ошол баскынчылардын заказын даярдашкан. Сенин адамдарын  комбайндын ичине ун сыяктуу нерсе салып жиберишти. Ал ун комбайндын ичинде   "чабалекейдин уясына" аралашып кетет. Эки кундон кийин аны жеген адамдын ичинде майда-майда катуу нерселер пайда болуп,  онуп, чоноюп бир жумада адам  тиякка  кетет-деп асманды корсотуп - Ушул убакка чейин андан тируу калган адамды уга элекмин.
- Анда кыргыздар да жеши мумкун да.
- "Чабалекейдин уясы" бир килограммы он эки мин доллар турат. Эми ойлон, ошондой кымбат тамак озулорунон артмак беле. Озулору гана жешет камтама болбо. Уч жылдан бери карап журобуз. А эмне, жесе саткындар жейттир да, билбейм менин оюм саткындарды аябаш керек. Олсо оло берсин, ошондой саткындардын айынан мамлекетинер мындай алааматка келип отурат. Ошолор оз чонтогун ойлоп, силерди сатып жиберди. Эмнесин аяйсын алардын.
Марлис мейманканада жатып интернеттен Бектур деген досун издеди. Экоосу университетте бирге окушкан эле. Атасы чон кызматта иштеп ото бай адам болгондуктан Бектур да кыйын журчу.
Алаамат башталардан бир ай мурун Чехияга кочуп кетишкен. "Карловы Вары" деген жерде жашайбыз, мейманкана сатып алдык деп аябай чон, кооз салынган имаратты корсоткон. Кийин байланыш очкондо суйлошо албай калышкан. Бектур атасын ушул жакка жумушка орношту, айла жок кочтук деп койгон, Марлис кийин тушунгон  эмнеге кочуп кетишкенин. Жашыруун базада машыгып жургондо да байланыш болбогондуктан байланыша албаган.
Бектурду дароо эле тапты. Суроттору толтура экен, кооз жаратылышта ар кандай кыздар менен, кымбат баалуу машиналарды минип тушуптур. Круизный лайнердемин деп чон кемеде жургон видеолорун, ар кандай кооз аралдарда эс алып жургондорун чыгарыптыр.
Марлис "Саткындар, аз калды силерге деле" деп суйлонуп, согунуп алып телефонун очуруп койду.
Бир сааттан кийин телефону тытырап калды, караса ошол Бектур досу, интернеттен билген окшойт Марлистин кирип суротторун коргонун. Телефон номерин жазып "мага чалсан" деп жазып жибериптир.
Биринчи чалгысы келбеди, эмнени суйлошмок эле. Акыры оюн билейин, онун коройун, козун коройун, эмне дээр экен деп видеочалуу кылды. Бектур кутуп турганбы дароо эле алды. Толуп алыптыр, коздору кулуп, онуно караганда тимеле бактылуу адам, биякта эли кырылып жатса, жыргап журот.
- Ээ ассалоом алейкум досум, "канча кыш, канча жаз" го, каяктарда журосун дайынын жок?-деп суйунот, же шылдындап атабы.
-Аа салам, салам досум, кандайсын?
- Мен жакшы, сурот, видеолорду корупсун го. Дал ошондой. Баары жакшы. Тузук, тузук, онуно, кийингенине, жашаган жерине караганда силер да чыгып кеткен экенсинер да Кыргызстандан?
- Ооба чыгып кеттик, жетишип калдык.
-Азаматсынар досум, аябай издедим сени, таппаганыман калып калдыбы дедим эле, каяктасынар?
- Казакстанда.
- Аа жакшы, жакшы. Эмне жумуш кылып атасын, атан кыйын адам эле, озун жакшы окучу элен, жок дегенде бир фирма ачкан болсон керек э?
- Аа ачтым. Озун кандай?
- Менде жакшы баары. Жакын экенсин Кыргызстанга, эмне болуп атыптыр укпадынбы. Биякка эч кабар келбейт. Деги тируу бироо жарым калыптырбы?-деп каткырып кулот.
- Билбейм, бизге деле эч кабар келбейт, чек арадан эч нерсе киргизбейт, эч нерсе чыгарбайт уккандырсын.
- Эми болору болду. Эн негизгиси биз тируубуз, а калганы болот акырындан.
-Эмне болот акырындан, элибиз жокко эми, жерибиз жок, мамлекетибиз жок. Каякка барабыз?
- Ой сага эмне жакпайт, акчан бар, жаша да жыргап. А эл деген эмне, каерде жакшы жашасан ошол жер сага эл, ошол жер сага мекен. А аякта калып калгандар эми шалапайлар калды да, кучтуулор чыгып кеттик. Дарвиндин "Естественный отбор, выживает сильнейший" дегени чын да.
- Эми айттым да дос. Чондор жебегенде, Кыргызстан учун иштегенде мумкун азыр онугуп кетет белек. Жерибиз, элибиз бутун турмак беле дейм да.
- Билбейм дос, элибиз жакшылыкты тушунбогон эл экен ойлосом. Менин атам, кандай иштерди бутурбоду, чет элден уч фирма чакырып келип учоосу уч завод ачты, аягында пайдасын ким корду, президенттердин, депутаттардын туугандары, достору алып коюшуп ошолор корду го. Сен билбейсин, атам ошол заводдон тушкон пайда мамлекетке тушсун деп канча адамдар менен кырылышкан. Бир жолу Сары-Ташка, капчыгайга алып барышып колу-бутун байлап, сууну билесин кандай катуу агат,  бутунан жип менен байлап он мунот ошол тиш какшаткан тоонун, монгунун муздак суусуна салып коюшкан. Ошондо да баш бербей кырылышкан. Акыры озу уюштуруп, канчалаган адамдарды жумушка алып, кантип иштешти колунан жетелеп журуп уйроткон, атамын канча жакшылыгын коргон адамдар атамы "жеп койду" дешип сотко беришти го. Менимче ошол адамдар сатып кетишкенде атам "сынды" окшойт. Апам ыйлап эле журчу, "эмне кереги бар сага, баары бир баалашпайт" деп. Айтканындай эле болду го.
Кийин оз чонтогунон акча чыгарып, уч жыл чуркап, куну-туну уктабай тытынып иштеп аран бутка тургузган фирмасын да алып коюшканда чогуп кеткен. Уч ай ичип жатып алган. Акыры кайра жумушуна кайтып, озун гана ойлоп "жей" баштады. Элестетсен, "жей" баштаганда бир жылда шаардан уч болмолуу батир, жаны конуштардан эки уй алганга жетишти. Анда мектепте окучумун. Кийин уч ишкана ачты, озун билесин, депутат болду, президенттер кенеш сурай турган денгээлге жетти. Элге жакшылык жакпайт экен, элге тили ширин адам, бир козго корунуктуу жумуш бутурбосо да тили, кооз создору менен алдаса эл малга окшоп ишенип ошонун созун соз деп кете берет экен. Ошол жагат экен элге.
Азыр атам "эмне болсо ошо болсун, ошонун тенисинер" деп койгон. Бирок сезем, Кыргызстанды ойлоп сыгылып журот. Ошого коп эле ойлоно бербе, жакшылыкты билбегендер баары бир бир куну ушуну кормок. Атамы билгендер эми эсине келип аттин деп атышкандыр. Чала болот. 

Баскынчылардын майрамы болуп откондон эки кундон кийин.

"ЧЭБ" банкынын генералдык директору Пьер Жардиндин уйкусу жакшы болбоду. Негедир денесинде майда курттар жургонсуп, тамырларында бир нерселер кыбырагансып, дем алышы оорлоп баштады. Дароо дарыгерин чакыртып текшертсе кан басымы которулуп кетиптир. "Ичимдик коп ичкендиктин таасири, бир-эки кун эс алсан жакшы болуп кетесин" деп бир дарыларды жазып берип кетти.
Баары бир бугун бул кейпинде жумушка бара албай турган, жардамчысына чалды:
- Мен бугун-эртен жумушка чыга албайм, озун караштырып тур.
- Мен да ооруп калган окшойм, ордуман тура албайтам.
- Макул бугун эс ал анда, мен озум айтып коём-деп кимге чалышын билбей ойлонуп турса аялы кирип келди. Ондору бозоруп, бир тундо башкача болуп кетиптир, улам-улам тамагын карманып, денесин, колдорун тырмалап коёт.
- Эмне болгон, бут денем ичинде майда курттар жургонсуп эле бир кызыктай болтат. Дем жетпей калып жатат.
Пьер дароо жардамчысына чалды:
- Эмнен ооруп атат, кантип ооруп атат.
- Ичимде, денемде майда курттар жургонсуп, дем ала албайтам.
Пьер телефонду очуруп дарыгерине чалды:
- Тез клиникана барып кал, мен азыр барам.
- Мен башка жакта журом, Хусейн да ооруп калыптыр, баары эле ооруп калган окшойт жетишпей жатам.
- Эч кимисине барба, клиникага барып тур, баарын ошол жакка чакыр.
Бир сааттан кийин клиникага келсе директорлор кенешинин бардык мучолору отуруптур, баарынын ондору бозоргон, тамагын кармап отурушат. Дарыгер кутуп турган экен.
-Баарыбызды текшер, болгон анализдерди ал. Кандай аппараттарын бар адамдын ичин текшере турган, ошолорун менен майда-чуйдосуно чейин текшер.
Эки сааттан кийин дарыгер  чалды:
- Акыбал чатак, мен эми врачмын, ачыгын айтышым керек, сен коп болсо уч кун жашайсын. Ооругандар баары эле окшош, силерди уулаган окшойт.
- Эмне болуптур, эмне оору экен?
- Азырынча тушунбой атам, бирок эч кандай дары жардам бере албайт. Германияга, Америкага, Францияга, дагы эки-уч кучтуу клиникаларга да жоноттум,  баары эле тушунушпой жатат.
- Эмне экен тушундурбойсунбу-деп жини келип кетти.
- Канынарга бир нерсе кошулуптур. Башында майда эле болгон окшойт, бирок азыр таруудай болуп чоноюп  кетиптир, мен лабораторияда текшерип кордум, дененин температурасында кандан азык алып, торт-беш кундо куручтой болуп чоноёт экен. Тушуносун да андан ары эмне болот.
Менин оюмча майрамда тамакка бир нерсе кошулган. Бул деген майрамдагандардын баары олот дегендик.
- Тушунуктуу, анда жан адамга соз чыкпасын, эч кимге эч нерсе айтпа, биздин да ооруп калганыбызды жан адам билбесин.
Пьер дароо жардамчысын чакырды:
- Отуз мунотто барып калабыз самолет даяр болсун, бизди уулашкан окшойт, Германияга учабыз, директорлор кенеши толугу менен, алар керек мага, калганын ким барат озун чеч, бизге керектуулор болсун, жалданмаларды бироосун да кошпо. Тез барып калгыла аэропортко. Эч ким билбесин биздин кетип жатканыбызды.
Дагы бироого чалып:
- Мага тез канча адам ооруп атат билип жообун айт.
- Билдим, биздин адамдар баары, жалданмалардын отуз пайызы ооруп калыптыр. Менимче майрам куну жумушта болгондор гана оорубаган окшойт, калганы баары ооруп жатышат.
-Макул тушундум-деп дагы бироого чалды:
- Амит мырза мен Германияга учуп жатам, зарыл иштер чыгып калды. Сен сырттан элуу мин адамыны чакырып, мен келгенче "план Б" менен иштеп тур. Уч кундо келип калам.
Баары самолетко отуруп, Пьер, жардамчысы, дагы эки адам озунчо болунгон болмого отурушту. Самолет от алып, учуп-конуучу тилкенин башын коздой акырын жоноду. 
Баары эле тамактарын карманып, денелерин тырманып атышат. Стюардесса тамак ташуучу арабасын жетелеп келип тортоосуно суусундук тарата баштады. Пьер терезеден сыртты карап алып телефондо суйлошуп аткан, акырын, угулар-угулбас "пук, пук" деп уч жолу ун чыкканынан бурулуп караса тушунда отурган жардамчысынын дал пешенесинен кан агып жатыптыр. Дароо стюардессаны караса  арабанын тубунон, гулдуу  кебез ачылып, бироо тапанча такап турган экен эч нерсе кыла албай эле отуруп калды. Шыпылдаган арык бала экен дароо чыгып Пьердин оозун жаап:
-"Канжар" кыймылынан салам, бул кыргыз элинин башына салган алааматын учун-деп чон бычагы бар экен, Пьердин ичине куч менен сайып, эки жолу бурап, ичин жарып салды да, тапанча менен Пьерди  мандайынын дал ортосуна уч жолу атып, кайра арабага бекинип отуруп алды. Стюардесса арабаны айдап самолеттун артына отуп, самолет тилкенин башына барып бурулуп токтогондо экоосу жуктор коюлчу жайга отушуп, эшигин ачып, экоосу секирип жерге тушуп калышты. Тилкенин башында турган кузотчулор да негедир алар тушуп атканда самолетту, тилкени карабай, талааны эми коргонсуп таптакыр тескери карап туруп алышты.
Самолет куулдоп чуркап барып асманга которулду да, бир аз учуп, негедир ылдыйлай баштады да, бир маалда жерге тушуп жарылып кум-жам болду.
Амит Дешмукх, "ЧЭБ" банкынын куралдуу кучторунун башчысы, "Домоклдун кылычы" операциясын иштеп чыгып, операцияны жетектеген, аябай жанкечтилиги, амалкойлугу менен атагы чыккан, "Тамиль жолборстору" тобунан чыккан адам эле.
Пьер Жардинден чалуу болгондо тан калып койду, минтип эч качан суйлобошу керек эле. Жалданмалар дейби, сыртынан сыпайы суйлогону менен Амитти, адамдарын адам катары корчу эмес.
Бир олуттуу нерсе болго окшойт. Оз адамдарына, жер-жерлерге чалып акыбалды толук билип дароо тушунду. Банктын адамдары баары ооруп калса, демек кол салуу болуптурда.
-Эмне ооруу экенин кимден билсе болот-деп суйлонуп алды да бир аз ойлонуп бироого чалды:
- Банктын башчыларынын дарыгери ким экенин билесинби?
- Билем.
- Ошону дароо таап мага алып кел.
- Менин аны кармаганга укугум жок да.
- Сен айтканды аткар, мен сенин башчынмын, бул буйрук. Эч кимге билдирбей алып кел, эч ким билбесин.
Бир аздан кийин аэропорттогу адамдарынан самолет кулаганы жонундо кабар келди.
Демек кимдер болсо да катуу даярданышкандар экен, тезирээк бир чара колдонуш керек.
Жарым сааттан кийин дарыгерди алып келишти.
Амит дарыгерди коруп креслосунан ыргып туруп келип дарыгерди кучунун барынча жаакка бир чаап:
- Жашагын келсе мага тушундур эмне болуп жатат, билесин мен эмнени сурап атканымы.
Дарыгер да башка жолу жок экенин тушунду окшойт:
- Айтам, айтам. Майрам куну тамакка бир нерсе кошулуптур, аны жеген адамдар уч, коп болсо торт кун гана омуру калды, эч ким сактап кала албайт аларды.

Амит дароо ишеничтуу адамдарын баарын чакырды.
-Акыбал кыскача мындай. Банктын башчылары Пьер Жардин баш болуп баары жыйырма мунот мурун самолету кулап, баары олушту,  калган адамдары баары уч-торт кундо кырылып жок болушат. Биздин адамдар да отуз пайызы жок болот, эми аларды эч ким сактап кала албайт.
- Эмнеге олушот, ким аларды олтуро алмак эле?
- Мендеги маалымат боюнча майрам куну баарынын тамагына уу кошулган.
- Ээ ошондой бир балээ болуп жатат. Менин да майрамга катышкан адамдарым бугун баары жумушка чыгышпады. Тундосу завод дээрлик кароосуз калыптыр. Азыр курал кармай ала турган канча адамыбыз бар?
- Эки жуз миндей.
- Кандайча, тогуз жуз мин аскер кирбеди беле Кыргызстанга, алар кайда?
-Аларга жон эле толой бермек белек, абал турукташып калды, эми ким кол салмак эле деп чыгарып жибергенбиз. Керек болсо алып келе коёбуз дегенбиз да.
- Ошолорду алып келели, уч-торт саатта баарын алып келсе болот да.
-Созуму болбой айтканды ук, азырынча эч ким билбейт, тынч, бирок мага келген маалыматка караганда аэропорттордун баарын кыргыздар ээлеп алышыптыр, чектеш мамлекеттер да оз жеринен биякка эч кимди откозбой коюшуптур. Бул деген бир да самолет коно албайт, сырттан бизге эч кандай жардам келбейт деген соз. Кимде кандай сунуш бар?
- Ким ээлейт, алардын колунда куралы болбосо, кантип ээлешет?
- Азырынча билбейм, бирок ким уюштурса да аябай акылдуу уюштуруптур. Дагы эмнени даярдап турушат эч ким билбейт. Бирок бир чон нерсе башталганы турат. Эми менин оюму уккула, эгер тируу калалы десенер кетиш керек бул жерден. Баарыбыз  жакшы эле акча жыйнап алдык, дагы эмне керек бизге, аракет кылсак бир кун убактыбыз бар, чыгып кеткенге болот.
-Кеттик анда, эртерээк аракет кылалы.
- Анда мындай, эч кимге эч нерсе билдирбей, ар кимин ишеничтуу ондон адамдарынарды алгыла, Оштогу "вайрхаузду" басып алалы. Ал жерди банктын жуздой адамы эле коргоп турат. Болгон акчаларды, баалуу таштарды, айрыкча алтындардын баарын алып мамлекеттен чыгып кетели. Чакан аэропортко кол салсак жок дегенде эки самолетто чыгып кетсек болот. А калганы эмне болсо ошол болсун. Жан адам билбесин биздин кетип жатканыбызды, кимден соз чыкса олот.
Баарын кетирип жиберип бироого чалды:
- Мен Малайзияга кетип жатам, уч кундо келем, сен башкарып каласын. Менин укуктарымын баарын менин атыман колдонсон болот. Макул ийгилик, шашылышмын коп суйлой албайм, проблемалар чыкса озун шартка карап чече бер- деп коюп, жанында отурган адамга:
- Коптон бери менин ордума коз артып жургон, эми ээлеп отура берсин акмак - деп кулуп койду.
Эки сааттан кийин Кызыл-Кыядагы аэропортто тушунуксуз нерселер башталды. Баскынчылар озулору менен озулору атышып, кырылышып, айтор аэропортко торт чон машинада толо жук кирип уч самолетко жуктолуп, торт жуздой адам белгисиз жакка учуп кетишти.
Торт кундон кийин биринчи адам оорудан олду. Эми корсон конулун айныйт. Сопсоо эле жургон адам беш-алты кундо денелери шишип, коздору кыпкызыл болуп, олорундо коздорунон, ооздорунан, кулактарынан кан атып, баары эле негедир олорундо тамактарын эки колдоп кармап эле жыгыла башташты.

Кыргыздар копчулугу зыяндуу жерлерде иштегендиктен уч жарым жылда калктын дээрлик отуз пайызы жумушка жараксыз болуп калды. Жумушчу куч керек болуп, баскынчылар дуйного жар салып, айтор ар жактардан турмуштан кыйналган адамдар гана келип жалданып иштей башташкан.
Бангладештен май айынын башында уч мин адам келип иштеп башташканына бир жумадан ашып калган. Аларды баарын алааматка чейин мергенчилер эле барчу, бирок азыр мизилдетип тептегиз кылып асфальт жол салып салышкан тээ Алай тоолорунун ичинде жайланышкан, миндеген адамдын омурун алган, атын очкур "тритий" деген бир балээни казып, иштетип чыгарган заводдо иштетип жатышкан. "Тритий" деген балээ ото кымбат турган, дуйнодо саналуу гана жерде табылып, ошол балээ биздин Алай тоолорунан да табылыптыр. Аны казып чыгуу, заводдо иштетуу аябай зыяндуу экен, адамдар эн коп иштесе бир ай гана иштеп чыгып кетиши керек. Баскынчылар кыргыздарга зыяндуулугун айтпай, баш тартканын коркутуп-уркутуп жылдап иштетип, аябай коп адам олуп, андан да кобу айыккыс оорукчан болуп калган.
Жумушчулар заводду айлантып курулган коптогон чакан, жука тунукеден жасалган суук, сыз уйлордо жашашчу. Завод куну-туну иштегендиктен адам ото эле коп эле.
Он экинчи май куну тунку саат учто заводдон бир чакырым алыста жайланышкан курал сакталган кампанын жанына он жети адам уурданып басып келишти. Бул кампада коптогон куралдар сакталчу. Сакчылар баары эле бир маалда ооруй башташып, кампаны он сакчы эле кайтарып турушкан. Ким даап кол сала алат эле дешеби, экиден-учтон чогулушуп алып суйлошуп, каткырышып бир нерселерди суйлошуп отурушкан.
Токойдон чыгышкан адамдар торт топко болунуп, баары жашырынып барышып сакчыларды басып, токойго алып кирип кетишти да, бир аздан кийин сакчылардын кийимин кийген он адам чыгып кампаны кайтарып туруп калышты. Он мунотко жетпей токойдон эки жуздой адамдар чыгышып, кампага кирип куралдарды эч нерсе калтырбай баарын алып чыгышып токойго кирип кетишти.
Бир сааттан кийин Бангладештен келген уч мин адам баары заводдон чыгышып, бейгам турушкан баскынчылардын баарын кармап, заводко камап, заводду жардырып салышты. Заводдон чыгам дегендерин атып, бироосу да тируу калган жок.
Уч мин адам баары "Канжар" кыймылынын адамдары, жашыруун аскердик базада даярданышкан, Бангладештин жарандарыбыз деп келишкен кыргыз жигиттери эле.
Ошол эле маалда, ошондой эле тополон Кыргызстандын ондон ашык ири заводдорунда болуп отту.
Кыргызстандагы бардык аэропорттордогу самолеттор, вертолеттор баары бир убакта жарылып кетти, "Канжар" кыймылынын адамдары аэропортторду ээлешип, бир да самолет коно албай койду.
Коншулаш мамлекеттер оз жерлеринен эч кимди откорбой коюшту.
Баскынчыларга эч жактан жардам келбей, озулору калды. Ар бир заводдо, ар бир фабрикада, ар бир ишканада, ар бир шаарда, ар бир айылда тополон чыгып, баскынчылардын кучу эч нерсеге жетпей калды.
"Канжар" кыймылынын адамдары бут Кыргызстан боюнча адамдарды которуп чыгышты.
Башчылары олгондон кийин жалданып келген адамдар акыбалды тушунушуп озулору эле каршылык корсотпой, куралдарын ташташып колго тушуп беришти. Копчулугу майда-майда топторго болунушуп Кыргызстандан ар кандай жолдор менен чыгып кетишти.
Марлис уйуно, айылына жонойун деп, эми машинага отуруп жаткан, Горки чалып калды:
- Бир мунотко токтой тур, соз бар-деп очуп калды да, бир аздан кийин озу корунду.
Марлистин жанына отуруп:
- Бирдык качкын коррупционерлердин дарегин тактадык. Топ тузуп жатабыз, ошолорду кармап, жашап жаткан мамлекетинен уурдап чыгып келип соттойлу деп жатабыз, кошуласынбы?
Марлис машинасын от алдырып, кызытып жаткан. Дароо очурду:
- Менин оюму айттын. Журу болмоно кирип талкуулайлы. Кантип кармайбыз, кантип уурдап чыгабыз...

Уландысы бар

Автор: Субан Жуманалиев.

E-mail: suban78@mail.ru


Рецензии