Эгемендуулук кунуно
Борборуна Бишкектин шаша басып.
Эгемендик майрамга шай келгендей,
Кун да тийип суйунуп асман ачык.
Кызыл желек кылкылдап желге ойноп,
Борбор аянт жылмаят бакыт тамып.
Балакайлар кубанат балмуздак жеп,
Бала ууртунан бактылуу кулку чачып.
Калпак кийип комузун которунуп,
Кай бирлери топтошуп ырга ашык.
Сумолокту бышырат кээ бироосу,
Ысыгынан казандын четке качып.
Жуздорунон жылмайган кулку кетпей,
Жетелешкен достору таалай, бакыт.
Кыргыз эли кубанып тосуп журот,
Кичинеге чондору тамак ташып.
Ата деди, "бугун эмне майрам"?
Ал ангыча небере суроо салып.
Бир саамга жооп айталбай ата турду,
Шашты алган суроого башын кашып.
Билбейсинби карагым эмдигиче,
Билбестикке ата-эненде, менде айып.
Бул убакка келгиче айтпаганды,
Кылмыш коруп чон ата алды жашып
Каны менен бабанын жеткен кунду,
Кантип айтпай жургонмун тарых казып.
Каран кана калсамчы ата болбой,
Кара жерди кирсемби азыр жарып
Сакал сылап карыя ыйлап турду,
Тып-тып тамып жаш агып коздон мундуу.
Кылкылдаган тээтиги кызыл туудан,
Качырып коз уялып ыйбаа кылды.
Чопчон эле кишинин ыйлаганы,
Тестиердин конулун абдан бурду.
Оорудунбу атаке кетели деп,
Чонтогунон жуз аарчы алып сунду.
Денем эмес журогум ооруп турат,
Соогум эмес сезимим рухум сынды.
Кандай калпыс жургонмун кары болуп,
Казык кылып какпапмын сага чынды.
Отургучка жур эми отуралы,
Отко салып айдайлы келген мунду.
Копко чейин карыя айткан созду,
Оозун ачып небере тындап укту.
Кыргыз элге 2000 жылдан ашык,
Кыргыз атын унутпай келгенине.
Кыргыз болуп туулуп кочугу кок,
Кыргыз эне эмчегин эмгенине.
Кыргыз атка 20 кылым отуп болду,
Кыргызмын деп жашоого келгенине.
Кыргыз болуп жаралып дунуйого,
Кыргыз болуп кайрадан олгонуно
Кылым-кылым жоготпой кыргыз атты,
Канча дайра кандарды токконуно.
Ата-журтту далай таштап кырылаарда,
Алтай Тяньшан аралап кочконуно
Салт-санаасын, маданият, тилин багып,
Сактап берген аталарын билгин балам.
Сен жаша деп эгемендик эркиндикте,
Оз жашоосун аябаган баатыр бабан.
Кошомун деп букара, малай кылып,
Кошуун жыйнап келгендир далай душман.
Оз алдынча эл, жер сактап урпактарга
Озголордон канча атан окко учкан
Тилин эмес дилин дагы жоголмоктур,
Тил буруудан качса бабан аяп жанын.
Олко эмес оз короодо кор болмокпуз,
Ташын тиштеп турмуштун татпай балын
Жер бетине сайып алган белгибиз,
Желек кылып алган азыр энчибиз.
Жемиртпестен жети облус жерлерин,
Урпактарга ары улантып берчубуз
Курдду кара, уйгурларды карачы,
Эгемендик элдик белек кенчибиз.
Эки кадам эл байлыгын жоготпой,
Эртен келчу урпактарга берчубуз.
Энеден да ыйык, ойдо сезчубуз,
Элуу кылым эстуу болсок эмчубуз.
Эзелтеден ата сактап келгенди,
Ээ неберем эне дейли келчи биз.
Карыя бир топ созду айтып кетти,
Кары созу балага терен жетти.
Кыргызмын деп кокурокту керип укту,
Калк экем деп кыргыз деген тубу тектуу.
Свидетельство о публикации №120090101909