Ата-эне

Карангыда асманда уч ай чыгып,
Карап калдым неге деп конул буруп.
Жака кармап бир топ убак туруп калдым,
Жараткандын укмушуна тобо кылып.

Коктогусу кыймылдайт улам жылып,
Бирде ачык бир кезде жаап булут.
Экоосунун нуру качпай берет жарык,
Жамгыр тогуп турса да шамал улуп.

Таптым, таптым айларды заты улук,
Ата-энем турбайбы мага ыйык.
Бурганагын жашоонун отоо чоптой,
Бала кезден бапестеп алган сууруп

Атакем ааламымдын амирисин,
Ата мээрим коргозгон тагдыр буйруп.
Апакем бейишимдин ачкычысын,
Аллага рахматым бар сенден туулуп.

Алмаштыргыс жашоомдо жалгыздарым,
Айлап издеп табалбас алтындарым.
Аман-эсен эрезеге жеткиргенге,
Алты жашоо озунорго карыздармын.

Алла берген аманат ысык жаным,
Актайм эне сутунду бактым, багым.
Асыраймын ак гулдой бакчадагы,
Амандыкта болсо эле алты саным

Баардыгынан ордунар ойдо тураар,
Бул жашоодо бийиктир сенин баркын.
Бейиш дагы астынарда тошолгонун,
Байыртадан билгендей кыргыз калкым


Рецензии