Кетсен кетчи

Кетсен кетчи....
Милдет кылбай сезиминди арнаган...
Жашоо дайра...
Аккан арык сууга толоор кайрадан.
Менде жокту издеп корчу бар эми,
Тапсан мейли энсегенди башкадан.

Коркутасын...
Оорутасын конулдорду кайрадан...
Сыйды тепсеп...
Кудай сезип баратасын байкасам.
Кое бердим оз чылбырын озундо,
Жарабас ит ууга кучтоп байлаган...

Кечир мени...
Качкан жанды кое бербей кармаган...
Жашоо турбайт...
Жашабайм деп учмак белем аскадан...
Жалгыз кана сураныч бар акыркы,
Жаман айтпа кеткенден сон аркадан...


Рецензии