Суйуу жана чыккынчылык

Океанда махабаттын сузду кеме,
Ооз бербей суйунучтон парус кере.
Жузу балкып кулку кетпей учуп барат,
Жетпегендей желден ылдам аткан жебе.

Кун да жалгыз ага кана тийгенсиди,
Соккон шамал опкон сымал сезип дене.
Айланасы мынчалык кооз, чайыт ачык,
Кун бурколуп жамгыр жаап турса деле.

Толкуп келген кеменин сыры болок,
Толкундантчу махабаттын кучу жолок.
Суйуу кучтуу албууттанткан ар бир жанды,
Муздуу сууда  махабаты чокко болоп.

Махабаттын ыйыктыгын суйгон билээр,
Сезимдердин торосу суйуу демек.
Толкундаган муз океан колчук сезсен,
Тошту керген журоктогу суйуу себеп.

Катар-катар тээтиги айсбергдерби...
Бул шумдуктар алдыма кайдан келди.
Ойлонгончо сол бортун муздар жарып,
Кокурокко туштап туруп сокку берди.

Капилеттен кайгы салып кандай болуп,
Кайкып учкан кемени айсберг женди....
Капасы жок карлыгачтай учуп келген,
Капталында калтырып куштай желди....

Бул кемеге салыштырган суйуу эле,
Байкабастан башка ойду журуу эле.
Суйгонундун суйгон жаны болгондугун,
Капталга урган айсбергден куч билуу эле.

Мисал болгон кеме кургур суйуу эле,
Мас абалда байкабастан журуу эле.
Махабатты арнагандын журогундо,
Башка адам жашаганын билуу эле...


Рецензии