Эгемен кунун менен!

 
Куттуу болсун майрамын кыргыз эли,
Куттан буткон жер болсун кыргыз жери.
Кор болбо деп мекенсиз урпактарым,
Канын токкон бабалар тээ илгери.

Барктуу болсун майрамын кыргыз эли,
Барчылыкта кун корсун кыргыз жери.
Байкуш болбой баш бол деп мекенине,
Баатыр баба ойлоптур сени, мени

Тектуу болсун майрамын кыргыз эли,
Тынччылыкта кун корсун кыргыз жери.
Тушунгонго тек эмес ушул майрам,
Тогуп келген бабанын мандай тери

Согушу жок келген кун эгемендик,
Пайдубалын мин жылдап бабам курган.
Биз жетсин деп эгесиз эркиндикке,
Бели сынып айрылган баатыр уулдан.

Куттуу болсун мекеним кунун туулган,
Кемибесин аянтын ээлеп турган.
Кор кылбайлы букетти кыргыз эли,
Кылым жыйнап кыргызга бабам сунган.


Рецензии