Бычак мизиндеги жашоо

- Ээх Самат эмне кылабыз эми, эмне болот эми?- деп тайкем дагы баштады.
- Буйруганын коробуз да тайке. Эми кайгырып, ушкуруно бергенде бир нерсе чечилеби, жаныбызды албас эми акча учун.
- Жайсанды билбейсинби, акча дегенде жанын берген акмак да. Адамды аяо дегенди билбейт булар. Биз эмес озулорунун казактарын эмне кылышты. Кордайлыктарды ошол бойдон коргон жокмун, ушунча нерсесин таштап кетип калышпайт эле. Аларды жок кылышкандай бизди да жок кылышат булар. Ооой эми эмне кылабыз Самат, талаага алып барып комуп салса колубуздан эмне келет. Ээ Кудайым ай, озун жардам бер, озун сактап кал бул жырткычтардан. Балдарымын коргон куну эмне болот - деп дагы бир нерселерди суйлоно берди.
Тайкемин уч сааттан бери кайгырып, наалый бергенинен жадап башымы жуурканга катып жатып алдым. Чынында жадап кеттим тайкемин наалыганынан. Болушунча болду да, эми минтип наалыганда бир нерсе озгоруп кетмек беле. Кудай деле "аракет кылсан берем" дейт экен го, жатып алып эле наалып,; жалына берсен алдына алып келип бербесе керек. Тайкем дагы деле суйлоно бергенинен; жадап, угулбай калабы деп жуурканды чумконуп, устунон калын курткамы да башыма жаап алдым. Тайкем бир аз суйлонуп жатып, укпай жатканымы тушунду окшойт, эшикке чыгып кетип жарым саат жоголуп келди да ордуна жатып, бир аз ушкурунуп ары бери оонап жатып дымы чыкпай калды. Эшиктен киргенде эле арактын жыты "бурр" дей тушкон. Сыгылганына чыдабай ичип алды да, мейли эми.
Уктаган адам болуп жата бердим, оюма ар нерсе келет. Биртке акча учун коп деле анчалыкка барышпаса керек, кеткен акчасын эки эсе кылып чыгарып алышты го акыры. Эгер чындап эле талаага алып барып олтуробуз дешсе, коп болсо торт бала барар, онойлук менен эле олуп бербейм буларга. Болмодон бир отвертка коргом, ошону алып алам. Унчукпай эле олуп бере бермек белем, булар эле Кудай эмес го. Озум эмне болсом болсун эле, апам менен карындашымын коргон куну эмне болот.
Атам барда эч нерсени билбей, эч нерседен камы жок жашаган турбайымбы. Адамдар кыйналып жашаганын корсом да жашоо мынчалык кыйын экенин тушунбогон экем.
Атамы сагынып кеттим.
Атам узун бойлуу, толо келген, кен далылуу адам эле. Союз таркап, элдин жашоосу кыйындай баштаганда, атам да ишсиз калган. Азыр ойлосом ошол маалда атам эч нерседен коркпой тобокел ишке барган экен да. Эл ун эмес, буудай да таппай жугору нан жеп калганда озу жалгыз банктан кредит алып, Кытайдан тегирмен алып келип, эки досун шерик кылып Жалал абаддын чекесине завод ачышып,; казактардан буудай алып келип ун кылып чыгарышып Озбекстан, Тажикстанга сатышып, айтор иши журушуп кеткен. Кийин акча чогултуп бир досуна пластик эшик терезе чыгара турган цех, экинчи досуна кирпич чыгара турган ишкана ачып берип, алардын оз менчиги кылып каттатып берген.
Иштери журушуп, жакшы пайда коро баштаганда озулору жашаган айылдагы колунда жок он беш; уй булого ар уч айда ун, май, айрыкча жаны жылда соссуз же бирден кой, эч болбосо он килодон эт, жаш балдарына канча бала болсо ошончо белек даярдап таратып берчу. Алып барганда да, эч ким корбой эле койсун дегенби, мени ээрчитип, экообуз тундо алып барып берчубуз. Балдардын суйунгонун коруп атам да копко чейин конулу ачык журчу.
Ойлосом менден эч нерсесин аябай чонойтуптур, бирок эрке кылбаптыр. Учунчу классымда бокска алып барып мугалимге катуу дайындаган, айтор мектепти буткончо калтырбай машыгып журдум. Ар кандай чемпионаттарга катышып, тогузунчу классымда Бишкекке барып экинчи орунду алып келгем. Мектепти буткондо юрфакка тапшырып оз кучум менен отуп, кызыл диплом менен аяктадым. Ал жакта джиу джитсу менен машыктым, тренерибиз кесиби хирург экен, адамдын ички тузулушун бут билет да, бизге да уйротуп, жакшы эле уйронуп чыктым.
Окууну буткондо ишке кирейин десем атам "бир жыл уйдо журуп тур, уйлон анан деле иштей бересин" деп айылда эле жургом.
Эмне болгонун кийин банктын адамдары келгенде уктук. Атам; банкка аябай коп акча карыз болуп калган экен. Коз жумардан бир ай мурун банктан ото коп суммада кредит алып аны долларга алмаштырып Озбекстанга откоруптур, ал жактан долларды озбектердин сумуна алмаштырып кайра Кыргызстанга алып келип сомго алмаштырса аябай эле коп пайда тушмок экен. Озбекстанда долларды алган адам, Хамид деген, жакшы тааныйм, атамын жакын досу болчу. Уйубузго канча жолу уй булосу менен келип мейман болуп кеткен. Ошол Хамид Озбекстандын милициясына кармалып калып, акчаларды алдырып коюптур, озу да коп жылга камалып кетиптир.
Атам эч кимге айтпай ун заводун, дагы бир эки чакан цементтен ар нерселерди жасап чыгарчу цехин сатыптыр. Эки досуна жардам сурап барса, алар ар шылтоону бир айтып жуз уйруп кетишиптир. Акыры баары бир толой албашына козу жеткенде айласы калбай милицияга озу барып берген экен.
Ал куну да туну менен досторум менен чогулуп алып дейдиленип журуп, танга маал, саат торттордо келип жаткам. Апам эле урушуп кулак мээсин жебесе атам конул деле бурбачу. Биринчи жолу тогузунчу класста дискотекада классташ кыздарыбызга башка мектептин балдары тийишип, мушташып милицияга тушкондо атам эмне болгонун угуп "макул эми, кыздарынарды коргопсунар" деп урушпай- этпей чыгарып алган.
Ошол куну болмомун эшиги ачылганда апам окшойт деп ойлоп, дагы урушат деп уктаган адам болуп жата бергем. Атам экен, жаныма келип мандайыман ооп, чачыман сылап "Кайраттуу бол балам, апандарды жакшы кара" деп чыгып кеткенде тан калып койгон элем.
Атам ошондо туура эле банкка барып шартын тушундуруп, милицияга да озу барган экен.
Атамын соту буткончо аран чыдашты окшойт, эки кундон кийин банктын адамдары милициялар менен келишип жашап жаткан уйубузду, ичиндеги сатууга жарай турган буюмдары менен,; айылдын чекесиндеги уч огородду, эки гектар дыйканчылык кылган жерди, эки женил унаабызды, жадакалса жайлоодогу уй, койлорубузду алып коюшту. Айылдын ортосундагы, илгери Союз маалында дукон болгон эски торт болмо там бар эле, атам сатып алып койгон болчу. Ошону гана апам "биз каякка барып жашайбыз" деп ыйлаганынан аран калтырышкан.
Кийинки жашоом бир дуйнодон такыр башка дуйного барып калгандай эле болду.
Эч нерсебиз калбаптыр, башында апам алтын буюмдарын сатып анча билинбеген экен, бара бара кунумдук тамак аштарыбызга да акча таба албай калдык. Бишкекке барып жумушка орношоюн десем, жадакалса жол киреге акча жок. Болгон акчаны алып кетип калсам уйдогулордун тамагы эмне болот. Баары бир жумушка орношуш учун да акча бериш керек.
Жумушка кирейин деп Жалал абаддагы атамын эки досуна барсам, алар да, ишканаларды атам оз акчасына уюштуруп бергендиктен мени кийин талашат деп ойлоштубу, ар шылтоонун башын бир айтып жакындатпай коюшту. Келип апама айтсам копко чейин ыйлаган.
Сегизинчи класска чейин орус класста окуп, кийин кыргыз класска которулган элем. Ошол кыйналып турган маалдарда орус класста бирге окуган классташтарым мага жакындабай калышты. Кыргыз класста окуган классташтарым келип турушту. Кийин акча табыш учун уста коншума жардамчы болуп, айылда бироонун тамын салып жатканбыз. Ошол кыргыз класста бирге окуган классташ балдарым мага айтпай, мен уйдо жокто бир кап ун, бир кап картошка, коп кылып май, куруч, макарон сыяктуу нерселерди алып келип таштап кетишиптир.
Орус класста бирге окуган Алмаз деген жакын досум бар эле, айылдагы мен дегендердин бироосунун баласы эле, бай турушчу. Экообуз кыздарга бирге барып дегендей, жакын дос элек. Бир куну жумуштан келатып дуконго кирип калсам Алмаз сигарет алып жаткан экен, эч жаман оюм жок, мурункудай эле ойлоп:
- Мага да бир пачка алчы акчасын эртен берем - дей калбаймбы.
Алмаз мыйыгынан кулуп карап, дукончудон бир пакет насбай алып мага ыргытып:
- Ме, сен эми насбай чек, сигарет чегип балээ барбы сага, бир айга жетет эконом кылсан- деп дукончуну, ошол жерде турган уч торт адамды "кулкулуу айттымбы" дегендей карап кулгондо Алмазды карай чуркап баратканым гана эсимде. Акыркы болгон окуялар, азыркы оп чап жашоо, айтор баары кошул ташыл болуп, аран жургон нерсе чыгып кетти окшойт, калганын жакшы эстей албайм. Аки чукусун кийин сотто куболордун айткандарынан гана толук билдим. Алмазды ээгине биринчи урганымда эле эс учун жоготуп жыгылып калган экен, адамдардын кой ай дегенине карабай эшикке суйроп чыгып, тургузуп, дубалга суйоп алып аябай уруп салыпмын. Алмаз азыр ооруканада экен, мээси чайкалыптыр, торт кабыргасы, тиштери сынып, бети башы таанылгыс болуп, айтор али бери чыкпайт имиш. Айылдын аксакалдары, абройлуу адамдары ортого тушуп, атамын элге кылган жакшылыктарын айтып жатышып, кыскасы он беш кун отуруп чыктым.
Кийин кун сууп, устачылык кыла албай калганда ушул тайкем менен айылдан, элден алма алып Карагандыга эки жолу сатып келдик. Жакшы эле болду тушкон пайда.
Экинчи жолкусунда базардын рекеттери, баары аларды "Адылдын балдары" деп койчу, торт бала келишкен. Башчысы Жайсан деген, ону сары,; тулкунукуно окшогон куу, жымшык коз, ар дайым жымыйып жургон жашы жыйырма бештердеги, толо келген бала.
Базардын момо-жемиштер дунунон сатылган болугунун башчысы эле. Биринчи коргондо эле негедир жактырбагам, биринчи куну базарда турганыбызда Жайсан келип, машинесинин ачкычын бармагына айлантып, оозунда сагыз, чаймандап учурашпай этпей эле, кимсин деп карап койбой, ящиктеги алмадан бироону алып айлантып карап, тайкеме сенсиреп "мени саат тортто издеп тап" деп кетип калган. Ото эле копкон экен, озунчо эле илгерки торолордой, козуно эч нерсе корунбой калыптыр. Мындай адамга баш ийип койсон тимеле эшек кылып мингенден кайра тартпайт.
Тайкем саат торттордо бир сааттай жоголуп келип "баары жакшы" деп, ошол эле куну алмаларды сатып бутуп тундоп кетип калганбыз. Кийин дагы алма алып келгенибизде ушул Жайсан, "жаны жылга алма керек" деп, кыскасы алар акча, поезд менен алып келип сатуу жагын мойнуна алышып, биз айылдан алма чогултуп, сорттоп, ящиктеп, поездге жуктоп берип, Карагандыга чейин сактап алып келуу жагын алганбыз. Эгер баары жакшы болсо тайкем экообуз тушкон пайдага бирден жакшы "06 жигули" минип, чонтогубуздо да анча эле акча калмак. Тайкем булар менен байланышкандан корктубу, дароо эле "колуман келбейт, анча коп алма чогулта албайбыз" деп макул болбой койгон эле. Мен тайкеме ар нерсени айтып кондуруп, акыры макул болуп, Жайсан бир бала кошуп берип, Кыргызстанга келип жаны жылга бир жума калганда кырк тонна алма чогултуп поездге жуктоп Карагандыга жоногонбуз. Вагон жылууланган болгондуктан коркунуч жок эле, казак бала самолетто эле учуп биз тайкем экообуз кезек менен вагондун жылыткычынын температурасын, очуп калбадыбы карап келатканбыз. Карагандыга уч сааттай калганда мен уктап тайкемин кезеги эле, "жетип калдык эмне болот эле" дегенби бир ботолко аракты озу жалгыз ичип уктап калыптыр. Кандай болгону белгисиз вагондун жылытуучу мешине ток келбей, уч саатта алмалардын отуз пайызын суук уруп, жарабай калыптыр.
Жайсан угаары менен окуруп- бакырып биздин паспортторубузду, болгон акчаларыбызды алып койгон. Жаны жылга жакын момо жемиштин баасы асманга чыгып, тонгондон калган алмалар аябай жакшы баага сатылып, эки эсе пайда тушсо да Жайсан эмнегедир согунуп сагынып, кечээ кечинде, саат ондордо бизди базардын ичиндеги кафелердин бироосунун бир болмосуно "ушул кафеден чыкпагыла" деп калтырып, бут кийимдерибизди да алып бекиттирип, жука тапочка карматып койду. Кафеден тамактанып кайра эле ошол болмого кирип жатмай. Эч ким эч нерсе айтпайт, ошондон бери жатабыз бир болмодон чыкпай.
Саат деле тушку экиден отуп калыптыр, тайкем уктап калган окшойт, бир калыпта дем алып жатат.
Уктайын деп канчалык аракет кылсам да эч уктай албадым, апамдардын акыбалын эстеген сайын, жата албай ордуман тура калам. Баарынан да белгисиздик жаман экен, бир жактама чечилсе, жок дегенде билесин эмне болоорун.
Машыгып журуп мындай коп жатканга конбогон жаным ташыркап калыптыр, туруп бир сааттай болмодо эле машыгып, кайра жатып алдым.
Дене боюму жазып алгангабы кантип уктап кеткеними билбейм, бироонун турткулогонунон ойгонуп кеттим, Жайсандын балдары экен, босогодо бироосу турат.
-Даярданып тургула, азыр Жайсан келет бир жакка барасынар - деп чыгып кетти. Отвертканы чонтогумо салып алдым. Саат сегизден отуп, сырт карангы болуп калыптыр. Бир сааттан кийин Жайсан кирип келди:
- Азыр шефке барабыз, киргенде бир ооз да суйлобогуло, бироон бир нерсе деп суйлосонор озунордон коргуло. Шеф жаман корот тартышып, чечендеп суйлогондорду. Ошол айтат силерди эмне кылышты. Тушундунорбу? - деп эмнегедир мага карады.
- Тушундук иним тушундук - деп тайкем мени бир нерсе чыгарып жибербесин дедиби, шашып бушуп - тушундук, эч нерсе дебейбиз- деп, бир бала алып келип ыргыткан бут кийимин кие баштады. Унчукпадым.
Жайсандын оюн дароо эле тушундум, башчысына ар нерсени айтып, бизди жаман корсотуп озуно акча иштеп калгысы келип жатат да.
Жарым сааттай журуп, шаардын борборунда окшойт, "Орман" деген куйуп очуп турган чон жазуусу бар уч кабаттуу ресторанга келип токтоп, Жайсан кирип кетти да он муноттон кийин чыгып кол булгап чакырып коюп озу кирип кетти.
Ресторандын ичи аябай жасалгаланган экен, адам коп. Жаны жылга уч кун; калган, майрам кучундо айтор. Залды аралап отуп торундогу бир эшиктен кирсек, уч торт болмо бар экен, бир эшиктин алдында эки локуйгон олбурлуу чон балдар турат. Бизди коруп эшикти ачып баш багып:
- Кире беришсинби? - деп бизге "киргиле" деп киргизип, экоосу да; кирип эшикти ичинен жаап алышты.
Чон болмо экен, жасалгасына аябай эле коп акча чапташкан окшойт, ортодо чон он адамдык жанактан жасалган стол, донголоктору бар стулдар. Дубалда аюунун, тоо текенин башы катырылып илиниптир. Ар кандай тоолордун, колдордун, токойлордун суроттору тартылган картиналар. Болмонун жарымынан баштап калындыгы бир элидей болгон килем салыныптыр. Жайсан чекеде столдо отурат. Тордо столдо орто бойлуу, чапжаак, арыгыраак келген, кичине муруту бар, жашы кырктын ары берисинде го бир адам отурат. Телефондо бироо менен суйлошуп жаткан экен, козу менен стулдарды корсотуп "отуруп тургула" деп коюп, тиги суйлошуп жатканына "азыр барып калам" деп трубканы коюп тайкем экообузду баштан аяк; карап ойлонуп калды. Тайкем куноолуу адамдай болуп башын жерге салып бурушуп, тумагын мыжыгылап, ырайым куткондой байкуш болуп олтурат. Ызам келип кетти, жок жерден эле куноо койгудай булар эле ким эле. Коп болсо олтурушор, жиним келип карасам Адыл мени карап турган экен, козуму ала качпай мен да карап калдым. Ушул чакан эле адам кантип ушундай иштерди кылып журот деп ойлогом элем, Адылдын коздору сурдуу экен, негедир жыландынбы же карышкырдынбы козуно окшоттум. Кичинекей, жакын жайланышкан, откур, акылдуу коздор. Мени негедир кызыккандай, кандай адам дегендей, изилдеп карап калды. Ичимде эмне болуп жатканын билди окшойт. Коркпой, озуму куноолуу сезбей турганымы бааладыбы, негедир Жайсанга карап, анан тайкеми изилдеп карай баштады.
- Адыл ага - деп Жайсан суйлойун деп ордунан тура баштаганда "кое тур" дегендей колун жансап:
- Ага - деп тайкеме карады, уну озуно ишенген адамдын уну, - соз бергенден кийин олсон да аткарыш керек. Сиз мас болуп уктап калыпсыз, сиздин айыныздан балдар коп акчага тушуптур. Эми мындай, макул болор иш болду, Кыргызстандагы жашоо шартынарды уктум, акчаны баары бир кайтара албайсынар, сиз же ининиз бизге иштеп берип кутулат. Ким калат озунор чечкиле. Болду соз бутту - деп ордунан туруп, курткасын кийип чыгып кетти. Артынан бир бала чыгып, андан кийин тайкем чыгып баратканда Жайсан мени далыман таптап:
- Журу, бугундон баштап менин кулум болосун- дегенде жаным чыгып кетти. Бурулуп эле Жайсандын ээгине урсам, тушунбой деле калды окшойт, козу алайып эле, ун соз жок мага суйонуп, жыланга окшоп бир кызыктай болуп ийрелендеп эле жыгылып, жерге узунунан тушуп жатып калды. Эшиктен эми чыгып жаткан тайкем коруп калып, тушунбой да калды окшойт эмнеге жыгылып калганын:
- Ой айланайын сага эмне болду - деп Жайсандын жанына чоголоп отура калып бетине чапкылап калды. Артымда турган баланы кол салат болушу керек деп бурулуп даярданып калсам мени биринчи тан калып, анан мага ошондой сезилдиби, сыйлагандай эле карады окшойт, жаныман унчукпай отуп, эшиктен баш багып башчысын чакырып токтотуп калды. Адыл кайрылып келип жерде жаткан Жайсанды коруп:
- Эмне болду, бул эмне жатат - деп чакырган баладан сурады эле тиги ийнин кысып:
- Жакшы эле турган, тигини - деп мени корсотуп- "менин кулум болосун" дегенин уккам, анан жок эле жерден ийрелип- буралып эле жыгылып калды- деп кулуп жиберип, башчысын карап, башын жерге салып кулкусун аран тыйып туруп калды.
Адылдын козунон ачуусу келгени же башкасы билинбейт, мени карап ойлонуп турду да, оюна; бир нерсе келдиби эки баласына баш ийкеп мени корсотуп, озу эшик жакка жылып бир стулга отуруп алды. Болушунча болду, эми башка жолум жок эле, дароо болмонун торуно, бурчка отуп, курткамы чечип даярданып калдым. Эми алдыман гана келе алышат. Эки бала узун столдун эки жагы менен мага жакындап келатканда тайкем чуркап келип бироосунун колунан кармап ар нерсени суйлоп жалбара баштады. Тиги бала колун бир эки бошотоюн деп аракет кылды эле тайкем бекем кармап алган экен, акыры ачуусу келип кетти окшойт бош колу менен тайкемин курткасынын жакасынан мыжыга кармап эшик жакты коздой, жаш баланы ыргыткандай эле ыргытып жиберди. Байкуш тайкем кичине, арык адам эле, учуп эле кетти окшойт, далысы менен дубалды сузуп, онтоп жатып калды. Экинчи бала мага жакын келип калган эле, шеригин карап алаксып калганда секирип жетип барып ээгине жакшы эле урдум окшойт, бечара дубалды кармап эле бир аз суйонуп турду да жыгылып калды. Дароо столдун устуно секирип чыгып тайкеми ыргыткан баланын устуно секирип, салмагым менен суруп катуу туртуп жиберсем, башы менен дубалды катуу сузуп, жерге чалкасынан жатып калды. Козунун устундогу соогу менен сузгон окшойт жыртылып кетиптир, бети кыпкызыл кан болуп жерге жая берди. Тополонду угушканбы, бир заматта эшикке ондон ашык бала чогулушуп, бир экоосу кирейин деп жулунганда Адыл негедир киргизбей койду. Жайсан жатат дагы деле, анын жанында тайкем отурат далысын кармап, козу алайып калыптыр.
Чонтогумон отвертканы алып чыгып даярданып калдым.; Эми жанынан тойгон адам эле келбесе.
Адыл дагы эмне болор экен, балдар туруп кайра кол салып аракет кылышабы деп кутту окшойт, экоосу тен онтоп жатышат, турар туру корунбойт. Бир аз карап турду да, умуту узулдубу ушкурунуп; "эми сени угалы" дегендей мени карады.
- Адыл байке менин ордумда сиз деле ушуну кылмаксыз. Сизге кандай соз жеткенин билбедим, туура алмалардын отуз пайыздайын суукка алдырдык, бирок алмаларды ото арзан таап бердик, чогултушкан; балдар менин досторум эле, арзан иштеп беришти. Калганын сатканда деле пайда эки эседен да коп тушту. Ошого деле ыраазы болсонуз болмок.- десем Адыл дароо жерде жаткан Жайсанды карап чекесин тырыштырып ойлонуп калды да, балдарга карап:
- Бул балага эч кимин тийбегиле, Калысты чакыргыла буларды карасын- деп тайкеми; ээрчитип чыгып кетти.
Локуйгон, башы таз, капкара дунуройгон; ; бироосу, чонурактарынан окшойт, мени баштан аяк бир карап койду да турайын деп аракет кылып жаткан Жайсанга карап:
- Эй Келемиш сен Ажымукан элен го, эмне болду бир ударга тура албапсын. Же ооруп турат белен- деп Жайсандын пешенесине алаканынын сыртын коюп коруп- температурасы бар экен, ошого таяк жеп калыптыр да. Эгер температурасы болбогондо озу эле жайламак - деп каткырып кулду эле, Жайсанды баары эле жаман корушот окшойт, балдар да шылдындап кулуп жиберишти. Жайсанды жаман коруп карап коюп менин жанына келип колун сунду.
- Атын ким?
- Самат.
-Менин атым Серик, капа болбо Самат тушунбостуктор болуп кеткен окшойт, бизге башкача соз жеткен экен - деп Жайсанды жаман коруп карап койду эле, Жайсан унчукпай ордунан туруп, жыгылып кетпейин деп дубалга суйонуп мени жаман коруп карап:
- Сени менен кийин суйлошом - деп, баары бир кучу жетпешин; тушунду окшойт, мени коркутуп ар нерсени чын журогунон убадалап, кичине болсо да озун сооротуп чыгып кетти.
Балдар баары мени кызыгып карап атышат, сынап жатышты да. Кээ бирлери ачык эле сыйлаган коз менен карап жатышты. Ангыча врач окшойт, отуздардагы бироо кирип келип жерде жаткан экоосунун тамырларын кармап коруп:
- Менин болмомо алып; баргыла - деп балдар экоосун котор- котор болушуп чыгып кетишти. Бироосу мени ээрчитип бир болмого алып кирип коюп кетип калды.
Башка эч ким кирген жок, жакыныраак болмодо майрамдашып жатышкан окшойт, эшиги ачылып жабылган сайын музыканын уну, адамдардын кулушуп жатышканы угулуп жатты.
Жарым сааттан кийин бир бала келип, башка болмого ээрчитип келди.
Чакан болмо экен, "п" турундо стол коюлуп, столдун устундо ар кандай кагаздар жатат. Тордо Адыл, он жагында тайкем отурат. Тайкемин алдында бир шише коньяк менен стакан, бир тарелкада болунгон лимон турат. Тайкемин ичкенгеби конулу ачык, коздору жайнап калыптыр, анча эле кызып калган окшойт мени карап жымыйып койду. Адыл колу менен жансап:
- Кел иним, бул жакка отур - деп сол жагындагы отургучту корсотуп озу телефондун кулагын бурагылап бир жакка чала баштады.
Тайкем мага "баары жакшы" дегендей башын ийкеп койду. "Эми даана олдук" деп жаткам, тайкемин туруно караганда ишибиз жакшы эле окшойт.
Адыл чалган номер албадыбы трубканы коюп тайкесине:
- Ага биз суйлошуп алалы, сиз залга чыгып каалаган нерсенинизди заказ кылып бир аз отуруп турунуз, эшиктеги балага айтсаныз балдарга дайындап койсун.
 Тайкем "макул, макул" деп дароо ордунан туруп сыртка чыгып кетти.
Адыл тамеки куйгузуп тутунун асманга уйлоп бир аз ойлонуп отурду да:
- Самат иним мага туура эмес маалымат келген экен. Биз баарыбыз эле Кудайдын алдында жургон пендебиз, куноосу жок адамга биз деле жамандык кылбайбыз, бироонун акысын жебейбиз. Бугун биз бироого жамандык кылсак, эртен бизге уч эсе болуп кайтып келет. Тайкен айтып берди кандай болгонун. Макул эми болгон иш болду, отту, кетти. Соз мындай, мага ишеничтуу, тын балдар керек, эгер биз менен иштейм десен иш бар сага ылайык. Биз менен иштесен жакшы толоп беребиз, каалаган нерсен болот. Бирок ызы чуусу да болуп турат. Азыр жооп бербе, баары бир эртен кетесинер, туну менен убактын бар. Жакшылап ойлон, мага мойнунан байлангандар керек эмес. Эртен саат он бирлерде келем, ошондо айтасын жообуну. Эгер кетем десен тайкене да айттым, тушкон пайданын жарым акчасы силердики, эртен менен акчаны алып уйунорго кете бересинер. Соз бутту, залга чыксан тайкен ошол жакта отурат. Айтып койгом, каалаган нерсенерди тартынбай заказ кыла бергиле. Канат!- деп кыйкырды эле эшикте тыншап турганбы бир бала; баш бакты. - Канатка айта бер эмне керек болсо.- деп, алдындагы телефондун кулагын бурагылап калды.
Канат экообуз ээрчишип залдагы бир столдун жанына келдик, музыкадан угулбайт эле, кулагыма кыйкырып "тайкен ушул жерде отурат, мен керек болсом бардын жанында болом" деп коюп кетип калды. Тайкем сыртка чыгып кеткен окшойт, корунбойт.
Тайкем мынча нерсени заказ кылбашы керек эле.; Озулору алып келип берген окшойт, столдун усту толтура. Чет жердики, бир шише арак, бир шише коньяк, суусундуктардын эки уч туру, бир чыны бошоп калыптыр, ичиндегисин жеп буткон окшойт, чекеге жылдырып коюптур. Бир тарелкада узундугу бир метрдей болгон эки чон шишкебек. Тарелкаларда ар кандай салаттын туру, майда тууралган колбаса, сыр, куурулган балык.
Эл коп, бир бурчта ырдап жатышса, бир бурчта бийлеп, айтор майрам кучундо. Булардын минтип токчулукта, бардар жашоодо жашап жатышканын коруп, уйдогу акыбалды эстеп катуу ушкурунуп алдым.
Элдин бийлегендерин карап отурсам официант кыз жыты тандайды жарган ысык шорпо коюп, столдун устун бир сыйра аарчып, тазалап кетти. Курсагым ачып калыптыр, алмаларды суукка алдырган кундон бери маанайым жок, жакшы да тамактанбаган экем ойлосом. Иштер он жагына чечилгенге аябай эле конулум которулуп, табитим ачылып калыптыр. Шорпо аябай даамдуу экен, тез эле ичип койдум да, дагы заказ кылсамбы деп, "Ынсапсызга кашык сунса эки ашайт болбоюн" деп айныдым. Ангыча карап турганбы ошол эле кыз узундугу бир метрлик уч даана шишкебек алып келди, эми жыты ушунчалык бир башкача, шилекейин куюлат. Шашлыкты да кандай кылып бышырган тушунбодум. Шишке эттери чон чон болуп сайылып, сыртынан жука ич май менен оролуп, ичинде ар кандай даам беруучу чоптор журот. Эт чон болсо да аябай эзилип, жумшак болуп бышыптыр. Эки эт, бир май, бир помидор, дагы эки эт, айтор ушундай кылып тизип, узундугу бир метр болгон шашлик. Чоптордун даамы синип калыптыр этке, эми жеген сайын жегин келет. Омурумдо жебегем мындай шашликти. Машыгып жургондо коп жеп журуп конгом да,; озумун уч шишкебегими тез эле жеп койдум. Тайкемин шишкебегинин да бироосун жеп алдым. Тайкем анча эле кызып калган окшойт,; шишкебегин да жебесе.
Столго келип отурганыман бери он беш муноттон отуп кетти окшойт, тайкем жок алигече. Элдин арасынан эшик жакты карап карап коюп отурам.
Бай адамдар келет окшойт бул жерге, кымбат баалуу кийимдерди кийинишкен, кычырашат тимеле.; Базардагы кийимим менен жургондуктон алардын арасында озуму ото эле кем сезип кеттим.
Ой басып отуруп тайкемин келгенин байкабай калыпмын, далыман таптаганда гана кордум, колунда тамеки. Маанайы аябай эле жакшы, мени карап кулуп "азыр" дегендей кылып колун которуп, коньяктан чон стаканга толтура куюп, бир которуп эле баарын ичип алды. Артынан лимон жеп мени карап чаймандап бир нерселерди суйлоп жатты, бирок музыканын дангыр дунгурунан тушунбодум. Масчылыктагы галдир гулдур создор да, жаткызып коюш керек.
Тайкем арык, бою кичине адам эле, кичине эле ичсе мас болуп калат. Бирге журуп жакшы эле билип калгам, карапайым, эч кимге зыяны жок, ак конул адам. Биринчи алма алып келгенибизде, тайкемин акчасына алып келип, жакшы эле пайда коргонбуз. Ошондо тайкем пайданы тен болобуз деп, жок дегениме болбой, тен болуп колума карматып койгон.
Кой "эс алып алсын" деп Канатты издеп бар жакка барсам эки уч бала болушуп сигерет чегип турушкан экен, мени коруп; басып келди:
- Эмне керек Самат, эмне кемчилик.
- Биз эс алалы, тайкем да мас болуп калыптыр жаткызып койбосом болбойт.
- Биздин балдар учунчу кабатта чогулуп жатышат, тайкени жаткызып коюп журбойсунбу биз менен. Бир балабыз машина алыптыр, ошону жууп берем деп жатат.
- Эс ала берейин, тааныбаган адам барса кандай болот.
Канат негедир кулуп карап:
- Журо бер биз менен. Баары сени соз кылып жатышат. Келемишти, шефтин эки ишенген баласын озун жалгыз уруп салганыны угушуп таанышалы деп жатышат. Таанышып ала бер, келечекте кереги тиет- деп бир нерсени эстеп кеттиби кулуп жиберип мени карап, "туура эмес тушунуп калат" дедиби унчукпай калды.
Жатып эс алгым келип жаткан, акыркы кундордогу окуялар ойлондура берип анча эле чарчатып коюптур. Бир жагынан барганда деле, бул балдар бут эле ууру - кескилер болсо келечекте эмне кылмак элем булар менен мамиле кылып.
- Рахмат чакырганына, бирок чарчадым эс алайын, эртен жолго чыгышыбыз керек. Эс алып албасам билесин го жолдо жургонду.
Канат "макул озун бил" деп, тайкеми жетелеп, ошол эле ресторандын тубу аябай кооздолгон мейманкана экен, бир болмосун даярдатып коюптур. Канат эшикти ачып, ачкычты берип:
- Журо берсен болмок биз менен, балдар таанышып алалы деп жатышкан, кийин иштерин чыгып калса да кереги тийет эле.
Чын конулунон, жакшы ой менен кайра кайра чакырып жатса барбаганым кандай болот, жолдо деле уктап алармын:
- Макул бир аз эс алып алып чыгам.
- Ооба да, журо бер, биз менен бир аз чер жазып олтуруп келесин да. Кыздар болот таанышасын. Эртен поездде деле уктап аласын, жол арбыйт. Макул мен бир сааттан кийин келем - деп чыгып кетти.
Жакшы болмо алып берген экен, эки чекеде эки диван ортодо стол, ичинде джакузи, туалет. Дубалда чон телевизор илинип турат,; DVD, элуудон ашык дисктер турат. Полго килем тошолгон. Телефон илинип турат бурчта, жанында мейманкананын ар кандай кызматтарынын номерлери. Дубалда чакан эшик турат, ачып карасам муздаткыч; экен, ичимдиктер, момо жемиш салып коюптур. Бир бурчунда сигареттердин ондон ашык туру. Булардын жашоосун коруп озумун жашоомо салыштырып кейип кеттим.
Джакузиде жарым сааттай жата бердим. Сууну озуно жаккандай жылуулуктагы температурага коюп койсон, муздай баштаганда ысык суу озу чыгып дагы жылытып коет экен. Чыккын келбейт. Бир сааттан кийин Канат келди, ичкен окшойт коздору жылтырап калыптыр.
- Журу досум, балдарга сени келет деп койдум эле кутуп жатышат- деп ээрчитип алып учунчу кабатка чыктык. Учунчу кабаты торт болукко болунуптур. Канаттар эн четкисинде экен. Эми залдын ичи ушунчалык жасалыптыр, оозун ачылат. Суроттосон соз кобойот. Тегерек кылып дивандар коюлуп, ортодо чон стол, ошондой дивандан залдын ичинде ондон ашык барго.
Жарык очурулуп, ар туркун тусто жарык чыгып айтор майрам кучундо. Залдын торундо ырчылар казакча бир шандуу ыр ырдашып, копчулугу ортодо бийлеп жатышат. Канат ээрчитип тор жактагы бир дивандарга алып барды.
Тордо Серик бир сулуу арыкчырай кыз менен олтуруптур. Бир кулкулуу окуя айтып берип жаткан окшойт, жанындагы кыз куло берип ичи ооруп калганбы, ичин басып алып каткырып кулуп жатат. Серик бизди коруп калып колундагы пиаласын столго коюп, ордунан туруп колун сунуп мени менен учурашып, баары бир суйлогон менен угулбайт эле жанын корсотуп "отур" деп отургузуп койду. Канат бийлеп аткандарды аралап кирип кетти.
Серик жанындагы кызды корсотуп кулагыма кыйкырып:
- Таанышып алгыла аты Алина, Алина бул жигит жана мен сага айткан бала, аты Самат, Кыргызстандан.
Алина да колун сунуп, башын ийкеп койду.
Серик "эмне куйсам" деп столдун устун карап ойлонуп калды да, столдун нары башында коньяк турган экен Алинага "алып келчи" деп кыйкырып, учообузго куюп, бироосун Алинага, бироосун мага сунуп, бироосун озу алып тост суйлойун деп барып, музыканын унунон баары бир угулбайт эле, жон эле кагыштырып, "алгыла" дегендей бизди карап, биз ичип жибергенден кийин озу да ичип, шоколаддан алып мага, Алинага берип, озу да бироону жеп отуруп калды. Ангыча ыр бутуп, музыка токтоп, свет жагылып, ар ким оз ордуна тарай башташты. Биз отурган столго да торт бала, уч кыз келишип отурушуп, турайын десем Серик далыман кармап:
- Отура бер, батабыз баарыбыз- деп балдарга карап-жанагы мен айткан Самат-таанышып алгыла - деп баары колун созуп таанышып аттарын айтып жатышты. Эстей албай деле калдым аттарын.
- Самат иним озуну кенен алып отура бер кысылбай. Биерде баары озубуздукулор. Келемиш ошону коро турган болуп жургон. Макул эми келгиле жаны жылдык маанайыбызды бузбайлы, ар ким озуно жараша алат. Русик куй баарыбызга мен тост айтып коеюн- деп, баарына куюлганда кулкулуу создорду, арасында анекдот да кошуп, баарын кулдуруп тост суйлоп, толук ичпегендерди тамаша соз менен жарга такап, баарын ичирип жиберди. Мага биринчи, экинчи, десерт деп тамак алып келдирип, Серик мени тамактанып жатканда онтойсуз сезбесин дедиби башкаларын ар нерсе айтып берип, конулун озуно буруп, айтор эч ким мага конул бурбай, кенен отуруп тамактандым.
Канат чакырганда буларды бут согунуп, уят создорду, турмонун создорун кошуп суйлошот болуш керек, ичип алып мушташышып, баары бир бир экоосу мага да асылышып, мушташып чыксам керек деп ойлогом.
Такыр башкача адамдар экен, бироосу да согунбойт, тамашалары да орду менен, кыздарга да сый мамиле. Чеги менен бийлешип, озулорун жакшы алып журушот, бири бирине сый мамиле кылган жонокой эле балдар.
Бул балдар бандиттер эмес, Жайсанды коруп эле баарын бандиттер, рекеттер экен деп ойлоп калган экем. Булар оз эмгеги менен акча тапкан, бироонукун талашпаган жонокой эле балдар. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" болуптур да.
Коньяктын кучубу же отурган адамдар конулумо жактыбы, айтор бара бара мен да озуму кенен сезип, тез эле созго аралашып кеттим. Алар казакча мен кыргызча, кээ бир тушунбогон создорду орусча тушундуруп суйлошуп жаттык. Башка столдо отурган эле балдар келишип мени менен таанышышып,; кулуп, далыман таптап кетишет.
Тунку саат бирлерде баарыбыз сыртка чыктык. Бироосу "Мерс180" алыптыр, капкара, дээрлик жаны эле. Баары отуруп коруп, бир экоосу ары бери айдап да корушту. Мен да машинеге отуруп, от алдырып, мотордун уну билинер билинбес болуп иштегенин угуп, озубуздун машинаны эстеп кеттим. Атамын да дал ушундай кара тустогу "мерси", 06 жигулиси бар эле. Аларды кийин Жалал абаддан бир эки жолу коруп калдым, банк аукцион кылып сатканда, сатып алгандар минип журушуптур.
Уйубузду болсо озубуздун эле алысыраак тууганыбыз сатып алган.
Эээххх... каяктан да эстедим, ичимен согунуп алдым.
Тунку учтордо тарадык.
Келсем тайкем конурукту кош тартып уктап жатыптыр. Копко чейин уктай албай ар нерсени ойлонуп жаттым. Айылга барган менен жумуш жок, баягы эле эптемей жашоо. Негедир уйубуздун эшиги коз алдыма элестеди. Азыркы жашап жаткан уйубуз союз маалында дукон болгон, торт болмолуу чакан там эле. Эшиги да ошол маалда коюлган бойдон алмаштырылбаган. Бир убактарда кок сырга боелгон экен, сырлары кочуп, бир эки жери сынган эле, мык кагып ондомуш болгом. Жакшы жабылбайт эле, кечинде жатаарыбызда апам ичинен узун жип байлап койгон, ошол жипти дубалга кагылган мыкка байлап коебуз. Ээх айта берсен арман коп кыскасы...
Калам деп чечтим, эмне болсо ошол болсун. Кандай жол менен болсо да акча иштеп, уйду кайра сатып алам, апамдарды кайра ошол уйго алып барып, карындашымы ошол уйдон куйоого узатам. А калганын шартка карап коро жатармын.
Уста коншум менен там салып иштеп жургондо ар кимдер келет да, адамдар ар кандай болот экен. Мени кээ бирлери аягансып карашат, кээ бирлери шылдындап карашат. "Уста жоктоп" келгенде кээ бирлери арак ала келишет, ичип кызуу болуп калганда мага кыйытып шылдындап ар создорду суйлошот. Ошол адамдардын кобуно атам жардам берген убагында. Айткан рахматы ушул болду.
Кайсы маалда уктап кеткеними билбейм, тайкем ойготту, жуунуп таранып алыптыр.
- Тур жээним кеттик, эртерээк барып акчаны алалы да вокзалга бара берели.
Тайкеме айтайын деп барып, биринчи Адыл менен суйлошойун анан деле айтам деп унчукпадым.; Залга чыксак Канат кутуп туруптур. Тамактанып алып машине менен базарга бардык. Базардын чекесиндеги имараттардын бироосунун экинчи кабатына которулуп бир эшиктин алдына келип, Канат "азыр чыгам" деп коюп кирип кетти. Тайкем "Жайсандын кабинети" дейт. Болмонун ичинен унун катуу чыгарып бир нерселерди талашып тартышып жаткан адамдардын уну угулуп жатты. Ой басып отуруп калган экем, бироо жаныма келип "Самат кандайсын" дегенинен карасам Адыл ага. Артында эки бала журот, бироосу кечээги мушташып кеткенде козу жарылган бала. Башын, бир козун кошуп чон кылып бинт менен ороп алыптыр. Жаман коруп калдыбы десем андай деле корунбойт, мени менен кулуп учурашып, колуму кысып коет, экинчисин корбогон экем.
- Отуруп тургула, кичине иштер чыгып калды. Озум чакырам - деп эки баласын "киргиле" деп киргизип, Адыл ага озу да кирип эшикти жаап алды.
Жыйырма муноттой куттук окшойт, акыры эшик ачылып болмодон колуна папка, чон калькулятор кармаган, коз айнекчен арык киши, артынан бир бала, анын артынан башын жерге салып Жайсан чыкты, кымбат баалуу териден тигилген тумагын колуна мыжыгып кармап алыптыр. Чачтары уйпаланган, сары ону кыпкызыл болуп кетиптир. Мени байкаган да жок. Жайсандын артынан Адыл менен келген бала чыгып, баары ээрчишип сыртка чыгып кетишти. Бир аздан кийин башын танган бала чыгып "киргиле" деп озу сыртта калды. Болмодо столдо жыйырма бештердеги коз айнек таккан, толо келген орус кыз бир кагаздарды карап, ручка менен бир белгилерди коюп жатат. Адыл ага столдун торундо тамеки чегип бир кагаздарды карап отуруптур. Биз киргенде бир нерсени эстедиби терезени ачып:
- Касен аба кайра киринизчи, акча эстен чыгыптыр- деп жаап койду да,- Лена буттунбу. Калганын офиске алып барып кара. Мага отчет тузуп столума калтырып кой. - деп жонотуп жиберди. Лена чыгар менен коз айнекчен арык киши кирип келип, папкасынан резинка менен оролгон бир тутам акчаны алып чыкты:
- Кимге берейин?
- Ага, Самат бул силердин мээнетинер, тушкон пайданын жарымы.
Тиги киши акчаны негедир жакын турган тайкеме бербей мага берип, бир кагазга кол койдуруп, коштошуп чыгып кетти. Акчанын устуно Самат деп жазылып, канча акча экенин да жазып коюптур.
Ото эле коп экен акча, тайкеми карасам козу жашылдана тушуптур, суйунуп жатат да. Ушул жерде талаада комулуп калып кетемби деп жатканда, минтип булар коп акча берип жонотуп жатышса.
-Ага сиз бул болмого кирип акчаны эсептеп келиниз, биз Самат экообуз суйлошуп алалы - деп чыгарып жиберип:
- Самат кандай деп чечтин, иштейм десен кал, иште биз менен. Бизге ишеничтуу,; чынчыл, созуно бек, тын балдар керек. Эмгегине жараша акча толонот.
- Калам Адыл байке, айылга барганда эмне жумуш кылат элем.
- Жаш бала эмессин тушундуруп отургудай. Тушуносун да биздин ишибизди, ызы чуусу коп. Бирок ошончолук жашайсын дагы.
- Ооба тушуном, ойлондум баарын. Эч качан алдабайм, сатып кетпейм, колуман келгенин кылам, олсом да мага тапшырылган иштин аягына чыгам байке.
Адыл тамеки куйгузуп тутунун асманга уйлоп, креслосу артка чалкалайт экен. Чалкалап потолокту карап бир аз ойлонуп отурду да, ордунан туруп, мага колун сунуп:
- Бугундон баштап бизге кошулдун, иштерине ийгилик иним. Эми калганын иштегенине карап коро жатарбыз. Макул бара бер, тайкени узатасынбы? Канат билет эмне кылышты.- деп жонотуп жиберди.
Тайкем коридордо отуруптур, мен чыгаарым менен кирип кетти да, кайра эле чыгып башын ийкеп "кеттик" деп сыртка чыктык. Канат машинесинин жанында тамеки чегип турган экен, машинесине отуруп вокзалга жонодук. Тайкемин конулу ачык, ушунча акча алып жатса ачык болот да конулу.
Вокзалга жеткенче эч ким суйлогон жок. Ар ким оз ою менен. Мен кайра ойлоном, "калып туура кылдымбы же кете берсем жакшы беле", уйдогу акыбалды эстегенде "башка жолум жок дагы эле, бир нерсенин устунон чыгышым керек да баары бир" деп озуму сооротуп коем. Кечээги "мерс" алган баланы эстеп, озуму да дал ошондой машине минип айылга барганымы элестетип жибердим.
Канат барып бир билет алып келгенде гана тайкем:
- Ой эмнеге бир эле билет алдынар? Эмне болду- деп мени карап, козумон; дароо эле тушунду.
- Тайке мен калам, кичине иштеп барбасам болбойт.
- Ой Самат многу акчаны тен болобуз да. Бир машине алып эл ташысан, он кой алып койсон деле тирилик отот да. Ноорузга дагы алма алып келгиле деген. Барып экообуз чогултабыз айылдан. Алмурут, орук как да жакшы отот экен, бааларын кордум. - деп дагы бир нерселерди суйлойун деп жатканда "токтосонуз" деп:
- Мен калам деп койгом, эми кетип калсам болбойт тайке. Жазга чейин кичине иштеп кетейин. Апамдарга карап турсаныз болду. Отунун даярдап келгем, жазга чейин жетет, комурлору аз калган, жакшы комурдон алып барып берин. Анан сырткы эшикти алып салып, темир эшик койдуруп коюнчу. Мен бурсугуну Каныбектердин телефонуна кечки алтыда чалам,; апам келип турсун. Озум айтып тушундуруп коем. Сизден сураса базарга кузотчу болуп ишке кирди деп коюн.
Тайкем баары бир суйлогон менен бекер дедиби:
- Эми мен айткан менен баары бир укпайсын, макул барарым менен биринчи комур алып барып берип, эшикти алып келип озум коюп берем, ал жагынан кыжалат болбо. Акчаны тен болуп, сенин акчаны апчеме берип коем. Анан соссуз чалып апчем менен суйлошуп кой, мени кыжаалат кылбай. Этият бол, апчемин ишенгени эле сенсин. Эч ким менен урушпа, "макул сеники туура" деп кой, андан эч нерсен кемип калбайт.- деп ар нерселерди суйлоду. Акыры поезди кетер маал болгондо жугун которушуп кирип,; жайгаштырып чыктым. Поезд да кетти. Ичим бир эншерилип алды, тайкем менен; кошо бир жылуулук кеткенсип, чытырман токойдо озум жалгыз калгансып куса болуп кеттим. Канат акыбалымы тушунду окшойт:
- Самат бир жерде ашлямфуну жакшы жасашат, жеп корсон. Мен да эртен менен беште тургам. Тамактана элекмин - деп бир кафеге кирип ашлямфу, жуз граммдан эки арак заказ кылды.
- Мен рулдамын, тамактын алдынан алып жибер, артынан тамактанып, дагы жуз грамм ичип алсан жакшы болуп каласын.
Тамактанып чыгып жолдо баратканда:
- Коп эле ойлоно бербе, баары жакшы болот. Адыл ага чынчыл, жакшы иштеген балдарды тез эле которуп алат. Озу кыйынчылыкты аябай эле коргон, эч кимдин акысын жебейт, иштегенине карап аласын. Жакшы иштесен эле тез эле байып кетесин. Жайсанды кордун го, эмне болду. Келгенине эки жыл болбой жатып кандай жерди ээледи эле. Эч ким билбей калат деген да, эми ким ишенет ага.
Коп нерсени сурагым келди, бирок кантип сурайм, баары бир айтпаса деле керек. "Ээ макул" дедим ичимен, "журо турсам кором да".
Бир сааттай шаарды аралап аркы башында экен, беш кабаттуу "хрушевканын" учунчу кабатында бир болмолуу квартирага келдик:
- Мына Самат, азырынча ушул жерде жашап турасын. Шаардын чекеси болгон менен тынч жер. Бир убакта мен да жарым жыл жашагам. Коптон бери эч ким жашай элек, озун тазалап, ирээттеп аласын да. Керектуу нерселерди, бир айга жете турган тамак ашты кечке алып келип берем. Бул аванс- деп чонтогунон бир топ акча алып чыгып столдун устуно койду.
- Мен кеттим, кечки сегиздерде келем. Биринчи кабатта дукон бар, куну туну иштейт. Керектуу нерселерди ошол жерден алып тур- деп кетип калды.
Ремонту жакшы эле экен, бирок бул уй аял атпайдын жузун корбогон окшойт, раковинада жуулбаган идиштер толуп жатат, чакан казанда когоруп кеткен тамак жарымынан болуп калып калыптыр, муздаткычтын ичин айтпай эле коеюн. Болмодо жаны эле чон диван, устундо эки жууркан, жаздык, ортодо стол, бурчта кытайдын чакан тустуу телевизору, столду айланып уч отургуч турат. Столдун усту да ар нерсеге толгон, пиалаларда тамекинин калдыгы, столдун бир бурчунда байпак жатат, столдун устун тазалашчу окшойт байпак менен нандын кукумдору жармашып калыптыр. Жерде журнал, гезиттер, ээ кыскасы...
Кечки сегизге чейин уйдун ичин бирме бир дубалдарына чейин кырып жууп чыктым. Уйдон жети мешок толо толо таштанды чыкты.
Саат сегизде Канат эки бала менен коп кылып тамак, аш сыяктуу нерселерди алып келиптир. Уйдун; мизилдеп таптаза болуп калганын коруп, кулуп койду.
- Самат мына азырынча жетсе керек. Калган керектуу нерселерини эми озун алып аларсын. Арсен деген балага кошту сени, ошол менен иштейсин, чек арага каттайсынар. Озу тушундурот калганын. Азырынча иш жок силерге, чек ара алтысында ачылат, кыскасы алтысына чейин бошсун. Бирок эртен менен ондон он бирге чейин телефондун жанында бол, издеп калышыбыз мумкун. Болду эми калганын Арсен айтат, макул ишине ийгилик. Анан Самат, эч кимге, эч качан; Адылга иштейм деп айтпа, озун жонундо, ишин жонундо, коргон билгендерин жонундо ооз ачпа. Арсен да айтат баары бир, бирок мен да айтып коеюн. - деп коштошуп кетти.
Бурсугуну 31- декабрь, жаны жыл келет. Кандай жыл болот, деги эле эми жашоом кандай болот. Ээ макулчу, адам конбогон нерсе барбы, коном да, балдар деле иштешип эле журбойбу.
Эртеси айылга, коншум Каныбек деген баланыкына чалдым. Апам келип кутуп отурган экен, алып эле:
- Самат балам кандайсын, ден соолугун жакшыбы? Оорубай журосунбу, жумушка орноштунбу, тайкен жакшы, женил жумушка орноштуруп келдим деп келди. Комур алып келип берди, эшик алып келип таштап кетти, эртен орнотуп берет экен. Коп акча таштап кетти, ал акчага аны алдык, муну алдык...- деп тынбай суйлой баштады. Апамын ушу адаты калбады, адамды суйлотпой, суроолорду берип, жообун да кутпой суйлой берет, суйлой берет. Атам жедеп конуп буткон экен ойлосом, апам канча суйлосо деле чымын чаккандай корбойт эле. Гезит окуп, угуп отура берет да акырында баардык суроолоруна "макул" деп бир соз менен жооп берип коет. Апам да атамы билип бутконбу, кайсы суроосуна макул деди билет окшойт, конулу жайланып калат.
Мен да угуп отура бердим, апам "Ай Самат угуп жатасынбы" дегенде "ооба апа угуп жатам" деп коем. Кыскасы он мунотто айылдагы бут жанылыкты уктум, билдим эмнеге андай окуя болгонун. Баары жакшы экен. Ойлоп корсом апам коптон бери минтип суйлобой калган экен. Азыр уйго акча кирип, керектуу нерселерин алып алгангабы, айтор конулу ачылып калган окшойт.; Озумчо суйунуп койдум. Акыры апам суйлоп жатып, демин тартып алып дагы суйлой баштайын деп, бир азга токтой калганынан пайдаланып:
- Апа мен шашылыш элем, жумуштан чалып жаткам, ишке кетишим керек. Жакшы женил, акчасы жакшы толонгон жумушка орноштум. Эми бир жумадан кийин чалам, макул тынч болунуз убакыт бутуп калат - деп дароо коюп койдум.
Чынында конулум анча эле тынчып калды, карындашыма каалаган кийимин алып берет эми апам, озуно да алат. Тамак ашы жакшы болот. Ал акча али бери тугонбойт, тугонгучо дагы акча жонотом.
Булар менен эч жакка кетпей иштейм эми, эмне жумуш тапшырышса да колуман келгенин, келбегенин да аткарам. Акыры бир куну, беш жылбы, он жылбы айылга барам. Уйду кандай жол менен болсо да кайра сатып алам.
Эртеси саат он бирлерде ойгондум, конулум тынчыганга окшойт катуу уктапмын. Озум женил сезип, конулум куунак негедир. Душка жуунуп алып, атайын базарына барып майда чуйдо алып келип, куйрукка аш демдеп жедим. Телевизордо жаны жылга карата ар кандай концерттер, кинолор болуп жатыптыр, жата бердим ар нерсе коруп. Алтынчы январга чейин, дуконго эле чыкпасам, башка эч жакка чыкпай жаттым. Телевизордон жадаганда терезеден сыртты карап ар нерсени ойлонуп отура берем. Эч ким чалган да, келген да жок.
Жетинчи куну саат ондордо бироо; Арсенмин деп чалыптыр,; "азыр барам, даярданып тур бир жакка барабыз" деп коюп койду.
Бир сааттан кийин эшиктин шынгыры чалынып, бою мендей эле го, бирок толо, олбурлуу бала кирип келди. Устундо кышкы булгаарыдан тигилген кымбат кара куртка, курон тусто джинсы, бутунда кымбат баалуу калын кроссовки. Башына кымбат тумак кийип алыптыр. Эски тааныштардай эле учурашып:
- Кандай Самат жата берип жададынбы. Кеттик майрамдар бутту, эми иштейли- деп сурабай этпей эле кухняга кирип термостон чай куюп ичип, - тезирек бол, карангы киргенче ашуудан отуп алалы- деп муздаткычты ачып куурулган эт бар эле, столго коюп, чайдан куюп алып жей баштады. Бир нерселерди суйлоп жатты,; тушунгон деле жокмун. Маал маал уккан адам болуп "ээ" же "аа" деп коюп ары бери кийинип кухняга келип эшиктин алдында туруп калдым. Арсен карап:
- Аа кеттикпи азыр, азыр - деп тарелканы раковинага салып койду да чайын ууртап алып "кеттик" деп ээрчишип чыгып кеттик. "Опель кадет" деген боз тустогу спорттук машинеде келиптир. Артында узунунан жатып алып бир бала уктап жаткан экен, эшиктер ачылганда ойгонуп, учурашып, аты Айдар экен, атын айтып таанышып, кайра уктап калды.
- Тундо келишкен, балдар жетишпей мага шерик болуп кайра кетип жатат, эс алып алсын.
Шаарды айланып откон жол менен тез эле трассага чыгып, саатына жуз отуз-жуз кырк чакырым ылдамдыкка чыгарып айдап чек арага жонодук. Арсен ичинде кири жок бала окшойт мени карап коюп:
- Адыл аганын балдарын уруп салганыны угуп, сени башкача элестеттим эле, мендей эле турбайсынбы. Келемиш ко мейли эми, Жанарларды озун жалгыз кантип уруп салдын.
- Шарт ошондой болуп калды.
- Туура кылдын, таяк жеп туруп беришин керек беле. Келемиш чындап эле келемиш экени билинип калды го. Алдасан акыры тубу билинет да бир куну. Озу да ото эле кооп кетти эле акыркы убактарда. Бир жолу айылдан досум келип калыптыр, сыйлап коеюн деп мен да жер куруп калгансып Келемиш караган базарга; барып алыпмын. Келемиш балдары менен кафенин алдында турушкан эле, терезеден корунуп турган. Бир жаш эле бала, жаны эле уйлонушкон окшойт, келинчеги жоолук салынып алыптыр, экоосу кафеге кирейин дешкен окшойт, жанынан отуп кетатышканда- деп эстеп жини келип кеттиби согунуп алды.- Келемиш тиги жаш келинди колунан кармап тартып кучактап алды, балдары тиги баланы жолотушпай жолун тосуп жатышат. Балада да тузук эле бар экен, эки баласынын оозун жара коюптур. Энендурайын акмактар, коптугуно салып тиги баланы дубалга такап алып коптоп урганы жатышат шакалдар. Кантип экинчи кабаттан тушуп барганымы азыр да эстей албайм. Келемиш келинди кое бербей, элестетсен жаны турмушка чыккан келинди куйоосунун козунчо жоолугун чечип асманга ыргытып тийишип жатат. Беш кучугу бир баланы тегеректеп, же бироосу эркек болуп бирме бир чыгып мушташа албайт, турушат кол салыша албай, бироосу да даап бара албады. Тушуп чуркап барсам Келемиш мени корбой турган эле, желкесинен тартып, жерге кулаганына карабай, ылайларга оонатып судуроп кафенин артына алып отуп, тургузуп туруп тумшукка урсам, кыздай эле назик жаны бар экен жыгылып калды, вагондор бар айдоочулар туногон, ошонун темирин башы менен сузуп, тубуно томолоп кирип кетти. Ошол бойдон вагондордун тубуно кирип бекинип чыкпай, карматпай койду- деп согунуп алды - кирейин десем кийимим кир боло турган. Эгер кармаганда когоргон кок козун чукуп колуна карматат элем акмакты. Берки беш баласын да тизип алып какыс кукус кылып койдум акмактарды. Кафенин алдына барсам келин ыйлап отурат жолдун боюнда, куйоосу жанында отуруп алып сооротуп жатыптыр. Кафеге алып кирип, Келемиштин эсебине жаздырып тамактандырып, келиндин колуна акча берип жонотуп жибердим. Келемиш эркек эмес, эркек адам эч качан суйлошкон кызы, же аялы, же айтор эркек бир аял менен баратса аялдын козунчо эркекти кемсинтпейт да. Бул эркекмин дегендердин арасындагы жазылбаган мыйзам го акыры. Келемиш бир болсо кыздар коп уй булодо, ата тарбиясын корбой, эч кимден таяк жебей чонойгон да. Агасы же иниси болсо ошолор менен болсо да кырылышып, мушташып, коп нерсени тушунуп чоноет эле. Жалгыз бала болуп чонойгон болуш керек, ошондойлор ажыкыз болуп калышат. Ээ мейличи, андайларды эстебей эле коелучу.
Элестетип жибердиби ошол окуяны анчага чейин унчукпай калды.
Мен да Бишкекте болгон окуяны эстеп кеттим. Анда экинчи курста окуп калгам. Окуу жайда ушу Жайсанга окшогон тортунчу курста окуган Сыймык деген бир бала бар эле. Ар дайым томонку курстун балдарын эки, уч досу менен ар жерден кармап алып коркутуп, акчасын алып койчу. Бир куну окуу жайдын жанында уч досу менен бизди да кармап алып; ар нерсени суйлоп, акча талап кылып жаткан. Бир жакшынакай кыз, он сегиз- он тогуздарда го, жети сегиз жаштардагы синдиси окшойт, кичине кызды ээрчитип алып, ошол тегеректеги уйлордон батирлерди кыдырып ботолко чогултуп журуптур. Эки пакет; чогултуп чыгып эшикте турган чон капка салып, дагы уйлорду кыдырып кетет, синдиси капты карап калат. Сыймык ошол жердеги уйлордун бироосундо уч торт бала болуп батирде жашашчу. Бизге мактанайын дедиби, "азыр карап турсанар" деп козун кысып коюп ошол кыздын артынан кеткен. "Эмне кылар экен" деп турсак, бир аздан кийин жанагы кыз он жаагын колу менен кармап, ыйлап келип синдисин кучактап отуруп калды. Чачтары уйпаланган. Копко чейин аябай ыйлады. Биз тушунбой туруп калдык. Жанына барып сурайын дейбиз, бирок батына албай карап эле туруп бердик. Бир аздан кийин Сыймык жыртайып келатат. Жанагы кыздын жанынан отуп келатып бир нерсе деп суйлоп отту. Кыз башын бир которуп карады да, синдисин кучактап дагы ыйлап отуруп калды. Сыймык жаныбызга келип эмне болгонун мактанып айтып берди. Корсо жана козун кысып кеткенде, ушул кыздын артынан барып, "уйдо ботолко бар" деп алдап батирине алып кирип зордуктайм деген экен, тиги кыз каршылык корсотсо бетине муштумдап бир коюптур. Байкуш кыз дубалда илинип турган кузгу менен Сыймыкты бир чаап качып чыгыптыр. Сыймык озу да тойгузуп жургон, жалжандап суйлоп аткан оозу ушунчалык козумо жаман корунуп кетти, ушунчалык ачуум келген экен ошол маалда, жалжактап суйлоп жаткан оозуна кучумун баарынча муштумдап бир койсом жатып калды.
- Бул кыз тирилик кылайын деп журсо сен зордуктайм деп. Жур эркексинби жекеме жеке мушташабыз. Мен сага тушундуром алсыз кыздарды кордогонду - десем балдар тан калып калышкан. Сыймык согунуп-сагынып ордунан туруп:
- Журу мен сага корсотом, эч кимин аралашпагыла- деп мени желкемен тартып, окуу жайдын эч ким жок жагына отуп мушташканбыз. Сыймык быдылдап суйлогон тили эле болбосо коркок экен. Башында бир эки кол кайтарган болуп, эки уч муштум жегенден кийин дубалдын бурчуна бурушуп эле бети башын калкалап, жалынып эле отуруп берген. Шериктери да аралашпай туруп беришкен.; Эртеси жолукканда да эч нерсе дей албады. Ошол бойдон окуу буткончо эч кимге тийбей момоюп журуп калган.
Арсен жини келдиби, копко чейин суйлобой жолду карап барып:
-Шеф озу алыптыр го сени жумушка, эми жакшы иштесен эле баары жакшы болот. Негизгиси алдабай, тын, таза иштесен тез эле которуп алат. Эми озун деле тушуносун да, Адыл агага мындай иште ишеничтуу адамдар керек. Айланасына алдап, сатып кетпей турган, кыйынчылык болгондо ишене турган балдарды топтогусу келет да.
- Тушуном, эмнеге алдайт элем, адамды сатып кетиш мен учун эмес. Сатып кеткендерди кордук ко.
- Макул эми, кеп мындай, мен сага кылар ишибизди тушундурушум керек. Эми экообуз бирге иштейбиз, кылар ишибиз ар торт кундо Кытайдан фураларда жумуртка, эт, аудио-видео техника, кийимдер, кыскасы ар нерсе чыгат. Ошону чек арадан тосуп алып базага алып келип тапшырабыз. Эки кун барып келишибизге кетет, эки кун бошпуз. Ар барып келгенибизге акча толонот. Сага канча толойт билбейм, тологондо озун коросун. Бардачоктун тубундо кнопка бар, карасан.
Бардачоктун сыртын, пол жагын сыйпалап билинер билинбес кнопка таптым.
- Таптым.
- Бас ошону,
Бассам алакандай болгон жери ачылып колума тийип, полго; "ПМ" маркасындагы пистолет тушуп кетти. Пистолетти кармалап, Арсенди тан калып карап калдым, Арсен башын ийкеп:
- Бул сеники, билесинби эмне экенин?
-Пистолет Макарова, патрон 9;18мм, эффективная дальность полета 50 метр, 350 метров сохраняет; убойное действие пули, дальность полета пули 400 метров, боевая скорострельность 30 шт. в минуту. Вес не заряженный 0,73 кг, с патронами 0.81 кг.
- Оой болду, болду. Тушундум. Армиядабы?
- Жок, универде, военный кафедрада. Бирок омурумдо уч жолу эле беш октон аткам. Жыйырма беш метрден атчу элек, мугалимдер окторду сатышат окшойт, "аттык ооба" деп кол коюп берип коюп журо берчубуз.
- Сатышат да. Сен жаны жылга туура келип калдын да, барып келели анан бош убактында каалашынча ата бересин.
- Тир барбы?
- Жок, союздан калган полигон бар, эч ким барбайт ал жакка. Балдар ошол жакта машыгышат. Сен да барышын керек. Коп жыл милицияда иштеген инструктор бар, бир, эки ай сени уйротот ар кандай нерселерге. Жаны киргендердин баары бир жарым, эки ай ошонун колунан отобуз. Бирок пайдасы коп, коп нерсени уйронуп аласын.
- Барам Арсен, эми ишибизге керек болгондон кийин барыш керек да.
Жолдо ар кандай машиналар отот, анда санда айыл болбосо кобунчо эле ээн талаа.
- Фуралар озулору эле келе бербейби?
- Жолду коруп жатасын го, ээн жерлер коп, ар нерсе болушу мумкун.
Мындай жерде пушка менен атсан деле эч ким билбей калса керек, ууру кескилерге аябай ынгайлуу жерлер экен.;
- Адылдын жугу десен коркушпайбы?
- Адыл агага окшогондор Казакстан боюнча толуп жатпайбы. Озун деле тушундун да, мындай ээн талаада, тигине - деп чакан тошту корсотуп-тээтигинин артына алып отуп кетсе ким табат. Ким тоноп кеткенин ким билет.
Пистолетти ордуна бекитип, кайра тез ала коюп, айтор шашылышта ала койгонго колуму кондуро баштадым.
Арсен карап кулуп койду да, отурган отургучунун капталынан коз ачып жумганча еврейлердин атактуу "Узисин" алып чыгып корсотуп, бироону аткансып алды жагына такап бир эки оозу менен "пуф, пуф" деп кайра ордуна салып койду.
- Бир немис машине уста орнотуп берген, бут машиналарыбызга ошол орнотуп берет. Ойго келбеген жерлерге ушундай жайларды жасап берет. Менттер канча тытышты, алиге чейин бир да жолу таба алыша элек.
Эми мен сага инструктаж отушум керек. Ушул жол Кытайдын чек арасына алып барат. Шашпай айдасак он беш, он алты саатта жетип барабыз. Жолдо ээн жерлер коп, ошондой жерлерде этият болушубуз керек. Фураны тонойбуз дегендер ошол жерлерде тосушат. Самат туура тушунушун керек, экообузго эч ким жардамга келбейт, товар экообуздун мойнубузда. Ошон учун да коп толонот бизге. Ээн жерде бизди атып салып фураны талаага айдап кирип кетсе эч ким таба албайт. Ким тоногону да билинбей кетет. Товарларды ар жакка алып барып сатып жиберишет болду, фураны орттоп салышат же запчасть кылып сатып жиберишет. Азыр мурункудай болбой калды, бирок айтып болбойт. Мурун бир фураны сегиз бала эки машинеде коштоп журчубуз, азыр тынч эле болуп калды Аллага шугур.
- Эмне ушул биртке жумуртка учун атып салышы да мумкунбу?
- Жыйырма беш тонна жумуртка биртке эмес да, билесинби канча акча болот. Фуранын озу эле канча турат. Эми айтып болбойт, ар кандай шартка даяр болушубуз керек. Бир ай боло элек, Озбекстандан Россияга кетаткан уч фура дайынсыз жок, алиге чейин кабары чыкпады.
Уктап калыпмын, машиненин эшиги жабылганга ойгонуп кеттим, жеткен окшойбуз, Арсен менен артта уктап келген Айдар жарыктар чыгып турган жакка кетишти. Машинени очурбоптур, печкасы иштеп атат. Чон, чон фуралар бир катар, женил унаалар бир катар болуп тизилип акырындан жылып коюшуп турат. Чек арадагы терминалга келишиптир. Ары бери баскан эл коп, ар ким озу менен убара. Чон куйуп очкон жарыгы бар; тамгалар менен "Достык" деп жазылып турат. Машинадан чыгып бир аз турам деп тонуп калдым. Терминал ээн талаага курулган экен, шамаал, ызгаар суук. Суук ар бир клеткана кирип жаткандай сезилет, ото эле суук экен. Мындай суук тээ Россиянын чукча, эвенкилер жашаган жактарында эле болсо керек деп ойлочумун. Суукка чыдабай кайра машинага качып кирдим. Машиненин ичи ысык, радиону жагып алып ырларды угуп отура бердим. Бир сааттан ашыкта Арсендер келип машинени айдап жолго чыгып кайра артка жонодук. Терминалдан бир аз алысыраак, ээн жерде бир фура токтоп, айдоочулар окшойт, жанында эки адам турат. Арсен озу тушуп бир аз суйлошуп, жолго чыктык.
Тынч эле келдик Карагандыга. Бир эки жерде ГАИлер корунгондо алысыраакта токтоп кутуп туруп,; айдоочулар озулору суйлошуп айдап жоношкондо артыраакта жонойбуз. Жолмо жол Арсен тушундуруп келди эмнеге токтошту, эмне болушу мумкун.
Карагандыга, базарга келип чон склад бар экен, фура кирип кетти, Арсен машинаны очургон да жок, дарбазаны ачкан бала колун которуп коюп, дарбазаны жабары менен шаарга жонодук. Устундо "Европа плюс" деген радионун рекламасы илинген сегиз кабаттуу уйдун жанына токтоп:
- Жур Самат биринчи иштеген акчаны ал. Бизге кошулганыны жууйлу- деп кулуп, учообуз имараттын экинчи кабатына чыгып, узун коридор экен сыртында 27 деген катар номер, "Кароним-жемис" ООО деген жазуусу бар болмого кирдик. Ичинде торт бала туруптур. Копчулугу тааныш балдар эле, учурашып, алар акчасын алышкан экен чыгып кетишти. Биринчи Арсен кирип чыкты, андан кийин Айдар чыгып, мен кирдим. Жайсандын офисинен коргон коз айнекчен Касен аба экен, коз айнегинин устунон карап:
- Ээ Самат кел балам, азыр- деп кагазын карап калькулятору менен бир нерселерди эсептеп, тартмасынан акча алып чыгып эсептеп сунуп:
-; Мына балам биринчи акчан. Алдынан ширин нерсе алып же, анан деле тиги алдамчыларга жууп берерсин. Адам куруп калгансып сени чон алдамчыларга кошуптур да. Макул эми, бара бара билип каласын аларды. Аванс алган экенсин, ар рейсинерде отуз пайыздан кармап калам, уч жолкуда кутуласын, анан толук ала баштайсын акчаны. Болду бара бер эми, жакшылыктарга буйрусун.
Кимдин оюна келет бандиттер мындай болушат деп. Таптакыр башкача элестеткен элем. Бир барып келгениме ушунча акча толосо уч айда орточо "жигули" алып алсам боло тургандай.
Арсен "бир жерде бешбармакты жакшы жасайт" деп шаардын сыртына, трассанын боюна жайгашкан чон кафеге бардык. Адам аз, тынч жер экен.
Торт сааттай отурдук окшойт. Кечки саат ондордо мени уйго таштап коюшуп кетишти.
Эртеси эртен менен эскирээк "жигулиде" бир бала келиптир. Шаардан чыгып бир сааттай жургондо ээн талаада ташталып кеткен казармалар бар экен. Бир машина турат, беш бала кутуп турушуптур. Биздин артыбыздан эле; "BMW"да чон, семиз киши келди. Кундон калкалоочу коз айнек, аскердик тустогу форма кийген, бутунда калын берца, колунда булгаары кол кап. Американын кинолорундагы шерифтерге окшотуп жибердим.;
Кечки алтыга чейин, илгери гараж болгон окшойт, жылуу жерге кирип алып пистолеттин торт турун, "Узи", АКМ-47, тузулушун, чачып кайра жыйнап, кечке чейин ар бирибиз ар куралдан жуздон ашык ок аттык. Эртеси тушко чейин милиция кармаганда озун кандай алып журуш керек, суроолорго кандай жооп бериш керек. Адамдын козуно кантип караш керек, айтор ото эле коп нерсени; уйротту. Туштон кийин дагы пистолеттен, автоматтан ар кандай аралыкта атып уйронуу.
Эртеси дагы чек арага бардык.
Кээде чек арага барып келип, кайра эле жолго чыгабыз. Ар кандай акыбал болот экен. Кыргызстандын, Озбекстандын чегине канча жолу барып келдик. Каспий денизинен да жук коп келет экен. Тыным жок. Кобунчосу Арсен экообуз журобуз. Кээде тундо ээн талаада ГАИшниктер тосот. Андайда Арсен экообуз фурадан алысыраак даяр турабыз.
Адыл ага Карагандынын базарын эле ээлейт деп ойлогом, корсо шаардагы коп ресторан, кафелер, майда чуйдо дукондор да карайт экен. Кээде автоматтар менен ондон ашык бала уч же торт машинеде кен казып иштеген ишканаларга да барып, чакан жук ташыган унааларда бир нерселерди таштап келебиз, же алып келебиз. Ичинде эмне бар бир Кудай билет.
Коп отпой мага аты жонум озгоргон, Казакстандын жаны паспортун алып беришти. Арсен "озуно тынч болот, дарегини эч ким билбейт" дейт.
Дагы деле баягы жумуш, жолдо журмой. Иштегениме торт айдан ашып калыптыр. Жумушка, бирге иштеген балдарга конуп буттум. Арсен менен жакын дос болуп калдык, кээде уйуно чакырат.
Айылга, апама тез тез акча салып, суйлошуп турам.
Апам ар суйлошкондо "качан келесин" дей берет. Озум деле баргым келет, кээде Кыргызстандын чек арасына барганда уйдогулорду сагынып куса болуп кетем.
Жаз келип калган. Кытайдын чек арасынан эки фураны эки машинеде коштоп келатканбыз. Алдыдагы фураны Арсен шериктери менен коштоп, тээ анча эле алдыга кетип калышкан. Баарыбызда айдоочулардын арасында таанымал "уоки-токи" деген рация бар, бири бирибиз менен байланыш ушул рация аркылуу. Биз экинчи фураны коштоп эскирээк "тойотада" фурадан эки чакырымдай арттабыз. Рулда Кани деген бала, жанында Рустам деген бала, артта мен. Тартип боюнча машиналар бири биринен тегиз жерлерде он; чакырым,; тоолуу жерлерде беш чакырымдан ашык алыстабашы керек, рация тартпай калат. Тынч эле болгондуктан кобунчосу рацияга карабай кете берчубуз. Саат тунку эки болуп калган, кун буркок болуп, ай корунбойт. Айлана козго сайса корунгус капкарангы. Магнитофондо айтылуу Стив Уандер суйуктуусуно телефон чалганын айтып ырдап, айылда бир кыз бар эле менден эки жаш кичуу, атасы кыргыз, апасы уйгур, ошону ойлоп келаткам. Мамилебиз жакшы эле, мени да жактырса керек, козунон, мамилесинен байкачумун. Бирок ото эле ыймандуу эле, ашыкча суйлой албайсын.
Бир маалда рациядан биз коштоп келаткан фуранын айдоочусу Игорьдун уну чыгып калды:
-Менттер балдар, токто деп белги кылып жатышат.
Рация алдыда отурган Рустамда эле, "тушундум" деп машинанын ылдамдыгын азайта баштады. Эгер ГАИшниктерге фураны коштоп жургон машина токтогону коруно турган жер болсо, фураны токтотсо да токтобой отуп кете берет да, менттер корбой турган, мумкун болушунча жакыныраак жерге барып кутуп, эгер бир нерсе болсо дароо кайтып келе койгонго даяр турушубуз керек. Дароо саатымы карадым, экиден жыйырма беш мунот отуптур. Бул жерде эч качан токтотушпаган эле. Журогум бир жамандыкты сезди. Арсен жок, бул жерде, мен чечим кабыл алышым керек.
- Кани токтобо, ылдамдыкты да азайтпай отуп кете бер. Рустам рацияны бер.
Эгер Арсендер рация тарткан жерде болсо булардын Игорь менен суйлошконун соссуз угушмак, дароо байланышка чыгышат эле. Ото эле алыстап кетишкен окшойт. Менттерди корушпоптур, эгер корушсо дароо бир кабарын билдиришет эле. Демек буларды тоскон менттер алар откунчо корунбой, бекинишип туруп, анан чыгышкан да. Артты карасам бир да машиненин жарыгы корунбойт.
Рациянын капталындагы кнопкасын басып:
- Игорь булар ГАИ эмес, токтобо, катуу айдап отуп кет.
- Самат алар автоматтар менен турушат отуп кете албайм.
Согунуп алдым. Акыры тосушуптур да.
- Макул токтой бер, биз отуп кете беребиз да машинеден тушуп калып жоо кайтып келип карап турабыз. Эч нерседен коркпо, айтканын кылып, убакытты созуп тур, биз бат эле келип калабыз. Каршылык корсотпогуло.
Фуранын арткы тормоз бергенде куйчу жарыктары куйуп фура токтоду. Биз тез эле алардын жанынан отуп кеттик. Туура эле ойлогон экенмин, бул жерде чакан тош бар, алдынкы машина отуп кеткенче ошонун артына бекинишип турушкан да. ГАИнин "жигулиси", жанында уч автоматчан адам турат. Жанынан отуп кетип жатканыбызда экоосу козу тешилгиче карап жатышты. Бироосунун турган турушу негедир тааныштай сезилип кетти, ким эле деп ойлонуп эстей албай койдум.
Эки чакырымдай жургондо жол бурулуп кетет. Менттерге корунбой калат машина.
- Кани мен айткан жерде токтойсун, Рустам пистолетини ал, биз тушуп калабыз, сен Арсендерди кууп жет, тез келип калгыла. Рация сенде боло берсин. Тез, тез байланышка чыгып тур, мумкун тегизирээк жерде байланышып каларсын. Арсендер келгенде биз тушкон жерден тушуп, жоо барышсын эч кимге корунбой. Озун катуу айдап отуп кете бер,; калганын шартка карап аракет кыл, кыскасы шартка карагыла.
Арткы орундуктун тубуно эки пистолет бекитилген, экоосун тен алып чыгып, бироосунун магазинин чыгарып чонтогумо салып, ордуна бекитип бироосун шымыма кыстарып алдым. Бурулушка жетип менттерге корунбой калганда машина токтоп, Рустам экообуз тушуп калдык, Кани катуу айдаган боюнча кетти. Казак талаасынын айтылуу шамалы болуп жатыптыр, кум коз ачырбайт.
- Кеттик- деп, жолдон он метр алысыраак чыгып чуркап жонодук.
- Жакындаганда сен жолдун аркы бетине отуп, жолдон он метрдей алысыраак жактан бар, бекинип жаткандар болушу мумкун. Бирообуз билинип калсак, экинчибиз Арсендерге кабар бере турган бололу. Барганда эми айла жок, байланыша албайбыз, шартка карайбыз эми. Атыш керек болсо ойлонбой ат.;
Рустамдын корккону билинбейт, кыска гана "тушундум" деп койду.
Бир чакырымдай калганда Рустам жолдун аркы бетине чуркап отуп кетти. Машиналар турат жарыктары куйуп. Бир маалда фура, артынан "жигули" журуп, жолдун аркы бетине отуп, талаага кетишти. Мен да; жолдон отуп Рустамды кууп жетип алдым. Талаанын жолу онгул донгул болгондуктан машиналар жай кетип баратышкан. Алдыда жигули, фура артта. Булар атайын шамал болгон маалда чыгышыптыр, машиненин изин шамал кум учуруп, тез эле жаап кетет. Рустамды женинен тартып токтоттум:
- Сен калып Игорлорду карачы, ошол жерге таштап кетишиши да мумкун. Анан Арсендердин келишин кут, Игорлорду издеп корчу, эч нерсе кылышпады бекен. Алар коп, экообуз барганда бекер эле аларга жем болобуз. Мен артынан бара берейин, мумкун жакын арага эле бекитишер. Каяка барганын коруп билип алсак болду. Эртен деле келип толотуп алабыз да. Бул жакка келгенде рациядан суйлошо корбогуло. Макул чурка- деп, озум машинелердин артынан кеттим.
Машиналардан алыстабай эки жуз, уч жуз метрдей артта чуркап кете бердим. Бир тоону айланып отушуп жолго корунбой калганда "жигули" кокусунан эле токтоп артка бурула баштады, фарасынын жарыгынан мени дапдаана эле коруп коюша турган. Же бекинип кала албайсын мындай тегиз жерде. Шашканыман жарыктан качып фурага жакын келип, артына отсом "жигули" да ошол жакка бурду. Тез чуркап фураны кууп жетип, арткы эшигине жармашып, устуно чыгып жатып алдым. "Жигули" фуранын кабинасына туштап токтоп, бир нерселерди кыйкырып суйлошушуп, жигули кайра трасса жакка кетип калды.
Фура талаа менен кете берди. Коп болсо уч адам калгандыр, кабинанын устунон атып салсамбы деп да ойлодум. Бирок адамды атыш эле онойбу, каерге барып бекиткенин коруп алсам, эртен копчулук болуп келсек алып кетебиз да. Каякка качышмак эле, бекитишсе да Адыл ага таптырып алса керек.
Шамалдан эки жакты карай албайм, жол; корунбойт. Жарым сааттай жургондо шагыл тогулгон жолго чыгышып, каттуу айдап, мен тез тез саатты карап коюп келаттым, он жети мунотто бир короого келдик, жарык корунуп, мал сарайлар турат. Секирип тушуп калайын десем мындай ылдамдыкта тушо да албайсын. Сарайларга жакындаганда жаткан жеримен тушуп калайын деп жетишпей калдым, машина жарыкка токтоп, тушсом эле корунуп кала турганмын. Бир жагынан уч чон, чон "алабай" иттер журушот курсуйушуп. Пистолетими октоп, жатып калдым. Мал сарайдын эшиги ачылып, фураны айдап киришип эшикти бироо ичинен жабып, кулпулап салды.
Суйлогондоруно караганда машинеден уч адам, тушту:
- Кандай Кайрат, тынч элеби. Эч ким корбодубу. Болаттар кана?
- Тынч эле, кок мээ Болат Кайнарга кетти балдарды алып, куралдар да ошодо. Эртерак шефке айтып жагынайын деп жатат да. "Эртен бар, азыр тынчырак туруп туралы" десем болбой кетти.
- Алар жокпу, келбейби?
- Жок энендурайын, "Ким келет эле, эч ким корбоду го" дейт. Бир "тойота" отуп кеткен жаныбыздан, коштоп жургондор эле да, биздин автоматтар менен турганыбызды коруп токтобой отуп кетишти. Азыр адамдарын алып келип издеп, бул жакка келип калса эмне кыла алабыз.
- Кантип табат эле бизди, келишсе да эртен менен аран жетип келишсе керек, Карагандыдан эле келе коюш оной эмес да. Ага чейин Болаттар да келип калат, жетишебиз.
- Жетишебиз, жетишебиз??! Ээ макулчу, Касым, Сейит экоон чыгып жолду караштырып, кумдан коп кылып эле чачып салгыла. Азыр шамал токтойт, токтогуча изди жаап калсын, тездеткиле. Аман ме кагаздарды,; эртен Кайнарга барып факс менен шефке жонотуп коесун, азыр барып оронун ачкычын алып келип коюп Касымдарга жардам бер. Мен азыр чыгам- деп баары ар тарапка чуркап кетишти.
Карасам эч ким жок, акырын тапанчамы даяр кармап тушуп эшикти тартсам ачык экен, отуруп ичинен култап алдым. Игорь менен шериги артында, айдоочулар жатчу жерде колу буту чытыратып байланып, оозуна суйлой албай тургандай кылып, бир нерсе тыгып, сыртынан тушуп калбасын деп жоолук менен танып салышыптыр. Коздору алайып жатышат. Башы козу соо эле окшойт, когоргон эткен жери жок. Мени коруп, таанып эле булкуна башташты. Бардачокту карап зым кырккан аттиш бар экен, жиптерди кырчып биринчи Игорду бошоттум:
- Тез айда кеттик, дарбаза жыгачтан эле экен, сузуп чыгып кете бер. - деп озум пистолетими алып, эшиктин айнегин тушуруп даярданып калдым. Эч ким жок. Игорь да семиз болгону менен шамдагай экен, жанталашып ордуна отуруп машинаны от алдырып дарбазаны бузуп чыгып кетти. Эшикте бироосу арабаны кармап, экинчиси курок менен кум сээп жаткан экен, пистолетими коруп, ооздору ачылып эле анкайып караган боюнча калышты.
- Онго бур, тезирээк айда мумкун болушунча.- деп Игорго кыйкырып; терезеден башымы чыгарып артты карап келаттым.
Игордун шериги, Денис деген жыйырмалардагы бала эле, коркуп калыптыр коздору алайып. Анын да колу бутун чечип бошотуп койдум.
- Игорь куралын барбы?
Игорь эшигин кашылап атып эски "ТТ" алып чыкты.
- Толук магазини менен.
-Денис азыр артыбыздан кууп келишет, атып коргонсунбу?
Денис "жок" деп башын чайкады.
- Биякка от- деп Игорь Денис менен орун алмашып- тегиз жерди карап, шашпай айдай бер.-деп пистолетти алып- Самат сен кабинанын устуно чык, фильтрдин трубасын кармап алсан жыгылбайсын. Мен терезеден карайын, алдыбыздан келип калса мен атам. Коркпо мен мергенчимин. Жуз элуу, керек болсо эки жуз метрге чейин эч ким кутулуп кете албайт. Артты сен карайсын, жакындатпасан эле кутулуп кетебиз- деп мен коркуп жатсам жыртайып кулуп коет.
- Макул, бурулар жерге келгенде кабинанын устун тебем, онго бурулуп талаа менен айдай бересинер.
- Талаа менен каякка барабыз жолду билесинби.
-; Тапсам керек, келатканда саатты карап келгем, ошол убакта бурулсак коп деле адашпасак керек. Мумкун талаага кирип кетсек таппай калышар. Айдай берчи коробуз да. Рацияны текшерип тур, балдар деле келишип калган болуш керек.
Эптеп Игордун жардамы менен кабинанын устуно чыгып фильтрдин трубасын кармап отуруп алдым.
Шагыл жол менен он жети мунот жургондо дагы онго бурулуп талаага кирип кеттик. Шамал анча эле басылып калыптыр, бирок ызылдап кара суук. Асманда булуттар тарап ай да корунуп айлана жакшы эле корунуп калды. Тааныш жерлер корунбойт, айтор туз эле кете бердик. Эч кандай машиненин жарыгы корунбойт. Куугандар деле табышпаса керек мындай кен талаада, каягынан издешет эле. Куралдары да жок болсо. Арсендер деле издеп журушкондур. Ото эле суук экен, колдорум тонуп калды. Анча эле алыстап кетип калганбыз, кокусунан эле каптал жактан, чакан дондун артынан, кутуп турушканбы эки машинанын жарыгы куйуп, туз эле фураны коздой жоношту. Айдын жарыгынан даана эле корунду, бироосу "москвич", бироосу "виллис" экен. Пистолетти алганга оной деп койнума салып алган элем, колум ушунчалык тонуптур, камтууга келбейт. Алып чыккынымча Игорь бир магазинин толук жок кылды окшойт, сегиз жолу ок атылып, эки машиненин тен жарыктары очуп, калды. Машиналардын бироосу бурулуп артка; кетти, экинчиси ордунда токтоп, ичинен эки адам тушуп машиненин артына бекинип калышты. Ошол бойдон куушкан жок.
Бир аз жургондо тээ алды жакта, алыстан машиналардын жарыгы корунуп калды, Игорлор да коргон окшойт ошол жакка буруп, талаа тегиз болгондуктан катуу айдап, тез эле трассага чыктык. Рациядан байланышышканбы, тез эле Арсендин машинасы кууп жетип сигнал берип алдыга отуп токтоп, фура да токтоп Игорь эшигин ачып, башын чыгарып:
- Каскадер туш эми отура бербей- деп кулуп машинадан тушуп тамеки куйгузуп чегип калды. Арсен чуркап келип эле:
- Эмне болдунар, соосунарбы баарынар- деп Игорлор менен учурашып, мени кучактап- тонуп калыпсын го - деп чуркап кетти да, машинадан бир шише арак алып келип стаканга куюп - Ме, алып жибер- деп мага сунду.
Ото эле ушуп калган экенмин, колдорум камтууга келбей, фуранын устунон аран туштум. Аракты ичип стаканды дагы сундум:
- Дагы куйчу.
Арсен дагы баса куюп берди.
Ангыча Кани "тойотасы" менен келип калды, Рустам, Арсендин машинасындагы эки бала да тушуп келишип биринчи эле мени менен кучакташып ал акыбалды сурашып калышты, мен учун чын дилинен кыжалат болушканы даана байкалып турду.
Торт ай мурун кимдин оюна келет эле ушинтип булар менен жакын дос болуп калам деп.
- Болду кеттик, Самат жур менин машинама. Игорь кеттик калганын барганда суйлошобуз, менттер келип калбасын. Шашпай айдай бер, эми эч ким тие албайт бизге.
Машиненин артына отуруп эми эшигин жабайын деп жатсам Игорь чуркап келип:
- Эй Каскадер сен товарды эле эмес мени да чон балээден сактап калдын. Тигилер олтурушпосо да кийинки жашоом эмне болот эле, бир Кудай билет- деп дагы эмне десем деп ойлонуп туруп - ээ мейличи - деп колун шилтеп коюп машинасына чуркап кетти.
-Каскадер?- деп Арсен каткырып кулуп - "Форсаж"да катышпадын беле, ким эле жанагы актердун аты,; Ван Дизель. Ошого жаман окшош экенсин. Айта бер ошо сен болсон эч кимге айтпайм, мага автограф эле берсен болду- деп ар нерсени суйлой баштады.
Ушуп калганга унчукпастан арактан дагы куюп ичип, одеяло бар экен оронуп жатып Арсендин суйлогондоруно жооп бербей тез эле уктап калдым. Ошол уктаган бойдон Карагандыга жеткенде гана ойгондум. Арсен базага кирип кетип жыйырма муноттой жок болду да,; келип, рулда Рустам экен:
- Орманга айда, Самат шеф ошол жакка келип турат экен, сен менен суйлошом дейт. Эр журок турбайсынбы, кантип коркпой озун жалгыз бардын. Атып салышат деп ойлободунбу?
- Шарт ошондой болуп калды.
-Ой эмнеге эле сенде шарт ушундай болуп кала берет.- деп адатынча ар нерсени суйлой баштады.
Адыл аганын болмосунун эшигинде башында мушташып кеткен эки бала турган экен, "кутуп тур, азыр адамдар чыксын" деп; бир аз кутуп калдык.
Акыры эшик ачылып дункуйгон торт бала чыгып кетишти да, эшиктеги эки баланын бироосу кирип эле кайра чыгып:
- Самат сен кир, Арсен сени бир аз кутуп турсун дейт- деп мени киргизип жиберди. Адыл ага ордунан туруп келип учурашып, далыман таптап столго отургузуп, озу да ордуна отуруп:
- Рахмат иним, ишибиз учун омуруну тобокелге салыпсын. Унутпайбыз бул кызматыны. Эми кандай болгонун майда чуйдосуно чейин айтып бер мага.
Болгонун болгондой, эч нерсесин калтырбай айтып бердим. Адыл ага адамды укканды билет экен, созуму болбой кунт коюп угуп отурду. Айтып буткондо, уч торт суроо берип:
- Самат эми соз мындай, болгон окуяны жан адам билбесин, билген балдар да эскертилди, алардан соз чыкпайт. Сен да эч кимге айтпа макулбу. Эртен эмне болот айтыш кыйын. Тушундун да.
- Тушундум.
-Макул анда барып эс ала бер, бир жума эс ал, акчасы толонот. Кааласан Кыргызстанына барып кел, жол кирен бизден болот.
- Азырынча барбайм го Кыргызстанга.
- Макул озун бил, Арсенди чакырып кой, кирсин.
Арсен беш мунотто чыкты, башкача болуп кудундап калыптыр. "Кеттик" деп башын ийкеп, унчукпай машинага отуруп, Касен агага барып акчаларын алганда да суйлобойт дугдундап.
Тан калып койдум, бир эки суйлосом жооп бербейт, акыры жиним келип:
- Ой эмне эле суйлобойсун, эмне болду?- десем:
-Сен жашсын али чондор менен суйлошконго, качан мурдуну таза тазалаганды уйронгондо гана суйлошом, кач, мага тоскоол болбо- деп дугдундап бир казакча шандуу ырды унун катуу чыгарып ырдап, машинасын айдап шаарды айланып бир жакка эле кете берди.
-Менин деле сен менен суйлошойун деп козум чачырап турган жок, каякка баратабыз - десем Арсен колун которуп, жаш баланы "унун очур" дегендей белги кылып коюп ырдай берди.
"СТО" деген жазуусу бар дарбазадан кирип токтоп:
- Журу балам сага машина алып берем- деп ээрчишип коп эшиктердин бироосуно кирдик. Беш алты машина турат, уста балдар машиналарды чукулап журушот. Чакан болмосу бар экен, столдо жашы алтымыштардагы, коз айнек таккан орус адам отуруптур. Арсен эски таанышындай учурашып, мени корсотуп:
- Ушул иниме машина алып берейин деп келип калдым, жакшы машинаныздан бироон тандап берин. Минип журсун агам алып берген эле деп.
Тиги да конуп бутконбу Арсендин кыялына же нарагынан ошондойбу утуройуп унчукпай ордунан туруп эшикти ачып башын чыгарып:
-Валек кирчи- деп кыйкырып кайра ордуна отуруп кагаздарын карай баштады.
Валек дегени толо келген бир башкача ото сапсары бала экен. Кирип эшикте колун аарчыган кебезин кармалап туруп калды.
- Валек "хундайды" бир сыйра дагы текшерип дарбазадан чыгарып бер - деп кайра кагаздарына унулду.
Валек бизди ээрчитип чыгып:
- Тиерде кутуп тургула, азыр алып чыгам - деп жонотуп жиберип, озу башка дарбазаны ачып кирип кетти.
- Баягы мен сага айттым эле го, немис чал деп, куралдарыбызга машиненин ичинен жашыруун жерлерди жасап берген. Ошол ушу.
Арсен жана эле "сага машина алып берем" дегенде тушунгом. Сыйлык катары машина белек кылышат экен да. Акыры дарбаза ачылып кара тустогу, терезелери карангылатылган, жаны эле экен, кара машина чыгып алдыбызга токтоп, Валек тушуп ачкычын берип:
- Техпаспорт, дагы керектуу кагаздар бардачокто, "тайникти коруп алгыла- деп спидометрди бурап тартса алынат экен, ичине бир пистолет бата турган жай жасалыптыр, корсотуп коюп кетип калды.
Арсен машинанын эшигин ачып:
- Иним мына агам алып берген деп минип жур, отурчу сага жарашабы коройлу - деп озу жаныма отуруп:
- Мынаа Каскадер, бугундон баштап бул кара жорго сеники, бул дагы сеники Адыл агадан белек - деп чонтогунон резинка менен оролгон эки пачка акча алып чыгып карматып:
-Самат бул окуяны беш алты адам эле билебиз, эч кимге айтпа. Элге тарап кетпесин. -деп козун кысып:
- Айда атанын кулагы Каскадер, азыр ГАИге барып праваны алабыз. Даяр болуп калган болуш керек. Куттуктайм досум, жоргон кут болсун, менин артыман айдай бер - деп тушуп машинасын айдап, мен артынан ээрчип барып, тез эле правамы алып, машинаны озумо каттатып, айтор ошол эле куну баарын бутурдук.
Арсен кочодогу автомат телефондон бир жакка чалып, чакырып калды окшойт, дагы бир жолу куттуктап,; "эртен жууйбуз" деп кетип калды.
"Мына адамдын мээнетин баалайт деген" деп ойлонуп койдум.
"Хундай аванте" деген жаны эле; машина, ылдамдыгы саатына 220 чакырым. Моторунун уну билинбейт, жумшак, жакшы машина экен.
Бир жума дем алып, кайра эле баягы жумуш, эми мен озумун машинамда журом, шеригим локуйгон Макс деген бала.
Тунку окуядан он кундой отуп калган, Макс "Арсен берип жиберди" деп гезит алып келди. Суроттору менен чыгыптыр, баягы фураны бекитишкен мал сарай куйуп кетиптир, жерде беш адам жатат. Аябай эле токмоктошкон окшойт, жарабайт бети башы. Макалада бандиттер бири бири менен согушуп жатат, бул беш адам уюшкан кылмыштуу топтун мучолору деп журналисттер адатынча кобуртуп апыртып жазышыптыр. Макс да билет окшойт, "Озулорунон корсун, экинчи бироонун оокатына коз артпай журушот" деп койду.
Кундор ото берди билинбей. Арсен азыр чек арага каттабай калган, жонокой тил менен айтканда ишинен жогорулап, чон болуп кеткен. Адыл аганын жанында ар дайым. Анда санда эле жолугушуп калбасак корбойм деле.
Иштегениме бир жылдан ашып кетиптир.
Арсен бир топ акча берди, оз акчамы чогултуп банктын адамдары менен байланышып атамын карызын толоп чыгарып алдым.
Бир ай мурун тайкеми орточу кылып, ата-  апама билдирбей, озубуздун уйду кайра сатып алып, баштан аяк ремонт кылдырдым. Жаны жылдын алдында ремонту бутуп, уй даяр болгондо, 31- декабрда эртен менен тайкем; атамдарга айткан экен, апам аябай ыйлаптыр. Ошол куну эле, эртен эле кочойлу десе болбой тундоп кочуп барышыптыр.
Чалсам апам суйунгонунон аябай ыйлап, айтор суйунгон.
Бир куну рейстен келсем базанын алдында Арсен кутуп туруптур, эки айдан ашып калыптыр корбогонумо. Учурашып "журсон" деп машинага отуруп:
- Эч кимге айтпа, бекер эле соз тарабасын. Караганды областынын акими алмашыптыр. Ордуна мурун КГБда иштеген бироо болуптур. Сураштырып билдик, ото мыкаачы, куу, каерге барбасын озунун адамдарын кошо ала барат экен. Каерге барса адамдары бизнесмендерге салык салып, баш которгонун дайынсыз жок кылып, канчоосунун бизнесин ачык эле тартып алып, каршылык корсоткондорун элге наркоман, кылмышкер корсотуп каматып жок кылып, акча дегенде эч нерсеге карабаган адам экен. Эми Карагандыдагы бут куч органдарына оз адамдарын коет. Бизге да ошол онорун кылат болуш керек, Адыл аганын колунда да бут эле пайдалуу жерлер, талашат. Адыл ага тил табыша албаган окшойт менин тушунушумчо. Жолдо этият болгула, айтып болбойт, Адыл агага кысым болушу мумкун. Эми бир, эки ай этият болуп турушубуз керек, бир жактама чечилгиче.
- Бизге эмне кылмак эле, биз бир пешкабыз го?
- Эгер жамандыгына алса ар жактама кыса башташат. Беш жыл мурун да ушундай болгон, булар да билет да каерге урушту. Эн "слабый" жерибиз фуралар, кафе ресторандарыбыз да, беш фура жук пугу менен дайынсыз кеткен. Жыйырма балабыз ооруканада жатып чыгышкан. Эки кафе, бир ресторан куйуп кеткен. Бул мен уккандар эле, дагы эмнелер болгон бир Адыл ага эле билет. Эми уккандарын ортобузда эле калсын. Бир сыйра тополон болуп анан басылат баары бир, ага чейин чыдаш керек. Адыл ага да когоргон адам, эч нерседен коркпойт. Кичине ийилип койсо деле болот беле дейм да. Бул деле бир куну кетет эле.
Мен ар дайым ушул телефондо болом, эгер жок болуп калсам ишеничтуу адамдар алат, айта бер кандай соз болсо. Зарыл ишин болуп калса чалып айтып эле койсон мага жетет соз - деп визитка; берди.
Коп отпой милициянын, КНБнын айтор бут куч органдарында, салык, акча коп айланган жерлердин башчылары чекесинен алмаша баштады. Телевизордо кундо баланча алмашты, тукунчо алмашты деген эле соз.
Биз да рейске эки машинада жети сегизден бара баштадык. Жаны балдар пайда болуп калды.; Базага бир жолкусунда тундо келсек мылтыкчан ондон ашык бала туруптур. Бироосун да тааныбадым.
Адыл ага эч жакка чыкпай, шаардын бир жеринде жашап, булардын тилинде "уюкка" кирип кетиптир. Ошол жерден башкарып жатыптыр. Эч ким билбейт экен каерде экенин. Арсен да корунбой калды.
Кыш келип декабрь айы эле. Кытайдын чек арасынан бир фураны тосуп алып Карагандыга алып келатканбыз. Фуранын артында жигулиде Макс, Русик, Куба деген уч бала, ортодо фура, алдыда мен озумун машинам менен, жанымда жаны келген эки бала.
Жаны жылга карата чек ара жабылат. Ошогобу чек арага каттаган машина коп. Алматы областы бут эле тоолуу жер болгондуктан тоонун арасы менен кеткен кенен, эки тараптуу, торт катар жол.
Жолдун сол жагында ылдамдыкты; жуздон тушурбой келатканбыз. Менин алдымда бир ак "мерс" бараткан, жакындаганымда жол берип жолдун он тилкесине отуп, туштап калганымда кокусунан эле жол бошоткон ак мерстин арткы терезеси ачылып, кепка кийген сакалчан бироо мени карап, ылдый болгондо эле негедир журогум сезди, же козунон бир нерсени байкадымбы, айта албайм. Автомат алып жаткан адам ушундай кыймыл кылат, даярданып калдым. Туура эле ойлопмун, автоматтын учу корунду. Баары бир качып кете албайт элем, дароо рулду онго бурдум, алардын машинесин сузсом ата албай калат, башка жолум да жок эле. Мерстин шопуру кыйын экен, дароо тормозду тээп артта калып; калды. Чон ылдамдыкта келаткандыктан машинамы бурганга жетишпей жолдон чыгып кеттим. Жолдун эки тарабы жерден уч-торт метр бийик болуп которулгон экен, ошол ылдамдыкта барып тушуп кеттик. Калганын билбейм, кийин билсем эки жолу оодарылып кетиппиз. Озумо келип карасам жолдо ондон ашык машина токтоп турат, коп адамдар бизди тегеректеп турушат. Мени машинадан алып чыгышып кар жок жерге, таарга жаткызып коюшуптур. Жашы алтымыштардагы бир аксакал бинтти аракка чылап бети башымы тазалап жатат:
- Озуно келдинби? Азыр шашпай тур, жатып тур кыймылдабай, бети башыны аарчып коеюн.
Бир аз жатып, озумо келип, колу бутуму кыймылдатсам соо эле, ооруган жери билинбейт. Башым гана кичине зынылдагансып атат. Айнектин сыныктары бетими тилип кетип, кан болуп калыптыр. Дароо тапанчамы кармаласам ордунда экен.
Наракта адамдар менин уч шеригими ар нерселерге салышып которушуп барып машиналарга жуктоп жатышат.
- Шериктерим кандай, тируубу?
-Тузук эле, жакшы болуп кетишет, кичине эле жер го, эч нерсе болбошу керек. Тур эми жата бербей, сени "подушка безопасности" сактаптыр. Отургучуна сыгып коюптур, эч нерсе деле болбопсун.
Машинамы карасам терезелери сынып, эки капоту, эшиктери ачылып капталынан жатат.
- Тур эми балам суукта жата бербе, ооруканага жеткирип коем, бир корунуп кой.;
Турайын деп жатып оюма "кылт" этти. Аткан адамдар билиши керек да кимиси эмне болду. Мумкун баарын "олтургуло" деген болсочу. Алардан чондору сурайт да, эмне болгону жонундо отчет бериши керек "мерстегилер". Кайра башымы кармап онтоп жатып калдым.
Аксакал мени тан калып карап калып, нарактан адамдарды чакырып:
- Которгуло балдарым, менин машинама алып барып жаткызгыла, ооруканага мен алып барып коем - деп, мени тубумдогу; таар менен которушуп, аксакал таксист окшойт, машинасы эски "ГАЗ-24" Волга экен, арткы орундугуна жаткызып коюшту. Курткам жыртылып кетиптир, аксакал эскирээк койдун терисинен тигилген узун тон, тумак алып мага сунуп:
- Жамынып ал, сеникиндей кымбат болбосо да жылуу- деп аяп карап коюп, бурагычын алып тушуп машинасынын моторун бурай баштады. Аксакал коро электе деп курткамын ичинен пистолетими алып, алганга ынгайлуу болсун деп шымыма кыстап, тонду устумо жамынып, тумакты кийип алдым.
Фура эмне болду экен, жигуличи?
Бир чакырымдай журуп бир тоону айланганда эле кордум, тээ эки чакырымдай алдыда Макстын эле "жигулиси", башка ким болмок эле, жолдон он метрдей ары, оодарылып, чалкасынан жатат. Жолдун берки чекесинде ак мерс менен КАМАЗ сузушуп, катуу сузушкон экен, мерс КАМАЗдын тубуно кирип кетип, ошондой чон машинанын алдынкы донголоктору жерден которулуп калыптыр. Адамдар уймолоктоп турушат.
- Сенин шериктеринби?
- Жок аксакал тааныбайм буларды.
- Ээ балам мен бул жолдо сегиз жылдан бери каттай берип эмнелерди гана корбодум дейсин. Сенин машинаны да жакшы тааныйм, жумасына эки жолудан келип турасын, тигил "жигули" сенин шериктерин. Душмандарынар силерди атып, жолдон чыгарып, фуранарды алып кетти да. Жана эле кайра башыны мыкчып жатып алганында тушунгом, туура кылдын.; Артта ак "жигули" сени эле карап келе жатса керек, ашып кетпей же калып калбай келатат. Коп эле туруп коруно бербе, сени ооруп жатат деп ойлошсун.
Ооба да, булар эки уч машинада журушкон болушу керек.
- Канча адам экен ичинде?
- Учоо.
-Азыр эптеп кутулуп кет, анан деле шериктерин менен келип чечишип аласын.
- Токтоп билип коюш керек эле эмне болду. Жардам керек болсочу.
- Керек болсо адамдар жардам берет да. Сен билгенде эмне эми. Азыр жанынан отуп баратып сурап коем.
Башымы бийик которбой алдынкы эки отургучтун ортосунан карап жаттым.
Аксакал машинесин четирээк токтотуп, ошерде тургандардан:
- Эмне болуптур, адамдары соо бекен?- деп сурады.
- Жок, баары олуптур. Тиги мерс менен жигулидегилер атышып, калбыр кылып салышыптыр бири бирин. Автомат менен атышышты деп жатышат. Ак мерстин ичиндегилердин эч нерсеси калбаптыр.
Демек бизди олтургуло деген тапшырма болгон, эми мени да олтурушко аракет кылышса керек. Машинам кулаганда адамдар кобойуп кетип эле тие алышпаган да. Фура эмне болду экен.
Адыл агага басым кучоптур да демек, тил табыша албаптыр. Арсен туура айткан экен, башталыптыр.
Макс, Русик менен бирге журуп дос болуп калган элем, кандай жакшы балдар эле. Макс менен жети айдан бери шерик болуп жургом. Макс "кочонун тамагынан жадагандырсын" деп уйуно чакырып, канча жолу мейман болгом. Атасы, апасы жакшы адамдар эле, барганда апасы "жакшы дос болуп жургуло" деп бекиткен нерселерин алып чыгып коюп, кетээримде да тамак, майда чуйдолорду салып берчу. Атасы "аяш апан мага да бербей, эн сыйлуу конокко деп бекиткен нерсесин сага коет" деп куло берчу. Апасы тоонун (верблюд) жунунон жасалган, жылуу болот деп устумо жамынганга одеяло берген.
Ыйлап отурушкандарын элестетип жибердим.
Русикчи, ар дайым шайыр жургон бала эле. Анекдот эле айта берчу эле, айтып атканда озу эч кулбой, утуройуп алып  айтып жатканда кулуп, кийин озум калганда да эстеп куло берчумун. Ак конул, орус кыял, куулук шумдугу жок балдар эле. Бул балдарда эмне куноо бар эле, эмне жамандык кылышты эле буларга. Фураны жоготушту, минтип балдарды атып кетишти.
Шериктерим бут олсо унчукпай качып кетип каламбы. Алар аз келгенсип эми бул бейкуноо аксакалды да атып кетишсе эмне болот.
- Аксакал арттагы жигули келатабы?
- Келатат,
- Мен тушуруп коюн бир ынгайлуу жерден, сизге да зыяным тийбесин.
- Ой балам сени ооруканага алып барайын, бир сыйра корунуп кой баары бир. Тигилер эмне кылмак эле кундуз.
- Аксакал мен баары бир тушушум керек, кетип кала албайм.
- Кантип тушосун, каерге тушосун.
- Канча артта келатышат.
- Бир чакырымдай бар.
-Анда азыр бурулганда буркуттун эстелиги бар го, ошол жерде жайырак айдасаныз мен тушуп калам. Сиз тез кетип калын жеткирбей.
- Сен эмне кыласын?
- Кайра артка барышым керек, кан жол го, бироо жарым ала кетет да.
"Кой ай деп, кантип талаага таштап кетем, коруп калсачы" деп ар нерсени суйлойт, эптеп кондурдум.
-Этият бол анда, коруп калышпасын, тонду кийип ал, эшик ызылдайт. Тигилер менин артыман жеткинче мен айылга кирип калам. Жолдо тушуп калган деп коем.
Тоодон бурулуп, эстеликтин жанына келгенде машина токтоп токтобой жатып секирип тушуп, эстеликтин артына, карга боюму таштап секирип, бекинип калдым.; Аксакал машинасын катуу айдап, бул жолду жакшы билет да канча жылдан бери каттап журсо, тез эле кетип калды. Арттан эле ак жигули корунду, катуулап калышыптыр, ээн жерде, эч ким корбогон жерде "тынчытайлы" деп жатышат окшойт. Машина "буркутко" жыйырма метрдей калганда жолго туз эле чуркап чыгып айдоочунун жанындагыны мээлеп атып, атып жибердим. Мындайды кутушпогондуктон айдоочунун козу алайып, бир башкача корккон, тан калган коз караш. Жигули мага беш алты метр жете бербей "буркут" жакка бурулуп, жолдун чекесиндеги грейдерлер курогондо уйулуп калган карды сузуп, ордунда айланып, артты карап калды. Чуркап жетип карасам баары эсин жоготуп жатышыптыр, биринчи аткан адамдын, уч ок тен тошуно тийген экен, тошу кыпкызыл кан. Айдоочуну, арттагы адамды ар бирин эки жолудан тошуно атып салдым. Арттагы адамдын колунда автомат жатыптыр, алайын деп кайра айныдым. Колумун изи калса, эртен таап алышат эле, колум тийген жерлерин тонумун жени менен тазалап аарчып салдым.
Кийин ойлосом озуму жоготуп койгон окшойм ошол маалда, устумдо аксакал берген тон, башымда кулакчындары чечилип кеткен тумак, пистолетими да бекитип албай, колума кармаган бойдон эмнегедир жол менен кайра артты коздой чуркап кете бериптирмин. Машиналар жаныман мумкун болушунча алысыраактан отуп кетишип жатышты. Канча чуркаганым эсимде жок, акыры сууккабы, озумо келип, кичине ойлоно баштаганда гана артты карасам бир тарпы чыккан "москвич" келатыптыр. Пистолетими такап "токто" деп белги кылсам, машина мага он; метрдей жетпей тык токтоп калды.
Пистолетими такаган боюнча чуркап барып жанына отуруп, пистолетими айдоочунунун башына такадым:
- Туз айдай бер, мен айткан жерден буруласын.
Айдоочу коркконунан колун которуп алыптыр:
- Макул, макул.
- Кеттик, айда тез.
Артын карасам отургучтарды алып салып уч кой салып алыптыр, айла жок, отуп койлорду суруп жатып алдым.
Айдоочу жашы кырктарда го, арык,; бою кичине, мурду шиштийген, коздору каристердикине окшоп киртийген, чакан адам экен. Коркконунанбы роботтордой туптуз болуп алып айдап баратат, аяп кеттим:
- Менден коркпо, атпайм. Эмне кылат элем сени атып. Шарт ушундай болуп калды, мен айткан жерге алып барып таштап кой да кете бер, уй булоно, балдарына бар.
Айдоочу унчукпай, башын ийкеп койду. Бир топ жургондо онго бурулуп кеткен чакан жол бар, бурулуп кирип кеттик. Бул жол Алаколго алып барат, колго чейин жолду бойлоп беш алты чакан айыл бар. Айылдардан откондо элуу- алтымыш чакырымдай алыстыкта, Алаколдун жээгинде чакан; бир айыл, андан он чакырымдай жерде дачалар бар. Дачалар тынч, эл аз жер, эки уч жолу бирге иштеген балдар менен келип туулган кундорду откозуп кеткенбиз, жакшы билем бул жактарды. Кышында эч ким болбойт бул жактарда. Жолдун карын шамал учуруп кеткендиктен машинанын изи да калбайт. Дачаларды алтымыштардагы бир адам озу жалгыз карап калат. Андан башка жан адам болбойт бул маалда.
Бул жакка менттер издеп келгенде да айылдарды бирме бир издеп дачаларга жеткенче бир топ убакыт отот, ага чейин бир нерсе ойлоп табармын.
Эки саатта дачаларга жетип бардык, артта эч ким корунбойт. Кароолчунун уйу айылдын аркы башында эле, айылдын бул башына келип эле турган болсо корбосо бизди корбойт эле. Мындай суукта ким чыгат эшикке.
- Сол жактагы кочого буруп айдай бер, жеткенде айтам.
Уй кочонун ортосунда эле. Ачкычы эшиктин устундо эле турат, машинаны уйдун капталына коюп, айдоочуну уйго киргизип, озум да кирип эшикти ичинен култап алдым.
- Атын ким?
- Кадыр- коркуп калыптыр.
-Кадыр коркпо, мен сага эмнеге жамандык кылайын. Мен деле сендей эле адаммын, бир аз чыдап тур кетесин.
- Макул, макул.
- Мен азыр колу бутуну байлайм, туура тушун, шарт ушундай болуп калды. Бир аз жатып турасын ушул жерде. Мен тез эле келем, азыр мештерди жагып коем тез эле ысып кетет уй- деп эки электр меш бар экен, экоосун тен болмого алып кирип жагып койдум. Уйдун ичи койдун кыгынын жытына толуп калды, машинада келатканда шымым менен тонум аябай эле булганган экен.
Кадырдын колу бутун байлап, бир койнок таап алып жыртып оозуна, суйлой албай турган кылып салып сыртынан байлап салдым. Бечара унчукпай эле жатат коздору алайып.
Эшикти сыртынан култап коюп кочонун башындагы кароолчу жашаган уйго барып тыкылдатсам эч ким жооп кылбады. Тапанчамы даярдап акырын тартсам эшик ачык экен, кирип болмолорун карасам кароолчу аябай эле ичкен окшойт, кроватта уктап жатат. Уйдун ичи жылуу экен, газ плитада чон казанда эт акырындан кайнап жатыптыр. Дароо Арсен берген номерге чалсам бир корулдаган ун дароо эле алды:
- Алло?
- Мага Арсен керек, Самат десенер.
- Азыр - деп коюп, тез эле Арсен алды:
- Алло,
- Арсен мен Самат.
-Эй кондой каякта журосун? Уктук эмне болгонун. Тируусунбу?
- Арсен убактым аз коп суйлошо албайм.; Алаколдун жээгинде, Коктума деген айылдын жанында дачалар бар, ошол жердемин. Чыгып кетиштин жолу барбы?
- Азыр олсон да койбой тур телефонду- деп, телефондун жанында турган адамга айтты окшойт- телефонго жан адамды тийгизбе - деп коюп шашып бир жакка кетти. Демек угушуптур да, беш муноттой жок болду, беш муноту беш сааттай болду окшойт. Кароолчу эч нерсени сезбей конурукту кош тартып уктап жатат. Акыры Арсен келди:
- Самат Ан-2 деген самолет барат, билесин да эки канаттуу, "Кукурузник" деп коет го. Дачалар кичине эле айыл да.
- Уч кыска - кыска эле кочо.
- Аа сен кордун да, анда озун деле коруп тушуносун, азыр эле барып карап даярданып тур, эртен менен жети жарымдарда, жарык тушоору менен самолет барып тегиз жерге конот. Коп тура албайт, тез отуруп калышын керек. Ошого озун кара, самолет каерге коно алат, кар жок дегендей.
- Тушундум макул.
- Эй этият бол- деп дагы бир нерселерди суйлоп жатат эле, укпай эле телефонду коюп, эшикти жаап чыгып кеттим.
Уйго келсем Кадыр ошол бойдон жатыптыр кыймылдабай, уйдун ичи анча эле ысып калыптыр.
Кадырдын колу бутун чечип:
- Эми Кадыр мени менен отуруп турасын, айла жок. Эртен менен саат сегиздерде кете бересин, макулбу?
- Макул, макул. Тиги койлоруму киргизип алсак болобу, танга чейин тонуп калышат.
-Аа макул журу - деп койлорун комурканага киргизип, жакынкы уйдон чоп таап келип салып койдук.
Уйдо тамак кылганга керектуу нерселер бут эле бар экен, тамак жасадым. Тамактанып буткондон кийин Кадырдын колу бутун байлап:
- Сен уктай бер, бул сага, кеткен убактын учун - деп уч жуз доллар акча алып чыгып Кадырдын ички тош чонтогуно салып койдум- Жакшы "жигули"алып аласын.
Устумдогу тон, шымдарым аябай эле булганыптыр, карга эптеп тазаламыш болуп, сыртка жайып койдум.
Айылга келген жол коруно турган терезеге тамактанган столду жылдырып, отургуч алып келип жолду карап отуруп алдым. Эми туну менен отуруш керек уктабай. Качан уктап кеткеними билбейм, бир нерсенин калдыраганына ойгонуп кеттим, дароо пистолетти алып эки жакты карасам Кадыр, буту менен чомучту тээп тушуруп, ошол калдыраптыр. Мени ойготоюн деген экен. Саат танкы алтыдан отуп калыптыр, эшик карангы.
Кадырдын колу-бутун чечип коюп дагы жарым сааттай отурдум да:
- Кадыр мен кетем азыр, эгер тынч жашайын десен, мен жонундо жан адамга оозунан чыкпасын, макулбу. Сен саат сегизден кийин кете берсен болот. Эгер бир нерсе кылып онор корсотсон озунон кор.
- Эч нерсе кылбайм, тушундум. Сегизге чейин уйдон чыкпай отурам. Менден проблема болбойт, рахмат берген акчана.
- Отугуну мен кийип кетейин, сага кроссовкамы таштайм. Отугунон жыйырма эсе кымбат болуш керек, капа болбоссун.
- Жок ала бер, мен машинадамын го- деп отугун дароо чечип берип, кроссовкамы кийип алды. Тонуму, тумагымы кийип бутума Кадырдын отугун кийип коштошуп чыгып кеттим.
Айылдын жогору жагына конбойт, тегиз эмес, кол жакка чуркаш керек. Эки жакты тыншап бир аз турдум, тынч эле. Акырын басып кочонун аягына чыктым, шамал токтоптур. Кол уч чакырымдай алысыраакта экен. Шамал учуруп кеткен, кар жок. Консо ушул эле жерге конот. Тонума оронуп, кандай чоп экени белгисиз коюу оскон экен, устуно жатып алдым. Тон жылуу экен, суук билинбейт. Ар нерсени ойлойм, Карагандыда эмне болуп жатты экен, тынч элеби, айтор бут эле жаман нерселер оюма келет.
Айлана даана эле корунуп калды. Асманды карап карап коюп жатам, бир маалда самолет корунду.; Менден бир чакырымдай алыстыкта конуп, бир аз чуркап барып бурулуп мени коздой жоноду. Алдынан тосуп чуркадым, капталында экен эшиги ачылып бир адам колун созуп тартып алды. Самолет бир аз чуркап барып тез эле которулуп учуп кетти. Тартып алган адам экинчи учкуч окшойт, эшикти жаап эле шашып кабинага кирип эшигин жаап алды. Самолеттун ичи жылуу, жасалгасы кадимки бусиктердин ичиндей эле экен. Жылуу болгон учунбу же конулум тынчыдыбы, уктап калыпмын, самолет конуп, жердин онгул донгулуно секиргенде ойгонуп кеттим. Сыртты карасам эки тоонун арасындагы, чон тегиз жер экен. Карагандынын айлан тегерегинде мындай жер жок эле. Самолет бир аз чуркап барып бурулганда жарым чакырымдай жерден алдында чон багы бар, уч кабаттуу уй корунду. Кабинадан учкуч чыгып эле, койдун чыласынын жыты толуп калган окшойт, мурдун колу менен жаап, мени жаман коруп карап:
- Жайлапсын го, туш, ушерде тушосун-; деп эшикти ачып мени туртуп тушуруп коюп кайра учуп кетип калышты. Самолеттун артынан оозуму ачып караган бойдон кала бердим. Кун ачык, тоонун арасы болгонгобу шамал жок, жылуу жер экен. Акыры самолет корунбой калганда уй жактан бироо жарым чыгабы деп карап турсам бир кара джип "Хаммер" чыкты. Айнектери карангылатылган экен рулда ким экени корунбойт. Келип жаныма токтоп алдынкы эшик ачылып элуулордогу киши экен "отур Самат" деп отургузуп алып уйго алып барды.
- Бул уй Адылдыкы, саат экилерде чалат суйлошуп аласын, озу тушундурот калганын.
Айланасы калын бак экен, ортосунда уч кабат, аябай чон уй, алдында бассейн, гулдор болгон окшойт, катар болуп бир нерселер эгилиптир, кар басып жатат. Жерге асфальт тошолуп айтор сонун курулуптур.
Уйго кирсек эки аял журуптур, мени коруп бироосу:
- Кандай Самат кыйналбай келип алдынбы- деп учурашышып, мени ээрчитип келген адам бироосуно:
-Жайна Саматка душту корсотуп кой жуунуп алсын, Самат кийимдерини чечип бер машинага салып коюшсун, мен келип калам- деп чыгып кетти. Жашы он сегиздерде го жакшынакай кыз экинчи кабаттан тушуп келатып мени коруп тан калып карап, баш ийкеп жаныман отуп баратып "айии" деп мурдун алаканы менен жаап мени карап коюп унчукпай отуп кетти. Берки аял тиги кызды акырайып карап койду эле, ал ийинин кысып коюп эшикке чыгып кетти. Озумо билинбегени менен уйдун ичи толуп калган окшойт, Жайна эже мени байкабасын дедиби, кулуп бир нерселерди суйлоп, эшикти чон кылып ачып, терезелерди ача баштады.
- Журу Самат жуунуп ал, мени Жайна эже дей бер, тигиге конул бурба. Шашпай жуунуп чыга бер, чыккынынча ысык шорпо даярдап коем - деп ээрчитип бир болмого киргизип коюп кетти. Джакузи, айтор сонун, бир болмосу ыссык буу, эки саат чыкпай жаттым. Кийимдерим корунбойт, жаны футболка, шорты, тапочка даярдап коюшуптур. Кийинип чыксам Жайна эже кутуп турган экен, ээрчитип ашканага алып кирди. Тамак даяр экен, жыты буркурайт тимеле.
Озум жалгыз отуруп тамактандым. Ашканасында да тамак жасаганга бут нерсе бар экен, кичинекей лампочкалары куйуп бир тушунуксуз аппараттар турат. Тамактанып бутсом Жайна эже ээрчитип экинчи кабатта бир болмону корсотуп:
- Сенин болмон, мына ачкычы, оз уйундой кенен журо бер- деп кетип калды.
Диван бар экен, устуно куладым. Ар нерсени ойлонуп жатсам, "телефонго" деп Жайна эже келиптир, Адыл ага экен:
- Алло Самат?
- Да угуп жатам Адыл ага.
- Самат иним созуму болбой угуп тур. Уч торт ай ошол жерде жашап турасын эми. Башка айла жок, сени бут Казакстан боюнча издоого беришти. Сенин шартында эн эле тынчы ошол жер. Ал жерди мен, Серик, учкучтар эле билчу, эми сен да билесин. Башка жан адам билбейт, тушундун да.
- Тушундум.
- Азыр сага Арсен тушундурот баарын. Каякта экенини айтпа, озу деле сурабайт- деп жок болуп кетти да, бир аздан кийин Арсен алды трубканы:
- Кандай Самат, тынчсынбы?
-Жакшы Арсен, эмне болуп жатат, тынч элесинерби?
- Тынч эле, силерге кол салгандарды ким экенин билдик, ментурадагы адамдар айтышты, сенин суротун да келиптир бирок таанылбайсын коркпо. Жайсан экен баарын уюштурган, баягы Келемишчи. Жаны аким азырынча бизге каршы, ошонун адамдарына Келемиш озу барыптыр. Кечээги КАМАЗдын тубуно кирип кеткен ак мерстин ичиндегилердин бироосу Келемиш экен. Сага очошуп калыптыр да акмак, атайын сенин фурана кол салышыптыр. Биздин кучубузду текшерип королу дешти да, азаматсын, уктук баарын, кандай болгонун. Тигилердин бироосу да тируу калбаптыр. Эми бир нерсе кылардан мурун эки жолу ойлонушат. Иштерин бир жактама болсун, бир ойлор бар дейт Адыл ага.
- Менин машинамдагы балдар эмне болушту?
- Алар жакшы, эч ким таппайт аларды, менчик ооруканада дарыланып жатышат. Жакында чыгышат. Макс, Русиктер эми ишибиз ушундай экен, арга жок. Адыл ага азыр балдарды жонотту, бут чыгымын которуп жерге беребиз. Ата энесине коп акча берди. Фура келди, азыр базада.
- Фураны алып кетишпедиби?
-Жок, айдоочу эч нерсеге карабай айдап, жакынкы айылга барып бизге чалып, жакын арада жургон балдар алып келишкен базага.
Эми соз мындай, сени уч торт айда бул жакта кенен журо тургандай кылып актап чыгабыз, "жолдору бар" дейт Адыл ага. Ай сайын айлыгыны мен апандарга которуп турам. Ушул телефондон чалып суйлошо берсен болот уйундогулор менен, эч ким таппайт сени. Бирок айтпашын керек ал жакта экенини, мен да билбейм сенин каякта экенини. Сенин фотороботун эле бар экен менттерде, устундо тон, башында кулакчындары чечилип кеткен тумак, колуна тапанча кармап корбашыга окшоп чуркап жургонуну - деп каткырып кулуп жиберип- капа болбо Самат, тамаша да. Ошо, сени бироо суротко тартып алган экен, бирок тумагынан бетин такыр эле корунбоптур. Фотороботун да эч эле окшошпойт. Ошого коркпосон деле болот, сени эч ким билбейт. Чыдап тур эми.
Болду Самат коп суйлошо албайм досум. Этият болуп жур, каякта журсон да- деп коштошуп коюп койду.
Эртеси эрте туруп уй менен таанышып чыктым. Бак беш гектардай бар го, айлантып сыртынан ото жыш кылып, кичинекей кочотторунон эккен окшойт, тикенектуу кара орук тигилиптир. Азыр кочоттор бийиктиги уч торт метр болуп осуп, арасынан чычкан да ото албай турган болуп бири бирине бутактары чырмалышып, киришке эч мумкунчулук жок. Балталасан да болбойт, тикенектери жакындатпайт. Эки метр ичкериден дагы айлантып тикенектуу деген окшойт, кожогат, булдуркон сыяктууларды эгип салыптыр. Эн ишенимдуу короо болуптур, танк менен да кире албасан керек. Бактын ичинде эмне экенин билбедим ар туркун дарактар осуп турат.
Бактын баш жагында бакты сугарганга скважина бар экен.
Дарбаза да калын темирлерден жасалып, тегиз жабылбай, уч бурчтук болуп жабылат экен. Тушундум, мындай дарбазаны чон машина менен да сузуп кире албайсын.
Уй ортого курулуптур, алдында бассейн. Уйду, бассейнди айлантып дагы бийиктиги торт метрлик темирлер менен курчалыптыр, дагы бир дал сырттагыдай дарбаза. Онойлук менен эч ким кире албайт мындай жерге.
Тушко жакын уйго кирсем баары тамактанып отурушуптур, эки эркек, эки аял, жаны келгенде жытыма мурдун чуйругон кыз. Кыш маалы болгондуктан эшикте иш жок, баары эле; чыгышпай уйдо эле отурушат экен. Кошулуп тамактанып, таанышып алдым баары менен.
Адыл аганын апасы туугандарыныкына кетиптир. Уйдо аялы куйоосу болуп эки уй було жашайт экен. Аялдардын милдети Адыл аганын апасын кароо, тамак бышыруу, айтор уйдун ичиндеги тугонбогон жумуш ошолордун мойнунда экен, эркектери сыртта. Эркектердин аты, бироосу Аскат, экинчи тосуп алганы Расул экен. Бир эженин аты Анаркан. Кырк менен элуунун арасында жаштары. Тиги кыз Адыл аганын тайкесини кызы экен, кичинесинен Адыл аганын апасынын колунда чоноюп, кыскасы ушулардын кызы болуп калыптыр, аты Асел.
Тамактанып алып болмомо чыгып жаттым. Зеригип олосун го бул жерде.
Эшик тыкылдап, Расул ага жука телевизор которуп кирип келди:
-Бул жерде кышында ушундай да, зерикмей. Биз го конуп калдык, сага кыйын болот. Азыр DVD, жуздон ашык диск алып келип берем. Кичине болсо да алаксыйсын. Аселдин коп кинолору бар, бирок береби бербейби билбейм, кыялы чорт. Этият бол, урушуп кетпегиле экоон. Кемпирдин колунда осуп, каалаганын кылып журуп эрке болуп калган, бирок боорукер кыз. Жертолодо машыгуучу болмо бар кааласан журу корсотуп коеюн, зериккенде машыгып турасын.
Жер толодо чон болмону машыгуучу зал кылып коюптур, жерде калын кылып мат салынып, дубалдын уч тарабы айлантып кузгу. Ондон ашык ар кандай шаймандар, айтор жыргал жашоо машыгам деген адамга.
Эртен менен он, он бирде турам, тамактанып алып кино коруп кечки тамакка чейин жатмай. Кечинде кундо эки уч саат; машыгам. Кар жааган кун копчулук жерин озум куроп коем. Баары менен эле жакшы мамиледемин, сериалдарды чогуу тамактанып отуруп коробуз, бара бара конуп кеттим. Асел деле жаман кыз эмес экен, дос болуп кеттик. Кээде тил табышып калсак копко чейин тамактанган жерде ар нерсени суйлошуп отура беребиз.
"Хаммерди" Асель да мине берет экен, бактын ичинде жерге он тонналык чон бочка толо бензин комулуп, труба менен сыртка чыгарылыптыр. Кээде зериккенде экообуз уйду айланып айдап алабыз, алыстаганга болбойт экен. "Хаммер" ок отпос болуп атайын заказ менен жасалыптыр, озунчо эле чакан "танк".
Апам менен да суйлошуп турам, атам суйлошпойт деле мени менен, апаман сурап алат да. Апамын маанайы жакшы эле окшойт. Чалып "апа кандайсыз" дегенге эле аран улгуром, апам суйлой берет, суйлой берет, бардык жанылыкты майда чуйдосуно чейин, керек болсо окуянын чыккан себептерине чейин анализдеп айтып берет. Укпасам да апамын конулу жакшы экенине суйунуп трубканы столго коюп алып жанында угуп отура берем. Качан суйлоп буткондо "макул" дейм болду, ошо суйлошконубуз.
Атам бир ишкана ачам деп атыптыр, суйунуп койдум ичимден.
Жакынкы чон шаарга чейин уч жуз чакырым дейт, чынбы жалганбы. Расул ага кээде "Ниванын" артына арабасын чиркеп алып бир жактарга кетет да, уч кундон кийин тамак ашка керектуу нерселерди алып келет.
Келгениме бир айдан ашып калган, бир куну Расул ага келиптир:
- Самат Адылдар келатышат тосуп келели эки машинада, азыр конушат- деп, мен "Ниваны", Расул ага "Хаммерди" минип алып самолет коно турган жерге бардык. Коно турган жер тегиз, шамал кар тургузбай, жааганын жаагандай учуруп кете берген жер экен. Самолет конуп, ичинен Адыл ага, аялы, эки баласы, уч кызы бар экен, эн артында апасы, тушту. Баарын эки машинага отургузуп уйго алып келип таштап, Нивага арабасын чиркеп, оролгон брезент материалдарды жуктоп кайра самолетко бардык. Эки учкуч самолеттун устундо турушкан экен, самолеттун жанында; эки семиз кой буттары байланып жатат. Бир топ ар кандай коробкаларда азык тулук, суусундук атпай нерселер. Брезенттер менен учакты ороп- чулгап салдык.
Уч кун журушту, коптон бери бирге журуп конуп бутушконбу бири бирине, баары кенен журушот. Бассейнге суу толтурушуп, жылытып алып кундо тушушот. Эшикте ызылдап суук болсо да суу жылуу болсо тушуп алсан ушубойт экенсин. Кечинде баары чон залга чогулуп алып караокеде ырдашат, бийлешет. Кундо майрам кундо той айтор. Уй ызы чуу тушуп эле калды. Кундузу Адыл аганын беш баласы тынчтык бербейт бири бири менен кырылышып, бири ыйлап аткан, бири бакырып аткан, апасы менен Асель аларды урушуп, ажыраштырып, эээ тополон кыскасы... Менин болмомо да куушуп киришип бири бири менен мушташышат. Жиним келет, кичине какыс кукус кылып тарбиялап коеюн дейм, уйдогулор кандай ойлоп калат деп унчукпайм. Болмому ичинен култап ала турган болдум. Жакпайт ушундай тополон, кээде ичимен суйлонуп алып эшикке чыгып кетем, же болмому ичинен култап алып жата берем.
Адыл аганын булар менен, деги эле эч ким менен иши жок. Кундо эртен менен чуркайт, эки саат жер толого тушуп машыгат. "Хаммерди" минип алып Расул ага экоосу анчылыкка бир жактарга барып келишет. Эч жакка барбаган куну бир болмого камалып алып чыкпайт, ал озунчо мамлекет.
Апасы алтымыштан ашкан тын аял экен, эки аял менен ашканадан чыгышпайт.
Уч кун дегенде Адыл ага уй булосу менен кетишти. Кетээрде Адыл ага мени болмосуно чакырып:
- Коп болсо уч айда ишин чечилет, сени толук актап чыгабыз. Бир аз чыдап тур, Казакстанда кенен журо турган болуп, милиция сенден бир да кынтык таппай турган болуп барсын деп жатабыз. Биз сени эч качан унутпайбыз, кыйынчылыкта таштап кетпейбиз иним, сен эми биздин адамсын - деп кеткен.
Апасы, баары Каныш апа деп чакырышат, жакшы аял экен, мени жакшы корот. Тамак ичип жатканда, тамак салган аялга айтып менин тамагыма этин коп салдыртып, кундо текшерип турат. Самсы сыяктуу бир нерселерди жасашса "жатарда курсагын ачса жейсин" деп болмомо алып барып коет. Андайда Асель соссуз шылдын коз менен карайт, мен да унуройуп карап коем.
Расул ага кийинкиде шаарга барганда мага жаны ат, фамилияга паспорт берип жиберишиптир. Адыл ага "азырынча ошол жакта журуп турсун" дептир.
Март айы болуп калган, тунку саат экилерде Жайна эже "телефонго, Адыл" деп келиптир, кийинип тушуп алсам:
- Самат созуму болбой ук иним, азыр суйлошуп бутконубуздон кийин телефонунар очот, байланыш узулот - уну шашып жатса да билдирбей токтоо - Азыр акыбал жаман жагына айланганы турат, айтып болбойт. Телевизордун антеннасын билинбей турган жеринен узуп кой, жанылыктарды эч ким корбой турсун. Азырынча уйдо боло бер, иш жаман жагына айланып кетсе менин атыман адам барат, колунда менин бриллиант шакегим болот, ошонун айтканын кыласынар. Ошол адам силерди куткарып кетет. Эгер шакек болбосо, ким болсо да ишенбе, ал саткын, душман.
- Адыл ага, бул жакты сизден башка уч адам эле билет ко.
- Самат шакек болбосо ким барса да ишенбе. Апам менен Асел менин "слабый" жерим, ошолорду кармап алышса мен алсыз болуп калам, ашып кетсе бир ай корго апамдарды. Анан баары жакшы болуп кетет - нарактан адамдардын кыйкырган ундору чыгып, тапанча атылып, тапыр тупур болгон добуштар угулду. Адыл ага шашып- Тушундун да Самат, ар бир кылар ишини айтып отурбайын. Макул ийгилик коп суйлой албайм. Апамдарды сага ишендим-деп коюп койду.
Саат экиден отуп калыптыр. Уйкум ачылып кетти, эми уктай албайм баары бир. Кийинип, негедир тапанчамы алып шымыма кыстарып алдым. Сыртка чыксам жамгыр ношорлоп, кар аралаш уруп жатыптыр, суук. Азыр эле бироолор келип кала тургансып, дарбазанын кулпун текшерип, уйду бир айланып чыктым. Тынч эле.
Эгер шакеги жок бироолор келсе озум жалгыз эмне кылам. Расул ага менен Аскат ага жардам кыла албайт, алар андай адамдар эмес. Же бул жакты билбесем, ээн талаа болсо. Адамдардын арасы болсо да бир жолун тапса болот эле. Асель менен Каныш апаны чыныртып; бироолор алып кетип жатканын элестетип жибердим.
Адыл ага деле жон эле чала бербейт эле, коркунуч бар болгон учун чалды да. Демек жаны аким Адыл аганын бизнесин талашып, согуш башталыптыр. Мумкун азыр душмандары менен атышып, кырылышып жаткандыр. Мумкун азыр бул жакка бироолор келе жаткандыр. Адыл аганын айласы калбагандыктан, ишенер адамы калбаган учун мага чалды да. Ошондо оюма келди, Адыл ага мени эн ишеничтуу адам деп бул жакка алып келиптир да. Ишенбесе башка жакка жонотсо деле болот эле. Мага апасынын, карындашынын омурун ишенген экен да.
Менин колумда эле эми эки аялдын тагдыры.
Азыр эле бироолор келип кала тургансып короону дагы бир сыйра айланып чыктым, айлананы тыншап турдум, тынч эле.
Ушуп кетип кайра кирип кийимим менен эле жатып алдым. Ошо менен уктай алган жокмун.
Эми эмне кылам. Бир гана нерсени жакшы тушундум, азыр озумо гана ишенишим керек, жадакалса Расул агаларга да ишенбеш керек, ким билет ичинде эмне бар.
Саат учтон отуп калыптыр, ылдыйга тушуп, телевизордун антеннасынын зымы келип беш телевизорго болунгон жерин ачып озумун болмомо кеткен антеннаны калтырып, калгандарын учуна кленка ороп кайра кийгизип койдум. Эми башка телевизорлор корсотпойт, эч ким тушунбойт эмне болгонун.
Машиналар жер толодо турчу, негедир тушуп эки машинанын тен багын толтуруп бензин куюп, уч канистра таап аларга да куюп, "Хаммердин" артына салып койдум. Он литрлик идишке ичкенге суу да салып койдум.
Эртен менен саат тогуздарда, тамдын капталындагы шаты менен тамдын устуно чыгып айлананы кунт коюп карап, каерде эмне бар эстеп алдым.
Жуунуп алып ашканага кирсем Расул ага дубалга илинген телевизордун антеннасын чыгарып, зымдын учун тазалап жатыптыр. Жайна эже бир нерселерди бышырып эртен мененки тамактын убарасы.
- Телевизор корсотпой жатат да, антеннаданбы десем жакшы эле, усилител тынчыган окшойт. Азыр сериал башталат эле.
- Усилителден окшойт, меники да корсотпой койду- деп суйлонуп, Жайна эже алдыма койгон тамакты ары бери жеп алып болмомо кирип ичинен бекитип, телевизордун унун акырын чыгарып куйгузуп койдум. Тогузда кабарлар болуш керек.
Башталыптыр, биринчи эле Адыл аганын суротун корсотуп, уюшкан кылмышкерлердин тобунун башчысы, рекетир, айтор болгон куноонун баарын илишип, биротоло Аль Капоне кылып салышыптыр. Караганды областынын "ханы" деп атап жиберишиптир.; Адыл аганы тундосу кармашкан экен, квартиранын кире беришинде уч бала колу буту байланып жатат, маска тагынган милициянын атайын болугунун эки адамы автомат такап турушат. Жерде жаткан экоосун тааныдым, жаны келгенде мушташып кеткен эки бала.; Бир болмосундо торт бала жатат, беттери корунбойт. Экинчи болмодо кире бериште Серик, жаныда дагы бир бала, тордо диванда Адыл ага колу байланып отурат. Жаны акимдин адамдары журналист кызды аябай даярдашкан окшойт, жамандады болушунча. Адыл агага Карагандыдагы ар бир ишкер ай сайын салык толоп турган имиш. Канча баланы каерден кантип кармашкан, ким эмне жумуш кылган бут айтып жатат. Баарын эле кылмышкер, ууру кески, башкесер, наркоман кылып салышыптыр. Шаардагы ар кандай кафе, ресторан, чакан базарлардан, базалардан кармашкандарын бирме бир корсотушту. "Карагандыны ээлеп алган экен, элди эзип иштетип жургон экен кокуууй" деп, тимеле фашист кылып салышыптыр.
Касен абаны да офисинен кармап кетишиптир, аны мафиянын бухгалтери, кунуно миллиондогон долларлар ушул адамдын колунан отуп, ушул адам акчаларды чет олколорго ар кандай шылтоолор менен которуп, мамлекеттен чыгарып кетип турушкан деп, тимеле аны мындай иштердин "генийи" кылып салышыптыр.
Милициянын "чону" интервью берип, ал Казакстандагы эн чон мафияны кармадык, жаны акимдин "кылмыш дуйносуно каршы курошуу" программасынын негизинде ишке ашты деп жаны акимди мактап кетти. Анан жаны аким суйлоптур, бир да кылмышкер калбайт, эл тынч жашайт. Ишкерлер тынч иштешет, эч ким тоскоол болбойт деп эл учун куйгон, аябай эле таза адам болуп чыкты. Андан кийин ар кандай адамдар суйлоп Адыл аганын балдарынан кантип запкы коргонун, омурунон коркуп убагында айталбаганын,; эми гана "канкор", "бандит" кармалгандан кийин айтып жатканын айтып, жаны акимге ыраазылыгын билдирип жатышты. Бул шоуну уюштурган адам кыйын экен, бир тундо запкы тарткан адамдарды таап интервью ала коюшуптур. Кабары жок адам ишенет, же мурунтан даярданышканбы?
Милициянын башчысы дагы суйлоп:
- Курбанбаев Адылдын куну бутту, бугун кечке чейин бир да адамы калбай баары камалат. Биз баарын билебиз кимиси каерде иштегенин, ар биринин уйунун даректерине чейин билебиз. Жердин тубуно бекинсе да таап чыгабыз. Бул адамдан запкы тарткандар келгиле, айткыла, эркиндикте бир да адамы калбайт. Коркпогула - деп муштумун корсотуп купулдоп суйлоду.
Эми копко чейин кайталап корсото берет. Менде, Кыргызстанда айылда кыйналып жургондо адамдарга, жашоого очошуу пайда болгон эле, кийин иштерим жакшы болуп, апамдар жакшы жашап калганда билинбей калган. Ошол очогушуу кайра жанып, негедир озумо ар кандай кыйынчылыкты женип кете алам деген ишенич пайда болду. Ордуман ыргып туруп болмодо ары бери басып ойлоно баштадым.
Адыл аганы онойлук менен жок кыла алышпаса керек баары бир. Анын деле соссуз байланыштары бар да. Уй булосун ишеничтуу жерге бекиткен болуш керек эбак эле. Душмандары апасы менен Аселди эле кармап алып басым кылбаса Адыл ага тааныштары аркылуу,; акчанын кучу менен болсо да баары бир, бир жолун табып чыгат, балдарды чыгарат. Эгер мен кол куушуруп коркуп отуруп берсем, Адыл аганын душмандары Каныш апа менен Аселди алып кетишсе, алардын омурунон коркуп Адыл ага бут нерсени мойнуна алып камалып кетет, ага кошулуп балдар да камалат. Демек менин колумда эки аялдын эле эмес,; Адыл аганын, балдардын тагдыры туруптур. Эгер эки аялды сактап калсам баары жакшы болуп кетишке мумкунчулук болот.
Бул жерден кетиш керек, Расул агаларды да кетириш керек. Бул жер жонундо баары бир Серик айтпаса да, эки учкуч айтып коюшу мумкун.; Душмандар келсе дарбазаны жардырып болсо да кирет, же айыл ичи болбосо адамдар коруп жардамга келгидей.
Биринчи кабатка тушсом ар ким озу менен убара, кунумдук тирилик. Расул ага телефондун кабелдерин кууп, текшерип журот, мени коруп:
- Бугун эмне болгон, телевизор да тартпай, телефон да иштебей жатат.
- Билбейм, мумкун шаарда авария болгондур. Вышкага, телефонго ток келбей жаткандыр да.
- Ээ билбейм, иштебейтат.
Аселди карасам залда диванга жатып алып DVDден кино коруп жатыптыр, колунда чипсынын чон пакети. Мени башын которуп карап койду.
-Асель беш муноттон кийин эч кимге байкатпай менин болмомо кир соз бар.
Асел башын которуп тан калып карап калды.
- Эч кимге айтпа, Адыл аганы милиция кармап кетиптир, душмандары биякка да келиши мумкун. Телевизордон озун коросун.
- Антенна тартпай жатса сен каяктан кордун?
- Акырын суйло, азырынча эч ким укпасын, антеннаны мен узуп койгом. Бол тез, эртерек бир нерсе кылыш керек, азыр Адыл аганын душмандары биякка келаткан болушу да мумкун.- деп чыгып кеттим.
Артыман эле ону бозоруп Асел келип, эшикти ичинен илип телевизорду тиктеп калды. Эки уч Карагандынын телеканалдарынын суйлогону эле Адыл ага болуп калыптыр. Асел оозун алаканы менен басып, унчукпай коруп отурду, бир маалда Адыл аганын темир тордун ичинде отурганын корсотуп калышты эле козунон жаш чыгып кетти. Ангыча эшик акырын тыкылдап калды. Дароо телевизорду очуруп эшикти ачсам Аскат ага, кирип эле Аселди коруп айтсамбы, айтпасамбы деп бир Саматты, бир Аселди карап калды.
- Эмне болду?
- Сенде соз бар эле.
-Журунуз- деп коридорго чыгып эшикти жаап- тынччылыкпы?
- Адылды милиция кармаптыр, азыр камакта экен.
- Сиз каяктан уктунуз?
-Радиодон уктум, тундо кармап кетишиптир.
-Айтпай турайын дедим эле эч кимге, ооба, кармап кетишиптир, озун, бирге иштеген балдарын. Кечээ Адыл ага силерди бир айга уйуно барып турсун деген, милиция бул жакка да келиши мумкун. Силерди да жок жерден бир куноо коюп кармап кетишпесин деген эле. Мен кечинде айтайын деп жаткам.
-Силер эмне кыласынар, каласынарбы?
-Азырынча билбейм, Адыл ага адамдарын жонотом деген, кутобуз го. Силер; эртерээк жолго чыга беришинер керек.
- Самат менимче азыр эле кеткенибиз он го. Ушунчалык болгон болсо биякка милиция тез эле келет, алар менен атышып кырылышмак белек. Тынчырак жерге барып турганыбыз он. Биз го кетип калабыз, биздин бул жерде иштегенибизди эч ким билбейт. Каныш эже менен Аселге жаман болот, Адылдын байлыгын алабыз деп душмандары ар нерсе кылышы мумкун.
- Каякка барабыз бул ээн талаада, жакынкы эле шаар уч жуз чакырым жерде болсо?
- Элуу чакырымдай жерде илгерки колхоздун мал сарайы бар, азыр эч ким жашабайт, ташталып кеткен. Мен союз маалында зоотехник болуп иштегем, коп барганбыз ал короолорго. Ошол жерге барып бекинсе болсо керек. Чон, озунчо эле комплекс. Беш узун сарайлар, болмолору коп, озубуз да бекинип, машинаны да бекитсек болот.
- Кантип бекинебиз, короолорго эч ким барбайбы?
- Короолорго кеткен жол эч ким журбой, жок болуп кеткен, беш сарайдын экоосунун дубалдары урап калган коп жеринин, бир болмосуно кирип устулоруно шыйпырларды таштап койсок билинбей калат. Эгер бироолор келип тапкан кундо да, джип кучтуу го, бир сел жургон сай бар, бир жеринен отуп кетсе болот, "Хаммер" ото алат. Башка машина ото албайт ал жерден, айланып келгиче уч торт саат отуп кетет.
- Болбойт го дейм ал жер, канчага чейин жатмак элек ал жерде. Биз чон шаарга, адам коп жерге жетип алышыбыз керек, жакыныраак темир жол, трассалар барбы?
Аскат ага кагазга чийип уч торт жерди корсотту, эн эле жакын шаар Кызылорда уч жуз чакырым экен. Айылдар бар экен майда чуйдо, ал жерге барсан баары билип коет.
- Карагандыдан бизге чейин машинада канча убакытта жетсе болот.
-Тез журсо он эки, он уч саат.
-Макул Аскат ага сиз эч кимге билдирбей кундогудой журо бериниз. Тушко чейин кутолу, Адыл агадан адам келиши керек. Мумкун самолет келсе ошо менен эле кетип каларбыз.
Асель да "энеме барайын" деп; чыгып кетти.
Тез аракет кылып бир жакка кетиш керек эми. Ойлонуп отура бергенде эмне, Адыл агадан адам келгенде деле каякка алып барат эле. Ойлонуп отуруп эшиктин тыкылдаганын укпай калыпмын Асель , суйунуп алыптыр, эшиктен баш багып:
- Самолет келди-деп коюп чуркап чыгып кетти.
Ордуман ыргып турдум, Адыл аганын адамы келиптир да. Устумон оор жук тушконсуп ушунчалык женилдедим. Шашып кийинип жатып столдун устундо жаткан тапанчамы коруп Адыл аганын шакек жонундо айтканы оюма кылт келди. Саткындар келген болсочу.;
Чуркап эшикке чыксам Расул байке "Нива" менен дарбазадан чыгып, токтоп Аселди кутуп туруптур. Асель курткасынын жендерин кийип шашып тепкичтен тушуп бараткан экен:
- Асель токто, артка кайт- деп кыйкырсам,
- Адыл агаман адамдар келди, самолет менен кетебиз - деп токтобой эле машинаны коздой чуркап баратат.
- Асель токто дейм, алар Адыл аганын адамдары эмес. - деп чуркап барып Аселдин алдын тостум, -Асель токтой тур, биринчи билели ким экенин.
-Ой каччы жолдон, тигине Серик ага турбайбы самолеттун жанында.
Ачуум келип кетип:
- Токто дегенде токто, бар уйго кирип чыкпай отуруп тур, мен айтмайынча эч ким чыкпасын, Серик аганы кечээ кармап кетип бугун эмнеге кое бермек эле, ойлонбойсунбу.
- Серик агага ишенбей жатасынбы, ал агамын эн жакын досу, экоосу канча жылдан бери бирге журушот. Сенден коро Серик агага кобуроок ишенет, кач, кое бер мени - деп жулкунат.
-Асель мага демек кырк жылдан бери бирге журушпойбу, бир аз кутуп тур. Азыр билебиз, сен эч нерсеге аралашпай тур.- деп дарбазаны жаап, ичинен култап алдым. Асель коздору алайып, мени тан калып, жаман коруп карап, бирок унчукпай туруп калды.
- Уйго кирбесен сырттагыларга корунбой турган болуп алысыраак тур.
Расул ага Асел менен тартышып атканымы коруп жана эле кетип калган. Учкучтардын бироосу самолетун айланып карап ошол жерде эле калды. Экинчи учкуч, Серик ага болуп машинага отуруп уйду коздой жоношту. Асел дарбазанын алдынан жылбай, эмне кылышын билбей турат.
- Асел бир аз чыдап тур, азыр билинет. Алысырак, корунбой турган болуп турчу.
Жер толодон Аскат ага чыгып келди, колунда эки 32 калибрдеги мылтык. Козун алайтып карап калган Аселдин жанынан унчукпай отуп келип, бир мылтыкты, он огу менен мага берип, чонтогунон эки граната алып чыгып корсотуп, кайра салып алды.
- Мен даракка чыгып алам, сырттагылар даана корунот, мени байкашпайт-деп дарбазанын жанындагы чон дарактын башына чыгып, корунбой турган болуп отуруп алды.
Дарбазанын ар жеринде адамдын колу бата тургандай тешиктери бар эле, эми тушундум эмнеге экенин. Атканга болот бул тешиктерден. Адамдын боюндай жерде чонурак тешиги бар экен, ал жерден суйлошсо болгудай.
Машина жакындап калганда Аскат аганы карасам "даярмын" дегендей мылтыгын корсотуп, козун кысып койду. Мага чон; дем болду Аскат ага, унчукпай жургон менен копту коргон адам окшойт. Машина дарбазанын алдына келип токтоп сигнал басты эле, унчукпай тура бердим. Акыры Серик айнектен башын чыгарып:
- Ой Самат ачпайсынбы- деп кыйкырды. Мылтыкты октоп жаныма коюп, пистолетими да октоп жооп бербей карап тура бердим. Акыры Расул ага тушуп келип, тешиктен карап:
- Самат эмне ачпай жатасын, эмне болду - деп тан калып калды. Бирок журогу бир нерсени сезди окшойт, акырын артты карап коюп-Эмне болтат Самат, тынччылыкпы деги. Бул Серик ко, ар дайым эле келип кетип журбойбу. Адыл бизди самолет менен Карагандыга алып келсин деп жонотуптур-деп менин козумон бир нерсени билейин деп карап калды. Эч нерседен кабары жок экен, козунон эле байкалды, ишендим Расул агага.
Серик менен учкуч машинеден тушпой, бир нерселерди акырын суйлошуп жатышты.
- Расул ага эгер тируу калам десениз мен калитканы ачам, тез кириниз.
- Макул тушундум.
Калитканын замогун акырын бурап ачтым, Расул ага эшикти туртуп ачып кирип, ичинен дароо култап алды.
- Мылтыкты алып даяр турун, булар саткындар Расул ага, кийин тушундуром. Арыраак барып алыныз.
- Тушундум Самат- деп Аселдин жанына барып, экоосу бир нерселерди кужулдашып калышты.
Акыры Серик тушуп келди, козундо тан калгандык жок. Туура эле кылыпмын, жакшы ой менен келсе башкача суйломок, коз карашы башкача болмок. Шакек жонундо ооз ачпады.
Ичимен согунуп алдым, Серик саткынбы? Ак конул, тамашакой, балдар баары сыйлап турушчу, баары жакшы корчу. Мумкун шакек эсинен чыгып кеттиби. Фураны сактап калганымда ушул Серик оз атынан кымбат, швейцариянын кол саатын белек кылган.
- Ой Самат эмне ачпай жатасын, мен силерди алып кетейин деп келдим. Адыл ага жонотту. Бол тез, убакыт аз - деп колундагы саатын карап коюп.- Ансыз да "не летный погода" болуп кечиктик. Эртерээк жоношубуз керек.
Экинчи учкуч да тушуп келип Сериктин жанына туруп калды. Чын атын билбейт экем, баары эле Медя дешчу. Анын козу дароо эле сатып койду, кызыгуу, жаман коруу козундо, тан калгандык жок.
Суйлобой дагы эмне соз чыгар экен деп кутуп тура бердим.
- Ой Самат суйлобойсунбу, эмне мага ишенбей жатасынбы. Мен Адыл ага менен он эки жылдан бери бирге жургом, сен кечээ эле келип алып. Бол ач, эртерээк кетишибиз керек. (Согунуп алды) азыр озум кирип ачканда капа болосун.
Чынында дагы деле ишенгим келбеди, азыр шакек эсинен чыгып кеткен болсо, эстеп калып алып чыгып корсотсо баары жакшы болот эле. Самолет менен кетип калат элек.
Текшерип коройун дедим, тигилерге байкатпай пистолеттин арты менен дарбазаны катуу бир койсом чочуп кетишип, Серик дароо колун тошуно сала койду, учкуч Сериктин артына бекинип жерге жата калды. Жакшылык менен келсе чочушпайт эле мынчалык. Сериктин тапанчасы тошундо экен, алганга оной кылып салып койгон да.
- Серик жамандык болбосун, кеткиле жакшылыкча.
Али бери эстейт эле шакекти, сатыптырда Адыл аганы.
Менин баары бир эшикти ачпасыма козу жетти окшойт:
- Самат сен акылдуу баласын, туура тушун Адыл аганын куну бутту. Бир да адамы калган жок, баары кармалышты. Сен озун жалгызсын, каякка качып барат элен, баары бир колго тушосун, азыр жыйырма куралчан адамдар келатат. Тиги экоосу сага жардамчы эмес, жакшылыкча куралыны ташта. Суйлошолу, сен да куру калбайсын. Адыл ага эми чыкпайт тияктан, олугу гана чыкпаса. Эмне кылам деп жатасын, каякка барасын, деги максатын эмне.
- Серик тируу калам десен кет жамандык болуп кетпесин.
Серик тамеки куйгузуп ойлонуп калды. Жаны акимдин адамдарына Серик эле айткан да бул уй, апасы, карындашы жонундо.
Артымы карасам Асель уйго кирип кетатыптыр, Расул ага он колун которуп "баары жакшы" дегенсип белги кылып койду. "Эч кимди чыгарбай тур" деп жонотсо керек.
- Макул акмак, эртен кокону озум жулуп олтуром сени- деп акыры кире албашына козу жетти окшойт, тукурунуп "Нивага" отурушуп айдап артка жоношту. Пистолетими предохранителге коюп артка бурулуп эми уч торт кадам таштагам:
- Самат кач, граната- деген; Аскат аганын уну угулганда, артыма караган да жокмун. Аскат ага отурган дарактын артына секирип боюму таштап башымы бекитип жатып калдым. Граната катуу жарылат экен, кулагым тунуп, эч нерсени тушунбой калдым. Жаныма цементтин сыныктары тушуп, чанып кетти. Тээ алыстан мылтыктын эки жолу атылганы элес булас угулду. Акырын башымы которуп карасам дарбаза эч нерсе болбоптур, гранатаны ичине ыргытышкан экен, дарбазанын алды оюлуп, цементтер чачырап кетиптир. Аскат ага дагы деле дарактын устундо отурат. Акырын туруп бети башымы карасам соо эле, канаган эткен, ооруган жерим жок.
- Бери келгиле, - деп Аскат ага чакырып, башын ийкеп, сырттагыларды корсотту, озу аларды мээлеп турат. Пистолетими даярдап дарбазага барып тешигинен карасам, Аскат ага бутуна аткан окшойт, дарбазадан беш алты метр арыракта Серик бутун кармап онтоп жатат. Жанында Медя колун которуп турат. Дарбазаны ачып чыгып:
- Аскат ага кыймылдаганын атып сала берин - деп кыйкырып, Сериктин жанына келсем мени жаман коруп карап койду.
-Серик кыймылдаба жашагын келсе - деп Сериктин бетине кучумун барынча тээп жибердим, донкуйгон менен бош адамбы же анткорлондубу эси ооп жатып калды. Куртка кийип алган экен, курткасынын белиндеги жибин чечип колу бутун чытыратып танып салдым. Чонтокторун карасам бир "ПМ" маркасындагы толук огу менен пистолет, эки граната бар экен.
Медя титиреп турат. Медянын да колу бутун байлап, ичтерин кармалап бир пистолет таап алдым.
Медя коркок экен, башын калкалап:
- Самаке, айланайын Самаке атпа, кечир мени- деп чоголоп, корккондо уну булдуруктап калабы, ыйлап жиберди. Ый аралаш бир нерселерди жалынып суйлоп жатты, тушунуксуз эмне деп жатканы.
- Медя тур ордундан, болду токтот.
- Самаке, Самаке кечир, балдарымы ая. Эмне кыл десен кылам.
- Болду Медя токтот, эмне кылмак элем.
Медя тике тура албай, бурушуп, эки алаканы менен бетин тосуп:
- Макул, макул Самаке болду. Айт эмне кылайын- деп кайра кайра эле жалдырайт.
- Карагандыда эмне болду, болгонун болгондой айтып бер.
- Макул, макул - деп баарын айтып берди. Эч ким калбаптыр, бардык балдарды кармап кетишиптир. Адыл ага менен Серикти бирге башка жакка алып кетишкен экен.
Медяларга тийишпептир негедир. Бугун эртен менен кымбат машинада Серик уч кара костюм шым, ак койнок, галстук тагынган адамдар менен келип буларды самолет учуп кеткенче карап турушуп, анан кетишиптир. Самолетко отуруп жатканда Медя самолетун айланып, бир сыйра карап коеюн деп журуп, бироосу Серикке "тапкандан кийин ошол жерден жылбай тур, биз барып калабыз" дегенин угуптур. Жолдо келатып Серик Медяга пистолет берип, "каршылык корсотконун ата бер аяба" деген экен. Он мин доллар берем дептир. Башка эч нерсе билбейм дейт.
Аскат ага жаныма келип Сериктин бутун карап:
-Серик ок соогуно тийбептир, олуп калбайсын.- деп мени карап "анткорлонуп жатат" дегендей белги кылды.
- Серик болду токтот, тируу калам десен менин берген суроолорума жооп бер да кете бергиле. Силерди олтуруп эмне тапмак элем.
Серик ушкурунуп бышкырынып ордуна отуруп, ок тийген жерин курткасынын чекеси менен жаап алды. Мурду канап кетиптир, бети жарабайт.
- Макул сура, эмне дейсин.
- Адыл ага каякта, эмне болду?
- Анын баары бир куну бутту- деп дагы жомогун баштады.
- Мага кыска, так суроолорума гана жооп бер. Адыл ага каякта?
-Макул, макул. Мамлекеттик резиденциянын тубундо подвалында.
- Тушундур, эмнеге ал жакка алып барышты?
-Шериктери турмодон качырып кетиши мумкун дешти окшойт. Ал жерден издеш эч кимдин оюна келбейт. Ошол жерде суракка алып кыйнап ишканалардын документтерин, акчасын алганы жатышат.
- Алары каякта экен?
- Айтпай жатат,
- Сени апасы менен карындашын алып кел деп жонотуштубу?
- Ооба.
Асель келип дарбазанын жанында баарын угуп турган экен:
- Серик ага?- деп эле, бурулуп карасам коздору алайып Серикти карап турган экен, оозун алаканы менен жаап бизди карап; коюп уйго чуркап кетти.
- Биякка канча адам, канча убакытта келип калат?
- Торт машинада ондон ашык бала келет деп мага айтышты, оз козум менен корбодум. Эртен менен тогуздарда чыгышса керек, он беш саат жол журушот.
- Сен апаларын кармап кетсен алар эмнеге келет?
- Мен алар келгенче ушул жерде болушум керек, - деп токтоп калды.
- Серик суйло, тируу калам десен. Аларын келгиче мен сени жыйырма жолу атып, комуп салганга убактым болот.
- Адыл аганын документтери ушул жерде деп ойлоп жатышат.
- Сен кандай ойлойсун?
- Билбейм Самат, чындап билбейм.
- Сенин минтип жургонуну Адыл ага билеби?
- Жок билбейт.
- Эмнеге антип ойлойсун, экоонорду бир жерге камашса?
- Резиденциянын тубу бут эле подвал экен, аны башка жагына камашкан.; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ; ;
- Резиденцияны канча адам кайтарат?
- Билбейм, бизди алып барганда эшигинде эки ГАИшник эле бир машина менен туруптур, ичинде бир кароолчу абышка эле журот.
-Подвалдачы? Силерди бироо карады да.
- Эки бала эле кирип чыгышып жатты.
- Сени камаган болмонун эшиги кандай экен?
- Жонокой эле жыгач эшик.
- Качып чыга албадынбы?
- Адыл аганы кантип камашты билбейм, менин колу бутуму байлап салышты, кыймылдай албайсын, камералар коюлган айлантып.
- Менин бул жерде экеними билишеби?
- Жок.
- Эмнеге?
- Сенин бул жерде экенини Адыл ага эле билчу. Сен жонундо алар эч нерсе билбейт, сен болгону "сопровождениесин" да.
- Бирок сурашы керек эле да канча адам жашайт деп?
- Ооба, сурашты. Сенден башкаларын билишет.
- "Уюкту" эмнеге корсоттун менттерге?
- Мен эмес - деп барып мени бир карап коюп - айла жок болуп калды. Мени жарга такап салышты, башка жолум жок эле.
- Эми соз мындай, жанындан умут кылсан "тигилерге кайтып барбай, башка жакка кетип калам" деп мага соз бер.
Серик башын которуп мени тан калып карап ишенбей туруп калды:
- Серик мен сени атып эмне кылам. Мага зыянын тийген эмес.
- Макул Самат соз берем, башка жакка учуп кетебиз.
-Эгер тигилерге кайтып барсан эртеби кечпи кармаласын, айга учуп кетсен да таап алам.
Серик мыйыгынан кулуп койду.
- Аскат ага, Расул ага жургуло буларды самолетуна салып коелу, колдорун чечпегиле - деп баарыбыз "Нивага" отуруп самолетко бардык. Экинчи учкуч башын жерге салып самолеттун жанында унчукпай тура берди. Баарын самолеттун салонуна отургузуп:
- Расул ага сиз самолеттун ичин карап, курал атпай болсо бут алыныз. Аскат ага  карап турунуз бироосу онор корсотсо атып сала берин - деп озум самолеттун кабинасына кирип издесем "радио" деген бир тумблер бар экен жулуп эле алдым. Эч ким менен суйлошушпосу керек булардын. Самолеттон тушуп, тубуно кирип эки алдынкы чон баллонунун тубуно, амортизациясына эки гранатаны байлап, гранатанын шакекчесине жип байлап самолеттун жогорку темирине байлап салдым. Эми самолет конуп жатканда баллону жерге тийгенде самолеттун салмагы баллонду жерге басып кайра которгондо шакекченин жиби тартылып граната жарылып кетиши керек. Акыры учкучтарды кое беришкен окшойт бироосу кабинанын айнегинен башын чыгарып мени карап койду.
Расул ага менен Аскат ага тушушуп, самолет которулуп кеткенче карап туруп, анан уйго жонодук.
- Самат кое бергенибиз туура эмес болдубу? Булар самолет менен тез эле барышат, кайра коп болуп келишет да.
- Ай - деп кол шилтеп койдум. Экоосу мени карап коюп, ошол бойдон суйлошушкон жок.
Аялдар ашканага чогулуп алышыптыр.  Кирсек эле баары жабылып ар тараптан суроолорду бере башташты эле "азыр келем" деп чыгып кеттим. Кайра эшикке чыгып эмнегедир дарбазанын кулпун текшерип койдум да, коптон бери эшикте журо берип ушуп калган экенмин кайра уйго кирип, душка кирип кеттим. Ыссык сууну чыгарып алып джакузиде он муноттой ойлонуп жаттым. Карагандыдан чыккандар дагы кеминде он эки сааттан кийин келишет. Ошого чейин бул жерден кетип, эртерээк бир чон шаарга барып элге аралашып кетиш керек. Анан бир кеби болор.
Душтан чыксам ашканада эч ким корунбойт, баары менин болмомо киришип телевизордон жанылыктарды коруп отурушуптур. Жашырганда эмне эми баары эле билип калды да. Бир жагынан жакшы эле болду, эми суроолорду бере беришпейт. Ашканага кирип тамак даяр туруптур, эч ким жебеген экен, тамактанып отурсам баары бирден экиден болуп киришип, баарыбыз чогулуп тамактана баштадык. Эч ким суйлобойт. Каныш апа кучтуу аял экен, унчукпай отурат.
Баары тамактанып буткучо кутуп отурдум.
- Эми бул уйдон баарыбыз кетишибиз керек. Каныш апа баары жакшы болот, мен кечээ Адыл ага менен суйлошком. Бир айга жетпей баарыбыз чыгабыз деген. Азыр жаны аким келип бут ишкерлерди текшерип жатыптыр, убактынча эле дейт.
Каныш апаны байкатпай карасам унчукпай столду карап ой басып отурат. Бир маалда Каныш апа мени карады эле, козундо ушунчалык кыйналган, айласы калбаган, козунун нуру очкон, жашоодон умуту калбаган адамдын коз карашын кордум. Козумо Каныш апа кичирейип кеткендей корунду. Тушунуп турат да баласынын эми турмодон соо чыкпашын. Эмнегедир апама окшотуп жибердим. Кийин ойлосом атам олгондо апамын да коз карашы ушундай болгон экен. Эмне дешти билбей калдым.
-Макул мен азыр келем- деп машиналар турган жер толого тушуп кеттим. Журогум бир башкача болуп жатты, Каныш апа бир нерсе деп суйлосо жакшы болот эле унчукпай койгондон коро. Жалгыз баласы тигинтип жатса сыгылып жатат да.
- Самат каяктасын?- деп Аселдин уну чыгып калды.
-Асель келе бер.
Асель жаныма келип олтуруп калды. Унчукпайт.
-Каныш апа кандай?
- Жакшы эле, кыбыланы карап отуруп алып Кудайдан суранып жатат. Тоскоол болбоюн деп чыгып келе бердим.
Бир аз ойлонуп отурду да:
- Самат Адыл аганын куралдары бар, керек болуп калабы деп корсотуп коеюн дедим эле.
- Каерде?
- Журу - деп жанындагы эле болмого кирип, эшикти ичинен култап, дубалга илинген килемди которду, темир эшик турат, код менен ачылат экен, Асель бир кнопкаларды басып тартса эшик ачылып кетти.
Жети АК-47, ар биринин жанында экиден магазини менен, бир СВД жыйырма огу менен, он пистолет ПМ, "Сайга" илинип турат. Тубундо отуздан ашык гранаталар катар тизилип идишинде жатат, корсотуп:
-Коду 4578903, азыр жазып берем - деп ручка алып келгени кетти. Таптаза, майланган, али колдонула элек, заводдун номерлери менен. Асель сейфтин кодун бир кичине кагазга жазып келиптир:
- Самат биз кетсек бул жерди таап алабы?
- Таап алышат, уйдон алыс башка жакка алып барып бекитишибиз керек, Бугун тундо коп адамдар келет. Уйдун ар бир мыгына чейин тытып чыгышат.
Асель дубалга суйонуп ойлонуп калды да:
- Адыл аганын акчалары да ушул уйдо- деп козумо карап калды, козундо "айтып туура кылдымбы же бул да сатып кетеби" деген суроо.
-Асель мага Адыл аганын акчаларынын кереги жок, мен иштеп таппагам. Менин оюм, эгер сен каршы болбосон куралдарды, акчаларды баары бир озубуз менен алып журо албайбыз. Уйдон алысыраак бир жерге бекитип турсак, кийин Адыл ага чыкканда алып алат эле.
- Мен макулмун Самат, акчалар да ушул жерде - деп куралдарды чыгарып, ортосундагы илгичти ичкери туртуп онго бураса темир шкаф ачылып кетти. Артында дубалга катырылган сейфтин эшиги турат. Коддору бурап ачыла турган замок. Асель бурап тез эле ачты. Ичи чон экен, учко болунуптур. Бир болугундо, мындай акчаларды кинодо да корбогом. Американын долларлары, он пачкадан кылып целлофанга оролуп, ото эле коп экен. Экинчи болугундо папкаларда документтер ар кандай, учунчу болугундо алтын зер буюмдар. Адыл ага миллионер да эмес миллиардер экен. Оозуму ачып эле озуму жоготуп карап туруп калган окшойм, Асел турткондо озумо келдим.
- Асель эмне кылабыз, сен чечесин  бекитейлиби башка жакка?
-Эгер баары бир таап алыша турган болсо башка жакка бекители. Бактын бир жерине комуп коелубу?
- Бактын ичинен таап алышат оной эле, мынча акча бар экенин билген учун келатышат да. Уйдун ар бир бурчун тытып чыгышат. Керек болсо бир ай да издей беришет тапканча, бактын ичин да бирме бир тинтип чыгышат.
- Каякка бекитебиз анда.
-Асель мен минтип эки анжы болуп тура бергенди жаман кором, бир иш кыла турган болсон тарс тарс кылыш керек. Мага ишенсен менин айтканым боюнча кылалы. Ишенбесен мен силерди куткарышым керек, акчаларды озун ойлон. Мен уйдон алыс барып турам, бекиткенинден кийин келем.
- Жок Самат макул сен кандай десен ошондой болот, эмне кылабыз?
- Карагандыдан адамдар келгенче он сааттан ашык убактыбыз бар, буларды алып Аскат ага мал сарайлар бар дейт, бир бурчуна комуп келели.
- Мен да ошону ойлодум эле, жол тегиз эле, бир саатка жетпей барып калабыз.
- Кеттик анда тездетели, мен машинага керектуу нерселерди жуктоп келейин, сен мусор салган чон калын кара кленка мушоктордон онду алып келип тур- деп экообуз эки жакка чуркап кеттик.
Курок, балта салып, кайра келсем Асел мушокторду алып келип турган экен.
- Асель бизге коп акча керек болот. Адыл аганы чыгарып алыштын жолун ойлондум. Кичине алып алалы озубузго да.
- Канча керек десен ал. Озун бил эмне кылышты.
Бир мушокко он пачкадан бешоону салып машинанын ичине бекитип келдим.
Экоолоп акчаларды эки пакетке болуп, адам которо ала турган кылып эки капка салып, сыртынан дагы эки мушокко ороп скотч менен сыртынан ороп салдык. Берки документтерди, алтындарды да ороп чулгап салдым.
Куралдарды да ороп, баарын машинага жуктоп буткондо Аскат ага менен Расул агага бир пистолет, беш магазини менен, бир автомат беш магазини менен калтырып:
- Биз Асель экообуз жол карап келели, силер керектуу нерселерди алып машинага жуктоп тургула - деп шылтоо кылып дароо эле мал короого жонодук. Кун ачылып, жерлер тоборсуп калыптыр, бир саатка жетпей эле барып калдык, айланада жан адам жок. Короолор уч тарабы чакан дондор менен курчалган, шамал жок жерге курулуптур. Машина менен бир сарайдын ичине эле кирип бардык. Сарайлар чон экен ото эле, акыр чикирге толгон бир болмосунун бир бурчун бошотуп курок менен чукурлугун бир метрден кобуроок кылып казып даярдадым. Сарайдын ичинен жуз литрлик, илгери сут куюшкан окшойт, темири калын идиш таап келип ичине акчаны, айтор баарын салып, чычкан сыяктуулар ото албасын учун устунон шиферди талкалап калын эле кылып токтум.
Алардын устуно автоматтарды, пистолеттерди салып, озумо бир автомат алып калып, калганын чукурга салып, устун комуп, анын устуно акыр чикирлерди уйуп, башка болмолордон да ар нерселерди алып келип болмону толтуруп салдым. Чан басып, эч нерсе билинбей калды. Уйдон чыкканыбызга эки сааттан отуп кетиптир.
Туш маалы болуп калгандыктан кун ысып кетти. Уйго келсек баары даяр турушкан экен, эки машина ээрчишип алып жолго чыктык. Карагандыдан келе тургандар жогору жактан келиши керек. Расул ага жолду жакшы билгендиктен алдыда. Айлана тынч, бир адам же жаныбар корунбойт. Анда санда тоолор, жылкылар  корунбосо башка эч нерсе жок.  Тунку саат учтордо акыры бир айылдын жарыктары корунгондо токтоп, куралдардын баарын жерди казып комуп салдык.
Кызылордага чейин аз эле калыптыр, тез эле жетип, шаардын чекесинде бир уй  мейманкана экен, ошол уйго туноп калдык.
Эртеси эрте туруп телевизордон жанылыктарды кордум. Жалпы жуздон ашык бала кармалыптыр, азыр тергоо иштери журуп жатыптыр. Эки айга чейин тергоо иштери журуп, анан куноолоруно карап камалганы камалып, камалбаганы ар кандай штрафтарды толошот экен. Анан Карагандынын чекесиндеги эски аэродромдо Ан-2 деген чакан самолет конуп жатып жарылып кеткенин корсотушту. Самолеттон эч нерсе калбаптыр, билбей калышканбы же атайын айттырыштыбы айтор конуп жатып авария болду деп коюшуптур. Сериктердин самолету эле.
Шаарда бир эки жеринде тундо дискотекада жаш балдардын арасында мушташ чыккан экен, "Карагандынын ханына" жармаштырышыптыр. Адыл аганын коп ишканалары болгон, ошолорду талашып, эми копко чейин атып кетмей, олтуруп кетмейлер боло берет, "комуско экономиканы" болуп алуу болот деп, машинанын бир донгологу арыкка тушуп кетсе да бандиттердин талашуусу кылып салышты.
Эн акырында кармалган балдардын ата энелери, туугандары чогулуп акимчиликтин алдына барып митинг откорушконун корсотту. Эртерээк тергоо иштерин откоруп, балдарды кое бербесе президентке чейин барабыз, эл аралык сотторго арыз жазабыз деп чыгышыптыр. Биз жонундо эч кандай соз жок. Азыр жаны акимдин Адыл аганын ишканаларын ээлеп калуу учун болгон кучун ошол жакка жумшап, бизге колу деле тийбесе керек. Баары уктап жатышкан, Асель ойгонуп кеткенби же уктабаганбы, кирип келип жаныма отурду.
- Самат эми эмне кылабыз? Каякка барабыз?
- Расул агалар уйлоруно кетишет, силерди бир жакка бекитиш керек Асель. Адыл ага мага ишенип отурат. Бугун Расул агаларды жонотуп жиберип озубуз бир жерге барабыз. Силер бир ай жашап турасынар Асель ошол жакта. Анан баары жакшы болот кайра уйго барып жашай бересинер.
- Самат мен ал уйго баргым келбейт, элдин арасында эле жашагым келет. Чон окууга тапшырып, жонокой эле балдар, кыздар менен ач калып, ток калып жургум келет.
Жиним келип кетти, "эл эмне менен убара, бул эмне менен убара. Азыр ошону айта турган маалбы. Бир жолу ач калып корсон тушунот элен."
- Аны Адыл ага бир айда чыгат, ошондо чечишип аласын.
Асель мени карап койду да унчукпай башын жерге салып отуруп калды. Байкабаган экем, жоошуп, момоюп калыптыр. Эки кун мурун эгер минтип суйлосом Асель секирип чыкмак, экообуз эч кимге корунбой эки саат акыя айтышат элек. Бир уйдо торт беш ай бирге жашаган убакта канча жолу уруштук. Акыркы убактарда суйлошпой да калганбыз, жаман коруп калган элем. "Ким алса да шору бар" деп Аселдин болочок куйоосуно боорум ооручу. Эми коркуп, жоошуп калыптыр, баягы чекчендеп суйлогон Асель жок, момоет эле момоет. Акырын байкатпай карасам козуно тушуп кеткен кокулун кулагынын артына улам улам  илип коюп унчукпай жерди карап ой басып отурат. "Алын ушу экен го" деп аябай ичимен ыраазы болуп моокумум канды.
-Каякка барабыз энем экообуз, бизди таштап кетпейсинби?
Негедир конулум которулуп, Аселди мурунку кылыктары учун аябай шылдындап оч алгым келип, Каныш апаны ойлоп гана озуму токтотуп калдым.
-Азырынча билбейм каякка барарыбызды, бир ай энени карап турасын, Асель туура тушун, азыр Адыл агага баары каршы болуп турат. Этият болушубуз керек, бир нерсе деш кыйын. Мен бир жакка барып келишим керек болот. Мумкун болушунча уйдон чыкпаганга, эч ким менен суйлошпогонго аракет кыл. Азыр силерди издеп журушот.
Бир нерсе тушундубу деп карасам отурат бир калыбынан жазбай, же бар, же жок дебей.
- Макул уктап ал барып, мен да бир аз эс алып алайын. Азырынча эч кимге эч нерсе айтпа.- деп оз болмомо кирип жатып тез эле уктап калдым.
Расул ага ойготту.
Кухняда отурушуптур, баары "эмне кылабыз" дегендей мени карашат.
- Расул ага, Аскат ага силер эми уйунорго барып тургула. Биз Астана тарапка кетебиз, Адыл аганын досунукуна барып турабыз. Адыл аганын тапшырмасы. Калганын анан шартка карап коро жатарбыз.
- Самат мен силерди жалгыз калтырбайм, силерди жеткизип, тапшырып конулум тынчып кайтпасам болбойт, антпесем ойлоно берем.
- Жок Аскат ага, тынчырак туралы, биз жетип алганда сизге бир кабарын айтам. Бирге жургонубуз болбойт. Бизден кам санабан.
Ар кими ар нерсени суйлошту, соз кобойо бере турган, бата кылып туруп оз болмомо кирип жатып алдым. Артыман эле Расул ага келди:
- Макул Самат биз азыр кетебиз, жеткенде чалып койсон болду.
- Сиз джипти минип кетиниз. Сизге катталган, эч ким эч нерсе дей албаса керек.
Аскат ага да келди, учообуз бир болмодо жатканбыз.
- Аскат ага сиз "Ниваны" минип кетесизби? Кол тийгенде уйдон кабар алып турсанар. Алыстан эле карап койсонор деле жетиштуу го. Андай алыс жакка ким бармак эле.
-Макул он кундон кийин барып кабар алып коебуз.
- Силер жоногуло анда эртерээк, биз эртен менен кетебиз.
Акыры кетишти, алар кетээри менен такси чакырып, вокзалга барып, башка такси менен, айтор Алматыга жеткенче беш такси алмаштырдык. Асель менен Каныш апа да дароо эле тушунушту, унчугушкан жок. Алматынын микрорайондорунан уч айга акчасын толоп эки болмолуу батир алдык. Бир айга жете турган тамак ашын алып келип берип, озумо бир топ акча алып, калганын Аселге берип койдум.
Эми аракетти коруш керек.
Эртеси Алматынын базарынан арзан джинсы, футболка, свитер, кара кузгу ботинка, башыма арзан кепка, сары тустогу жасалма чач, аялдардын бетке суйкогон пудрасын, козун кок кылып корсото турган коздун ичине тагып ала турган линза сатып алдым. Уйго келип жасалма чачты кийип, козуно линзаны тагып, арзан кийимдерди кийип бетиме пудра суйкоп кузгуго корунсом башка адам болуп калыпмын, бир коргон адам тааныбайт. Баарын чечип рюкзакка салып даярдап койдум. Эми баары даяр эле. Уч кундон кийин жолго чыгаарда Аселди болмомо чакырып:
- Асель мен бир айга чейин келе албайм, Каныш апага мени Астанага кетти деп кое бер. Мен ар уч кундо кечинде сегиз жарымдан тогузка чейинки убакта чалып турам, телефондун жанында бол. Менин чалганымы Каныш апага айтпа. Сыртка зарыл болбосо коп чыга бербе, коншулар менен суйлошпо.
Трассадан ошол тарапка кеткен машиналарга отуруп танкы саат жетиде Карагандынын вокзалына жетип алдым. Туура эле туалетке кирип кийимдерими алмаштырып, парик кийип, линзаны тагып, бетиме пудра суйкоп алдым.
Бир убакта бул жерден канча адамдарды узаткан элем. Кимдин оюна келет дейсин эми минтип бекинип, онуму озгортуп журуп калам деп.
Резиденция микрорайондордо, шаардан чыга бергенде, шаарды экиге болгон чон жолдун боюна жайгашкан. Айлантып бийиктиги торт метрлик темир менен тосулуп, дарбазасы да бийик, чон дарбаза. Алдында ар дайым ГАИнин машинасы турат. Бир жолу бир адрести таппай ушул жерден отуп баратып ГАИшниктерден сурай коеюн деп балээге калгам. "Машина токтотконго болбойт" деген белги бар экен корбой токтоп алыпмын, биринчи токтоп жатканымы коруп колун булгашып "кет эле кет" деп кууп жиберип, артыман кууп жетип эки мин тенгеми алып аран кое беришкен.
Резиденциянын алдынан жоо отсом "ГАИ"нин машинасы турат, ичинде эки адам тамеки чегип отурушат, мага конул бурушкан жок. Сегизде алмашышса керек, эки сааттай жакын арадагы кочолордун баарын айланып чыктым.  Коргондун алдында бийик оскон дарактар бар экен. Дарактын бутактары резиденциянын коргонунан ашып, турат. Бутактарга жармашып учуна барып секирип коргондун ичине кирсе болчудай. Резиденцияга жакын курулган коп кабаттуу уйлордон эки кун издеп журуп, эки болмолуу, терезесинен резиденциянын короосу коруно турган батир таап, бир айга алып жашап калдым.
Кучтуу дурбу сатып алып куну туну резиденциянын тирилигин карайм. Резиденциянын короосу, айлан тегереги тундосу да, чон прожекторлор коюлуп,  жапжарык. ГАИшниктердин ар биринде бирден пистолет, бирден автомат, рация. Ар уч саатта алмашышат экен. Бугунку тургандар экиден болуп турушуп, уч сааттан кийин башка экоосу келип алмашып, ошол бойдон уч кун жоголуп, тортунчу куну келишет. Эртеси куну келгендери да ошондой. Ичинен бир эле кароолчу карайт экен, ошол жерде эле жашайт окшойт, дарбазадан сыртка, шаарга чыкканын корбодум. Кундузу сыртта майда чуйдо иштерди кылып кыбырап журо берет экен. Кечки саат ондо кирип кетип, ар дайым тундосу саат экиде чыгып бир айланып коюп кирип кетип ошол бойдон дээрлик эшиктен корунбойт. Ар кандай курактагы беш аял, кыздар иштешет экен. Кээ бири кундуз, кээ бири тундо иштешет. Карагандынын чон атпайлары кундо ар кыздарды, келиндерди алып келишет. Кун ачык болгон кундору резиденциянын багына чыгып алышып ырдашат, чордошот. Ото мас болуп калгандары келиндерди бактын арасына эле алып кирип басып калышат. Андайда жан сакчылары эч кимди бакка киргизбей турушат.
Ар кандай адамдар келип кетет.
Адыл аганын кабары билинбейт. Он беш кун болуп калган, тундо, саат бирлерде капкара джип келип ичинен кара костюм шым кийишкен эки адам тушуп, анан Касен аба тушту, козун танып коюшуптур. Озу арык адам эле кыйнашканбы ото эле арыктап кетиптир, жудогон, турмонун кийиминин устунон кара жука куртка кийгизип коюшуптур. Экоосу эки жагынан жетелеп четки, кароолчу кирип чыкчу эшикке алып кирип кетишип, бир сааттан кийин баары кайра чыгышып кетишти. Ошол кундон баштап ошол эшикти карай баштадым. Конул бурбаган экем кундо уч маал, эртен менен, тушто, кечинде соссуз ошол жерде иштеген кыздардын бироосу кичине чака которуп кирип, беш муноттон кийин чыгып кетет. Демек Адыл ага ушул эле жерде, эч жакка алып кетишпептир. Адыл аганы караган деле эч ким жок окшойт, болсо соссуз билинет эле. Видео камералар менен эле карашат экен. Бир нерсе башталганбы эртеси танкы саат ондон он беш откондо ошол эле джип Арсенди, Канатты алып келишти, экоосунун тен коздору танылган. Арсен он бутуна сылтып, башын он жагына ийип басып калыптыр. Эшиктен аран эле аттап кирди. Аларды да жарым сааттан кийин кайра алып кетишти. Эки сааттан кийин дагы козу танылган эки адамды алып келишип он муноттон кийин кайра алып кетишти. Ошентип торт жолу кайталанды. Демек Адыл ага ушул жерде, балдарды Адыл агага жолуктурганы алып келишти да, эгер бул жерде болбосо эмнеге алып келишмек эле.
Алматыдан биякка келатканда эч кандай планым жок эле, Карагандыга барып, акыбалды билип, ошого карап кором деп ойлогом. 
Кундо резиденцияны карап отура берип козум жетти, Адыл аганы алып чыкса болот. Эгер ушул жерден алып чыкпасам бир куну баары бир турмого алып кетишет же жок кылышат.
Кээде ойлоном, бекиткен акчаларды алып Аселдерге таштап, озумо элуу же жуз мин доллар алып Кыргызстанга кетип калсам ким эмне дейт эле. Эмне деп куноолой алат эле. 
Андайда коз алдыма Каныш апанын коз карашы тартыла тушот. Эми унчукпай кетип кала албашымы тушундум. Кийин омур бою мындай жук менен кыжалат болуп жашаш... эээх согунуп алдым.
Озум жалгыз, кантем эми. Ойлонуп тан атканча бир жактама чечимге келе албай ордуман турбай жаттым. Апаларымы ойлойм, эээ кыскасы ар кандай ойлор келет.
Акыры чечтим. Ордуман секирип туруп душка кирип жуунуп чыктым да, кийинип, линзамы тагып, парик кийип, бетиме пудра суйкоп, жаныма коп акча салып алып даярданып кочого чыктым. Туз эле шаардын чекесиндеги машина базарга барып ауди 180 маркасындагы машина сатып алып, бир кундо озумо каттатып бут документ иштерин бутурдум.  Машина ондогон, эн кымбат деген жерге алып барып акчаны аябай керек деген жерлерин бут алмаштыртып, майларын, айтор машинаны заводдон чыккандай эле кылып ондотуп алдым. Усталар сырдап бер деп келген машиналардын номерин чыгарып, ачык эле коюп коет. Эч кимге байкатпай эки номерди уурдап койнума салып алып, кийин чыкканда машинанын тубуно бекитип койдум. Шаардын борборундагы соода туйунуно барып "Военторг" деген болугуно кирип пневматикалык, сыртынан чыныгы "ПМ"ге окшош пистолет, башка болугунон ОМОН, СОБРлар кийчу маска, бронежилет сатып алдым. Кол кап, женил, бышык тигилген кымбат капкара тустогу спорттук костюм, бутума таманы жумшак, бирок калын кымбат булгаарыдан тигилген кара тустогу кроссовки, асылып чыкканга ынгайлуу, жоон он метр аркан сатып алдым.
Эми баары даяр эле, тунку саат бир жарымда жонодум. Очошконсуп жаан себелей баштаптыр согунуп алдым. Ушунча кун ачык турган, бугун жаап калганын. Машинаны бир кочонун башына, резиденциянын коргонуна уч-торт уй жетпей, чон дарактын тубуно, карангы жерге токтотуп, бир аз эки жакты тыншап отурдум, тынч эле, шектуу эч нерсе билинбейт. Жамгыр да бир себелеп, бир басылып калат. Дарактардын тубу менен карангылатып коргондун тубуно барып эки жакты тыншап отурдум. Журогум кабынан чыгып кетчуудой дукулдойт, катуу согуп калыптыр. Кайра кетип калсамбы баарын таштап деп ойлоном. Кетип калсам эле бут проблема чечилет эле да. Ушундан ары эле батирге да кирбей Кыргызстанга кетип калгым келди. Ар кандай ойлор келе берип башым ооруп чыкты. Башымы чулгуп, согунуп алдым да дарактын бутагына секирип чыгып кеттим. Саат экиге он мунот калыптыр. Мейманкананын жарык тийген жерлери даана корунуп турат, тынч эч ким жок. Бутактын коргондон откон жерине чейин жармашып барып, коргондун устунон откондон кийин бутакка арканды чырмап байлап, асылып акырын коргондун ичине тушуп, жерге жата калдым. Бул убакта эч ким деле болбошу керек. Беш муноттой жаттым, тынч, эч ким корунбойт. Жамгыр себелеп баштады дагы. Тапанча адамга аябай эле дем болот экен, дээрлик коркподум. Жормолоп барып эшикке туштап дарактын карангысына, жерге жатып кутуп жатып калдым. Азыр, эки уч муноттон кийин кароолчу чыгыш керек, эки эмес уч мунот отту жок, торт мунот отту жок. Чыдамым кете баштаганда эшик ичинен култанат экен, ачкычтын буралганы карангыда кадимкидей угулду. Эшик кычырап ачылып акыры кароолчу чыкты, колунда фонарик. Чыгып жамгыр себелеп жатканын коруп кайра кирип эшикти ичинен култап алды. Жаным чыгып согунуп алдым. Эми эмне кылам?
Чалкама оодарылып маскамы чечип бетими жамгырга тосуп жата бердим. Ушунчалык кароолчуга, жамгырга ачуум келди. Эми эмне кылам?
Бир маалда эшик дагы кычырап ачылып кароолчу чыкты, устундо плащ, капюшонун башына кийип алыптыр. Кароолчунун плаш кийип алганын коруп, бир ой келип, суйунуп кеттим. Азыр кароолчу уйду айланып келип, мен  жаткан жерден отот. Ал жерде уч торт метрдей жерге жарык тийбейт, дарактын бутактары тосуп турат жарыкты. Сойлоп ошол жерге барып жатып калдым. Акыры кароолчу фонаригин жакпай эле, эки жакты карап коюп илкий басып келатканы корунду. Жер менен жер болуп жатып калдым. Буту гана корунот кароолчунун. Мен жакты карап келатабы же карабай элеби билинбейт.
Пистолетими октоп жатам бердим, акыры тушума, дарактардын бутактары жарыкты тосуп карангы болуп калган жерине келгенде секирип туруп сол алаканым менен кароолчунун оозун басып башын он жакка буруп, он колумун кыры менен уйку тамырына бир койдум. Кароолчу ун соз жок эле колума шалдырап, асылып жатып калды. Суйроп бактын ичине алып кирип даракка суйоп отургузуп коюп, плащын чечип озум кийип, капющонду жамынып фонарикти алып жарыкка чыгып, илкий басып жонодум. Ичим бышып кетти, деги эле эшикке жетпей койдум. Тапанчамы даярдап алгам. Эми артка жол жок эле. Он метр жер аябай эле узак болуп кетти, акыры эшикке жетип, эми ачып кирейин деп жатсам дарбазанын тубундо отурган ГАИшниктердин бироосу экен, дарбазаны тыкылдатып:
- Сакеш ага чай демдеп беринизчи - деп термосу бар экен корсотот. Журогум дукулдоп, колдорум калтырап чыкты, он колум пистолетти которуп барып, аран токтотуп, колуму которуп "азыр чыгам" дегендей белги кылып коюп кирип эшикти ичинен жаап алдым. Тепкич жогоруга да, ылдыйга да кетет экен. Эми тездетиш керек, пистолетими даярдап ылдый тушсом  узун коридор, эки тарапта бештен эшик экен. Биринчи эле эшикти тыншасам эч кимдин дабышы билинбейт. Акырын ачып кирип карасам столдо эки чон монитор турат. Кароолчунун болмосу экен. Имараттагы камералардын тарткандары,  монитор ар бири алты болукко болунуп, он эки камераныкы корунуп турат. Бироосундо Адыл аганын болмосундогу камера экен, болмонун ичинде калын темирден  дагы бир болмо, темир капас жасап, ошонун ичинде кроватта Адыл ага жатат. Ичи жылуу окшойт белине чейин ачынып алыптыр, уктап жатыптыр. Темир капастын сыртында столго башын коюп алып Адыл аганы кайтарган адам окшойт, уктап жатат.
Дубалда беш ачкыч илинип туруптур. Шашып бушуп баарын чечип алып жатып укпай калыпмын келгенин, эшик ачылып, бироо кирип, артымы салып тургандыктан кароолчу деп ойлодубу, куртка, башына кепка кийген бироо мониторлордун мандайына келип отуруп:
- Сакеш ага ысык, коюу чай демденизчи. Тиги иттерге жакшы кылдыныз бербей. Уйунон алып келишпейби, ичкиси келсе. Бир нерсе алып чыгайын десен олуп калышат тимеле анын атасынын уйунон алып чыгып кетип жаткансып.
Акырын бурулуп тапанчамы башына такадым:
- Акырын, унуну чыгарба. Бир ашыкча кыймыл кылсан мээн мониторго чачырайт. Колуну мага коруно турган кылып столдун устуно кой.
Тиги унчукпай колун столдун устуно койду. Карасам бармактары титиреп жатат.
- Коридордо камера барбы?
- Жок.
- Бул болмодочу?
- Бар, эшиктин устундо.
- Очур.
Тиги калтырап титиреп эки уч клавишаны басып:
- Очурдум.
- Адыл ага жаткан болмонукун да очур.
Дагы уч торт клавиатураны басып:
-Очурдум.
- Адыл аганын ачкычын тап- деп столдун устуно ачкычтарды алдына таштасам тиги экоосун алып сунду эле:
-Озун ачасын, ордунан акырын туруп колуну мен  коро турган болоюн, Адыл аганын болмосуно барып эшигин ач.
Коридордун аягындагы он жактагы болмонун эшиги ачык экен туртуп ачып кирсек монитордон коргон болмо.
Столдо уктап аткан адам эч нерсе кыла албай бизди карап эле туруп калды.
Ойгоо эле жатканбы, Адыл ага коруп эле тушунду. Ордунан ыргып туруп колун тордон чыгарып тигинин колунан ачкычты алып, эки кулпу илинип турат экен, экоосун тен ачып чыгып, столдо отурган кузотчунун курткасын, кепкасын чечип, озунун футболкасын ага кийгизип жаткызып, желкесине алаканы менен бир койду эле эсин жоготуп жатып калды. Берки кузотчуну да жаткырып колу бутун байлап, оозун да суйлой албай турган кылып танып салды. Мени караган да, кимсин деген да жок:
-Куралын барбы?
- Жок, травмат эле.
- Жур - деп чуркап чыгып кароолчунун болмосуно кирип, каяктан билет, бир чакан ящиктин пломбасын ачып ичинен пистолет алып чыгып:
-Кеттик, башта - деп мени алдыга салып, эшикке чыгып, имараттын бурчунан бурулуп, бакка кирип чуркап жонодук. Арканга жетип, Адыл агага карматып:
- Сиз чыгыныз - деп пистолетими алып эки жакты карап калдым.
Адыл ага тез эле чыгып кетти. Артынан мен да тез чыгып дарактан тушсом карангы жерде кутуп турган экен.
Чуркап барып машинага отуруп:
- Самат шашпа, акырын айдай бер. Мен жолду айтып турам. Болду коркунуч жок. Эми эртен менен эле билишет бизди. Чеч эми масканы- деп кулуп койду. Маскамы, кол кабымы, плащымы да чечип, артка таштап койдум. Адыл ага мени тан калып карады да:
-Салондун жарыгын куйгузчу-деп, жарыкта мени бир аз карап:
- Болду очур, парик беле, азаматсын Самат, козундо линза, пудра. Азамат баскандарынан эле тааныгам. Иним келсен сен эле келесин да. Башка эч кимди кутпогом, биринчи балдарды уруп салганында, козуну коруп озумун жаш кезими эстеп кеткем. Очогушуу бар адамдарга. Макул кеттик бизди эми эртен менен саат жетиден кийин издей башташат. Ага чейин коркпосок болот. Апамдар каякта?
- Алар жакшы, аман эсен. Алматыда, Асель экоосу.
- Расул агалар билеби апамдардын ал жерде экенин?
- Жок, мен эле билем, башка эч ким билбейт.
- Танга чейин эч ким билбейт менин качканымы. Анда Алматыга айдай бер, тундоп жетип алалы. Апамдардын конулун тынчытып коеюн, калган ишти кийин деле бутуро беребиз.
- Алматыга барабызбы, коркунучтуу эмеспи?
- Тундоп кетип алалы бул жактан, эртен мененки жетиге чейин эч ким кирбейт. Кундо саат экиден кийин эшигин ичинен  култап алып эч кимге ачышпайт алар. Эртен билип, милицияга чалып издоого берип, Алматыга жеткенче эки кун отот, убактыбыз бар. Айтып бер эми эмне болду, майда чуйдосуно чейин калтырбай.
Баарын токпой-чачпай айтып бердим. Айтып бутончо Адыл ага унчукпай, созуму болбой, суроо бербей ар бир созуму кунт коюп угуп баратты, айтып бутконумдо:
- Макул иним аз убакытта баары мурдагыдай болот. Тынч жашайын десен болушпады, согушту каалаштыбы, болот согуш. Мен бир аз эркиндикте уктап алайын-деп, трассага чыгып калган элек, артка отуп, терезени ачып тунку таза абадан дем алып, талааларды карап унчукпай калды.
Тээ анчадан кийин:
-Самат кантип коркпой келдин озун жалгыз?
-Чынын айтсам Адыл ага, бул жакка келатканда акыбалды короюн эле деген ой менен келгем. Кузотчулор жок экенин,  оной эле куткарып кетерими билгенде гана чечтим.
- Азамат Самат, проблемаларды чечип алалы биринчи, анан суйлошобуз калганын. Баары бир уктай албайт окшойм, уктайын десем эле озуму капаста жаткандай сезип кетип жатам. Самат, сен айдай бер. Жол узак, уктап кетпешин учун мен сага мындай жашоого кантип келип калганымы айтып берейин, сен эми иним болуп калдын - деп омур баянын баштан аяк айтып берди.
Адыл аганын ата - энеси союз маалында Карагандыдагы алтын чыккан комбинатта иштеп аябай жакшы турушчу экен. Адыл армияга кетип, Рязандагы десанттык болукто кызмат кылып, бутооруно бир ай калганда союз бузулуп, келе бериптир. Уйуно келсе, ойлонот дегенби, апасы айтпаган экен, атасы алтынга кошулуп чыккан ар кандай кошулмаларды изилдеген зыяндуу лабораторияда иштегендиктен аябай катуу ооруп калыптыр. Оорусуна байланыштуу жумуштан бир жарым жыл мурун эле чыгып корунбогон жери калбай, коп акча кетирип дарыланып жаткан экен. Дарылануу кымбат болгондуктан болгон баалуу буюмдарын, акыры акча калбаганда шаардагы озулору жашаган торт болмолуу чон батирин сатып, шаардын чекесинен чакан торт  болмолуу жер уйдо жашап жатышкан экен. Комбинатта да кыскаруулар болуп, бир убакта кутуроп турган чон комбинаттын бир эле алтын чыгарган болугу иштеп, калган жактары баары жабылып, апасы да бошой турган болгондо, атасынын ооруп жатканын эске алышып аран иште калган экен. 
Баягы кутурогон жаркын жашоо жок, баардык адамдар ой баскан, деги жылмайып караган адам жолуктура албады. Айрыкча ай козуно бир кызыктай суз, кунурт тартып калгансып корунгон. Айтор... ээ кыскасы козуно бир башка жашоого келип калгансып корунгон.
Атасы оорунун айынан арыктап, кичирейип кетиптир. Апасы да ошо кор. Апасынын айлыгы эч нерсеге деле жетпейт, бут нерсе кымбат. Адыл келгени менен эмне кыла алмак эле, же жумуш жок. Бул жактагы акыбалды коруп Адыл кээде чыдабай калганда шаардын чекесине, ээн жерге чыгып кыйкырып кыйкырып алат. Иштейин десе жумуш жок.
Апасы ар кимге жалынып журуп Адылды алтын чыгарган болуктун коопсуздук кызматына жумушка эптеп орноштурду. Айлыгы деле жарыбаган эле. Бир сутка иштеп, уч сутка бош болот. Бош убагында ар жерлерде иштеп акча таап келет.
Атасы комбинатта эн кадырлуу адамдардын бири эле. Адыл ичинен умут кылчу, баары бир бир куну ишканадан бироолор келип атасынын акыбалын коруп жардам беришет деп. Алтын коп чыгарышкандыктан, ишкана бай деп эсептелчу.
Бирок кээ кээде гана бир экоосу келип акыбалын сурап, момо чомо алып келбесе эч кандай жардам беришпеди.
Адыл жарым жылдай иштегенде цех комбинаттан болунуп озунчо ишкана болуп калды.
Башчысы Нартай Калыкович деген адам эле. Ошол адам бир куну тунку саат экилерде жапжаны, капкара жылтыраган джип машинада келди, Адыл ошол куну дарбазада кузотто турган. Машинадан тушуп да койбой сигнал басып туруп алды. Тартип боюнча эртен мененки саат жетиге чейин жан адам кирбеш керек же чыкпашы керек. Адыл кароолканадан чыгып машиненин жанына барса терезеси ачылып, арактын, тамекинин жыты "бурр" дей тушту. Нартай Калыкович учурашпай этпей эле:
- Эй Кумурска ач дарбазаны, Кудайыны тааныбай калдынбы-деп каткырып кулуп, жанында дагы бир адам отурат, аны тааныбайт экен, ал да каткырып кулот. Артында эки жапжаш сулуу кыздар отурган экен, алар да каткырып кулушуп:
- Ха ха ха Кумурска, Нартай ага кучунузду королу, бармагыныз менен басып олтуро аласызбы- деп шанкылдап кулушуп жатышты.
Адылдын ичи орттонуп кетти. Бир убактарда ушул адам жаны жумушка орношкондо атасынын колунда бир жылдай иштеген эле.
Адыл армиядан келип жумушу жок жургондо атасы апасына ушул адамга бар деп, жумушка  ушул Нартай Калыкович аркылуу кирген.
Эмне кылышын билбей унчукпай барып дарбазаны ачып киргизип жиберген.
Андан коп отпой атасына кучтуу дары табылып калып, сатып алыш учун бир топ акча керек болуп, атасы "барба" дегенине болбой Самат ушул Нартай Калыковичке барган. Шартты тушундуруп айтса бир аз ойлонуп отуруп, макул ойлонуп коройун, эртен телефон чал деп узатып жиберген. Адыл ошондо ишенгиси келгенби акча берип калат деп, апасына, атасына суйунуп айтып барып, эртеси кеч киришин чыдамсыздык менен кутуп, саат торттордо чалса Нартай Калыкович кабинетинде уктаганбы, уйкусурап, телефондун трубкасына угузуп эле эки уч жолу эстеп алып, эсинен чыгып да кеткен окшойт, беймарал:
- Ээ -деп бир азга туруп калды да, беймарал- иним акча болбой калды- деп эле башка соз айтпай, дагы бир катуу эстеп алып коюп койгон.
Ушунчалык жини келип, эмне кылышын билбей туруп калган. Нартай Калыкович бербей турган болсо башында эле "бере албайм" деп койсо башка жактан издейт эле, мындай бай ишканага ал акча корунбогон эле нерсе эле го. Акыры азыркы жашап жаткан уйун куроого коюп жатып эптеп дарыны сатып алган ошондо. Канча кундоп- тундоп иштеди ошол акчаны толош учун.
Атасы ошол дарыдан кийин жакшы болуп кеткен, жайлоого алып барып жайы менен ак ичиртип, атасы кузундо толуп, баягыдай эле болуп келген. Адыл комбинаттагы ишинен бош убакта дагы эки жерден жумуш таап, жетишерлик эле акча иштеп калгандыктан, атасынын иштейм дегенине болбой, уйдун алдында жыйырма сотыхтай жери бар эле, ошол бакка момо жемиш эгип берип, атасы да баары бир иштей албай турган эле, макул болуп уйдо эле багы менен убара.
Адыл Нартай Калыковичтин кылганын копко чейин унута албай журду. Атасы тиякта ооруп жатканда бир барып акчалай жардам берип коюшпайт. Озулору минтип кымбат баалуу машиналарды минип жыргап журушот.
Бул жашоодо керек нерсени озун албасан эч ким сага алып келип колуна бербейт экенин аябай тушунгон. Ошондо озу учун чечкен, эми озум алам керек нерсени деп.
Коопсуздук кызматынын башчысы Петр Иваныч деген адам эле, Адыл алты ай иштеп акча чогултуп  Петр Иванычка берип, алтынды куюп кирпич кылып чыгаруучу болукту кайтарган болугуно которулуп алды. Бул болукто иштегендер атайын даярдыктан откон, кучтуу, чон  балдар эле. Маянасы да, айтышпайт эле канча алышары, бирок тез эле машиналарды алышып, уйлорду сатып алышып жатканына караганда коп эле. Себеби бул эн негизги пост эле, комбинаттан таза алтын ушул цехке келип, кирпич болуп куюлуп, керектуу номерлер басылып, ушул жерден шаардын ортосундагы банкка алып кетилип, ошол жерде сакталат. Цех бийиктиги беш метрлик дубал менен курчалып, бир эле дарбаза менен кузотчулор отурчу жети болмолуу уйдун гана бир эшиги бар. Башка жагынан чыгууга эч мумкунчулук жок. Адыл ушул жерде иштейт эми. Бул жерде да бир сутка иштеп, уч сутка дем алышат. Он эки адам уч сааттан алмашып кузотто турушат. Кирген чыккан адамдарды текшеришет. Болмонун ортосунда чон сканер турат, адамдар ошол аркылуу отушуп, чыйылдап кымындай алтындын кукумун да корсотуп коет, айтор алып чыкканга эч мумкунчулук жок. 
Адыл да жакшы маяна ала баштады. Бир айдан ашык иштеп калган, бир куну  бирге иштеген уч бала кошо чыгышып, учоосу артта калып бир нерселерди шыбырашып суйлошушту да, Санек деген орус бала Адылдын артынан машинасы менен келип:
- Адыл токто, журу уйуно таштап коем - деп ой боюна койбой машинасына отургузуп алды. Адыл тан калып койду, себеби Санек шаардын башка жагында жашайт эле.
Санек копко чейин унчукпай айдап кете берди. Адыл дароо эле тушунду, баары бир алтын алып чыгышат да адамдар. Башка жол болбогондон кийин кузотчулор менен суйлошушсо керек. Санек азыр ошону айтайын деп жатат да. Акыры уйуно жетип Адыл тушойун деп жатканда Санек токтотуп:
- Адыл сенде соз бар токтосон - деп токтотуп калды.
- Санек эмне айтайын дедин эле, айта бер ачык эле. Мени билесин, ачык суйлогонду жакшы кором, ачык эле жагат же жакпайт деп эле айтам. Уккан создорум да ушул эле жерде калат.
Санек "туура" дегендей башын ийкеп:
- Ошого да айтайын деп жатам да сага. Ишеничсиз адамдар биз менен иштей алышпайт, тез эле оз каалоолору менен иштен чыгып кетишет. Адыл сени копко чейин байкап журдук, сен сатып кетпейсин, бир сырдуу баласын, ошого сага айталы деп чечтик- деп создун кыскасы комбинаттан адамдар алтын алып чыгышат экен. Кантип алып чыгышат, эгер чондор текшерип келип калса Адыл эмне кылышы керек айтор баарын тушундурду. Акырында азыр уурдабасан жашай албайсын, чондор биз алгандан он эсе коп алышат деп ар нерсени суйлоп кетти.
Сырттан билинбеген менен аябай эле коп алтын алып чыгышат экен. Адыл да ала баштады озунун болугун. Тез эле акчасы кобойуп бир жылдын ичинде атасын апасын ар кандай дарылануучу курортторго жонотуп, тамын жанылап алды.
Алтын алып чыккан балдар менен жумуштан бош маалдарында шаардан сыртта кафелерде коп отуруша турган. Арасында Артем деген бала бар эле. Адыл экоосу дос болуп калышкан. Бир куну Артем уйуно чакырып, экоосу ичимдиктерди алышып Артемдун уйунун багы чон экен, шашлык бышырышып копко ар нерсени суйлошуп отурушкан. Адыл жон чакырбаганын билип эле олтурган, акыры Артем Адылдын жанына отуруп акыры ичиндегисин айтты:
- Адыл карьерде уч торт куюлма алтын бар, бир килого барып калат, алып чыгыш керек. Жолун тапсак болобу?
- Азыр эч нерсе айта албайм, масмын досум. Эмки сменге барганда бир жообун берейин - деп башка ал жонундо суйлошпой койгон.
Артем алдабайт эч качан, жамандык да кылбайт. Ишенсе болот.
Карьер тоонун арасында эле. Айлантып аябай чон жер тор зым менен тосулуп, ар элуу метрде вышка орнотулуп, камералар орнотулуп, кузотчулор турат. Жан адам чыгып кете албайт ал жерден.
Ар кандай жолдорун ойлоно баштады. Бир куну дагы ойлонуп отуруп бир ой  келди. Карьерде куюлма алтындар экоо учоо чыкса демек андан башка да бар. Алтын таап алгандар бекитет да баары бир. Умут кылат да соссуз бир куну алып чыгып кетем деп. Бекитет.
Кучтуу дурбу сатып алып, тамак аш алып, карьердин манайындагы тоого чыгып алып уч кун карап журду. Карьердин адамдар жок жагында карышкыр, тулку, дейди иттер коп эле журот экен. Карышкыр, тулкулор адамдарга жакындабайт, иттер жакын эле жерлерде журушо берет экен, кузотчулор конуп бутконбу, конул бурушпайт. Зым тордун деле тешиктери коп окшойт. Бир ой келди. Мумкун болуп калар.
Эртеси эле базардан немистердин жаш, кучтуу овчаркасын сатып алып, апийим таап келип иттин тамагына аз аздан кошуп бере баштады. Ит тез эле конот экен апийимге. Жонокой тамакты апийимсиз жебей калды. Убагынан кечигип калса жибин узуп кетейин деп, айтор бир жумада аябай эле конуп калды. Итти тоокканада эч жакка чыгарбай багып, ата энесин да киргизбей, озу гана кирет. Киргенде да ар дайым кызыл тустогу кийим кийип кирет. Ит ошол туско конуш керек.
Он кун дегенде сынап коройун деп, итти ээрчитип алып тоого чыгып бир жерге ничке жипке байлап коюп озу мандайкы тоого, ото эле алыс жерге барып, иттин апийим жей турган маалы болгондо кызыл курткасын кийип ит коруно турган жерге чыгып, дурбу менен карап турса ит дароо эле корду. Жибин бир тиштеп эле узуп алып, Адыл эки саатта чыгып келген жерге ит жыйырма мунотко жетпей чуркап келди. Ошентип кундо ар тоонун башына байлап, озу башка тоодон корунуп, айтор иттин жардамы менен алтын алып чыгаарына козу толук жетти. Жыйырма кун дегенде Артемду чакырып айтса Артем ишенген жок. Ушунча алтынды жоготуп алса кандай болот деп коркту окшойт. Адыл менен чыгып коргондон кийин гана ишенип, Адылдын тапкычтыгына тан калып, аябай каткырып кулгон.
Он кун экоосу жумуштан бош убагында кундо барышып, Артем бир тоонун устундо, Адыл башка тоонун устундо туруп алышып уйрото башташты. Артем итти ээрчитип кетет да Адыл корунгондо кое берет. Ит Адылга чуркап келгенде Адыл кундо берген апийим кошулган тамактан аз эле берип коет. Ит башында тушунбой кутуп отура берди. Адыл башка тамак жок дегендей кылып сумкасын ачып корсоткондо, толук кумары канбай калган ит тынчы кетип сумкаларды жыттагылап,  эки жакка чуркап, акыры Артем кызыл курткасын кийип корунгондо ага чуркады. Артем ит келгенде тамагын берип, айтор эптеп уйротуп алышты.
Адыл  калын булгаарыдан алтын сала турган баштык жасап, итке ынгайлуу, тушуп калбай турган кылып тигип чыкты. Кийинкиде баштыкка муштумдай таш салып корушту. Баары эле жакшы жасалгандай.  Иттин уйронгонуно толук коздору жеткенде бир убакты болжошуп, Артем карьердин ичинде тушку саат он экиге жакын алтынды даярдап турмай болду.
Ошол кун да келип, Адыл итти ээрчитип алып карьердин мандайындагы тоого чыгып кутуп отурду. Саат он экиге жакын иттин да тынчы кете баштады, Адылды карап, жыттагылап. Артемду издейт ары бери чуркап тоолорду карап. Болжошкон убакта Артем кызыл курткасын кийип бир корунуп жок болуп кетти эле, ит дароо эле коруп кыншылаган бойдон жанталашып чуркап кетти.
Адыл дурбудон козун албай кыжалаат болуп отурду. Эгер ит бир нерсе болуп кармалып калса, алтын жоголсо Адыл толоп бериши керек болот. Ит анда санда эле корунуп калбаса, дээрлик корунбойт, кучунун барынча чуркап кетатат. Он беш мунотто жетти, Артем корунбойт, ит да таштын артына отуп кетип корунбой калды. Демек бекинип алган экен да. Азамат. Айтып болбойт, мумкун кузотчулордун бироосу итти карап турган болсо шекшип калышы толук мумкун. Беш муноттон кийин ит корунуп, артка чуркап жоноду. Апийим толук жетпеди да, кумары канбай калды. Адыл дарактын бутагына бекитип койгон тамакты алып даярдап карап турса ит туз келатып эле эмнегедир, чукул бурулуп кузотчунун вышкасын коздой чуркады. Адылдын денеси дуркуроп кетти, эгер азыр кузотчу итти коруп чыкса, ит андан тамак береби деп жанына барса. Кузотчу иттин ичине байланган ремендеги баштыкты корсо дароо эле тушунот да.
Адыл дароо ордунан туруп курткасын чечип булгалап жиберди эле, ит куртканы коруп вышканы карап бир аз турду да Адылды коздой чуркады. Адыл дароо бекинип калды. Вышканы карап турса эч ким чыккан жок. Ит тез эле жетип келип тамагын шалпылдатып жеп калды. Баштыкты чечип корсо эн чону жанактай, бешоосу андан кичирээк алтындар бар экен. Дароо курткасынын белине чонток тигип алган эле, ошол жерине салып итти ээрчитип алып кетип калды. Эртен менен Артем келиптир. Алтындарды алып кетип, эки кундон кийин келди. Машинасынын артында эки сулуу кыз отурат. Багажнигин ичимдик, жегенге деп турдуу нерселерге толтуруп алыптыр.
- Мына Адыл бул сенин "долян" -деп аябай эле коп акча алып келиптир. Акчаны таштап чык, жуубасак болбойт- деп, айтор шаардын чекесиндеги бир кооз жерде тойлошкон. Анча кызып калышканда Артем:
- Адыл эми мени ук досум. Мен сени текшерип коройун дедим эле. Бул жерде алтын коп, экообуз бири бирибизге ишенип, алдабай иштесек Нартайлардан да байып кетебиз досум. Алар алса болот, биз алсак болбойбу. Алар эле жашап биз олуп кете беришибиз керекпи. Мен сени эч качан алдап, сатып кетпейм, сен жонундо эч ким билбейт. Мен гана байланышам адамдар менен. Мен коптон бери иштеп баарынын характерин билем. Коп убактан бери алып чыга алынбай жаткан алтындар толтура.
- Аны тушундум Артем, бирок баары бир сен алып чыгып берип жургонун билинет да бир куну.
Артем куу коз менен кулуп койду да:
- Ал жагынан кабатыр болбо. Мен алып чыгып жатканымы сенден башка дагы бир эле адам билет. Ал адамдан жан чыкса чыгат, асти соз чыкпайт. Сен эле ишеничтуу болсон мен жактан "прокол" болбойт.
Ошентип башталды. Алтын коп экен чынында. Бир жыл, эки жыл мурун табылып, бекитилген алтындар бар экен. Артем байланышат алар менен, Адылды эч ким билбейт. Артемдун созуно караганда алтынды эрте эле алып коет да, он кун, он беш кундон кийин Адылга чыгарып берет.  Бир айда бир жолу, же эки жолу алып чыгышат. Бир жылда уч ит алмаштырышты. Ар дайым немистердин овчаркасын алышат. Бул породадагы иттер акылдуу болушат экен. Уйротуш оной. Бирок апийим жеген ит баары бир копко жашабайт экен. Жундору тушуп, арыктап тез эле жарабай калат.
Карьер ото чон жерди ээлегендиктен, ар алып чыкканда ар башка жагынан алып чыгышат. Кузотчулор да тез тез алмашып тургандыктан бир кузотчу итти бир жолу эле корот.
Артем кантип суйлошуп, кимде алтын бар экенин кантип билет, Адылдын азырга чейин башы жетпейт.
Адыл алтынды алып кетип шаарга алып барып ар жерге бекитип,  Артем алып кеткенче машинасында карап отурат. Болду ошону менен иши бутот. Артем аны каяка, кимге алып барып сатат,  белгисиз.
Эртеси башка жерден жолугушуп Адыл акчаны алып кете берет.
Артем да кыйын бала экен, ойго келбеген жерлерге бекиттирет алтынды.
Бир жылдан ашык иштешип калган, бир куну Артем келиптир. Эшикке чыгып суйлошолу деп машинага отуруп, Артем тамеки куйгузуп бир аз унчукпай отурду да:
- Адыл ушуну менен токтотолу бул ишти. Ушунусу деле жетер бизге. Озубузго эле эмес балдарыбызга, неберелерибизге жете турган акча кылып алдык. Эмне дейсин?
Адыл деле тушунуп эле жургон токтотпосо бир куну баары бир, бир нерсенин шеги чыгып калышы мумкун экенин. Алтынды сатып алгандардан деле соз чыгышы мумкун.
Бирок Артемго айта албай эле жургон. Алар деле ойлонот да каяктан эле алып келип жатат мынча коп алтынды деп. Аябай эле коп акча жыйнап коюшуптур. Адыл акчаларын багындагы ар жерге комуп беките берип акыркы убактарда уйкусу да жакшы болбой калган. Бир нерселерди сатып алып коротоюн десе, экоосу башында суйлошушкон эч нерсе сатып албайбыз деп. Коп акча адамды кыйнап коет экен, оюна кайдагы нерселер келе берип.
- Мен да сага айта албай жургом, болор ушул жагы деле.
Экоосу тен катуу ушкурунушуп алышты да, бири бирин карап каткырып кулуп жиберишти.
Артем эч кимге айтпай- дебей бир жумада уйун, майда чуйдосун сатып уй булосу менен Россияга кетип калды. Адылга да айткан жок каякка кетип жатканын. Кеткенин кийин элден укту.
Ошондон коп отпой уч адам бир кундо алтын алып чыгып баратышып кармалышыптыр. Учоосу тен камалып кетейин деп, Нартай Калыкович учоосунон аябай эле коп акча ондуруп алган. Текшеруу болуп, мурун алтын чыгарылып жургону билинип, Артем дайынсыз кеткен учун эле иш жабылып, тынчып калды.
Бул окуядан кийин Адыл машина, шаардын ортосунан батир алам деп жургон, баарын жыйыштырып жашыруун акция сатып ала баштады. Аны да Артем уйроткон, ал ошол маалда эле тушунгон экен, Адылга "акчана алтын чыгарган ишканалардын акцияларын ала бер машина, буюм алгандан коро" деп, озу акча болоору менен акцияларды сатып ала берчу.
Эки жылда алган акцияларынын баасы асман чапчып, биринчи шаардын ортосуна чон ресторан куруп. Кийин  майда чуйдо кафелерди ачып, ошентип башталып кеткен баары.
Адыл ага айтып бутуп:
-Эми минтип тун катып качып журом- деп кулуп койду да,  унчукпай калды. Мен да оюн бузбайын деп унчукпай кете бердим. Тээ анчадан кийин карасам уктап калыптыр.
Ичимен Адыл аганы аяп койдум. Кантип эле эми баары мурдагыдай болсун, озу жалгыз калса, минтип качып, бекинип журсо. Озун озу сооротуп жатат да. Эптеп мамлекеттен чыгып кетсе, акчасы коп, бир жакка барып жашай бербейби.
Жолдо эч ким тоскон жок, Алматыга кундузгу саат он бирлерге жетип келдик. Адыл аганы коркуп бекинеби десем беймарал, корккон туру жок. Мен да уйго кирерде парик, линзаны чечип, пудраны аарчып, тазалап салдым.
Уйго кирсек Каныш апа Адылды коруп эле:
-Балам ошол жерден жылбай тур- деп кухняга шашып кирип кетти да, чыныга суу алып чыгып Адыл аганын башынан уч жолу айлантып тукурттуруп тогуп салды да анан кучактап ооп жыттап калды. Адыл ага ото ынгайсыз абалда калды окшойт, мени карап койду эле, кухняга кирип эшикти жаап алдым. Аселдин:
- Агатай - деп кыйкырган уну угулуп, айтор суйунушуп жатышты.
Муздаткычта куурулган балык туруптур, ооз тийип корсом аябай даамдуу экен, муздак эле жеп алдым.
Тээ анчадан кийин балыкка тоюп алып ысык чай ичип отурсам, Асель кирип, муздаткычты ачып эле:
- Балык кана?- деп мени акырайып карап калды эле оозум ачылып калды. Кечээги момойгон Асель жок, чекчейип башын бийик которуп, он  колун белине таянган, коздорунун мурункудай эле оту жанып калыптыр. Жаным чыгып кетти, озуно жараша жооп кайтарайын, откондордо эле менин козумо жалдырап карап калган кундорун эстетип коеюн деп жатсам Каныш апа кирип калып эле унчуга албай калдым. Аселди, столдун устундогу балыктын калдыктарын коруп эле тушунду окшойт:
- Асель кызым бар, дукондон коп эле балык алып келчи. Самат, балам азыр дагы кууруп берем, тойгончо жейсинер. Адыл аган да ушул балыкты жакшы корот- деп,
- Самат озу барсын, жедиби алып келгенди да билсин. Даярга тап болуп конуптур тимеле, отурганын былчыйып - деп мени жаман коруп суйлоно баштаган Аселди туртуп чыгарып жиберди да, пияз атпайларды алып чыгып аарчып, туурай баштады.
- Аселдин созуно конул бурба, эрке кылып койдум да. Бирок ак конул ананайыным, боорукер - деп коет. Эгер билсе го Аселдин мени жаман коруп суйлонгондору кандай жагары, билбейм негедир жагат мага, кээде атайын жинине тийип коем, бечара очун ала албай аябай эле суйлонот. Бирок коздорунон байкалып эле турат мени жакшы корору, сезилет.
Каныш апа да бырыштары жоголуп, кулуп жайнап калыптыр. Бир нерсени ойлондубу, чыгып кетти да, тез эле келип:
- Самат сен да кирип уктап ал, тамак бышканда чакырам. Аселдин болмосуно жай даярдап койдум, Асель менин болмомдо жата берет- деп чыгарып жиберди.
Туну менен рулда журуп чарчапмын, дароо эле уктап калдым, ойгонсом саат торттон отуп кетиптир, "эс алып алсын" дегенби ойготушпаптыр. Болмодон чыксам кутуп отурганбы, Адыл ага болмосунон чыгып:
- Самат азыр машина алып келишет, чыгып коруп ал. Эртен бир, эки жакка барып келишин керек болот. Биз бугун тундо кочобуз, сен убактынча ушул уйдо каласын, байланыш телефон аркылуу болот.
Тан калып калдым, уктап тургунча ушунча иштерди бутуруп жибердиби. Ким алып келет машинаны. Эч ким калбады эле го.
- Аудини эмне кылабыз?
-Ал машина жок, аны Карагандыда коруп калган болушу мумкун. Самат эми иштерди бир жактама кылмайынча бир аз чуркап коюш керек болот. Макул тамактанып ала бер, кийин суйлошобуз - деп оз болмосуно кирип кетти. Коридордо турган телефонду болмосуно алып кирип алыптыр.
Каныш апа коп кылып балык кууруп коюптур, жеп отурсам Асель кирип келди, басканынан эле тааныгам. Жиним келип, столдун устуно салынган гулдуу дасторконду эми коргонсуп башымы которбой отуруп алдым. Асель келип жаныма отуруп калды:
- Эмне адам тамактанганын эми кордунбу- деп Аселди акырайып карап койдум.
- Биз чет олкого кетет экенбиз- дейт, уну коптон бери тамак ичпеген адамдыкындай болуп аран эле чыгат. Карасам коздору жашылданып, мени куса болгон коз караш менен карап туруптур, кокул чачы козуно тушуп калыптыр, аны да байкабады, алган жок. Аселди кучактап ооп ооп алгым келди, озуму аран кармап, козумон бир нерсени билип койбосун деп, балыктын башын алып ото кунт конул коюп чукулап калдым. Асель менден жооп кутту окшойт, унчукпай койсом:
- Биз бир сааттан кийин кетет экенбиз, ошол бойдон белгисиз экен качан келээрибиз - дейт. Ал убакта балыктын башынын ичин ачып алып изилдеп жаткам, каерин жесем болот деп:
- Чындап кетет бекенсинер? Алдабай атасынбы?- десем Асель мени тан калып карап калды.
-Ооба, эмнеге?
- Аа жон эле, менин да унум Кудайга жетиптир да.
- Эмнеге жетет, кандай унун бар эле?
- Сенден да кутула турган кун келет экен дейм. Эртерээк эле кетсен жакшы болот эле. Азыр эле, эртерак жолго чыга бербейсинби, самолеттон кечигип калба - деп коюп балыктын башын ото берилип изилдей баштадым.
Асель мени копко чейин карап отурду да, отурган жеринен  кабыргама муштуму менен кучунун барынча эле урду окшойт, "кок мээ" деп коюп чыгып кетти. Жакшы эле уруптур, кадимкидей ооруп калды. Столдун устун жыйнап жатсам Адыл ага келди:
- Аселге эмне болгон билбединби?
- Билбейм, эмнеге?
- Кирсем ыйлап отуруптур, эмне болду десем же айтпайт. Апам ото эле эрке кылып койду да, эмне керек буга тушунуп болбойт. Ээ мейличи, ыйлап, ыйлап басылар, биз озубуздун ишти кылайлы, "Омега" деген дуконду билесин да.
- Билем Адыл ага.
-Ошонун алдында "BMW" турат, кара тусто, номери бул кагазга жазылган. Ошол сеники, барып минип кел. Устага каратып келишкен, озун да минип, эринбей эле трассага чыгып айдап текшерип кой, ачкычы бардачокто.
Туруптур, капкара, айнектери карангылатылган, донголоктору да жаны салыныптыр. Жарым сааттай трассага чыгып ары бери  айдап кордум, жакшы машина экен. Аселдер кете элегинде коруп калайын деп тез эле келе бердим, машинаны жакын жерге коюп уйго кирсем Каныш апа менен Асель даярданып бутушкон окшойт, чакан донголоктору бар чемодан турат коридордо, кетип атышыптыр да демек. Эч кимге корунбой ушкурунуп, оз болмомо кирип жатып алдым.  Тыншап жатсам Адыл аганын уну чыкты:
- Асель машина келди, болгула тез тез. Регистрациядан кечигип калбагыла. Барарын менен мага чалып кой- деп опур топур болушуп, бир маалда:
- Апа Аселге эмне болгон, Саматтын болмосунун эшигин карап эле катып калыптыр да. Ой Асель ал эшикти эми кордунбу, бол тез тез, которуш энене-деп Адыл ага шаштырып, коштошуп чыгып кетишти.
Тундо беш адам келишип Адыл аганы бир машинага салып кетишти.
Кетээрде Адыл ага:
- Самат мага бир ишке жардамдашып коесун да, барып апамдарды карап журосун. Иштер бир жактама болгончо ошол жакта журуп турасынар. Сен камерага тушуп калыпсын, капюшондон, маска кийгенин учун таанылбапсын, бирок бир нерсе деш кыйын. Озум чалам телефондо бол - деп кетти.
Эртеси саат тогузда Адыл ага чалып аэропортко жонотту. Бир адамга жолугуп, ошонун айтканын кылат экенмин. Аэропорттун чекесинде, айткан жеринде турсам бир орус адам, аты Саня экен, аэропорттон чыгып чон чемодан берип:
- Эртен саат учто кинотеатрдын алдынан жолугабыз. Киосктун жанында тур.- деп кирип кетти.
Эртеси учто келди, колунда  материалга оролгон узун нерсе, жонунда рюкзак.
Машинага отуруп, рюкзагынан "АлматыТВ" деген жазуусу, эмблемасы тартылган куртка, кепка алып чыгып:
- Кийип ал, экообуз ушул каналда иштейбиз, сен менин жардамчымсын,  "АлматыТВ"да оператор болуп иштейсин, бул бейджик, бул куболугун. Азыр Карагандыга барабыз. Тундоп жетсек, эртен акиминерге "каюк" - деп кулуп койду.-"Шакалам шакалская смерть", айда кеттик.
Тундоп жол журдук. Жаны аким Санянын да автоматтык дарбаза жасоочу ишканасын тартып алып, озун ушул жакка кууп жиберген экен.   
-Жакында чон иштер башталат, булардын тубуно жетебиз, ал убакта мен жалгыз элем, азыр Адыл бар. Буларды "умно" жок кылабыз - деп жолдо ар нерсени суйлоп берип келди. Аябай эле очошуп калыптыр.
Булардын планы мындай экен,  чемоданда самолеттун рамасындагы калын темирлердин жаракасы барбы жокпу зыяндуу нур менен текшеруучу аппарат экен. Ошол аппарат видеокамеранын ичине орнотулуптур. Аким эртен бир имараттын ачылуу аземинде соз суйлойт экен. Ошол маалда камераны акимге туштап жакса акимдин денеси зыяндуу нур менен нурланып бир айга жетпей ооруп жок болот экен.
Чон соода туйунунун ачылышы болуп жатыптыр, имараттын алдында мектеп окуучулары, ар кандай ишканалардын адамдары, айтор адам коп. Биз да саат он бирлерде Саня экообуз залдын бир бурчунда камерабызды орнотуп даяр болуп турдук. Материалга уланган узун нерсе камеранын буттары экен. Акыры  ачылуу аземи башталды, бир экоосу суйлоп анан Карагандынын жаны акимине соз беришти. Орто бойлуу чакан  эле адам экен бирок коздору заар чачкан, бир адамга корумдуу нерсеси жок. Саня тиштенип алыптыр, мага эки чубалган зымдын учун карматып:
- Мен "давай" дегенде учтарын бири бирине тийгизип турасын- деп озу видеого тарткан адам болуп бир топчудай болгон тешиктен аяка бияка акырын буруп туздой баштады. Акыры шыкаалаган бойдон  "давай" дегенде эки зымдын тазаланган учун бири бирине тийгизип кармап турдум. Саня саатынын секундомерин карап карап коюп турду да, Саматка карап, "все, каюк этому уроду", деп суйлонуп, коздору жайнап, бир от куйуп калыптыр коздорунон:
-Кеттик, жууйбуз женишибизди. Беш жыл кутком бул убакты, мен меймандайм-деп тез тез аппаратты чемоданга салып залдан чыгып кетти. Аким эч нерсени сезбей, сыпайы туруп алып элди алдаганын улантып жатат. Мен да майда чуйдому которуп эшиктен чыгып баратып карасам аким козумо бир кызыктай, арыктап, сооктору корунуп калгандай корунду.
Ошол эле куну тундоп Алматыга келип алдык.
Эртеси алты бала келиптир. Адыл ага "акчаларды, документтерди алып келгиле" деп жонотуптур. Торт машинада барып тоодогу сарайдан куралдарды, акчаларды, документтерди алып келдик.
Адыл аганы телевизордон суротун кайра кайра корсотушуп, гезит журналдарга чыгарып, кочолордо, вокзал, аэропорттордо суроту илинип, аябай коп акча убада кылышып, айтор аябай издеп калышыптыр. Кадам сайын текшеруу, мени да эки-уч жерде документими текшеришти.
Мага самолетко билет алып коюшуптур, артыман издешсе таап алышпасын дегенби, биринчи Киевке, андан Стамбулга, андан ары Грециянын Ханья деген шаарына учуп кеттим.
Каныш апа менен Аселди ушул жакка бекитиптир. Ханья деген шаар Крит деген аралдын чекесиндеги шаар экен, аэропорт, кемелер токтоочу порттордон ото эле алыс болгондуктан туристтер дээрлик жок. Бут эле жергиликтуу калк. Шаардын чекесиндеги, дениздин жээгиндеги айылдардын  бироосунон чакан беш болмолуу бир уйду сатып алышыптыр. Асель коно тушуптур эки уч кундо. Мени короору менен биринчи суйунуп кетти, анан акыркы коштошконун эстедиби дароо тултуюп эптеп эле учурашып койду. Каныш апа суйунуп калды.
Казакстанда эмне болуп атат белгисиз. Асель гана кээ кээде Адыл ага менен суйлошот, ага эми тушунуктуу, эч нерсе айтпайт да.
Бул жак бейиш экен, Асель менен эле кырылышпасам баары жакшы. Крит аралын кыдырып чыктым. Бироо менен бироонун иши жок, адамдар жыргап журушот. Карагандынын жандан откон суугу жок, кун ысык, сууга тушуп алып кумда жата бересин. Аба ырайы жылуу жактын эли да жайдары болушабы, же мага ошондой сезилдиби, айтор кеткин келбейт. Адамдардын деги бир кайгысы жоктой сезилет. Карагандыдагы адамдардай бири бирине утуройуп карабай, баары бири бирине коркпой уркпой, кандай адам эле дебей, ишенип, кулуп карашат.
Кундо Аселди карап коем бир кабар болобу деп, ал эч нерседен бейкапар журот. Англисче жакшы суйлойт экен, коп англис тилин билген жергиликтуу досторду таап алган, тимеле бир тууганындай ээрчишип журушот. Арасында балдар да бар, бир ону индустардай капкара, тармал чачы Аселдин артынан калбайт, Аселге да жагабы, экоосу ээрчишип алып журо беришет. Каныш апага айтып бериптир, озунун бизнеси бар, аты Герик деген бала экен.
У Геригин менен сенин!!! Капкара кылып эмнесин жакшы корот.
Бир жолу Асель менен Герик суу чачышып ойноп жатканын дурбу менен терезеден байкатпай карап отургам, Асел бармагын, кандай болгонун тушунбой калдым, кесип алыптыр. Кан агып жаткан окшойт, Гериги чуркап келип Аселдин бармагын оозуна салып канын соруп, токтотуп берип жатат. Асел да жанында эркелеп турат, колун карматып коюп. Гериги башын которуп Аселге караса анысы да жакшы коруп жылмайып коет. Жиним келип дурбуну креслого ыргытып, согунуп алып телевизор коруп жатып алдым.
Мен да Аселдин ичин куйдуройун деп кыздар менен таанышайын десем же тилин тушунбосом.
Герик кээде Каныш апа менен Аселди алып катер менен ар кандай майда чуйдо аралдарды корсотуп келет. Мени да "жур" дегенде, жаныбызда эч ким жок эле, кыргызча согунуп барбай койгом. Герикке согунуп жатканымда жылмайып турган учун ал да тушунбой, кетип калган. Бирок бир нерседен шекшип калдыбы, кийинки баргандарда чакырбайт. Суротторго тушуп келишет, сонун аскалуу аралдар бар экен, эми кол менен жасагандай, туннел сыяктуу, айтор барып коргум келет, намысым жол бербейт. Каныш апа бир жолу урушкан "эмнеге барбайсын" деп. Катерге тушсом башым айланат деп кутулгам.
Кундор ото берди билинбей, шаардын борборуна барып уй менен суйлошуп келем. Апама Карагандыда элемин деп койгом. Билинбей торт ай отуп кетиптир, Адыл агадан эч кандай кабар келбеди. Асель "салам айтты" деп коет болду.
Бир куну дениздин боюнда, кумда жаткам, бироонун колокосу тушуп, кунду тосуп калды. Карасам Арсен, кадимки эле Карагандыдагы досум Арсен. Коргон козумо ишенбей, ордуман ыргып туруп карасам ошол. Арыктап, жаактары шилинип, коздору ичине кирип аябай арыктап кетиптир. Айрыкча козунун карасы бир кызыктай, саргыч тартып нуру очкон, жашоодон умуту калбаган коз караш. Башын бир жагына ийип алган. Сол колу сынган окшойт, гипстеп, мойнуна илип, он колуна таяк  таянып алыптыр.
- Самат кандайсын досум?- деп аран суйлойт, уну да робот суйлогонсуп, суроо бергени же учурашканы билинбейт,  айтор башкача. Баягы кулуп жайнаган, шуулдаган Арсен жок, коздору бир ордунда турбай ойноктоп, коркуп калыптыр ушунчалык. Оозум ачылып эле карап туруп калыпмын.
- Тааныбадынбы?- деп кучко салып жылмайымыш болуп, чонтогунон Адыл аганын шакегин алып чыгып бергенде гана озумо келип Арсенди кучактап калдым.
-Арсен досум, кандайсын?- деп сыр бербей кулуп суйлоп калсам, Арсен соо колун которуп:
- Отурайынчы, аран жетип келдим- деп жерге менин жардамым менен  аран отурду да, ушкурунуп алып кары адамдарга окшоп алаканы менен жерди корсотуп "отур" деп белги кылды. Жанына отуруп жатып карасам желкелеринин сооктору футболкадан оркоюп кадимкидей билинип, Арсен кичинекей болуп калыптыр.
Аз эле убакта адам ушундай акыбалга жетип калат десе оз козум менен корбосом ишенбейт элем. Арсен отуруп алып, башын бир жагына ийип, оор оор дем алып, денизди карап унчукпай копко чейин отура берди.
Бир нерсе суйлойун деп барып токтоп калдым. Арсенге кун тийип калган экен, зонтту алып колоко болсун деп, Арсендин жанына сайып койсом:
- Кун жейинчи Самат, ысыгы жагып жатат, алып эле кой- деп кайра денизди карап отуруп калды.
Ушунчалык тан калдым, аяп, жакшы коруп кеттим Арсенди, жанына отуруп далысынан кучактап:
- Арсен досум, эмне болду. Ким жеткизди сени мынчалыкка- деп козумо жаш келип кетти.
- Арак барбы Самат?
- Журу уйго, бир аз эс алып жатып тур. Мен алып келе коем, жакын эле жерде.
- Макул, уктап алайынчы бир аз.
Ордунан тургузайын деп которсом женил, жаш баладай болуп калыптыр. Жетелеп келип оз болмомо алып кирип жаткызып койсом дароо эле уйкуга кетти. Каныш апа уктап жаткан окшойт, корунбойт. Асель адатынча Гериги менен кеткен. Али бери келбесе керек.
Айылдын ортосунда чон дукон бар, туристтер учун бир болугундо ар элдин ичимдиктери сатылат. Россияда чыккан арактын уч торт туру бар экен, ар турунон бирден кылып уч ботолко алып келсем Арсен уч буктолуп, кичинекей баладай болуп уктап жатыптыр. Ойготподум.
Ангыча Каныш апанын ары бери басканы угулуп калды, сурап калса эмне дейм.
"Жакын досум эле, ооруп калган экен Адыл ага жонотуптур дарыланып кел" деп, азыр уктап жатат деп койдум.
Каныш апа кирип Арсенди коруп эле тушунду:
- Ойгонсо мага айт- деп, башка эч нерсе суйлобой чыгып оз болмосуно кирип кетип ошол бойдон копко чейин чыккан жок.
Арсен оор дем алып уктай берди, анын дем алганын угуп, ар нерсени ойлонуп жатып козум илинип кетиптир. Эшик катуу ачылганда ойгонуп кетип карасам Асель туруптур, артында Гериктин башы корунот. Арсен катуу чочуп, ушунчалык катуу коркуп кетти окшойт, жаздыкты башына жаап, ого бетер буктолуп, корголонуп жатып калды.
- Самат Адыл агаман адам келдиби?
-Акырын, кыйкырба, секинерак ачпайсынбы эшикти.
Арсен ордунан туруп эки жакты карап тушунду окшойт, ынгайсыз болуп Асель менен учурашып:
- Жакшысынбы Асель, Адыл ага жакшы журот, мен ооруп калгандыктан ушул жакка жонотту. Дарыланып албасам болбой калды - деп эптеп жылмайымыш болду. Асел Арсендин турун коруп оозу ачылып эле туруп калыптыр. Каныш апа да кирип келип Арсендин жанына отуруп Арсендин колун кармап:
- Жакшы келип алдынбы балам, бул жердин абасы, суусу дары экен. Саматты кордунбу кандай толуп кеткенин. Баары жакшы болот балам, жургуло тамак кылып койдум - деп жатса ортодон Асель кыпчылып:
- Эртеден кечке бир иш кылбай, бекер тамак жеп жата берсе семирет да чочкодой болуп- деп суйлонуп калды эле Каныш апа ачуусу келип:
- Ай Асель, болду токтот, сен эле эмне иш кылып кыйратып жибердин. Эмне иш калып жатты эле бутпогон, болду токтоткула, жургуло тамактанабыз - деп сыртка чыктык. Жаны келгенде эле Каныш апа уста таап келип эшикке айылдагыдай сору жасаттырып алган. Ошол жерге дасторкон жайып коюптур. Баарыбыз унчукпай отуруп тамактандык. Баары эле ар нерсени сурайын дешет, бирок Арсендин турун коруп эле сурай алышпады. Тамактанып отурганда Герик Арсенди карап карап коюп Аселге англисче бир нерселерди айтып, экоосу шыбырашып бир нерселерди суйлошуп жатышты. Тамактанып буткондо Асель Каныш апага:
- Эне Герик айтат, шаарда чон оорукана бар экен, Европанын коп мамлекетинен байлар, ар кандай саясатчылар келип дарыланып кетишет, аябай кучтуу дарыгерлер иштейт дейт. Эгер Арсен кааласа азыр эле алып барып жайлаштырып кое алам дейт.
Арсен озун ынгайсыз сезип кетти окшойт:
- Мен эс алып алсам эле жакшы болуп кетем, чарчагандыкы эле. Акыркы убактарда иш боюнча коп чуркашка туура келип, кээде уч кундоп уктабай калып жаттык. Рахмат деп кой Курчигине- деп кулуп койду.
- Жок, айт тиги Комуруно (Каныш апа Герик дегенге тили келбейби же Герикти жаман коробу, айтор комур дечу). Эртен эле барып суйлошсун, акчасын толойбуз канча десе да.
Асель "комуру" экоосу шыбырашып:
- Эртен саат сегизге келет экен, даяр турсун дейт. Тез эле айыктырып чыгарып беришет экен.
- Эртен менен барасын балам, али жашсын, тез эле айыгып кетесин. "Комур" балам боорукер бирок, коздорун эле карабайсынбы молтуройт кыздардыкына окшоп. Жалган айтпайт- деп, баласын ойлоп кеттиби, уйго кирип кетти. Бир аздан кийин "комуру" менен коштошуп, Асель уйго кирип кетти, бир нерселерди суйлонуп машинасын минип Комур да кетти.
Арсендин конулу ачылып калыптыр анча эле:
- Бул Комурду каяктан таап алдынар - деп озу оло албай жатып бироонун устунон кулуп коет.
- Ээ Аселдин жигити, эмнесин жакшы корот билбейм капкара кылып, ушунусу жонундо эле суйлой берет, суйлой берет. Жадап кетем кээде. Каныш апаны да жадатып жибериптир. Арак алып келип койдум эле, алып келейинби?
-Эртен ооруканага бара турган болсом ичпей эле койгонум онбу, Аселдин торкундору алкаш экен дебейби- деп каткырып кулуп жиберди. Баягы эле кулкусу. Суйунуп кеттим баягы эле досум. Тынч жерге келдим деп озун коопсуз сезип калдыбы, айтор конулу которулуп калыптыр.
-Коюу кылып чай демдеп келбейсинби, суйлошуп отуралы бир аз.
Коюу кылып чай демдеп келдим.
- Самат абал чатак. Мени бияка Адыл ага жонотту. Озу азыр бир малканада бекинип жатат, озу жалгыз калды.
- Адыл ага жалгызбы азыр. Анчалыкка кантип жетип калдынар, аким эмне ушунчалык эле кучтуу адам бекен?
- Аким го коп отпой ооруп каза болуп калды. Ерхан деген, Монголиялык келгин казактардан, шериги бар экен. Билдик ал жонундо, жаш кезинде адам олтуруп, качып Афганистанга отуп, согушчандарга кошулуп кетиптир. Ошол Казакстанга келип, бут нерсенин башында ошол турат экен. Карагандынын акими да ошонун колунда эле иштеген бир колоко окшойт.
- Согушуп жургон болсо эмне болуптур. Адыл ага качып кетти эле го, эч нерсе кыла албадыбы?
-Адыл ага качып кеткенден кийин алар биротоло "жиндеп" кетишти, биздин балдардын баарын "Долинкага" чогултуп алып аябай кыйнашты. Камерага тушуп калыпсын Самат, дароо эле тааныдым, билгем сени эле качырды деп. Башка ким барат эле мындайга, башка балдар оз уй булосунон, туугандарынан коркуп да эч нерсе кыла алышпайт. Сени дээрлик баары эле унутуп койду да. Адыл аганы качырганында капюшон кийип алганын жакшы болуптур, сени эч ким тааныбады. Видеону корсотуп "тааныгыла, ким бул" деп балдарды аябай кыйнады. Шериктери да бут озуно окшогон адамдын омурун тыйынча корбогон, жеткен мыкаачы, акча дегенде эч нерседен кайтпаган адамдар экен. Апийим чегип алып киришип, адамды кантип кыйнашты билишет экен, деги созду угушпайт, немистер деле мынчалык кыйнабаса керек. Балдар "сынып калышты" Самат, чыдап болбойт эле мындай кыйноого. Душманыма да каалабайм мындай кунду. Менин колуму, бутуму аябай жай, ото акырындап сындырышты. Ушундан коро тарс эле сындырып салышса го деп тилейт экенсин. Ээ эстегим келбейт ал кундорду, "сынат" экен кандай адам болсо да.
-Балдарды эмнеге кыйнашат, силерден эмнени сурап кыйнашты?
- Адыл аганын ишканалары ар кимдин атына жазылган эле, ошол адамдардын баарын кармашыптыр. Ишканаларды бут озулоруно алып, баш ийбегендерин олтуруп, кыйын экен булар, олгондорду ар шылтоо ойлоп табышып, авариядан олду, бийик жерден кулап олду,  айтор эч ким кынтык таппай турган кылып салышты. Калган балдарды экинчи баш которбосун, журогун олтуруп коелу дешти окшойт да. Акыры камалган балдардын ата-энелери чогулуп Астанага, президентке барып жолугушуп келишкенден кийин гана, мени, дагы торт баланы сот буткучо деп калтырып, калган балдарды кое беришти.
Бошогон балдар келип жатышты мага, ошолор айтып беришти, Адыл аганы Казакстан боюнча издоого беришип, аябай коп акча сыйлык кылышыптыр. Милицияга коргон жерде атууга буйрук берилиптир. Мындайда эмне кыла алмак эле Адыл ага.
Аким олгондон кийин куну куру эмес, атып кетмей, олтуруп кетмей, жарып, орттоп кетмей. Ар эки уч кундо адамдар олуп жатты.  Караганды Чикагого окшоп калды ошол маалдарда.
- Ким кылат деп ойлойсун, Калыйбы?
- Жок Адыл аганын эле кылганы. Калый тош кагып Карагандынын "смотрящийимин" деген менен аким келгенде отуруп берди го эч нерсе кыла албай. Анын колунан келбейт мындай нерсе.
Бир ай Карагандыда тынчтык болбоду. Астана, Алматыдан ОМОН, СОБРдын адамдары толуп калышты шаарга.
Арсен эстегиси келбедиби ал кундорду, пиаласын эки колдоп кармаган бойдон копко чейин оор дем алып, дасторконду карап эле отуруп калды.
- Арсен тушуном досум, бирок мага айтып беришин керек эмне болгонун. Мен майда чуйдосуно чейин билишим керек.
-Акыры Ерхан адамдары менен дайынсыз жоголду. Адыл аганын адамдары газета, журнал, телевидениелерге интервью берип, олгон акимдин бут былыктарын казып чыгышып, айтор Адыл ага озун актап чыкты. Биз да чыктык. Мен ооруканага жатып дарылана баштагам. Иш акырындан мурунку калыбына келе баштаган.
Ерхан жеткен жанкечти экен, биз чынында жендик деп ойлоп калган элек. Корсо Ерхан даярданып журуптур. Бир айдай отту окшойт, бир кундо эле, тушко жакын Адыл аганын жети адамын атып кетишти. Адыл аганын озун ресторанда отурган жеринде кол салып, торт жансакчысы олуп, Адыл агага да ок тийиптир. Кантип кутулуп кеткенин билбейм, бирок аран качып  кутулуптур. Шаарда азыр бут Ерхандын адамдары журушот.
- Адыл ага сага кантип чыкты. Сен бекинбединби? Сага да кол салышы мумкун эле да.
-Мен да корктум чынында, бирок Адыл аганын жанында эч ким калбаган эле, баары бир мага бироо келиши керек деп ооруканада жата бердим. Аскат деген адамды жонотуптур Адыл ага. Шакек, бул жактын адреси жазылган кагаз берип жибериптир. Тунку саат учтордо ооруканадан эч кимге корунбой чыгып, Кыргызстанга отуп, Бишкектен учтум бияка. Карагандыда кадам сайын текшеруу, менттер тытып жатышат. Ерхандын адамдары да ар жерде журушот. Адыл ага озу бир мал сарайда бекинип жаткан имиш, сени билет дептир. Билгендерим ошол Самат, Адыл ага сени келсин дегени го.
- Тушундум Арсен, мен барам. Барып бияка алып келем бир жолун таап.
- Адыл ага келбесе керек биякка, ал оч алам дейт баары бир. Жон эле женилип кетип кала турган адам эмес. Мал сарай каякта билесинби?
- Билем.
Арсен чонтогунон банктык карточкаларды алып чыгып берди:
- Бул карточкаларды да Адыл ага берди. Канча акча бар экенин билбейм, бирок Адыл ага коп акча бар деди. Бироосу сага экен, калганын Аселге берип кой деген.
Эртеси Герик келип Асель экоосу Арсенди ооруканага алып кетишти.
Ошол куну эле жолго чыктым. Кетээрде Каныш апа колуман кармап:
- Самат балам, Адыл аган бир кырсыкка учураган, менин журогум сезип турат. Эч нерсеге карабай кондуруп бияка алып келе берчи. Эч нерсесин албай озу эле келе берсинчи, айтчы балам - деп жалооруган коз караш менен карап калган.
Москва аркылуу Алматыга учуп келдим. Жай келейин деп калса да кун суук, кара суук тимеле.
Кунго куйуп, толуп кеткендиктен, бир жагынан паспортум да башка адамдын атына болгондуктан азырынча коркпосом болот эле. Эски жигули сатып алып, фонарик, эки бычак, тамак аш алып, мал сарайга ошол эле куну тундоп жонодум. Жолмо жол артымы карап, кээ бир жерлерде токтоп машинамы чукулаган адам болуп турам, жолдогу ар кандай айылдарды кыдырып журо берем. Артыман кууган же андыган эч ким жок, тынч эле. Талаага бурулгандан кийин машинанын жарыгын очуруп алдым, бир аздан кийин козум карангыга конуп эле калды. Талаа тегиз болгондуктан эч жакка тушуп кетпейм, сузуп ала турган эч нерсе жок. Мал сарайга жете бербей тоонун артына токтоп, жоо чыгып мал сарайды копко чейин карап жаттым. Эч бир жарык же кыбыр эткен нерсенин шеги билинбейт.
Ким келмек эле биякка, Адыл аганы бул жакта деп кимдин оюна келет эле. Сарайга тушойун деп ордуман туруп атсам он жагымдан, коп болсо он метр алыста го:
- Самат мен Аскат аган, келе бер-деген ун чыкты, чочуп кеттим.
Аскат ага экен, мен жаткан жерден он метрдей эле арыракта жаткан экен байкабапмын. Колунда автомат, мойнуна тундо да корсотуучу дурбу илип алыптыр.
Ар дайым тундо ушул жерде жатат экен, Адыл аганын акыбалы жаман дейт:
-Анын акыбалы чатак. Ооруканага алып барайын десем конбой жатат. Бутуна, жоон санына ок тийген экен, соокторун быркыратып кеткен окшойт. Коп кун жатып койду да озу дагы. Сени кутуп жатты, сен келсен анан барам деп. Эч кимге ишенбей калыптыр сенден башка. Эки жагына эки автомат, ичине пистолет, чонтокторундо граната салып алган. Кээде оорусу кучоп, жоолугондо корком гранатаны жарып алабы деп.
-Эмне болду Аскат ага, кыскача айтып берсениз.
-Мен эми телевизордон коргондорум эле билгеним. Эки жума мурун Адыл мени Карагандыга чакырткан. Чакырып, шаардын чекесинен батир алып берип, ошол жерде жашап тургам, ошондо тан калып койдум эле. Жон эле жата бергем бир иш кылбай. "Озум айтмайынча ушул жерде болун" дегенинен батирден, телефондун жанынан чыкпай отургам. Бир куну чалып калды, айткан жерине барып бир аз кутуп турсам бутуна ок тийиптир, эки бала которуп келишти. Машина менен туура ушул жакка алып келдим. Ошол бойдон ушул жердебиз. Эки жолу Карагандыга барып келдим, Адылды милиция аябай катуу издеп жатыптыр. Суроту ар бир дукон, ишканалардын эшиктеринде, айтор кадам сайын эле Адылдын суроту илинип турат.
-Тушундум Аскат ага, бирок баары бир эртерээк ооруканага алып барышыбыз керек.  Машина барбы?
- Бар, баягы "Нива". Бирок Адыл барбайм деп конбошу да мумкун. Биринчи озу менен суйлошолу, эмне дейт, ошого карап аракет кылабыз да эми.
Адыл ага сарайда экен.
- Токтой тур, мен биринчи кирип айтайын, экообуз кирип барсак карангыда атып жибербесин -деп Аскат ага кирип кетип кайра эле чыкты.
Адыл ага жатат, чопторду калын кылып салып, устуно матрац, жууркандарды салып бериптир. Ундору каргылданып, бир кызыктай чыгып калыптыр. Мени менен аран эле учурашты
- Самат иним келдинби?
- Келдим Адыл ага.
- Апамдар кандай, жакшы журушобу, ден соолугу жакшыбы?
- Алар жакшы баары. Каныш апа толуп кеткен. Аяктын абасы таза экен, баарына жакты.
- Асель кандай?
-Асель бир Герик деген баланы таап алган, капкара болгондуктан Каныш апа "комур балам" дейт. Герик жакшы бала экен,  Арсенди ошол шаарда кучтуу оорукана бар экен, суйлошуп жаткырып койду. Мен сизди ошол жакка алып кетейин деп келдим Адыл ага.
- Эми аны коро жатарбыз.
- Сизди тез ооруканага алып барыш керек Адыл ага. Мага ишениниз, сиздин дарыланып жатканынызды жан адам билбей турган кылабыз.
-Мен уктап алайынчы, азыр кеч эми, эртен суйлошойлу- деп, уйкусу аябай келгенби, дароо эле уктап калды.
Эртеси жетилерде ойгондум, тундо байкабаган экем, Адыл аганын буту аябай чон болуп шишип кетиптир, тиштенип аран дем алып жатат. Аскат ага корунбойт, бир жакка чыгып кеткен окшойт. Сыртка чыгып Аскат аганы карасам кечээ тундо жолуккан тоодон тушуп келатыптыр.
-Эки жакты карап келдим, тынчырак туралы.
-Аскат ага, кумурскалардын уюгу барбы?
Аскат ага оозу ачылып калды:
- Кумурскалардын?
-Ооба, мумкун болушунча сары кумурскалардын чон уюгу керек. Коп кумурска керек.
- Бир жерде коргондой болгом, барып королу.
Уюгун сарайдын бурчуна салышкан экен, чон уюк, азыраагы эле журуптур, кун чыкканда баары чыгышы керек.
- Болот, кун чыкканда Аскат аганы алып келип уюкка жаткызабыз.
- Ой кумурскалар озу аран жаткан адамды олтурушпойбу.
-Олтурушпойт. Бутунун оорусу ириндеп кетиптир, отушуп кетпесин. Кумурскалар тиштегенде, оозунда организмди консервациялап кое турган уусу болот. Кышкыга ар кандай чымын, чиркей, кополок атпайларды ушинтип сакташат кумурскалар. Кышы бою бузулбай тура берет. Кумурскалар тиштесе Адыл аганын бутунун ооруганы кучобой, денесине тарабай, коп убакытка чейин сезилбей калат. Шишиги да убактынча чонойгонун токтотот. Врачка алып баргыча кыйналбайт.
- Сен аны каяктан билесин?
-Союздун шпиондорун ошентип даярдашкан экен, китептен окугам.
Эки сааттан кийин Аскат ага Адыл агага тушундуруп, энеден туума кылып чечиндирип кумурскалардын уюгуна жаткызып, саатымы карап турдум. Кумурскалар коп экен, бир заматта каптап калышты. Адыл ага эрктуу адам экен, тиштенип, унчукпай чыдап жатып берди. Туура алтымыш секунддан кийин кумурскаларды кубуп тушуруп, кийинтип, ордуна жаткызып койдук. Бир сааттай отту окшойт, ооруга чыдабай тырыша берген Адыл аганын жузу жазылып, коздору кадимкидей ачылып, кулкусу чыгып калды.
- Самат кыйын баласын го, буларды каяктан билесин. Ооруму тимеле кол менен алып салгандай болду.
-Китептен окуптур. Илгери союз маалында шпиондорду ушундай нерселерге уйротчу экен.
Адыл ага тез эле озуно келип калды. Табити да ачылып калыптыр, алдына коюлган тамактарды аябай эле жеди. Айрыкча нанды жей берди, жей берди негедир. Биз тан калып карап калсак озу да каткырып кулуп жиберип:
- Билбейм, негедир жегим эле келтат - деп коет.
Адыл ага менен ачыгырак суйлошуп алайын деп, бирок Аскат аганын алдында кандай болот, унчукпадым. Адыл ага да ошону ойлоп отурганбы, тамактанып бутушкондон кийин:
-Аскат ага айлананы бир карап койсонуз жакшы болот эле- деп жонотуп жиберди.
- Самат бул жерде болгон окуяларды Арсен айтып бергендир.
- Ооба айтып берди, уктум баарын.
- Мен сени аны кыл, муну кыл деп буйрук бере албайм Самат. Деги эле мойнунан байлагандай болуп адамдар менен мамиле кылганды жаман кором. Арты жаман болот андайдын. Билем мага таза оюнда жардам бергени келдин. Бирок азыр мурункудай кучум жок, коруп турасын озум жалгыз калдым. Балдар жардам берейин дегени менен мага жакындашса озулоруно эле жаман болот, мага да зыяны тийет. Ошого Самат мага жардам берем десен озуно да жаман болот. Азыр мени бут Казакстан боюнча издеп журушот. Биринчи жакшылап ойлон, эгер жардам берем десен, мени билесин колуман келишинче кайтарам.
- Адыл ага мен эгер сизге жардамга келбейм десем миндеген шылтоо табылат эле. Сизди куткарып кетиш учун келдим, колдон келгенди кылам.
Адыл ага негедир башын ийкеп, жылмайып койду.
- Эмне кылайын деп жатасыз. Грецияга, аралга кете бербейлиби. Каныш апалар кутуп жатышат, мен бияка келерде кайра кайра "айтчы келе берсин, алып кел биякка" деп калган. Айыгып, жакшы болуп калсаныз кийинчерээк келип деле иштерди бутуро берет элек.
Адыл ага бир нерсе оюна келдиби, негедир мени жылмайып карап, далыман таптап:
- Рахмат чон сага Самат, журоктуу бала экенсин, рахмат, бирок бир иш бар, ошону бутуруп анан кетпесем, кете албайм.
Унчукпай кутуп калдым, Адыл ага баары бир оч алып анан кетпесе кете албайт да баары бир. Ошону айта албай жатат. Ушунча акчасы бар, кете берсе деле болмок. Омуру откончо жетет, бала чака, неберелерине да жетип ашат эле.
- Ерхандан оч алып, анан кетишим керек Самат, антпесем омур бою арманда отом. Кийин келгенде аны каяктан табам. Ишканалардын документтери тигилерде, алардан алып сатыш керек, эми аларды иштете албайбыз. Мени менен иштеген канча балдар курман болушту. Алардын бала чакасы атасыз калды, ишканаларды сатып, ошол балдардын уй булосуно акча беришим керек. Балдар тиякта конулу тынч жатышсын.
Макс, Русиктердин ата энелерин эстеп кеттим, кана эми ал кун, аябай жакшы иш кылган болот элек.
-Мен колуман келишинче айтканынызды аткарам, кандай кылайын деп жатасыз. Азыр сизди кадам бастырышпайт да.
- Менде бир ой бар Самат, сен аткара алат элен. Сени менттер, Ерхандын балдары тааныбайт, тааныгандары деле сени бизден кеткен деп ойлошуп калган, сага эч ким тийбейт. Эртен бир нерсе болуп издеген кундо да сенин кыргызстандык экенини эч ким билбейт.
- Мен даярмын Адыл ага, колдон келгенин да келбегенин да кылам.
- Самат ошол иштерди бутуруп кетчи иним, мени билесин, бут нерсен болот.
Кызыктай болуп кеттим, мени акча учун келди деп ойлоп калганбы Адыл ага. Унчукпай калдым. Адыл ага да туура эмес суйлоп алганын тушунду окшойт, озуно озу ачуусу келип кеттиби, чекесин тырыштырып:
- Кыскасы Самат иним тушундун да мени?
- Ооба тушундум, Адыл ага мен аягына чыгам, айта бериниз эмне кылыш керек.
- Мейли коп соз эшеке жук, кыскасы мындай.- деп чонтогунон бир блокнот алып чыгып бир барагын издеп таап, бир дарек жазып мага берди.
- Аты Ушаков, сен да Ушаков дей бер, баары эле ошентишет. Азыр Москвада, ФСБда иштейт. Экообуз Рязанда бирге кызмат кылганбыз. Ошого барасын, ага мага ишенгендей эле ишене бер. Бул жерде эмне болуп жаткандарынан толук кабардар. Мен кат жазып берем, биерде болгон нерсенин баарын айтып берсен, калганын озу билет. Ошол уйротот Ерхандан кантип оч алышты. Бирок ишти силер аткарышынар керек болот.
- Мен тушундум Адыл ага, аткарабыз. Ерхандар эле ким эле, алар деле бизге окшогон адам да.
Копко чейин ар нерселерди айтып тушундурду.
Ошону менен бир жактама чечилди. 
- Адыл ага Бишкектен учуп кеткениниз жакшыго дейм. Россиядан кыйыныраак болот.
- Бишкектен эле учам, башка кайсы мамлекет бар эле жаныбызда. Тааныш балдар коп, женил болот, силерден качкандар бизге келет, бизден качкандар силерге барат- деп каткырып кулуп алды,- Аскат ага барып балдарды алып келет.
Бир сааттан кийин Аскат ага Бишкекке кетти.
Аскат ага кетээри менен Адыл ага  блокнотунун бир барагын айрып мага берди, бир баланын дареги, телефону бар экен.
- Балдар керек болот, Албан деген балага бар, ошол таап берет калганын, ээ макул мен эч нерсе дебейин озун суйлошуп, байкап кор. Анан бир соз Самат, Ерхан 70 килограмм алтын да алып кеткен.  Ошону да ойлонуп коргуло, аны сатып жибербеген болуш керек коп деле.
Бул дегени алтынды алсан конулум тынчыйт дегени да.
Туну менен тоонун чокусунда айлананы карап жаттым, тынч эле отту.
Аскат ага эртеси саат учтордо келди. Кыргызстандан келген адамдар Кызыл ордага жакын жерде калышыптыр. Дароо эле жолго чыктык. Мен жигулиде, беш  чакырым алдыда, жанымда автомат, ичимде пистолет, чонтогумдо эки граната.  Артта Нивада Аскат ага менен Адыл ага.
Трассага элуу чакырымдай калганда Бишкектен келген балдар эки машинада кутуп турушуптур, Адыл аганы башка машинага отургузушуп алып кетишти. Мен дагы деле алдыдамын, кимдер тосуп чыкса да, Адыл агалар качып кеткенче, мумкун болушунча токтотуп турушум керек. Менден эки чакырым артта Аскат ага келатат. Бир нерсе болсо мага жардамга келиши керек, тынч эле жетип алдык.
Кыргызстандык балдар чон фурада келишкен экен, фуранын жанында бир топ пресстелген чоп, арыракта ондон ашык букалар жайылып журот. Фуранын артына, торуно эни бир метрдей жатып кеткенге атайын жай даярдашыптыр. Адыл аганы жаткызышып, бир темирди тосуп жаап, болттор менен катырып, артынан пресстелип байланган чопторду бир катар кылып жыйып, букаларды жуктоп алышты. Эми коргон адам да эч ойлобойт эле дагы бир болмо бар экенин. Ким баарын тушуруп текшерип журмок эле.
Мен он чакырым артта чек арага чейин коштоп келдим. Балдар коптон бери отуп журуп тааныш окшойт, чек арадан да кезек кутпой тез эле отуп кетишти. 
Адыл ага кокусунан эле кирип барса Каныш апа менен Аселдин суйунгонун элестетип, конулум ачылып, музыканы жаныртып коюп алып унуму катуу чыгарып ырдап да алдым. Кийин ойлосом Аселден дагы деле умутум бар окшойт да, ошонун суйунгонун элестетип конулум которулгон окшойт.
Карагандыга эртеси кечинде жетип келдим.
Озуму чытырман токойдо, жырткычтардын арасында жалгыз калгандай сездим. Озумчо эле куса болуп, чынын айтайын бир коркуу пайда болду, кунуго эле коруп жургон ГАИлер да козумо Ерхандын адамдарындай сезиле берди.
Эртерээк эле баары бутсо, эртерээк эле аба ырайы ысык, адамдары кен пейил, жайдары, бияка окшоп бири бирин атып кетмей, бири бирин тоноп кетмей жок элге, Критке кетсем. Аселге барсам эртерээк эле. Баары жаман туштой болуп эстен чыгып кетет эле.
Туура эле аэропортко барып билет алып тундоп Москвага учуп кеттим.
Москванын жанында Ватутинки деген шаарча бар экен. Ошол жерге барып телефон чалышым керек. Кочодогу автомат телефондон чалсам, телефондун жанында отурабы, дароо эле алды. Адылдан келдим десем эле:
- Аа тушундум, он мунотто барып калам ошол жерден жылбай тур, ак мерсте барам- деп, каерде турганымы да сураган жок, коюп койду.
Кымбат турат мындай машиналар, терезелери карангылатылган, аппак джип машинада келди. Жаныма токтоп арткы терезеси кичине ачылып бир кол чыгып булгалап кирип жок болуп кетти. Жанына барсам эшикти ачып:
-Бол тез отур- деп, отурарым менен шоопуру айдап жоноду.
Ушаков жашы кырктан ашкан го, узун, чачы сары, коз айнекчен, арык корунгону менен колду кысып  учурашканына караганда, кучтуу адам окшойт. Ак жука костюм шым, бутунда аппак туфли, башында шляпа. Ичинде кызыл тазыл гулдуу койнок. Ото эле бай адам окшойт. Машинада чалкалап отурат, озуно ишенген коз караш.
Сурашпай этпей эле:
- Адилден кыскача уккам эмне болуп жатканын. Азыр эмне болуп жатат, Адил каякта? Мага ал жактагы шартты кенен тушундуруп айтып бер. Убактым бар, майда чуйдосуно фактыларды гана айт, оз оюну кошпой- дейт, так так суйлогон, нукура аскер адамы.
Эч нерсесин калтырбай бут айтып бердим. Жерди карап, созуму болбой, кунт коюп угуп отурду.
- Макул тушундум, сен уч кун Москвада болуп тур. Азыр бир мейманканага жеткирип коебуз, ошол жерден жашап турасын. Бир адам барат-деп чонтогунон сурот алып чыгып корсотуп-эстеп, таанып кал. Ошол адам айтат калганын -деп, соз бутту дегендей колун шилтеп, шоопуруна "Красныйга айда " деп шляпасын бетине тушуруп чалкалап жатып алды.
"Красный" дегени Москванын "Красная полянка" деген кочосу экен. Шоопуру мени мейманканага киргизип болмому корсотуп коюп кетти.
Учунчу куну тундо кыргызга окшош, суроттогу адам тыкылдатпай, этпей  кирип эле эшикти ичинен жаап, култап алды.
Жашы кырктарда, кара тору, бою орто, арыгырак келген, козу тостойгон, жоош, момун адамдай корунот. Корунушу ото эле жупуну, устуно футболка, ону очкон джинсы, жука куртка. Ким корсо да "колунан эмне келет, бир бечара" деп ойлойсун.
Кирип учурашпай этпей эле бурчтагы креслого да кенен отурбай чекесине эле бурушуп отуруп алды.
- Мени Юлай дей бер, отур убактым аз. Эртен кечки саат ондо мени Карагандыда, "Таир" деген дукондун он канатында, бурчта автомат телефондун жанында кут. Шаардын чекесинен мага эки болмолуу батир таап кой. Экинчи кабат болсун, балкону жолго эмес, короого чыксын. Бир эски машина керек болот, силерде кандай машиналар коп, орточо жашаган адамдар кандай машина минишет, озун караштырып, козго коп урунбагандай болсун. Иш буткончо Адил менен байланышпа, уктум сен Кыргызстандан экенсин, уйундогулор менен такыр суйлошпо. Калганын жолукканда айтам, мени узатпа- деп туруп коштошпой кетип калды.
Момойгон адам деп турсам, сырты эле ошондой окшойт, суйлоп жатып менин ар бир кыймылымы изилдеп отурду. Козумон козун алган жок, эмне ойлоп отурганымы бут эле билип койду окшойт. Суйлой баштаганында эле ал жонундо оюм озгоргонун козумон байкадыбы, шылдын коз менен да бир карап койду.
Тундоп эле Астанага учуп кеттим.
Карагандыда шаардын чекесинен айтканындай батир таап, гезиттен жарыялардан эски жигули да таап, батирден алысыраак коюп койдум.
"Таир" деген чон соода борбору бар, шаардын ортосунда. Саат тогуз жарымдарда барып телефон автомат коруно турган жерде машинамда кутуп отурдум. Чон соода туйуну болгондуктан кирип чыккан адам коп. Эки милиция адамдардын документтерин текшерип журушот. Чондорунун козуно эле жыйырмадай адамды текшерип коюшту окшойт, бир аз суйлошуп турушту да машинесине отуруп кетип калышты.
Саат онго беш мунот калганда автоматтын жанына барып турсам, жанатан бери бир кайырчы ошол жерде жургон ар кимден акча сурап, жаныма келип акча сурагансып колун сунуп:
- Самат мен Юлаймын, машинаны дукондун артында таштандыларды таштаган жашиктери бар экен. Ошол жерге айдап барып, арткы эшигин ачык калтырып коюп туура беш муноттон кийин бар, мен машинада болом - деп, жаныма келгенде эле чонтогуму чукулап акча алып чыккан элем, берсем алып кетип калды. Оозум ачылып калды, таптакыр башка адам болуп калыптыр. Айткан жерин барып карасам жакшы жерди тандаптыр. Эч ким корбойт бул жерден, дукондун адамдары эле чыкпаса, эч ким келбеген карангы жер экен. Машинамы айдап келип бардык эшигин култап, арткы он жак эшигин эле ачык калтырып коюп кетип калдым.
Беш муноттон кийин келип терезеден ичин карасам корунбойт, тан калып коюп рулга отуруп эле байкадым, эски кийимдин жыты дароо эле мурунга урунду, артка жатып алган экен:
-Батир таап койдунбу, ошол жакка айда, мага суйлобо, артты караба- деп кайра жатып алды.
-Уйдун алдынан айдап от, мага корсотуп кой да отуп кете бер, бир квартал арырактан, эч ким жок жерде токто, мен тушуп калайын. Сен жыйырма муноттон кийин келе бер. Соз бар, батирдин ачкычын берип кой.
Уйдун алдынан айдап отуп, подьездди, кабатын, батирдин номерин айтып тушундуруп отуп кеттим да, эки коп кабаттуу уйдон отуп, карангы жерине барганда тушуруп коюп кетип, жыйырма муноттон кийин келдим.
Озумун ачкычым менен ачып кирсем отуруптур. Чечинип, футболка шортычан, душка тушуп чыкканга да улгургон окшойт.
-Коп суйлогонду жаман кором, мен сага укканым боюнча бул жерде болгон окуяны айтып берейин. Сен туура эмес тушунгон жерлеримен токтотуп, оз оюну кошпой, фактыларды гана айтып тур.
- Тушундум.
Ушаков дээрлик толук эле айтып бериптир, туура эле тушунуптур. Юлай баарын айтып буткучо башымы ийкеп эле отурдум. Дептер коюп алыптыр алдына, жазып алганбы, маал маал карап коюп, бир калыпта, унун акырын чыгарып, шашпай баарын бир чекесинен айтып берди. Козунон эч нерсе байкалбайт, ичинде эмне ойлоп атканы белгисиз. Азыр байкадым, козунун карасы курон тусто экен, акылдуу, бир куч сезилген, негедир курч, темирди элестетип жибердим,  откур, ичини бут билип турган коз караш.
-Туура элеби, адашпадымбы?
- Туура, туура тушунупсуз.
Менден дагы коп нерсени сурады, Арсен жонундо да бут кабардар экен, анын айткандарын кайталап айтып бердим. Озумун коргон билгендерими. Юлай менин айткандарымы кунт коюп угуп, маал маал бир нерселерди жазып алып жатты.
- Эми эки кундон кийин, тунку саат экиде келесин. Лифт менен эки кабат жогору чыгып, акырын, дабышыны чыгарбай тушуп, эч ким жок экенине козун жеткенде гана кир. Бутуна таманы жумшак кроссовки кийип ал, тепкичтен тушуп жатканда бутунун учу же арты менен эмес,  бутунун каптал кыры менен тушсон, дабышы чыкпайт. Ага чейин мага керек эмессин. Он бала таап кой. Мен айткан куну бир шылтоо таап кафеге чакырасын, арасынан бешоосун тандашым керек. Мага кучтуу, чон, кондой балдар керек эмес, мага акылдуу балдар керек. Адам бир коргондо эстеп калбай турган,  жонокой балдар болсун. Алар эч кимди олтурбойт, эч ким менен кырылышпайт. Мага алар маалымат гана жыйнап бериши керек, бир нерселерди алып барып бироого берип же бир нерселерди алып эле келип берсе болгону.
-Макул караштырам.
- Болду анда, соз бутту- деп "кеттик" дегендей белги кылып, эшикке кулагын такап бир аз тыншап турду да, глазокту ачып карап туруп эшикти ачып, мени чыгарып жиберди.
Демек Юлай жонундо эч ким билбеши керек экен да. Мени "озу тушунор бекен" деп айтпады.
Эртеси эрте туруп Адыл ага айткан Албандын уйуно барып алысырактан кутуп отурдум. Саат сегиздерде "жугили" минип чыкты. Бою орто, толорак бала экен. "Жигулиси" менен шаардын ичинде адам ташып иштеп жатыптыр. Уйунон чыккандан баштап эки саат андып журдум. Уч жолу шаардын ар жерине барып келди. Каерде адамы тушуп калса, ошол жерде кардар кутуп тура берет экен. Мен да артынан калбай, каерге токтосо, мен да алысыраак токтоп,  машинамда карап отурам. Акыркы токтогон жеринде Албан бир дуконго кирип кеткен бою жок. Кутуп отургам, бир маалда эле машинамын арткы эшиги ачылып, Албан кирип эле тамагыма бир нерсе такап калды. Эч нерсе кылганга улгурбой калдым. Бир заматта бош колу менен шыпылдап чонтокторуму, ичтерими текшерип жиберди. Унчукпай эле отуруп бердим кыймылдабай.
- Кыймылдабай отур, колуну рулга кой. Кимсин, ким жонотту?
-  Акырын, акырын, макул. - деп колуму рулга коюп калдым-Адыл агадан, Адыл ага жонотту.
- Атын ким?
-Самат.
Тамагыма такаган нерсесин алып чонтогуно бекитип:
- Бир эки жолу коргом сени, бирок текшеришим керек эле да. Макул айт эмнеге келдин?
- Экообуздун жолукканыбызды эч ким корбошу керек эле да Албан.
- Эч ким корбоду, камтама болбо. Сенден башка эч ким андыган жок. Ерхан деле башка иштери менен болуп бизге колу тийбей жатса керек. Он кундон бери эч ким жок артыман андыган. Машинага отурганымы эч ким коргон жок. Айта бер, бир ой менен келдин да.
- Адыл агага жардамын керек.
-Дарегини айт, тундо барам, суйлошобуз. Бул жерде болбойт - деп, жазып берейин десем "эстеп калам" деп ичинен бир эки кайталап:
- Он экиге барам, коркунуч жок болсо эки жолу тыкылдатам, ача бер. Эгер коркунуч болсо уч жолу тыкылдатам, андан кийин канча тыкылдатсам да ачпа, этият боло берели - деп чыгып кетти.
Суйунуп койдум. Ушундай балдар керек да.
Тундо, туура он экиде эшиктин тубундо турсам акырын эки жолу тыкылдатты. Эшикти ачып киргизип, дароо жаап алдым. Жарыкты да жаккан жокмун. Дароо эле ишке отту.
- Эмне кылыш керек, Адыл ага кандай?
Албан билген нерселерди эле кыскача айтып бердим. Албан да тушунду, толук айтпаганымы, унчукпай калганынан эле байкадым. Башка эч нерсе сураган жок. Азамат.
- Эмне кылабыз, менден эмне жардам керек?
Албан гана балдарды таба ала турган эле. Ишенгенден башка айлам калбады. Тобокел дедим.
- Ишеничтуу балдар керек, он мин доллардан толонот.
Мурда Адыл агада иштебеген, эч ким артынан андыбаган, кыскасы кандай балдар керек экенин, эмне жумуш кылышарын тушундурдум.
-Балдар бар, тапса болот. Айылдан чакырса болот.
- Анда мен сага эки кундон кийин озум жолугам, он бала таап кой. Бир шылтоо таап кафеге чакырсан, ошол жерден коробуз кимиси бизге жардам бере алат. Калганын кийин суйлошобуз.
Эки кундон кийин Юлайга жолуктум. Коптон бери уктабаганбы, коздору шишип, кызарып калыптыр. Албан жонундо айтып берсем:
- Макул, эртен жетишпесе керек, бурсугуну чакыра берсин. Шаардын чекесинде, адам коп барбаган, арзан ашканага чакыргыла. Озунчо болмодо отургула. Мага дарегин эртерээк айтып кой. Мен киргенде озун деле тушуносун, эски таанышындай кылып айласын тап, мен аранарда отура турган болоюн.
Дагы деле сынап атат, "макул" дедим ичимен.
Бир кундон кийин шаардын чекесинде, илгери кинотеатр болгон окшойт, бир бурчун чакан кафе кылып коюшуптур, баарыбыз чогулдук. Он бала, Албан болуп баарыбыз тамактанып отурдук. Албан ал балдарга Астанада иш чыгып жатат, суйлошолу деп чакырган экен. Менин ишим унчукпай эле олтуруу болду. Баары айылдан келген балдар экен. Эми бир нерсе деш кыйын, токтоо, орундуу суйлогон эле балдар экен, бирок иш устундо озулорун кандай корсотушот, ким билет. Мен да жумуш издеп келген бала болуп отура бердим созго аралашып. Он муноттон кийин колуна тутогон ысырыгы бар Юлай кирип келди. Оозун бир жагына кыйшайтып, бир козун чала жумуп алган. Устундо эскирээк, илгерки союз маалындагы фуфайка, бутунда эски керзовый отук, башына каяктан тапкан эски шляпа кийип алыптыр. Кирип эле баарыбызды бир сыйра карап чыгып, столду айлантып ар бирибизди ысырык айлантып, тушунуксуз бир нерселерди суйлой баштады. Мындайлар коп жургондуктон оон деле учурабайт. Ар кими чонтогунон акча алып чыгып беришип коюп атышты.
Мен болмодон чыгып жакынырак жургон официант кызды чакырып биринчи, экинчи кылып тамак заказ кылдым да Юлайга жансап столду корсотуп "тамактанып ал" деп тушундурсом, Юлай тез тез башын ийкеп, стол жыйырма адамдык эле, бизден алысыраак, аркы башына отуруп алды.
- Конул болбой эле койгула, суйлой албайт, кулагы да укпайт. Тамактанып алсын, бизге зыяны тийбейт ко - десем балдар да конул бурбай калышты.
Ичип аткан арагыбыздан жуз грамм куюп берип койсом жыртайып кулуп, башын ийкеп, ийкеп коюп ичип жиберип, тамагын жей баштады.
Албан Астанага запчасть саткан дуконго балдар керек деп чакырган экен. Албан аябай эле даярданып келиптир, ишти тушундуруп, каяктан билет, же мурун запчасть саткан дукондо иштегенби, айтор копко чейин суйлошуп отурдук. Юлай бурчта элден чогулткан акчаларын эсептеп, ото тынч отургандыктан ал жонундо унутуп деле калдык.
Эки сааттай отурдук окшойт, акыры "тур турга" келгенде Албан ар бирине жол киренер деп акча берип, "озум телефон кылам" деп тарадык. Юлайды карасам уктап калыптыр, калган ошол жерде.
Тундо барсам Юлай кутуп отурган экен:
-Жакшы Самат, баарын туура аткардын, азамат. Балдарды кордум, бешоосу жарайт. Эртен, ме бул кагазда жазылган, эстеп калып мага бер, ушул жерге чакырсын, мен суйлошуп коройун, сени алар экинчи корбошу керек. Албан бир саат эрте келип турсун, озунчо суйлошуп алайын. Сен мага эртен тундо кел.
Кагазда  шаардын чекесиндеги кочо окшойт, "Ежик в тумане" деген кафенин дареги жазылыптыр. Тан калып койдум, Карагандыга озу биринчи жолу келип жатса каяктан билет бул кафени.
Албанга айтып коюп уйго барып жаттым.
Эртеси тундо Юлайга барып машинаны алыс токтотуп, чыгайын деп жатсам, кутуп турган экен, жудоо кийинип алыптыр, жаныман "камоктун артындагы отургучка бара бер" деп отуп кетти.
Бир эле камок бар, артында ээн талаа башталат, жалгыз тал бар. Ошонун тубундо отургуч бар. Туура эле жер, артындан байкалбай эч ким келе албайт, алдындан келем десе жарыктан корунуп калат. Дарактын алдында коюу, бийик чоп оскондуктон отурган адам корунбой калат.
- Самат эми мындан ары эч кимибиз бири бирибизди атыбыздан айтпайбыз. Мен 12-01мин, сенин номерин 12-02, Албан 12-03. Калган балдарды сен тааныбайсын, алар 12-04, 12-15, 12-06, 12-07. Балдар менен суйлоштум, бешоосу биз менен иштейт. Паспорттору эртен даяр болот, сен жашаган уйдун алдындагы балдар ойногон жерде, сары туско боелгон отургуч бар, бироо эле адашпайсын. Ошонун тубуно бекитип коем, атайын эле издебесе, эч ким байкабайт, корсон тушуносун. Эртен менен ошол жерден алып, 12-03 сени "Каравандын" алдынан кутот, алып барып бер. Ал жер коопсуз, озун деле тушуносун барганда. Андан ары аэропортко барасын, аэропортко жете бербей каналдан онго бурулуп жол кирип кетет. Каналды бойлоп бир чакырым барып кутуп тур, саат жетиде сага бир адам бир мушок алып келет. Алып туура эле Астанага барасын. Уч саатта жетесин, шаарга жете бербей он жакка кирип кеткен Песчаная деген кочо бар, жазылып турат, жолдун он тарабында, талаа жакта "Казмунай" деген рекламалык щит да бар коросун. Ошол жерде бир топ камоктор турат, жолдун аркы бетине токтоп, мушокту машинанын арткы орундугуна коюп, эшигин култабай,  эле жаап коюп, озун камоктордон бир нерселерди сатып алып, беш мунот камоктордун алдында туруп тур. Болду ошо менен ишин бутот, уйуно келип эс алып турасын. Керек болсон подьездинердин эшигине, он жагына сары маркер менен "г" деген тамга жазып кетем, ушул жерге тунку саат он экиде келесин. Эгер кат таштай турган болсом эшиктин сол жагына "п" деп жазып кетем. Кат балдар ойногон жердеги отургучтун тубундо болот. Кундо эртен менен сегизде, кечинде алтыда карап тур. Баары тушунуктуубу, тушунбогон жерлерин болсо сура.
- Тушундум 12-01 - деп аткарар ишими кыскача кайталадым.
- Макул анда, ийгилик ишине- деп шыпылдап, кантип басат тушунбойсун, чопторду шуудуратпай тез тез басып карангыга синип кетти. Мен да кеттим.
Паспорттор суу отпос кылынып кленкага оролуптур.12-03 машинада чон мейманкананын алдында кутуп туруптур. Мени коруп эле машинесин жургузуп, мага тенелип, светофорго токтогондо, алдынкы айнегин ачты, мен ыргытып коюп, ошол бойдон ал туз кетти, мен онго бурулуп аэропортко жонодум.
Аэропортко барып айткандарын алып Астанага бардым. Айткан жери, бир тарабы ээн талаа, экинчи тарабында чакан базар сыяктуу экен, узунунан камоктор коюлуптур. Машинамы жолдун аркы талаа жагына токтотуп, арткы орундугуна мушокту коюп, эшикти култабай эле жаап коюп камоктордун алдында беш муноттой туруп келсем, мушок жок, алып кетиптир. Анын ичинде эмне бар, ким алып кетти мага белгисиз калды. Жолдо келатып ачып коройун десем эки пломбасы бар экен, сыртынан эле кармалап кордум, тушунуксуз эмне экени.
Эртеси эле билинер билинбес болуп "п" деген тамга жазылып калыптыр.
Кат бекитип кетиптир, окусам, "Эртен саат учто "Эхо" деген кинотеатрдын алдында таксисттер турган жерге барып тур. Бир бала келет, колунда кок, "спорт" деген жазуусу бар сумка болот. Сумкада эмне кыларын жазылган кат бар. Анан дем алып тура бер, керек болсон озум чакырам".
Эртеси учко он мунот калганда таксисттердин жанына машинамы токтотуп кутуп отурдум.
Туура саат учто мендей курактагы бала, кок спорттук сумка которуп туура эле менин машинама келип:
- Ульбинка, мин берем- деп жообуму кутпой эле артка отуруп алды. Мен да конгон таксисттердей болуп шашпай машинамы айдап шаар аралап жонодум.
Суйлобойт, зериккен адамдай терезеден сыртты караган адам болуп, бирок колу шыпылдап сумкадан чакан ботинканын коробкасын алып чыгып орундукка коюп:
- Мени адам коп жерге тушуруп кой- деп тушуп калды.
Дагы он муноттой шаарды кыдырып журдум да, чон базар бар, машина коп турат. Ошолордун арасына токтоп бир аз эки жакты карап отурдум. Тынч эле, артыман андыган эч кимди байкабадым. Мени ким таанымак эле бул жерде, эч нерсеге аралашпасам.
Коробканы ачсам ичинде алты коробка жатат. Бироосунун сыртына 12-02 деп жазылыптыр. Ачып корсом ширенкенин кутусундай болгон рация бар экен. Артына 12-02 деп номери, жазылыптыр, ичинде  кантип колдонуу керек экени жазылган кагаз. Коробкалардын баарын алсам, тубундо ар бирин ар жерге бекитип келишим керек экени жазылган кагаз жатат. Рацияны алып, суйлоп, ары берисин баскылап атып, кантип колдонууну уйронуп алдым. Ото эле кичинекей экен, наушниктери да журот. Уйго алып барып тундо чыгып, ар бирин айткан жерлерине бекитип келдим.
Эки кун тынч отту, учунчу куну эртен менен "г" деген тамга пайда болуп калыптыр.
Тундо он экиге бардым, Юлай арыракта бекинип отурган экен:
- Рацияны зарыл маалда гана колдонобуз, сен да зарыл болбосо мага чыга бербе, бир нерсе деш кыйын. Азыр он мунот ушул жерде отуруп тур. Машинана беш чакан коробка салып коем. Ар биринде дареги жазылган, ошол жерлерге алып барып бекитип келишин керек. Тездет, балдар эки сааттан кийин ала турган болушсун. Танга чейин бир иштерди бутурушуп жетишиши керек. Сен эртен туну, саат экиге ушул жерге кел. Макул жоно, ийгилик.
Эмне коробкалар экенин билбедим, бирок оор эле.
Юлай беките турган жерлерди адамдын оюна келбеген жерлерден табат. Кинотеартдын артында чакан аттракциондор бар, тундо эч ким карабайт, ачык эле калат. Ошол жерде жаш балдардын каруселинин бироосу пилдин формасында экен. Курсагында ачыла турган жери бар экен. Бир коробканы ошол жерге, айтор бешоосун тен айткан жерлерине бекитип келдим.
Эртеси барсам конулу ачык, колунда пиво, алдында пакетти салып, устуно кургак балык коюп алыптыр. Дарактын тубундо чопто олтурат.
- Балдар, айрыкча 12-03 азамат балдар экен, аябай жакшы иш кылышты, Ерханды табышты. Эртен 12-03ко уч мин, калган балдарга эки мин доллардан бер.
Кантип табышканы мага аябай эле кызык болду, бирок кантип сурайт элем.
-Эми баарыбыз Усть Каменогорскко  кетебиз, Ерхан ошол жакта экен. 12-02 балдар бири бири жонундо, бизге иштеп жатканы жонундо эч нерсе билишпейт. Ар кими озунчо иштешет. Даярдан, уч кундон кийин Усть -Каменогорскко барып мага, озуно батир табышын керек. Машинаны жок кыл, сатпа, колун тийген жерлерди аарчып, машиналар куну туну коп турган жерге таштап кой. Аны ээси жок экенин билгиче уч торт ай отот. Усть-Каменогорсктон мага, озуно машина алып, даярдап кой. "Жигули" алсан болот же "ауди 80" ал, айырмасы жок. Жакшылап каратып кой, тын машиналар болсун.
Усть- Каменогорсктон бир болмолуу эки батир таап, эки "жигули" алып жакын жерлерге токтотуп койдум. Албан да, балдар да азыр ар кими Усть-Каменогорсктун ар бурчунда журушкон болушу керек. Же мурун эле келишкендир, эгер Ерханды табышкан болсо. Эртеси тундо Юлай келди.
- 12-02 азыр бизде бир жумадан ашык убакыт бар, сен шаарды жакшы билишин керек болот. Усть-Каменогорсктун картасын ал дагы сегиз болукко болуп алып, кундо ар болугун кыдырып чык. Бироодон качканда, бироону кууганда жолду жакшы биле турган бол. Ар бир кочону, ар бир уйдун айлан тегерегин билишин керек. Уйкуну азайт, жыйырма кундо бутурушубуз керек ишти, чыдап иштеп бергиле балдар. Азыр менин иштерим бар бутуруш керек, анан убакыт болбойт, чуркашыбыз керек болот. Макул бар. Уйунун дарегин мага жазып калтырып кет, подьездинин, батиринин эшиги кандай туско сырдалган, алдынардагы короодо эмне бар кыскача жазып кой.
Усть-Каменогорсктун картасын алып маркер менен сегиз болукко болдум. Эртен менен тогузда чыгам уйдон, андан эрте чыксам кочодо адам аз болот, коргондор эстеп калышы мумкун, бир жагынан тогузда чыксан уйдо адам коп боло бербейт, жумушка кеткендери кетип, уйдо калгандары али бери эшикке чыгышпайт. Кундо шаардын, болунгон болугун кыдырам, ар бир кычыгына чейин эстеп калганга аракет кылам. Бироо артыман кууса кантип качсам болот деп ойлоном. Бара бара кондум, эртен менен эле артыман бироо кууп келаткандай аракет кылам. Кантип, каягына качсам болот, бир кочодон баштаган болсом, бир сыйра кыдырып чыккандан кийин кайра ошол кочого келем. Келатып элестетем, каягында кандай кочо бар, айтор аябай эле аракет кылдым. Кечки сегизге чейин жоо журо берем кыдырып, кафе, ресторандарга кирип, каягынан чыгып кетсе болот эстеп калышка аракет кылам. Автобус, бусиктердин маршруттук номерлерин эстеп калам, кайсынысы каягына барат. Кечки сегизде онуму озгортуп, парик кийип, мурут тагып, козумо линза тагып алам, эгер менттер токтоткон кундо да чечип салганга убакыт кенен эле болот, машинамы минип алып, ошол эле кочолорду кыдырам. Каеринде светофор бар, машиналар кайсы маалда, каягында коп болот. Тунку экиде келип жатам да, эртеси баары башынан башталат.
Тундо чарчап келип эле жыгылмай.
Сегиз кундо шаарды жакшы эле билип калдым. Менчелик жергиликтуу адамдар деле биле бербесе керек шаарды.
Юлайдан кабар барбы деп кундо эртен менен подьезддин эшигин карап коем. Тогузунчу куну да, онунчу куну да белги жок. Дагы кыдыра бердим шаарды.
Он биринчи куну кечинде сегиздерде уйго келсем эшиктин сол жагына "п" деген тамга пайда болуп калыптыр.
Кат бекитип кетиптир, эч кимге байкатпай алып, уйго кирип окудум.
"Эртен кечки саат ондо 12-03 сени уйунун артында кутот, экоон келе бергиле. Кийимин, бутунда да кара же кок тусто болсун, ашыкча эч нерсе болбосун жанында. Макул калганын 12-03 тушундурот."
Эртеси тундо чыксам Албан туруптур, "ауди-80" минип алыптыр, тундоп бир жакка жонодук.
-Ерхандар бир жерде тойлоп жатышыптыр, 12-01 ошол жерден Ерханды кармайбыз деп аткан окшойт.
-Алар копчулук болушу керек кантип кармайт элек?
- Билбейм, дагы адамдары бар окшойт да. Бизди андай иштерге аралашпайсынар деген эле го, ээ бара берейличи коро жатарбыз.
- Балдар да барабы?
-Билбейм, аны эми Юлай эле билбесе.
-Юлайды ойлодум эле Ерханды бир "умный" жол менен кармайт деп.
Албан мени тан калгансып карап койду да:
- Биз издеп атабыз Самат, Ерхан ото сак адам экен, "уюкка" кирип чыкпайтат. Качантан бери андыйбыз, деги эле сыртка чыкканын корбодук. Ерхандын  ресторанга келишине деле кумонум бар, Юлай деле келет деп ойлобосо керек. Менин оюмча Юлай Ерханды "уюгунан" чыгарайын деп эле бир нерсе уюштурду окшойт.
- Ким билет.
Шаардан алыс чыгып токтоп, машинаны калтырып дагы он муноттой жоо басып токойлуу жерге келип, Албан рациядан Юлайга "келдик" деп кутуп калдык.
Юлай тез эле келди, устундо десанттардын кийими, бутунда берца, артына уч автомат асып алыптыр. Чынында корктум, согушка келгендей эле келиптир го. Албан экообуз бири бирибизди тиктеп анан экообуз Юлайды тан калып карап калдык.
- Соз мындай балдар, азыр мен силерди эки жерге коюп кетем, рациядан "огонь" дегенде асманга бир муноттой атып, анан дароо кетип калгыла. Болду ошол кылар ишинер. Мегиле кол кап, колунарга кийип алгыла - деп бир бирден кол кап берип - атып бутконунордон кийин автоматтарды ошол жерге таштап койгула. Бармактарынардын изи калбасын- деп бизге бирден автомат карматып, баарыбыз чуркап жонодук.
Ерхандар токойдун арасында, балык остургон ферманын ресторанында тойлоп жатышыптыр. Биз турган жерден бир чакырымдай алыста экен. 
Он беш мунот токойдун ичи менен басып, акыры жарык чыгып, музыка угулуп жаткан жерге жакындап  келдик.
Мени дарактардын арасына калтырып, Албанды ээрчитип он жакка кетишти. Чон дарак бар экен, артына бекинип, рациямы текшерип, автоматымы даярдап жатып калдым. Беш муноттон кийин Юлай жаныма келип мени карап коюп, менден алысыраак жатып, рациядан бироолорго шыбырап бир нерселерди суйлоп, буйрук берип жатты. Суйлогонуно караганда бизден башка да адамдар коп эле окшойт. Уч муноттой ар кимге ар кандай буйруктарды берип, бир маалда менин наушнигимен уну чыгып калды:
- 12-02 кандай угуп жатасын?
-Жакшы 12-01.
- Макул даярдан - деп коюп жаныман башын ылдый кылып чуркап отуп кетти.
Он муноттон кийин ресторандын ичинен автоматтын копко чейин татырап атылганы угулуп, анан эле ар кандай пистолеттердин уну чыгып, кыйкырган, бакырган эле адамдардын уну чыгып калды. Эмне кылаарымы билбей эле жатып калдым, Юлай мага суйлогон болсо укпай калдымбы деп рациямы текшерсем иштеп эле жатат. Ресторандын ичи ызы чуу эле болуп жатып калды. Беш муноттон кийин менден торт-беш метр жерден эки автоматчан адам чуркап отуп кетишти. Акырын башымы которуп карасам ресторан тараптан бир топ караандар  корунду. Эки адамдын артынан куугандар эле го. Рацияман "огонь" деген Юлайдын уну чыкканда, башымы которгондон корктум чынында, жаткан жеримен ресторан тарапка каратып, асманга ата баштадым. Мени менен бир эле маалда ар тараптан, адашпасам торт автоматтын уну чыкты. Бир магазинди туготуп, дароо автоматымы таштап элуу метрдей жормолоп барып, чон дарактын артына отуп чуркап жонодум. Артымы карасам Албан чуркап келатат. Токойдон чыгып машинага жетип, катуу айдап тез эле шаарга кирип кеттик. Акыры артыбыздан куугун жок экенине козубуз жеткенде Албан мени уйумо жакыныраак жерге таштап кетип калды. Экообуз тен коркуп калганбызбы же эмнеге тушунбодум, бир ооз да суйлошкон жокпуз.
Эртеси телевизордон ошол ресторанды корсотушту. Журналисттин, ресторанда иштеген адамдардын айтканына караганда белгисиз адамдар бир кунго ресторанды алышкан экен. Бир официант аял суйлоп жатат:
- Келишкенде эле тан калгам, ресторанды айлантып куралчан адамдарын коюшуп, чон залды даярдаган элек, столдорду алдырып салышып жерге тошокторду салдырышып, жерге дасторкон жайдырышты. Бышырган тамактарыбызды бут токтуртуп салышып озулору чон казан, очок  таптырып келишип койлорду да озулору союшуп, тамактарын озулору даярдашты.  Башында жакшы эле отурушкан, кийин кирсем наркомандар экен баары, бири бирине шприц менен сайып беришип, ар кими ар нерсе болуп жатышты. Чонубузга айтсам, бир кун чыдап койгула, акчасын жакшы толошту, силерге да ашыгы менен толоп берем дегенинен унчукпай айтканын кылып журо бердик. Булар биздин адамдар эмес, суйлогондоруно, озулорун алып жургондоруно караганда башка жактыктар. Саат он бирлерде биз кухняда отурганбыз, карап коеюн деп эшикти ачсам эки маскачан, десанттардын формасын кийген, колдоруна автомат кармаган адамдар чуркап киришип, залга кирип эле аткылай башташты. Залда жыйырмадан ашык адам отурган. Мен дароо качып кухняга кирип эшикти ичинен бекитип алдым. Эшикте ондон ашык адамдары жургон, алар да аткылашып эле калышты. Биз кухнядагы столдордун тубуно кирип жашынып калдык. Залда, коридордо тополон, кыйкырык, ары бери чуркаган адамдардын эле унун угулуп атты. Анан эле машиналарын жургузушуп, бири бирин чакырышып кетип калышты. Кароолчубуз келип "чыга бергиле кетишти, эч ким калбады" дегенде гана чыктык- деп, дагы беш алтоосу коргондорун айтып жатышты. Ресторанда эч кимисин калтырышпаптыр, олгондорун, жарадар болгондорун, баарын алып кетишиптир. Телевизордо бардык каналдардын суйлогону эле ошол атышуу болуп калды.
Ошол бойдон торт кун мага эч кандай кабар болгон жок. Сыртка чыкпай жата бердим. Тортунчу куну кечки саат бештерде рацияман Юлай:
-12-02- кечки саат ондо сени уйунун артындагы дарактын тубундо 12-03 кутот, калганын ошол айтат- деп очуп калды.
Кечинде чыксам Албан кутуп туруптур, мени коруп эле шашып:
- Келдинби, машинаны минип жолго чыгып онго буруп тур, мен жашыл жигулиде жанынан отуп кетатып зажигалка жагып тамеки куйгузуп отом. Мени жоготпой артыман айдай бер. Кечигип атабыз тезирак барыш керек- деп бир жакка чуркап кетти. Уну каргылдангансып, ото чарчаган адамдай.
Мен да бир аз эки жакты карап турдум, тынч эле, машинамы минип чон жолго чыгып буруп турсам Албан бир жигулиде зажигалкасын жагып, тамеки куйгузгон адам болуп отуп кетти. Артынан, алысырактан айдап кете бердим. Шаардын чекесинде жаны конуштар бар, ары жагы токой. Албан ошол токойго жете бербей токтоду. Мен да элуу метрдей ары барып, бийик оскон камыштардын арасына токтоп турсам Албан жаныма келип "кеттик" деп ээрчишип алып токойду аралап жонодук.
- Бул жерде эч ким жок коркпосок болот, балдар карап турушат.
- Каяка баратабыз, эмне болду?
- Юлай кутуп жатат, тезирек баралы, барганда озун тушуносун.
Он муноттой токойду аралап, коюу жерине кирдик. Колу буту байланып, коздору танылган, кара костюм, шымчан, ак койнокчон, галстук тагынган уч адам жерде жатышат. Юлай тамеки чегип арыракта турат. Бизди коруп келип учурашып:
- Келдинерби? Булар -деп бироосунун бутуна бир тээп, - Ерхандын баш кесерлери. Силерди чакырган себебим, орусча суйлошо алышпайт экен, силер сурагыла. Калганын анан суйлошобуз. Экоонор жакшылап уккула, анан мага айтып бересинер. 12-02 сен камерага тартып тур деп мага камераны жагып карматып, Албанга баш ийкеди. Албан отургандардын бироосунун жакасынан кармап:
- Ерхан каякта,- деп эси оогон адамдын бетине ургандай кылып бир эки чапкылап койду эле, тиги мас адамдай биз жакты анкоо, эч нерсени тушунбогон адамдай карап коюп:
-Ерханбек эски ташталып кеткен жибек материал чыгуучу комбинатта.
- Канча адам кайтарат комбинатты?
- Милициядан он адам, дагы озубуздун жыйырма адам кайтарат.
- Кандай куралданышкан?
- Автоматтар, уч снайпер, гранатамет да бар.
- Биз билебиз, бир жакка кетем деп жатканын, каякка кетем деп жатат?
-Ерханбек откондогу ресторанда болгон кол салуудан кийин коркуп калганбы, кетем деп жатат. Эки кундон кийин тунку экиде аэропорттон Монголияга учат,- деп роботторго, уйкусураган адамдарга окшоп бир калыпта суйлоп жатты.
-Кандай самолетто учат Монголияга, ал жакка бизден самолет учпайт да?
- Озунун жеке менчик самолету келет. Ошол куну келип эле учуп кетиши керек.
Келатканда байкабаган экенмин, Албан тамеки куйгузду эле карасам, коздору кызарып, чекелери тырышып, коп кун уктабаган адамдай. Колдору да титиреп жаткандай сезилди, копко чейин уктабай, чарчаган адамдын колдору ушундай, билинер билинбес, майда титирейт. Булар тынбай чуркап журушот окшойт.
Албан "дагы эмнени сурасам" деп ойлонуп калды да, Юлайга карады эле, ал:
- Бизге майда чуйдосуно чейин маалымат керек, сен сурай бер. Биз 12-02 экообуз суйлошуп алалы - деп камераны Албанга карматып, Юлай экообуз ээрчишип арырак бардык.
- 12-02 уктун да баарын, мага кыскача тушундуруп бер.
Толук айтып бердим.
Юлай жерден куураган бутактарды алып, майда кылып сындырып, жерди карап ойлонуп копко чейин отура берди. Он муноттой отурдук окшойт, Албан келди.
- Болдубу, сурадынбы?
- Ооба, бизге керектуу маалыматтарды толук алдым.
-Анда балдарга айт, шаарга алып барып мен айткан жерге таштап коюшсун.
Албан чуркап кетип он мунот жоголуп келди.
- Айт эми сенин вариантыны угалы.
Албан оз оюн кошпой, бирме бир, майда чуйдосуно чейин айтып берди. Менин оюма келбеген суроолорду бериптир, кыйын бала экен. Юлай унчукпай, созун болбой угуп отурду. Айтып буткондо "макул" деп коюп копко чейин ойлонуп отурду да:
- Анда соз мындай, биз комбинатка кол сала албайбыз. Эгер Ерхан самолетто уча турган болсо бир жолун тапса болот. Байланышты очурсок,  кеминде беш муноттон ашык убактыбыз болот. Макул дагы ойлонобуз, 12-03 сен барып эс алып ал, чарчадын. Эртен саат бирде "айткан жерде" бол - деп коштошуп, Албан бир тарапка, биз башка тарапка кеттик. Токойду каяктан билет, тимеле, кундо бул жерлерден отуп жургонсуп ишенимдуу, тез тез басып токойдун чекесине чыктык.
-Тан калып жаткандырсын эмнеге кое берди буларды деп, аларга укол сайылган. Сураган нерсени бут айтып беришет, азыр озулорун билишпейт, тушунушпойт дагы эмне болуп атканын. Азыр аларды шаардын бир чекесине алып барып, дагы бир укол сайышат. Эч нерсени эстей албай калышат. Болду соз бутту, барып эс алып тур.
Уйго барып жаттым. Ар нерсе оюма келет. Менин тушунушумчо балдар тынбай чуркап, ар кандай иштерди кылып журушот, мени эмнеге аралаштырбай атат, тушунбодум.
Макул эми Юлай билет да эмне кылып жатканын.
Юлайга тан калдым, озу жалгыз, омуру келбеген жерге келип  ушундай иштерди коркпой уюштуруп жургонуно. Келгенден бери шаарды кыдырат окшойт тынбай. Антпесе кайдан билет эле, мисалы рацияларды бекитип жургондо бир рацияны Киров деген чон кочонун 7а деген уйунун артында, учунчу терезенин жанына кондиционер илиниптир, ошонун артында кол бата тургандай кылып кирпичи сынып тушуп калыптыр, ошол жерге бекиттим. Анын артына бироо бир нерсе бекитет деп, менин оюма эмес тушумо да кирбейт эле.
Уктап калыпмын, тушумдо мектепте сабакта отурупмун. Сабак бутуп конгуроо кагылып атат, мен партамын устундогу калем, дептерлерими сумкама салыштырып атам. Ойгонуп кетсем рация экен. Наушнигин кулагыма тагып алган элем. Наушниктин кабелинде кичине козго аран байкалган кнопкасы бар, бассам Юлай:
- 12-02 бул мен 12-01, тез машинан менен шаардын тундук трассасына, парктын башталган жерине келип кал. Сага жыйырма мунот убакыт, кандай тушундун.
- 12-01 мен 12-02, шаардын туштук трассасына, парктын башталышына жыйырма мунотто барып калам- деп ордуман ыргып туруп, машинамы минип жонодум. Он сегиз мунот дегенде жетип бардым.
Билем ал жерди, шаардын чекеси, ээн, ташталып кеткен, илгери завод болгон жерлер.
Юлайдын машинасы корунбойт. Тушуп парктын ичине кирип рациядан суйлойун деп жатсам жакын эле жерден:
- 12-02 туз басып келе бер, биз сени кордук -деген ун чыкты.
Мен да кордум эки адамдын караанын. Жакын барсам Юлай менен дагы бир бала турат.
- Келдинби? Макул созду кобойтпойлу кыскасы шарт мындай. 12- 06ны кармап кетишти. Азыр дагы он муноттон кийин ушул жолдон алып отушот. Кандай жол менен болсо да куткарып калышыбыз керек. Бул сага 12-02 - деп мага пистолет берди. "ПМ", учунда ок атылганда ун чыкпас тагылыптыр, толук магазини менен экен.
Чонтогунон сигареттин пачкасындай болгон кичине компьютер сыяктуу нерсе алып чыгып, плащ кийип алган экен, жарыгы корунбосун деп, плащы менен тосуп экранды карап, бир эки кнопкаларын баскылап коруп:
-Азыр уч муноттон кийин отот. Кандай машина экенин билбейбиз. Азыр жаныбыздан откондо билинет. 12-02 сен машинана барып отуруп тур. Жанынан откондо мен сага рациядан сигнал берем, сен коруп кал кандай машина экенин, номерин корушко аракет кыл да мага дароо айт. Болду соз бутту чурка - деп озулору ары парктын ичине кирип кетишти.
Чуркап машинама барып, тереземи ачып коюп, башымы ылдый кылып отуруп калдым. Бул маалда анда санда эле отпосо, жол бош эле болот. Машиналар бирин серин отуп атты. Саатымы карап, тапанчамы даярдап отурам. Уч муноттон кийин, шаар тараптан бир машинанын жарыгы корунду, ушул эле болуш керек. Башымы ылдый кылып карап отурсам, мага жуз метрдей калганда рациядан чыйылдаган ун чыкты. Бул Юлайдын сигналы эле, жарык жаныман отуп кеткенде карасам джип, "ниссан" окшойт, кара же кок тусто, номерин жаттап калдым. Булар  комбинатка баратышат, дагы жыйырма мунотто жетишет, комбинат коп деле алыс эмес.
Дароо Юлайга кабарладым.
- Тушундум, 12-02 сен джипке корунбой айдай бер акырын. Жакын арада болушун керек, керек болсон чакырабыз, булар комбинатка эле баратышат. Эгер башка жакка бурулушса айтам - деп очуруп койду.
Жол паркты айланып отот. Юлайлар машинасын парктын аркы бетине койгон болушу мумкун. Азыр джиптин алдында кетип аткан болушу да мумкун. Джип бурулары менен артынан жонодум, мени онойлук менен корушпойт эле. Беш муноттон кийин эле:
- 12-02 тез келип кал - деген Юлайдын уну угулду.
Бул жак бир тарабы ээн талаа, экинчи тарабы парк, машиналар эле отпосо, жан адам болбойт бул маалда.  Джип жолдун чекесиндеги чон арыкка тушуп кетиптир, эки бала бироону которуп бир женил машинага салып айдап кетип калышты. Арыракта бир машина турат, кандай машина экени билинбейт. Джипке он метрдей жете бербей машинамы парктын ичине токтотуп чуркап барсам Юлай менен жанында жургон "12-05" экоосу машинанын артынкы орунуна отуруп алып бир нерсе издеп атышат. Юлай мени коруп машинадан башын чыгарып:
-Сен тигилердин чонтокторун карап, эмне болсо баарын ал, эч нерсеси калбасын. Айрыкча рация сыяктуу байланышуучу нерселерин кара- деп талаа жака башын ийкеп коюп кайра машинага кирип кетти.
Джиптин аркы бетине отсом жерде торт адам жатыптыр, бир бала аларга автомат такап турат. Жерде жаткандарынын бироосунун башына пистолетими такап:
- Кыймылдасан, суйлосон олосун - деп чонтокторун тинте баштадым. Пистолет, сигареттин кутусундай болгон рация, документтер, акчалар, долларлар журот чонтогундо. Мойнундагы алтын чынжырчасын, колундагы саатын, шакектерине чейин чечип алдым. Баарын тинтип чыктым, баарында эле коп акчалар, рация ар биринде. Баары эле наркомандар экен, баарынын чонтогунон ширенкенин кутусундай идиште ак ун сыяктуу нерсе журот. Бироосунун рациясы наушникке уланып, микрофонун оозуна жакын тагып алыптыр. Кабар кетиптир да демек.  Чуркап Юлайга барып айтсам:
- Ооба, билем. Дагы эки муноттон кийин кетишибиз керек. Сен тигилердин рацияларын сууга таштап сал да машинаны жургузуп даяр тур. Биз кетер менен артыбыздан жуз метр аралыкта жур. ГАИлерден, менттерден этият бол, аларга да кабар жеткен- деп дагы бир нерселерди суйлойун деп атат эле машинанын аркы орундугунда отуруп алып ичин тытып аткан бала:
- Таптым, кеттик- деп баарыбыз чуркап оз оз машиналарыбызга отуруп шаарды аралап, кичине кочолор менен анча журуп, акыры куугун жок экенине козум жеткенде, рациядан айтып коюп, башка кочого бурулуп, шаардын ар кычыгына кирип кеттик.
Уйго барып жаттым. 12-06 Ерхандын адамдарына эмнелерди айтты экен ким билет. Же суракка алганга жетишишпеди бекен, менин оюмча жетишишпеген. Юлай кантип билип койду аны кармап кеткенин башым жетпеди. Рацияда микрофон бар окшойт, биздин эмне тирилик кылып атканыбыз Юлайга угулуп турабы,  толук болушу мумкун.
Ар нерсени ойлонуп жатып кайсы маалда уктап кеткем билбейм. Рациянын унунон ойгондум, саат тогуздан отуп калыптыр. Уйкум келип, тургум келбейт.
- 12-02 рациянын бурагычын жетиге кой, азыр баарынарга соз бар.
-Тушундум 12-02, рацияны жетинчи каналга улайм.
Рацияны жетинчи каналга коюп кутуп отурдум. Бардык балдарга айтып чыкты окшойт, беш муноттон кийин Юлайдын уну угулду:
-12-02?
-Мен угуп атам 12-01.
-12-03?
-Угуп атам 12-01.
Баарыбызды текшерип чыкты. 12-06 да биз менен экен, азамат. Демек эч нерсе айтпаптыр да.
- Соз мындай, бугун бир айлык ишибиздин жыйынтыгын коробуз. Биз кандай жол менен болсо да женип чыгышыбыз керек. Ерхан эле Кудай эмес, бизге окшогон эле адам. Макул коп созду жаман кором, бугун женип чыксак, ар бирине жыйырма мин доллардан тийет. Макул ишибизге ийгилик. Эми ар ким оз каналына улагыла.
Мен оз каналыма улап кутуп турдум.
Тез эле Юлайдын уну угулду, туура эле, мага биринчи чыгат да. Мени бугун эн негизги ишке жонотсо керек, балдар коздору кызаргыча уктабай журушсо, тыным жок аларда. Эч кимге корунбосун деп мени коп чакырбады да.
-12-02 кандай угуп жатасын?
-Угуп жатам 12-01.
-Саат тогузга аэропортту айланып откон жол бар. Ал жактарды кордун беле?
- Жок аэропортко баргам, вокзалдын ичин, канча жол барат билем. А учуп конуучу жолун вокзалдын ичинен эле коргом.
- Анда коргон болушун керек, он жагында, тилке буткон жерде эки кабат будка турат.
- Коргом, тилке буткон жерде, кызыл, ак туско боелгон эки кабат будка бар.
- Ооба, ошол будка жакка талаа менен жол келет, аэропорттун ары жагында айыл бар. Ошол айылдан дыйкандар талаасына келишет. Ошол жол менен келсен аэропорттун коргону буткон жерде арык бар. Ошол арыкка адамдар аэропортко отконго бир тактай ташталган. Коргонунда адам баткыдай ачык жер бар. Аэропортко он километр калганда жол бар, онго бурулуп жол кирип кетет билесинби?
- Билем аэропорттун рекламалык щити илинип турат.
- Ооба ошол щиттин жанында кара тустогу эски бусик турат - деп номерлерин маркасын айтып- ачкычы айдоочунун отургучунун тубундо. Ошол машинаны минип талаага барып, жолдорду коруп кой. Ал машина ошол жерлик дыйкандардан сатып алынган, эч ким шекшибейт. Жолдорун кор, кандай кетсек он болот. Сен бир саатта барып каласын,  чак туш болуп калат. Талаада эч ким калбайт. Аэропорттун эле кузотчусу турат будкада. Ал будкадан деле чыкпайт, рейс жок болот ал маалда, бирден жыйырма мунот откондо уктайт, чыкпайт будкадан, коркпосон болот. Машинанын ичинде торт тактай болот, ошол тактайларды бусик арыктан ото ала турган кылып кантип койсо болот коруп ал. Арыктын коп жерин калын чоп басып калган, тактайларды арыкка, корунбой турган кылып таштап кой.
Саат экиден отуз откондо толук жообуну кутом. Машинаны кайра трассага алып чыгып щиттин тубуно калтырып шаарга такси менен кет, сен минип барган машинаны балдар алып кетет. Кандай тушундун?
- Тушундум 12-02.
- Макул ийгилик.
Эмне эле кылам деп атат бул Юлай тушунбодум. Эмне тилке менен бусикте кирип барып аэропортту басабызбы? Алты адам эмне кыла алмак элек. Ерхандын адамдарынан башка да аэропорттун кузотчулору болот, куралданып журушот. Бир экоосун байкаган элем, пистолети бар экен, граждандык мекемелерде куралын корсотпошу керек, мен коргондор обу жоктор да, элдин козуно корсотуп, же мактангысы келишеби, формасынын этегин которуп шымын ондошуп кайра тушуруп коюшат.
Мен талаага барсам, дыйкандардай кийинишим керек. Базардан жука агыш тустогу спортивный шым, футболка, башыма кундон калкалаган шляпа алдым. Бул жерлик дыйкандарды коргом,  бир экоосу ушундай шляпа кийип алышат. Ары бери тамактанып алып жигулими минип аэропортко жонодум. Щиттин алдында эски кара бусик туруптур. Бул машина менен качып кете албайсын куугун болсо. Жигулими жолдун сол жагына, дарактардын тубуно, чекеге токтотуп коюп бусикти минип айылга жонодум. Айылга чейин жол узак, ээн экен, машинаны сынап коройун деп катуу айдадым. Мотору кучтуубу экен, жузго чыгардым, жуз жыйырмага чыгардым былк этпей баратат. Тормозун текшерип кордум, ишеничтуу. Токойлуу жерге келгенде тушуп капотун ачсам "мерстин" мотору орнотулуптур. Коп тетиктерин жаны коюп, устуно май куюп, топурак сээп салышыптыр. Бир караган адам эски деп ойлойт. Баллондору да жаны экен, эски корунсун деп ар нерсени сээп салышыптыр, айтор сырты эле эски корунбосо кучтуу, ишеничтуу. Салонунда торт, узундугу уч метрлик калын тактайлар жатат. Аэропорт тарапка кеткен жол айылга жете бербей бурулуп кетет экен. Жыйырма жети мунотто будканын тушуна, чоп бийик оскон жерине жетип токтодум. Саат бирден отуз беш отуп калыптыр. Арыкка ташталган тактай будканын тушунда экен, будканын терезеси жок бул жакты караган. Машинаны токтотуп талаага кирип кеттим. Кун карама эгилиптир. Аралап кирип, он муноттой будканы карап отурдум, кузотчу чыкпады. Эми чыкканда деле дыйкан деп ойлойт да. Арыкка белиме чейин чечинип жуунган адам болуп тактай кое турган жерди карадым. Тегиз эле жер экен, оной эле отсо болот. Коргон тикенектуу зымдан экен, адам баткыдай болгон ачык жери да турат. Отсо болот кыскасы.
Чоптор бийик, тактай алып тушконум корунбойт баары бир, тактайларды алып тушуп, коюу чоптордун арасына таштап, устулорун чоптор менен жаап койдум.
Шаарга кете турган бир эле жакшы жол, келген жолум экен, башка жактары арык, суу агып баткак. Айылды да бир айланып чыктым, мумкун башка жагынан да шаарга кете турган жол барбы деп карасам жок, бир эле ушул жол байланыштырат экен шаар менен. Жолу жакшы эле, шагыл тогулгон, бусик оной эле отот.
Бусикти тоассага айдап чыгып ордуна таштап, жигулими балдар минип кеткен окшойт ордунда корунбойт, шаарга такси менен жетип алдым. Юлайга байланышып баарын тушундурдум.
- Тушундум 12-02, сен уйундо болуп тур, озум чыгам байланышка- деп койду.
Юлайдан алган тапанчамы бир сыйра тазалап, окторун чыгарып, тазалап аарчып, магазинин да таптаза кылып аарчып чыктым. Жатып эс алайын десем деги эле бир ордумда тынч отура албадым. Саат кечки жетиде рациям тытылдады:
- 12-02 эки сааттан кийин, карангы болуп калат, щиттин тубундо бол. Такси менен барып, щиттен бир чакырым отуп, кайра артка жоо дарактардын ичи менен, эч ким корбогудой болуп кел. Мен ошол жерде болом, кандай тушундун?
- Тушундум 12-01.
Саат тогузда щиттин алдыны келдим. Щиттин эле жарыгы болбосо айлана капкарангы, бусик да корунбойт.
Юлай артыман акырын ышкырып чакырып:
- Кеттик Самат, барганда тушундуром эмне кылышты, ме азыр эле кийип ал. Иш буткончо чечпе - деп маска берди, козу менен оозу эле ачык, жука кара тустогу жумшак материалдан тигилиптир. Юлай озу да маска кийип шыпылдап алдыга тушуп алып жоноду. Талааны аралаган жолдорду каяктан билет, тимеле кунуго отуп жургонсуп ишенимдуу баратат. Артынан жонодум, пистолетими октоп атсам Юлай угуп калып бурулуп:
- Пистолетини ыргыт, бизге керек болбойт- деп койду, оозум ачылып калыптыр. Тамашалап атабы десем дагы бурулуп карап:
- Ыргыт Самат, кокусунан атылып кетип бут ишти олтурбосун, жанында болсо атып жиберишин толук мумкун. Эч кандай чуу чыкпашы керек, тынч бутуруп, эч ким эч нерсе билбей калышы керек.
Тапанчамы арыктагы суунун ылайын шилеп, шилеп тубуно комуп салдым. Аэропорттун коргонуна жетип кункарамалардын арасында айлананы карап отурдук. Тынч, эч ким жок. Саат экиден он беш мунот отуп калыптыр.
- Азыр самолет келет, экообуздун ишибиз самолеттон акчаларды, алтындарды алып чыгуу. Калганын балдар бутурушот. Самолет учарда ушул жерге келип бир аз убакыт турат. Ошол маалда рацияларыбыз иштебей калат.
- Эмнеге иштебей калат, самолеттун таасири болобу?
- Жок, биз очуробуз, радиотолкундарды беш мунотко чейин очуруп турушат балдар. Антпесек учкучтар же Ерхандарда рация бар соссуз, аэропортто отуздан ашык адам узатып келишкен, ошолорго кабар жетип калышы мумкун. Беш мунот жетет бизге. Самолет  тилкенин учуна келип учууга даярданып атканда беш мунот турат.
- Юлай самолет эмнеге беш мунот турат, тез эле учуп кетип атты эле го, коп болсо бир эки мунот турса керек.
- Бул самолет турат, анан мен азыр Юлай эмес, 12-01 мин.
- Тушундум 12-01.
Акыры тилкенин чекесиндеги жарыктары куйуп, тээ асмандан самолеттун жарыгы корунду. Самолет тилкенин аркы башынан конуп, башка самолетторго окшоп тилкенин биз тараптагы башына чейин чуркап келбей, тилкенин ортосунан эле токтоп аэропорттун алдына кирип кетти.
Юлай рациясын баарыбыз уга турган кылып:
- Балдар самолет он беш муноттон кийин биздин алдыбызга келет, даярсынарбы?
- Мен 12-03 даярмын.
- Мен 12-04 даярмын.
- Мен 12-05 даярмын.
- Мен 12-06 даярмын.
-Мен 12-07 даярмын.
- Тушундум.
Саат экиден жыйырма отуп калыптыр. Дагы он мунот. Унчукпай ар кимибиз оз оюбуз менен болуп, бекинип жата бердик. Чегирткелердин, курбакалардын ундору эле угулбаса тынч.
Айылды, уйуму эстеп кеттим. Жайында, тундосу сыртта, бакта, сорудо уктачумун. Кечинде чегиртке, курбакалардын ундорун угуп, ар нерсени кыялданып жатканды жакшы корчу элем.
Чон алабай итибиз бар эле, мен уктагыча короодо чуркап уруп журот да, мен уктаганымы кантип билет тушунбойм, уктап калганыман кийин соруго чыгып жаныма, негедир башын менин жаздыгыма коюп жатып алчу. Мага да жакчу. Азыр ойлосом аябай эле акылдуу болгон экен, бир шыбырт угуп уро турган болсо алысыраак барып анан урчу. Бир жолу уктап калып апамын чыкканын билбей калганбы, апам иттин менин жанымда, жаздыгыма башын коюп жатып алып уктап атканын коруп калып эки саат байсанган. Ошондон кийин апама корунбой, апам тургуча качып кете турган болгон.
Ойго батып кеткен экенмин, Юлай турткондо озумо келип карасам:
- Эмне болду сага, каяктарда журосун. Самолет чыгат азыр, ме бул сага-деп бычак берди.  Кинолордон коргон десанттардын бычагы, мизи торт кырлуу, аба отуш учун ичи кондой- этияттан жанында боло берсин. Азыр - деп коюп рациядан:
- Даярдык номер "бир". Торт мунотто самолет келет, даярдангыла- деп рациясын очуруп коюп. -12-02 мен айтканда жыгачтарды ордуна коюп, буларды устуно жармаштырып кой - деп чонтогунон майда жабышкак нерселерди берди. Самолет келип токтоор менен экообуз чуркап барып самолеттун он капталында эшиги, чуркап кирип сен эч нерсеге караба, оз ишини кыл, салондун ортосу менен чуркап артына отсон кебез тартылып коюлган. Ошол жагындагы болгон нерсенин бардыгын ташып самолеттун эшигинин алдында бусик турат, алдына ыргыта бер, эч нерсеге караба. Сага эч ким тоскоол болбойт. Калганын шартка карайбыз. Ташып буткондон кийин менин жанымда бол.
- Тушундум.
Чынында эч нерсе тушунгон жокмун. Мен ташысам, ичиндегилер эле унчукпай отуруп бермек беле, аларда деле куралдар бар да. Деги эле самолет эмнеге беш мунот турат, Ерхандар эмнеге самолеттун эшигин  ачмак эле. Ал озу жырткыч болсо, омур бою эле согушуп журсо кантип эле каршылык кылбай коет бизге
Ээ эмне болсо ошол болсун, Юлай ойлонгондур акыры.
Бир маалда тилкенин эки чекесиндеги жарыктар куйуп, тээ алыстан самолет жарыгын жагып чыгып бизди коздой жоноду. Будкада отурган кузотчу да чыгып, тилкенин чекесинде эки жакты карап коюп тамеки чегип туруп калды. Самолеттун тилкеси бизден уч жуз элуу, торт жуз метр алысыраактан бутот, берагы бизге чейин чоптуу талаа.
Юлай мага "давай" деп башын ийкеп койду да озу туруп зым тикенектуу коргонду кыркып, машина баткыдай кылып ачып салды. Мен да ыргып туруп чоптун арасынан жыгачтарды алып чыгып арыкка коюп, устуно Юлай берген нерселерди жармаштырып чыктым. Бир мунот отпой эле тактайдын усту козго корунор корунбос жарык болуп калды. Жармаштырган нерселер жарык чыгарып турат экен, айдоочуга беш алты метрден даана эле корунот.
Юлайдын жанына бардым:
-Копуро даяр.
Самолет тез эле келип бурулуп токтоду. "Качан барабыз" дегендей Юлайды карасам бейкапар, рациясынын бир жарыгын карап отурат, мени карап  "азыр" дегендей башын ийкеп койду. Бир маалда рациясынын жашыл жарыгы очту, бул деген рация иштебей жатат деген белги эле. "Кеттик" деп чуркап жоноду, артынан мен да жонодум. Юлай катуу чуркайт экен, артынан калбай баратам. Кузотчуну карап кетаткам, бир маалда эле кузотчуну артынан бироо келип оозун алаканы менен жаап карангыга суйроп кирип кетти. Самолеттун алдына, учкучтарга коруно турган болуп жарыгына уч милициянын формасын кийген адам пайда болушту да, бир нерселерди колдору менен жансап корсотушуп, экоосу самолеттун алдында автоматтарын учкучтарга такап калышты. Учунчусу самолеттун он капталына отуп бизге корунбой калды, биз чуркап жетсек эшиги ачылып ичинен тепкичи тушуп, учкуч окшойт бироо тушуп калган экен. Формачан адам тепкичтин алдында турат. Учкуч бизди коруп эле кайра чыгып самолетко кирейин деп бурулганда формачан адам желкесинен кармап эле эмне кылды тушунбой да калдым, айтор учкуч жерге кулап тушуп эле, ошол бойдон турган жок. Юлай самолеттун ичине чуркап кирип кетти, артынан формачан адам автоматын кармап ал да кирип кетти. Артты карасам биздин эле бусик да, башка ким болмок эле, жарыгы очук, самолетту коздой катуу келатат. Мен да чуркап кирсем экинчи учкуч окшойт, самолеттун ичиндегилерге автоматын такап турат. Эки эркек, эки аял, балдары окшойт, уч кичине жаш балдар ордуларында кыймылдабай эле бизди карап отурушат. Эркектердин бироосу колунда рация кармаган бойдон отурат кыймылдабай. Юлай учкучтардын кабинасына кирип кетиптир, Юлайдан кийин кирген формачан да автоматын такап турат. Мен эч нерсеге карабай артына отсом, гулдуу кебез менен тосулуп коюлуптур, ачсам торт бурчтуу алты чакан ящик, жанында торт чон чемодан турат. Яшиктерди ташып чыга баштадым. Ящиктин сыртына отуз беш килограммадан деп жазып коюптур. Алтындар окшойт, чакан болгону менен оор. Алып чыгып бусикти минип келген балага берип жаттым. Чемодандар оор экен, донголоктору бар экен, суйроп чыгып эле ыргытып жаттым. Юлай самолетто отурган эркектеринин бироосунун тамагына бычак такап бир нерселерди англисче сурап, ал жырткычтай экен коздору, козунон заар чачып суйлобой отурат. Ерханы ушул окшойт. Негедир таргыл мышыккабы же илбирскеби окшоттум.  Аялдар балдарынын козун жаап бурчка тыгылышып алышып, бизди коздорун алайтып карап отурушат. Дагы чемодан суйроп отуп кетип атып карасам Юлай шприц менен тиги адамдын мойнуна бир нерсе сайып жатыптыр. Экинчиси унчукпай башын бийик которуп отурат. Юлай ага да укол сайып, саатын карап, мени "буттунбу" дегендей карады.
Эки чемодан калган эле, эки бармагымы корсотуп отуп кеттим. Акыркы чемоданды суйроп отуп кетатып Юлайга башымы ийкеп отуп кеттим. Юлай жанындагы формачан экоосу эшикке чыгышып жерде жаткан экинчи учкучту которушуп самолетко салышып, баары тушуп кетишти да, самолет эшигин жаап чуркап барып учуп кетти.  Биз да бусикке отуруп кетип калдык. Беркилер эмне болду билбейм, биз жоногондо алар да карангыга кирип кетишкен. Бусикти катуу айдап, айылды аралап тез эле трассага чыгып, бир аз журуп дагы бир кичине кочого кирип кеттик.
Бусикке отурганда эле Юлай экообуз ящиктерди ачып, сигареттин жука пачкасындай, торт бурчтук болуп куюлган алтындар экен, пенопласстан салгычтар жасалып, тимеле сонун кылып тизип алышыптыр. Алтындарды алып, бусикте булгаарыдан тигилген ондон ашык сумкалар бар экен, сала баштадык. Алтын коп экен. Чемодандарда ар туркун акчалар, россиянын рублдары, долларлар, казак тенгелер, мен корбогон турдуу акчалар. Ар кандай документтер, паспорттор, папкаларда кагаздар, айтор коп нерсе, баарын сумкаларга салдык.
Айылдын чекесинде джип кутуп туруптур.
Юлай экообуз бусиктен тушуп, Юлай айдоочуга:
-Эгер бир нерсе болсо "Б" боюнча - деп кетирип жиберип экообуз джипке отуруп кеттик. Бир аз журуп кайра шаарга кеткен трассага чыгып калдык. Тан калып Юлайды карасам:
- Ерхан жок экен самолетто, азыр балдар жолун тосуп жатышат. Уч фурада кетип жатышыптыр. Чек арага жеткинче кармашыбыз керек. Жетишебиз, убакыт бар.- деп коюп шаарды айланып откон жол менен аябай катуу журуп тез эле аркы башына чыктык.
Саат уч болуп калыптыр, айлана капкарангы, эч нерсе корунбойт. Юлай маал маал саатын карап коет. Шаардан чыгып токойдун ортосу менен кеткен жол менен жыйырма муноттой жургондо алды жактан автомат, пистолеттердин атылган уну, гранатанын жарылганы угулду. Чынында коркуп кеттим, Юлайды акырын байкатпай карасам корккон туру жок, тескерисинче шашкан, бир нерседен кечигип жаткан адамдай. Койнунан тапанчасын алып чыгып октоп шымына кыстарып коюп рациядан бироого чыкты.
- 027 акыбал кандай?
Рациядан автоматтардын татыраганы, адамдардын кыйкырыгы, согунгон ундор, айтор кадимки согуштагы эле ундор чыгып жатат.
- 015 каршылык корсотуп жатышат, отуздай адамы бар экен, курчап алдык, эми бироосу да качып кете албайт.
- Ерханды таптынарбы, атпагыла, тируу керек бизге.
- Ерхан таттуу уйкуда уктап жатат, азыр он- он беш маймылы каршылык кылып жатышат, силер келгиче даяр болушат.
- Макул келип калдык,  беш мунотко калбай барып калабыз.
- Ок.
Бир аздан кийин атышуулар токтоп, тынчып калды. Барсак уч узун фуралар турат, айлантып прожекторлор менен жарык кылып коюшуптур. Асфальтта жыйырмадай адам колдорун башына алып тизилип жатышат. Арыракта жарадар болгондору жатат. Айлантып спецназдын маскачан адамдары курчап алышыптыр. Адам коп. Милициялар журот. Юлай экообуз барганда башчысы окшойт спецназдын кийимин кийген, автомат, белинде тапанча тагынган курсуйгон бироосу келип Юлайга честь берип, доклад кылайын деп жатат эле Юлай колун жансап:
- Ерханды штабга алып келчи - деп учурашып коюп чекеде турган бир чон бусикке кирип кетти. Мен да кирейин деп жатсам сыртта турган маскачан мени тошумон туртуп киргизбей койду.
Эки маскачан адам бою чакан, бироону которушуп бусике алып киришип кетти.
Маскачандар жерде жаткандарды колун артына байлашып милициянын машиналарына, аскердик джиптерге учтон торттон кылып салышып шаарды коздой кетип жатышты. Ерхандын жети сегиз адамы курман болгонбу же уктатуучу ок менен атышса уктап жатышабы, аларды да которушуп машиналарга жуктоп алып кетишти. Фураларды да айдап кетишти. Солдаттар журушот топурашып, прожекторлордун жарыгында асфальтты шыпырып тазалашып, орт очургуч машиналар келген экен куч менен суу чачышып бир заматта эле эч нерсенин изи калган жок, тазалап салышты. Юлайлар отурган бусик, арыракта, токойго тумшугун каратып беш машина, он бештей спецназдын адамы эле калды, калганы баары шаарга кетишти. Бир аздан кийин Юлай тушту да мага "кеттик" деп башын ийкеп коюп экообуз озубуз келген джипке отуруп трасса менен бир аз журуп шаарга жете бербей токойго кирип кеттик.
Юлай улам улам алакандай болгон компьютерин карап коюп жатты. Уч сааттай онго донго карабай талааны аралап катуу журуп, токойдун арасындагы бир уйго келдик. Токойдун коюу жеринде экен, токойчунун уйу окшойт. Бир бала кутуп туруптур, ону кыргызга, казакка окшойт, бирок орусча суйлогонуно караганда, башка улут, акценти башкача. Колунда СВД.
Анча эле алыс кеттик окшойт шаардан. Арыракта, дарактардын арасында аэропорттон келген бусик турат. Сумкаларыбызды тушуруп коюп айдоочу Юлай менен бир нерселерди шыбырашып суйлошуп бусикти минип  дароо эле кетти. Маскасын чечкен жок, мен да чече элекмин.
Тан кадимкидей агарып калды. Юлай спутник менен байланышкан телефону бар экен, мени укпасын дедиби, алысырак барып беш муноттой суйлошуп келип:
- Азыр он беш- жыйырма мунотто вертолет келет. 12-02 сен биз менен Астанага барып, андан ары Карагандыга кетесин. 12-03 ко акча алып барып беришин керек. Анан уч кундон кийин Москвага келип, баягы мейманканада болушун керек. Ушаков озу келет сага, калганын ошол айтат. Азамат сага 12-02 жакшы иштеп бердин. Макул калганын дагы суйлошорбуз. Эми эки жакты тыншап туралы, вертолет келээри менен тез тез жуктоп кетишибиз керек.
Качан даярдай койгон билбейм, аябай оролгон бир тангак акчаны мага берди.
- Сыртына жазылган, ошол жерге бекитип коесун, 12-03 озу алып кетет. Кызык болуп аткандыр канчадан толонгону, макул айтып коеюн, ар бир балага отуз мин доллардан, 12-03ко кырк мин. Азамат балдар экен, жакшы иштеп беришти.
Боорунда "Санавиация" деген жазуусу бар вертолет учуп келди, торт орундуу чакан, чет жердин вертолету экен, жапжаны. Учоолоп тез тез сумкаларды жуктоп, Юлай экообуз учуп кеттик, бизди тосуп алган бала калды ошол жерде.
Юлай алдыда, учкучтун жанында, мен артка отурдум. Юлай телефону менен бироого чалып:
- Эки саат- деп коюп мени карап чон бармагын корсотуп "жакшы" дегендей кылып койду да, тез эле уктап калды. Мен да конулум тынчыдыбы, же канча кундон бери ар нерсени ойлоно берип чарчаган окшойм уктап калыпмын.
Астананын чекесинде, атайын  аэродром экен, аскердик форма кийген адамдар журот. Терезелери карангылатылган капкара джипте эки формачан адам келишип Юлайга честь берип учурашып, сумкаларды джипке жуктоп, терезелери карангылатылган, устундо мигалкасы бар уч женил машина бизди коштоп аэродромдон чыгып кеттик.
Анча жургондон кийин Юлай артын карап:
- 12-02 сени шаарга таштап коебуз, макул ийгилик - деп козун кысып жылмайып койду. Биринчи жолу корушум жылмайганын, темирдей, роботтой эле болуп бир калыпта эле журо берчу.
Шаардын чекесине жеткенде тушуп калдым.
Саат сегизден отуп калыптыр. Такси кармап Карагандыга жонодум.
Жол узак, эптеп уктап калыш керек. Ушу жолдо жургондон аябай жадапмын, акыркы эки жылдык омурум бут эле жолдо отту. Козуму жумуп уктайын деп аябай эле аракет кылдым, болбоду. Вертолетто уктабайле койбогон экенмин, бир аз уктап алганга эми копко чейин уктай албасам керек.
Бутту окшойт баары. Коп болсо торт - беш кундо Критке кетсем керек. Москвада ашып барса бир кун турармын да.
Адыл ага эмне болду экен, апамдарчы, Аселчи. Аселди эстеп кеттим, барсам Геригин эч ким жок ээнирээк жерде, озу жалгыз жургондо кармап алып бир эки муш жегизсем кетсе керек. Билбейм мага Асел Герикти суйбогондой эле сезиле берет, мени башкача коз караш менен карайт, Герикти антип карабайт.
Коп болсо эки уч кундо кетсем керек Казакстандан. Критке барып алсам апамдарды да ошол жакка чакырып алам. Айтор коробуз. Мен Критте эле жашагым келет, Кыргызстанды сагынганда келип турабыз да.
Мен эми сагынбасам деле керек Кыргызстанды, негедир жаман ойлор калыптыр, ким билет эми.
Кечки саат бештерде Карагандыга жеттик, шаар тынч эле экен, менттер да тынчып калышкан окшойт, текшерген адам жок. Тангактын сыртында озунчо буктолгон кагазда каерге бекитерим жазылыптыр, акчаны бекитип, Карагандыда калгым келбеди. Туура эле аэропортко барып Москвага учуп кеттим.
Красная Преснядагы мейманканага барып жайланышарым менен бир сааттан кийин Ушаков келди, конулу ачык. Пиво, кургатылган балык дагы бир нерселерди алып алыптыр.
-Балдар силер Россия, Орто Азиянын торт мамлекети, Афганистан издеп жургон адамды кармап бердинер. Азыр Ерханынар Москвада сурак берип жатат. Силерге ошол мамлекеттердин атынан ыраазылык билдиребиз. Эми озун деле тушуносун, силерди элге корсотуп сыйлык тапшыра албайбыз. Акчанар болсо озунордуку деле ашып ташып жатат. Бизден эмне жардам керек болсо айтсанар жардам беребиз. Адил жакшы, дарыланып атыптыр, кечээ бут байлыктары колуна тийген. Ишканаларынын документтери бизде, бир жумадан кийин адамдар барат Казакстанга, баарын кайрып алып, сатып, курман болгон балдардын уй булолоруно акчаларды таратып беришет.  Тиякта сени кутуп жатышат. Асель деген ким эле, сени аябай кутуп жатыптыр, кундо ыйлайт экен эч кимге корунбой. Сени балдар азыр самолетко салып коюшат, эртерээк бар Аселине. Макул ийгилик сага. Бул бизден белек, швейцариядан атайын заказ менен жасатылган саат, мындай сааттар саналуу эле адамдарда бар, эми сенде да болот. Сени эн сыйлуу адамдарды узаткандай узатабыз, бул сенин мээнетин.
Мени устундо мигалкасы бар, терезелери карангылатылган, жапжаны, капкара уч "мерсте", капкара костюм шым, ак койнок, галстук, кара коз айнек тагынышкан роботтой  адамдар машиналар менен туура эле аэропорттун ичине алып киришип, самолеттун тубуно чейин алып барышып, самолетко алып киришип, "бизнес класстан" орун алышкан экен, жайланыштырып кетишти. Бою узун, сулуу стюардесса кыз шампанский алып келип, бир бокалга куюп мага берип, ботолкосун жаныма коюп кетти. Эми ушунчалык сулуу кыз экен, мени жылмайып карап да койду. "Бизнес класста" менден башка да торт адам отурушкан экен, баары мени карап карап коюшат.
Жашоо башталды окшойт.
Отургучуму да уктай тургандай кылып артка жаткызып алсан болот экен, жанымдагылардын тан калып караганына да конул бурбай шампанскийди ботолкосу менен эле которуп баарын ичип уктап калдым. Катуу уктапмын, стюардесса турткондо гана ойгондум.
- Турунуз, Критке келдик, ойгонунуз.
Аэропорттон да атайын машина менен алып чыгышты, аэропорттун сыртына чыкпай, коргондун ичинде, бир бурчунда айнектери карангылатылган машина кутуп туруптур, эшигин ачсам машинанын ичинде, алдыда рулда Герик, жанында Арсен досум, анча эле толуп калыптыр.
- Секир Каскадер, озуну Рэмбо сезип калгандырсын, конкойгон мурдуна эки жолу мнону жегенде - деп муштумун корсотуп-озуно келип каласын, коптон бери жебей эсинен да чыгып кеткендир - деп коет. Уну да мурункудай эле ишенимдуу, коздору да, экообуз фураларды коштоп жургондогудой эле кулуп турат.
Арткы орундукта Асель отурат, кунго куйуп, кара тору болуп, аябай сулуу болуп кетиптир. Аппак футболка кийип алган экен эми сулуулугун соз менен тушундуруп айта албайсын. Бир назиктик пайда болуптур, же бир аз толуп алганбы, ошого ошондой сезилип атабы билбейм. Мени сагынган, куса болгон, ошол эле маалда "ушунча да жок болосунбу" дегендей таарынган, мурчуйган, коркуткан коз караш. Мен да чекеми тырыштырып карап койдум.
Ооох... эми дагы урушмай, кырылышмай, эки сааттап акыя айтышмай башталат экен да, эч кимге байкатпай ичимен ушкурунуп алдым. Эмнеге каяша айтып урушат мени менен, баш ийип койсо эмне сеники туура деп. Шеф туура эмес айтып жатса да туура деш керек да. Мен ого бетер жакшы коруп калам го акыры. Же анда кызыксыз болуп калабы жашоо, кыскасы билбейм.
Качып кете албайм да Аселден, качкым да келбейт, мейли чыдайбыз да, башка аргам да жок. Аселден алыс кетсем сагынып, кайра ого бетер кыйналам.
Эн негизгиси Асел менин козумон аны жакшы коргонуму билбеши керек, сездирбешим керек. Антпесем кооп кетет. Жинине тие берсем, шылдындай берсем эч жакка бара албайт, очун алам деп мени менен акыя айтышып жаныман кете албай журо берет.
Гериги кетет аз кундо экинчи бул жакка бут баспас кылам Комурду.
Аягы.


Рецензии