Орус эли
Мен да беш жылдан бери Москвага келип кетип, тирилигим Москва менен. Эсимде жок качан болду, бир озбек аял Москвада орустардын уй булосундо кошо жашап, уч торт жаштардагы орустун кызын олтуруп, башын которуп алып кочодо жургонун эстединерби. Ал окуяны кечинде жумуштан келип кордум. Маанайым дароо тушту. Дагы башталат экен да эми, озу аран жургондо. Эми кадам сайын текшер текшер, бул окуяны баары угушат да, иште жетимиш пайыз бирге иштегендер орустар, алар эмне дейт. Жумушум курулушта болгондуктан, кочодо кийингеним деле ошого жараша, джинсы, калын свитер, кроссовка. Метродо барып келмей кундо, менттер тыта баштайт эми. Алар го мейли, документим жайында, коркпосо болот. Адамдарчы, орустар эмне дээр экен, ар кандайы бар да.
Эртеси барбай коеюн десем, очошконсуп комиссия келиш керек, кылган ишибизди текшерип, кабыл алышат. Мен барбай кое албайм, мен башчы болгондуктан турушум керек ошол жерде. Эгер жакшы тапшырсак, бир эки кундо акчабызды алабыз, барып тапшырып, балдарга акча алып беришим керек.
Менттер жакшы кийинсен коп текшере бербейт. Пиджак, жинсы шым, кара туфлими тазалап даярдадым.
Эртеси таза кийинип, март, апрель айлары болсо керек эле, жамгыр жаап аткан, плащ кийип, зонтик которуп ичимен тиленип кочого чыктым. Документим жакшы болгон менен айтып болбойт, уч саатка чейин кармаганга укугу бар, каалашса бир суткага чейин деле кармашы мумкун. Эгер кечиксем комиссия кетип калса ошол бойдон кийинки жумага калып кетет, ал аз келгенсип штраф салышы мумкун.
Такси кармайын десем болгон акчаларымы балдарга бере берип озумдо да аз эле акча калган. Тобокел деп метрого туштум, орустарды карасам мага конул бурган эч ким жок, ар ким озу менен озу. Поезд келди, эл тыгын, эптеп кирип алдым. Адамдардын коздорун акырын байкатпай карап коем, тынч эле. Уч станциядан кийин вагон бошойт, андан ары коп деле адам чыга бербейт эртен менен. Акыры вагон бошоп, жыйырмадай эле адам калды. Торт орус балдар вагондун баш жагында отурушат, ар кими телефонун чукулашып озулору менен. Берирээкте ондон ашык ар кандай адамдар отурат, баары орустар. Менин тушумда мен кур го дейм, орус кыздар отурушат. Алар мени кандай карап жатышты экен, жаман коруп жатышкандыр деп акырын байкатпай карасам алар да бир нерсени суйлошуп мага конул бурушпайт. Бироосу менин карап жатканымы байкап калган окшойт, жерди карап бир маалда башымы которсом, мени карап туруптур, коздорубуз чагылыша тушту. Менин кийингениме кызыктыбы билбейм, айтор козунон мени жаман коргон нерсени байкабадым. Тескерисинче кандай адам дегендей кызыккан коз караш.
Оз станцияма жетип, чыгып баратсам торт полиция эки экиден болушуп катуу текшерип жатышат. Кармагандары эле бут Орто Азиялыктар, кыргыз, озбек, тажик. Кармагандарын дароо алып барып канасына камап жатышат. Мен кулагыма наушник тагып алгам, телефонуму чукулаган адам болуп отуп кеттим. Байкадым, бироосу мени копко чейин карап турду, бирок негедир токтоткон жок.
Сыртка чыксам, метрого тушо берген жерде да уч полиция текшерип атышыптыр, артында бусик турат, кармагандарын баарын машинага тыгып жатышат. Алардын жанынан да телефон чукулап отуп кеттим, байкадым, мени карашты, бирок токтотушпады.
Жумушка барсам балдардын экоосу эле келиптир, калгандарын баарын жолдон полиция кармап кетиптир. Комиссия саат онго келе турган, учообуз калган майда чуйдо жумуштарды кылып турсак комиссия келди, жети адам, уч аял, торт эркек.
Ичимен ойлонуп турам, ишти жакшы эле кылганбыз, кабыл алышы керек. Бирок кечээги болгон окуядан кийин кандай болот ким билет. Жаны "сбербанктын" филиалынын ичиндеги электрика, интернетин кылганбыз, майда чуйдосу ото эле коп, жамандыгына алып бирме бир издешсе оной эле шылтоо табышат. Текшеришти, ар дайымкыдай эле кабыл алышты. Же уга элекпи деп да ойлоп кеттим. Кабыл алышты, кол коюп берип кетишти. Эки кундон кийин акчабызды алдык.
Анан ойлондум да, Кудай сактасын го, эгер Кыргызстанда ошондой окуя болсо, келгин орус же башка улут бир нерсе кылса эмне болот эле. Билбейм менин оюмда орустар тушунуктуу, боорукер, жакшы эл.
Бир жолу, жаны эле келгем Москвага, автобус менен башка шаарга барыш керек болуп калды. Ага чейин деле уч торт жолу баргам, жол кире канча экенин билем, сигаретке эле ашыкча акчам бар эле. Бир пачка сигарет алып ченип бутуп кассага барып билет алайын десем элуу сомго кымбаттап кетиптир. Сигаретти кайра тапшыра албайсын, эмне кылышты билбей ойлонуп ойлонуп кайра кассага бардым. Элуулордогу аял экен. Эч ким жок эле шартымы тушундуруп, "телефонунузга уч сааттан кийин жуз сом салып коем" десем мени жылмайып карап:
- Ой сыночек я поняла тебя, ладно я тебе выпишу билет. Не надо возврашать, удачи тебе- деп билет карматты.
Мен болбой эле бир кагаз таап берип номерин жаздырып алдым да, барганда эле ошол номерге карыз акчамы салып койдум. Мени тааныбаса, мага окшогондор деле коп эле келсе керек ал аялга. "Ал сенин проблеман" десе бара албай калмакмын да. Аябай ыраазы болгом.
Канча жерде иштедим, бир да орус алдаган жок мени. Озубуздукулор канчоосу алдап кетишти, канчоосу жумушка алып менин устумон канча акча жешти. Жумуш таппай кыйналганда кандай болсо да шартка конуп иштейсин да.
Кечээ жакында бир озубуздун эле кыргыз Адыл деген адам аркылуу жумушка кирип, озум эле эмес торт баланы да ээрчитип баарыбыз киргенбиз. Айлыгыбызды ошол адам аркылуу алабыз. Торт айдан кийин уйго кеткем. Артыман салып жиберем деген эле. Торт айдан бери "али бере элек" деп ар шылтоону айтып салбай журо берди, тимеле жакшына суйлойт, чуркап атам, урушуп, кыйкырышып кеттим десе унчуга албай журо бердим. Акыры кутуп жадаганда иштеги бригадирим орус, Женя деген эле. Ошого чалдым. Шартымы тушундурсом аябай жини келип, "айлыгынарды убагында эле алган" деп согунуп, уч кундон кийин озу банкка барып толук салып жиберди. Озуно бир-эки мин алып кал десем болбой толук которду. Кийин Адыл чалыптыр, капа болот "сен эмнеге Женяга арызданасын" деп. Мени менен бирге жумушка кирген эки бала коп отпой башка жумушка кетишип, бир айлыгын, бироосу элуу сегиз мин, экинчиси алтымыш мин акчасын ала албай калышты. Эми Адыл алып бербей койду деп айта албайм, оз козум менен корбогондон кийин.
Коп жерде ар кандай адамдар менен иштешесин да, озбек, тажик, молдовандар, армяндар, гагауз деген эл болот экен, алар менен, украин, белорустар, тундук кореялыктар, бир да бири менен азыр байланышым жок, бири менен достошкон жокмун, азыр телефонумда кеминде он беш орустун номери бар, ватсаптан, ар кандай соцсеттерде байланышыбыз бар. Досмун алар менен. Орустар менен алдабай, чынчыл болсон, алар да алдабайт, чынчыл иштешет. Бечаралар куулук шумдукту билишпейт, коп байкадым бироолор алдаса же билип туруп туура эмес иш кылышса коздорун молмулдотуп эле тан калып туруп беришет. Анан ачууланышат байкуштар. Озулорунчо ичинен капа болушса керек, сыртынан билдиришпейби тушунбойсун.
Бир жолу метрого тушуп кетатсам ичинде кобуроок басыш керек жердин тубу менен, чекеде бир кичине мышыктын баласы турат адамдарды карап, коркуп. Алдымда эки орус аял кетаткан, экоосу тен коруп калышып токтошуп, боору ачып суйлошуп, колдоруна алып, бироосу сумкасынан бир нерсе алып чыгып берип, бироосу салфетка алып чыгып аарчып тазалап атышат. Мен да алысырак барып атайын токтоп, эмне кылар экен деп карап турдум. Экоосу бир нерселерди кененшишип, анан бироосу телефону менен бир жакка чалып бир аз суйлошуп, мышыкты которуп кайра артка кайтып кетишти. Бироонун мышыгы жок болсо, ошого чалып "алып барып берели" дешти окшойт.
Бир жолу ютубдан коруп калдым, мас окшойт да, Россиянын бир жеринде бир адамдар кочодогу дейди иттерди атышкан экен, орустар копко чейин талкуулашып, аткан адамдарды сотко да беришти окшойт, чынында билбейм кийин эмне болду. Бизде эч ким конул деле бурбаса керек эле.
Ошто иштеп жургом бир убактарда. Жаныбызда коп кабаттуу уй бар, кундо эртен менен уч орус аял жумушуна кетатышып уйлорунон тамактын калганын пакетке салып алып чыгып, ошол жерде жургон дейди бир итке берип анан кетишет. Ал ит да алыстан эле коруп чуркап келип аялдарды айланып секирип, чуркап суйунот. Аялдар да адамга суйлогондой бир создорду суйлоп чеке жерге тамагын берип анан кетишет. Коп кабаттуу уйдо кеминде элуу уй було жашаса керек. Башка улуттан бир да адамды байкабадым ал итке тамак бергенин. Кайра кууп, уруп тээп куушат.
Бир жерде иштеп жатсам Игорь деген тааныш орус бала бар эле, бироонун ишканасында электрика иштерин кылыш керек экен, сен кылбайсынбы деп чалыптыр. Жан деп макул болосун да. Тунку саат учко чейин ишин бутурдум. Акчасын эртен менен жетиде алышым керек эле. Ишкананын ээси кечирээк барам деп чалыптыр. Мен сегизде жумушумда болушум керек эле. Жиним келип Игорго чалсам бечара дароо мага озунун жанына акча которуп жибериптир. Артынан дагы чалып кечирим сурап коет. Ага эмне десен, уктай бер нарака "пошел" деп коюп. Канча орус балдар менен досмун азыр, бирге иштегенде, жумуш буткондон кийин чогулуп отуруп майрам кылабыз. Аларды алдабайт, куу эмес, кымыйып, кыйытып суйлошпойт, созу болсо ачык эле айтышат, кенен отурам булар менен негедир.
Бир Костя деген бала, дос элек, Ростовдон эле, уйуно бир жумага барып келели, эс алып келебиз дейт.
Бир куну тамактанып алайын деп бир чакан самсы, шаурма сыяктуулар сатылган жерге кирип тамактанып отургам. Ичинде уч эле стол батат экен, иштегендер бут озубуздун коншу улуттар, менин онум да ошолорго окшош эле, мени да озулорунон деп ойлошту окшойт, тортоосу жанымдагы столго отуруп алышып бакылдашып орустарды жамандап, шылдындап атышат. Бироосу "жакында орустар болунуп жок болот, Америка жок кылат баары бир бул каапырларды деп, аялдарын биз ээлейбиз, эрлери орус болгон менен балдары бизден торолушот деп ар орус аялдар менен жаткандарын айтып мактанышып жатышты. Мени маал маал карап коюшат колдоо кутконсуп. Орус кардарлар келсе жалпандап, жагынып кулуп суйлоп, тимеле жакшылыктарды каалап жонотушот да, кетээри менен кайра согунуп башташат. Айланайындар андай жаман корсонор, кулбой, жалпандабай эле сатаарыны сатып эле жонот да. Жаман коруп карап, тамактарымы которуп алысырак столго отуруп алдым. Мени тан калып карашып ошол бойдон башка создорду суйлошуп калышты.
Тан калам да ыраазы болушпаганына. Бул деген бироонун уйуно мейман болуп барып, сыйын коруп анан артынан тузуна тукургон менен барабар да. Орус болунуп кетсе сага эмнеси жакшы, анда эле тияктан Кытай келип ар шылтоо менен басат, бияктан америка басат. Эмне шылтоо табылбай калмак беле. Ошол орустан тайманышып эле турушат.
Озумун эле алысыраак тууганым бир жолу "орустарды басып алыш керек" дейт. "Сага эмне кылды орустар" десем, унчукпайт.
Орустар чынында копчулугу жоош болот, коркок болушабы деп ойлочумун башында. Азыр ойлосом алар коркок эмес, тарбиясы ошондой экен, ичи кенен эл, боорукер бечаралар, бироонун убалына калгандан коркушат.
Азыр копчулук балдар менен суйлошуп калсан Ленин жаман дейт. Эмнеге десен эле баары эле Кудай жок деген дешет. Ошон учун эле жаманбы десен ар нерсенин башын бир айтып, так фактылар менен жооп бере алышпайт. Бироо айтып койсо эле жаман болуп калабы, тан каласын, мындай озунчо анализ кылып корушпойбу. Дагы суйлогонучу тимеле Ленин менен бирге жургонсуп.
Эмне Кудай жок деп бизди биротоло атеист кылып салышты беле. Союз маалында деле мечиттер болгон, молдолор болгон, ислам дининин тартиби боюнча эле ысык-суук мааракелерибизди откоруп жургонбуз.
Кудай жок деп журуп элде ыйман жок болгон дешет. Ой айланайындар, ыйман мына азыр жок, мына азыр эл аябай бузулду. Орус барда ыйман, ынсап болгон. Же кочодо денесин саткан кыздар болду беле союз маалында, ата эненерден сурасанар. Же "когуштор" болду беле, уй булолор бузулганы азыркыга салыштырмалуу ото эле аз болчу. Кыргыздар тоо тоодо кочуп журушкондо отурукташтырып, эч кимин калтырбай окуткан. Эгер бизди кул катары корсо окутмак беле, завод фабрикаларды курмак беле. Отурукташтырмак беле. Бироо айтканда тан калгам да, орустар бизди басып алганда, биздин болгон алтындарды алып кеткен дейт. Ой айланайын эмне ал маалда бизде эмне алтын чыгарган ишканалар бар беле, канча алтыныбыз бар эле алып кеткидей. Союз маалында ортолукка эн кобу орустар акча салышкан бечаралар. Дагы ким жаман, орус жаман. Кыргызстан дотациядагы мамлекет болгон.
Орустар озулору Орто Азияны болуп салыш керек, алардан пайда жок дегенин коп окугам. Ооба геополитика деген тушунук бар, биз аларга буфердик зона катары керекпиз, бирок ошол эле Америка коншуларын эмне кылып жатат, кичине эле пайдалуу ишканасы болсо АКШ алып коет ку.
Ленинди жаман деп, ой айланайын ошо Ленин бийликке келип, уркундо качкан кыргыздарга, ошол маалда жуз мин рубль болгон экен. Кытайда жургон кыргыздарды алып келгиле деп, чекисттер Кашкар, Урумчуну кыдырып кыргыздарды чакырып, эч нерсеси жок, ачка келгенде, бекер тамак таратып, уч торт кун болсо да баккан экен го. Акыры Токтогул акын ыр чыгарган го айланайындар "Панардай жанып боштондук, Бактыбызга туулду, Кандай адам туудукен, Лениндей уулду" - деп. Же Токтогул акын коркконунан ырдаган дейсинерби. Ал "Беш каман" деп коркпой элди жзген адамдарды жамандап ырдаган, ошол орустан коркуп калмак беле.
Эми ойлосонор, уркун 1916-жылы болсо, андан жарым жыл отуп отпой бийликке Ленин келсе, жаны бийлик болгондон кийин душмандары ото эле коп болгон. Жаны бийликтин кассасында акча аз болгон да. Келип эле коп акчаны басып отуруп калган эмес да, болгон байлык сыртка ташылып кетсе. Озулору аздан, аздан чогултуп отурса. Ошого карабай тээ алыскы Кыргызстандагы окуяны угуп эч нерсеге карабай жуз мин алтын рубль болсо. Эмне зарыл эле ага, зарыл жактарга акча жеткизе албай жатканда антип акча болуп. Кыргыздар эмне болсо ошо болсун деп, чек араны жаап отуруп ал, болду эле да. Азыркы озубуздун бийлик эмне кылып жиберди, кредитти макул эми, четтен грант турундо кайтарымсыз келген акчаларды озулору эле болуп алып жатышпайбы. Улуу Памирдеги кыргыздарды алып келип жыйырма уй куруп берип коюшса болот беле. Атам тааныбаган орус келип кыргыз тузем мектептерди куруп зорлоп жатып окуганды уйротушту го. Дагы ким жаман, бечара орус жаман.
Эгер окутпаса кеминде отуз кырк жыл артта журот элек.
"Орус менен дос болсон, айбалтаны ала жур" деген макал менин оюмча тушунбостуктон келип чыккан. Жетимиш жыл орустар менен бир туугандай жашадык, эмне зыяны тийди бизге. Мен пайдасын эле коруп жатам.
Азыр мына болунуп, эгемендуу болдук эле эмне болду, жерлерибиз сатылып кетти, мамлекетибиздин карызычы. Ошол демократияны алып келдик, коккуй силер жыргайсынар деген элдерге азыр карызбыз, ошолордун чийген чийининен чыкпай жашап жатабыз. Мына азыр биз даана туткунда калдык. Карызыбыз кобойуп баратат. Кыргыздар дуйнонун торт бурчуна чачырады, жерлерибизди башка улуттар ээлеп жатышат. Орус кетти озубуздун чондор эмне кылышты, оозунан Кудайды тушурбой суйлоп коюшуп эмнелерди гана кылбай жатышат. Айткылачы айланайындар орус эмне жамандык кылды анчалык жаман коргудой.
Азыр афгандарга окшоп журбойт элек деп ким кепил болуп айта алат. Эмне бизде апийим оспочу беле, канчалаган миндеген гектар апийимдерди ушу орустар жок кылды го. Аскерлери апийим уругун того электе оруп, орттоп жатып биротоло жоготушпаса да анча эле азайтышты го. Ким кепил болуп айта алат бизди озунчо мамлекет болуп калыптанат элек деп. Манас атабыздан башка, озубузчо оруска чейин бироону хан которуп ошонун айланасына чогулдук беле тарыхта. Жарымыбызды озбектер, жарымыбызды казактар болуп алышы толук мумкун эле го.
Ормон ханды казак же озбек келип чаап кеткен жок, озубуз эле жок кылдык ко. Ормон хан деле кыргызды бириктирейин деген жакшы тилек менен хан болгон да. Орус кеткенден кийин, эмне азыр эле жыргап кеттикпи. Ким президент болсо эле онуккон олколордой оппозиция болбой, жок нерселерди ойлоп таап элге жаман корсотуп. Акырында баары жаман дей берсе мин жакшы адам деле жаман болот да. Мен озумон билем. Бир чакан ишканага жетекчи болгом. Жаш элем, жакшы ой тилектер менен, ишкананы котором деп кандай гана аракет кылбадым. Азыр бироо эстеп койбойт. Кыйналып журуп бир ишти кылсан башка иштебеген эле адам келип узуп жулуп талашса, ал ширин тили менен коллективди алдап озуно буруп, баарын сага каршы кылып койсо, баары билип билбей сага каршы болуп ошонун созун суйлосо аябай эле катуу тийет экен. Кылган иштерини коруп билип туруп, тигинин айтканына тимеле ишенишип алышып сени жаман коруп суйлошсо, каршы чыгышса озун жалгыз калсан, айлан калбайт экен. Акыры баарын орусча айтканда "пошли вы" деп коюп озуну ойлой баштайт экенсин. Президенттер деле адам да, акыры куйуп куйуп суйлошконун коруп эле журобуз го. Анан эле кайдыгер боло башташат, эл козуно иштеген адам болуп озулоруно ала башташса керек. Эми бул менин оюм.
Менин максатым кыргыз жаман же озбек, тажикти жаман корсотуу эмес, орустар да жакшы эл, эми ушулардын жерине келип тирилик кылып, уй булобузду багып жаткандан кийин тузуна тукурбосок. Эмне ошо жакшы деген арабдар жумуш берип жатышабы бизге, же америкалыктарбы. Америкалыктар акча беришет ар кандай программаларга деп, бирок ошол акчалардын басымдуу болугу кайра эле озулорунун адистерине акы болуп толонуп кетип жатпайбы. Канада "Кумторду" эмне кылып жатат, орустар антпейт эле, булардын дити барбайт андай наадандыкка.
Полициясы кармап акчаларыбызды алат дейт. Мен мына беш жылдан бери барып келип иштейм Москвага. Клп болсо он жолу жуз сомдон бергендирмин, анда да куноо озумдо болгон, регистрациямын убагы буткон бир убактарда, кайра жанылап жасатышка убагында шарт болбой, кийин, ишенсенер ишенгиле, ишенбесенер айла жок, сегиз ай эч кандай документи жок жургом. Ошол маалдарда ар кармаганда жуз сомдон берип кутулуп кетчумун. Мыйзам боюнча андайда алып барып штрафты очойто салып, кууп чыгышы керек. Бизде билбейм эмне болот эле.
Эч эсимен кетпейт, Бишкекте, студент кезде, кинотеатрдан чыгып келатсам бир кыргыз бала, айылдан жаны эле келген окшойт кийингенине караганда, бутуна тура албай мас эми, бир мен кур орус баланы кармап алып кое бербей ар нерсени суйлоп, согунуп, сагынып жулмалап атат. Тиги орус бала эмне кылышын билбей турат. Качып кетейин десе кое бербейт, койногу жыртыла турган. Адамдар кайдыгер карап коюп отуп кетип жатышат. Кой деп эптеп алдап кетиргем. Мас бала тимеле согунот, "буларды олтуруш керек" дейт тимеле.
Билбейм мен лично бир орусту корбодум биякта, куноосу жок урушкан, мумкун башка жактарында бардыр, чындап билбейм. Эми элдин жаманы болбойт, арасында жаман адамдары болот, кээде жумуш боюнча кыйкырышабыз, тартышып талашабыз, бирок мен туура айтып жатканымы далилдесем моюндарына алышат, кечирим сурашат. Когоруп тура беришпейт, туура кабыл алышат.
Биздин айылда бир орус бар, жашы алтымыштарда, бирше иштегенбиз бир ишканада. Омуру биздин арабызда отсо да дагы деле куулук шумдукту билбейт. Бир жолу анын бир нерсеси бар экен, айтпай эле коеюн эмне экенин, мени "клиент тап" дейт. Клиент таптым, эртеси келмек болду. Экообуз отуруп алып суйлошуп жатабыз акчасын канча дейбиз деп. Ал орустугуна салып ото эле арзан айтат. Мен жуз мин дейли десем тан калып эмнеге дейт. Тушундурдум, клиентке арзан айтсак ал ошону эле берип алып кетип калат. Биз эки жуз мин десек ал оз баасын айтат, анан биз кичине баасын тушуробуз, ал кошот ошентип отуруп кымбат сатабыз десем "аа понял, понял азиатский вариант" деп копко чейин кулгон. Тан калгам ошондо, ушул элементарный эле нерсеге башы жетпейби деп.
Ойлосом алдабай, чынчыл, таза иштеген адамдардын иши журушо берет экен. Канча адамдарды кордум, кичине акча учун ар кимдерди жанын жеп алдап, акыры ошол акчалары менен байып кете алышпады. Бир себеби чыгып эле акырында баягы эле кейпине тушуп калышат экен.
Уркун жонундо оюм, эмнеге только кыргыздар эле, анда да бут кыргыз эли эмес, Кол тарапта мындай каргаша болду. Эмнеге озбектерде, тажиктерде, туркмендерде, казактарда болбой бизде болду тушунбойм. Ар жерден ар кандай версияларды окудум, чынында ишенбедим. Азыр бизди бир кезектеги союз куралып кетпесин деп телевизордон ар нерселерди корсотуп, окутуп орусту жаман корсотуп жатпайбы. Бизди союз маалында оз алдынча ар окуяга анализ кылганды уйроткон окшойт деп ойлоп калдым. Эмне окуя болсо эмнеге болушу мумкун деп ар жагынан ойлоном, болгон окуя жонундо ар кандай карама каршы булактардан окуйм. Анан озумчо анализдеп кором да. Азыркы кээ бир балдар менен суйлошуп отуруп тан калам, бир нерсени оз алдынча анализдеп коруу деген такыр жок. Айылдын абирелуу адамы же мамлекеттин козго корунуктуу адамы бир окуяны оз пайдасына чампалап айтып салса болду, ошого ишенип алышат. Ойлонсо болот ко эмнеге минтип айтты деп.
Макул эми токтотоюн, антпесем соз чыга бере турган. Айтайын деген оюман да алыстап башка темаларга отуп кеттим.
Эми бул менин жеке оюм урматтуу окурман. Орустарды жамандагандарга айтайын деген эле ой. Орустар жаман эл эмес балдар. Биз орустар менен бирге болушубуз керек.
Ким кандай тушунот, кандай кабыл алат билбейм, оз оюму тануулагандан алысмын.
Мени жаман корбогуло, оюнарды комментарийге жазсанар мумкун мен адашып жаткандырмын.
Свидетельство о публикации №120071208236