сенин тубуно жетем

Чек араны тунку саат бирлерде оттук, эми мындан ары мага коркунуч жок эле. Россиянын чек арачылары тытып текшерген жок, демек полицияга эч кандай кабар келбеген. Ушунчалык чарчаган экенмин,  Казакстанга отоорубуз менен уктап калыпмын. Акыркы уч кундун таасири эле. Аябай эле каттуу уктаган окшойм, ойгонсом кун чыгып, саат  ондон отуп калыптыр. Айдоочу Нурлан деген Таластык бала эле. Биринчи коргондо жашы анча эле улуу го дегем, бойлуу, толо келген, кара тору, жолдо тааныша кеттик жашы жыйырма учто экен. Машина айдай алам дегенинен жол кире бербей эле коесун, жолдо айдашып кетесин деп алып алгам. Артта дагы бир жургунчу бар эле, Алишер экен аты,  Бишкекке чейин деп алгам.
Айлана аяк башы корунбогон казактын суз талаалары, кун кайнайт тимеле. Айнекти ачсан ысык аба кирип ого бетер тердетет.  Анда санда топ топ болуп оттоп жургон тоолор, тээ алыстан бирин экин чакан айылдар эле корунбосо башка эч нерсе корунбойт. Менин ойгонгонуму байкаган Нурлан:
-Сизди жанымда суйлоп шерик болуп кетеби десем уктап калдыс да байке -дейт-же артка отуп тиги менен алмашып албапсыз да, уйкум келип болбой калдым.
-Менттер тостубу?
-Тосту, уч жерден тосту.
-Уч жерден тоссо, биздин документтерди текшербедиби?
-Жок, менин эле документими текшеришти, акча болсо болду  да буларга. Он беш мин тенге кетти, Алишер корду.
-Ээ майли да, эптеп машинаны апарып алсам Кыргызстанга, сатсам жаап кетет. Мен айдайынбы, уктайсынбы?
-Майли кичине уктап албасам болбой калды,  Алишерди ойготоюнбу суйлоп кетет уктатпай?
-Тим эле кой уктай берсин, уктап алдым го, уйкум келбейт.
Тээ алдыда полициянын машинасы турган экен, ошолордон отуп алмашалы деп айдай берди. Экоо экен, бироосу жезлин которуп токто дегендей белги кылды. Алардан жыйырма метрдей отуп токтотуп, адаттагыдай эле документтерин, бере турган акчасын алып, машинадан тушуп полицияны коздой басты эле, тиги да бизди коздой басып келаткан жеринен, бронежилет кийип алыптыр, пистолети тошуно салынат экен. Пистолетин алып эле Нурбекке такап "Руки на капот" деп кыйкырды. Журогум тушуп калды, кармалдымбы деген ой кетти, бул ээн талаада качып да кете албайсын. Оюма бир заматта ар кандай ойлор келип алым куруп, шалдырап отуруп калдым. Шеригин карасам машинасына суйонуп, биз жакты карап,  рациядан бир нерселерди суйлоп атат. Кармадык деп атты окшойт. Нурлан да коркуп кетти окшойт, машинага  арты менен кетенчиктеп келип, эки колун шашып-бушуп капотко коюп калды. Эки козу полицияда, коркконунан "коюн байке, мен эмне кылдым, коюн байке" эле дейт кайра кайра. Полиция келип Нурланга пистолетин такап:
- Машинадан эмне ой менен туштун, эмне мени атканы жатасынбы-деп утуройуп бир аз турду да, каткырып кулуп жиберип "бол тез, салам бер да, кет 
эртераак бул жерден" дейт кулкусун тыя албай. Шериги да каткырып кулуп жатат наракта. Уфф дедим ичимден.
Уч километрдей жургондон кийин алмаштык.
Нурлан тез эле уктап калды. Алдыда баш аягы корунбогон жол, качан жетээр экем уйго, ээ уйго дейм да, кайсы уйум бар эле, Кыргызстанга... Канча акча алдым экен, кассетанын жарымынан коп эле да. Полиция текшерген кундо деле акчаларды онойлук менен таппайт эле. "Болгарка" менен эле кыркып таап албаса, а машинени анчалык текшеруу алардын оюна да келбейт. Россиядан Кыргызстанга 07 жигули айдап кеткендер толуп жатат да. Ал жагынан кам жебесе деле болот. Озум эле бир нерсе кылып билдирип койбосом. Нурланга правам жок, ГАИлер турган жерлерде сен айдайсын деп суйлошуп алганбыз.
Молдовандар эмне болушту экен, кармалбаган болуш керек, Иваныч эле болсо кармата коет. Алар жонундо эч ким билбейт да. Алар тундоп эле Молдовасына кеткен болушу керек. Менден шекшиши мумкун, бирок мен мындан он кун мурун Кыргызстанга кеткем если что.  Бир жагынан мени баары эле Калмыкиялык калмык деп ойлошсо, кыскасы менден эч ким шекшибейт эле. Иваныч эле кармалып калып айтып койбосо. Бирок Иваныч кармалбайт эле, андан шекшиш эч кимдин оюна келбейт.
Мейли окурманга тушунуктуу болуш учун бир башынан баштайын. Былтыр июнь айларында Москвага иштегени келдим. Элдер уй булосун багайын деп иштегени келишсе, мен коп акча кылып, Кыргызстанга келип бироодон оч алуу учун келдим. Бишкектеги,  атын атабай эле коеюн, атактуу бай деп эсептелген бир фирмада программист болуп иштечумун. Ишими жакшы билгендиктен мага жакшы эле толошчу, менин жашымдагы эч ким деле анча айлык албаса керек. Кийин аялым менен ажырашып, уй булосуз калганда, Бишкекте жашай албай калдым, бир жакка кетиш керек болду. Баары эле менин устумон кулуп, артыман шылдындап аткандай сезиле берди. Жумуштагылар да кээси мени аягансып, кээси шылдындагансып мамиле кылышат. Россияда жакшы программист болсон коп толойт деп уккан элем, жуздон ашык Россиянын ишканаларына резюме жоноттум. Акыры Киров деген шаардан чакырышты. Жалгызмын, кармаган эч нерсе жок, дароо эле жонодум. Барсам, создун кыскасы ишке кире албай калдым. Мени чакырган Татьяна Ильинична деген аял эле. Озун куноолуу сезип, "курулушта иш бар, иштеп турбайсынбы, башка иш караштырып берем" дейт. Ачуум келип Москвада тааныш балдар бар эле ошолорго келе бердим. Жакшы дагы кобуроок акча алып алган экенмин.
Москвага келип программист, же компьютер иши боюнча жумуш издеп эки ай журуп, таба албадым. Акыры акчам аз калганда электрикке жумуш бар экен, жакшы билчумун, жарыя боюнча Павелецкий деген метрого бардым. Эки кабат чон эски уй ремонт болуп жаткан экен, ошол жердин электричествосун кылып иштеп калдым. Ал жерге Росс. жарандыгы менен гана алат экен, суйлошуп акча берип жатып бир калмык баланын паспорту менен жумушка кирдим. Ал ошондой кылып акча табат экен. Менин суротуму коюп, озунун дареги аты жону менен мага паспорт жасатып берди. Полиция текшергенде деле дарегим чыкса болду да. Аты Ильгиз экен, мени баары Ильгиз дешет. Мени жумушка алган адам Иваныч деген  Приднестровьядан келген молдован, жашы алтымыштарда, бою орто келген, сары, козу жымшык адам экен. Дайыма башына бейсболка, бутуна кроссовка кийип, спортивный кийинип журчу. Жашына карабай аябай шуулдаган, чапчан адам экен. Жашында самбо боюнча бир жерлерде чемпион да болгом дейт чынбы жалганбы. Бир дуконду тонойм деп жети жыл турмого камалып чыгыптыр Союз маалында. Менден башка дагы Иванычтын Егор деген баласы, Слава деген Егордун досу жана Молдовадан келген уч адам иштечу. Ал жерде эки ай иштедик,  айлыгымы алтымыш мин деген болчу, уч маал тамак берчу. Тамагын го берип жатты аябай "жирный" кылып, биринчи экинчи дегендей. Акчамы ар айдын аягында аласын деген эле, айдын аягында сурасам имарат буткондо алмай болдук баарыбыз. Бир аз чыдайлы, аванс берди деп, отуз мин рубль берип койду. Берки шериктерим толук акча алышкан окшойт, жаны кийимдери пайда болуп, кундо пиво ичишип, кыскасы алышканы билинип эле калды. Сурасам баары эле аванс эле алдык дешип, бир эле жоопту айтышат. Макул эми, ушунча иштеп койдум, дагы бир ай  иштеп турсам чыдап, акчамы толук алам деп озуму озум сооротуп иштеп журдум. Кантип эле бербей коюшсун деп коем. Иванычка ишенчумун, себеби бир жолу прораб менен кыйкырышып кетип, кийин тамактанып олтурганыбызда прораб жонундо соз чыгып калганда Иваныч бир жаман соз айтып жиберип, кайра чокунуп "Кудай кечир" дегенин коргон элем. Кудайдан корккон адам мени алдабайт эле.
Ошентип кийинки ай да отуп,  жумуш да бутту. Иваныч биринчи куну акча алабыз, мен сага озум чалам деп мага отуз мин рубль берип жолго салды. Биринчи кун да келди, чалган жок. Экинчи, учунчу кун да болду Иваныч чалган жок. Акыры торт кун дегенде озум чалдым, чалсам номерин алмаштырып салыптыр, "бул номер тейленбейт" деп туруп алды. Баласы Егорго, досу Славага берки шериктерине чалсам баарыныкы очук болуп , создун кыскасы мени алдап кетишиптир. Алтымыш мин рубль акчам калып кетти. Бир бейтааныш номерден "Капа болбо, акчаны ала албай калдык окшойт. Азыр сотко берем деп коркутуп жатам. Бирок сотко бергидей келишимибиз жок да. Эгер алып калсам берем акчаны" деп СМС жонотуп жибериптир.
Айла жок акчадан умутуму узуп башка иш таап иштеп калдым. Бир фирма бар экен, ар кандай банктар Москванын ар жеринен имараттардан болмолорду арендага алышып филиалдарын ачышат экен, ошол фирма жаны ачылган филиалдарын ремонттоп даяр кылып, банктын адамдары келип иштей бере турган кылып даярдап берет экен. Ошол фирмага электрик монтажник болуп ишке кирдим. Ал жерге да россиянын жарандыгы менен гана алат экен, Калмыкиялык Ильгиз болуп кирдим.
Андрей деген бала видеокамераларды, кыймылды билуучу датчиктерди, айтор банкка кирген ар бир тируу жанды билип, видеого тартып ала турган коопсуздук боюнча иштердин баарын кылчу. Бири бирибизден керектуу инструмент ж.б. нерселерди сурап журуп дос эле болуп калдык. Ал бир шериги менен иштечу. Бир банкты бутургонго элуу беш кун убакыт берилет, колум кобунчо бош эле болуп калат, шериктерим квартирада жашагандыктан кетишет. Мен банкта эле жашачумун,  Москвада мумкун болушунча коп онор уйронгонго аракет кыласын го. Уйроно берейин деп Андрейге жардам берем. Жардам бергениме акча толоп берет, ошентип журуп бир жылдай убакытта коопсуздук боюнча дээрлик толук эле билип калдым.
  Банк курулуп бутуп, ишке толук кандуу берилишине чейин эле, он кун мурун банкоматтарды алып келип орнотуп, адамдар банкоматтарды колдоно башташат. Ал банкоматтардын  тогун мен улап берем, менден кийин коопсуздук боюнча ар кандай нерселер орнотулат. Аны да Андрей экообуз улайбыз, толук билем кантип иштешин. Анан програмисстер келишип, программаларын орнотуп, банктан адамдар келип банкоматка акча салып кетишет да, банкоматтар иштей берет. Програмисттер келгенде банкоматтар турган болмону ичинен култап, програмисттер ишин бутмойунчо эч кимди жолотпой сыртынан куралчан адам кайтарып турат. Жадакалса видеокамераларды очуртуп салат да, беш камера болсо бешоосуно тен датчик коюп коет. Эгер камераларды бироо иштетем десе датчик куйуп билдирип коет. Кыскасы эч кимге корсотпой орнотушат программасын.
 Банкта иштегенден кийин кааласан каалабасан да кантип тоноп кетсе болот деп ойлонот экенсин. А бир нерсени ойлонуп койгондон кийин, коз алдында курулуп жатса, озунон озу эле ар кандай жолдору коруно берет экен. Бирок ал убакта жон эле ой эле. Андай ишти чындап эле  кылам деп оюма келчу эмес. Кантип кылса болот деп ойлонуп эле койбосом.
Кобунчосу эски, колдонулган банкоматтар келет, бир жолу банкоматтарга ток берейин деп, ачкычын бизге таштап кетет андайда, чекесинен улап жаткам. Дагы бироон ачсам ичинен диск чыкты, сыртында "Microsoft XP" деген жазуу турат. Коргон козумо ишенбедим.
 Окурманга тушунуктуу болсун, банкоматтын ичинде кадимки эле биз колдонуп жургон компьютер турат (процессор).
Кантип эле ушунча акча турган банкомат ушул программа менен иштесин. Менин оюмда банкоматтар учун озгочо бир атайын заказ менен тузулгон, ото татаал программалар иштесе керек деп ойлочумун. Кокусунан тушуп калганбы деп да ойлодум.  Дискти ноутбукка салып коро албай койдум, чийилип жараксыз болуп калыптыр.
Билейин деп чечтим, мумкун чындап эле ушул программа менен иштейби. Камерасы бар эки телефон таап, четки банкоматтын устуно, иштеген адам толук корунуп тура турган кылып эки жерине орнотуп койдум.  Тигилер келгенче потолокко илинген светильниктерди текшерип шымаланып иштеген тур корсотуп, болмону бошот деп келишкенде эки телефондун камерасын жагып коюп кетип калдым. Беш сааттан кобуроок тарта бериш керек эми. Саат ондо башташкан эле, тушку бирге жумушун бутушуп кетишти. Эми мен банкоматтарга тийгенге укугум жок эле. Эгер ток келбей калса банктын коопсуздук кызматынын электриги келип гана ача алат банкоматты. Кечинде телефондорду алып корсом ошол эле "Microsoft XP" менен эле иштейт экен. Мен бул программаны беш колумдай билем да.  Тан калдым кантип эле ушундай болсун деп.
Эки программист иштешкен экен. Коруп отурсам, экоосу ар нерселерди суйлошуп иштеп жатышты. Айрыкча банкка, банкоматка байланыштуу создор. Кобунчо банктарды тоноп кеткендер жонундо, ар кимиси ар окуяны айтып. Бироосу Кытайда бандиттер банкоматтан доллардын курсун озгортуп акча алып кеткенин айтып калды. Экинчиси укпаган экен ал окуя жонундо, бекерчиликте бекер соз дедиби, аки чукусуно чейин айтып берди.
Коккуй дедим ичимен, эч оюма келбеген экен. Банктан автоматы жок деле акча алса болот экен да. Интернеттен издеп журуп бир банкоматтар жонундогу, атын айтпай эле коеюн, колдонмо таап алдым. Кийинки бир айда ошол менен гана алек болдум. Бара бара козум жете баштады бул ишти кылса болооруна. Ойлосом бут эле нерсе менин колумда экен, банкоматка ток беруу, коопсуздук датчиктерин орнотуу, айтор баары эле менин колумда экен. Аларды керек маалда очуро турган кылса болот да, ток откон зымдар баары эле дубалдын ичи менен отот. Дубал гипсокартон менен жабылат да, дубал менен гипсокартондун ортосунда беш жети сантиметрдей бош аралык болот.  Эгер банкты куруу иштери башталгандан баштап даярдана берсен, кылса боло турган иш окшойт. Акыры озум учун чечтим, ушул ишти кылам деп.
Озумун ордума бир бала таап келип шеригиме кошуп койдум экоосу иштей беришти. Тушунбогон гана жерлерин тушундуруп койбосом, интернетте эле отурдум. Создун кыскасы банкоматтан акча алуунун жолун таап, толук планын тузуп чыктым. Башында колдон келбей тургандай корунду эле. Ар кандай жолдорун ойлонуп жатып акыры таптым.  Бирок жардамчы керек эле мага, себеби мени камерадан корушсо дароо эле шекшип калышмак. Анан кичине эле издешсе мени билип коюшат эле.
Клавиатура менен процессорду байланыштырган кабелден отуз метр таап келип даярдап койдум. Кийинки банкты куруп жатканыбызда, банкоматтарды орнотушканда, баары уктагандан кийин тундосу уладым токту банкоматтарга. Банкоматка келген ток зымына кошуп клавиатуранын да кабелин дубалдын ичи менен алып келип, процессордун капталын тешип, коргон адам да тушунбосун деп ичинен уладым. Оною менен эч ким байкабайт эле. Себеби процессор банкоматтын ичине болттор менен сегиз жеринен кол батпай турган жерлеринен катырылат. Анын баарын ким бошотмок эле.
 Кабелдин экинчи учун банктын сыртына, алдынкы дубалы бут эле айнектен эле. Фундаменттин усту жамгырга суу тийбесин деп жука тунуке менен кооз кылып жабылган. Ошол тунукенин ичи менен алып чыгып, учуна клавиатурага улана турган разьем улап, тунукенин тубуно бекитип койдум. Электрик болгондуктан мага эч ким деле кирише бербейт, тушунбойт дагы да. Бул эмне зым десе, терезелерге реклама максатында ар кандай суроттор илинет, ошол суротторго жарык бере турган ток зымы дейсин болду. Банктын терезеси  буто берген жерде таштанды таштаган чон контейнер турат экен илгертен бери. Банктын адамдары алдырабыз дегенде, ошол жердеги адамдар тополон чыгарышып алдырбай коюшкан. Контейнердин жанына дукондон пиво алып чыгып адамдар пиво ичишип суйлошуп коп отурушчу. Кээ бирлери ноутбуктарын тизесине коюшуп алып бир нерселерди коруп отура беришет. Аны да токтотуша алган жок эч ким. Акыры макул деп кол шилтеп коюшту. Бироо кирем десе сигнализация иштейт да. Кабелдин учун ошол контейнердин жанына чейин тартып келип тунукенин тубуно бекитип койдум.
Эми планымы тушундуро кетейин, карточкага эки уч кун эртерээк жуз доллар салып, созсуз доллар салышын керек, себеби карточкандагы акчаны кандай валюта менен салсан, банкомат ошол валюта менен окуйт. Эртеси же качан болсо да кабель уланган банкоматка барып акчаны алышын керек. Андан эки мунот мурун мен бекиткен кабелиме ноутбук улап, банкоматтагы доллардын курсун озгортом. Канча кааласан озгортсон болот. Кааласан жуз долларыны жуз мин рубль кылып чыгарып алсан болот, кааласан беш жуз мин кылып. Камерага гана тушпошун керек, таанылбагыдай болуп барышын керек. Болду ушул эле менин планым.
Мындай ишке ар ким эле шерик боло бербейт эле. Иванычка айтып коройун дедим. Баласынын, Егордун электрондук дареги бар эле менде. Бирге иштеп жургондо керектуу материалдардын тизмесин, документтердин кочурмолорун жонотуп журуп калып калган экен. Егорго "Иванычта зарыл соз бар, жакшы иш чыгып жатат. Акчамы сурабайм коркпосун. Мени менен байланышсын"  деп телефонуму жазып жибердим. Созсуз чалат, акча дегенде жанын берет деп ойлодум эле. Ойлогондой эле эки кундон кийин чалды Иваныч. Бир жагынан менден эмнеге коркмок эле, мен эмне кыла алмак элем ага. Полицияга берейин десем же келишим тузбосом ал менен. Жолугуштук, машинеси менен келген экен, машинесине отуруп аны-муну сурашкандан кийин:
- Иваныч "тема бар", Егорго иш бар деп жон эле айтып койдум. Макул болсон, суйлошолу- десем, Иваныч мени чочугандай карап калды, бироолорду ортого салып акчасын алам деп атат деп ойлоду окшойт, дароо эле:
- Мен сага айттым го, озубуз да акчабызды ала албай калдык. Эмне мага ишенбей жатасынбы - дейт. Ошон учун чакырдынбы?
- Жок Иваныч токтосон, биринчи созду уксан- деп тушундурдум планымы. Мен анын бироого айтып коет деп коркпойт элем, себеби ага эч кызыгы жок эле мени бироого сатыштын. А оной акча дегенде ал атасын сатканга даяр адам эле.
Унчукпай созду угуп отурду, маал маал мени тан калып, " бул соо эле адамбы" дегендей карап коет. Бир эки суйлойун дегенде " токто, созду болбой тур" деп суйлотпой, кыскасы тушундурдум.  Анчага чейин машинесинин рулун эми коргонсуп, сылап сыйпап эле ой басып отурду.
-  Иваныч, экообуз кеминде беш жуз минден алабыз, уч балага жуз минден берсек болот. Эгер бул ишти жакшы бутурсок, кийин андан он эсе коп алып чыга турган ойлор бар- деп жакшы эле арбадым.
- Мен Егор менен суйлошойун, кечке жообун айтам- деп коштошуп кетип калды.
Мен банкта эле жашап жаткам, беш кундон кийин кетишибиз керек. Банк толук кандуу иштей баштайт эле, бизди кууп чыгышат. Менин ишим дээрлик бутуп эле калган. Банктын адамдары компьютерлерин, акча санагычтарын жана башка толгон токой аппараттарын алып келип орнотуп жатышат. Мен  алардын иштеген  иштебегенин карап, ошол жерде турушум эле керек.
Иваныч менен Егор ошол эле куну кечинде келишти.
Иваныч Егорду корсотуп:
- Кирсанов, Егорго кененирээк тушундурчу. Менин баары бир акылым жетпейт - деди.
Кагаз ручка алып келип банкоматтардын турган жерлеринен баштап, кантип улаганымы, кыскасы баарын чийип тушундурдум. Егор:
- Бекиткен кабелини королу- дейт. Макул болуп, жаныбыздагы дукондон бирден пиво алып контейнердин артына отуп, суйлошуп отурган адам болуп тунукенин тубундогу кабелди корсоттум.  Егор тушунду.
Машинеге барып отурганда Егор атасына:
- Кордум, кабель турат. Бирок ишениш кыйын, ото эле опурталдуу окшойт- дейт. Иваныч да ошондой дегендей башын ийкейт тимеле. Жиним келип кетти:
-  Ой Иваныч, коркунучтуу эмнеси бар, силердин ишинер кирип эле бир эки кнопканы баскылап, акчаны алып чыгуу эле. Бироо кармаган кундо деле, "акчамы алайын десем ушунча чыгарып берди" деп коесунар болду да. Анын эмнеси опурталдуу, эн кыйынын мен кылып атам го.  Болот же болбойт деп бир жообун бер. Болбой турган болсо ушундайында токтотуп,  унуталы  бул ишти.
Иваныч менимче тушунуп эле турду, озуно акча кобуроок алайын деп, ушул онорун корсотуп атат окшойт.  Иваныч акыры макул болду окшойт менин оюма:
- Макул Кирсанов, мен макулмун. Жана суйлошконубуздо бул иштен кийин чонураак дагы "тема"   бар дегендей кылдын эле. Ал кандай "тема"- дейт.
-  Азырынча айта албайм, биринчи бири бирибизди королу. Ишенсе болобу, иштешсе болобу дегендей, тушуносуз да. Кийинки "темада" кеминде торт беш миллиондон алсак болот. Бирок ал жонундо унуталы азырынча.
Иваныч мени карап:
- Кирсанов, капа болбосон сигарет чегип келбейсинби, Егор экообуз шыбырашып алалы-дейт. Макул деп машинеден алысырак барып тамеки чегип отурдум. Он муноттой суйлошушту окшойт, акыры телефон чалып чакырышты. Машинеге отурсам Иваныч эки алаканы менен рулун бир чаап:
- Макул Кирсанов биз макулбуз, айта бер анда, ишти болуштур, кимибиз эмне иш кылабыз. Руль сенин колунда капитан- деп карап кулот.  Учообуз бир сааттай отурдук, планды майда чуйдосуно чейин тушундурдум. Ар кимибиздин кылар ишибизди, саат канчада жана башка айтор секундасына чейин талкуулап, качан гана кынтыксыз экенине козубуз жеткенде тарадык. Элуу кундон кийин кечки саат он бирлерде ишке ашыра турган болдук "теманы".  Иваныч Приднестровьеден уч адам алып келмек болду. Иваныч "эмнеге элуу кундон кийин" дейт. Ар шылтоодун башын бир айтып кутулдум. Мага ошондой кылыш аябай зарыл эле. Акчанын жоголгонун билип, изилдеп,  издеп мага жеткенче кеминде он кун отот, ага чейин эгер баары жакшы болсо, Иванычтардын жардамы менен дагы бир иш кылышым керек.
Ал банкты бутуп, тапшырып, Москванын жанында Зеленоград деген шаарга  башка банкка кеттим.
"Теманы" кылар куну эртен менен саат ондордо Иванычтын адамдарын коройун деп, Москвадан жолуктук. Уч адам алып келиптир. Алар банкка киргенде жасалма сакал, коз айнек, мурутчан, кыскасы эртеси таанылбай турган болуп кириши керек эле план боюнча. Чыныгы озулорунун ону кандай экенин билбедим, бирок уч адам отурган экен машинеде, баары тен сакалчан, мурутчан, коз айнекчен. Иваныч мени тааныштырды:
- Кирсанов деп коем, силер учун деле Кирсанов. -деп мени карап- Кирсанов буларга ишенсе болот, ал жагынан кам санаба. Кечинде ушул турган кийимдери менен киришет. Баарын тушундурдум, акчаны алаарыбыз менен тундоп кайра кетишет. " Так что все путем". - дейт, макул дедим.
Кечинде ноутбук алып, кийимими озгортуп, ичиме уйломо жаздык ороп толо адамдай болуп , коз айнек тагып банкка келдим. Саат он бирден жыйырма беш мунот откондо магазинден пиво алып чыгып контейнердин артына, фундаментке отуруп калдым. Эки бомж отурган экен кууп жибердим. Контейнердин арты болгондуктан жолдогуларга коп деле байкала бербейт элем. А видео камера ал жерди корсотпойт эле. Эгер банктын ичинде бироолор болгондо да, айнеги сырттагыларга ичи корунуп, ичиндегилерге сырт корунбой турган айнек эле. Жанымда отуруп эле байкап койбосо, эч нерседен коркпосом болот. Пиво ичкен адам болуп отуруп ноутбукту кабелге уладым да, он бирден отуз откондо банкоматтагы  доллардын курсуна бир нол коштум. Иваныч уч карточкага 1500 доллар болуп салышы керек эле. Эгер иш жакшы бутсо он эсе коп кылып алыш керек.
Бир муноттон кийин биринчи адам кирип кетти. Уч муноттой жок болду да, чыгып кетти. Эгер баары жакшы болсо чыгып кетатып, эшиктин алдында турган таштанды чакага бир нерсе таштап чыгыш керек эле. Биринчи адам сигареттин бош пачкасын таштап отуп кетти. Мен дароо доллардын курсун баштапкы калыбына коюп койдум. Беш муноттон кийин экинчи адам кирип кетти, ал да чыгып кетатып таштанды чакага бир нерсе таштап кетти. Беш муноттон кийин учунчу адам да таштанды таштаган чакага бир нерсе таштап чыгып кетти. Ноутбукту узуп,  кабелдин учундагы разьемду кыркып салып, кабелди тунукенин тубуно бекитип койдум.  Пивому ичип бутуп, контейнерге ыргытып жиберип мен да кеттим ал жерден. Озумо озум тан калдым, башында кичине коркуу сезими болбосо, кийин корккон деле жокмун. Беш жуз метрдей басканда чакан автовокзал бар эле, арты токой эле. Ошол жерде Иваныч кутуп турмак. Барсам туруптур, озу эле экен, барпандап суйунуп алыптыр:
- Ну Кирсанов, эгер бироо калмыктын башы иштейт десе ишенбейт элем. Кеттик атанын гору зор жерге апарам, сабантуй кылабыз-деп айдап жоноду.
-Жанагы адамдар кана?
-Егор Украинанын чек арасына алып кетти, бугун тундоп чек арадан отуп кетиши керек алар. Ар бирине жуз минден бердим. Экообузго торт жуз минден тийди.
- Аа мейли акыры оозу бек адамдар болсо болду да. Кой Иваныч, сабантуйуну кой. Мен чарчадым, эки кундон кийин жолугайлы, соз бар. Азыр барып дем алышым керек.
- Ой журбойсунбу биринчи "темабызды" жуубайлыбы.
- Жок кой Иваныч ушуерге токто, мен Зеленоградка кетишим керек, такси таппай калбайын.
Иваныч чекеге токтоп акчаны болуп даярдап койгон экен, меникин берди. Дагы бир нерселерди суйлойун деди эле, суйлогонуно карабай коштошуп тушуп кеттим машинеден. Коз айнек, ичимдеги уйломо жаздыкты, башымдагы кепканы, устумо койнок, тубумо шым кийип алган элем чечип, баарын алып таштандыга таштап, футболкачан, шортычан болуп Зеленоградка такси менен жетип алдым. Эсептесем толук торт жуз мин экен.
Зеленограддагы банк бир кабаттуу узунунан кеткен имаратта эле.   Москвалык бир адамдын менчиги экен. Дукон, кафе, чачтарач жана башка ишканаларды ачып салыптыр. Биздин ишкана ошол имараттын чекесиндеги болмолорду арендага алып банк кылып ондоп жаткан. Эки орус баланы жардамчы кылып алдым. Дээрлик бардык ишти ошолор кылышты. Мен Андрей менен суйлошуп, арзан иштеп берем уйротсон болду деп, Андрейдин ишине жардам бердим. Эки кундон кийин Иваныч менен жолуктум, озу келиптир Зеленоградка.
- Кирсанов эмне кылабыз, бизден эмне жардам керек-дейт, мага биротоло эле ишенип алыптыр. Мен чынында бул адамдан коркчумун, эгер кобуроок акча болуп калса, эч ойлонбой ар нерсе кылышы мумкун эле.
- Эми Иваныч бул жолкусу кыйын болот, азырынча мага эч кандай жардам кыла албайсынар. Банкты эки уч кундо тапшырышыбыз керек, баары даяр болуп эле калды. Азырынча эч нерсе айта албайм, ошол куну айтам.
- Эй Кирсанов токто, эми шерик болгонубуздан кийин айтышын керек да жок дегенде устуртон болсо да.
- Туура го бирок мындай иште менин оюмча сак болгонубуз жакшы. Ошол куну айтам. Жакса макул болос, болбосо кете бересиз.
- Ой эмне мага ишенбей атасынбы, мен кимге айтмак элем. Мен деле тушуном да.
- Туура эмес тушунуп албаныз Иваныч, менин оюмча "теманы" оной эле кылабыз. Бирок ошол куну айтам. Эми ошол кунго чейин жолукпайбыз Иваныч, мен озум чалам керек болсонуз. Биздин бирге жургонубузду эч кимдин корбой эле койгону жакшы, айтып болбойт.
Акыры кетти, кантип айтмак элем ага. Ал барып кенешейин деп Егорго айтат. Егор оозу бош, созсуз бироого айтат, кыскасы айтышка али эрте эле. Акыры банкты тапшырдык.
"Теманы" аткарганга баары даяр эле.
 Иванычка даярдан,  беш кундон кийин кылабыз ишти деп смс жазып жибердим.
Ошол куну эле тундоп Ошко учуп келдим, детдомдо бирге оскон, эн жакын Самат деген досум бар эле. Экообузду армияга чейин мамлекет багып, армиядан келгенден кийин табышып  оз алдынча  жашоого жолду бирге баштаганбыз. Эл катары адам бололу деп канча иштегенбиз, иштебеген ишибиз калбаган. Тагдыр экен ал кылмыш дуйносун тандады. Бир балдарга кошулуп кеткен. Тундосу кеч калган жалгыз адамдарды тоноп, кундузу эл коп жерлерде, кобунчо базарларда "чонтокчу" болушат. Батирде бирге турчубуз, мени, окуп жургонумдо уч жылдай бакты окшойт. Акчасын аячу эмес, канча сурасам берип турчу. Кийин мен окуудан бош кезде башка иш таап иштеп калдым. Мен ак эмгек менен жашайм деп окуп, кыскасы калганын  окурман билет. Ошол досума келдим, ал уч жыл камалып чыккандан кийин, кылмыш жолун таштап, азыр чон бизнесмен болуп кеткен. Кара Суу базарына Кытайдан товар ташып келип иштейт, базардын чакан бир болугу ошого карайт. Бир адамга мени дайындады, ал мага жасалма паспорт, айдоочулук куболук жасатып берди. Парик кийип, мурут коюп, бетиме бир крем таап беришти, суйкосом онуму кара тору кылып койду. Ошол онум менен паспортко суротко туштум. Мени онойлук менен эч ким тааныбайт эле.  Эртеси жасалма паспорт менен Москвага учуп келдим.
Жарыяларды карап отуруп арзанырак Лада 2107 машина сатып алып, устага корсотуп, акчаны аябай бардык жагын ондотуп чыктым. Бир гаражды бир айга деп арендага алып, машинени киргизип, багын чыгарып алдым. Бакты сварщикке алып барып ортосунан болдуруп, бензин экинчи жагына отпой турган кылдырып ширеттирип, экинчи болугунун устунон кичине тешик кестирдим. Бакты машинеге орноткондо бактын тешиги арткы орундуктун тубуно келип калыш керек.
Эки бала таап койдум Кыргызстанга кете турган.
Бироосун правасы бар экен, айдашып кетсен болду деп бекер эле алып кете турган болуп, экинчисин да болбогон эле акчага  суйлоштук. Тундо жолго чыгабыз деп эскертип койдум.
Акыры ошол кун да келди. Бул кун жакындаган сайын  ар нерсени ойлоно берип, уйкум качып акыркы кундору уктай албай да калдым. Бир эки саат аран уктабасам, ойгонуп алып жата берем. Кээде ойлоном, токтотуп эле койсомбу деп.
Эртен менен саат сегизде Иваныч менен, Медведково деген метронун жанында Яуза деген суунун боюнда токойлуу жер бар. Ошол жерден жолуктук, ал жерде адамдар шашлык жасап эс ала турган жер эле. Иваныч менен Егор да биринчи таанышкан жок мени.
 Алар тортоо болуп келиши керек эле. Иваныч Егорду да алып келиптир, ойлодум эле аны албаса керек деп, кантсе да баласы го. Бир сыйрадан шашлык жеп болгондон кийин, бизден башка адам жок эле Иваныч баарын отургузуп:
- Кана Кирсанов баарыбыз чогулдук тушундур эми,- деп баарына жакшылап конул коюп уккула дегендей карап жаныма отурду.  Мен банктын картасын чийип келген элем, ошол боюнча тушундурдум:
- Тунку саат экиде ошол жерде болушубуз керек,  Иваныч сиз машинада каласыз, машинанызга жасалма номер таап койгом, ошону тагып, шаардан чыккандан кийин ыргытып жибересиз. Бугун машинанызды дагы бир усталарга корсотуп алын.  Силер банкка жете бербей остановка бар, мына бул жер-деп картадан корсоттум- тундосу ал жерде эч ким болбойт. Жанында бак бар, ошол бактын ичинде банкка чейин, жуз элуу метрдей, мен кадамдап эле эсептегем. Банкка жакын келип чоп коюу, чоптун арасында жатып турасынар. Банктын кухнясынын тубу подвал, жакшылап конул коюп карап жаттап алгыла. Мен экиден он мунот откондо подвалдын эшигин ачам.
Егор шашма эле, суроолорду бергиси келип аран отурган чыдабады окшойт:
- Эмне охрана деген нерсе жокпу ал жерде, банк болуп жаткандан кийин кеминде эки охранник болуш керек.
- Жок охрана болбойт банкта, зарылчылыгы жок анын, себебин тушуносунор го дейм, бут жерге кыймылды билгич датчиктер орнотулган. Бир нерсе болсо уч мунотто жетип келишет, себеби ошол банктан бир километрдей жерде милиция болуму бар. Алардан башка охранное агентствонун адамдары да тез эле келишип калат.
- Бардык банкка кире турган эшик атпай нерселерде сигнализация турат да, подвалдын эшигин ачсан эле кабар кетет да милицияга -дейт.
- Туура, бирок подвалдын эшигине коюлбаган, сигнализация подвалдан кухняга чыккан эшигине коюлган. Ошондуктан подвалдын эшигине коюунун зарылчылыгы жок. Банктын сигнализациясы торт группага болунуп, тортоосу торт автомат менен башкарылат. Бизге керектуу жерлерин мен кылгам, бул жагынын сигнализациялары биз барган маалда очук болот. Ал жагынан коркпогула.
- Токто Кирсанов, ал жагы кандайча очук болот. Тушундур, бул банк болсо, эмнеге очук болуш керек.
- Ал жерде кыймылды сезгич аппараттар турат, банктын иш убакты буткондон баштап бул аппараттар жагылып иштей баштайт. Кымындай кыймыл болсо дароо полицияга сигнал кетет. Бизге керектуу жерлердин кыймылды сезгич аппараттары бир проводдон ток алат. Ошол зымдын дубалдын ичинен откон жерине жонокой телефондун вибрация кылган моторчигине байланган. Телефонго звонок келгенде мотору айланып проводдун бир зымы ажырайт да, аппараттар иштебей калат.
Иваныч Егор менен дагы бир баланы карады "ушундай болобу" дегендей. Экоосу ойлонуп калышты эле:
- Кимде жонокой, кнопкалуу телефон бар- деп, бироосунукун алып, артын ачып, чалдым эле вибрация кылган мотору айланды. Кичине жип байлап дагы чалсам жип моторго оролуп калды. Иваныч башын чайкап тан калганын билдирди кыскасы. Баары болот дегендей баш ийкешти. Егор гана:
- Ал телефондун заряды тугонуп калбайбы?- дейт.
- Жок тугонбойт, токко улап койгом. Иваныч ал телефонго сиз чаласыз, азыр эле башка телефон, бекер тараткан симка алып даярдап коюнуз. Симканы, телефонду алып жатканда аты жонунуз эч жерге тушпошу керек, тушунуп жатасызбы, бул ото зарыл. Эч жакка чалбан, жакпан дагы ал телефонду. Кечинде эле керек маалда жагып, чалгандан кийин дароо очуруп, симканы сындырып, телефонду да эч ким колдонбой турган кылып сындырып, жок кылып салын.
- Макул, дарыяга ыргытып жиберем.
- Ок, анан экиден уч мунот откондо, сааттарыбыз баарыбыздыкы секундасына чейин так, тен болуш керек. Подвалдан кухняга биринчи мен чыгам, кухня менен кассаны бир дубал болуп турат. Дубал гипсокартондон жасалган, ортосуна стекловата салынып. Дубалдын сыртынан  арматура менен тор токулуп ширетилип чыккан. Ошол жерде тешиги бар, курулуш журуп жатканда, тундосу, эч ким жокто арматураны адам бата тургандай кылып кыркып, кайра ордундай кылып коюп сыртынан шыбап салгам. Шыбак эле кармап турат, ошону эле ачсак болду, эн эле кыйыны ошол.
Егор дагы чыдабады:
- Ильгиз сенин айтканыны уксак ото эле оной болуп жатат. Сигнализацияны очургон менен видеокамералар бар го. Деги эле мындай оной болбойт да.
- Туура видеокамералар бар, бирок азыркы камералар кыймылды билгич датчиктен сигнал барса гана иштейт. Башка убакта эч нерсени тартпайт, кыскасы иштебейт. Ойлосон озун деле, жон эле тарта берсе эч кандай флешка тутпойт да. Тундосу зал менен эле банкоматтар турган болмолор жарык болот, калган жагы очурулот да.
  Карасам баары эле мага ишенбегендей карашат. Иваныч болсо умуту очкон адамдай шолпуйуп калыптыр.
- Токтогула анда мындай кылалы, мага ишенбей атсанар керек. Тушуном биринчи укканда кызыктай туйулсо керек. Биринчи айтып бутойун, анан тушунбогон жерлеринерди талкуулайлы. Эгер ушунчалык эле ишенбесенер анда токтотуп эле коебуз, болгону эле ошол. Эч нерсе жоготпойбуз.
Баары макул дегендей унчукпай отурушуп калышты.
- Биз кирген жактын, кассанын светтери очурулот, ошондуктан камералар карангыда эмнени тартмак эле. Ошентип дубалды ачып кассага кирдик дейли. Эстен чыга электе айтып коеюн, баарынар колунарга перчатки кийгиле. Анан телефон албагыла, себеби текшере башташканда биринчи эле ошол маалда, ошол жерде кандай телефондор жургонун текшеришет. Деги эле телефон шпион сыяктуу, жагылуу эле болсо болду, кайсы маалда каерде жургонунду бут айтып берип коет. Эч жакка чалбасан да билинип калат. Ошого телефон менен ал жакка жакындай корбогуло. Деги эле ашыкча эч нерсе албагыла, чонтогунордон тушуп калбасын.
 Негизи банкта коп акча банкоматтарда гана турат, анан кассада дагы бир банкомат сыяктуу сейф турат, ошол сейфте коп акча турат. Биз ошол кассадагы сейфтеги акчаны алабыз. Ал сейф башка сейфтер сыяктуу эшиги ачылып жабылма эмес, банктагы кассир-оператор деп коет, ошол гана билген код аркылуу акчаны сейф чыгарып берет, же сала алат. Кассир оператор да ача албайт ал сейфтин эшигин. Инкассаторлор гана келип ачпаса башка эч ким ачпайт. Ключу ошолордо эле болот. Ошол ключ менде да бар.
- Сен каяктан алып журосун ал ключту, сага ким берди?
- Ким бермек эле мага, банкоматтар жаны келип орнотулганда мен ток беришим керек, дагы бироолор дагы бир иштерин кылышы керек, эки уч кун ключ бизде болот. Ошондо жасатып алгам.
Кассага кирген дубалды ачкандан кийин Егор экообуз кассага киребиз, ушул жерден баштап мумкун болушунча тез кыймылдашыбыз керек болот. Себеби кассага залдын жарыгы кирип турат. Залдагы кыймылды билгич аппараттар иштеп кетиши толук мумкун. Андай болбойт ко бирок айтып болбойт, бироо жарым кокусунан аппаратты кассага буруп коюшу мумкун. Мен ошол жердеги бир зымды узушум керек, оной эле, бири бирине разьем менен уланган, Егор сен сейфти ачып акча салынган, кассета деп коет, кассеталардын устунку экоосун аласын. Жакшылап эстеп кал эн устунку экоосун аласын. Ошолордо эн устункусундо беш миндиктер, тубункусу мин рубльдыктар. Дагы алам деп оюна да келбесин. Убактыбыз ото аз болот. Ашып кетсе уч эле мунот убакыт болот. Башка эч нерсеге тийбе, дагы кайталайм эч нерсеге тийбе.  Кассирдин столунда бир мин же беш мин рубльдык бир пачка акча ар дайым турат. Айрыкча ошого этият бол, ал пачка акчаны атайын ууруларга, тоноочуларга деп коет. Пачканы аларын менен сигнализация иштеп кетет.
Иваныч:
- Кирсанов сейфтердин код менен бурап ачыла турган нерселери болот ку, кантип эле бул сейфтин анысы жок.
- Андай бурагычы кассанын эшигинде болот, биз эшигинен кирбей атабыз го.
Азыр оюму болбой тургула, айтып бутойун, анан суроолорунарды бере бересинер.
Егор сен кассеталарды алып тешиктеги балага бер, бироосу подвалда турсун, экинчисин да алып тез чыгып кеткиле да, бактын жанында машинаны жургузуп даяр болуп тургула. Мен артынардан эле барып калам.
Иваныч :
- А сен эмне кыласын- деп бир нерседен шекшигендей мени карап калды.

- Сейфтин ичинде да кыймылды билгич аппарат болот. Сейфтин эшиги ачылганда иштеп кетиш керек да полицияга кабар барыш керек. Ошол аппаратка электр тогу келген проводду сейфтин эшигин ачпай туруп узуп коюшум керек да, уч секунддун ичинде датчикти башка жакка каратып туруп кайра улашым керек. Уч секундга чейинки токтун жок болушу эч кандай сигнализацияны иштетпейт, себеби свет очуп калса, кошумча токко уланганга уч секунд убакыт кетет. Коопсуздук системасы аны эсептебейт. Эгер уч секундда жетишпесем иш чатагына айланат.
- Уч секундда жетишесинби?
- Жок мен аны уч секундда улашка жетишпейм, ошого бири бирине колум менен тийгизип кармап турам силер чыгып кеткенче- деп койдум. Албетте бул жалган эле, ал зымды узуш керек, бирок башка зымга тийгизиштин зарылчылыгы жок. Макул аягында тушунуктуу болот.
Иваныч унчукпай калды.
-Мына ушундай менин планым. Эгер суроолор, жакпаган жерлери болсо айткыла талкуулайлы, тушундуруп берейин.
Банктын ичинин картасы, остановкадан банкка чейинки картаны учтон кылып чийип келген элем, таратып берип:
- Мен сууга тушуп келейин, ага чейин картаны коруп, ойлонуп тургула. Эгер болбойт десенер болбойт, болот десенер бугун тундо миллионер болобуз. Эгер менин планым менен, мен айткандай так аткарсак эч кандай коркунуч болбойт - деп сууга кеттим. Сууга бир эки тушуп, кунго кактанып жаттым. Бир сааттан ашык талкуулашты, бир маалда Иваныч келип жаныма отурду.
- Кирсанов балдар макул болушту, мен да макулмун. Эми биз мин караган менен сен эле билет экенсин эмнеси кандай болгонун. Сага ишендик, козун толук жетеби кутулуп кетишибизге?
- Эгер балдарыныз коркуп кетип ката кылып жибербесе эле, ишти так кылса баары жакшы болот. Бул жерде эки ай жашадым, баары тынч болушу керек. Эгер мен айтканды балдар так аткарса, эртен мененге чейин эч ким эч нерсе билбеши керек. Мен балдарынызды жон эле коркутуп койдум уч мунот убактыбыз бар деп.

- Макул мен балдарга айтам, спортсмен, бир жолудан турмого отуруп чыккан балдар булар, коркушпайт. Мага ишене бер. Канча акча алып чыгабыз деп ойлойсун банктан, ну  примерно?
-  Так айта албайм, озунуз эсептеп корун, бир кассетага эки жарым мин даана акча батат. Ал банк ачылганына аз эле болду, кобу биле бербейт, адам аз келет азырынча. Кеминде бир жарым минден ашык купюрадан эки кассета алып чыксак. Беш миндик, бир миндиктер болот.
 Иваныч ойлонуп отуруп калды, коркуп жатат да, карыганда ким эле турмого тушкусу келсин. Бир жагынан баласын да кошуп алды.
 - Шаардын чекесине дагы бир машина коюп коелубу, алмаштырып минип кеткенге.
- Барбы ?
- Гольф бар эски, анда ошол менен келейинби банкка?
- Ишеничтуубу ал машина?
- Уч кундон бери Егор эки досу менен ондошуп чыкты, жакшы, ишеничтуу.
- Эми бизди эч ким деле артыбыздан куубаса керек, озунуз билин.
Саат учтордо тарадык, акыркы кундору аябай жаман болуп журот элем, негедир ишти суйлошуп, бир жактама чечилгенинеби аябай эле женилдеп калдым. Конулум которулуп калды эмнеге экенин тушунбодум. 
Тунку саат бир жарымда жигули менен Зеленоградка келип, шаардын кире беришинде куну туну иштеген чон соода борбору бар, ар дайым адам коп болот. Ошол жерге машинаны токтотуп, велосипед жуктоп келген элем, велосипед менен банкка жонодум.
 Банк жайланышкан имараттын арт  жагы дон болуп кетет. Жуз метрден кийин он кабаттуу узунунан кеткен уй бар. Банктын арты чоптор озуп, таштанды ташталып каралбай кеткен. Ошол жерге чоптун арасына велосипедди бекитип, чоптун арасында жаттым. Эч ким деле жок, анда санда эле кеч калган адамдар шашып отпосо бул жерден эч ким деле отпойт. Эки айдан бери жакшы эле билип калгам бул жерлерди. Акыры саат эки болду, балдар бекинип жатыш керек болгон жерди карап карап коем эч нерсе билинбейт. Келбей калыштыбы деген да ой кетти. Телефон чалып сурайын десем аны да таштап келгем. Экиден сегиз мунот откондо, подвалдын эшигине килейген кулпу илинип турчу, бул кулпуну мен да канча жолу ачып жапкам, себеби подвалга канча керектуу материалдарды сактагам, бир ачкычын бербей койгон элем, ошону менен ачтым. Артыман шыбырт угулду, Егор экен. Артында эки баланын башы корунуп турат, азаматтар жакшы эле тушунушкон экен, даже мен байкабасам. Кирип ичинен жаап  алдык. Экиден он бир мунот откондо Иваныч сигнализацияны очургону телефонго чалыш керек. Подвал бийигирээк болгондуктан, боюм жетпейт эле, Егор менен шериги мени которушту. Подвалдын эшиги оор эле, себеби калын темирден жасалып, устуно калын кылып цемент куюлуп, анын устунон кафель жармаштырып салынган эле. Замогу магниттен эле, сигнализацияны очургондо ал магнит да очушу керек. Колумда ток бар жок экенин билуучу отвертка бар эле, тийгизип турдум, ток бар болсо свети куйуп турат, ток очоору менен отвертканын да лампочкасы очот. Экиден он бир откондо отвертканын  лампочкасы очту.
 Подвалдын эшигин эптеп ачтым, айткандай эле карангы эле. Чыгып Егорду, дагы бир шеригин тартып алдым, учунчусу подвалда калды. Кассанын дубалын кармалап жатып, колго аран байкалган "о" тамгасынын изин таптым, ошонун туп жагында жука зым бар, кычкач менен акырын тартсам, зым тешиктин ордун корсотуп дубалдын шыбагын кочуруп тушту. Ошол жерди акырын кучко салып туртсом дубал ичине "дун" деп эле кулап тушту, кармай албай калдым. Биринчи баарыбыз дымып жатып калдык, анан мен шашып тешиктен кассага кирип кеттим. Эгер бироо жарым уккан кундо да бизди эми тездик, чечкиндуулук гана сактап калмак. Залдын жарыгы дапдаана эле жарык кылып турат экен кассанын ичин, штору гана жарымына чейин тушурулгондуктон бизди камералардан тосуп турду. Карасам Егор жалдырап мени карап жатат ордунан кыймылдабай:
- Егор эмне жатасын, биздин уч мунот эле убактыбыз бар- деп ачуум келип кетти,  унум жыландын унуно окшоп заардуу болуп чыкты. Эч байкабаган экенмин ушундай унум бар экенин. Егор шашып бушуп жормолоп кирди кассага. Ачкыч каттуу пласстмассадан жасалган, узун эле. Ачкычты салганда да озунун жолу бар эле, Егор аны эптей алмак эмес, ключту сейфтин замогуна салып бурап бердим, эми тартса эле ачылат эле. Кассир отурган столдун тубуно кирип бир нерселерди кармалаган адам болуп, "давай" десем , Егор солдойгон бою менен аябай шамдагай экен, ушунчалык тездик менен сейфтин эшигин ачып эки кассетаны алып шеригине берип, озу да чыгып кетти, ал кетээри менен сейфтин эн  тубундогу кассетаны алып мен да чуркадым. Эшикке чыгып Иванычтын машинесин карасам, мен ойлогондой эле болду, мени кутушкон жок, балдары отураары менен машинасын каттуу айдаган боюнча кетип калды. Эч нерсеге карабай велосипедке чуркап барып, белиме футболканын ичинен  рюкзак байлап алган элем, кассетаны салып, артыма илип алып банктын арты менен он кабат уйдун арты парк эле, паркка кирип велосипедди кучумун барынча айдап банктан алыстап кеттим. Он беш мунотто машинага жетип, велосипедди ошол жерге таштап, машина менен Москваны коздой жонодум.  Химки деген шаар бар жолдо, ошодон отуп ээн талаага келгенде кассетадагы акчаларды алып машиненин арткы отургучун чыгарып, бактын ичине тешигинен акчалардын баарын салып отургучту кайра ордуна коюп койдум. Жолдон чон дарыя отот, ошол дарыяга кассетаны ыргытып жибердим. Москвага жете бергенде Кыргызстанга кете турган балдарга чалсам, уктабай кутуп турушкан экен, уйунон алып Кыргызстанга жонодук. 
Кыргызстанга Талас аркылуу оттук. Себеби Нурбек Таластык, Алишер Базар- Коргондон экен, Отмоктон башка таксиге отуруп уйуно кетем дейт.
Алардан кутулаарым менен парик, жасалма муруттарымы алып ыргытып, жасалма паспортту, праваны орттоп салдым. Бишкекке келип машинаны да сатып жибердим.
Иванычты ойлодум, мага капа болуп жатса керек. Себеби жонокой банкоматтарда эн ойдосундо беш миндиктер, андан кийин мин сомдуктар, беш жуздуктор болуп кетет. Ал эми кассадагы сейф банкоматта тескерисинче, эн ылдыйында беш миндиктер, андан жогору мин сомдуктар, анан беш жуздуктор болуп кетет. Егор алып чыккан кассеталардын бироосундо элуулуктор, экинчисинде жуз рублдыктар эле. Мен алып чыккан кассетада беш миндиктер болчу.
Бишкекте эч кимге корунбой бир ишеничтуу досумдун дачасында эч жакка чыкпай жаттым. Машина сатып алып айнектерин карангылатып алдым, Менин бул жерде экеними эч ким билбеши керек эле. Учунчу куну чыдабай Ватсаптан айылдагы коншума чалдым, унумон эле тааныды. Менден торт беш жаш улуу Эльдияр деген адам эле, экообуз дос катары  элек. Нарактан аялынын "ким, Алмазбы" дегени, балдарынын шоктук кылып кыйкырышып жаткандары угулду. Алардын унун укканда уй булому, бир убактагы бактылуу бейпил жашоомду эстеп куса болуп кеттим.
 Бир жыл эле мурун Бишкекке жакын Шопоковдун жанындагы, атын айтпай эле коеюн,  бир айылда уй булом менен жашачумун. Азыр эч кимим жок, жадакалса уйум да жок минтип бироодун дачасында бекинип жатам.
Эльдияр байкеге  Москвадамын деп койдум. Ошол кеткен боюнча суйлошо элек элем, озу деле тушунду окшойт, сурабасам деле уй булом тууралуу айтып берди.

Аялым, аты Гулназ, менен ажырашып Москвага кеткенден кийин, ал Максаты менен ачык эле журуп калыптыр, Максаты уйумо келип туноп да кетчу экен кээде коншуларды да козуно илбей. Кыздарымы тайэнесиникине жонотуп жибериптир. Угуп алып жанымы коерго жер таппай калдым.  Ушунчалык жаман тийди, эмне кылышты да билбей калдым. Кийин Максаты Гулназды алдап, Туркиядан алтын алып келип сатабыз деп уйду куроого коюп, аябай коп акча кредит алыптыр. Экоосу Туркияга барганбы жакшы тушунбодум, кыскасы жок кылып салышыптыр акчаны. Гулназ азыр кредитти толой албай белгисиз жакка качып кетиптир, кийин билсем Россиянын бир шаарына кетиптир, эч ким билбейт экен кайсы шаарында экенин. А Максат журот дейт жыргап дагы башка келин кыздардын башын айлантып.  Кантип  ушундай адамдарды жер чыдап которуп журот  тушунбойм.
Максаттан оч алышым керек эле. Ушул адам эле менин тагдырымы талкалаган. Ачык чыксам бийлик булардын колунда, мени оной эле каматып же дагы бир нерсе кылышмак. Менин бассам турсам ойлогонум ушул кудай ургурдун турмушун талкалап, мен коргонду коргозуу эле болуп калган. Гулназды да кыйнагым келген бир убактарда, бирок азыркы акыбалын уккандан кийин кайра аяп да калдым окшойт. Каяктарда журот болду экен, бироолордон умут кылып, бироодун козун карап. Элестетсем жаным чыгып кетет, жаманбы жакшыбы беш жылдан ашык бирге жашадык, эки кыздуу болдук.
Аялым Оштон эле, кыздарымы кайнатамыкына алып барып салган экен. Бир куну коргум келип Ошко бардым, кайнатамыкына барып, уйунон эки уч уй жогорураак токтотуп карап отурдум кыздарымы чыгып калабы деп. Машинамын айнектери карангылатылгандыктан эч ким корбойт эле. Бир маалда кичинеси,  эки жашар кызым ыйлап чыкты дарбазадан, бою осуп калыптыр анча эле бир жылда. Быйтыйган муштуму менен улам-улам жашын аарчып коет.  Артынан чон кызым чыгып анын колунан жетелеп кочонун башына жоношту.   Ар нерсени айтып сооротуп баратты окшойт. Кичине кызым шолоктоп алган тимеле. Кочонун башына барып, чон жолду карашып турушуп калышты. Чон кызым да ыйлап жиберди окшойт жашын аарчып ошол жерде отуруп калды. Кичине кызыма чон жолду корсотуп, бир нерселерди айтып жатты. Ушул жактан апам келет деп жатты окшойт, же атам келет деп атты бекен. Ушунчалык жаман болдум, эки алтындай кыздарымы машинага салып алып алыс жактарга алып кетип калгым келди. Бир маалда кайнагамын аялы чыкты, колунда чуук,  чекчендеген
аял эле, чон кызымы атынан  кыйкырып чакырды эле, экоосунун тен журогун алып койгонбу ыйлаганын тып токтотушуп уйду коздой тез тез басып жоношту. Ушунчалык коркуп калгыдай кандай мамиле кылып жатты экен бул акмак жене. Акыры ал деле эне го, озунун балдарынын ордуна коюп корбойбу. Женеми биринчи коргондо аябай сулуу корунгон, кийин бара бара кылган кылыктарын коруп жек коруп калгам. Эки жашар эч нерсени тушунбогон наристе урушканда ыйын токтотуп, айтканды аткарып калган денгээлде коркок кылып коюш учун кандай адам болуш керек.  Женеми ушунчалык жек коруп кеттим, оюма эч нерсе келбей башым ооруп чыкты. Козумон жаш тамчылап кетти, кадимкидей ыйлап жибердим, ичиме толуп калган окшойт ушунчалык, башымы ылдый кылып алып аябай ыйладым. Эс тарткандан бери эстесем, омурумдо ыйлаган эмес элем. Бул жолу ыйладым. Кыздарым ээрчишкен боюнча унчугушпай уйго кирип кетишти, артынан женем чуугу менен чон кызымын бутуна бир чапты эле, кызым ыйлаган да жок, кайрылып караган да жок, унчукпай башын жерге салып кирип кетти. Эмне ушунчалык конуп бутконбу чуук менен сабаганга. Женем колдорун шилтегилеп, бир нерселерди айтып кыйкырып, кирип дарбазаны жаап алды.
Ээх кимдин оюна келет дейсин ушундай акыбалга жетет деп.
"Максат озунон кор, козунон кан агызам" деп суйлонуп алдым, рулду каттуу сыгып кармап алыпмын.
Максат деген коншу айылдан болот. Булардын уйбулосу биздин эле эмес, коншу райондорго да таанымал, атактуу уй було эле. Бут туугандары чон иштерде иштеп, Максат озун кудайдай эле сезчу. Бироо бир нерсе дей алчу эмес, аксакал эле адамдарды согуп, шылдындап суйлой берчу, баары эле кулуп кутулуп кетишчу. Ону да кыздарга жага турган, сулууча келген адам эле. Бир жолу аялымын жумушуна бир иштер менен барсам ошол отуруптур, анда маани деле бербегем. Негедир ошол куну кечинде аялымын конулу ачык келди уйго,  баарыбызга кулуп суйлоп. Кийин арадан анча откон, дагы отуп кетатып кире койсом аялымын жанына отуруп алып экоосу компьютерден бир нерсе корушуп атыптыр. Ошондо бир нерсени сезип, бирок озум андай жолдорго баспагандыктан кантип эле ушундай болсун деп алыс куугам жаман ойду. Кийин сурасам бир документ жазып берип жатат элем деп кутулган. Кийин ар кимдерден ар кандай кыйытып айтылган создорду уга баштадым. Бирок ишенген жокмун, аялым аябай сулуу эле, жакшы корчумун.  Жайнаган коздоруно карап туруп кантип эле ушул коздор алдасын дечумун. Бир куну ойдо эч нерсе жок жумушуна барсам ордунда жок. Эшикке чыгып чалсам, комиссия келген эле ошолорду сыйлап журобуз дейт. Кимдер менен десем, бирге иштеген эки уч келиндин атын айтты. Алардын экоосун азыр коруп чыккам, ордунда эле отурушат. Макул деп телефонду очуруп ошол кыздарга кирсем бироосу телефондо суйлошуп жаткан экен мени коруп эле, башын жерге салып башка болмого кирип кетти. Аялым чалып сурап жаткан окшойт. Кайра чалсам очуруп коюптур телефонун, айткан жагына барсам жок ал жакта эч ким. Кечинде карангы болуп калганда келди, кызуу анча эле. Макул эртен менен суйлошойун, азыр баары бир эч нерсе чечилбейт деп болмомо кирип жатып алдым. Эртен менен деги куноолуу эместей кулуп жайнап журот, создун кыскасы уйдо уруш чыкты, ачуум менен бир эки чаап жиберсем, дароо телефонун алып:
- Максат келип мени алып кет, а то мени олтурот - дейт.
 Ал да ушунчалык копкон окшойт, торт бала ээрчитип келиптир, колунда пистолет.  Максат келээри менен Гулназ анын артына бекинип, аны коргоочусу коруп, тимеле мен аябай катуу уруп, кордоп салгансып, озондоп ыйлай баштаса болобу.  Оозум ачылып калды, эгер мени ушунчалык жаман корсо, мени менен жашагысы келбесе жон эле ажырашып кете бербейби. Эмне ушунчалык жаман адаммынбы мени мынчалык жаман коргудой. Жаман корсо кантип ушул убакка чейин билдирбей, мени менен жашап журду, мага кулуп суйлоп, тамактарды жасап берип. "Кеткиле" деп кыйкырдым, баары ээрчишип чыгышып кетти.
Айлам куруп отуруп калдым, эмне кылышты билбей. Акыры Россияга кетуудон башка жол таппадым, азырынча ошол жакка барып турайын. Бул жерде журсом ачуумун кучу менен бироо жарымды бир нерсе кылып койбоюн деп, жумушуман бошоп, Россияга кеттим.

Кыздарымын акыбалын коргондон кийин Максатты баары бир бир нерсе кылбасам тынчып отура албай турганмын. Ошол туну эле Ошко бардым, Самат досумдун адамдарынын колунан келбеген нерсе жок эле. Бир килограмм апийим таап беришти, Бишкекке келип  Максатты бир жума андып журдум. Дээрлик кундо ар кандай келиндерге барат экен, куйоосу бар баарынын эле. Аялдарыбызга эмне болгон, бир жумада уч келиндикине барды, мейли бироосу куйоосу жок, а берки экоосучу, куйоолору Москвада экен, кийин Эльдияр байкеден сурасам. Куйоолору ар кимдин иштерин кылып журот ко акыры ушул аялын багайын деп. Ыйык никеси бар го, чон куноо го. Аялдар куйоосун аябаса да балдарын аябайбы. Бир жерден окуган элем, никеси бар аялга барсан, адам олтургондон да чон куноо болот деп. Кесири балдарына тиет, бактысыз болот деп окуган белем же укканмынбы эстей албай койдум.
Машинасы менен барып, тундо машинасы кочодо эле калат. Бир куну дагы андып журсом, айылыбыздын этегинде сайдан чон суу агат. Бир тааныш келин бар эле, жакшынакай эле,  бала бакчада тарбиячы болуп иштечу. Ошол экен, машинанын жарыгынан тааныдым.  Биздин кочонун башында жашачу, куйоосу Ошко адам ташып иштечу. Ошол коншу келин менен  суу жакка барып, Максат анча эле мас экен, машинасын ачык эле таштап коюп, экоосу сууга тушушуп суу чачышып ойной башташты. Тунку саат бир болуп калган, эч ким жок эле бизден башка. Машинесине чуркап барып арткы эшигинин панелин чыгарып, ичине пакетке кабат болуп оролгон апийимди бекитип, кайра жаап коюп кетип калдым.
 Ушул келинге тан калдым, куйоосу, эки баласы бар туруп ар кимдер менен жургонун. Бир жолу биздин айылда "Аристократ" деген чакан кафе бар. Тамактанып алайын деп кирсем эч ким деле жок экен, бир кабинкасына кирип тамактанып бутуп, колумда китебим бар эле, бир аз дем алып алайын деп окуп отургам. Унунон тааныдым ушул келин бир шериги менен кирип, менин жанымдагы кабинкага кирип тамактанышып калышты. Тынч отурганыма эч ким жок деп ойлодубу шеригине:
- Бир жолу тунку саат бирлерде эч жактан таппай,  ушерден арак алып кеткенбиз- деп калды.
Шериги тан калды:
- Ии эмне анчалык, мейман келип калды беле уйунорго?
- Бир жакшы тааныштар бар эле, биз Арсланбапка барганда бизди сыйлашты эле, кийин биякка келгенде биз сыйладык. Сен тааныйсын, мени менен иштеген Динар менен Айканы ошол учообуз сыйлаганбыз. Орто- Сууда, токойдо сыйлаганбыз, арак аз алып алган экенбиз, ошол жактан тундо келип алып кеткенбиз.
- Кимдер эле алар, уйдо эле отурсанар болбойт беле?
- Ээ кандай тушунбойсун, "спонсорлорубуз" да. Бизди учообузду Арсланбапка ошолор чакырган, барып уч кун ойноп келгенбиз. Такси менен барганбыз, акчасын толошкон.
- Таксист айтып койбойбу?
- Озубуздуку да, аны да ыраазы кылып коебуз жолдо кетатып эле.
- Кокууй бетим, силерге баары бир болуп калыптыр го. Куйоолорунорчу, аларга эмне шылтоо айтасынар?
- Ээ кыйын беле, уйго барып келейин деп коем да, эртеси ишке келип уктап алып кечинде эч нерсени билдирбей уйго бара берем. Канча жолу болду андай. Бизге кошулсан жашоон анча кызыктуу болот- деп каткырып кулот.
- Ээ койчу нары, озуно эле буйрусун, мен куйоому жакшы кором, балдарым бар. Андай жолго барыш оюма да келбейт. Куноо иш кылыпсынар да, дагы бала бакчада иштейсинер а учоон тен, наристелерге ошол арам колдорунар менен тамак берип,  кой мен кеттим - деп жини келдиби, чыгып кетти. Тиги келин каткырып кулуп кала берди.
"Ооой" дедим ичимден, эмне заманга туш келдик адамдар, куноо иштерин мактанып отурса минтип. Бир куну минтип отурса Кыргызстанды, ушундай шуркуялардын айынан Кудай катуу жазалайт ко. Аябай жиним келип, кабинкадан чыгып кетатсам, чочуп кеттиби, ким эле дегендей эшигин ачып мени коруп, уялып эшигин жаап алгандын ордуна кулуп коет. Башымы чайкап, жаман коруп карап коюп чыгып кеткем. Дагы жылмайып коет уялбай, ооба мындай адамдарга айла жок. Айтсан кулуп, кайра озуну ар нерсе деп шылдын кылса керек. Баары бир болуп калат окшойт да, "ээ Кудайым сакта".
Максат эртеси, Бишкекте иштечу, жумушуна саат ондордо кетти. Кундо "Мадина"дагы уйгурлардын кафесинен тамактанчу, бугун да кундогу убагында келди кафеге. Жаш, жакшынакай бир кызды ээрчитип алыптыр. Машинамы жолдун аркы бетине токтотуп, милицияга чалдым. Он мунот откон жок, бир чакан автобуста спецназдын адамдары келип, машинаны курчап калышты.  Экоосу кочодогу адамдарды токтотуп кубо кылышып, машинанын дароо эле эшигинин панелин ачып апийимди таап алышты. Максат тушуп келатып, алыстан эле эмне болгонун тушунду окшойт,  дароо  бир жакка чалды. Ангыча милициялар да аны коруп калып,  кармап колун кайрып машинесине салып кетишти.
Эки кундон кийин Максатты Бишкектен дал ошол уйгурлардын лагманканасынан кордум. Эч нерсе болбогондой кулуп жайнап эле журот. Тез эле кутулуп чыгып кеткенине маашырланып, ого бетер бакылдап суйлоп калыптыр. Эми машинага ким апийим бекиткенин издей башташат эле. Бийлиги куч экен булардын, апийим менен кармалса да чыгарып кетишсе. Азыр катуу издешет, бирок убакыт откон сайын, бара бара токтошот. Бир туугандары Максаттын озунон деле коруп калышы мумкун. Бир айга Колго кетип калдым. Эл азыраак деп Кара Колго барып, шаардын чекесинен бир болмону алып бир ай жашадым.  Бир ай дегенде кайра шаарга келдим, бул жолу Ошко, Самат досума бардым, баарын тушундуруп айтып бердим. Эскирээк корунгон БМВсы бар экен, "мерстин" мотору коюлуптур. Айнектеринин баары, алдынкы эки эшиги ок отпос болуп жасалган экен, ошол машинасын мага берди, документтерин да жок эле бир адамга жаздыртып койду.  Ошентип кайра Бишкекке кеттим, Кудай жазалабаса, милициялар жазалабаса, мен  жазалайм сени дедим. Уну чыкпас пистолет таап берди, торт магазини менен. Эми аны олтуром деген оюм жок, андай ой тушумо да кирбейт. Бирок кантип жазалайм деп ойлонгон да жокмун, ошол маал келгенде шартка карап коро жатарбыз. Пистолетти озуму коргоо учун алдым, булар бай адамдар эле, копчулугу куч органдарында, чон кызматтарда иштешчу. Курал созсуз болот да буларда, айтып болбойт эле. Бронежилет алып койдум, баарын бекиткенге машинанын ар жеринен жашыруун жерлерди жасатып, ошол жерлерге бекитип койдум. Дачага келип жашап калдым, тундосу гана чыгам,  айылга барып Максатты андый баштадым. Мурункудай эле журот эч нерседен коркпой. Учунчу кун дегенде айылда бироо уйлонуу той кылып жатыптыр. Максатты созсуз чакырышат да. Аны издебей эле той болгон уйго барып жогорурак отуп, машинаны токтотуп, култап коюп, той болгон уй айылдын четинде эле, жолдун берки бети талаа болчу. Жугору эгилген экен, арасына кирип бекинип отурдум, колумда пистолет. Максат тойдо экен, ортого тушуп алып бийлеп жатат, мас анча эле. Ошо бийлеп аткан жеринен эле атып салгым келет, тамеки чегип озуму алаксытып отура бердим. Саат он бирлерде кетейин дедиби эшикке чыгып, артынан тойдун ээси кошо чыкты узатып. Экоосу бир аз суйлошуп калышты, суйлогондору даана угулуп жатты. Тойдун ээси алтымыштардагы адам эле:
- Максат балам, мени ук, муну техника дейт айдабай эле кой. Балдар жеткизип койсун- деп кондурушко аракет кылып жатты, колунда туйунчок, тойдон устукан, майда-чуйдо салып берген окшойт.
- Ээ кандай бу, озунуз деле тушунбойсузбу. Балдарыныз узатып барса мага "мешайт" этип койбойбу, мени азыр тээтиги талдын тубундо бир периште кутуп турат ха-ха-ха. Куйоосу бугун келбейт экен, - деп аксакалды далысына чапкылап- рахмат тойго чакырганынызга. Мен барып устуканымы жеп келейин, арак салдынызбы? - деп машинасына коздой басты. Аксакал да артынан туйунчогун кармап ээрчип басып:
- Эки шише арак, бир коньяк да салып койдум-деп бойпондойт.
Мен да машинама барып, жургузуп даяр турдум. Максат машинасы менен жаныман отуп кетти да, кочонун буто беришинде чон тал бар эле, ошол жерге барып токтоп, бир аз турду да, кутуп турганы отурду окшойт журуп кетти.  Талаага кетишти, бул жакты жакшы билем, тушундум каякка барышаарын. Чон суу откон, берки жээги жар бут эле. Катарынан оскон ондон ашык дарактар бар, ошол дарактарга барат. Айыл буткон жерден бир чакырымдай алыстыкта.  Он муноттой турдум, артынан эч ким барган жок.
"Эми шашпа,  сени бугун мен соттойм" деп суйлонуп артынан кеттим. Айылдан чыгып, эки жуз метрдей жургондон кийин машинаны жугорулордун арасына бекитип коюп жоо жонодум. Дарактардын арасына жетип, карасам экоосу олтурат, каткырып кулушуп, ырдашып. Саат он бир жарым болуп калыптыр. Тезирээк бир нерсе кылбасам Максатты издеп келип калышы мумкун эле. Дарактардын тубундо отурушкан, жакын барсам деле байкашкан жок. Бир маалда Максат туруп жарды коздой басты, жар он метрдей жерден башталат эле. Келин да туруп, машинага отуруп музыкасын чукулап бир ыр издеп жатты окшойт. Дарактардын арасынан Максат кеткен жак корунбойт эле, чуркап Максаттын артынан бардым. Максат жарга бир эки метрдей жетпей даарат кылып жаткан экен, шыбыртты уктубу артына бурулуп мени коруп, ай жарык эле, тааныды, коздору алайып эле эки жагын каранып калды:
- Суйло Максат бий, эмне унчукпай калдын- унум жыландыкындай заар чыкты. Мага эмне болгон, ушуну менен экинчи жолу унум ушинтип чыгып жатат. Ичиме ушунчалык кек толуп калганбы.
Унумон эле менин жакшылык менен келбегеними сезди окшойт чоголой калып:
- Кечир Алмаке, кечире кор иттик менден кетти Алмаке- деп бутуму кучактайм дедиби жакындай баштаганда болгон кучуму салып бетине тептим эле, озу да башын ала качам дедиби артка чалкалай коем деп, мастыгынанбы, озун токтото албай жарга тушуп кетти. Жар бийиктиги он метрден ашык, тубу сел журо берип чон чон таштар эле. Мен мындайды кутпогон элем, дабдырап туруп калдым. Бир маалда арттан келиндин "Максат байкее, келбейсизби" деп эркелеп чакырган уну угулду. Жерге жата калдым, чоп бийик болгондуктан корунбойт элем. Эми болору болду, канчалык жиним келсе да, олтуром деген оюм жок эле. Дароо жормолоп ал жерден алыс качтым,  келин мени корбошу керек эле. Уч жуз метрдей жормолоп барып турдум да машинама чуркап жетип, айылдан башка жагы менен чыгып дачага жетип алдым.
Дачада бир жума эч жакка чыкпай жаттым, дачанын короосу коюу кожогат, булдуркон,  тикенектуу дагы бир нерселер менен бийиктиги эки метрдей болуп тосулган. Сырттан эч нерсе корунбойт. Короосуна эле чыкпасам сыртка чыкпай жата бердим. Ошко кетейин деп чечтим, Бишкекти коргум келбей калыптыр. Ошко барсам бир кеби болоор, бир жагына там салып жайланышып, кыздарымы алып барып, тынч жашай берем. Кыздарым жанымда болсо болду да, башка эмне керек мага.
Бир жума дегенде жолго чыктым, Сосновкадагы постко жеткенимде, саат эртен мененки он болуп калган,  машиналар коп экен, кезек кутуп беш муноттой туруп калдым. Посттогу адамдардын бироосу негедир менин машинамы копко чейин карап калды да, жанындагы шеригине корсотуп, экоосу бир нерселерди суйлошушуп калды. Рациядан бироого чыгып, бир нерселерди айтты окшойт. Дароо посттогулар отурган имараттын терезелерин карадым. Бироосунун пардасы ачылып формачан бир адам менин машинамы эле карады окшойт, анын да колунда рация бар экен,  бир нерселерди суйлоп жатты. 
 Журогум бир жамандыкты сезди, бирок ишене албадым, мени ким таанымак эле, ким билмек эле менин бул жакта экеними. Машинамын айнеги карангылатылгандыктан сырттан караган адамга ичиндеги адам таанылбайт эле. Бир жагынан машина мага катталбаган эле, эски эле кожоюнунун атында калган.
Максаттын  кокустук болуп олгонуно ишенишпеди бекен. Же Россиядан келип издешип жатты бекен.
Алдымдагы машина кетип, мен да посттон отуп кеттим, мумкун болушунча каттуу айдадым. Самат машинанын моторун аябай эле мактаган болчу, "мындай мотор бул машинени кополоктой эле кылып алып журот,  "ламборджини" да жетпейт бул машинага" деп. Кок белден отуп калгам, артымы карап карап коюп келатам, журогум дупойул болуп, бир нерсени сезип жатты. Бир капкара джип каттуу келди да, мага жандаганда бир азга тен журуп барып, ашып, кетип калды тээ алдыга. Айнектери карангылатылган экен, мени караштыбы, же карашпадыбы билбей калдым, ичи корунбоду. Минтип кете беришке болбоду, билишим керек эле аныгын, мумкун чындап эле мени издеп журушкон болсочу. Артымда эки машина келаткан, алардан башка алдыда да артта да машина жок эле, экоосун откозуп жибердим да, биринчи эле кафеге токтоп, машинаны ичинен култап, пистолетими даярдап, арткы орундукка отуп отуруп алдым. Менден башка да уч машина турган. Жолдон машиналар ары бери отуп жатты, тынч эледей баары. Кете берсемби, мага жон эле коркконго кош корунду болду бекен. Дагы эки машина келип токтоп, ичинен уй булолуу адамдар тушушту, тамактанганы эле токтогон адамдар. Кун ыссык болгондуктан тамактанганы токтогон адамдар кафенин ары жагына устулорун чырмоок гул менен жабылган столдорго отурушуптур. Машиналар турган жерден адамдар корунбойт. Жыйырма муноттой откондо менден ашып кеткен кара джип жол менен Бишкекти коздой отуп кетти да, кайра кайрылып келип жолдун чекесине  токтоп калды. Бир эки муноттой турду да ичинен торт адам тушту, экоосун тааныдым Максаттын бир тууган байкелери эле, экоосу тен койнокчон экен, колтугунда пистолеттери асылып турат.  Бироосу Жениш деген, Бишкектин бир районунда  РОВДнын жетекчиси болуп иштейт. Экинчиси Каныбек деген,  кандай чинде экенин билбейм прокуратурада бир чон иште иштейт. Берки экоосун тааныбадым, кара костюм шым кийген, кундон калкалоочу коз айнек тагынган, бакубат балдар экен. Экоосу машинага келишип алдынкы айнегинен карап, мени жок экеними билишкенден кийин чондоруна келе бергиле дегендей белги кылышты.  Жениш менен Каныбек экоосу менин машинамын жанына келишип тамеки чегип турушуп калды. Каныбек арткы айнектерден машинанын ичин карады, бирок эч нерсе коро албайт эле. Жениш телефонун алып чыгып бироолорго чалып:
- Эмне болду, каерге келдинер- деп унун акырын чыгарып, ызырынып суйлоду.
- Тезирак болгула, кафеге тамактанганы кирип кетиптир - деп кафенин дарегин айтып  телефонун коюп койду. Каныбекке карап:
- Азыр беш мунотто келип калышат. Атпагыла, тируу кармайлы ким болсо да. Кокосун озум жулуп олтурушум керек акмакты уктунарбы?. Атсанар да колуна же бутуна аткыла. Жургуло машинадан алысыраак туралы, шекшип калып бир онор корсотпосун- деп джиптин жанына барып туруп калышты.
Демек менин ким экеними билишпейт экен да, кандайдыр бир жолдор менен машинамы билип калышыптыр.  Тойдо бироо жарымы байкап калды бекен, же  сойку келин бир нерсе коруп калдыбы. Башталды дедим озумо озум, бекиткен жеримен бронежилетти алып чыгып кийип, устунон койногуму кийип алдым.  Пистолеттин магазиндерин алганга оной кылып даярдап койдум. Байкасам коркуу сезими такыр жок, тескерисинче озуму чапчан, шамдагай  сезип калыпмын. Тура берсем шериктери да келип калышы мумкун эле. Машинанын алдына оттум да, от алдырып газды тубуно чейин басып, ручной тормозду тартып учко салдым эле машине ордунан жуз сексен градуска бурулуп калды, каттуу айдаган боюнча жолго чыгып, газды тубуно чейин тееп кетип калдым. Тигилер мындайды кутушпогон да, ооздорун ачкан бойдон орундарында катып калышты озулорун жоготуп. Машинам мактагандай эле экен, мумкун болушунча катуу айдадым, канча машиналар сигналдарын баскан боюнча калып калышып жатты. Артты карасам джип корунбойт, алар кууган адамдар да, менчелик омурун тобокелге салып катуу айдаганга зарылчылык жок эле. Бир жагынан канчалык опытный айдоочу болсо да, джип кучтуу машина болгону менен тубу бийик, катуу айдаса аба которуп, машина калдандап калат. Менин машинамын тубу пас, аба машинамы канчалык катуу айдасам ошончолук жерге басат.  Мени адамдарына же ГАИлерге айтып жолуму тостурушу мумкун эле. Ээ эмнеси болсо да коро жатарбыз, болушунча болду.  Кара колдогу шлагбаумду гана жаап тосушпаса, башка жерде тосо алышпайт.  Кара колдогу постко жете берерде бир чон фуранын артына жакын барып, артынан кете бердим, посттогуларга корунбойт эле. Бирок мага да корунбойт эле эмне кылышып жатканы. Тобокел дедим да фуранын алдындагы машина отоору менен фуранын артынан чыгып, фура жыла баштаган эле аз жерден кымчылып калайын деп аран жетишип калдым отуп кеткенге. Адамдар кыйкырган боюнча калышты. Эч нерсеге караган жокмун, бурулуштар аз эле, машинанын болушунча катуу айдадым. Алдымдан эле тоспосо артымдан эч ким кууп жетпеши керек. Разан Сайга жеткенимде жолдун жээгинде эки машина токтоп туруптур, мени корушоору менен эки адам жолдун он жагына чуркап отушту, машиналар жакта дагы эки адам турушат. Жакындаганда тортоондо тен автомат экен, ата башташты. Мени олтургуло деген буйрук болгон окшойт, терезеге, эшиктерге атышты. Шашканыман башымы ылдый кылып жиберипмин. Жакшы дагы жол тегиз эле, айнектерим ок отпос экенин эстеп, кайра башымы которуп, ого бетер катуу айдап отуп кеттим. Атып жаткан адамдардын бироосунун козу эсимде калыптыр, тан калганга окшойт алайып калыптыр. Октор терезеге тийген экен, кичине беш алты так калыптыр. Артымы карасам, тигилер шашып машиналарына отура башташты. Менин артыман катуу эле кууп калышыптыр, эмне кылышты билбей калдым. Саматка чалдым айлам кетип, дароо эле алды:
- Алло Самат жардамын керек!
- Эмне болду тынччылыкпы ?
Кыскача, тез айтып бердим.
-Азыр озум чыгам - деп коюп койду да, тез эле кайра чыкты:
- Алмаз азыр эки машинада адамдарды жоноттум, алар сага жакын, Шамалды Сайда, жолунан тосуп чыгышат. Сени милиция да издеп жаткан болуш керек,  Таш комурго бурулган мосттон отуп карьерлер жакка, тоону аралап кирип кет. Баягы эмне сай эле, кийинки барганыбыз, чолоктун карьери, ошол жакка бара бер. Жол эсиндеби, бара берсен таап аласын.  Артынан менин адамдарым да барып калышат. Номерини берип коем, чалышат. Азыр аларга чыгып тушундуром эмне кылышты. Сен кантип болсо да карьерлерге жетип ал, дальше куткарып кетебиз. Макул азыр сага чыгышат, мен да эртерак барып калышка  аракет кылам-деп коюп койду.
Ал карьерлерди билем, бир убактарда ушул Самат, мен дагы уч бала болуп келип, ушул жактарда эки жолу комур казып иштегенбиз. Менин да эсимде калбаптыр ошол жердин аты, бир жерде иштегенбиз, ээси чолок адам эле, байлыгына чиренип аябай керкейген. Жарым акчабызды бербей койгон. Кийин Самат бирге жургон балдары менен Бишкектен кармап алып коп пулун алып коюшуптур. Аябай эле алыс жерде эле, тоолорду ашып коп журуш керек.
Таш комурго кирген копурого жете бергенде, катуу айдадым, коргон адам туз кетет деп ойлойт эле. Ал жерде машина коп турчу, кайсынысы мени кутуп турат, тушунуш кыйын эле. Копурого туштаганда тормозду катуу тээп бурулуп копуродон отуп он жакка бурулуп айылды аралап кеттим. Артымы карасам торт машина  келатыптыр, тоо жакка буруп кырга чыгып кеттим. Бийиктен карасам уч машинада куугунчулар окшойт тоого тырмышып калышыптыр, чандан корунбойт кандай машина экени. Саматтын адамдары корунбойт, келип калышы керек эле бул убакка чейин. Бул жерлерди эстедим, ушул жол менен кете берсем, Самат айткан жакка алып барат эле. Онду донду карабай айдадым, куугунчулар тээ анча эле артта калышыптыр. Саматка чалсам албады телефонун. Бир сааттай журдум, жол чан, артыман эч нерсе корунбой калат. Акыры чолоктун карьерине жеттим, вагон турчу эле биз иштеген убакта, азыр уйлорду куруп, суу чыгарып, аябай чон жерге алма, орук сыяктуу момолуу  дарактарды эгип салыптыр. Эч ким чыккан жок уйлордон, азыр комур каза турган маал эмес да, эч ким деле келбейт болуш керек мынча алыс жерге. Эки жакты карасам эч ким корунбойт. Телефонду карасам он эки "непринятый" туруптур, чалсам:
- Алло, биз Саматтан, азыр барып калабыз, жеттинби карьерге - дейт бир корулдаган ун.
- Ооба карьерде турам, силер каердесинер?
- Азыр он мунотто барып калабыз, бекинип тур, телефонуну очурбо- деп-азыр койбой тур- деп жанындагы адамдардан бир нерселерди сурады окшойт, - алло Алмаз азыр сага тушундурот, ошол жакка чыгып тур деп телефонду бироого берди:
- Алло Алмаз, балам уйлордун артында тоонун устун карасан, цементтен курулуш турат, кордунбу?  Эки ункурго окшогон, ошол жакка чыгып, ошолордун ичине кирип тур, биз кечирээк барат окшойбуз, жарым саатта барып калабыз. Коркпой эле кире бер, ичинде эч нерсе жок коркунучтуу- деп  коюп койду.
Билем ал курулуштарды, ташталган шахтанын оозу,  ичине кирип да коргонбуз. Ичи карангы, чириген тирооч жыгачтар, вагонетка жургон рельсалар бар эле, дагы ичкериге кире албай койгонбуз. Машинени култап чыгайын деп турсам телефон шынгырады, карасам Саматтын номери:
- Алмаз, азыр балдар кечигишип жатышат, айткан жагына барып тур. Машинаны орттоп сал, издешсе таап алышы мумкун. Орттоп, сайга туртуп жиберсен куйуп кетсин. Бир нерсе деш кыйын, артынан эртен издебей турган болушсун. Мен да барып калам - деп очуруп койду. Жолду карасам тээ анча эле алыста чан корунду. Дагы он мунотто келип калышат эле. Машинаны бийик комур казып ала берип жар болуп калган жерге айдап барып, керектуу нерселерди алдым да, бактан бир литр бензин куюп алып машинанын ичине, устулоруно чачып куйгузуп, скоросттон чыгарып койдум. Машина куйгон боюнча жарга тушуп жарылып кетти. Чуркап уйлордун артына отуп, тоого чыгып, шахтанын оозуна жетип алдым, жолду карасам беш машина келатат, эн алдыда кара джип, артында уч милициянын машинасы, артында дагы бир машина. Жетип келген экен да Максаттын байкелери. Мени даана эле корушту да бул жерге чыгып келатканымда. Саматтын адамдары дагы жарым саатта келишсе. Куткондо эмне эми, тобокел деп шахтага кирдим, ичи капкарангы, эч нерсе корунбойт.  Телефондун фонаригин жагып карасам, он метрден кийин жол эки жакка болунуп кетет экен. Саматтын адамдары чыккан телефонго чалып:
- Мен Алмазмын, шахтага кирип кеттим, тигилер келип калды. Этият болгула, милициялар менен келди- десем.
- Азыр- деп жанындагы бироо менен кенешти окшойт- Алмаз шахтанын оозу экиге болунуп кетет экен, он жагына уч жуз метрдей кирип бекинип тур. Ошол жерден сени таба турган бололу, ичинде телефон тартпай калат экен. Биз барганда акырын уч жолу ышкырабыз. Эстеп кал он жагына, уч жуз метр, болду очурдум - деп, жоо басып келаткан окшойт очуруп койду. 
Пистолетими даярдап фонарик менен жарык кылып он жакка кирип уч жуз метр эсептеп басып бардым. Шахтанын ичи бийиктиги беш алты метрдей бар го, эни он метрдей. Жерде ар нерселер жатат, устун тиреген чириген тактайлар, чириген ар кандай темирлер, каскалар, ар кандай идиштер, курок жана башка нерселерге толо экен ичи. Куугунчулар келгенче жакшы бир жер таап бекинип калышым керек эле. Эптеп жарым саат бекинип турсам, Саматтын адамдары келсе бир планы бардыр мени алып чыгып кете турган.  Бирок куугунчулар кеминде жыйырма адам келсе, ушунча келгенден кийин шахтанын ичине кире албай калмак беле. Дагы ичкерирээк кирип кете бердим. Дагы жуз метрдей басканда жол дагы экиге болунуп кетет экен. Бир жагы ичи чон кенен экен, ал жактан башка эч жакка чыгып кеткен жол жок окшойт, ичи ар кандай нерсеге толгон экен. Ошол жерге бекинип жаттым. Чириген чон комур ташыган вагонетка окшойт, ичине кирип жаттым. Он муноттой отту окшойт, адамдардын суйлошкон уну угулуп, фонариктин жарыгы корунду. Дымып жатып калдым. Мурунтан эле кирип журушконбу, тез эле мен жаткан жердин оозуна да келип калышты. Кучтуу фонариктер экен, эки адам мен жакка кирип бир чекесинен тытып издей башташты. Шахтанын оозу жагынан:
- Ким тапса беш жуз мин берем, мумкун болушунча тируу кармагыла- деп кыйкырды, Максаттын байкелеринин бироосу окшойт. Эки адам унчукпастан издешип жатты. Пистолетими даярдап, мага жакыныраагын мээлеп турам. Ичи чон болгондуктан мага жетип келгенче он муноттой убакыт бар эле.
Бир маалда аран угулган ышкырыктын уну угулду, ото эле секин чыккандыктан ишенбей да кеттим. Уч муноттой отту окшойт эми даана угулду, уч жолу ышкырды. Эки адамдын бироосу:
- Кайсы конулу шат ышкырып жатат деп - суйлонуп койду.
Эми кантип билдирем менин биякта экеними. Отурган жерими сыйпалап ташпы, бир нерсе таап алдым да ышкырык чыккан жакка ыргыттым. Темирге тийген окшойт, калдырап эле калды. Чочуп кеткен адамдардын согунгондору угулду. Эки уч мунотто мага жакынырак жерден ышкырык чыкты. Эки адам тен фонариктерин ошол жакка жарык кылып, бироосу:
- Ой сен эмне паркта журосунбу, эмне ышкырасын- деп нааразы болуп суйлонуп калды. Мен дагы бир таш таап ошол суйлонгон адамдын артына ыргыттым эле тиги чочуп кетип:
- Эмне балее, мне тушту- деп эки жагын каранып калды эле, аран угулган "пук" деп торт жолу ун чыкты да, эки адам тен ун созсуз жыгылып калышты.  Бироосу жыгылып жатып калдыратып кулады эле, нарактан:
- Ой эмне болду, акырыныраак болбойсунарбы - деп калды.
Ышкырган адам:
- Ээ корбой калыпмын да, атайын кылды дейсинби- деп тез тез басып келип аткан адамдардын фонариктерин алып, бироосун очуруп:
- Кайрат, ушул жердесинби, мени  Самат жонотту- деп шыбырайт карангыда унун акырын чыгарып.
Ордуман туруп телефондун фонаригин жактым. Фонаригин мага жарык кылып, кайра очурду да:
- Бол тез, бироосунун кийимин кий, тез кетишибиз керек, мен эки жакты карап турам- деп бир нерселерди калдыратып издеген адам болуп  калды.
Мага жакыныраагына барып жарык кылсам, ак койнок, кара костюм кийген адам экен. Каерине атканын тушунбодум, кан чыккан жери жок. Тигил шаштырганынан гана кийдим.
- Болдунбу?
- Ооба,
Фонариги менен мени жарык кылып корду да:
- Ме - деп фонарик карматып, пистолетин бар да - дейт. "Бар" десем,
- Кеттик, бизди кутуп жатышат, менин артыман калба, фонаригини жагып ала бер - деп алдыга тушуп жоноду, артынан аран эле жетишип бараттым. Кирген жагыбыздан чыгабыз го деген элем, ал шахтанын торун коздой кетип жатат. Унчукпай кете бердим. Бир жеринде адамдардын кобурашып суйлошкондору, фонариктер корунду.
- Сен атпа, пистолетини бекит, ата корбо. Мен озум туурулайм буларды - деп бир аз бассак узунунан кеткен, чон жер окшойт, алтыбы, жетиби фонарик корунду. Бизге эч ким конул бурган жок.
Алдымдагы адам:
- Сен башыны ылдый кылып отуруп тур бекинип - деп конумуш иштей эле адамдарды атып салды, баарын кырып салды. Тигилер тушунбой деле калды окшойт эмне болгонун. Оозум ачылып туруп калдым пистолетими кармаган бойдон.
Мени женимен тартып " бол" деп, жерде жаткан адамдарды аралап бир жол кеткен экен, ошол жол менен тез тез басып, беш муноттой журдук окшойт, жарык корунду.
 Жарыкка жакындаганда кууш болуп кетет экен, жатып алып жормолоп элуу метрдей жургонубуздо узуну эки, туурасы уч метрдей болмого устудон карасан кудукка окшогон жерге чыктык. Тободон асман корунуп турат, бул жерден шахтага таза аба кирип, комурдон чыккан газдар ушул жерден чыгып кете турган жер окшойт. Бир аркан тушуп туруптур, мени алып чыккан адам арканды белиме байлап эки  жолу тартты эле жогорудан арканды тарта башташты, бийиктиги он метрдей го, тез эле чыгып кеттим. Торт адам, алты ат туруптур, шеригими да тартып чыгарып алып баарыбыз аттарды минип тоолорду ашып, Таш Комур шаарынын "микрашка" деп коет, ошол жеринен чыктык. Самат кутуп турган экен, адамдары менен, машиналар менен Ошко жонодук.
Жолдо кетатып Саматка:
- Тигил адамын тогуз адамды атып салды, атпастан эле качып чыксак болот эле. Алардын деле уй булосу, ата-энеси бар го. Эмнеге атып салды бир мени деп- десем мени карап утуройуп:
- Качып чыксан артынан кууп келишсе таанып коюшмак сени. Эртен кантип жашайсын анан. Буларды милиция дейт, кичине эле илинчек болсо оной эле таап алышат. Милицияны оюн корбо - деп чонтогунон бир буктолгон кагаз берди.  - Ме сага белек. Кыргызстандын бардык жеринде илинип турат.
Карасам менин суротум турат. Россиянын ИИМинен Кыргызстандын ИИМине келген, мени кармап бергиле деген кагаз экен.
- Эмне кылайын дейсин, бир жакка барып турушун керек ко дейм азырынча.
Унчукпай башымы жерге салып отуруп калдым. Кыздарымы алып, тынч жашайм деп жатат элем го. Мени тушунду окшойт:
- Кыздарыны алып Урумчудо, же алысыраак Шанхайга барып жашап турасынбы. Мага Шанхайдан товар чогултуп жонотуп турганга адам керек. Басты-басты болгондо келе бересин .  А жанагылар жонундо ойлонбо, аларды уктатуучу ок менен аткан - деп саатын карап- дагы бир жарым сааттан кийин озулоруно келишет. Мени эле жашоодон тойду дейсинби, милицияны атып. Бироосун эле аттын дегиче, баары сенин душманына айланды дей бер.  Космоско учуп кетсен да кармап келишип ушундай жазаны беришет, экинчи милицияны коргондо - деп уят создорду айтып, озунун тамашасына озу каткырып кулуп алды.
Башка жолум да жок эле, макул болдум. Мага, кыздарыма жасалма документ жасатып Шанхайга кетмек болдук. Документтер даяр болгуча эч кимге корунбой тур деп, бир уйдо эч жакка чыкпай жаттым. Учаарыбызга уч кун калганда Самат бир адамды жонотуптур мага, колунда ноутбук. Россиянын уч торт атактуу деген гезиттеринин сайттарына кирип, бир макалаларды корсотту. Биринчи банк тонолгону тууралуу жазылыптыр, бир айдан кийинкисинде Иванычтын, Егордун, анын досу Славанын, берки эки баланын суроту турат. Темасын "Молдовалык каракчылар"  деп, суракта айттырып алган окшойт кантип уурдаганыбыз ийне жибине чейин жазылыптыр. Тогуз миллион рубльга  жакын акча уурдалган, молдовандарга уч жуз миндей эле акча тийиптир, калганын башчысы алып кетиптир. Башчысы жакын арада табылат, азырынча тергоо иштерине байланыштуу кумон адамдардын аты жону айтылбайт деп коюшуптур. Биринчи "темабыз" жонундо Иванычтар айтпаган окшойт, ал жонундо эч нерсе айтылбаптыр.
Дагы бир макаласын ачты, менин суротум турат, паспорттогу суротум экен. Аты жонум, Кыргызстандагы толук дарегим, омур баяным жазылыптыр. Кантип уюштуруп, аягында акчанын дээрлик баарын алып, шериктериме уч жуз миндей акча карматып, озум сегиз жарым миллиондон ашык акчаны алып качып кеткеними, майда чуйдосуно чейин коп, кенен кылып жазышыптыр.
Телевизордон да корсотуп жатышат жанылыктардан, корсотойунбу дейт, жок дедим, коргондо эмне бекер эле маанайымы тушуруп. Эмне кылышты билбей калдым, Кыргызстанда эми жашай албайм, Кытайга кантип отуп кетем эми, жалгыз болсом да бир жон, кыздарым менен кыйын болот ко. Тунку саат экилерде эки адамы менен Самат келиптир:
- Озун эле кетип, кыздарыны азырынча калтырып эле турасынбы, кийинирээк алып барып беребиз - дейт, коз алдыма кыздарымын ыйлаганы элестеп кетти.
- Жок, кандай болгон кундо да кыздарымы алып кетем, - деп дагы бир нерселерди айтайын десем досум далыман таптап:
- Макул, макул, жолу табылат,  Милиция мумкун болгон жердин баарын тытып жатат да ошого эле айттым. Кайнаганыкына да барышыптыр, мага да келишти, Максаттын  акелери да сенден шекшип калышкан окшойт, эки адам менин артымдан калбай андып журот, сураштырсам ошонун адамдары.  Азыр бекинип атып уйдон аран чыктым. Телефонду да угуп жатышкан болуш керек. Эми экообуз жолукпай эле койгонубуз жакшы деп -  жанындагы бир адамды корсотуп  - таанышып алгыла аты Нурбек. Сени Шанхайга жеткизет. Макул мен кеттим, эми досум башыны бийик котор, баары жакшы болот коп эле ойлоно бербе. Бизди Кудай жаратканда согуш болуп жаткан талаанын чок ортосуна таштайт. Бул жашоо согуш болуп жаткан талаа, сен да коргонуп, керек жерде кол салып, кыскасы согуштан женип чыгышын керек же душманга колго тушуп женилип  беришин керек, башка жолун жок. Макул биз кеттик, Нурбек эртен келет, калганын ушул бутурот - деп кетишти.
Нурбек жашы отуз бештерде го, орто бойлуу, толо келген,  ону кара тору адам экен. Эртеси тушко маал келди, шыпылдаган адам экен тимеле, келип эле созду кобойтпой, дароо эле планды тушундурду:
- Самат экообуз суйлоштук, план мындай, уч кундон кийин Урумчуго учабыз, кайнаганын жанындагы уйдо эч ким жашабайт экен, ошол уйдо эки адам куну туну кайнаганын уйун андып сени баары бир кыздарына келет деп андып жатышат. Билдик, Максаттын акелеринин адамдары экен.
Эртен кыздарыны кайнаган танга маал терезеден чыгарып, арткы коншунун уйуно алып чыгат, коншусу менен суйлошулгон, кичине акча бердик, баары тынч эле болуш керек, ал уйунон эртен менен саат алты-жетилерде машинысына кыздарыны салып шаардын сыртка алып чыгып, биздин машинага салып берет. Эртен менен машина чыкса эч ким шекшибейт. Бул жерге алып келип турабыз.
 Урумчуго биздин рейс тунку саат учто учат, биз аэропорттун жумушчулары кируучу дарбаза менен кирип самолетко отурабыз. Документтерди, билеттерди берип койгом, баарын бутурушот. Аэропорттун адамдары менен суйлошулгон, эч кандай коркунуч жок.
А Урумчудо эч кимдин иши болбойт биз менен. Андан ары каалаган рейсте Шанхайга учуп кетебиз.
Ойлонуп корсом туура эледей баары.
Ээх кыздарымы алып, аман эсен Шанхайына жетип алсам, тынч жашай берсем эч нерседен коркпой.
Эки кундон кийин эртен менен саат тогуздарда кызымдарымы алып келишти, аябай сагынган экенмин. Кыздарым да ушунчалык куса болушканбы, же коркуп калышканбы колуму кое беришпейт, каякка бассам да артымдан калышпайт алтындарым.

"Баары жакшы болот кыздарым, эч нерседен коркпогула мен турганда."

Тунку саат экилерде Нурбектен бир адам келди машина менен, кыздарымы салып аэропортко жонодук. Аэропортко бир аз жете бербей Авиагородок деген шаарчага кирип кеткен жол бар, ошол жолго бурулган жерге келип тыттар бар экен, ошолордун тубуно токтоп туруп калдык, айдоочу:
- Азыр Нурбек байке келиш керек, ушул жерде куткуло деген - деп Нурбекке чалды окшойт, "келдик" деп коюп койду. Ай жарык экен, айлана даана эле корунуп турат. Жаныбыздан, жолдон ар кандай машиналар ары бери отуп жатты,
Жарым сааттай куттук окшойт, бир маалда Авиагородок жактан бир машина келип токтоду да, бир адам тушту, Нурбек экен тез тез басып келип:
- Кеттик - деп, кичине кызым уктап калган экен, которуп озу келген машинага чуркады, артынан мен да кызымы жетелеп жонодум. Бусик экен, аэропорттун машинасы окшойт, устундо бурулма фарасы, сыртында "Ош аэропорту, коопсуздук кызматы" деген жазуу турат. Ичинде коопсуздук кызматынын формасын кийген уч адам, алдында шофер, жанында дагы бир адам отурат. Мындайды кутпогон элем коркуп кеттим, бир азга алдастай туштум, Нурбек :
- Бол тез тез, самолетко жетишибиз керек, ансыз деле канча убакытты откоруп алдык бир акмактын айынан- деп шаштырат. Коркунуч жок окшойт, Нурбектин минтип беймарал суйлогонуно караганда. Тобокел дедим ичимен, аэропортко жонодук. Жанымдагы балдардын мени менен иши жок, озулорунчо иши тууралуу суйлошуп жатышат. Аэропорттун шлагбауму ачылып кирип кеттик. Жыйырма метрдей журуп токтодук да, алдыда отурган адам бизге карап:
- Нурбек силерди текшерип коелу - деп, биз баарыбыз машинадан тушуп, эки бала темир издегичи менен баарыбызды текшерип чыгышты. Документтерибиз, билеттерибиз учунчу балада экен, чонтогунон алып чыгып бир сыйра текшерип бизге карматты.
Кайра машинага отуруп жонодук, болду го десем дагы бир дарбаза бар экен, уч торт аэропорттун формасын кийген адамдар турат. Бироосу басып келип машиненин ичин карайын дегенде, алдыда, шопурдун жанында отурган адам:
- Ой бол тез тез, ач дарбазаны шалпыйбай, корбодунбу текшергенибизди - деп кыйкырып согунуп калды эле, тиги:
- Аа кечиресиз, сизди корбопмун- деп чуркап барып дарбазаны ачты, кирип кеттик. Жанымдагы балдар кулуп жиберишти, бироосу:
-  Ушул Замир озунчо эле патриот а, тимеле аэропортту жалгыз озу эле карап жаткандай, откондо дагы...- деп бир окуяны айта баштады.
Аэропорттун ичинде беш алты самолет турат, экоосунун айланасы жапжарык болуп прожекторлор куйуп, жанында адамдар журушот, бироосуно жургунчулор отуруп жатышат. Машина аэропорттун башка жагына барып токтоп, уч бала тушуп кетти да, бизди самолеттор жакка алып жоношту. Жургунчулорду отургузуп жатканы  биз уча турган самолет окшойт, он метрдей жетпей токтоп туруп калдык. Алдыдагы адам аты Каныбек экен,  саатын карап:
- Азыр кутобуз, трап алынарына эки мунот калганда барасынар - деп койду.
Журогум бир жамандыкты сезе баштады, эмнеге экенин тушунбодум, айлананы карап коем, тиги турган адамдарды да карап жаттым, тынч эледей баары эле. Акыры жургунчулор баары отурушту окшойт, самолеттун жанындагы адамдар кете баштады, акыры беш эле адам калды.
Нурбекке акырын шыбырап:
- Каныбек акеден сурачы калган беш адамды тааныса керек, аэропорттун адамдары го, кимдер экенин?
Нурбек бир аз ойлонуп калды да, алдыдагы адамга:
- Каныбек аке самолеттун жанына барып, чоочун адамдар жокпу билип келинчи, тааныйсыз да баарын, анан самолетту айланып арт жактарын да карап келин- деп жонотту.
Ал барып тигилер менен бир аз суйлошуп турду да, самолеттун арт жагына отуп, ал жагы жарык тийбей карангы эле бизге корунбой калды.  Бир аздан кийин келип машинага отуруп:
- СНБнын эки адамды турат самолеттун артында, бугун учпай эле койгонунар он го- деп мени, кыздарымы карап турду да,- бугун учпагыла - деп алдын карап отуруп, рациядан бир адамды чакырды. Ошол жерде постто турган коопсуздук кызматынын адамы окшойт келгенде, Каныбек аке тушуп кетти да, бир аз суйлошуп туруп, тиги баланы кетирип жиберип, машинага отуруп:
- Айда, кеттик, пожарный жакка айда -  деп - бизге карап- аэропорттун ичине кирип карашпачу эле, ушул рейсте гана келишиптир самолеттун жанына чейин. Наракта беш спецназдын адамдары куралчан бекинип турушуптур, тиги посттогу бала кокусунан коруп калган экен, коркутушуптур эч кимге айтпа деп. Кантип кирип кетишкен биякка тушунбодум. Бироо силерди айтып койгон го ушул рейсте учаарынарды. 
Нурбек акырын согунуп алды да:
- Кеттик биерден, башка жолун караштырабыз- деп алдыдагыларга- бизди чыгарып койгула анда- деди
Каныбек аке:
- Токто, шашпай тур ойлонойлу, Самат менден суранган эле кантип болсо да учуруп жиберин деп.
Машина бир чон гараждын жанына келип токтоду.
Каныбек аке саатын карап:
- Дагы бир аз убактыбыз бар- деп эки жагын карап ойлонуп калды. Шопур адам Каныбек акеге бир нерселерди шыбырап калды. Каныбек аке угуп турду да, гараж жакты карап ойлонуп туруп:
- Нурбек журсон соз бар - деп экоосу тушуп кетишти да, уч муноттой суйлошушуп, анан Нурбек бир жакка чалып бир аз суйлошуп, машинага отурду. Каныбек аке шопурду чакырып бир нерселерди айтып  озу гаражга кирип кетти. Шопур машинаны айдап аэропорттун самолет уча турган жолуна чыгып катуу айдаган боюнча аягына барып, ал жакта бизди постто турган бала тосуп чыкты. Ага айтылган окшойт, дароо эле бизди ээрчитип бир будка турат экен, ошонун тубуно киргизип койду, ичи кенен экен, эки жуз литрлик идиштерде бензин окшойт, учоо тортоо турат. Машина дароо эле кайра аэропортту коздой кетти. Нурбекке "эмне болду десем", азыр дегендей колун жансап коюп бироого чала баштады.
- Каерге келдинер, ооба каналды бойлоп келе берсенер аэропорттун коргону корунот, жарык болуп турат бул жер, коросунор. Тезирак болгула - деп очуруп, мени карап "азыр он мунотко жетпей келип калышат" деп суйлонуп коюп, дагы бироого чалды:
- Каныбек аке эмне болду, суйлоштуспу учкучтар менен, эмне дешти- деп бир аз угуп турду да- Тез келин анда, канча убактыбыз бар- деп саатын карап- Макул жакшы анда- деп телефонун очуруп, сыртка чыгып  посттогу бала менен суйлошуп калды. Эмне кылабыз деп жатышат тушунбодум, кичине кызым уктап калган эле, колума которгон боюнча турам, чон кызым да уйкусу келгенби, менин бутуму кучактап унчукпай турат. Бир маалда аэропорт жактан машинанын жарыгы корунуп, тез эле келип калды, Каныбек аке экен формачан эки бала ала келиптир. Машинанын устундо орт очургучтордун шатысы турат. Эки бала шатыны алышып, самолеттун жолунун бутушуно алып барып, чекесине, чопко бекитип коюшту. Арт жактан жолго эки джип келип токтоп, ичинен беш адам тушуп, машиналар кетип калды. Ошол жерде постто турган бала аларды, коргондун тешиги бар экен, ошол жерден откоруп келди. Жакын келгенде карасам Самат адамдары менен экен.
Самат жаныма келип:
- Сени катуу издешип калыптыр, милиция кармаган кундо да Максаттын акелери сен олтургонуну билишиптир, тируу койбойт, турмодон болсо да олтуруп кетишет. Бир нерсе кылып качырышыбыз керек сени Кыргызстандан.
- Сага зыяным тийбейби, мен кеткен менен эртен сага асылышсачы?
- Менин сага жардам берип атканымы билишпейт, азыр да адамдары уйдун жанында отурушат мени андып. Билген кундо деле онойлук менен мага тие алышпайт. Макул эми ал жонундо ойлонбо, азыр сени самолетко ушул жерден отургузабыз, самолет келип ушул жерден бурулуп, уч торт мунот турат экен, учкучтар менен суйлошуп коюшту. Шаты менен чыгасынар, бул жерден эч ким корбойт бизди. Азыр туруп тур ушул жерде - деп чыгып кетти. Карап турсам аэропорттун эки баласын, дагы эки адамды айлананы карап турганга окшойт, торт жерге жонотушту. Ай жарык болгондуктан айлана дапдаана, кундузгудой эле корунуп турду.  Акыры самолет корунуп, аэропорттон бурулуп чыгып полоса менен бизди коздой жоноду. Нурбек келип бир кызымы которуп даярданып туруп калдык. Самолет жакындаган сайын журогум дукулдойт. Самолеттун унунон кичине кызым да ойгонуп кетти. Нурбекти карасам кебелбей турат, мага кичине дем болду, бирок баары бир коркуп жаттым, озум болсом да бир жон, кыздарымы ойлоп жаттым. Самат, эки адамы менен пистолеттерин даярдашып, будканын артына бекинип алышты. Самолет келип бизден жуз элуу - эки жуз метрдей жерден бурулуп, токтоп калды. Унунон эч нерсе угулбайт. Каныбек аке менен шопуру шатыга чуркап барып узартып самолеттун артында кичине эшиги болот экен, ошого коюшту, Нурбек "кеттик" дегендей мага ишарат кылып экообуз кыздарымы которуп самолетту коздой чуркадык. Самолетко жете бергенде Каныбек аке менен шопуру колун булгап, артка кайт, деп аэропорт  жакты корсотуп шашып шатыны ала башташты. Нурбек дароо мени женимен тартып, артыман чурка дегендей кылып, озу Саматтар аэропортко кирген тешикти коздой чуркады. Ойлонгон да жокмун, кызымы кучактаган боюнча кучумун барынча чуркап, тешиктен отуп, чакан канал отот, андан отуп, Саматтар келген эки джип кутуп турган экен, бироосуно  Нурбек экообуз отурарыбыз менен, айдоочу машинаны каттуу айдап кетип калдык. Артты карасам Самат эки адамы менен машинага отурушуп калышыптыр, Каныбек аке менен шопуру будканын жанында турушат. Калган адамдар бекинип калышкан окшойт корунбойт. Нарактан эки машинанын жарыгы корунот, ошолордон качыппыз да биз. Арткы джип корунбойт, биз пахта эгилген талааларды аралап, бир сааттан ашык жургондо талаанын ортосунда торт чон, илгери пахта сактаганбы, сарайлар бар экен. Машинаны да киргизип, бекинип жатып калдык. Нурбек менден алыс барып алып тез тез бироолор менен суйлошуп жатты. Айдоочу бала сарайдын устуно чыгып, эки жакты карап жатат. Саат да бештен отуп, тан атып калды, кыздарым коркуп калдыбы десем, корккондой деле корунбойт. Алдап, ар нерсени айтып берип жатып уктатып коюп, Нурбекти издесем, сарайдын терезесинин тубундо жол жакты карап пистолетин тазалап отурат.
Тамеки сурап, чегип жанына отурдум:
- Ким сатыптыр бизди билиндиби?
- Азыр суйлоштум балдар менен, бардык балдардын телефондорун текшерип атышат, табылат, ким болсо да. Айрыкча тундогуну билген балдарды текшерип атышат.
- Сенин же Саматтын телефонун жашыруун угушкан болсочу.
- Жок андай болбойт, биз жаны телефон, жаны симкалар менен менен суйлошконбуз, бироо эле сатып койду. Самат сени капа болбосун дейт, мындай болоорун ким билиптир. Капа болбо бизге, бир эле сени эмес кыздарыны да кыйнап койдук.
Унчукпай тамеки чегип отуруп калдым. Эми каяка барам, бир жагынан орустар издесе, экинчи жагынан Максаттын акелери, кыскасы башым катты. Озумо кошуп кыздарымы да кыйнап. Атангору, ушундай болот деп тушумо да кирбесе керек, эгер бироо айтса ишенбейт элем. Мейли эми болоору болду, ыйлайынбы эми.
- Аэропорттогу адамдар эмне болушту экен, билбединби?
- Ээ алар эмне болмок эле, шылтоо коп да, кечке Каныбек акеге чалып сурап коем. Эн негизгиси сени корушподубу болду. Карангыда алыстан корушкон жок да бизди. Жакшы дагы машиналар аэропорттун дарбазасынан киргенде эле чалышканын, шатыны самолетко койгонубузду коргондо иш олмок, Каныбек акелерге жаман болот эле. 
- Эмне кылабыз эми,
- Эми башка жол жок, Бишкек жакка барып, Казакстан аркылуу эле кетпесек болбойт, азыр балдар ошол жагын карап жатышат.
- Силерге да зыяным тийди окшойт, баары эле билгендир эгер аранарда саткын болсо, айтты да тигилерге.
- Эмии милиция доказательство болбоюнча эч нерсе кыла албайт, Максаттын акелери жаман адамдар болсо, биз деле жакшы адам эмеспиз, ойлонушат бир нерсе кылардан мурун.  Кой болду, ойлоно бербе, коркуп анан эмне колуна тушуп беришибиз керек беле. Баары жакшы болот, Казакстанда кучтуу тааныштар коп, эки уч кундо Кытайга отуп кетебиз. Все будет "ок" деп далыман таптап койду.
Тун киришин кутуп отурдук, тынч эле болду, эч ким бизди издеп келген жок. Тунку саат он экилерде Кара Сууга базарга барып, Бишкекке жук ташыган чон фура бизди кутуп даяр турган экен, кыздарымы алдына, кабинага арт жагындагы жата турган жерге жайланыштырып отургузуп, озум фуранын артына кирип отурдум, менин отурган жерими бекитип дагы чон, чон коробкаларды жуктоп салышты, дароо Бишкекке жонодук. Чарчаган окшойм, уктап калыпмын, ойгонсом саат ондон отуп калыптыр, тушко жакын машина токтоп, бизди чыгарышты, шаарга келдикпи десем, бир чакан эле айыл окшойт. Фураны бир уйдун короосуна киргизишкен экен. Тундоп ушул жерден Казакстанга кетет экенбиз. Тун киргенче эч жакка чыкпай уйдо олтурдук. Тунку саат бирлерде уйдун ээси Нивасы менен бизди бир жакка алып жоноду, артыбыздан бир женил машинада торт адам келатышты. Нурбек аларды, бизди узатып бара турган адамдар дейт. Бир сааттай жургонубуздо чон боюна келдик, суусу катуу эле агат экен, эки атчан адам бизди кутуп турушкан экен, кыздарымы бирден алышып, Нурбек экообуз аттардын узонгусун кармап сууну кечип аркы жээкке Казакстанга отуп алдык. Ал жакта эки джипте адамдар кутуп турушкан экен, тундоп Алматыга бардык. Эртеси эле билет алып, эки кызым, Нурбек мен болуп тортообуз Урумчуго учуп кеттик. Урумчудо беш сааттай туруп андан ары Шанхайга учуп кеттик.
Нурбек эки кун туруп кайра Кыргызстанга кетти.
Шанхай кооз, чон шаар экен, бирок адам ото эле коп. Журогун сыгылат коптугунон. Чекесинен квартира алып жашап калдым. Кыздарымы англисче окуткан балдар бакчасына бердим. Шанхайдан, жакын арадагы чон шаарлардан, ар кандай заводдордон Саматтын айткан буюмдарын чогултуп Кыргызстанга жонотом.
Ккээде кыздарым апасын сурап журогуму оорутат, айла жок ар шылтооду айтып кутулам.
Уч айдай откондо Гулназ интернеттен мени таап кат жазыптыр, кыздарымын акыбалын сурап. Якутияда иштеп жатыптыр. Кыйналган окшойт ото эле, жазган катына караганда. Кечирим сураптыр менден.
Кечире албадым баары бир. Максат менен жургонун эстеген сайын журогум ооруп, ооруп кетет. Негедир экоосу тундосу жатканда мени, соз кылышып, шылдындап кулушкону коз алдыма элестей берет. Ар эстегенде жанымы коерго жер таппай калам, ушунчалык жаман болуп кетем.
Азыр уйлонгондон да коркуп калдым, кочодо жолуккан аялдарды коргон сайын, айрыкча сулуу аялдарды коргондо ушул деле куйоосунун козуно чоп салар бекен деп ойлоном.
Ойлонуп коруп акыры бир топ акча жоноттум.
Гулназ Кыргызстанга келип Оштон уй алып жашап калды, кээде кыздарымы апасына жонотсомбу деп ойлонуп коем.
Тагдыр экен, айла жок кеминде он жылга ушул жакта калдым эми.
Корушкончо эми Кыргызстаным.


Рецензии