Ооганстандан белек
Окууну бутоор менен аэропорттун отдел кадрына баргам, Иванов болуш керек эле фамилиясы, биринчи барганымда дипломуму коруп, жакшы экен, эмки айда кел, бош орун болуп калаар деп жолго салган. Бир айдан кийин барсам уч айдан кийин кел деп, айтор ошентип Бишкекте бир жылдай журуп калдым. Айылга баргандан уялам, себеби окуп жургондо окуу жайдын алдынкы баласы деп, газетадан, телевидениеден, радиодон келгендерге мени корсотушуп, эки-уч жолу телевизордон, бир жолу гезиттен, бир жолу радиодон чыккам. Айылыбыз кичине айыл болгондуктан, баары таанышат, корушкон да телевизордон, тез эле жайылып кетет айылга, мени аэропортто чон иште иштеп аткандай эле корушуп калган эле. Дем алыштарда барсам чон-кичинеси дебей сыйлашып дегендей.
Ошол маалдарда Кыргызстанда спирттик ичимдиктер кымбаттап, колдо жасап саткандар кобойгон. Спирттик ичимдиктерди жасаган менен ага акциздик марка керек, ошол марканы мендей балдар шаарды кыдырып, ичимдик сатылган жерлерден чогултуп келип, аларга сатышат. Ичимдик саткандар ботолкону сууга салышып коюшат, марканын клейи жибип озу эле тушуп калат, аны акырын жыртпай алып чогултуп коюшат да балдарга сатышат. Менин да эки досум ошентип иштешчу.
Мен бир куну дагы аэропортко барып, Ивановум жок экен, кутуп отуруп калдым. Аэропорттун ичиндеги бир кафеге кирип сок ичип отуруп, бармен бала менен таанышып, суйлошуп калдык. Создон соз чыгып, марка жонундо сурасам, ал да чогултат экен. Бир чон коробканы корсотту, ичи толтура марка, арак, вино, коньяк, шампанский, Казакстандын маркалары журот. Сатса болот деп угуптур, бирок кимге, канчага сатышты билбейт экен. Баасын менда билбейт экенмин, акча керек болуп турганбы, мага баарын эле бир сомдон берет элем, алып койбойсунбу, досторуна айтып откозуп жибересин дегенинен, макул болуп баарын алдым.
Эн кобу арак менен винонуку экен, экоосу биригип эки минге жакын, коньяк менен шампанскийдики уч жуздон ашык.
Анда эжемин новостройкадагы уйундо турчумун озум жалгыз. Марканы уйго алып барып бекитип коюп эртеси "Ош" базарына бардым. Маркаларды ошол жерде аялдар алышчу, алар спирттик ичимдиктердин этикеткасын, крышкасын ж.б. ичимдик жасаганга керектуу нерселердин баарын сатышчу. Эгер ичимдик жасап сатам десен ошол аялдардан эле бардык нерсени сатып алып барып жасай берсен болот. Марканы да ошол аялдар балдардан арзаныраак сатып алышып, кайра кымбат сатышчу.
Мен ошол аялдарга барып баасын сурасам арактыкы сегиз, винонуку торт, коньяктыкы жыйырма беш, шампандыкы он беш сомдон экен.
Менде коп бар десем, Айгул деген эже бар экен, такси менен уйго келип уйдон алып кетти.
Маркалардын жасалмасы да болот экен, жуздой марка жасалма болуп чыкты, конгон козго оной эле билинет экен.
Айгул эже эгер ушундай коп алып келип турсан базардагы аялдардан эки сомго кымбатыраак алып турам, тиги аялдар деле балдардан алышып мага сатышат дейт.
Мен учун аябай эле коп акча таптым, башка эч жерде иштебегендиктен марка чогултуп иштеп калдым. Кобунчосу аэропорттогу кафе, ресторандардан алам. Аэропорттон шаарга келаткан жолдун боюндагы айылдардагы болгон кафе, дукон, ашканалардан да чогултам. Баарын уйротуп алдым, мага гана сатышат, себеби ар нерселерди оюман токуп айтып коркутуп алгам. Милициялар сынап балдарды жонотушот, кымбат алабыз деп кызыктырышат, канчасын кармап аябай коп акча штраф салышкан десем коркуп калышкан, мага гана беришет маркаларын. Шаардагыларга салыштырмалуу аябай эле арзан алам.
Бир жылдай журдум окшойт марка чогултуп. Аламедин 1 микрорайонунан бир болмолуу квартира алайын деп калгам, бир мин уч жуз доллар турчу ал маалда.
Эки-уч жолу милиция да кармап алды. Марка менен иштеген балдардын баарын билишет да. Мени кармаганда жанымда марка жок болчу, жыртылып калгандары гана бар эле. Жыртылгандарын бекер эле беришчу, мен уйго алып барып клей менен билинбей тургандай кылып чаптап, эртеси бутун маркалардын арасына кошуп откозуп жиберчумун.
Милиция кармаган менен кочодо тинтип карай албайт, отделениеге алып барып, эки-уч адамды кубо кылып туруп караш керек. Отделениеге жеткенче кичине марканы эки жуз жыйырма жолу ыргытып жиберсен болот да милицияга байкатпай. Ыргыткан жерини эстеп каласын да, чыкканда кайра алып кете бересин.
Бир куну дагы "Манас" аэропортуна барып келатып жолдогу айылдардын биринде чон ресторан бар, бармени турк кыз эле, марка алып алайын деп киргем. Ал ресторанды кээде "Ганси" авиабазасынын солдаттары бир кунго арендага алышып озулору гана олтуруша турган, башка эч кимди киргизбей. Ошол куну базанын солдаттары алышкан экен.
Мени ресторанда иштегендер баары тааныгандыктан арткы эшигинен киргизип жиберишчу. Бармен кыз чогулткан маркасын сигареттин бош пачкасына салып, канча бар экенин айтчу, мен акчасын берип, сырттан караган адамга сигарет алган адам болуп чыгып кетчумун. Бул жолу да марканы алып чыгып кетатсам бир солдат эшиктин жанында бир кыргыз кызды чачынан кармап алып дубалды суздуруп жатат, озу аябай мас. Солдаттар ресторанга жергиликтуу кыздарды алып киришчу, арасында орусу да, кыргызы да, кореянкасы да, кыскасы баары бар болчу. Башка солдаттар каткырып кулушуп карап турушат. Карап туруп калдым эмне кылышты билбей, ушунчалык жиним келди, биздин жерде, биздин кыргыз кызды уруп, калгандары кой деп койбой шылдындап жатканына. Кызды уруп жаткан солдат мени коруп калып мени корсотуп бир жаман соз айтты окшойт, жанындагылар бири-бирине мени корсотушуп ого бетер каткырып кулуп калышты. Мас солдат колундагы пивосун мага сунуп, итти чакыргансып бир нерселерди суйлоду да пивосун кыздын башынан ылдый куя баштады.
Арабыз коп болсо эки-уч метр болчу, калгандары залдын ичинде, бизден алысыраак турган. Ортобузда столдор бар эле.
Азыр деле жакшы эстей албайм майда-чуйдосун, ушунчалык жиним келгенби, чуркап барып секирип туруп солдаттын башына, дал тобосуно урдум, солдат отуруп калды. Бетине бар кучум менен тепсем артка кулап жатып калды, башына эки-уч жолу тээп жибердим. Шериктери ооздорун ачып эле туруп калышты, мындайды кутушпогон да. Эшикке качып чыгып кетейин десем, очошконсуп дал ошол маалда уч солдат кирип калды. Алгач эч нерсени тушунбой туруп калышты, анан бироосу мага асылып калды, курош менен машыккан окшойт, белимен кучактап которуп чабам дедиби, мен джиу-джитсу менен машыгып журчумун, андайда мага кудай берип калат да, мойну ачык болот. Эки билегим менен мойнун каттуу сыгып,озумо тартып отура коюп, устумон ашырып ыргытып, мойнун коё бербей озум да ага кошо артка томолонуп аны тубумо басып алдым. Эгер ошондойдо мойнун катуурак озуно силкип тартсан, жулуну узулуп олуп да калышы мумкун. Моюнун коё берип, ээгинен кармап башын сол жакка бурдум да уйку артериясына алакандын кыры менен бир койдум эле, байкуш уктап калды. Эгер башын бурбай урсан уктата албайсын, себеби тамырды орусча айтканда мускулдар тосуп калат, андайда же копко чейин баш бармак менен басып турушун керек, ошондо уктатасын, анткенге убакыт жок да. Башын бурсан тамырды тоскон эттер эки жакка жылат да, тамыр ачылып калат. Олуп калбайт урган адамын, коп болсо он мунотто озуно келет.
Деги эле мушташып калсан джиу-джитсудан откон спорттун туру жок болуш керек, эгер жакшы уйронсон албетте. Дагы бир солдат капталыман келип бетиме тепти эле, тепкенине чыдап бутун эки колум менен бекем кучактап озумо болгон кучум менен тартсам, бир бутчан турган неме алдыма талпайып эле жатып калды.
Жанымда пивонун ботолкосу жаткан экен, алып полго чаап сындырып, колумда калган сыныгын кекиртегине такасам кыймылдабай эле жатып калды, калгандары да эмне кылышты билбей туруп калышты. Коп болсо он секунд мушташ болду окшойт.
Башчысы окшойт, бироосу жакыныраак келип бир нерселерди суйлоп калды. Козунон байкалып турду корккону, сыягы эртенки кунун ойлоду окшойт. Солдатын олтуруп же майып кылып алса трибунал деген нерсе бар да, алар башынан сылабайт., котормочусу которуп берди:
- Болду, болду жетишет, балабызга тийбе, мас болуп калыптыр, бизди кечир, , акча берели, коё бер балабызды-деп чыйпылыктап акча сунат. Буларда баары акча менен чечилип, конушкон окшойт.
Таяк жеген кыз да качып кетпестен, бурчта отурат коздорун алайтып.
Эми бул жерден эптеп качыш керек эле, сыртка чыгып алсам эле, ресторандын жанында базарчик бар эле. Элдин козунчо мага эч нерсе кыла алышмак эмес, котормочусуна кыйкырдым:
- Айт тигилерине, менден алыс турушсун, жакындасанар озунордон коргуло.
-Макул, макул- деп шашып башчысына айтты окшойт, тиги окуруп-бакырып баарын залдын башына айдады.
Ыргып турдум да, кызды урган солдат озуно келип турайын деп аракет кылып аткан экен, бетине дагы тептим да качып кеттим. Айылдын бир кочосуно кирип, кучумун барынча чуркап жонодум, тиги кыз да мени ээрчип алган. Ага караган да жокмун, айылдын чети жугору талаа экен, аралап кирип кеттим. Эми мени таба алышпайт эле, жугору талаа кийинки айылга чейин экен, айылга жетип маршрутка менен шаарга жетип алдым. Тиги кыз ошол айылда калып калды, эмне болсон ошо бол дедим ичимен. Бир эки жолу суйлойун дегенде жаман коруп карап койсом унчукпай калган. Жакшы кыз болсо солдаттар менен ресторанга кирмек беле, озу да мас экен кичине.
Уйго барып алып жаттым эмне кылышты билбей, аэропортко барсам кармап алышса. Эми кантип тирилик кылам, уч кун жаттым эч жакка чыкпай.
Учунчу куну туш болуп калган, кун ысык, часырайт тимеле, огороддо бактын тубундо колокодо уктап жаткам, дарбаза тыкылдайт. Коншулар го деп ачсам марка алган Айгул эже, артында капкара джип турат. Мен чыгар менен машинадан "Гансинин" формасын кийген уч адам тушуп келди, бироосу ресторандагы котормочу эле, коркуп кеттим.
-Кандайсын Каныбек, эмне корунбой кеттин-деп кулуп-жайнап суйлоп аткан Айгул эже менин коркуп кеткеними коруп, оозунан созу качып эле эмне дээрин билбей туруп калды. Алдашкан окшойт да.
Котормочусу менин коркконуму байкап, кулуп, Айгул эжеге карап:
- Сиз машинада отуруп турунузчу- деп жонотуп жиберди да, мага карап:
- Салам супермен, жаман ойлобо, биз кечирим сураганы келдик-деп жанындагыларды тааныштырды. Эмне кызмат кылгандарын айтты, менин тушунушумчо бироосу базанын жергиликтуу эл менен мамиле кылуу болумунун башчысы, экинчиси аскердик прокуратуранын адамы окшойт. Котормочунун айтымына караганда ресторандагы окуя чондоруна жетип калыптыр, эгер элге жайылып кетсе, чон чуу чыгышы мумкун экен. Ошого булар мени эч кимге айтпашымы суранганы келишиптир. Ичимен "уфф" деп алдым, беш мин доллар берели ооз басты учун, эчкимге айтпайсынбы, жетеби дейт котормочу. Ичимен жетмек тугул ашып кетет дедим, беш мин доллар учун керек болсо мен булар жон эле турса барып уруп-тепкиледим деп айтканга даяр элем. Бир жерге кол коюп бер, доом жок деген кагаз дейт. Чондоруна корсотуш учун окшойт да. Бир эмес, базасындагы болгон бардык кагазына кол коюп бер десе ойлонбой макул болот элем, ничего себе беш мин доллар, канча нерсе алса болот да. Айткан жерлерине кол коюп берип, акчаны алдым. Жуз долларлыктан жарым пачкасы беш мин болот экен.
Кетип жатып бироосу (элди жакшы коргону) визиткасын берди, эгер иштейм десен мага чал, сендей балдар бизге керек, ишке алабыз дейт. Айлыгын уч жуз доллардан кем болбойт деп мени карап бир кызыктай кулуп койду. Аты Джон Макфелл экен.
Бир комнаталуу квартира алыш мага кол жеткиздей сезилчу эле, Асанбайдан эки комнаталуу квартира сатып алдым. Машина алдым, айылга ата-энеме бир топ акча берип келдим.
Жашоо башталды, досторум менен кундо майрам, кундо той, кыздарды ээрчитип алып кундо дискотека, ресторан-кафелердебиз. Квартиран, машинан, акчан болсо досторун да кобойуп кетет экен.
Акыры ал жашоодон да жадайт экенсин, жададым. Тыынч гана жашагын келип калат экен. Майрам деле кундо боло берсе болбойт экен.
Бир куну уйду култадым да, эки жумага айылга Лейлекке кетип калдым.
Айылдан келсем тынч, эч ким чалбайт, издеп деле келбей калыптыр эч ким.
Авиабазага ишке кирейин деп чечтим, визиткадагы телефонго чалсам Джон Макфелл озу алды, уч-торт ай отуп кетсе да дароо эле эстеди.
Кыскасы "Ганси" авиабазасына ишке кирдим. Кылар жумушум тикмечи, аскердик базадагы адамдардын ар биринин формасында, тошуно аты-жону, номери жазылат экен. Ошол жазууду бир кичине материалга машинка менен тигип жазып берем. Оной эле экен, компьютерге эле жазып койсон болду машинка ошол жазууду тигип жазып берет. Мен машинанын жиби узулуп же тугонуп калбашын карап коюп отура берем. Аларда созсуз чайга деп акча берип кетишет экен, кимиси бир доллар, кимиси эки доллар, беш долларга чейин таштап кетишет.
Эки айдай иштеп калгам, бир куну Макфелл келип Афганистанга иштегени барасынбы, айлыгын уч жуз элуу доллар болот дейт. Ойлонбой эле макул болдум, кылар ишим ушул эле тигуучулук экен. Мага айырмасы жок эле да каякта иштесем, айлыгым болсо кобойуп жатса.
Бир тан калганым, менден мурунку тигуучу болуп иштеген кыз айына жуз элуу доллар алчу экен, азыр мнеге мага коп толоп атышат тушунбодум. Мага окшоп иштеп аткан жергиликтуу адамдардын эч кимиси менчелик айлык алышчу эмес, эн кобу мен алчумун.
Бир жумага жетпей Афганистанга учуп кеттим. Базасы Баграм деген шаардын жанында экен, тегиз жерге курулуптур, аябай эле чон жерди ээлептир. Самолёт, вертолёттордун ар кандай турун кордум, "Аватар" деген кинодогу устундо эки винти бар вертолёттор чынында эле бар экен, мен аны кинодо эле ойлоп табылган вертолёт деп ойлочумун.
Базаны айлантып бийик бетон коргон менен коргондошуптур. Эки самолёттор, вертолёттор учуп конуучу аянты бар экен, куну-туну тынбай учуп конот, эмне ташышат, эмне жумуш бутурушот тушунбойсун. Базанын устундо, асманда чон шар абада калкып турат экен, шарга камералар орнотулуп, базанын айлана тегерегине байкоо салып турулат экен.
Солдаттарга жашоосу жакшы болсун учун мумкун болгон бардык шарт тузулгон. Базанын ортосунда кадимки шаардагыдай магазиндер, кафе-ресторандар, тунку клубдар ж.б. курулган. Солдаттар магазинден ийнеден баштап компьютерге чейин сатып алышса болот, зериксен машыгуучу залга барып машык, болбосо компьютердик оюндар залына барып ар кандай оюндарды ойно, Футбол, баскетбол, волейбол, теннистик корт курулган, баня, бассейн деги койчу айта берсен бир укмуш. Тез-тез Америкалык, дуйнолук денгээлдеги ырчылар келип концерт берип кетишет. Тамактанган жеричи, Бишкекте андай ресторан жок болуш керек. Тамактын бардык туру бар, каалаганыны тандап аласын. Бир кундо беш маал тамактанышат, ал аз келгенсип атайын идиштер турат жашаган жерине ала кетсен болот.
Базанын ар жерлерине автоматтар коюлган, сигареттин, шоколад, ширин суусундуктардын бардык туру бар, каалаганыны алсан болот. Мындай жашоо турганда солдаттар кантип согушканы барат тушунбойсун, олуп калса сонун жашоо калып кетет ко.
Тартибине тушунбодум, базада ар кандай посттор бар, кээ бир посттордогу солдаттар чондору келатса деле отурган столунда отура беришет шоколад же дагы бир нерсе жеп, туруп честь берип койбой. Кээ бир постторго "Хаммер" машинасы менен бир солдат келет да, мылтыгын кокурогуно илип алып бир канча убакыт какайып кыймылдап койбой турат да, анан кетип калат. Пост ачык кала берет, ордуна башка эч ким деле келбейт, тушунбойсун.
Анан дагы солдаттар шоколад аябай коп жешет экен, посттордо отуруп алышып жеп отура беришет, таштанды таштаган чакасы шоколаддын кагазына эле толуп калат.
Бири-бирине кичипейил мамиле кылышат экен, согунуп, кыйкырышканын корбойсун, эгер кокусунан туртуп кетсе, же сен туртуп кетсен деле кечирим сураганча шашышат, бизге окшоп дароо эле кыйкырышып, мушташып кетпей.
Бул базада копчулугу америкалыктар, калгандары Европанын мамлекеттеринен, Азиянын бир эки Япония, Туштук Корея сыяктуу мамлекеттеринен да бар. Анан дагы Непал сыяктуу онугуп келаткан мамлекеттерден жалданма солдаттар бар. Кедей мамлекеттен келген солдаттар бош убагында эс алышпастан базада башка да жумуштарды аткарышып акча табышат экен. Кир жуумай, шыпырып тазаламай, терезе-эшиктерди жууп тазалоо, таштандыларды чогултуп ж.б. ушул сыяктуу иштер.
Бир чон эки кабаттуу имараты бар, кичине бир эле эшиги бар, андан башка бир да терезе же кичинекей тешиги да жок. Усту ар кандай антеннага толтура, имараттын сырты кондиционерге толгон. Бул имаратта базанын айланасындагы уч мин километр жерге чейинки аралыктагы кол телефондон, уй телефонунан, компьютерден, кыскасы байланыш каражаттарынын бардык турунон адамдардын суйлошуулорун тыншап, окуп турушат экен. Шпиондуктун жаны туру экен кыскасы, эч нерсе жашырып болбой калыптыр бул америкалыктардан. Ушул жерден туруп эле Кыргызстандагы суйлошуулорду угуп турса, бул эмне деген жашоо.
Иштеген жеримдеги шериктерим баары жергиликтуу афган эркек, аялдар. Озум Лейлектен болгондуктан, тажик тилин жакшы эле билчумун, оной эле суйлошуп кеттим афгандар менен.
Саат беште ишим бутот, иштен кийин бекерчимин, жатам комнатамда телевизор коруп эле. Макфелл озу машыгуучу залга руксат кагаз алып келиптир, бош жатпай машыга бер деп. Дээрлик кундо залга барам, солдаттар менен таанышып алгам, эптеп-септеп кол менен жансагылап отуруп тушунушо беребиз бири-бирибизди, англисчени деле анча-мынча тушуно баштадым. Бир жылда кадимкидей эле суйлоп калдым, мага аты-жонун жаздырганы келген адамдар менен кобуроок суйлошконго аракет кылам.
Аба ырайы биздин Лейлектикиндей эле экен, кун аябай ыссык, ошол эле ысык шамал, тункусун суук болуп кетет.
Кээде Баграм шаарына барып шаар кыдырабыз, базарына барып базарлык кылып келебиз.
Шаарга бара турган болсон бир жума мурун жазылып коюшун керек, себеби озун каалаган убакта эле бара бере албайсын. Чаканырак автобустар бар, ошолор менен адамдардын бара турган санына карап эки же уч автобус барат, ал автобусту алдынан уч, артынан уч "Хаммер" жана эн алдыда бир БТР, эн артта бир "БТР" коштоп журот. Коштоп баргандар кобунчо жаны кызмат кылганы барган жаш солдаттар.
Машыккан залда бир америкалык солдат бар эле, джиу-джитсу менен машыккан экен, ошол экообуз жакшы болуп кеттик, кундо машыгабыз, мага джиу-джитсунун жашыруун, копчулукко уйротулбой турган ыкмаларын уйротту. Адамдын денесинде ар кандай точкалар болот экен, бир бармагын менен эле басып адамды ар нерсе кылсан болот экен. Мушташып кетсен бир жерин ооруп калса озуну озун дарыласан да болот экен, мисалга башын ооруса сол колунун алаканын он колунун баш бармагы менен укалап, баш бармак менен сол колунун соомойунун учун тырмагын менен катуу сайсан он мунотко жетпей оорубай калат, ж.б. ушул сыяктуу ыкмаларды уйротту. Азыр мага чынын айтсам канча адам менен мушташсам да айырмасы жок эле, просто ыкчам кыймылдасан, баарын канчасы болсо да женсен болот. Анан ар кандай шарттарда озуну сакташты уйротту, мисалы ээн чолдо калсан, суун калбаса, жерди казып устуно клёнка жабып, тубуно идиш коюп койсон, абанын составында суу да болот экен, ошол суу клёнкадан сырыгып тушот да, танга маал идишине суу толуп калат, кунго, жылдызга, дарактарга жадакалса жерде жаткан чонураак ташка карап багытты билсен болот экен, ж.б. дагы ушул сыяктуу нерселерди.
Бир жылдан ашык иштеп калгам, бир куну эртен менен иште олтурсам Джон Макфелл мени чакыртыптыр, бардым, саламдашып, аны-муну сурашкандан кийин:
-Каныбек сага АКШ мамлекетинин иши тушуп калды, бул иш сенин колунан келет, эгер макул болсон жыйырма мин доллар толоп беребиз-дейт.
-Эмне иш, эгер колуман келсе эле мен макулмун,-негедир ичим ыссып кетти, акчаны уккангабы.
-Майли созду кобойтпой ачыгын эле айтайын, эгер макул болбосон уккан создорун ушул жерде калыш керек. Айрыкча бирге иштеген жанындагы афгандар билбеши керек, озун тушуносун, азыр согуш маалы.
-Менден эч кимге соз чыкпайт, ал жагынан кам санабан, айта берин.
- Анда кеп мындай, биздин базадан жуз сексен километр алыс аралыкта Пули хумри деген шаарча бар, ошол жерде бир солдатыбыз кечээ жашыруун спецоперацияда калып кеткен. Азыр бекинип жатат, тез арада алып чыкпасак, аны таап алышса олтурушот. Ошол балабызды алып чыгып беришин керек.
-Мен кантип алып чыгам, озунор эле солдаттар менен барып куткарып албайсынарбы?
-Анда ашыкча соз болушу мумкун, дуйнолук коомчулукка туура эмес кабар кетет, азыр бизден кынтык таппай эле тургандар коп. Жок жерден адамдар набыт болушу мумкун, сен биздин солдатка кийим эле алып барып берсен болду, анан тундоп чыксанар силерди машина кутуп турат, шаардан чыксанар вертолёт менен алып келип алабыз, шаардан сыртта биздин вертолёттор куну-туну деле учуп журо берет, шаарга гана киргенге болбойт.
-Мени кармап алышсачы?
-Сенден эч ким шек санабайт, бул жакта биздин база тургандыктан тынч, ошого согуш болуп жаткан жактардан келишкен качкындар коп. Ошолордун бироосу деп ойлошот, тилди жакшы эле билесин, без акцент суйлойсун, онун дагы афгандарга окшош. Кыскасы сен барсан бул проблема аябай эле женил чечилгени турат, акчасын да жакшы толоп беребиз. Ойлосон кийим эле алып барып бересин болду.
-Ойлонгонго убактым барбы.
- Бугун тундоп алып чыгыш керек, эртен кеч болот.
- Мен бул жактын эч жерин билбесем, деги эле кантип алып барып берип, кантип алып чыгам.
-Макул болсон сага тушундурушот, кыйынчылык деле болбойт дейм. Акчаны кааласан азыр которуп коёбуз, аз десен дагы кошобуз.
Америкалыктар бут мамилесин акча менен ченешет экен. Бизде жон эле адамкерчилик деп эле бироодон бир нерсени суранабыз же бироого суранычына бекер эле жардам берип коёбуз го. Аларда дароо эле акча менен суйлошот. Ушунчалык конуп бутушкон же нарагынан ушундай окшойт.
Дагы кош деп соодалаша албадым, айтканга тилим барбады, нары али чече элекмин барыш барбашымы. Бирок жыйырма мин доллар барып кийим берип эле келгенге, кыскасы ичимен макул эле болуп калдым. Мени айнып кетет дедиби:
-Дагы беш мин кошобуз, коп деле кыйынчылык болбойт, мумкун болушунча жардам беребиз, сага эч ким зыян келтире албайт- деп мени кондурушко аябай эле аракет кылды.
Баграмдын айлана тегереги тынч эле болчу, анда санда эле кичине атышуу болбосо. Мен келгенден бери бир жолу эле бир террорчу озун озу эл коп жерде жардырып жиберди. А так кадимки эле тынч жашоо, эли кунумдук турмушу менен алек болуп, ишканалар иштеп дегендей. Макул болдум, Джон Макфелл дароо бирооду чакырып мени дайындады.
Орусча суудай суйлогон неме экен. Бир чон болмого кирдик. Узуну уч, туурасы эки метрдей болгон монитор илинип туруптур, жагып картаны ачып тушундурду. Базадан Пули хумри деген шаарга чейинки жол майда-чуйдосуно чейин корунот экен. Пули хумриге чейин автобус менен барат экенмин, анан шаардын картасын корсотту. Чакан эле шаар экен, тоонун арасына жайланышкан. Тоодон суу агып тушуп, ошону жээктеп узунунан отурукташкан шаар экен. Мен барчу жер шаардын чыга беришинде беш гектардай жерди ээлеген, тикенектуу зым менен коргондолгон, дал ортосунан суу агып откон уй экен. Солдаты коргондун ичинде, ошол суунун жар болуп калган жеринде бекинип жатыптыр, ичи калын бак окшойт, оной эле бутурсо болгудай бул ишти. Афганистандын мен деген байларынын бироосу экен ээси.
Мен шаарга жеткенден кийин базардын жанында мечит бар экен. Ошол мечитке караштуу ар жактан келген уйсуз качкындар жата турган уйго орун алып жатып. Тундо саат бирде туруп тиги байдын уйуно барып солдатын алып чыгышым керек. Коргондун эки жеринен тешик даярдалыптыр, кадамдап эсептеп таап алсам болот экен. Коргондон чыкканда бизди машина кутуп турмак.
Дагы коп нерселерди тушундурду, кайдан келдим, атым ким, кантип келип калдым, келген жагымда эмне бар, коншуларым ким, ар кандай шартта эмне кылыш керек экенин, озуну кантип алып журуш керек, кимге кантип суйлош керек. Ким мага суйлоп атканда кандай ойлонот, мендей кандай жооп кутот. Айтор мени торт беш саат ар нерсеге уйротту, тундосу дарактардын тубундо кантип басыш керек дабыш чыгарбай ж.б. нерселерге. Мен озуму айга учуп аткан космонавттай эле сезип кеттим.
Кузотчулор журсо керек десем, алар жонундо ойлобо, алар сага тоскоол болбойт деп ишеничтуу кулуп койду.
Саат экилерде мени гримдешти, жарым саатта озуму кузгудон коруп тааныбай калдым, бомж эле болуп калыпмын. Кузгудон мени чачтары тармалданып оскон, банянын даже алыстан караанын корбогон аябай кирдеген, тиштери орсок бурсак, мурду бир жагына кыйшайгансыган афган бала карап турду. Озуму коруп кулуп жибердим эле, кулкум да бир келесообу, анкообу ылайыктуу соз таба албадым, башкача чыкты. Колума тамтыгы кеткен кытайча жазуусу бар сетка карматышып койду эле аябай эле жарашып калды. Сеткама афгандардын жука нанынан учту, бир бакалашкага суу, туз, курма, анар, чокко бышкан эт салып беришти. Афгандардын кенен тигилген, эскирээк, бир эки жери тигилген кийимин беришти. Алардын устунон пахтадан тигилген калын чапан сыяктуу кийим беришти, устумо жамынып алат экенмин.
Анан бир эски анча мынча жерин дат баскан бычак беришти, ал менен телефон катары байланышса болот экен. Сабын бир колун менен кармап экинчи колун менен темирин он жакка кичине бурап тартсан буларга звонок келет экен, суйлошо берет экенсин. Сабынын учунда бир, капталында бир кичине козго аран корунгон тешиги бар экен. Башыма кийген боз тустогу баш кийимге жети ийне бекитилиптир, ошол ийнелерди бироосун саптын учуна салып экинчи ийне менен туртуп ичине киргизип, анан капталындагы тешикке ийненин учун салып башын озуно тартсан ийне атылып он беш метрге чейинки аралыктагы адамды атсан болот экен. Адамдын мойнунан ылдыйына сайылса эки секундда, баш жагына сайылса дароо эле уч торт саатка озун жоготот экен. Кытайдын электрондук арзан саатын колума тагып беришти.
Солдатына он таблетка, бир кичине идиште порошок беришти, берип кой озу билет деп.
Саат учтордо мени Баграмдын базарына жеткирип таштап коюшту. Озум жалгыз калдым, эч сезилбеген экен мурундары келгенде, адамдары козумо коркунучтуу корунуп озуму чытырман токойдо жалгыз калгандай сездим. Кетким келди кайра, бирок жыйырма мин долларды эстегенде, аткарам дедим бул ишти. Уже мынча акчага эмне сатып алаарымы пландап койгом, дагы кичине жетпей да калган. Базарын кыдырып жонодум, мага эч ким деле конул бурган жок. Озум эле бир нерсе кылып билдирип койбосом, эч ким деле шек албай тургандай.
Эли байлары деле коп экен, бирок копчулугу жакырчылыкта жашайт экен, маданиятсыз, сабатсыз.
Кыргызстанда туулуп калганыма Кудайга мин мертебе шугур дедим. Бизде тынч, элибиз маданияттуу, кенен, эч нерседен коркпой жашашат. Элестеттим да озумчо Бишкекте эртен менен жумушка барайын деп чыгып жатып бекинип алып эки жакты копко чейин карап, эч ким жокпу деп, колумда автомат же пистолет, ээ элестеткин да келбейт мындай жашоону, качан кимиси келип атып кетет деп. Кулуп жайнап жургон адам корбойсун, баары бири бирине ишенбегенсип, коркконсуп карайт. Бир да кыз менен жигиттин ээрчишип, балмуздак жеп, ээн эркин каткырып жургонун корбодум, антип журуш оюна да келбейт булардын, элестете да албайсын бул жерде антип журушту, бут эле паранжы жамынышкан аялдар.
Озумчо ойлоп койдум, биз аялдарыбызды минтип паранжы кийгизип омурун откозбойбуз эч качан деп. Жашоосу ушунчалык суз, адам бир жашагандан кийин ушинтип эле жашашып отуп кетишеби бул жашоодон деп ойлойсун. Элибиз афгандарга салыштырмалуу тимеле бир башкача бактылуу экенин ушуларды коруп сездим.
Афган элинин жаш балдары эле кулуп жайнап журушпосо, улууларынын козундо бир чарчагандык, жашоого нараазылык бар. Тагдырга баш ийип эптеп кун откозуш эле болуп калганы байкалат.
Бир сааттан кийин автобус жономок Пули хумриге. Ага чейин коно беришим керек эле жергиликтуу элге, базарын кыдырып журдум. Ысык шамал журуп турат ар дайым, жердеги мусор аралаш чандарды бети башына каптап коет. Каерин караба мусорго толгон, кээ бир жерлеринде ушунчалык жаман жыт келет чыдай албайсын. Ошондой жерде эттерди, кичине кол арабага салып келип коюп алышып сатышат. Устун жаап да алышпайт, устун мусор аралаш чан басып калат. Бир жеринде тируу тоокторду торго камап келип сатып жатышыптыр. Эми коруп конун айныйт, кардар келип тоок же короз тандайт экен, сатуучу ошол жерде эле балта менен тооктун башын чаап салып жанындагы кичине балага берет экен, ал бала бир челеги болот экен жанында, ошого эле тооктун жунун жулуп тазалап берет экен, сууга жууш деген жок, жаман кир чачык менен аарчып коет болду.
Ээ биздин Кыргызстаныбыз бир бейиш эле жер экен да. Кудайдын жакшы коргон эли экенбиз. Айтпай эле коеюнчу калганын.
Ар нерселерди кармалап кором, ойлогон элем мени кууп жиберишет деп. Эч ким деле кууган жок, мендей кийингендер коп экен конуп бутушкон окшойт. Бирок карап турушат бир нерсе уурдап албасын дейби. Бир бала бурчка отуруп нан жеп жаткан экен, жанына отуруп мен да нан менен курма жеп отурдум. Наны аябай даамдуу болот экен, жугору кошуп бышырышат экен. Бир мендей эле бала бир сатуучунун оругун уурдаган экен кармап алып уруп кирди эле тиги бала да сатуучу менен мушташып кетти. Жанындагы адамдар сатуучуга кошулуп баланы урушабы десем, кайра балага болушуп экоосун ажыраштырышып, тиги балага нан, орук, кичине акча беришип кетирип жиберишти. Полиция да келип калды эле, алтымыштардагы адам экен, карап унчуккан жок, сатуучуга гана кой эми бир бечара экен деди окшойт, сатуучу да унчукпай калды. Согуш боло берип бири-бирин аяп калат окшойт да.
Автобустар сан менен белгиленет экен, менин автобусум 57-номердеги эле, барып билет алып койдум, али кырк мунот убакыт бар эле.
Базарды кыдырып журдум, кургатылган жемиштерди саткан жерге барганда мен да уурдап корсомбу озуму сынап деп ойлондум. Эгер уурдасам озуму анча эле ишеничтуу сезип калмакмын, биринчи кой дедим тынчыраак эле журойун деп, анча кыдыргандан кийин эмне болмок эле деп уурдоону чечтим. Курма саткандарга барып эки уч кардар турган жерине бардым да, аны-мунусунун баасын сурап колумдагы акчаны эсептемиш болдум эле, сатуучу да акчаны коруп мени уурдабайт деди окшойт, берки кардарларга карап калды эле, курмадан экоону алып бироосун байкатпай сеткама салдым да бироосун кайра коюп койдум. Дагы бир аз туруп кетип калдым.
Озуму анча эле ишенимдуу сезип калдым, эли деле жакшы эле окшойт. Ар кандай адам журот базарда, чет олколуктор деле коп экен, согуш болуп атканын куралчан аскер адамдары эле эстетпесе, тынч эле жашоо.
Автобус жоноор маал болуп калды, барып озумун ордума отурдум, жыйырма орундуу кытайдын чакан автобусу экен, адам деле толгон жок. Жолдо беш чонураак делген айылдарга кирип, вокзалдан адам алып, тушуруп барат экен, тогуздарда жеттик. Мечитин айдоочудан сурап оной эле таап алдым, айткандай эле мечиттин жанында эки кабат эски, айнектери кээ бирлери фанер кагылган имарат бар экен. Ичине кирсем бир кемпир тосуп алды да биринчи кабаттагы бир болмого киргизди. Жерге тактайлар ташталып устуно эскилиги жеткен таар ташталыптыр. Эки адам уктап жаткан экен, мен да кемпир корсоткон жерге жатып алдым. Сумкаман нан, суу, курма алып чыгып жейин деп жатсам кемпир кирип калды, устумо жамынганга одеяло алып келген экен. Жур балам деп бир болмого алып барды эле, тамактана турган жер экен, бир алюмин кесеге куручтон жасалган тамак, нан, чай берди. Тамагынын даамы жок, чайы деле жакшы кайнабаган экен. Аябай ачка болгон адамдай тур корсотуп эптеп жедим.
Ордума барып жаттым, кичине эс алып алсамбы дейм, уктап калсамчы. Уйду сагынып кеттим, кун ыссыкта айылда сорубуз бар, усту жузум менен тосулган ошол сорудо уктаган кундорум, оруктордун, алмалардын бышкандары жел жургондо "топ","топ" деп жерге тушкондорун эстеп, бир кол жетпес бакыттай туйулуп кетти. Жон эле айылда журбоймунбу, дыйканчылык кылып, коон дарбыз эгип, орук бышканда кургатып как кылып сатып эле. Эмнеге келдим бул каргыш тийген жерге деп. Уктабайм деп жатып кантип козум илинип кеткенин байкабапмын, бироолордун кыйкырышканынан ойгонуп кеттим. Эки адам жакалашып, учунчусу ажыраштыра албай жатыптыр. Корсо бироосунун акчасы жоголгон экен. Ошону сен алдын, мен алдым болуп жатышкан экен. Саат он эки болуп калыптыр, ай да корунбойт капкарангы, бул жерге куну-туну адам тынбай келип кетет экен. Кетейин деп сеткамы карасам жок, бироосу уурдап кеткен окшойт, дагы жакшы бычакты башыма жазданып жаткан балыштын тубуно бекитип койгон элем. Чыгып чон кочо менен ылдыйды коздой жонодум, бир аз жургондон кийин жол сууну бойлоп кетет эле. Сууну бойлоп жыйырма мунот жургондон кийин копуро бар, копуродон кийин суу уч жуз метрден кийин мен бара турган уйдун короосуна кирип кетет.Бир чон дарак бар эле, ошону болжол кылган, ошол дарактын тубундо карангыда олтурдум кутуп. Бул жерде кундузу ыссык болгон менен тундосу анча эле суук болуп кетет экен. Жылуурак кийинбесен ушуйсун.
Эми мындан ары менин тагдырым менин гана колумда эле, кайра кетип калсамбы деп да ойлондум. Дагы он беш муноттой бар эле, мени точно саат бирде кир деген да короого. Уч мунотто короонун бурчуна жетем, отуз метр баскандан кийин тешиктен кирип ичи бак эле, бак менен онду коздой жуз отуз беш градус менен басышым керек, туз барсам тигилердин айтышында эч кандай адамдарга кабылбашым керек. Кантип эле ушундай чон жолдун боюн эч ким карабасын деп ойлоном озумчо, бирок мени алдабаш керек эле. Алдап эмне кылмак мени, озулору кызыкдар да. Суунун жээги калын бийик оскон чоп экен, ошону аралап короого жеттим да ичине кирдим, журогум кабынан чыгып кетейин деп дукулдойт. Тобокел деп жонодум айтылган багыт боюнча. Бак калын экен, атайын токойго окшотоюн дегенби, башаламан, туш келди кылып эгиптир, эс алганга деп. Сууга оной эле жеттим, суунун боюнда чон таш болуш керек эле, таапай койдум, он жакты жуз метрдей жер менен сойлоп барып карадым, сол жакты да жуз метрдей барып карадым жок. Убакыт боюнча солдатын таап калышым керек эле, эмне кылышты билбей турсам, устумон бир добуш чыгып кичине лампочканын жарыгы чыкты. Тушунбодум эмне экенин, колума бычакты кармап алган элем, дымып бычакты даярдап кыймылдабай жатып калдым. Кичине мотордун иштеп жаткан уну эле, устумо келип бир эки секунддай турду да жаныма келип уну чыкпай калды. Колумдагы бычак вибрация болду эле чочуп кеттим, ал жонундо эсимен чыгып кеткен экен. Темирин бурасам, мени даярдаган адам экен:
-Жогору кетип калдын, суунун агымы менен ылдыйга жуз жыйырма метр бар, убагынан кечигип атасын тезирээк. Дрон жоноттук жанында конуп турат, коркпо ал сени коргойт, ошонун артынан бара бер дейт.
Мени коруп турушкан экен да эмне кылып атканымы, жанкы ун дрон чымчыктын уну экен да. Уккам бирок ишенбеген элем, канатын куулоп чымчыктай эле учат, дарактардын бутагына, ток откон зымдарга конот десе. Аран байкалган жарыгын жагып алып, ордунан тик эки метрдей которулду да, кадимки чымчыктардай канат куулоп учуп кетти. Мен артынан жонодум сойлоп. Чымчык бир жакка учуп кетет, кайра пайда болуп калат, ташты таптым, эми ошол таштан жыйырма метрдей дагы журсом солдатка жетмекмин.
Жеттим акыры, мени кутуп турган экен, карангыда онун корбодум, учурашсам колдору муздак, тимеле кышында тонот ко кол ошондой болуп муздап калыптыр. Кийими суу, кундуз сууда отурганбы. Тартып жатып аран чыгарып алдым, озу чыкканга аракет да кылбады. Орто бойлуу, арыгырак келген адам экен. Эмнеге жардамдашпайт дейм, корсо бир буту санынан сынган экен. Аран эле кыймылдайт, же суйлой албайт ушугонгобу же ооругангабы. Денеси от менен жалын тимеле, калчылдап титирейт. Таблетка менен порошокту эстеп калып бердим эле таблетканын экоосун ичти окшойт, бир аздан кийин озуно келди. Титирегени басылып дем алгандары жакшы болуп калды. Порошокту ачты да кичине сууга аралаштырып бетине, мойнуна, бут денесине суртуп чыкты.
- Бол тез-тез, кетишибиз керек бул жерден,- шашпай олтурганына жиним келип кетти.
- Жарда рюкзак, автомат бар, алып алыш керек-ушугонгобу уну дирилдеп чыкты.
Жаным чыгып кетти, озу оло албай жатып сумкасына балээ барбы:
-Бизди чыгарыбыз менен машина алып кетет, автоматты, сумканы мне кыласын, чыгып кетишибиз керек бул жерден тезирак, тур.
- Автомат калса да сумканы алып албасак болбойт, ото керектуу нерсе бар. Ансыз кетпейм-деп когоруп туруп алды. Согунуп алдым, озум коркуп, эптеп чыгып кетиштин айласын кылып жатсам бул акмактын кылганын.
-Каерде сумкан?
-Жарда, тушсон эле табасын камыштын арасында.
Жарга тушсом эки метрдей суу тийбей турган жер бар экен, бечара ошол жерде камыштарды жамынып алып отурган окшойт. Камыштын арасын тытмалап атып сумка менен автоматты таптым.
- Автоматты сууга ортосуна ыргытып жибер, эч ким таап албашы керек- дирилдеген уну менен кенеш берип коет солдат, ыргытып жибердим.
Рюкзак беш алты килодой чыгат.
Алып чыгып желкеме илдим да, солдатты колтуктап чоптун арасы менен суунун агымы менен ылдый кеттик. Камыштар бийик оскондуктон бизди эч ким кормок эмес, камыштардын шуудураганын суунун шаркырап акканы угузбайт эле. Дрон чымчык жаныбызда учуп журот, алдыга учуп кетет, кайра жаныбызда пайда болуп калат. Бизди карангыда кантип корот деп коём озумчо, уч жуз метрдей жургондон кийин сол жакка бактын ичине кирип, бак менен кетиш керек эле, солдатты жерге отургуздум:
-Сойлой аласынбы?
-Ооба.
-Жолдун наркы бетине отуп бакка кирип кетишибиз керек.
-Кеттик.
Аны алдыга салып озум артынан сойлоп отуп кеттик.
Бакка киргенден кийин, сол жакка сексен градус менен торт жуз метрдей барсак тешикке жетмекпиз. Убакыттан жыйырма мунотко кечигип аттык, тезирак кетиш керек эле, солдаттын басышы менен дагы кечикмекпиз. Рюкзакты анын желкесине илдим да, озун которуп алып жонодум. Дрон жаныбызда журот, ошонун артынан жонодум, корккондо куч пайда болот экен, солдаттын оорлугу деле сезилген жок. Тешикке туура чыккан экенбиз, оттук да жолду бойлоп коргондун тубу менен солдатты которуп алып жонодум. Машина отуп калбаса экен деп кудайлайм ичимен, эгер отуп калса бизди даана кормок. Кача турган жер жок эле.
Саат эки болуп калыптыр. Бир кыркта чыгышым керек эле. Коргондун бутушуно барсам эч кандай машина жок. Жолдон чыгып таштар бар экен чон чон, арасына бекинип отурдук. Дрон журот устубуздо ары-бери учуп. Бычакты алып чалсам эч кандай жооп жок. Солдатка карасам жатат, дем алышы кыйындай баштаптыр. Чекесин кармасам ысып чыгыптыр. Дарысынан дагы экоону ичти. Аты Микаел экен, Майк кыскача.
-Бизди машина кутуш керек эле-десем, эмнегедир согунуп алды да ойлонуп жатып калды. Маал-маал согунуп атты.
- Эмне болду, эмне согунуп атасын?
-Дрон журобу?
-Жургон азыр эле, эмнеге сурап атасын?
-Жон эле, сурап койдум.
Кайра-кайра чалам эч жооп жок. Дронду карасам, ал деле корунбойт. Жарым сааттай отурдук. Эки жакты карайм, эч нерсе корунбойт, анда-санда машинелер ары-бери отпосо, башка эч кандай кыймыл жок. Саат эки жарым болуп кетатат, торт жарым, бештерде жарык тушо баштайт.
Майк жатат кыймылдабай, суйлосом же жооп бербейт. Акыры болбоду, минтип отура берсек кармалабыз. Сууну бойлоп кетсек эки километрден кийин тоо башталат, тоого чыгып кетсек дагы бир кеби болор.
Майкты тур деп котордум да, сууну бойлоп жонодум, камыштар жоголуп, суунун бою таштак экен, чалынып бир-эки жолу жыгылып кетейин дедим. Ар жерге дем алып атып бир жарым саат дегенде тоого жеттим. Токойлуу экен тоосу, бир сайына кирип бир сааттай журдук, Майкты колтуктап, рюкзакты желкеме илип алгам. Тан агара баштады. Мындан ары журуш коркунучтуу эле, тоонун боорунда анча эле бийигирээк жерде караган коюу болуп оскон жери бар экен, ошол жерге эптеп жетип, ичине кирип бекинип алдык. Саат алты болуп калыптыр. Майкты карасам крем суртунуп алгангабы, ону афгандарга окшоп кара тору болуп калыптыр, билбеген адам афган эле деп ойлойт. Буту ооруп жатканга кара тер болуп тердеп, денеси ыссып чыгыптыр. Дарысын да ичип алганга убакыт бербеген экенмин ойлосом. Байкуш унчукпай чыдап келе бериптир. Жаныбыздан булак чыгат экен, суу менен дарысын ичип алды да жатып калды. Буту шишип кетиптир, афгандардын кенен шымын кийип алган эле, ошонун сыртынан да билинип калыптыр. Кантип чыдап жатат тушунбодум, дары кучтуу окшойт да. Жерге бутактардан сындырып салып, устуно чоптордон жулуп келип калын кылып салдым да Майкты жаткызып койдум. Дарынын кучубу уктап калды, мен озумо да жай даярдап бир аз дем алып алайын деп жатып, аябай чарчаганмынбы, уктап калыпмын. Бироо туртконунон ойгонуп кеттим, Микаел экен:
-Акырын,-деп ылдый жакты корсотту эле, карасам тээ ылдыйда ондой кара кийинген адамдар сайдын ичи менен ойдолоп кетатышыптыр. Колдорунда автоматтары бар экен. Булар Афганистандын полициясынын атайын даярдалган болугу эле.
-Бизди издеп журушот-чекесин бырыштырып суйлонуп калды Микаел,
-Бизди эмнеге издемек эле, эч ким деле билбей калды го, артыбыздан эч нерсе калтырган жокпуз го?
Микаел мени тан калгансып карап койду да, мен тигилерди карап турсам:
-Карай бербе, байкап калышат-дейт.
-Ушундай алыстан кантип кормок эле бизди.
-Карай берсен сезет ар бир адам, сезилет, созсуз бурулуп карайт, коюу дарактарды байкап калышса келишет, алар жонундо ойлонбошко да аракет кыл.
Ордума жатып калдым, саатты карасам торт болуп калыптыр. Тигилерди ойлобоюн деп ичимен санай баштадым. Бизди эмнеге издемек эле, эч ким корбосо, корсо ошол замат эле кармайт эле да. Акыры чыдабадым:
-Микаел бизди эмнеге издемек эле, бир нерсе билсен айт жашырбай. Машина эмнеге келген жок?
-Азырынча эч нерсе айталбайм, озум да тушунбой жатам-бир нерсени билет, айткысы келбей жатат, даана эле сезилди мага.
Аябай жиним келди, куткарып чыксам, ушунча жерге алып келсем мунун кылганын. Эмне дешти билбей калдым, бир жагынан коркуп жаттым, кантем эми деп. Микаел дагы ооруй баштаганбы дарысын ичип уктап калды. Курсагым аябай ачып калыптыр, же жегенге эч нерсе жок, туруп сайдын ичин карасам эч ким корунбойт, кара кийимчендер тээ тоонун башына чыгып кетишиптир. Ар нерсе оюма келет, бычакты тартып кайра-кайра чалып кором, эч кандай жооп жок. Кечке чейин жуз жолу чалдым окшойт. Бир ойлоном, Микаелди бир жерге бекитип коюп, Баграмга базага барсамбы деп. Алып чыгып бер деген эле, алып чыгып бердим. Эмне вертолёт менен келип алып кетишип алат да. Эртен менен эрте жолго чыкмак болдум да, кенешейин деп Микаелди ойготсом ойгонбойт, кайра-кайра туртсом да ойгонбоду. Журогун тыншасам сокпой калыптыр. Коркуп кеттим, омурумдо олгон адамды корбогон элем. Ордуман ыргып туруп он метрдей алыс барып туруп калдым эмне кылышты билбей. Бычакты кайра-кайра тартып кором, эч жооп жок. Эмне кылышты билбей калдым, бычактын сабын тартып:
-Микаел курман болду-депмин, тигилер укпаса деле.
Бир маалда Микаел кыймылдап бир капталынан экинчи капталына оодарылды эле, журогум жарылып кете жаздады. Козун ачып мени издеп калды эле ушунчалык суйунуп кеттим, жакшы коруп кеттим, коркконго кош корунот болгон экен да.
-Мен сени олуп калган экен дедим эле-деп жанына барып отурдум, баш кийими тушуп калган экен, ага кичине да келип калган эле, озумукун ага кийгизип, аныкын мен кийип алдым. Майк мени карап койду, козунон умуту узулгон , эми баары бир болуп калган коз карашты кордум. Аяп кеттим.
-Майк минтип жата берсек болбойт, мен Баграмга барып келет окшойм. Эртен менен эрте жоносом кечке чейин келип калабыз. Келип сени алып кетебиз, мен да кошо келем.
Майк жооп бербестен асманды карап жата берди.
-Коркпо бул жерден сени эч ким таппайт, мен тез жетишке аракет кылам, жолду билем. Дарын да тугонуп баратат, эртен тундо уже базада болосун. Тез эле айыгып кетесин. Маанайыны тушурбо, баары жакшы болот, мына коросун.
Майк айласы калбаган адамдай кулду да, артынан оор ушкурунуп алып:
-Атын ким?
-Каныбек, Ганни деп койсон деле болот,- базадагылар мени кобу тили келбей Ганни дешчу.
-Ганни, бизди эч ким алып кетпейт, келсе шаардан эле ошо куну алып кетишмек. Азыр деле биздин каерде экенибизди коруп эле турушат. Алардан жардам кутпо, биз уже жок адамдарбыз алар учун. Базага барган куну деле экообузду жок кылышат.
-Эмнеге?- кандайча жок кылышат, биз эмне кылмыш кылдык же эмнени билебиз алар корккудай,-оюма дароо бир жашыруун сырды ачып койгон окшойбуз деген ой келиптир,-рюкзакта бир нерсе барбы.
- Базада мен жонундо сага эмне дешти?
Айтып бердим, унчукпай угуп жатты да:
-Ганни аларды деле тушунсо болот, мен деле ошону айтмакмын. Сенин куноон керектуу жерде, керектуу убакта болуп калганын.
- Ток этер жерин айтчы, ар нерсени эле суйлой бербей. Филисофтук ойлоруну кийин бекерчиликте башкаларга ай тасын. Мне болду, мнеге биз жок адамбыз?
-Макул анда баарын бир башынан айтайын, сага тушунуктуу болуш учун. Рюкзакта уч жуз минден ашыгыраак доллар, дагы кичине евро бар, санаган жокмун. Мен бул акчаларды ошол уйдон уурдап чыккам.
Оозум ачылып калды, оюма да келбеген экен мындай нерсе. Суйлойун десем колун которуп токтой тур дегендей жансады да:
-Токто Ганни мен айтып бутойун, дарым деле калбады, эртен мененге чейин жашаймынбы, жашабаймынбы айталбайм. Созуму болбой тур сураныч сенден. Мен Майамиде бай уй булодо остум, атамын ондон ашык чон магазиндери бар эле. Учунчу классыман эле атам мени машыгуучу залга апарып, катуу дайындаган эле, жакшы машыктым. Шаардагы чемпионаттардын канча жолку чемпиону болгом. Озумун балдарым бар эле, шаарды мен карачумун. Канча жолу балдарды уруп, экоо-учоосун майып кылып да койдум. Атам ар дайым куткарып кетчу. Мектепти буткондо Лондонго окууга откозду, ал жакта деле уйронгон адатымы кылып журдум, уч жолу окуудан айдамакчы болушканда да, атам акчанын кучу менен жаап коюп жатты. Эки озумо окшогон балдар менен табышып алгам, студенттерди тонойбуз. Акыркы деген акчаларын алып койчубуз. Окубай эле ойноп кулуп эле журчумун, куну куру эмес ичебиз, наркотикке да кадимкидей уйрондум. Эки жыл окуп калганымда, бир куну бир кызды наркотик чегип алып озуму билбей калыпмын олтуруп койгом. Квартирамда мени менен калган экен. Эртен менен ойгонсом ваннада сууда олуп жатыптыр. Башын сууга салып тумчуктурган окшойм да, эсимде жок. Дароо атама чалдым, атам эшикти эч кимге ачпа, квартирана эч ким кирбесин. Мен тушко барып калам деп, эки адам менен келген экен, тиги кызды кантип жок кылышты билбедим. Айтор анда да куткарып кетти. Бир жума окуганыман кийин, кайра Америкага, озубуздун шаарга башка окуу жайга котортуп алды. Мен дагы деле онолгон жокмун, баягы эле жашоо, окууга барбайм деле, атамын кадыры менен эле журдум. Эки ай дегенде менин онолбошума козу жеттиби, же армия ондойт дедиби билбейм, армияга жонотуп жиберди. Гавайиде алты ай кызмат кылганымдан кийин Афганистанга которушту. Сени жоноткон Джон Макфелл атамын жакын досу болот. Ошол мени карап журду. Эч кандай согуштук чыгууларга катышкан жокмун, базада эле журом. Базада кичинекей робот учуучу аппараттарды, дрон деп коёбуз башкарып эле олтурабыз, жонокой тилде айтканда дрондордун оператору болуп кызмат кылдым. Аябай жакшы оздоштурдум, базадагы эн жакшы оператор элем. Дрондордун ар кандай туру бар, мен эки дронду башкарчумун. Бироосу беш жуз километрге чейинки алыстыкка учат. "Оул" (кыргызча уку) деген. Анын иши мин метрге чейин которулуп базанын айлан тегерегиндеги беш жуз километрге чейинки жерди чалгындоо эле. Тундосу деле кундузкудой кылып корот. Экинчиси "ханте" (мергенчи) деген кичинекей чымчык. Чыныгы чымчыктан эч айырмасы жок, кадимкидей канатын куулоп учуп журо берет. Башында айнектин ичинде камерасы бар, уч жуз алтымыш градуска айланып турат, тошундо цианидге ууланган ийне атуучу куралы бар. Ал чымчык эки жуз километр алыстыкка чейин уча берет. Дарактарга, ток откон зымдарга конуп уча алат. Эгер батарейкасы отура баштаса ток откон зымдарга конуп эле заряд алып алат. Куну туну деле учуп журо берет, карангыда уч жуз метрдеги адамды кундузгудой коро алат. Мен айрыкча "Хантени" жакшы башкарчумун. Баскетболдун топ тушуучу шакекчесине сеткасына тийгизбей учуруп отчумун. Бул деген эн жакшы корсоткуч болчу. Кандагарды коён жатагына чейин билем. Жакын арадагы шаарларды да карап, керектуу делген нерселерди майда-чуйдосуно чейин картага тушуруп турабыз. Ким эмне кылып жатат, айтор ишибиз, базанын айлан тегерегиндеги айыл шаарларды карап, тынчтыкты сактоо эле. Ар кимибиздин озубузго болунгон шаарыбыз бар. Же шектуу делген уйлорду байкоого алып турабыз. Менин ишим ушул уйду кароо эле. Беш колумдай билчумун бул уйду, сакчылар каерлеринде турат, кайсы сакчы кандай карайт, эмнеси кайсыл жерде жайгашкан. Уйдун ичинде канча болмо бар, жер толосуно чейин дронду киргизгенмин. Бул уйдо Кандагар провинциясынын эн бай деген соодагери жашачу. Ар айда коп суммадагы акча алып келип жер толосуно бекитип, акча уйдо уч кун турчу, анан Кабулга жонотчу. Бир жарым жыл карап журдум, ар дайым бир убакта алып келчу. Кызматым бутуп кайра Америкага кеттим. Атам мага ишин ишенип бере албады. Бир эн чон магазинине башкаруучу кылып койду эле эки айдай аран иштедим. Мындай иш мен учун эмес экен, кундо эле бир иш кайталана берсе, кыскасы ишти мурунку башкаруучуга тапшырдым да, эч кимге айтпай Таллахасси деген шаарга кетип калдым. Досум бар эле, озунун туристтик агентствосу, Майамиде эки чон отели жана бир канча мотелдери бар эле. Ошол менен кенешип озумчо бир бизнес ачсамбы деген оюм бар эле. Ки Уэст шаарында эки жуз гектар жер фермерлерден сатылып алынып эс алуучу чон комплекс курулат деген соз журуп жаткан. Досум шериктери менен ошол жерге туристтер учун пираттардын шаарчасын курабыз деп жаткан экен. Уч жуз мин долларлык бир проектти кааласан ал, башка эч кимге бербейли дегенинен дароо эле макул болдум. Ал проект илгерки пираттардын кемесин дал озундой кылып жасап жээкке коюш керек экен.
Бир айда башталат экен, ошого чейин кайдан акча тапсам деп ойлоно баштадым. Атама айткан менен бербейт эле.
Оюма дароо эле ушул уй келди.
Биринчи дароо эле куудум бул ойду. Озум байдын баласы болгондуктан досторум да байдын балдары эле. Болгон досторумун баарына бардым. Бирок эч кимиси берген жок, ишенишпейт да мага. Ойлоп корсом жашым жыйырма бешке барып калыптыр, озумун эч нерсем жок экен. Досторум токтолушуп, алды озунчо иштеп калышыптыр, бир экоосу мага тимеле акыл уйротушот. Озумо озум аябай нараазы болдум, же досторума очоштумбу билбейм, кантип болсо да акча таап булардын козуно коруном дедим.
Канча жерге бардым акча издеп, эч майнап чыкпады. Акыры Афганистанга келмекчи болдум, акча жер толодо турчу. Оной эле алып чыксам болот эле. Себеби жер толонун арт жагында бир кичине терезеси бар, адам оной эле батат. Ал жагы дээрлик каралбайт деле. Бак менен оной эле барсан болот.Эч кимге айтпай жасалма паспорт жасатып, Афганистанга турист катары учуп келдим. Афгандардын кийимин таптым. Тундо ээнирек жакка чыгып кийинип, крем менен гримденип алдым. Мени эч ким ойлобойт эле америкалык деп. Уну чыкпаган израилдин кол автоматын, бычак таптым. Тундоп Пули хумриге келип, уйго кирдим. Жер толонун терезесинен оной эле кирдим. Бул уйдун сакчылары эчким даап келе албайт дешип, конул ток журушо турган, билбеген адам кире албайт эле. Сейфтин комбинациялары озгорбоптур, ушундан корктум эле, эски боюнча эле экен, акчаны алып жер толодон чыгып бакка кирип кеттим. Эми бакты аралап ортосуна жетип калгам, сакчылар топурашып кыйкырышып, ары-бери чуркашып калышты. Азыр ойлосом сейфтин сигнализациясы болуп, ошол иштеп кетип билинип калган окшойт. Сакчылар дароо коргонду курчашып калышты, эчким чыгып кеталбай тургандай кылып. Мен бактарды сугарган арыкка жатып калдым, бакты бир четинен тинте башташты окшойт, маал маал бир нерселерди рация менен суйлошуп коюшат. Арык чон эле экен, арык менен сойлоп барып чон сууга жетип алдым да, жардын тубуно камыштардын арасына пистолетти, рюкзакты бекитип, озум камыштан кичине трубка жаап, сакчыларды карап турдум. Сакчылар жакындап келгенде сууга тушуп, трубка менен дем алып турам да кетээри менен кайра чыгып камыштын ичинде бекинип отурам.
Суу ото эле муздак экен, тундосу аябай суук да болуп кетет экен аябай ушудум. Колдорум камтууга келбей калды. Сакчылар дагы суунун жээгин текшерип келатышканда сууга кирип кетатып бутум тайып кетип эки чон таштын ортосуна кымчылып, он бутум саныман сынып кетти. Эсим ооп калыптыр, мени кантип байкашпай калды билбейм, озумо келсем камыштын арасында жатыпмын.
Эми бул жерден качып чыгыш мумкун болбой калды. Айлам кеткенде Джон Макфеллге чалдым. Атамдын досу эле, жардамын аябас дедим. Алып чыкса коп акча береримди айтсам, аябай ачууланды, согунуп сагынып атып макул болду.
Мен ойлогон элем коп адам менен келип алып кетет деп. Сен жалгыз келгенде бир нерсени журогум сезген эле.
Сакчылар танга чейин он жолу менин жаныман отушту окшойт, кундузу да кайра-кайра сууну бойлоп издешип жатышты.
Сакчылар сени байкабаганы, сенин алдында дрон чымчык учуп жургон. Сага тоскоол боло турган сакчыларды атып уктатып коюп жатты да. Аткан адамдар эки саатка чейин уктай берет, ойгонгондо да бир сааттай кыймылдай албай же суйлой албай жатышат.
Калганын озун билесин. Мен олсом да эч кимдин оюна келбейт америкалык экеним, кийимим, онум афгандарга окшоп турса. Бир афган ооруп олуп калыптыр деп комуп коюшат, болду.
Мунун баарын угуп айлам кетип отуруп калдым. Кара кийингендер бизди издешип журушкон турбайбы. Базага кайра бара албасам, бул жерде таанышым жок болсо, тынч мамлекет болсо да бир жон, согуш болуп жатса.
- Эмне кылабыз Майк? -айлам кетип Майкты карадым.
Майк жооп берген жок, асманды карап эле жатып калды. Анчадан кийин:
-Ганни базага барам деп ойлобо, бизде мындайга ото катуу турушат. Америкалыктардын кымындай да зыяны жергиликтуу тынч жашап жаткан адамдарга тийбеши керек. Мен да беш жылга чейин келбешим керек эле бул мамлекетке. Аскердик кызмат кылган мамлекетке беш жылга чейин келууго укугу жок адамдын. Бир мен деп бут базаны жаманатты кылгандан коро мен ын жынсыз жок кылабыз деп чечишиптир да. Сен да билип калдын, элге жайылып кеткенден коркушат. Ошого сени да жок кылышы мумкун.
- Эмне кылабыз анда,каякка барабыз?
-Мен эми эч жакка барбайм, атама деле айтышпаса керек менин бул жакта экеними. Бир жагынан атам деле менден жадады, канча кыйнадым. Билген кундо деле жардамга келбейт болуш керек. Сен акчаны ал да эптеп уйуно жетип ал. Акчан болсо чечилбеген проблема болбойт. Мен танга жетпейм эми, дарым тугонду, бычагыны ыргыт. Дайынсыз кетишин керек, базадагыларга таптырбай.
Конулун которойун деп бир нерселерди айтайын десем Майк эс алайын деп койду эле унчукпай жатып калдым. Ар нерсени ойлоп жатып уктап кетипмин Майктын онтогонунан улам ойгонуп кеттим, тун жарым болуп калган окшойт. Ушуп жатканбы титирейт калчылдап. Устумо жапкан пахтадан жасалган афгандардын кийимин Майктын устуно жаап, озум да ушугондуктон кургак чоптордон коп чогултуп келип устумо жаап жатып эптеп уктап кетипмин. Ушугонгобу ойгонуп кеттим, тан агарып калган экен. Негедир бироо карап тургансый берди. Чопторду уйкусурап ушугонго башыма чейин жаап алган экем, кыймылдабай акырын эки жакты карап издедим ким карап жатканын. Бир маалда кичине мотордун уну угулду устубуздон. Дрон чымчыктын уну эле, дымымы чыгарбай жатып калдым. Чымчык менин устумо учуп келип коп болсо бир метрдей бийиктикте ордунда учуп карап турду да, Майктын устуно учуп барды, акырын козуму ачып карап жаттым. Чымчыктын эле дал озу, башында вертолеттукуна окшогон кичине винти болот экен. Майктын мандайындагы бутакка конуп копко чейин карап турду, башынын ордуна тегерек айнек, ичинде кичине камера айланып турат экен. Камера мен жакка бурулганда козуму жуумп алам, бети башымы чоп жаап тургандыктан корбойт эле. Дрон Майкты, мени уч торт муноттой карап турду да, Майктын устуно учуп келди, тошунон кичине козго аран корунгон от чыгып, дрон асманга которулду да канаттары куулонуп, башындагы винти токтоп ичине кирип кетти окшойт, учуп кетти.
Дагы деле бироо карап тургансый берди, кыймылдабай копко жаттым. Турбай жатканым жакшы болгон экен, беш муноттой откондо дагы бир дрон устубуздо карап турган экен, учуп кетти.
Бир аз жаттым да акырын эки жакты карасам эч нерсе корунбойт. Бутактарды бут карап чыктым, жок эч нерсе. Туруп эле Майкты карасам ондору бозоруп башкача болуп калыптыр. Кулагынын кичине ийненин учу чыгып турат, атып олтуруп кетишиптир. Эмне кылышты билбей калдым. Бир жагынан олгон адамдын жанында тургандан корктум, кечинде эле тируу турган адам минтип калса. Бир жагынан озумон да корктум. Мени да олтуруп кетишсечи, Майкты олтурушту, мени эмнеге атышпады тушунбодум, аяшты окшойт да куноосу жок деп.
Майктан алысыраак жерге барып алып ойлондум отурдум, базага барсамбы кайра деп. Олтурушпогонуно караганда мени кайра барсам деле эч нерсе кылышпайт го, Макфеллге соз берем да эч кимге айтпайм деп. Акчаны апарып берсем, акчаны эстегенде бир ой келди. Майк коп акча алып чыкканын Макфелл билет, эгер акчаны базага жакынырак жерге апарып бир жерге бекитип, анан Макфеллге барып, мени Кыргызстанга жонот, мен сага акчанын каерде экенин айтам десем макул болот.
Базага барам деп чечтим, акчаны алайын деп барып Майкты коруп, ошол жатышы боюнча таштап кеталбадым. Булактын жанынан жумшагырак жер таптым да, бычак менен жер каза баштадым. Нымдуу экен оной эле каздым. Эки саатта казып буттум, Майктын устундогу жапкан одеялону жанына салдым да Майкты которуп устуно жаткыздым. Суйроп келип чукурга тушуруп карасам баш кийими тушуп калган экен, апкелип кийгиздим. Бут эле кийимдерими Майкка берген экенмин. Ошондо бир зарыл нерсени эстей албагандай боло баштадым.
Майкты комуп буттум, башка динде болсо да боло берсе керек деп куран окуп коеюн деп куран окуп жатып, бычакты жаныма коюп койгон экенмин, козумо урунду эле оюма тык келди жанатан бери эмнени эстей албай жаттым десем. Майкты биринчи олуп калган экен деп, бычак менен базага чалып олгон дебедим беле, устундогу чапаны, башындагы допусу меники эле. Майктын азыр деле базадагылар бизди каерде экенибизди билип эле турат дегенин эстедим.
Демек базадагылар Майкты олгон деп ойлошсо, Майктын устундо менин чапаным, баш кийимим болсо, дрон Майкты эмес мени олтургону келген экен да.
Дароо эки жакты карадым, дрон жокпу деп, тээ ылдыйда бир эшекти минип бироосун жетелеп бир адам сай менен жогорулап кетатат, андан башка эч ким корунбойт. Саат деле он болуп калыптыр. Бул жерден тез качыш керек эле, бирок кундуз кантип кетем, бироо жарым коруп калса созсуз айтат эле мени издеп жургондорго. Артыман тушушуп калышса оной эле таап алышмак. Же мен бул жерлерди билбесем.
Бычакты жерге коомп койдум, акча салынган рюкзакты алып Майк жаткан жерден дагы ойдорок жуз метрдей чыгып кеттим да бекинип жаттым. Эми кеч киргенче бир нерсе ойлоп табармын дедим.
Жатып алып ар нерсени ойлондум, эмнеге макул болдум деп озумо озум жиним келет. Бир жагынан эки кундон бери эч нерсе жебей аябай курсагым ачты. Озуму адам жашабаган аралда калгандай сезип кеттим. Майк жаткан жерди карап карап коем.
Базадагылар мени олду деп ойлошсо анда алардан коркпосо болот, тундоп бул жерден алыс кетип алсам. А эгер базадагылар дронду дагы жонотушуп, мени таппай калышсачы. Саат кечки жетилерде кайра барып Майк комулгон жердин жанына дагы бир чукур казып, ичине чон чон таштардан таштап кайра коомп салдым. Эми дрон келсе экоон тен коомп коюшкан экен деп ойлошот эле.
Каякка барам эми. Базада бирге иштеген афгандардан уккан элем, Мазари Шариф деген шаарда кыргыздар коп деп, ошолорго барайын, кыргыз болгондон кийин Кыргызстан менен байланышы болуш керек, бир нерсе кылып жардам берээр дедим.
Куугум кире баштаганда тоонун чокусуна чыктым. Пули хумри дапдаана корунот экен, тоонун тубунон чон жол кетиптир. Тундоп жолдон алыстабай тоо менен кете берейин дедим. Пули хумриден алысыраак кетип алсам эч ким текшербесе деле керек, дагы бир кеби болоор. Тоо менен эки сааттай журдум, токой, осумдуктор тугонуп такырайган жерлер башталды. Таштак бут эле, аябай суук болуп кетти, бир кызыктай суук шамал журуп турат экен, тимеле ар бир клеткана суук киргендей сезилет. Жука кийимчен элем тонуп калдым. Акыры чыдабадым суукка, бир чон таш бар экен, далдасына шамалдан бекинип, ылдыйдан откон жолду карап отурдум. Титиреп чыктым. Жарым сааттай отурганда таштардын шылдыраганы угулуп бироолордун келатканы угулду. Журогум шуу дей тушту, артыман кууп келаткандар окшойт. Же карангыда корунбойт эч нерсе, таштын жанында кичине чукурураак жер бар экен, бекинип жатып калдым. Экоо экен, дал мен отурган таштын жанына келишип турушуп калышты, менден уч торт кадам эле жерде. Дымымы чыгарбай жатам, журогум тигилерге угулгандай болуп дукулдойт. Кара кийимчендер экен, башына индустарга окшотуп чалма кийишип алышканынан тааныдым. Жерди сыйпалап кырдуу таш таап алдым, эгер коруп калышса экоосуно женилбейт элем. Ойлонуп, даярданып жаттым кантип, каерине урсам болорун. Экоо эки жакты бир аз тыншап турушту да, бироосу:
-Эч ким жок, ача бер- деди эле, жанындагысы таштын тубундогу майда таштардын арасынан бир нерсе алып чыгып, таштын жерден бир метрдей бийигирээк жеринде тешиги бар окшойт, салып бурай баштады. Бураган сайын таш экиге болунуп ортосу бир метрдей болуп ачылды. Экоосу ичине кирип, таш кайра жабылып калды. Мен сойлоп таштан он метрдей алыс барып бекинип жаттым. Он муноттой откондо таш кайра ачылып экоосу чыгышты да, ташты жаап, бураган нерсесин ордуна бекитишип, бир аз эки жакты тыншап турушту да, кетишти. Бут эле таш болгондуктан мага даана эле билинип турду кай тарапка кетишкени, канча алысташканы. Он муноттой откондо жолго машина келип токтоп экоосун алып кетти.
Бул ачылма таштар жонундо уккам, 1979-89 жылдары советтер союзунун армиясына каршы согушкандарга америкалыктар жасап беришкен. Кобунчо чон жолдордун боюндагы жол жакшы корунгон жерлерге, аскалардын бооруна жасалган мындай таштар. Чон, калын таштарды кесип, ортосу кадимки эле домкраттар менен ачыла турган кылып жасалган. Ичине гранатаметтор менен душмандар бекинип отурушкан. Армия жол менен колонна болуп келатканда бийиктен туруп аткылашып, колоннага вертолеттор жардамга келип ата баштаганда кайра ташты жаап бекинишип калышат. Калын таштарды эки жуз жыйырма жолу атсан деле эч нерсе болбойт. Советтик солдаттар чыгып эч нерсе таппай калышчу. Кийин кереги жок болуп тонолуп кеткен эле. Дагы деле бар экен да.
Кирип коройун деп чечтим, эч ким деле келбесе керек эми. Таштардын арасын чукулап "т" формасында жасалган темир труба таптым, чон таштын боорун кармалап издеп кургап катып калган балыр окшогон нерсе менен маскировка болгон экен тешигин аран таап, темирди бурасам оной эле ачылды. Калындыгы эки метрдей чыгат таштын. Озум бата тургандай болуп ачылганда ичине кирип ташты ич жагынан кармалап чон эле эки колдоп бураса боло турган машинанын рулундай болгон буроо экен бурасам эшик жабылып калды. Ичи капкарангы, эч нерсе корунбойт, акырын дубалды кармалап бассам жарк деп свет куйду эле чочуп кеттим. Корсо светти жаккычы жерге орнотулуптур, ичинде адам болсо куйуп турат, эч ким жокто очуп калат. Ичи кенен эле экен, он адам баткыдай, тегерек жасалыптыр. Чекесинде уч кок турго боелгон темир ящик турат, дат баса баштаптыр чекелерин. Советтик армиянын куралдары салынган окшойт устундо "Made in USSR" деген жазуусу бар.
Бироосундо эки чон аккумулятор бар экен, светти ушулар менен куйгузот окшойт. Экинчисинде ун, катырылган нандар, сурсугон эттер, туз, кукурт, кашык, бычак, коланын идишинде суу ж.б. нерселер бар экен. Учунчусундо эскирээк америкалык солдаттардын жылуу курткасы, кара формачандардын торт адамдык комплект формасы, ийне жип, кайчы, бычак курчуткангабы кайрак таш, дептер, ручка, таш жука тигилген Германиянын бронежилеттери, маркер менен ар жерлеринен белгиленген Афганистандын картасы бар экен. Рюкзагыма беш нан, сурсугон эт, бычак, суу, ийне жип салдым. Бронежилеттин бироосун алып ичимен кийип, койногуму кийдим да, сыртынан америкалык солдаттардын эски курткасын кийип алдым. Америкалык солдаттардын эски кийимдерин кийип жургондор коп болчу, эч кимге оон учурабайт эле. Саат деле уч болуп калыптыр, ал жерден чыгып алысыраак кетейин деп тынбай журдум, тан агара баштаганда гана чоон таштардын арасына кирип бекинип жаттым. Минтип журсом болбой турган, тундо тоодо жургонуму корсо ким болсо да шекшийт эле. Жаткан жерим бийик жер экен, айлана тегерек жакшы корунуп турду, он километрдей жерде бир чакан айыл бар экен, Уйлору бут ылайдан жасалган жапыз. Усту камыш менен эле жабылган. Жолдо кыймыл тынбайт экен, ар кандай машиналар, биздин москвичтер журот эскилиги жеткен, устуно тоодой кылып жук жуктоп алган. Айрыкча жук ташыган машина аябай коп.
Жолдун аркы бети тегиз жерлер экен, шалы эгилген окшойт, дыйкандар бала чакасы менен шалы оруп журушот.
Бронежилетти чечип тигилишин бычак менен кыркып, ичиндегилерин алып салдым. Рюкзакта отуз эки пачка жуз долларлыктар, эки пачкадай элуулук евролор, тубундо ак бет аарчыгычка оролгон аялдардын ондон ашык алтын шакек, сойколору бар экен. Акчаларды, алтын буюмдарды бронежилеттин ичине терип салып, тигип, кийип алдым. Куртканын сыртынан эч нерсе билинбей калды.
Рюкзакты чон таштын тубуно бекитип койдум. Эми коркпосом деле болчудай. Башымдагы парикти чечип ыргытып жибердим, ушунчалык жадаган экем, кун ыссыкта башын кычышса же тырмай албайсын. Озумун чачым деле тердей берип жакшы эле корунуп калган окшойт. Чачымы суулап топурактан сээп, кайра кууп салдым. Кургаса сонун эле корунуп калат.
Куугум киргенче жаттым да, саат сегиздерде жолго чыгып, жол менен эле айылга жонодум. Ондорго жетип бардым, айылга кире бергенде жолдун боюнда коп машиналар токтоп турат, кеч болуп калса да эл коп, корсо жакын арадагы айылдардын дыйкандары остургон нерселерин дунунон сата турган жер экен. Мага эч ким конул бурган жок, ар ким озу менен озу, дыйкандар чоон чон каптарда тазаланган куручторун, шалыларын, жугорулорун сатып жатышат. Аралап журдум, бироосунун жанына туруп калсам, бир киши, сатып алган окшойт, жыйырмадай кап шалыны мага корсотуп:
- Жур машинаны корсотуп коеюн жуктой бер, мен куруч карайын-деп, ээрчитип жоноду. Мени жуктогуч деп ойлоду окшойт. Эки кап шалыны которуп алып артынан жонодум. Бир эскилиги жеткен "Камаз" туруптур.
-Ушуга жуктой бер, анан мени тап, жугору жуктойсун -деп жугору сатылган тарапка кирип кетти. Машинанын ээси окшойт, бир унуройгон аксакал киши каптарды санап, апкелген каптарымы комур менен белгилеп койду. Жуктоп бутуп машиненин айнегин карасам "Мазари Шариф" деген жазуу турат. Ушуга жармаша берейин деп, жугору жакка кирсем, мени кутуп турган экен:
- Он эки кап, жуктоп тур азыр келем- деп коюп бир жакка шашып чуркап кетти. Жуктоп бутуп айдоочунун жанына отурдум. Айдоочу чонтогунон сигарет алып чыгып ичиндеги тамекисин алаканына тогуп, ага бир кара майда нерселерди аралаштырып кайра салды да чеге баштады, гашиш дегени ушул окшойт. Бир аздан кийин конулу которулдубу, мага карап:
-Каяктансын балам? иштерман экенсин, мага жардамчы болбойсунбу,-дейт, мындай суроону кутпогон элем шашып калдым.
-Лашкаргахтан.
-Аа жакшы, жакшы. Ал жак тынч.
-Мага жардамчы бол, Мазари шарифке каттайм. Акчасын жакшы толоп берем, эгер кундо ушинтип иштесен. Апийим чекпейсинби? -мени сынагансып карады:
-Жок чекпейм,
-Хазарисинби?
-Ооба-тушунбосом деле жооп берип койдум. Бизче "сопу" деген соз окшойт да.
Жан деп макул болдум.
Ар ким келип мени чакырып кетет, шалы, жугору, куруч которуп келем, тунку саат учтордо машина толду, жуктогонум учун ар кимден алып олтуруп беш мин афгани иштепмин. Тамактанып алып жолго чыктык, аябай чарчаган экенмин, айдоочу аксакал:
-Уктай бер, эртен кечке жетебиз, ашууда тамактанабыз ошол жерден ойготом-дегенинен артындагы жата турган жагына отуп, дароо эле уктап калыпмын. Бир тушунуксуз туштор кириптир, Майкл журот, Джон Макфелл, айылдагы уйум, дагы бир нерселер. Бир маалда ойготту, саат эртен мененки тогуз болуп калыптыр. Ашууга келген окшойбуз, алдыда оозу анырайып туннель турат.
-Салангга келдик, жур жуунуп, тамактанып алып жонойлу эртерээк, салкында жолду арбытып алайлы.
Бул Гиндукуш тоолору эле, Саланг ашуунун аты, бул ашуу тундук менен борбордук Афганистанды бириктирип турган жалгыз жол. Биздин Тоо Ашууну эстеп уйду сагынып куса болуп кеттим, студент кезде канча оттум эле. Азыр каяктарда журом минтип, кана эми козуму жумуп кайра ачсам эле Тоо Ашууда турган болсом, ээх, жоо болсо да Лейлекке кетип калат элем. Кайра озуму озум кайраттанттым, кучтуу болушум керек, бошошсом эле олгонум ошол эле. Баары жакшы болот, эн негизгиси эмне болсо да токтобой аракет кыла бер деп ичимен суйлонуп алдым.
Кыйналганда кимден укканым эсимде жок, бир нерсени эстей берем, эки бака сут куюлган уч литрлик банкага тушуп калышыптыр. Чыгайын дешсе сыйгаланып эч эле мумкунчулук жок, бироосу умутун узуп кантип чыкмак элем деп аракет кылбай чогуп олуп калыптыр, экинчиси эч умут жок болсо деле аракет кыла бериптир колу буттарын чапкылап чогуп кетпестен. Арадан убакыт отуп сут уюп коюу айран болуптур да бака секирип чыгып кетиптир. Ошол бакачалык жокмунбу, ага салыштырмалуу менде шанс коп эле.
Машина ушунчалык чан болуптур, жол аябай эле чан окшойт. Жуунуп, тамактанганы кирдик, ашканасы шаардагыга караганда анча эле таза, жасалгаланган экен. Афган ашын, самсы заказ кылдым озумо, абдан даамдуу бышырат экен.
Айдоочунун буга чейин иши деле жок эле мени менен, уктап турганыман кийин суйлогондору башкача болуп калыптыр. Ар кандай суроолорду берет, Лашкаргахтын каериненсин, баланчаны тааныйсынбы, тукунчону тааныйсынбы деп. Айткандарыма ишенбеди окшойт, унчукпай калат. Тамактанып алып кайра жолго чыктык. Дагы деле уйкум келет, уктап калыпмын.
Саат экилерде ойготту, машинанын ичи ушунчалык ысып кетиптир, терим куюлат тимеле. Айнегин ачсам кайра ого бетер чан аралаш ысык шамал кирет, жапканча шаштым, тоолор бутуп тегиз жерлер башталыптыр, бул жак сонун экен, айлан тегерек жашыл, талааларда ар нерселер эгилип, жолду бойлоп дарактар тигилген. Адамдары да байыраак жашайт окшойт, кийингендери жакшы, жолдору да асфальт тошолгон. Бирок кун ото эле ысык, элуу градуска чейин жетет окшойт, баягы эле тугонбогон чан. Жолмо жол эле ар беш алты километрден кийин блокпосттор турат экен, солдаттар турушат автоматтарын кармап. Негедир биздин машинаны эч бир постто токтоткон жок, айдоочудан сурасам, "мени таанып бутушкон, ар эки уч кундо отом бул жолдон" дейт. Кудай мени колдогон экен ушул адамга жолуктуруп деп койдум ичимден.
Кечки саат алтыларга жеттик акыры Мазари Шарифине, туура эле базарына бардык, бизден эрте барып кутуп турушкан экен жуктун ээлери. Базар куну туну тынбайт окшойт, эл коп эле, жукторду таратып бутуп, дагы бир экоосунукун кампаларына чейин алып барып бердим. Айдоочум эртен дагы иш бар, деп, саат он бирлерде мени базардын жанындагы бир уйго алып келди, бир чон уй, жанында уч болмолуу кичине дагы бир уй бар экен, короосу чон эле окшойт, бак тигилген. Мага кичине уйдун бир болмосунон жай алып берип коюп кетти. Уч адамга деп матрацтарды жерге салып коюптур, экоосундо эки адам уктап атышыптыр. Бироосуно уктайын деп светти очуруп жаттым. Бир аздан кийин эле бир нерселер бетимен, колдоруман жормолоп ото баштады, туруп светти куйгузсом матрацтын устундо толтура чоон чон тараканга окшогон бир нерселер журот, тимеле тез басышат экен, качып ар жакка кирип кетишти. Бир нерселер мойнумун эки уч жерин чагып салыптыр. Дароо устумдогу курткамы чечип кагындым. Майда кумурскалар журот, биерде жатсам эртен мененге чейин эч нерсе калбай турган менден. Эртен менен мени ойготоюн деп айдоочу келсе, кийимим эле калган болсо да.
Тынчыраак бакка эле чыгып жатайын деп матрацты алып эшикке чыгып аябай кайра кайра кактым да бактын ичине кирип жатып алдым. Кундуз жолдо келатып уктап алгангабы, эч эле уктай албай койдум. Ар нерсени ойлоп жатат элем, саат он эки болоюн деп калганда машина келип токтоп, мени алып келген айдоочу, уч кара кийимчен адам кирип келишип мен жаткан комнатанын айнегинен айдоочу карап шериктерине бир нерсе айтты, акырын суйлогондуктон угулбады. Уйго киришип, кайра эле чуркап чыгышты да бир нерселерди суйлошуп калышты. Мени издеп келишкен окшойт, айдоочу бир нерселерди актангансып айтып жатты. Уйдун ээси да чыгып калды эле, андан да бир нерселерди сурап жатышты. Уйдун ээси уйго кирип менин жанымда жаткан адамдар окшойт экоосун ээрчитип чыкты. Алар да билбейбиз деди окшойт,кенешип туруп калышты. Мен бак менен сойлоп коргону дубалдан эле, дубалдын тубуно барып тигилерди карасам, бироосу уйдун ээси менен уйдун ичин караганы кирип кетти окшойт, калгандары короону тинте башташты. Дубалдан ашып тушуп, тар карангы кочо экен чуркап жонодум, эки тарабым бут эле дубал коргон. Туш келген кочого кирип кете бердим. Бир сааттан ашыгыраак жургондо шаардын сыртына чыгыпмын, шалы эккен талаа окшойт. Шалысын карап жаткан дыйкандар окшойт, анда санда адамдардын суйлогондору угулат. Чон суу агып отот экен боюна барып коюу оскон чоптор бар экен, аралап ичине кирип сууну карап отурдум. Эмне кылышты билбей калдым, жанагы айдоочу менин эмнемен шекшип калды тушунбодум, кара кийимчендер мен экеними кайдан билишет, же жон эле совпадениеби. Же мени бут Афганистан боюнча издеп калышканбы. Же суротум болбосо эч жерде, же эч ким мени тааныбаса. Ойлонуп деги эле башым жетпеди. Тоо жакка качып кетсемби, бирок тоодо деле журдум го. Башым катып калды мне кылышты билбей. Курткаман таанышар бекен дейин десен андай куртка кийгендер толтура. Мазари Шарифте эми журо албайт элем, Тажикстан жакка бара бериш керек болду. Же тушумдо суйлондум бекен, бир болсо тушумдо суйлонгон окшойм. Чоптордун арасында жатып уктап кетипмин, суунун агып жатканы учунбу билбейм, тушумо жайлоо кириптир, кичинемде тайэнем менен жайлоого чыкчумун, боз уйубуз суунун боюнда эле, суунун акканын угуп жатып уктачу элем.
Адамдардын кыйкырып суйлошконунон ойгонуп кеттим. Тан атып, калыптыр, дыйкандар шалы оруп журушот. Аялдар балдарына кыйкырып ойгото алышпай убара. Чоптун арасында мага окшоп уктагандар коп экен. Ар ар жерден турушуп, сууга жуунушуп, кээ бирлери тамактанып отурушат. Мага эч ким конул бурган жок, сууга тушуп жуунуп, элдерди карап турдум, тамактанып алгандар ар ар жерге чогулуп турушуп, иши барлар келишип алып кетишет экен. Мен да барып четирээкте кыргызга окшогон балдар турган экен, кошулуп алдым. Баары озулорунун орогу менен келет экен. Тура бердим аралашып, жанымда турган бала менен таанышып калдым. Аты Абду экен, мага карап:
- Сарпекке барасынбы? Торт кундук иш бар-деп калды, мен да сыр бербей, билген адам болуп:
- Барам, торт кунго болсо-деп койдум.
-Анда дагы эки бала табыш керек, хазарларды эле алабыз-деп, жаны келип кошулган балдардан дагы экоону тапты.
Эртерээк эле кетсек экен деп ичимден тызылдап турам. Акыры бир тарпы чыккан машина келди. Он бала устуно чыгып бир жагына кеттик. Шаардан анча эле алыс экен, бир жарым саат журдук, бир айылдардан оттук. Бир ээн талаада узун салынган сарай бар экен, аябай эле коп жерге шалы, жугору эгилген экен. Бир кыргызга окшош аксакал киши тосуп алып бизди жайлаштырды. Неберелери окшойт, сегиз жаштардагы бала, паранжа жамынган кыз журот. Кызы тамак кылат экен, бала от жагып, кыскасы жардамчысы экен. Шалы оруш керек экен, дароо эле ишке кириштик. Саат ондордо жердин ээси келди, артында жук жуктой турган джип менен, жумушчуларга азык тулук алып келиптир. Биз иштеп атканбыз уйдон алысыраак жерде. Келип эле аксакалга кыйкырып, колундагы таягы менен далысына бир эки жолу уруп да жиберди. Кызы менен баласы тамакка деп ар нерселерди туурап отурушкан, бала коркуп калганбы ушунчалык, чуркап сарайдын артына барып бекинип отуруп калды. Мен баланы карап калдым эле, бала мени карап коюп жерге отуруп унун чыгарбай ыйлай баштады. Маал маал чон атасын карап коюп ыйлай берди. Чон атасы унчукпай турат, кожоюну да майда адамбы, токтобой суйлой берди, аксакалды суйлотпой, деги созу да тугонбойт экен, оозунан шилекейи да агып кетет экен, оозун аарчып коюп тынбай он мунот суйлоду окшойт. Уну да чыйылдап чыгат экен, ушунчалык жаман коруп кеттим. Баткенде мындай адамга амал бербесин деп коет. Ушундай адамдарды жек корчу элем, колунан кичине эле иш келип калып, адамдар иши тушуп келсе, же колунда иштеп калса озун тимеле кудай сезип калгандарды. Барып быдылдап суйлоп аткан оозун жара койгум келди. Жанымдагыларды карасам баары шашып бушуп иштеп калышыптыр. Мен да айласыздан иштеп калдым берилип, Чыйылдак жаныбызга келип иштеп атканыбызды карап, бизге да бир эки кыйкырып кетти.
Баланын коркуп ыйлап отурганы эч эле коз алдыман кетпей койду. Барып башынан сылап, эркелетип конулун которуп койгум келди, Чыйылдак кетсе барайын десем колокого тошок салдырып жатып алды бизди карап. Кичине эле дем алып отура койсон кыйкырат. Саат он экилерде тамактанганы чыктык. Куручтон суюк тамак кылган экен, эми жей баштаганымда жанымда отурган бала артка бурулуп да койбой, тамактарга карап отурган бойдон эле жотолду да, мурдун шыр тартып коюп тамагын жей берди. Аппетитим буулду да калды, башкаларын карасам эч нерсе болбой эле жеп жатышат. Тамагыман тамак отпой калды, бир аз отурдум да, кун аябай ысык болгондуктан уч саат дем алат экенбиз, сарайдын колокосуно барып жатып алдым. Бир жерди шыбайм дегенби, ылай жасап койгон экен, кичине баланын конулун которуп коеюн деп барып кичине ылай алып келип топурак аралаштырып коюлап машина жасап жатсам, жаныман отун которуп отуп калды эле:
-Азыр сага сонун машине жасап берем, озунун машинан болот-десем, жакыныраак келип отуруп калды. Мен да ушинтип болсо да конулун которуп коеюн деп, жакшы чыксын деп эринбей жасап берейин дедим. Жана эле ыйлап аткан, менден чочуркап аткан бала баарын унутуп, жаныма келип, сен донголокторун жасап мага жардам бер десем, кызыгып жасай баштады. Эжеси укесин издеп келип бизди корду да, укеси суйунуп жасап атканын коруп, унчукпай отунду алып кетип калды.
Аты Алим экен, тимеле баарын унутуп коздору жайнап алган, чонойгондо антем, минтем деп ар нерселерди айтып. Эжеси барып чон атасына айтканбы, аксакал биздин жаныбызга келип карап турду да кетип калды. Байкабапмын Чыйылдак да келип алысырактан карап турган экен, биринчи Алим коруп калып менин артыма бекинип калды эле, анан коруп калдым. Келип жаныбызда бир аз турду, эмне кылып жатканыбызды коройун деген го. Мени карап бир нерсе дейин деди окшойт, карасам козумон жаман коргонум байкалдыбы же мнеге тушунбодум, жерге тукуруп, мени карап коюп кетип калды.
Алимди карасам коркуп алыптыр. Башынан сылап:
-Коркпо, мен турганда сага эч ким тийбейт, кулагынан чоюп коем, мурдун чымчып алам, анан ыйлайт- десем, кулуп жайнап калды. Беш жуз афгани берип, адатымча мороженое алып же деп айтып жиберейин депмин, афганча кандай айтылат экенин билбейт экенмин. Акчаны алып суйунгон боюнча чуркап барып эжесине берип келди окшойт. Машинаны жасап бутуп кургасын деп бийигирээк жерге кунго коюп койдук. Калганын эртен кургаганда кылабыз деп жонотуп жибердим. Шериктерими карасам баары уктап жатыптыр, мен да эс алып алышым керек эле. Бир жарым сааттай убакыт бар экен али. Саат учтордо кундун ысыгы кичине болсо да кайтып калыптыр, кайра ишти баштадык. Кечке куугум киргенче иштедик. Акчасын кундо кечинде берет экен, ар бирибизге торт жуз афганиден таратып берди. Мен коккуй дедим ичимен, Алимге элуу афгани берсем деле болмок экен, озум кечке чейин иштеп аран торт жуз алсам, эми чон атасы мне ойдо калат. Макул эми болору болду, жаман деле адам корунбойт. Кечки тамактан кийин, бизди сарайдын бир бурчундагы болмого жаткызышкан эле. Шериктерим чогулушуп алып бир нерселерди эле кубурошуп суйлошуп калышты. Абду мага карап:
- Сен да аласынбы?-деди эле, сыр бербей жок деп койдум. Эмнени алат экен булар деп жанында тыншап турсам, корсо гашишке акча чогултуп атышыптыр. Бироосуно акча чогултуп берип жонотушот экен. Сен бар, мен бар болуп атып акыры бироосу кетти. Уч километрдей жерде айыл бар эле, ошол айылдан алып келет экен. Бир жарым саатта келди окшойт, баарынын чонтогундо фольга, же бизче айтканда чайдын жылтырак кагазы болот экен, ошол кагазына ар кимге берген пулуна жараша салып берди. Эки экиден болуп алышып фольганын тубуно зажигалка менен от жагып кызытканда, апийимден тутун чыгат экен, тутун башка жакка чыгып кетпесин деп, устулорун жоолук сыяктуу чон материал менен жаап алышып ошол тутунду дем алышат экен. Аксакал келди да бизди карап коюп кайра чыгып кетти. Эми эмне болор экен деп карап жатсам, анчадан кийин ар кими жону жок эле кулушуп, бироосу ыйлап, айтор бир кызыктай эле болуп калышты, коздору жайнап. Ар нерселерди суйлошуп, каткырып кулушуп копко отурушту. Анчадан кийин ар жерге томолошуп эле жатып калышты. Эми бир аянычтуу корунуш да, эски, жамак кийимчен, кир баары, копчулугу арык, анан дагы апийим чегишип алышып минтип жатышат. Келечектен эч кандай умут жок, алдыдан бир жарык корунбойт да ошону карап умтулгудай. Кичине акча табышып, анын да жарымына апийим алышып, ээ коруп аябай жаман болдум. Ушинтишип кыйын жашоосун кичине болсо да кызыктуураак кылышат окшойт да.
Кудай сактасын биздин элибизди дедим.
Баары уктагандан кийин эшикке чыгып, сарайдын жанында кампа бар эле, ошол кампанын артына отуп бронежилетти чечип, кампанын чатыры менен дубалынын ортосунда ачык жер бар экен, ошол жерге бекитип койдум. Ушунчалык женилдедим, тимеле денемин аба жутуп, дем алганы даана сезилди. Жуунуп алып, уйдун ичи ото эле дем эле, андан дагы шериктеримин жанына жата албадым. Сыртка чыгып бир дарактын тубуно тошогуму салып жаттым. Аксакал коруп турганбы, жаныма келип олтуруп:
-Балам кимсин сен, каяктан келдин?-дейт, оозум ачылып калыптыр.
-Баграмдан.
-Мага жашырбай айта бер, эми олорум калганда сага жамандык кылмак белем. Мумкун жардамым тийип калар, рюкзагыны, ичиндегилерди да кордум, сен колунан жамандык иш келе турган адам эмессин балам мага ачык айта бер.
Негедир ишендим, айтып бердим бул жактарга кантип келип калганымы. Унчукпай созуму болбой кунт коюп укту. Кыргыз экеними укканда:
-Мен Фрунзеде болгом, 1982-жылы Азербайжанда Бакуда эки жыл окугам, ошондо Фрунзе, Ташкент, Алма-Атага алып барышкан бизди. Элинер абдан бактылуу эл экен. Тынч жашоо, тынччылык эле болсо калганы акырындан болот балам. Бир убакта бизде да ошондой жашоо эле, азыр озун кордун биздин жашоону, атын очкур согуш баарын жок кылды. Эртенки кунго ишенич жок, эки балам бар эле, экоосу тен согушта курман болушту. Эми мен олсом эки неберемин коргон куну эмне болот билбейм, уйум куйуп кеткен согушта. Азыр ушул жерде жашайм жайы-кышы, неберелерим мектеп дегенди билишпей калышты. Озум эптеп окуганды, жазганды уйротуп койгом.. Ээх тезирээк эле согуш бутуп тынччылык орносо экен. Жакшы, тынч жашоо башталса ушул неберелерим жакшы жашоодо жашашса башка нерсенин кереги жок эле мага. Эми эми гана аз аздан тынччылык болуп, ар жактан жардам келип жашоо онолуп келатат, бирден экиден ишканалар ачылып. Элибиз согуштан чарчады. Макул балам озун мындай акыбалда турсан ар нерсени айтып сенин да конулуну тушурбойун. Бир жумадан кийин Мазар Шарифке барам, Кыргызстандан жук алып келген машиналар турган жерди билем. Тааныштарым коп, бир жолун табабыз, акчан бар экен, акча берсен бутпогон иш жок, уйуно жетип аласын. Коркпо баары жакшы болот, менин телефонумун номерин жазып ал. Барып телефон алып мага чал, жолугуштуруп коем. Азыр тынччылык болуп жакшы болуп калды, оной эле уйуно жетип аласын, Ар жактан жук ташыган машиналар коп келет. Тигилерге конул бурба, азыр жаштарыбыз бут апийимчи болуп кетишкен. Согуштун айынан тартип деген жок, эч ким текшербейт азыр, кочолордо эркин эле сатылып калган. Ээ эмнесин айтайын, коруп зээнин кейийт, ушуларды коруп неберелеримен корком.
-Аксакал кыргызга окшош экенсиз, улутунуз ким?
-Хазар деген улутту уккансынбы?
-Жок.
-Биз хазарлар Чынгызхандын тукумубуз, Афганистанды басканда, бир топ аскерин калтырып кеткен, башкарып, салык жыйнап турганга деп. Ошолордун балдарыбыз. Кийин бара-бара синип кеткенбиз афгандарга. Макул эми уктап эс ал, чарчагандырсын. Эртен суйлошорбуз дагы-ушкурунуп коюп кетип калды.
Аябай суйундум, анча эле конулум которулуп калды. Ар нерсени ойлоп жатып анча эле кеч уктадым.
Уч кун иштеп калганбыз, Алим менин жаныман кетпейт, колу бошосо эле жаныма келип жардамдашып журот, суу апкелип берет. Тушку дем алышта самолет ж.б. нерселерди жасап берем.
Тушку тамакты ичип бутуп ар ким ар жерде жатканбыз колоколоп. Чыйылдактын машинасы, артынан дагы бир джип корунду, келип биздин жаныбызга токтоп, экинчи машинанын ичинен уч автоматчан адам секирип тушуп туура эле мага келишип автоматтарын такап турушуп калышты. Чыйылдак машинасынын жанында эле турат, кийин ойлосом корккон окшойт да. Турган жеринен кыйкырды:
-Куралы жок бекен текшергилечи,-бироосу бут тинтип чыгып, жок дегендей белги кылды.
-Колун байлап алып келгиле-деп озу кампаны коздой басты. Мени тинткени колуму артыма байлап, кампага алып барып камап коюшту.
-Силер карап тургула, кечке чейин келип калам. Качырып алсанар олдунор-деп Чыйылдак машинасы менен бир жакка кетти.
Кечке чейин бир жолун таап эптеп качышым керек эле, булардын колуна тушсом ушунчалык издешип жатышса жон койбойт эле. Чыйылдак кара кийимчендерди чакырып келгени кетти окшойт.
Кантип мени билишип калышты экен тушунбодум, же видео камера болгон болсо тушуп калдым бекен. Же Макфеллдин кылганыбы, айтор башым катты. Майк комулгон жерди ачып корушту бекен.
Качуунун жолун ойлоно баштадым, эшиги темирден ширетилип жасалыптыр, кампанын дубалы калын эле, бир кичине терезеси бар экен, темир тор тосулган, аба кирсин деп кылган окшойт. Темирин чыгарган кундо да ал жерге мен батпай турганмын.
Кампанын ичи ар нерсеге толгон, дыйканчылыкка керектуу шаймандар, каптарда шалы, дагы майда чуйдолор.
Эшикти тыншасам мени караганы калган адамдар кампанын тушунда дарак бар эле, ошонун тубундо олтурушкан окшойт. Ундору угулганы менен тушунуксуз. Кампанын ичин бир чекесинен карай баштадым, мумкун бир нерсе табылып калабы деп. Ороктор жаткан экен, бироосун жерге тикесинен коюп, устунон бутум менен тээп жерге кактым да колумдагы жипти кыркып алдым. Темир куроктор бар экен. Бирок ал менен кантип тешмек элем, дароо эле угулат да. Бир темир челекте жарымынан селитра бар экен, ушундан жарылуучу зат жасаса болот эле. Бирок суу, газета керек эле ал учун. Ящиктердин ичин карап эптеп, мыктарды чон, кичинесине карап ороп койгон эки гезит таптым. Эми суу менен ширенке керек эле.
Эшикти ургуласам бироосу келип, эшикти бир тепти:
-Эмне?
-Суу берип койгула, аябай суусадым.
-Шпиондорго суу берилбейт, жок суу, кожоюндарына айт алып келип берсин-деп кулду. Шериги эмне болгонун сурады окшойт:
-Суу бергиле деп жатат, берип коелубу?
-Берип кой, кечке чейин олуп калбасын.
Аксакалга "суу берип кой" деп кыйкырды. Бир бакалашка суу алып келип эшикти кичине ачып ыргытып:
-Ме эптеп ичип ал-деп,кайра жаап култап койду. Колуму байлашканы эсимен чыгып кетиптир, жакшы дагы караган жок. Колуму чечип алганымы корушсо эмне болот эле. Мени шпион деп ойлоп калышкан окшойт, мени Мазари Шарифке алып келген айдоочу шпион деп ойлоп калган окшойт тушумдо суйлонгон создоруму угуп.
Кол куушуруп отура берсем болбойт эле, челектеги селитранын жарымын тогуп салып, калганына сууну куюп эритип, гезиттин экоон тен салып он мунот коюп, селитранын тузу гезитке сингенде алып жайып койдум, эми кургаганча кутуш керек. Кун аябай эле ысык болгондуктан тез эле кургайт. Ага чейин кукурт таап коюш керек. Кукуртту кайдан табам деп ойлонуп эч эле жолун таба албадым. Газетам да кургап калды кагырап. Темирди темирге уруп кордум от чыгабы деп, болбоду. Телевизордо кичине таякчаны башка жыгачка сургулосо от чыкканын коргон элем, антип да кордум, болбоду. Отуруп калдым ойлонуп, эмне кылышты билбей. Бир маалда кичинекей терезеден кирип турган жарык тосулуп калды, карасам Алим, мени карап турат. Чочуп кеттим менин айыман уруш укпасын деп:
-Нары бар Алим, биерде турганыны корсо урушат. Тигилер жаман адамдар, келбе бул жерге-деп кетиришке аракет кылдым. Эжеси которуп турган экен, экоосу бир нерсени кубурошуп суйлошуп, Алим:
- Асад аке эмне керек, тамак апкелип берелиби?-деп мага боор тартат, атымы Асад деп койгон элем.
-Чон атана айтып корчу мага кукурт апкелип бере алар бекен.
-Азыр-деп, эжесине айтты окшойт, экоосу чуркап кетишти. Беш муноттой отту окшойт, аксакал келиптир, акырын суйлоду:
-Ме балам кукурт, башка колуман эч нерсе келбейт-деп терезеден бир куту кукурт таштады.
-Аксакал эми он мунот бул жерден алысыраак турунуз, неберелеринизге да айтын келбей турушсун
-Макул тушундум-деп коюп кетип калды.
Эшиктин тубун эки бакалашка баткыдай кылып казып, эки бакалашка таап, гезитти узун кылып ороп куйгузуп, учтон бири куйгондо, бакалашканын ичине салып, ичине майдараак мыктардан батышынча салып, оозун бекем жаап эшиктин тубуно комдум. Эми биягы кудайдан эле, отузга чейин санадым да, курокту алып дубалды катуу ургулап коюп, шалылар салынган каптардын тубуно бекинип калдым. Сакчылар чуркап келишип эшиктин тубундо мени тыншашып калды эле, бакалашканын бироосу жарылды. Сакчылардын бакырган уну угулду, жарым муноттон кийин экинчи бакалашка жарылды, Сакчылардын уну чыкпай калды. Карасам эшикти ыргытып жибериптир жарылуу кучу. Эки сакчынын денесине мыктар сайылып калыптыр, мурт эле кетишиптир. Шериктерим баары шалынын арасына бекинип калышыптыр. Эми тез бул жерден кетиш керек, кармашса соо коюшпайт. Бекиткен жеримен рюкзакты алып чыгып, машинага чуркадым. Машинанын ключу жок экен, кайра келип сакчылардын чонтокторун карап бироосунун чонтогунон таптым.
Машинаны от алдырып, аксакал корунобу, коштошуп койсомбу деп карасам, Алим токто дегендей кол булгалап чуркап келатыптыр. Эшикти ачсам:
- Чон атам токтой турсун дейт, биз да сиз менен кетет экенбиз, бизди ала кетет экенсиз деп- машинанын артына чыгып отуруп алды, артынан аксакал небере кызын ээрчитип келатыптыр. Чуркап келип эле артка неберелерин отургузуп, озу жаныма отурду:
-Жол менен айдай бер балам, озун кете албайсын. Мен сени уйуно жонотуп келем.
-Эртенки кунунуз эмне болот, баары корбодубу сизди?
-Омур бою эмне болот эртенки кунум деп коркуп журуп ушул кунго келдим. Айда балам убакытты откорбой. Али коп журушубуз керек.
Мен тоого чейин машина менен барып, андан ары жоо кетем деген элем.
-Жол менен айдай берейинби?
-Айылдардан коркпо, бул машинаны баары тааныйт. Эч ким токтотпойт, мумкун болушунча Тажикстанга жакындай беришибиз керек. Кайсыл жерден бурушту айтам.
Жол менен айдап кете бердим. Мазари Шариф корунуп деле калды, аксакал унчукпайт, акыры шаарга он чакырымдай калганда, он жакка кеткен жол бар экен, тоону аралап кеткен, ошол жакка буруп тоону аралап кеттик. Жол коптон бери эч ким журбой, каралбай калган жол экен. Жолмо жол эле советтик дат басып чирий баштаган танкалар, БТРлер жана башка согуштук техникалар жатат. Кээлери коп турганданбы, жарымынан жерге комулуп калган. Аксакал танкаларды корсотуп:
-Советтердин танкалары, ар жерлерден суйроп келип ушул жерге чогултушуп коюшту. Кээде тундо ушулардын жанынан жоо откондорго адамдардын онтогондору, танканын ичинде куйуп кеткен солдаттардын бакыргандары угулат экен-деп, бир нерселерди эстедиби унчукпай калды. Аксакал козумо кичирейип кеткендей корунду.
Жол аябай эле тамтыгы чыккан экен, биздин машина тубу бийик, кучтуу болгондуктан гана ото алды окшойт. Бул жол шаарды айланып откон жол экен, шаар анча эле артта калыптыр. Чон тегиз жолго чыктык, бул жол Тажикстан менен Афганистанды бириктирген жол экен. Бир жагынан суйуном, бир жагынан коркуп аттым, Чыйылдак билери менен издоо салса, чек арадан кантип отом. Аксакалдан сурайын десем, ой басып эле терезени карап кетаткан экен, оюн бузгум келбеди. Алдыбызда чокусу ак кар болуп, бийик тоолор, Кыргызстан ошол тоолордун ары жагында эле. Ичимен кудайлап кетатам чек арадан отуп алсам экен деп. Баарынан да аксакалга тан калып жаттым, эми каякка барат, жаманбы жакшыбы тирилиги отуп жатты эле го. Бир мени деп озунун эле эмес неберелеринин да жашоосу эмне болот. Жуз мин доллар берем дедим ичимен. Бул жолдо машине коп журот экен, бут эле жук ташыган машиналар.
Бир маалда Кыргызстандын номери тагылган беш КАМАЗын кордум. Козумо ушунчалык жакшы корунуп кетти. Айдоочуларын карасам кыргыздар, футболкачан, майкачан болушуп алышкан. Ошондо сездим Ата мекеними сагынганымы, тамагыма бир нерсе туруп калгансып эле бир кызыктай болдум. Артты карасам Алим уктап калыптыр, эжеси терезени карап уктаганы же ойгоо экени билинбейт паранжыдан.
Аксакал унчукпай келатат бурула турган жерлерде эле суйлоп калбаса. Тоолорго келип калдык, капчыгайдын ичи менен жол кетиптир ийри буйру болуп, бирок тептегиз, машинанын ылдамдыгын жуздон тушурбой келаттым, аксакалдын эмне ою бар биле албадым, эмне болсо ошо болсун деп айдап кете бердим. Тоонун ичи менен элуу чакырымдай жургондон кийин аксакал сол жакка кичине жол кирип кеткен экен, ошо жакка бур деп, жуз метрдей жургондо токтотту.
- Балам силер ушул жол менен акырындан басып тургула, мен машинаны жолдун ары бетине айдап барып таштап келейин, бизди азыр издей башташты, машинаны ташташыбыз керек. Мындан ары жоо кетебиз-деп машинаны кайра артка буруп чон жолду коздой айдап кетти. Куугум кирип калды, аксакал бизди таппай калбасын деп, коп алыстабай кутуп турдук, тез эле келди.
-Эми тез кетишибиз керек бул жерлерден, жургуло - деп озу алдыга тушуп жол менен сайдын ичи менен кеттик. Мен эн артта келаттым, тун кирип капкарангы болуп калды. Аксакал карангыда кантип жолду коруп атты тушунбодум, бирок ишенимдуу жол баштап кетип жатты. Бир сайга тушобуз, бир тоого чыгабыз. Аксакал жашына карабай чыйрак экен, деги чарчаганы билинбейт, кызы да унчукпай кете берди, Алим ыйлап алды бир-эки жолу, акыры чарчап баспай калганда артыма которуп алдым эле уктап калды. Торт сааттай журдук окшойт, акыры бир чон дарыяга чыктык. Чон эле экен, наркы жээгинде айыл бар экен, уйлордун жарыктары корунуп турат. Дарыяга эки жуз метрдей жетпей таштардын арасында дем алып отурдук. Саат тунку эки болуп калыптыр. Кичине дем алганыбыздан кийин:
-Тур балам мага жардам бер тездебесек болбойт, кызым ушул жерден жылбай отургула-деп, экообуз дарыяга бардык. Аксакал бир нерсе издеп сууну бойлоп, кадамдап басып барат да, жердеги таштарды чукулап бир нерсе издеп, таппады окшойт дагы кадамдайт, жарым саат дегенде бир трос зым таап чыкты:
-Кел балам жардам бер мага,-деп, экоолоп тартсак кайык экен, жээкке чыгарып алдык. Женил алюминден жасалган окшойт, ичине чон таш салып койгон экен. Ташты которуп алып салайын деп которо албай жатсам,"токто" деп, чапанын, бут кийимин чечип, шымын тизесине чейин турунуп кайыкты кайра артка сууга суруп барып бир капталына кыйшайтты эле таш томолонуп тушуп кетти. Кайык байланган тросту чон ташка байлап, аксакал бут кийимин кийип неберелери отурган жерге жонодук, кичине басканда аксакал женимен кармап токтотуп:
- Токто балам, шашпа кичине созум бар сенде-деп жерге отурду, мен да жанына отурсам, созун кантип башташты билбей аттыбы, бир аз ойлонуп отурду да:
-Эми балам сенден бир чон отунучум бар, жок десен жок, балам сен чечесин. Эгер макул болсон эки дуйно ыраазы болом.
-Айтын аксакал эмне десениз да колуман келсе эле аткарам.
-Мумкун тан каларсын биринчи коргон эле адамына ишенип кандай адам деп. Мен ушу жашка келгенче канча адамды кордум, ошого да сага ишенгенимен айтып жатам. Сенин колунан жамандык келбейт. Анда мындай балам, менин жашоому кордун, алдан тайып калдым, мурункудай кучум жок азыр. Озум учун коркпойм, неберелерим эмне болот, келечеги жок мени менен журсо, ошолордон корком. Сен элине алып кет, макул болсон. Силерде тынччылык, жакшы жашоо, а калганы болот акырындан.
-Аксакал сизди да алып кетем,
-Токто шашпа балам, созуму айтып бутойун, мен ушул жерде калам, ата бабам ушул жерде жашап, ушул жерде комулгон, аларды таштап кете албайм. Неберелерими ала кетип бир жерге жайлаштырып, коз салып жур, эптеп тамагын таап кетээр. Бул жерде калгандан коро баары бир жакшы болот ал жакта. Сагынганда сага чалып сурап турайын.
Аяп кеттим, мага карап калды эле, карангы болсо да кордумбу же сездимби билбейм, ушундай бир умут, сураныч менен карады. Ошол карашында мага "Сага ишенейин балам, менин эки неберемен башка бул дуйнодо эч кимим жок, менин колуман эми эч нерсе келбей калды. Элине алып барып адам кыл, карап жур, сага ишенейин, конулум жай журойун" деген чон отунуч бар эле.
Аксакалдын колун эки колдоп кармап:
-Аксакал мага ишенин, неберелеринизге жан адам тийбейт, эч ким капа кылбайт. Колуман келишинче жардамымы аябайм, кийими бутун, курсагы ток болот -дедим.
Билдирбей ыйлап жаткан экен, байкабапмын колума жашы тамганда гана билдим.
Кийимдерин кагымыш болуп ары карап жашын аарчып алды. Мени билбеди деди окшойт:
-Анда тезирээк жоногуло балам, артыбыздан издеп журушот, келип калышы мумкун. Кайык менен аркы ойузго отсонор Тажикстан, бул жерден эч ким отпойт, ошондуктан коп деле карай бербейт, бул жери жай агат коркпосон деле болот, элуу алтымыш метр коп болсо наркы жээкке чейин. Мен телефон чалып койгом силерди менин досум тосуп алат. Ошол силерди Кыргызстанга жеткирет. Куткон адам уч жолу жарык очуруп куйгузот. Силерди тосуп ала тургандар чек арачылар жок жерде кутушот. Ошондуктан жакшылап кара, отуп кетпешинер керек. Ошол жарыкка так барбасан болбойт.
-Тушундум, отуп кетпейм, кам санабан баары жакшы болот. Эми турайын деп жатсак бир тааныш добуш алыстан аран угулгандай болду, журогум шуу деп коркуп кеттим, ичим муздай тушту дрондун уну эле, аксакалды токтотуп калдым. Тыншап турсам дрон, экоо окшойт. Бизди издеп журбоду бекен, кантип таап алды, аксакалды карадым:
-Жанынызда телефон жок беле?
-Бар,
-Мага берин, сиз акырын барып тээтиги чон таштардын арасына бекинин.
-Эмне болду, силер кетишинер керек?- деп чонтокторун карап эле телефонун таппай калды.
-Телефонунузду бериниз.
-Чапанымда калыптыр телефон,
-Анда акырын аксакал бизди таап алышты окшойт, журунуз- акырын басып чон таштарга барып бекинип калдык. Аксакал тушунгон жок:
-Эмне болду,ким издеп журот бизди?
-Америкалыктардын робот чымчыктары учуп журот, тыншасаныз, мотордун уну угулат.
Ошол маалда устубуздон эки дрон учуп отуп кетти. Эми бизди тапмайынча тынышпайт эле булар, биздин ушул жерде экенибизди тушунушту. Эптеп кутулуш керек, атып салыштары мумкун эле бизди.
-Аксакал, ушул жерде бекинип турун, тундо да кундузкудой эле корот булар, мен азыр.
Чапанымы алып чонураак таштын устуно жаап, озум берирээкте бекинип отурдум. Тыншап турдум, дрондор телефон жаткан жерди айланып учуп жатышты окшойт, менден беш метр жерден эле учуп отушту. Тушундум буларды, телефон жаткан жерди айланып учуп, ар айланганда айлананы чонойтуп издеп жатышат. Уч торт мунотто куртка жабылган таштын устунон отушту да, бироосу кайрылып келип беш алты метрдей бийиктикте учуп куртканы карап абада асылып туруп калды. Экинчиси алысыраакта турат. Ылдыйлап тушуп куртканы айланып карап жатты. Карангыда жакшы корунбой жатты окшойт камерага, муштумдай таш алып куртканын устуно ыргытсам, дронду башкарган оператор чочуп кетти окшойт, куртканы эки уч жолу атып жиберди. Аксакалды карасам жаныма келип калыптыр:
- Эмне кылабыз?-дейт шыбырап,
-Билбей калдым эмне кылышты, коруп калса бизди соо койбойт булар.
-Бул жерден тез кетишинер керек, тияктагылар да кутуп жаткандыр. Мен буларды алаксытып кетейин, силер жоногуло тезирээк.
-Кантип алаксытас, булар тез учат да, атып салышы да мумкун. Бироон жок кылсак да бир нерсе кылсак болот эле.
Ошол маалда очошконсуп жерде жаткан телефон шынгырап калды.
-Бул силерди тосуп ала турган адам чалып жатат, кой балам тобокел кылайлы. Алар да жооп бербесек кетип калышы мумкун. Суудан издебесе деле керек силерди, убакытты откорбой жоногуло. Мен тоого чыгып кыйкырам, булар менин артыман кеткенде силер тез кетип калгыла. Неберелерим менен гана коштошо албай калат экенмин да.
Аксакалга корсотуп айылдагы акемин телефон номерин ташка жазып койдум, ушул номерге чала берин деп.
Аксакал колуму каттуу кысып коштошуп карангыга кирип кетти. Дрондор бироосу корунбойт, экинчиси куртканын устундо окшойт уну чыгып жатты. Аксакалды байкап калышпаса экен деп кудайлайм. Саат да бирден отуп калыптыр, он муноттой отту окшойт, тээ анча эле бийик жерден аксакалдын кыйкырган уну чыкты. Куртканын устундо турган дрон дароо ошол жакка учуп кетти, беркиниси телефон жакта жургон окшойт менден беш метрдей жерден учуп отуп ал да тоону коздой кетти. Автоматтын атылган уну угулду, эми адамдар да келип калган окшойт, тезирээк качпасак болбойт эле бул жерден. Чуркап Алимдерге барсам Алим ушугонбу эжеси кучактап отурган экен, ээрчитип алып кайыкка келип экоон тен отургузуп, кайыкты суу белимен келген жерге чейин туртуп барып, чыгып отурдум да калак менен наркы жээкке сузуп жонодук. Жай корунгону менен аябай эле катту агат экен, калак менен аран эле башкарып бараттым. Ортосуна жетип деле калдык окшойт, карангыда эч нерсе корунбойт. Жарык корунуп калса мындай катуу аккан сууда аларга туура бара албай турганмын, эмне болсо ошол болсун деп кучумун барынча кайыкты айдап наркы жээкке сузо бердик. Жээк корунду, он метрдей эле калыптыр, жээк менен сузуп келе бердик. Тээ анча эле ылдыйдан жарык корунгондой болду, жээктен коп алыстабай агып келе бердик. Туура эле коргон экем, эки жуз метрдей жерден жарык уч жолу очуп куйду. Дароо жээкке бурдум кайыкты, себеби дрондордон корктум, аксакалдын телефонуна чалынган номердеги телефонду оной эле таап алышат эле. Ушунча жерге учуп келген дрон, ушул жерге жетпей калмак беле. Жарык чыккан жерге жуз метрдей жетпей жээкке чыктык. Алим менен эжесин тушуруп кайыкты сууга туртуп барып оодардым, кайык чогуп кетеби десем чокподу. Устуно чонураак таш коюп койдум, бул жерлерлерден алыстап кеткенче корунбой турса болду. Чыккан жерибиз тоонун буткон жери, коюу болуп бут эле караган оскон жер экен. Жарык чыккан жерден кичине дончо тосуп турат. Алимдерди чон таштардын тубундо кыймылдабай отуруп тургула деп калтырып коюп донго чыктым. Жуз метрдей жерде бир женил машинанын карааны корунот, жанында бир адам турат окшойт, маал-маал фонарик жагып коет. Дрон келген болуш керек, кантип тигил адамга белги берсем болот. Эмне кылышты билбей жаттым бекинип, Арт жагыбызда жакын эле жерде бир айыл бар окшойт коп жарыктар корунуп турат, бул жерде жата берсем болбой турган. Дронго кармалгандан коро ошол айылга бара берейин дедим. Куткон адам кете берсе керек бир аз кутуп. Мне болсо да тажиктерге келип калдык, озубуздуку. Кайра Алимдерди калтырган жерге барып, аларды ээрчитип тоонун капталы менен карагандарды аралап, сууну бойлоп жогору кеттик. Ото абайлап , дрондордон, чек арачыларлардан этият болуш керек эле, карагандарды аралап кетаттык. Очошуп ай да чыгып алды. Суунун аркы ойузу даана корунуп турат. Бир километрден ашыгыраак журдук окшойт, Жаргал артымда келаткан, женимен тартат, карасам колу менен наркы жээкти корсотот. Наркы жээкте ачык жерде бир машине, Чыйылдактыкы окшойт, уч адам турат бироосу аксакал эле, чоголоп отуруп калыптыр, кийими окшош экен, жанындагысы Чыйылдак, уну анда санда угулуп калып жатты. Аксакалды далысына бир тепти эле жыгылып жатып калды. Чыйылдак бакырып бир нерселерди айтып, дагы тепти окшойт. Дароо Алимди карасам эки колу менен оозун жаап алып ыйлап жатат, Жаргал укесин кучактап жанына отуруп кулагына бир нерселерди шыбырап атты, акыры уну чыкпай калды, озу да ыйлап атты окшойт. Карагандын ичинде тургандыктан Алим туруп чон атасын карап коет да кайра энкейип уну чыкпай калат. Эмне кылышты билбей калдым, Чыйылдак аксакалды олтуруп коюшу да мумкун эле. Неберелери минтип ыйлап атса кетип кала албадым, Жаргалга:
-Силер ушул жерден жылбай отуруп тургула. Бироо жарым коруп калбасын, мен азыр келем, чон атанарды алып келем, Жаргал дрондор тундо да жакшы корот кыймылдабай отургула.
Рюкзакты чечип беш пачка долларды баш кийимиме салып, кийип, каттуу байладым да сууну бойлоп жогору эки жуз метр басып сууга кирдим. Суу ото эле муздак экен, эптеп наркы жээгине сузуп оттум. Жуз метрдей жогору чыгыпмын, туура бекинбей эле жонодум. Машина журуп турган экен, мен барганча бироосу айдап кетип калды. Аксакал жердетжатат, жанында Чыйылдак телефондо суйлошуп мага артын салып отурат, кайсы тилде суйлоп атканын тушунбодум. Мени байкабады, жакындаганда секин ун чыгарбай басып барсам артында автомат жатыптыр. Алып затворду тартып октосом чочуп кетти, артын карап мени коруп эле козу алайып туруп калды. Аксакал да мени коруп ордунан туруп Чыйылдактын колтугунда пистолети бар экен алып, менин жаныма келип:
-Эмнеге келдин, неберелерим кана, жолуктунбу куткон адамга?
-Жок, жолуга албадым.
-Эмне кетип калыптырбы?
-Коркпон неберелериниз коопсуз жерде, журунуз биз менен, сизди алып кеткени келдим-деп, эмне болгонун айтым бердим.
-Омуруну тобокелге салып келбей эле койбойсунбу, макул эми шашпай тур, биринчи мобул акмак менен бир жактама болойлу.
-Азыр аксакал,-баш кийимимдеги акчаларды алып Чыйылдактын алдына таштадым. Атып салабы деп коркуп, чоголоп эки колун бооруна алып жалына баштаган адам атпашыбызды тушунгондон кийин, акчаларды шашып бушуп чонтокторуно салып алды. Аксакал оозун ачып мени тан калып карап калды:
-Эмне кылып жатасын?
-Акчаны алып оозун жапсын да, кеттик аксакал эртерээк кетип калайлы. Неберелериниз да кутуп калды.
-Аа балам а, сен бул акмакты билбейсин да, биз артка буруларыбыз менен атат же бир нерсе кылат. Сен эртерек бар неберелериме, мен кете албайм сен менен. Азыр токтой тур - деп Чыйылдактын устундогу курткасын, баш кийимин чечип озу кийип, озунун чапанын ага кийгизди. Анан белиндеги узундугу эки метрдей болгон белбоосун чечип эки колун, эки бутун бир кызыктай кылып байлады. Чыйылдак молдош урунуп ээги эки тизесине тийип, эки колу бутунун тубуно кирип кызыктай болуп отуруп калды.
-Болду эми эч жакка баралбайт, жур балам сен тезирээк кетишин керек. Сени узатып коеюн, адамдары келе турган маал деле болуп калды- деп жообуму кутпой эле алдыга тушуп сууга жоноду. Эмне дешими билбей артынан ээрчип жонодум. Жээкке барып куртканын ички тош чонтогуно салган экен, беш пачка акчаны алып мага берет, албай койдум. Колуман каттуу кысып коштошту да, шаштыра берди эле сууга тушуп наркы жээкке сузуп отуп кеттим.
Алимдер отурган жерге туура эле чыгыпмын, эки жакты карасам эч ким корунбойт, карагандарга чейин сойлоп барып ичине кирип кеттим. Бир аз жогорулап, аксакал калган жакты карасам эч нерсе корунбойт, Чыйылдак отурган жерде да эч ким жок. Алимдерди таап ээрчитип алып карагандар менен айылга жонодук. Он муноттой откондо наркы жээктен пистолеттин эки жолу атылган уну угулду. Айылга эки чакырымдай бар эле, чек арачылар келип калбасын деп дымыбызды чыгарбай отуруп калдык.
Айткандай эле айылдан эки машинанын жарыгы чыгып бизден жыйырма метрдей жерден бир УАЗ джип, бир "Лада" отуп кетти. Чек ара жактан аскерлердин ундору угулуп жатты. Саат тунку учтон отуп калыптыр, эмне кылышты билбей калдым. Тан атканча отуруп турайлы ушул жерде дедим Жаргалга, айтып болбойт эле. Тан атса дагы коро жатарбыз. Ушугондуктон тонуп калдым ушунчалык, дагы жакшы курткам кургак эле, эптеп оронуп отурдум.
Аксакал Чыйылдакты атып салды бекен, атса атып деле салышы мумкун. Кой озуму ойлоюн дедим, эмнеси болсо да Тажикстанга келип калдым, озуму Кыргызстанга келип калгандай сездим. Айылыбыз тажиктер менен чектеш болгондуктан базарына тез-тез эле барып базарлык кылып келип журчубуз. Эч кандай чек арада тоскон деле адам жок, аябай эле арзан болчу аларда.
Ойго батып кетипмин, Жаргал Алим уктап калган экен, менин артыма келип:
- Асад аке эми эмне кылабыз?- деп шыбырайт.
-Тан атканча ушул жерде отуруп турабыз эми,
-Кыргызстанга келдикпи?
-Жок азыр Тажикстандабыз,
эртен барып калабыз буйруса Кыргызстанга.
-Чон атам эмне болду экен?
-Чон атанан кабатыр болбо, коп акча таштап келдим, баары жакшы болот. Телефондо суйлошуп турасынар, кийинчерээк силерди сагынат баары бир, Кыргызстанга келет, коросун го.
-Алим экообуз каякка барабыз, эми эмне болот, чон атам жок?
Боорум ачып кетти, уну айласы жок калган адамдай чыкты эле.
-Коркпо, чон атана соз бергем, силерди жакшы карайм деп. Озунордун уйунор болот, окуйсун. Алим да окуйт, конуп кетесинер.
-Кыргызстанда согуш жокпу, чон атам айтты эле ал жак тынч деп.
Байкуш торолгондон бери согуш коруп журуп бут эле жакта согуш болот деп ойлойт окшойт.
-Кыргызстанда жакшы, эч кандай согуш жок, коркпо сага эч ким эч нерсе дей албайт. Бизде закон менен жашайт элибиз, бироого жамандык кылса, урса же бир нерсесин алып койсо камалат.
-Бирооду бироо атпайбы?
-Атмак тугул курал которуп журо албайт кочодо.
Унчукпай калды, карасам жер чукулап ойлонуп отуруп калыптыр. Паранжысын коруп анан оюма келди, бизге чектеш тажиктер паранжы кийишчу эмес, мумкун бул жактагылар паранжы кийер. Эгер кийишпесе Жаргалды коргондор эмне дейт, Алимди карадым, анын кийимдеринен эч ким деле ойлобойт. Биздин жаш балдардай эле кийиниптир, эскирээк эле болбосо. Анан озумун кийимим эсиме келди. Эми эмне кылам:
- Жаргал кийимдерибизден билип коюшат ко бизди, паранжыны чечип коюшун керек. Бул жакта паранжы кийишпейт.
-Чон атам айткан, жаныны сактап калыш учун чечкенге шариятта руксат берилет деп. Башка кийимим бар.
Паранжыны чечкенден коркот окшойт да, чечпейм деп туруп алса эмне кылат элем. Ушусуна да шугур дедим, озум курткамы, баш кийимими чечсем, а калганын коро жатарбыз. Суукка чыдамым жок эле кичинемен эле, кун часырап ыссыганда деле сууга чомулгону барганда, сууга тушуп чыккандан кийин, башкалар кунго кактанып жыргап жатса, мен калтырап титиреп отурчумун негедир. Ушугонго титиреп чыктым тимеле, тезирээк эле тан атпады же. Чек арачылардын эки машинеси кайра айылга кетти, башка эч ким деле корунбойт. Тан агарып калды кадимкидей, саат деле бештен отуп калыптыр. Курткамы баш кийимими чечип, кийимими карасам эч эле окшошподу, чон плакатка "Мен Афганистандан келдим" деп жазып которуп алгандай эле болуп калат экен. Эми эмне кылам, башым катып калды. Жаргал "азыр келем" деп карагандарды аралап кирип кетип, он муноттон кийин келди эле оозум ачылып калды. Менин алдымда кара-тору, узун бойлуу, арыкчырай келген, кашы-козу кара, сулуу кыргыз кызы турду. Жоолук салынып, кызыл тустогу тизесине чейин койнок, ошондой эле тустогу кенен шым кийип алыптыр.
Эч ойлободум эле Жаргалды мындай сулуу деп, озумчо афгандардын кыздарындай эле элестеттим эле. Паранжысын чечкенге озун аябай эле ынгайсыз сезип жатты окшойт, эки колу менен кайра-кайра эле, биз бата кылгандай кылып бетин жаап, айтор кантип тушундурушту билбедим бир кызыктай боло берди. Мен бир аздан кийин озумо келип жерде жаткан курткамы алып таза эле болсо деле кагып, жармашып калган чопторун терип калдым берилип. Жаргал Алимдин устун жабымыш болуп, айтор экообуз тен оозубузду онтойсуз сезип жаттык.
Жолдон адамдар ары-бери ото баштады. Кичине эле жол болгон менен бара бара адамдар коп ото баштады, баары эле тундо жарык болуп турган айылды коздой кетатышты. Корсо ал жер айыл эмес, чек арада жайгашкан базар экен, себеби Афганистан тараптан да коп адамдар, копуро менен отуп келатышты. Мендей кийинген дыйкандар деле бар экен, жук ташыган машинанын устундо отуп калып жатышты. Саат сегиздерде кун кадимкидей ыссып калды, жолго чыгып коройун дедим, курткамы чечип бекитип койдум да, Жаргалга "акырын" деп белги кылып жолго чыктым, шашкан адам болуп базарды коздой жонодум. Бирин экин машиналар ары бери отуп жатты, мага конул бурган деле эч ким жок, ар ким озунун тирилиги менен убара. Беш муноттой басып барып, кайра эле кайттым. Жону жок эле корко берген окшойм. Алим ойгонгон экен, эжеси Алимди кучактап, бооруна кысып отуруптур. Экоосу тен мени карап калышты, Алим ыйлаган окшойт, коздору кызарып калыптыр. Мага ишеним менен, "сизге ишенебиз дегендей коз караш эле. Аяп кеттим, эми экоосунун тагдыры мени менен байланыштуу болчу.
-Кеттик, жолго чыгайлы-деп Алимди колунан жетелеп алып жолго чыгып базарды коздой жонодук. Кичине басканыбызда эле артыбыздан "жигули" маркасындагы машина келип токтоп, ичинен, алтымыштардагы аксакал рулда экен:
-Отургула машинага, мен чон атанардын досу болом, тезирээк болгула- деп бизди шаштырып калды. Мен ишендим, "жургуло" дегендей ишаарат кылып, аларды артына отургузуп озум алдына отурдум. Отурарыбыз менен дароо машинесин айдап жоноду. Бизге карап:
-Балдарым унчукпагыла, Асад сен уктаган адам болуп кет. Мен силерди Ошко жеткизип келем. Кудай жол берсе кечки бештерге барып калабыз балдарым-деп. Болду суйлобогуло дегендей ишаарат кылып койду.
Ош дегенде бир башкача угулду, уйго жетээриме ишенбей да кеттим. Артты карасам Жаргал башын жерге салып алыптыр, Алим эки жакты карап чоочун жерлерди карап келатыптыр. Мен туну менен уктабаганга, жол да кенен, тептегиз экен кантип уктап кеткеними билбей калыпмын. Бир ойгонсом "Кыргызстанга келип калдык" деп айдоочу мени карап койду. Лейлекке келейин деп калыппыз. Бут тааныш жерлер, Тажикстанга базарлык кылганы келгенде канча отком бул жолдордон, дагы бир сааттай журсок биздин айылга бурулган жолго жетебиз. Уйкум ачылып кетти, Жаргал менен Алим уктап калышыптыр.
Акыры Кыргызстанга оттук, озумо озум ишенбейм, машинаны токтоттуруп жерди ооп алгым келди.
-Аксакал Ак турпакты билесизби?
-Кантип билбейин, билем балам, бул жерлерге канча келип мейман болуп кеткем. Ак турпактансынбы?
-Ооба,
-Анда силерди кийинки айылдан таксиге салып коюп кете берейин, макулбу? Уйуно жеткенде мага чалып бир кабарыны айтып кой. Мени эч ким корбой эле койсун.
-Макул аксакал, тунго калбай жетип алын сиз дагы. Аксакалдын номерин алып, коштошуп такси менен уйго жетип алдык. Уйго кирейин деп жатсам, коншу уйдун алдында женил машине токтоп турган эле, эки америкалык аскер кийимчен адамдар тушуп келишти, бироосу Джон Макфелл болчу. Дабдырап эле туруп калдым эмне кылышты билбей. Жаргал менен Алим менин коркуп кеткеними байкашты окшойт артыма бекинишип, Алим колуму бекем кармап алды. Ушунчалык чарчаганмынбы ар жакта, ар кимден качып журо берип алым куруп эле туруп калдым. уйго келип келбей атып минтип тосуп чыгышса. Анан негедир жиним келип кетти, ким эле булар, мени жок жерден кыйнашып, дагы келип тосуп алышканын уялбай. Ачуум келип карапкалсам
Макфелл менен шериги мени карап кулуп жиберишти:
-Салам Ганни, ачууну келтирбе, сага бир сунуш менен эле келдик-деп Макфелл мени сынагансып карап калды- макул болсон иштейсин, каалабасан биз сени унутабыз, экинчи корбойсун бизди.
Кыскасы суйлоштук, мен жонундо АКШ мамлекетинин жашыруун кызматы угуп, ошолор ар бир кадамымы карап турушуптур. Ар кандай жумуштары чыгып калса аткарып беруум керек экен. Эгер макул болсом биринчи тапшырмасы Казакстандын бир чон шаарындагы "Калтар" деген кылмышкерлердин башчысынын кайда бекинип жургонун билип беруу эле экен. Акчасын айтканда эч нерсени, каяктан, кантип табам, эч нерсени ойлонгон жокмун, дароо эле макул болдум. Эптеп бир нерсе ойлоп табармын, каякта жургонун эле билип беруу учун ушунча акча толоп жатышса кантип макул болбойм. Канча нерсе алса болот да мынча акчага.
Свидетельство о публикации №116110407802