Октём тагдыр
Тун менен алпурушуп чарчап келем.
Ёмурду жолугармын бактыма деп,
Озумду алаксытып алдап келем.
Откёнгё сереп салып талдап келем,
Омурум махабаттан жайдак белем.
Жубу жок бир жагына эншерилип,
Журёгум басып калды балдак менен.
Мас кылып, бир жыргатып аягы жок,
Махабат кайдан келген кайрымы жок.
Жуз жылга жашаса да айыга албай,
Журёгум аксап калды жарымы жок.
Баш кошуп тен-тенине жеткен бардыр,
Бактысыз жалгыз жашап откен бардыр.
Тукуруп, аша кечип омурунён,
Тушунбёй махабатты соккён бардыр.
Ойлондук, ойлонбодук эмне пайда,
Ошондой жашообузда октём тагдыр.
ЭРНИСТ ТАЛКАНОВ
Свидетельство о публикации №115021906543