Жан бирге карындашым

Кечир мени жан бирге карындашым,
Керек эле мен сага таарынбашым.
Кеч тушунуп, кетирип жанылыштык,
Жыгып алдык байкабай тагдыр ташын.

Капаланып, таарыныч издебегин,
Кардай таза, суттон ак тилегеним.
Омурубуз ансыз да ооруп турат,
Отуноорум кек сактап кирдебегин.

Ая мени, аяп кой суранарым,
Ак оюмду кор кылып булгабагын.
Жан дуйнондон акактай чыгарып сал,
Жаман ойдун жулунган бурганагын.

Сенден башка кимим бар мени билген,
Алыстатпа берекем мээриминден.
Садага чаап жанымды бермек турсун,
Артык кором озунду Тениримден.

Кечир мени жан бирге карындашым,
Керек эле мен сага таарынбашым...

ЭРНИСТ ТАЛКАНОВ


Рецензии