Кыргыз бойдон калалы
Эр журок тайманбаган кыргыз калкы.
Созу учкул, созго маани берип келген,
Алмустактан жашап келет асыл наркы.
Мактансам мактанганга татыктуусун,
Желбиретип которгон бар кыргыз туусун.
Сындаса сыры кетип, сыны кетпес,
Баатыр эл, эр Манастын тукумусун.
Бара-бара биз айландык эмнеге,
Жетелесе кете берчу пендеге.
Кыргызымдын ак калпагын жоготуп,
Бараткандай басым жасап селдеге.
Ойлоп турсам ойго келет бирдеме,
Жапандарга окшошпуз го биз деле.
Оскон элге жетели деп умтулбай,
Капкайдагы элди ээрчийт эмнеге?
Ону-тусу озгорулду мин кыздын,
Чумботтолуп нуру очту жылдыздын.
Чанып салып татынакай келбетин,
Жигиттери чалга айланды кыргыздын.
Сыртын эмес ич дуйносун ондосо,
Сырты араб,ичи арам болбосо.
Арбактары болор эле ыраазы,
Бабам туткан ата салтын жолдосо
Эске албай кунумдуктон аркысын,
Самсаалатып тентитти го жарчысын.
Искусство жагын эч ким ойлобой,
Мечит салып, молдо кылаар жалпысын.
Айта берсе тугонбогон арман коп,
Сурот тарткан шыктуу балдар абдан коп
Жаштарыбыз оссо, дуйно таанымак,
Илим-билим, спорт жактан коколоп
Кыргызымда чыр-чатактуу жанжал коп,
Бирин-бири сатып кетмей жалган коп.
Арам тамак алкымынан арылап,
Ашка тойгус чылгый курсак "балбан" коп.
Шылуундарын шыпырылат тим эле,
Социализм учурунда ким эле?
Бекшке- бешти кошо албаган Жанызак,
Беш диплом сатып алган жон эле.
Билимдуулор тепселди го таманга,
Таштан бала тайрандады амалга.
Сан жетпеген акчаларын сапырып,
Депутаттык мандат тийди Камалга.
Жолго чыксан жол эреже сакталбайт,
Чиновниктер оз жумушун аткарбайт.
"Эшигин коруп, торуно от" деген созду,
Уйдун ээси эмне учун эске албайт?
Баары базар,баса турган жолу жок,
Бир иретке келтируучу чону жок.
Топтомолок колу,буту кесилген,
Тилемчилик кылып турат шору жок
Дагы бири кыш-чилдеде тону жок,
Кайсаландап суйлоп турат обу жок.
Тыйын тапса "кылт" эттирчу неме го,
Чонтогундо бир бырышкан сому жок.
Келечеги кандай болот деп журом,
Насип кылган тамагымды жеп журом.
Жаман курсак жарылганча жеп -ичип,
Кыргызымда болбойт окшойт эч уном.
Аман болсок бир кун баары онолор,
Тууруна бир кайрылып куш конор.
Башчылыкка суудан таза жан келсе,
Жеп-ичкендер биротоло жок болор.
"Ырыс алды-ынтымак" деген экен,
Кыргыз элим бололу чептен бекем.
Кыргыз бойдон калалы кыргыз болуп,
Кылымдарга сакталсын Ата-Мекен.
Свидетельство о публикации №114032502996