Мен кыргызмын

Мен кыргызмын, кыргызымдын жаранымын,
Тандап кийген кийимдин жарашыгын.
Улуу элден экенин айгинелейт,
Башымдагы шонкойгон ак калпагым.
 
Женил ойго озумду алдырбаймын,
Оз элимди уятка калтырбаймын.
Тилин, дилин, кебетин озгортушкон,
Манкурттарга журогум сыздайдайт дайым.
 
Айлансам аз, алатоолуу кыргыз жерим,
Тубу терен каада-салттуу кыргыз элим.
Алмашпайм, дамбал кийген сакалчанга,
Кыргызымдын жарык кабак, кенен пейлин.
 
Белдеринде жалтылдаган кумуш курун,
Бабаларым тагынышып откон мурун.
Оймо-чийме жарашыктуу кооз кийим,
Аялзаттын ажарланткан айдай нурун.
 
Окундурот баба салтын чанышканы,
Жийиркентет даввадчинин жабышканы.
Тажатышты тынчынды алып, эшик кагып,
Шакылдап сайрап турчу сагызганы.
 
Исламизм берер бекен зор пайданы?
Тануулашат жакпас кийим капкайдагы.
Кыргыз кызы жанып турган жылдызсын го,
Алып салчы, жузундогу кор пардани?!


Рецензии