***

         автор: Сагынбубу Аргынбаева

Тушумдо сен... Селт деп ойгонуп
Козум жума салып мен бачым,
Жалдырадым мерес тагдырга
Корсотчулоп анын аягын.

Козум жумдум... Жыргап, мемиреп,
Таарынычты такыр унутуп.
Сен арылап, а мен берилеп,
Каткырышып журдук куушуп.

Уктап жаттым, журок булкунду,
Жаш койноктун суйкум шуудуру.
Кетпес ырыс, кетпес бакыттай
Кербезденип кайра угулду.

Уктап жаттым, тушко сен кирдин,
Чабалактап жаттым ойдолоп.
Барсын, бирок башка суйгонун,
Ойлонгонго мени коонун жок.


Рецензии